Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 90
  • 91
  • 92
  • 93
  • 94
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1821 Пользователь офлайн   MACKA   10 Октябрь 2014 - 23:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Эбин тапса эки саатта үй салса болот.

Замандын талабына жана ыңгайына жараша архитекторлор жеңил курула турган үйлөрдү сунуштап келишет.

Эгер эбин тапса, үй салуу сиз ойлогондой машакаттуу жана көп чыгым деле талап кылбайт. Азыркы учурда шаар ичинде унаа көбөйүп, адамдарды жүдөтүп жиберет. Анан калса шаар сыртында абасы таза, ызы-чуу жок жерде жашаганды каалагандар көп.

Там салуу деген сөздүн өзү ар бирибиз үчүн көп каражатты жана убакытты талап кылчу нерсе катары кабылданат. Бирок замандын талабына жана ыңгайына жараша архитекторлор жеңил курула турган үйлөрдү сунуштап келишет. Төмөндө сиздер бат жана арзан курула турчу үйлөрдү көрө аласыздар.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1822 Пользователь офлайн   MACKA   10 Октябрь 2014 - 23:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1823 Пользователь офлайн   MACKA   10 Октябрь 2014 - 23:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1824 Пользователь офлайн   MACKA   10 Октябрь 2014 - 23:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1825 Пользователь офлайн   MACKA   10 Октябрь 2014 - 23:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1826 Пользователь офлайн   DaRhaN.   10 Октябрь 2014 - 23:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Охоо сонунгоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1827 Пользователь офлайн   MACKA   11 Октябрь 2014 - 00:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Михаил Горбачев авабыз ооруканага жатып калды.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев ооруканага жатып калды. Горбачевдун "Орус маалымат кызматына" (Русская служба новостей) берген маалыматы боюнча, сонку учурда анын ден соолугу кескин солгундап кеткен.

"Акыркы жети күн ичинде менин ден соолугум илең-салаң болуп келди. Акыры минтип бүгүн ооруканага жаттым. Оорум өтө күчөп кетти. Азыр бүт денеме медиктер жип-шууларын сайып, монитордун көзөмөлүндө жатам" - деди ал.

Мындан тышкары Горбачев Нобель сыйлыгын тапшыруу салтанатына катышууга ниеттенип, бирок оорусунун күчөп кеткенинен улам бара албай калаарын айтты.

10-октябрда Нобель комитети дүйнөлүк сыйлыктын лауреатын аныктайт. Сыйлыкты тапшыруу динамитти ойлоп тапкан швед окумуштуусу Альфред Нобельдин каза болгон күн 10-октябрга Осло шаарында мерчемделген.

Былтыркы жылы Нобель сыйлыгы Химиялык куралга тыюу салуу боюнча түзүлгөн уюмга берилген, 2012-жылы сыйлыктын ээси - Евросоюз болгон эле. Ал эми 2009-жылы АКШ президенти Барак Обама бул сыйылыкка ээ болгон.

М. Горбачев болсо Нобель сыйлыгын 1990-жылы алган. Нобелдик комитет бул сыйлыкты Горбачевго советтик коомго айкындуулукту алып келгени жана эл аралык коомчулуктагы ишенимди бекемдегени үчүн ыйгарган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1828 Пользователь офлайн   MACKA   12 Октябрь 2014 - 19:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Хирургдар телефондун жарыгы менен жүрөккө операция жасашты.

Кыргызстандык хирургдар жарык өчүп калгандыктан, жүрөккө операцияны телефондун жарыгында жасашты.
10-октябрда Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жүрөккө операция жасалып атканда тартылган видеону койгон. Ооруканада электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн операция телефондун жана фонардын жарыгына жасалган. "Мына ушундай экстремалдык шартта биз "токтоп" калган жүрөккө операция жасап жатабыз! Мен муну кылмыш же баатырдык деп айтуудан кыйылып турам. Биз кандай болушубуз керек? Оорулуулардын өмүрүнө коркунуч туудуруп аларга операция жасай беришибиз керекпи? Операцияга катышкан бригаданы стресске алып келиш керекпи? Же операцияны токтотуп кезегин күтүп турган жүздөгөн бейтаптын өмүрүнө коркунуч алып келиш керекпи? Биздин иштешибиз үчүн жакшы шарт түзүлүшүн дагы көпкө күтөбүзбү? - деп суроо салат ал. Сүрөт Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Октябрь 2014 - 19:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1829 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 21:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мексикада чуркагандар үчүн акылдуу күрмө ойлоп табышты.

Аны кийген адам онлайн режимде машыгуулардын жана өз денесинин көрсөткүчтөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Маалыматты микропроцессор иштеп чыгып, блютуз аркылуу чуркап бара жаткан адамдын телефонуна жөнөтөт. Эгер жүрөктүн согушу чектен ашып кетсе, спортчуга тиешелүү билдирүү келет. Электроника аба өткөрүүчү кездеме менен корголгон, андыктан аны менен машыгуу ыңгайлуу.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1830 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 21:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Лондондо эң кымбат таттуу сатыка чыкты.

Анын кутучасы Сваров кристаллы менен кооздолуп, ичинде 240 таттуу бар. Момпосуйдун курамы өзүнө Тунис жана Афганистан жаңгагын камтыйт. Таттуунун бир кутусунун баасы 1 миң доллардан жогору. Бул көпчүлүк сатып алуучуларды кызыктырып, бир жумуда 2 миң кутуча сатылган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1831 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 22:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Орус мушкери Николай Валуев эмнеге Бишкекке келди?

Орусия гана эмес дүйнөгө таанымал, бокс боюнча дүйнө чемпиону, кино актер, керек десе убагында саясатчы да болууга жетишкен алп-спортчу Николай Валуев Бишкекке келди. Бул тууралуу knews.kg маалымат булагы жазып чыкты. Спортчу Кыргызстанга алгачкы ирээт келип олтурат.

Эмнегедир мушкер Бишкекке спорттук мелдешке эмес, чыгармачылык кечеге катышууга келгени таң калтырат. Көрсө орусиялык чыгармачыл инсандардын бири Сергей Янковский алп-мушкер тууралуу “Жолду улай” аттуу долбоор иштеп чыккан. Дал ушул долбоордун негизинде Валуевге Кыргызстанга келип, күйөрмандары менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми калаа тургундары спортчу менен кенен маек куруп, “кантип спортко келгени,” “кантип дүйнөгө таанылганы, ” ал түгүл кандай анекдотту жакшы көрөөрүнөн бери сурап, чер жазышты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1832 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 22:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Үйүнө камап алып, бир ай зордуктаган.

ИИМ дин ыкчам иликтөө башкы башкармалыгына оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда Беловодск шаарынын тургуну бир кызды мыйзамсыз түрдө үйүнө камап алганы айтылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүүнүн аты-жөнү жана жашаган дареги такталган. Тахир аттуу жигит 1991-жылыл туулган К.Т га акча карыз болот. 15-сентябрь күнү карызды берем деп үйүнө алдап чакырып, ошол бойдон кармап, күн алыс күчкө салып зордуктап турган.

Милиция кызматкерлери мурда “көз боёмочулук” үчүн соттолгон 22 жаштагы Тахир аттуу жигитти колго түшүрүшкөн. Кылмышка шектүу өз күнөөлөрүн моюнуна алып, көргөзмө берүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1833 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 22:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

2015- жылдын 1-январынан тартып Орусияда айфон пайдаланууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирет.

Орусия федерациясында мына ушул багыттагы жаңы мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.
Бул мыйзамдын түпкү максаты - орус жарандарынын ар биринин жекече (персоналдуу) маалыматтарын Орусиянын аймагында гана сактоо. Тагыраак айтканда, ар бир iPhone-до телефондогу маалыматтарды каттоого алып туруучу атайын iCloud программасы бар, айфон телефонун колдонгон ар бир адамдын телефонундагы маалымат АКШдагы атайын серверде сакталып турат.
Apple компаниясынын Орусияда сервери жок болгондуктан Орусияда айфон колдонгондордун өздүк маалыматтары Калифорния штатында серверлерде сакталат. Орусиядагы айфонго тыюу салуу боюнча мыйзам да өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо максатын көздөйт.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1834 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 22:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Маскөөдө "халалдын" атын жамынган колбасалар.

Москвада жана ага жакын жайгашкан аймактардагы чоң супер-маркеттерде, дүкөндөрдө товардык этикеткасында “халал” деген жазуусу бар, бирок курамында чочконун эти бар шектүү колбасалар сатыла баштады.
Мисалы, Москвадагы супер-маркеттердин бириндеги Рамфуд компаниясынын Султанская марка деген эн-белгиси бар колбасанын этикеткасында “халал” деген жазуу менен бирге курамында чочко эти (свинина) бар экендиги да кошо жазылып турат.
Этикеткага маани бербеген сатып алуучулар мындай колбасаларды эч бир эрөөн-төрөн албай сатып ала берүүлөрү мүмкүн. Чыныгы халал индустриясында иштеген адистердин айтымында, Москва сыяктуу ири калааларда “халал” деген аталыштагы колбасалардын бирине да ишенүүгө болбойт, анткени дээрлик колбасалардын баарына узак мөөнөттө сакталып турушу үчүн чочконун же койдун куйругунун майын сөзсүз кошууга туура келет. Бирок колбасанын курамына койдун куйругунун майын кошуу реалдуу эмес, анткени бул анын баасын өтө жогорулатып жиберип, натыйжада кымбат колбасаны эч ким сатып албайт. Ошондуктан колбаса чыгаруучу цехтер негизинен чочконун майын пайдаланышат.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1835 Пользователь офлайн   MACKA   13 Октябрь 2014 - 23:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ээрден кулабаган Эво Моралес.

Боливия президенти Эво Моралес үчүнчү жолу ажолукка талапкерлигин койду. Ал жеңишке ээ болооруна толук ишенээрин айтат. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга электе эле, "Движение к социализму" партиясынын өкүлү Эво Моралес алдыңкы орунга ээ болот деген оюн билдирди.
Акыркы божомолдордо Моралес шайлоочулардын добушунун 50, 60% на ээ. Ал эми анын атаандашы Самуэль Дориа Медина 18-24% добушка ээ болоору айтылууда. Боливия мыйзамына ылайык мындай пайыздык колдоо менен Моралес биринчи турда эле жеңип чыгат.
Эске салсак, Боливия президенти 2006-жылдан тарта такта отурат. Өлкөнүн экономикасын жылына 5 пайызга көтөрүү менен калкынын социалдык абалын жакшыртып келген Эво Моралес админстративдик ресурсту колдоноорун эске алсак, президенттик шайлоо формалдуу гана болот дешет оппонентери.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1836 Пользователь офлайн   MACKA   14 Октябрь 2014 - 00:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Детройтто эки кабаттуу үйгө iPhone 6 ны алмаштырууда.

Детройт шаарында кыймылсыз мүлк сайтына iPhone 6 ны эки кабаттуу үйгө алмаштырам деген жарыя чыккан.
Ушул жылдын июнь айында кирпичтүү үй беш миң долларга сатылат деп чыккан. Бирок айтылган сунушка талап болбогондон кийин сатуучу iPhone 6 га же iPadка алмаштыра турганын билдирген.
Чыккан жарыя туура экенин агенттиктин өкүлү Ларри Эльси тастыктаган. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС билдирет.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1837 Пользователь офлайн   MACKA   14 Октябрь 2014 - 00:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Тажикстанда аялын кызгануудан базарда өлтүргөн.

Тажикстандын түндүк тарабында ачуусунун айынан күйөөсү аялын базарда өлтүрүп салган. Бул тууралуу Ички иштер министринин маалымат кызматы билдирген.
Окуя Дүйшөнбүдөн 310 километр алыстыкта жайгашкан Бободжон Гафур районунда болгон. Маалыматка ылайык, мурда соттолгон 27 жаштагы Сирожиддин Бахромов "Фаровон" аталыштагы базарда кызганычтан улам аялын бир канча жолу токмоктоп, анан төрт жолу бычак сайган.
Базарда жүргөн элдер Бахромовго жолтоо болгонго аракет кылган, бирок натыйжа берген эмес. "Бычак менен сайгылап бүткөндөн кийин кылмышкер кармалган. 23 жаштагы аял тез жардам келгенге чейин, окуя болгон жерде көз жумган," - деп Тажикстандын ИИМги белгилеп өткөн.
Натыйжада, Бахромов камакка алынган. Ага кыйнап өлтүргөн деген оор жаза берилди.
Тажикстанда 2014-жылдын январь айынан августь айына чейин адам өлтүрүүнүн 76 учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу беш пайызга кыскарган.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1838 Пользователь офлайн   DaRhaN.   14 Октябрь 2014 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Рахмат Маска эже, дагы илип турун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1839 Пользователь офлайн   Talantchik   14 Октябрь 2014 - 11:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 031
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2024 10:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Актектир айылы

Маска эже эмне кылып жатат болду экен! Бул жака кирбей?
Чын журоктон баари бир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1840 Пользователь офлайн   Dadin1   14 Октябрь 2014 - 15:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Шумдугун кургур!! ! 2010 жылдын агит афишасынан. Эми бул жагын тушунуп койо бергиле !


Прикрепленное изображение: аша.jpgjpg]
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 90
  • 91
  • 92
  • 93
  • 94
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 23:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: