Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1804 08 October 2014 - 14:48
#1805 08 October 2014 - 14:52
Анда ошол теманы таап берин.
Сиздин илген фотолорунузга кулуп атам кандай эч нерсе жок болот.
#1806 08 October 2014 - 17:59
Шумдугун кургур бажы биримдигине кириш учун окмот менен депутаттар кандай гана жалган суйлоп сайрап жатышат.
Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, Орусиядагы мигранттардын орточо айлыгы 30 миң рублга чейин өсүшү мүмкүн
Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, экономикалык жактан туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Муну депутат Абдыманап Кутушов "Парламент" радиосунун 8-октябрдагы түз эфиринде билдирди. Депутат өлкө өзүнүн товарын экспорттомоюнча өнүкпөй турганын айтты. "Орусиядагы диаспора өкүлдөрүнүн бири учурда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын орточо айлыгы 18 миң рубль экенин билдирди. Мигранттардын көбү аймакта мыйзамсыз жүргөндүктөн, кожоюндары аларга айлыкты аз беришет, Федералдык миграция кызматына пара беришет. Эгер өлкө Бажы биримдигине кирсе, Орусиядагы мигранттардын статусу көтөрүлүп, мунун арты менен айлыктары 30 миң рублга чейин жетиши күтүлөт", - дейт депутат. Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды.
Ой шумдугун кургурлар... дагы эмне ойлоп табат экенсинер... Мигранттар азыр 18 мин рубльга иштебейт, биринчи жолу келип эле иштегени болбосо и то 3-4 ай анан 30-35 мин рубль айлык тологон жерди таап алышат.

Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#1807 08 October 2014 - 18:04
Биринчи жолу келгендер да 18минге иштебей калды го.Кырг.дан келген Москвадагы мигранттардын орточо айлыгы (менин айланамдагы тааныштардыкы) 35мин руб.Билбейм 70 минге жеткируусу кутулсо башка соз.Хотя..70-80 алгандар деле аз эмес.
#1808 08 October 2014 - 18:59
Мен 17миң рубльга эле иштейм го анан.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#1810 09 October 2014 - 00:41
Кытайда үч миң жыл мурунку кылыч табылды.
Кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган.
Кытайдын Цзянсу аймагынан үч миң жыл мурунку кылыч табылды. ИТАР-ТАСС булагынын маалыматтарына караганда, кылыч Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалган.
Маалыматка караганда, кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган. Бала кылычты үйүнө алып барган. Атасы болсо анын байыркылыгын байкап, жергиликтүү маданий эски буюмдар борборунун эксперттерине көргөзгөн. Эксперттер бул кылычтын Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалгандыгын аныкташкан. Ал доордон биздин заманга чейин таш бака жана айбанаттардын сөөктөрүнө жазылган иероглиф жазуулары, коло буюмдар калган. Алар ошол доордун маданий өнүгүшүнүн эң жогорку бийиктигин далилдеп турат. Табылган байыркы буюмду аймактык музейге коюшуп, ата-балага материалдык сыйлык берилди.
Кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган.
Кытайдын Цзянсу аймагынан үч миң жыл мурунку кылыч табылды. ИТАР-ТАСС булагынын маалыматтарына караганда, кылыч Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалган.Маалыматка караганда, кылычты Лаочжоулинь дарыясынын жээгинен 11 жаштагы Ян Цзюньси аттуу бала таап алган. Бала кылычты үйүнө алып барган. Атасы болсо анын байыркылыгын байкап, жергиликтүү маданий эски буюмдар борборунун эксперттерине көргөзгөн. Эксперттер бул кылычтын Шан династиясы учурунда ( б.з.ч. 1600-1046-жылдары) жасалгандыгын аныкташкан. Ал доордон биздин заманга чейин таш бака жана айбанаттардын сөөктөрүнө жазылган иероглиф жазуулары, коло буюмдар калган. Алар ошол доордун маданий өнүгүшүнүн эң жогорку бийиктигин далилдеп турат. Табылган байыркы буюмду аймактык музейге коюшуп, ата-балага материалдык сыйлык берилди.
#1811 09 October 2014 - 01:02
Орусияда иш жумалыгы 4 күн эле болушу мүмкүн.
Депутаттардын пикиринде, бул кадам жумушчу орундарын көбөйтүп, жумушчулардын саламаттыгына оң таасирин тийгизет.
Мындай демилгени Орусия Мамлекеттик Думасынын эмгек боюнча комитети көтөрүп жаткандыгын "Коммерсантъ" басылмасы кабарлоодо.
Мамлекеттик Думанын эмгек боюнча комитетинин төрагасы Андрей Исаев мындай кадамга Эл аралык эмгекти уюштуруу уюмунун сунушу менен жасалып жаткандыгын жана бул демилгени колдой тургандыгын билдирди. Исаев Думанын талкуусуна жумада 36 сааттык иш убактысын колдоп, айлык акыларынын сактап калаарын убада кылууда. Төраганын пикири боюнча маанилүү болгон иш күнү эмес - иш сааттары. Эгерде күнүнө 10 сааттан иштесе, ошол эле жумадагы 40 сааты чыгып калат.
Мындай демилгени БУУ дагы колдоп жатканы кабарланууда.

#1814 09 October 2014 - 13:08
Йооо-- пы-ры сы-ты ...Шумдугун кургууур..... ..Мындай катынын болсо дивандын деле кереги жокко ...озунчо эле матрац )))
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#1815 09 October 2014 - 13:54
Москавадан башка аймактарында мигранттардын маянасы 15ден-18мин рублдан эле деп угам, бирок квартира акысы, продуктулары арзандыгы учун айлык маяна ошончо томон. Москва все таки Млсквада.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
Супер-Инфо
super.kg
видео