Эжей бизден сурап калды : "коп адамдын алдына бир адам келгенде ким биринчи саламдашат ?" мен"бир адам коп адамга "дэдим. Анан бир бала :"эжей, анда неге сиз аудиторияга киргенде биз сизге баарыбыз кыйКыраБыз?
"дэбэспи:-
Dанегдот б.п калды:-D
Саламдашуу адеби. Исламда, Кыргыздарда.
#22 11 October 2014 - 22:37
Эжей бизден сурап калды : "коп адамдын алдына бир адам келгенде ким биринчи саламдашат ?" мен"бир адам коп адамга "дэдим. Анан бир бала :"эжей, анда неге сиз аудиторияга киргенде биз сизге баарыбыз кыйКыраБыз?
"дэбэспи:-
Dанегдот б.п калды:-D
#24 16 October 2014 - 09:48
#25 29 October 2014 - 23:34
кыздар да ассалоому алейкум деп учурашыш керекпи.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#26 30 October 2014 - 13:51
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#27 31 October 2014 - 11:43
Саламдашуу Адеби
Тааныш же бейтааныш эки адам бири-бирине кезигип калышса сөзсүз түрдө салам берип көрүшүүлөрү зарыл. Тааныштар саламдашып туруп калбай, бири-биринин ал - акыбалын сурашуулары абзел.
Бир адам экинчи адамга салам берсе, ал адам дароо алик алып, саламынын жообун берсин.
М: Саламды толук түрдө "Ассалому алейкум" деп айтсын. "Ассалоом алейки"; "Салам алейкум"; "Салам" , же болбосо "Салам бердик" деш жарабайт. Саламдын жообу - "Воалейкумусалам" болот. Муну "Алейким салам" же жөн гана "Алейкум" деп айтуу туура эмес. Бул араб сөздөрү. Мааниси "Ассалоому алейкум" - "Сизге тынчтык болсун", "Воалейкумусалам" дегени - "Сизге дагы тынчтык болсун"
Башты ийбестен, колдорду көкүрөккө коюп салам берүү сунуш кылынат. Көпчүлүккө учурашып жаткан адам, алардын ар бирине салам бербестен, бардыгына, жалпы жонунан бир гана жолу салам айтса жетиштүү. Жашы кичүү адам улууга, басып бара жаткан адам отурган кишиге, атчан жөөгө салам бериши зарыл. Кемсинтип, шылдыңдагансып ылжайып салам берүү адептүүлүк эмес. Салам чын дилден болсун. Саламга алик алган киши башын кыймылдатып гана койбосун. Саламдын жообун урмат менен түгөлдөй угуза айтсын. Бир адам таанышын алыстан көрүп калып, анын жанына келүүгө ылаажы таппаса, ошол жерден туруп эле колун көкүрөгүнө коюп салам ишарасын кылса болот.
Кол берип саламдашкан чакта, кол учун гана узатып саламдашуу адептүүлүккө жатпайт. Мындай кылуу салам берген адамды кемсинтүү, аны көзгө илбөөчүлүк болот. Узак убакытка бири-бири менен көрүшпөгөн адамдар кучакташып саламдашса боло берет.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#28 31 October 2014 - 12:36
Бүгүнкү күндө саламдашуу ар кандай типке бөлүнүп кетти.
1. Чоң муштумдун учурашуусу
2. Акчалуунун учурашуусу
3. Чиновниктердин учурашуусу
4. Бийликтегилердин учурашуусу
5. Кийими жакшылардын учурашуусу
6. Тууганы чоңдордун учурашуусу
7. Жөнөкөй карапайым элдин учурашуусу
8. Жаштардын учурашуусу
1. Чоң муштумдун учурашуусу
2. Акчалуунун учурашуусу
3. Чиновниктердин учурашуусу
4. Бийликтегилердин учурашуусу
5. Кийими жакшылардын учурашуусу
6. Тууганы чоңдордун учурашуусу
7. Жөнөкөй карапайым элдин учурашуусу
8. Жаштардын учурашуусу
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#29 31 October 2014 - 12:38
Кыргыздын тили өтө терең. «Улуу кыргыз» — деген чоң бийиктерге жеткен бай тилдерден деп айтылып, аны менен ар кандай жашоо ыргагын аткарып келген тил. Өзгөчөлүү каада-салтыбыз,
нарк-насилибиз,
адеп-ыйманыбыз өз тарыхыбызды коштоп келет. Кыргыз элинин ички дүйнөсүнүн бийиктиги да бул тил менен даңазаланып,
жомоктон жомокко өтүп, Манастай дастан жаралып, чындыкты айткан жоокер, көчмөн эл экенибиз айтылып келген.
Ошол улуттук нарк-насилдердин бири саламдашуу да эң эле чоң тарбиялык мааниге ээ. Биз сөз кыла турган саламдашуу бүгүнкү күндө улуттун кылым карытып сактап келген таза назик адеби же кыргыз деген улуу жашоонун бизге жеткен мурасы.
Адамга салам узатуу, алик алуу боюнча саламдашуунун жол жоболору бар. Сылык саламдашуу, алик ала билүү бул кыргыз маданиятынын башаты.
Бир адам экинчи адамга «Ассалоому алейкум» — деп араб тилинде салам берген. «Бул тынчтык болсун» — дегенди билдирсе, «Валейкуму ассалам» — «Сизге да тынчтык болсун» — деп колдонулуп келет… бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар саламдашууну өзгөртүп кыргыз маданиятына туура келбеген көчмө агымды колдонуп жүрүшөт. Мисалы, эки жигит бири-бирин көргөндө колхоздун кара өгүзүндөй эле сүзүшүп калса, кай бири тайдай тебишип учурашат. Ал эми кыздар болсо өбүшүп (ооздон өбүшүп) саламдашат. Жаштар эле эмес орто муун, жогорку муун ичинде деле өбүшүү өнөкөткө айланууда. Менин жаш муундарды тарбиялоодогу ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга кайрылуум — саламдашуу адебине көңүл бөлсөк. Кыргыз салтыбызда саламдашуунун чоң маани маңызы бар.
Рухубуздан келген ата салты эркектер кол сунуп учурашса, аялдар ыйбаа менен же кол сунуп учурашкан. Мунун себебин жоокер эл экенибизден да издөө керек. Айкөл Манас, Барсбек, кыз Сайкал деги эле түпкү баатырларыбыздын баары кол сунуп учурашуу менен, жоо менен жекече беттешүү адебинде атаандашынын колун кармап, анын ден-соолугун, эр жүрөктүүлүгүн, бекемдигин тамыр кармагандай билип, өзүнө жыйынтык чыгарган.
Бул сапат элибизде кылым карытып келе жатат. Биз бул нарк-насилибизди көчмөн маданиятка аралаштырбообуз керек. Бул үчүн тарбиялык тармакта иштегендер аяр мамиле кылуу менен өз салтыбызды сактоо керек экенин унутпайлы. Бүгүнкү күндө саламдашуу ар кандай типке бөлүнүп кетти.
1. Чоң муштумдун учурашуусу
2. Акчалуунун учурашуусу
3. Чиновниктердин учурашуусу
4. Бийликтегилердин учурашуусу
5. Кийими жакшылардын учурашуусу
6. Тууганы чоңдордун учурашуусу
7. Жөнөкөй карапайым элдин учурашуусу
8. Жаштардын учурашуусу
Деп өзгөчөлөнүп кетти. Бул көрмөксөн, таанымаксан болуу, жийиркенүү, убактысын аёо, мактануу, манчыркоо, төмөнкү кишилерди же улууларды теңине албай өз бийиктигин көрсөтүү менен адамдардын учурашуу салты бузулуп бара жатат. Демек учурашууга да демократиялуу элдик мүнөздө саламдашуунун салтын мүнөзүн-адебин сактоо зарылдыгы турганын эске ала жүрөлү.
Илгери аялдар жүгүнүү, ишарат кылуу менен өзүнүн жүрөктөгү сылыктыгын көрсөткөн. Аялдар дегинкиси келиндин жүгүнүү адеби да ошол саламга жооп иретинде болуп, бүгүнкү күндө бизге жетип отурат. Мунун түрү көп жөн эле ыйбаа-ишарат кылып, колун бооруна алып, башын ийкеп ж.б. түрлөрү менен белги берип келген. Ал эми бүгүнкү аялдар, жат кишинин кандай ден-соолугуна карабай өбүшүп жатат. Мүмкүн ал адам туберкулёз, ВИЧ-СПИД, малярия, тиф, тери, сарык оорусу ж.б. ички аш казан, боор жыт келүүчү оорулар менен оорусачы. Бул жагдайда врачтар, теле-радио, басма сөз беттеринде эскертилип жатпайбы.
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 07. 09.2012-ж.

#31 31 October 2014 - 20:25
Негизи саламдашканда Ассолому алейкум, ассаляму алейкум, же ассооллому аллейкум деп саламдашкандар арабча мааниси бойунча туура эмес болуп калат. Себеби арабча тамгаларда "э", "о" тамгалары жокта. Анан "я" тамгасыны РФ аймагында жашагандар кошуп суйлошот. А биз кыргызбызго.
Биздин копеле создорубуз арабча озу. Рахмат дейбиз, бул АЛЛААХ Ж.Ж тын Рахман-ырайымдуу деген ысмы. Раазычылык-
Раази арабча, азыр-хазыр деген сыяктуу эле, бардык создун озуну айтсак тилибиз келет. "Ассалааму алайкум же салаамун алайкум".
Алек алганда, "ва алайкумуссалаам же ва алайкум ассалаам"
, десек туура болот. Эчкандай э, о, я тамгалары жок. Анан тамгаларга маани бериш керек кайжерде эки а, кайжерде эки с тамгасы. Кеебирлери ата-бабам о, э тамгаларыны кошупеле саламдашып келгенго дейт. Ата-бабабыздын кезинде илимден сабатсыз болушкан. Мындай нерселерди ачыктап, тактап-тушундуруп бере турган, илимдуу, арабча билген адамдарды, камап, атып жок кылышкан атеизм. Ошон учун ата-бабабыз оздорунун тили келгенди айта беришкен.
-Анан дагы кыстыра кетсем: "Хиджаб-хижаб, алхамдулиллях- Алхамдулиллаах, астапуралла- астагфируллоох, (Бул жерде о деп айтсак тажвид эрежесине коро туура болот экен, себеби жоон окулатта АЛЛААХ Ж.Ж созу), халял-халал, бысмылда, бисмиллях-бисмиллаах, закят-закат, гури-хури, даджал-дажжал, супханаллах- субхааналлоох, рахматуллоохи ва барокаатуху, деп эле туурасыны айтсак болот, орустарды дуурабай. Башка тилдерге укмуш тилибиз келетта, анан кандай эле арабчага (оригиналына) тилибиз келбей калат деген ой туулбай койбойт.

#32 01 November 2014 - 23:02
Туура, көп учурда тажвид эрежелерин бузабыз. Жогорудагы "Ассаламу алайкум"-
деген сөздү, "Ассаляму алайкум",
-деп жазуусунун себеби, ал жерде " Лам алифти белгилеген эмес бекен?!"
- деп ойлойм да. Айтылышында "Ла"-деп эле окуган дурус. Тилди буралтып "ля" -деп (ката)окугандан көрө. Негизи чын дилден, таза көңүл менен айтуу керек. Айткан го: "Мусулман бир тууганыңар салам берсе, андан да жакшыраак кылып жооп кайтаргыла!
",-деп.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#33 02 November 2014 - 01:01
Туура, көп учурда тажвид эрежелерин бузабыз. Жогорудагы "Ассаламу алайкум"-
деген сөздү, "Ассаляму алайкум",
-деп жазуусунун себеби, ал жерде " Лам алифти белгилеген эмес бекен?!"
- деп ойлойм да. Айтылышында "Ла"-деп эле окуган дурус. Тилди буралтып "ля" -деп (ката)окугандан көрө. Негизи чын дилден, таза көңүл менен айтуу керек. Айткан го: "Мусулман бир тууганыңар салам берсе, андан да жакшыраак кылып жооп кайтаргыла!
",-деп.
Туура айтасыз Негизи, "лам алиф" бар болгондугу учун эки а тамгасыны айтсак анданда туура болмок чиркин. "Ассалааму алайкум" деп, себеби тажвид илими бойунча, "Мад табиъи-табияты созулма" эрежеси барда.
#34 06 November 2014 - 01:27
Арыбаныз деп учурашкан кандай жакшы. Бар бол деп алик алып турса . Нукура кыргызча. Оруска , немисчеси жок эле
#35 06 November 2014 - 02:05
#36 06 November 2014 - 15:02
Жолугушуудагы саламдашуунун жалпы калыптанып калган куралдары;
1. Алгач кичүүлөр улууларга, мырзалар айымдарга салам берүүлөрү керек.(Эгер эркек киши айымдан улуу болсо, анда айым биринчи салам берүүгө милдеттүү). Бирок, эгер үйгө кирген адам мырза болобу, айым болобу, ага карабастан, алгач саламдашууга милдеттүү.
2. Бөлмөдө көп адам болсо, биринчи үй ээсинин жубайы, андан соң башка айымдар менен, үй ээси менен, андан кийин мырзалар менен учурашуу керек.
3. Мырзалар менен учурашууда айым биринчи кол сунуусу керек, эгер ал баш ийип коюу менен гана токтолсо, анда мырзанын кол сунбай койгону оң. Улуу жана кичүү эркектердин отосунда деле ушул адат колдонулат.
4. Мырза айым менен болобу, башка менен болобу, учурашып жатканда, ордунан турушу керек, айым болсо мырза менен саламдашууда ордунан турбайт.
5. Айым менен учурашып жатканда, мырзалар анын колун өөп саламдашса болот, бирок муну жабык жерлерде гана колдонуу шарт.
6. Босого, стол жана кандайдыр бир тосмолор аркылуу саламдашуу - этикетке жатпайт.
1. Алгач кичүүлөр улууларга, мырзалар айымдарга салам берүүлөрү керек.(Эгер эркек киши айымдан улуу болсо, анда айым биринчи салам берүүгө милдеттүү). Бирок, эгер үйгө кирген адам мырза болобу, айым болобу, ага карабастан, алгач саламдашууга милдеттүү.
2. Бөлмөдө көп адам болсо, биринчи үй ээсинин жубайы, андан соң башка айымдар менен, үй ээси менен, андан кийин мырзалар менен учурашуу керек.
3. Мырзалар менен учурашууда айым биринчи кол сунуусу керек, эгер ал баш ийип коюу менен гана токтолсо, анда мырзанын кол сунбай койгону оң. Улуу жана кичүү эркектердин отосунда деле ушул адат колдонулат.
4. Мырза айым менен болобу, башка менен болобу, учурашып жатканда, ордунан турушу керек, айым болсо мырза менен саламдашууда ордунан турбайт.
5. Айым менен учурашып жатканда, мырзалар анын колун өөп саламдашса болот, бирок муну жабык жерлерде гана колдонуу шарт.
6. Босого, стол жана кандайдыр бир тосмолор аркылуу саламдашуу - этикетке жатпайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#37 06 November 2014 - 15:24
кыздар да ассалоому алейкум деп учурашыш керекпи.
Ооба, "Ассалааму алайкум" деп учурашуу эркеке эле милдет деп эчжерде жазылган эмес, дегеле мусулмандар ушинтип учурашышат. Чоочун эркек м.н аялдын кол алышып, же эркек аялдын колун ооп учурашуусу арам иштерден болот. Жонгана баш ийкеп саламдашып койуусу, адептен. "Казга тен келем деп, тооктун буту сыныптыр" дегендей, бизда батыштын маданиятыны туурайм деп, учурашканда колуну ооп, же бетинен ооп, чоон куноого батып калуудабыз.
#38 09 November 2014 - 16:47
Мурда кары кишилер менен деле кандайсыз деп учурашчумун.
Азыр улуу адамдар менен саламатсызбы,
демдуусузбу деп учурашам.Кичине акыл кирип калды окшойт.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#39 11 November 2014 - 14:37
Жолдо бара жаткан адам, олтурган(кочодо) адамга биринчи болуп салам бериш керек чонбу кичине болобу. Ал эми аял киши эркектер менен эч качан кол алышып корушпош керек, жогоруда айтылгандай
#40 11 November 2014 - 14:57
Жолугушуудагы саламдашуунун жалпы калыптанып калган куралдары;
1. Алгач кичүүлөр улууларга, мырзалар айымдарга салам берүүлөрү керек.(Эгер эркек киши айымдан улуу болсо, анда айым биринчи салам берүүгө милдеттүү). Бирок, эгер үйгө кирген адам мырза болобу, айым болобу, ага карабастан, алгач саламдашууга милдеттүү.
2. Бөлмөдө көп адам болсо, биринчи үй ээсинин жубайы, андан соң башка айымдар менен, үй ээси менен, андан кийин мырзалар менен учурашуу керек.
3. Мырзалар менен учурашууда айым биринчи кол сунуусу керек, эгер ал баш ийип коюу менен гана токтолсо, анда мырзанын кол сунбай койгону оң. Улуу жана кичүү эркектердин отосунда деле ушул адат колдонулат.
4. Мырза айым менен болобу, башка менен болобу, учурашып жатканда, ордунан турушу керек, айым болсо мырза менен саламдашууда ордунан турбайт.
5. Айым менен учурашып жатканда, мырзалар анын колун өөп саламдашса болот, бирок муну жабык жерлерде гана колдонуу шарт.
6. Босого, стол жана кандайдыр бир тосмолор аркылуу саламдашуу - этикетке жатпайт.
1. Алгач кичүүлөр улууларга, мырзалар айымдарга салам берүүлөрү керек.(Эгер эркек киши айымдан улуу болсо, анда айым биринчи салам берүүгө милдеттүү). Бирок, эгер үйгө кирген адам мырза болобу, айым болобу, ага карабастан, алгач саламдашууга милдеттүү.
2. Бөлмөдө көп адам болсо, биринчи үй ээсинин жубайы, андан соң башка айымдар менен, үй ээси менен, андан кийин мырзалар менен учурашуу керек.
3. Мырзалар менен учурашууда айым биринчи кол сунуусу керек, эгер ал баш ийип коюу менен гана токтолсо, анда мырзанын кол сунбай койгону оң. Улуу жана кичүү эркектердин отосунда деле ушул адат колдонулат.
4. Мырза айым менен болобу, башка менен болобу, учурашып жатканда, ордунан турушу керек, айым болсо мырза менен саламдашууда ордунан турбайт.
5. Айым менен учурашып жатканда, мырзалар анын колун өөп саламдашса болот, бирок муну жабык жерлерде гана колдонуу шарт.
6. Босого, стол жана кандайдыр бир тосмолор аркылуу саламдашуу - этикетке жатпайт.
Сиз бул маалыматты башка болумго илип алдыныз, кыргызда мындай болгон эмес.

Супер-Инфо
super.kg
видео