Суперстан: Аффирмация - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аффирмация Туура ойлонуп, жашооңузду жакшы багытка буруңуз!

#1 Пользователь офлайн   Umka220190   06 Октябрь 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Дүйнөдө ой күлүк... Ой жеткен жерге кол жетпейт... Анткен менен ошол ойду дагы тарбиялай билсек өз жашообузду, саламаттыгыбызды жакшы жолго сала алган болобуз. Ойлонууну жакшы багытта тарбиялай алсак, анда көптөгөн кара энергиялардан арылып, аң-сезимибиз тазарып, нерв системаларыбыз жакшы иштей баштаарын окумуштуулар тастыкташкан. Келиңиз, ошол ойду өзгөртө билүүнүн сырлары менен таанышып алыңыз.

Аффирмация - бул өзүн-өзү жакшы сезүүнүн, туура ойлонуунун формуласы. Адамдын өзүн таанып-билүүсүнө жана позитивдүү маанай жаратуусуна аң-сезимин тарбиялоо болуп саналат. Каалаган кыялыңызга жетүүгө алардын жардамы чоң. Илимпоздордун айтымына караганда адам баласы болуп жаткан кырдаал, же өзүнүн абалына карай кандай ой ойлосо, автоматтык түрдө организмде активдүү гармондор иштелип чыгып, мээде ошол боюнча программа ишке киришип, натыйжасы ойлогон ойдой болуп чыгарын далилдешкен. Демек, сиздин бардык маселеңизди туура багытта ойлонгон оюңуз эле ийгиликтүү чечип бере алат. Ал үчүн аффирмация ойлоону жана ойлоп табууну билиңиз. Ойлоп табууда сөздөрдүн эң керектүүлөрүн, тагыраак айтканда маңыздуусун тандаңыз. Алардын айрымдарын мисал катары сиздерге сунуштап кетмекчибиз.
Арыктоодогу аффирмациялар

Мен бүгүн өзүмдү келишимдүү сезип жатам
Арыктоо бул оной эле
Мен акырындык менен арыктап жаткандыгым чындык.
Ден соолугум чың жана тулку боюм келишимдүү болуунун чоң жолундамын.
Менин денем күндөн-күнгө күчтүү, сак-саламат, сымбаттуу көрүнүп жатат.
Толук кандуу тамактарды жеп жатканым менен сыймыктанам.
Өзүмдүн сымбаттуулугум үчүн бардыгына даярмын.
Келишкен мүчөлүү, акылдуу болууга татыктуумун.
Суу жаңылантат жана тамакка болгон тартылуумду азайтат.
Тамактарды тандоодо менин ден соолугума пайда келтирүүчү гана сапатына көңүл бурам.
Ар бир күнү денемдеги жакшы өзгөрүүнү байкап жатам.
Өзүмө болгон камкордук ишенимди бекемдейт.



Жашоодо сүйүүнүн күч алышын шарттоочу аффирмациялар

Мен канча кааласам ошончо сүйүү ала алам.
Менин жүрөгүмдүн ар бир согушу сүйүү менен коштолот.
Мен сүйөм жана өзүмдү баалайм.
Бардыгына сүйүү жана кубаныч менен карайм.
Мен жашоону өмүрүмдүн аягына чейин сүйүү менен кабыл алам.
Мен Кудайдын сонун жараткан жанымын. Ал мени чексиз сүйөт жана мен аны.
Мени элдер жакшы көрөт жана мен аларды сүйөм.
Өзүмдү коопсуз сезем, анткени сүйүү өзүмөн коргойт.
Мени жагымдуу ойлорум жылуу мамиле түзүүгө, толук сүйүүгө жардам берет.
Менин бактым өзүмдүн гана колумда.
Өз тагдырымдын жаратуучусумун.
Кыялымдагы адам менен жашап жатам.
Менин мамилем күндөн-күнгө жакшырып бара жатат.



Жетишкендик менен ийгиликке карай аффирмациялар

Мен ар убакта керектүү чечим кабыл алам.
Өзүмө толук ишенем.
Ийгилигимдин өсүшү үчүн ар кадамымда жаңы нерсе үйрөнөм.
Бактылуу жашоонун тандамалымын.
Менин кирешем ар убак өсөт.
Жаңы багыт, жаңы тажрыйбаны жеңил кабыл алам.
Жумушумдагылар мени жакшы көрүшөт.
Ар дайым жетекчилерим сонун кишилер болуп калышат.
Карьераны оңой түзө алуучу адаммын.
Менде ушул жумуш бар экенине аябай кубаттанам.
Мен 100% иштеген эмгегимдин үзүрүн кайрып алам.
Менин бизнесим өсүп жатат, таң менен бардык ийгиликтер мени күтөт.
Ушундай жумушум бар экенине миң мертебе ыраазымын.
Ушунчалык көп иш пландарым бар, баарын ишке ашырууга күчүм жетет.



Акчаны көбөйтүүчү аффирмациялар

Мен акчаны кубаныч менен берем жана ыраазычылык менен алам.
Мен акчаны өзүмө магниттей тартам.
Менин байлыгым ааламдай ченемсиз болот.
Мен эмнеге муктаж болсом ар убак аны ала алам. Азыр өзүмө чоң акча тапканга шарт койдум.
Мени бакытка жана байлыкка алып баруучу жакшы ойлорду гана ойлойм.
Кудайга ишенем, ал менин талаптарымды канааттандырат.
Мен бардык тараптан ийгиликке жетишем.
Мен жашоону сүйөм жана бар нерсеге каниет кылам.



Аялдар үчүн:

Эң алгач өзүмдүн сулуулук бийиктигимди көргүм келет.
Аялдык энергиянын эң сонун балансы менде бар.
Мен жаш, келишкен мүчөлүү, сулуу жана сексуалдуу айыммын.
Мен жалгыз кайталангыс жанмын.
Мен күчтүү, акылдуу, сулуу аялмын.
Мен сүйүүгө жана урматтоого татыктуу айыммын.
Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам.
Мага аял болуп жаралган чоң бакыт.
Ушул жерде азыр мен сүйүктүүмүн жана сүйүүчүмүн.
Келбетим өзүмө жагат.
Эркектер менден назиктикти, көркөмдүктү көрө алышат.
Эң сулуу жан кылып жаратканы үчүн Кудайга ыраазымын.
Мага башка айымдардын дагы сулуулугу жагат жана аларды урматтайм.
Өз жашоомдун кожоюнумун.
Мен өзүмдү сүйөм.
Өз бактым үчүн биринчи кадам жасоого даярмын.



Кош бойлуулар үчүн:

Менин кош бойлуулугум сонун өөрчүп жатат.
Мен өзүмө ишенем жана сабырдуумун.
Күлкү жана кубаныч менен наристемдин ден соолукта жарык дүйнөгө келишине жардамдашам.
Бардык органдарым сак-саламатта жана күчтүү. Төрөткө катышууга даяр.
Дем алуум жеңил жана эркин.
Эч коркунучсуз жатынымдын булчуңдары аба менен азыктандыруучу заттарды ичтеги балама жеткирип жатат.
Менин төрөтүм жеңил жана жакшы өтөт.
Төрөттө куру бекер кыйкырып күчүмдү кетирбешим керек.
Ар бир толгоону сүйүнүп тосуп алуум керек. Себеби баламдын жарык дүйнөгө келишине секунд сайын жакындап жатам.
Мен аман-эсен көз жарып алышыма толук ишенем.



Ден соолукту жакшыртуучу аффирмациялар

Сууга ден соолук үчүн түшүп жатам.
Менин денем күч менен сүйүүнүн храмы.
Өзүмдү аябай жакшы сезем.
Мен таптакыр оорубайм.
Мен ден соолугума мааниси чоң тамактарды гана тандап жейм. Денемдеги ар бир клеткамды жакшы көрөм.
Сак-саламаттагы карылыкка жетким келет. Ошондуктан азыртадан баштап ден соолугума кам көрөм.
Мен ар дайым саламаттыгымды жакшыртуучу жаңы жолдорду издеп келем.
Эгер менин ден соолугума керек болуп жатса жардам суроодон уялбайм.
Ар дайым менин талаптарыма жооп бере турган тажрыйбалуу медицинаны колдонушум керек.
Мен толук кандуу соо адамдардай уктап жатам жана менин денем асыроомду баалай алат.
Айыгуума сөзсүз жол табылат. Мен бүгүндөн баштап бул оорудан кутулам.
Денемдин бардык талаптарына сый-урмат менен мамиле кылам.
Мыкты ден соолукта болуу үчүн жакшы ойлорду гана ойлонуу абзел.
Өз организмиңе болгон камкордук - өзүңдү сүйүүнүн белгиси.
Менин акылымда биринчи орунда ден соолук жашайт.
Менин ден соолугум чың жана зат алмашуу процесси эң мыкты өөрчүгөн.
Күн өткөн сайын улам жакшы болуп баратам.
Мен оорудан кутулдум, толугу менен жашоонун ыргагындамын.
Менин бардык органдарым идеалдуу иштейт.
Ден соолук - бул мага Кудайдын берген белеги. Ар убак аны сакташым керек.
Саламаттыкка эң кыска жол - жан дүйнөнү кубанычтуу ойлор менен толтуруу.



Ызаат Тургунбаева


Цитата

Силерде дагы ушундай аффирмациялар барбы? Колдоносуздарбы? Жыйынтыгы кандай? Бөлүшө кетсеңиздер!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   06 Октябрь 2014 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Кыскача айтканда баарысы ниетке жараша болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   06 Октябрь 2014 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Bar,men ishenem,adam kandai nastroi alsa,(b.a Nurmuhammet aitkandai,nietke jarasha)jashoosu oshondoi bolot.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Umka220190   15 Октябрь 2014 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Кыргыздарда аффирмация өнүгө элек го дейм темага караганда Сүрөт
Мен өзүм колдонбойт экем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   maks93   16 Октябрь 2014 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ойду ондой турган маалымат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Май 2016 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Күндө колдонулуучу аффирмациялар:

1. Мен баарын жакшы жасай алам!
2. Менин жашоомдо баары өз убагында жана баары жакшылыкка болот.
3. Бүгүн менин жашоомдогу эң сонун күн!
4. Мени ар дайым ийгилик коштоп жүрөт.
5. Кандай гана жагдай болгонуна карабай, менде баары жайында болот.
6. Мен өз күчүмө ишенем!
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ereka   09 Май 2016 - 22:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен энергетикасы күчтүү адамдын!! ! Эч кимдин сөзү да, көзү да өтпөйт!! !
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Begai_kg   10 Май 2016 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

1)Мен кучтуумун,эч ким менин маанайымы тушуро албайт!
2) Мен акылдуумун, акылымы жеткирем десем иливой нерсеге жетет!
3) Мен оз кучумо ар дайым ишенем!!
Ушул создорду коп айтам ичимен. Кобу эле озуно низкая самооценка менен карайт экенсин дейт. Озумо ошентип карайм,бирок озуму мактап турбасам болбойт да.
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Mediziner   27 Май 2016 - 22:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Күнүмдүккө керектелүүчү аффирмациялар:
1. Мен жашоонун жакшы тараптарын гана көрө билем!

2. Мен өз ойлорумдун баалуулугуна ишенем!
3. Мен баарына өз убагында жетишем!

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 27 Май 2016 - 23:31

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   zuxrab777   27 Май 2016 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 18:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтө кооз жерде.

Мен чет өлкөгө барып убактылуу иштеп келем,
и удачна барып, удачна иштеп келем, бул ойум ишке ашат, через европа америкага барып иштеп келеериме көзүм да жетет,
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: