Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1804 08 Октябрь 2014 - 14:48
#1805 08 Октябрь 2014 - 14:52
Анда ошол теманы таап берин.
Сиздин илген фотолорунузга кулуп атам кандай эч нерсе жок болот.

#1806 08 Октябрь 2014 - 17:59
Шумдугун кургур бажы биримдигине кириш учун окмот менен депутаттар кандай гана жалган суйлоп сайрап жатышат.
Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, Орусиядагы мигранттардын орточо айлыгы 30 миң рублга чейин өсүшү мүмкүн
Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, экономикалык жактан туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Муну депутат Абдыманап Кутушов "Парламент" радиосунун 8-октябрдагы түз эфиринде билдирди. Депутат өлкө өзүнүн товарын экспорттомоюнча өнүкпөй турганын айтты. "Орусиядагы диаспора өкүлдөрүнүн бири учурда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын орточо айлыгы 18 миң рубль экенин билдирди. Мигранттардын көбү аймакта мыйзамсыз жүргөндүктөн, кожоюндары аларга айлыкты аз беришет, Федералдык миграция кызматына пара беришет. Эгер өлкө Бажы биримдигине кирсе, Орусиядагы мигранттардын статусу көтөрүлүп, мунун арты менен айлыктары 30 миң рублга чейин жетиши күтүлөт", - дейт депутат. Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды.
Ой шумдугун кургурлар... дагы эмне ойлоп табат экенсинер... Мигранттар азыр 18 мин рубльга иштебейт, биринчи жолу келип эле иштегени болбосо и то 3-4 ай анан 30-35 мин рубль айлык тологон жерди таап алышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Dadin1: 08 Октябрь 2014 - 18:18
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#1807 08 Октябрь 2014 - 18:04
Биринчи жолу келгендер да 18минге иштебей калды го.Кырг.дан келген Москвадагы мигранттардын орточо айлыгы (менин айланамдагы тааныштардыкы) 35мин руб.Билбейм 70 минге жеткируусу кутулсо башка соз.Хотя..70-80 алгандар деле аз эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 08 Октябрь 2014 - 18:05
#1808 08 Октябрь 2014 - 18:59
Мен 17миң рубльга эле иштейм го анан.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#1809 08 Октябрь 2014 - 19:03
#1810 09 Октябрь 2014 - 00:41
Кытайда үч миң жыл мурунку кылыч табылды.
Кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган.
Кытайдын Цзянсу аймагынан үч миң жыл мурунку кылыч табылды. ИТАР-ТАСС булагынын маалыматтарына караганда, кылыч Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалган.
Маалыматка караганда, кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган. Бала кылычты үйүнө алып барган. Атасы болсо анын байыркылыгын байкап, жергиликтүү маданий эски буюмдар борборунун эксперттерине көргөзгөн. Эксперттер бул кылычтын Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалгандыгын аныкташкан. Ал доордон биздин заманга чейин таш бака жана айбанаттардын сөөктөрүнө жазылган иероглиф жазуулары, коло буюмдар калган. Алар ошол доордун маданий өнүгүшүнүн эң жогорку бийиктигин далилдеп турат. Табылган байыркы буюмду аймактык музейге коюшуп, ата-балага материалдык сыйлык берилди.
Кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган.

Маалыматка караганда, кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган. Бала кылычты үйүнө алып барган. Атасы болсо анын байыркылыгын байкап, жергиликтүү маданий эски буюмдар борборунун эксперттерине көргөзгөн. Эксперттер бул кылычтын Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалгандыгын аныкташкан. Ал доордон биздин заманга чейин таш бака жана айбанаттардын сөөктөрүнө жазылган иероглиф жазуулары, коло буюмдар калган. Алар ошол доордун маданий өнүгүшүнүн эң жогорку бийиктигин далилдеп турат. Табылган байыркы буюмду аймактык музейге коюшуп, ата-балага материалдык сыйлык берилди.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Октябрь 2014 - 00:43
#1811 09 Октябрь 2014 - 01:02
Орусияда иш жумалыгы 4 күн эле болушу мүмкүн.
Депутаттардын пикиринде, бул кадам жумушчу орундарын көбөйтүп, жумушчулардын саламаттыгына оң таасирин тийгизет.
Мындай демилгени Орусия Мамлекеттик Думасынын эмгек боюнча комитети көтөрүп жаткандыгын "Коммерсантъ" басылмасы кабарлоодо.
Мамлекеттик Думанын эмгек боюнча комитетинин төрагасы Андрей Исаев мындай кадамга Эл аралык эмгекти уюштуруу уюмунун сунушу менен жасалып жаткандыгын жана бул демилгени колдой тургандыгын билдирди. Исаев Думанын талкуусуна жумада 36 сааттык иш убактысын колдоп, айлык акыларынын сактап калаарын убада кылууда. Төраганын пикири боюнча маанилүү болгон иш күнү эмес - иш сааттары. Эгерде күнүнө 10 сааттан иштесе, ошол эле жумадагы 40 сааты чыгып калат.
Мындай демилгени БУУ дагы колдоп жатканы кабарланууда.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Октябрь 2014 - 01:02
#1814 09 Октябрь 2014 - 13:08
#1815 09 Октябрь 2014 - 13:54
Москавадан башка аймактарында мигранттардын маянасы 15ден-18мин рублдан эле деп угам, бирок квартира акысы, продуктулары арзандыгы учун айлык маяна ошончо томон. Москва все таки Млсквада.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
#1818 10 Октябрь 2014 - 21:56
Сүйүктүүңүз менен кол үзүшсөңүз аспириндин бир таблеткасын ичиңиз.
Мындай сунушту америкалык психолог Уотер Мишел берүүдө. Анын айтымында, жараланган жүрөк моралдык гана эмес, физикалык ооруксунтуу сезимине алып келет. Мындан тышкары, бактысыз махабатты дос-курбулар менен талкуулоодон баш тартуу керек. Мындай нерсе депрессияны курчутат. Жана албетте, салтка айланган шоколад же башка таттуулар көңүлдү көтөрүүгө жардам берет, - дейт психолог.

#1819 10 Октябрь 2014 - 23:01
5 жаштагы Абдусаламды таап алган айым бир апта үйүндө кармаган.
Бишкек шаарында дайынсыз жоголуп изделип жаткан 5 жаштагы Айбек уулу Абдусалам табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү 5 жаштагы Айбек уулу Абдусалам борбор калаанын Павлов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен атасын ээрчип келе жатып белгисиз себептерден улам жоголуп кеткен. Аны ошол эле күнү 26 жаштагы Сокулук районунун тургуну таап алган. Бирок кимге кайрылууну билбегендиктен, баланы үйүндө бир жума кармаган.
8-октябрда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына баланы алып келип берген.

#1820 10 Октябрь 2014 - 23:17
Клининг кызматы кожейкелерди жалкоо кылабы?
Жада калса үй жыйнап, чаң сүртмөй жумушунан да арыласыз.

Клининг - англис тилинде тазалоо деген түшүнүктү берет. Мындай ишмердүүлүк европа өлкөлөрүнүн арасынан Германия менен Америкада күч алган. Жылып отуруп минтип бизге да жетип келди. Борбордо расмий катталган компаниялар саналуу. Көбү беш-алты кыздын башын бириктирип, өз алдынча каражат таап жүргөндөр.
Клининг компаниясынын негизги милдети эмне? Оңдоп-түзөө иштеринен кийин имаратты толугу менен тазалап чыгуу, үйлөрдү жыйноо, шырдак-килем, унаанын ичин жууп-тазалоо, кир жуу, кышкысын кар күрөп, муз чагуу ж. б. Кыскасы татыктуу төлөп берсеңиз кыла турган иш табыла берет. Борбордогу ишканалардын баасын сураштырып төмөнкүдөй таблица түздүк.
1. Ремонттон кийинки тазалоо - бир чарчы метри 60 сом.
2. Терезелерди жууп-тазалоо - ч/м 140 сом.
3. Үйдү жыйноо - ч/м 50-90 сом.
4. Күнүмдүк тартиптеги үй жыйноо - ч/м 15-20 сом.
5. Кир жуумай - Бир килограммы 50-60 сом.
6. Көп кабаттуу үйлөрдүн подъездин жууганы - ч/м 40-50 сом.
7. Майрамдан кийинки клининг – келишим баада.
8. Кар күрөө - ч/м 60 сомдон жогору.
9. Муз чагуу, тамдын төбөсүндөгү карды күрөө чарчы метри 120 сомдон жогору.
Жогорудагы баалар ири ишканалардын түзгөн наркы. Ал эми үй шартында эле кызмат кылуу баасы мындан эки эсе арзан түшөт. Өз алдынча иштегендер тааныш аркылуу кардар таап иштеп келишет. Алардын кызмат адатта дүңүнөн бааланат. Мисалы, бир үйдү толугу менен жууп-тазалоо 1800-2000 сомго чейин барат. Ортодо эч кандай келишим жок, кол алышып койгон менен иш бүтөт.
Ал эми ишканалар болсо кардарларды эки топко бөлүп иштешет. Бири кыска мөөнөткө, экинчиси узак мөөнөткө. Кыска мөөнөттүк кардар үйүн же кеңсесин эки же үч жолу тазалатышы мүмкүн. Узак мөөнөткө келген кардар келишимди бир-эки жылга түзөт. Ошого жараша ага атайын жеңилдиктер да каралган.
Клининг ишканасын өзү түптөп бутуна тургузгандардын катарында Виктория Носова да бар. Клининг тууралуу кыскача төмөнкүдөй маалымат берди.
- Ишиңизди алгач эмнеден баштадыңыз эле?
- Клининг кызматын түптөш үчүн жок дегенде он беш миң доллар салышың керек. Мен алгач кымбат техникаларды насыяга алуудан баштагам. Башында дос-туугандардын жардамы менен түптөдүм. Кийин ишкана кулачын жайып кеңейди. Учурда жыйырма жумушчу иштейт. Көптөгөн кеңселер менен келишим түзүп иштешип жатабыз.
- Келишим кандай шартта түзүлгөн?
- Бизде такталган баа бар. Прайс баракчаны жөнөтөбүз, шарты туура келсе макулдугун берет. Келишимде биздин милдеттер так жазылган. Кокус кылган ишибиз чала болуп калса кайра иштеп чыгабыз.
- Бул кызматты калктын кайсы катмары көп колдонот?
- Ар кандай элдерден чакыруу алабыз. Көбүнчө кирешеси жакшы, бирок үй-иштерин кылганга убактысы тар бизнесвумендер кайрылышат. Биздин бир артыкчылыгыбыз биздеги чаң соргучтар көбүндө жок. Аларды Германиядан ар бирин 1.500 доллардын тегерегинде алдырганбыз. Эмеректердин кычыктарына кирген майда чаңдарды соруп чыгара алат. Көбү ушул чаң соргучка кызыгып тазалап бергиле деп кайрылат. Кошумчалай кетчү жагдай, бизде терезе, пол, айнек жучу каражаттар да өз алдынча түрү менен болот. Терезе жууган каражат менен эч качан пол жуубайбыз. Кардарлардын көбү килемдерин тазалатат. Кеңсеге алып кетип тазалап кайра өзүбүз жеткирип беребиз.
- Кол алдыңызда иштеген жумушчулардын айлык акысы кандай?
- Ар ким иштегенине жараша алат. Орточо айлык акы 8-10 миңдин тегереги. Эмгек жамааттын басымдуу бөлүгүн жаңы үйрөнчүктөр түзөт. Иштегиси келгендер алгач бир ай стажировка өтөт. Техниканын баасы кымбат кокус билбей бузуп алса көп чыгым болуп калабыз. Ошондуктан ийне-жибине чейин өздөштүрмөйүн кара жумуштарды жасашат.
Жетекчиге караганда катардагы жумушчулар кандай кардарды тейлеп жатканын жакшы билет эмеспи. Үй шартында кызмат көрсөткөн Гулнара Тургунбетованын айтуусунда, клининг кызматын жалко айымдар көп колдонушат. "Кээ бир кожейкелерге таң калам. Үйдө отурушат, бирок үйүн жыйнашпай бизди чакыртышат. Айрым үйлөргө барсак көп жылдан бери жуулбай полдо катып калган кирлерди тазалайбыз. Өзгөчө конок тоскондун эртеси чакырылганың тозок. Додо болуп үйүлүп турган столдон баштап дааратканага чейин жууганга туура келет," - дейт. Айткандарын угуп отурсаң эки миң сомду актагыдай эле жумуш жасашат өңдөнөт. Бир үйдү бир күндө кээде үч күндө тазалап бүтүшөт. Клининг кызматынын кооптондура турган дагы бир жери, үйдөн кымбат буюмдун жоголушу. Кээ бир кардар тазалоо учурунда жанында туруп кайтарса, ишкананын кызматынан пайдалангандар ишенип таштап кете беришет. Кардарлар этият болбосо ушул кызматтын атын жамынган шылуундар үйдү тоноп кетүүдөн да кайра тартпайт. Кулачы кенен жайылып келе жаткан иштин көзүн таап кеткендер саналуу эле. Арасынан кымбат техника, ижарага имарат алып, бирок иштете албай сызга отуруп калгандар да жок эмес.