Кыздар бадырыңды хрустящий кылып кантип туздайт? Мен мурда туздачу элем азыр унутуп калыпмын, рецептериңер менен бөлүшө кеткилечи сураныч. Огородго эгип алган бадырыңдарым бышып жегени адам жок убал болуп жатат.
Ким кантип туздайт? Бадырың туздоо
#2 25 July 2014 - 21:18
Мен кобунчо бадыранды сатып алгандыктан,
6саат муздак сууга чылап коем. Банканын тубуно хрен жалбырагын,
укроп, л.лист, кара мурч, чеснок салып бадыранды текши тизип алам. Кайнап жаткан сууну жаба куюп капкагын сууганча кое турам. Суусун тогуп 1л банкага 1чон кашык туз, 1ч.л сахар, 1ч.л уксус салып туруп кайнак сууну жаба куюп бекитип коюм. Кышка жеткирбей эле жеп салабыз
#4 27 July 2014 - 23:23
Туздаганга бадыраңды даярдаш үчүн эң биринчи көлөмүнө, анан бадыраңдын үзүлгөнүнө канча күн болгонуна басым коюңуз. Эгер бадыраң эки-үч күн мурда үзүлсө аны муздак сууга 3-6 саатка чылай турсаңыз мурдакы калыбына келет.
Бадыраңды туздаарда банканы өтө буулантып жиберсеңиз бадыраң аз эле убакыттын ичинде атып кетиши мүмкүн. Ошондуктан банканы өз убактысынан ашык бууга кармабаңыз.
Бадыраңды туздаарда банканы өтө буулантып жиберсеңиз бадыраң аз эле убакыттын ичинде атып кетиши мүмкүн. Ошондуктан банканы өз убактысынан ашык бууга кармабаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#7 21 August 2014 - 18:38
Мен бадырандын эки башын кесип,жууп, сууга 4-5 саатка коюп коем. Анан банкаларды стерилизовать этпесе деле болот. Таза жууп туруп эле хрен чоп, тоголок мурч, чеснок, калемпир салып, бадырандарды тизип, 3 ирет кайнак суу менен чайкап, ана 3аш кашык туз, 3 аш кашык сахар, 1 ай кашык 70%дык уксус кошуп кошуп кайнак суу куюп, стерильный крышка менен жаап, жылуу ороп, комкоруп коем. Хрустящий болобу, билбейм. Байкабапмын.
Мага даамы маанилуу...
#8 21 August 2014 - 19:59
Мен да банканы буулабай эле таза жууп бадырынды да таза жууп,укроп калемпир,чеснок кара мурч салып помидор менен аралаштырып бадырынды тизип чыгам анан уч жолу суу куйуп аны тогуп салып,учунчусундо кадимкидей свети озгоро тушот кайнак сууга куйуп анан уч аш кашык туз салып ошол эле кашыктын учуна кичине уксус тамчылатып анан крышканы жаап бекитип ,банканы комкоруп тошок менен ороп коём,жакшы эле болот жылына ушинтем бирок бири да атпаган.
Мен бактылуумуун.
#9 24 August 2014 - 00:06
Рахмат кыздарики, башкадан аракет кылып көрөйүнчү силер айткандай кылып.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#10 24 August 2014 - 17:29
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#11 24 August 2014 - 21:02
Помидорду да банканы стерилизовать этпей эле жаап койсо болобу же болбойбу?
Быть с человеком после его измены-это как пить из грязного бокала.
Вроде пригоден к применению ...а пить из него противно.)
Вроде пригоден к применению ...а пить из него противно.)
#12 01 September 2014 - 01:19
Апам банканы буулабай эле таза жууп туздап коет жакшынакай эле.
(Өзүм жаап көрбөпмүн
)
Банканы буулагандын кандай пайдасы бар?
(Өзүм жаап көрбөпмүн
Банканы буулагандын кандай пайдасы бар?
В каждой шутке есть доля правды...
#13 01 September 2014 - 14:28
Tuzdaganda kainak suu kuigan u4un buulabasa dele bolot, sebebi kainak suu jaman bakteriyalardy olturot.Birok muzdak bankaga kainak suu kuiganda banka jaraka ketip kalat kobun4osu, andai bolbow u4un bir az suu kuiup bankany 4aikap algan on, je bir az buuga koe tursa da jakwy.Badyran tuzdaganda hren jalbyragyn jana karagattyn jalbyrsktaryn 4-5 daana salyp koiso badyran kyrsyldap ozgo4o daamy menen bolot
#15 20 October 2014 - 01:09
Кок помидорду айта кетейинчи, озум абдан жакшы кором. 1 чака кок помидорду жууп тазалап, долька кылып туурайбыз. 200 гр. дан туз, ачуу огонек, чеснок, суу май мн аралыштырып койуп,2 кундон кийин жей берсе болот
#18 21 December 2014 - 07:28
Maida maida badyrandar bolotko tuzdalgan,jesen kars kurs etip,soonunda,owonun syry emnede eken
Адилет
#19 19 June 2015 - 19:20
Мен дагы жогорудагыдай кылып туздайм бирок рассолуна сахар кошом,малосольные,
хрустящие болот.Сахар кошулбаганы кандай болот? жакшы билбейт экем.Быйыл сахар кошпойле койсомбу деп аттым эле.Эми силерге суроо сахар кошулганы жагабы же туз менен уксускале туздалганы жагабы?
#20 26 June 2015 - 18:08
>
эгер туздап жаткан капустаңызга көп туз кошсоңуз, анын ачышы кечеңдейт. Тескерисинче тузу аз болуп калса, анда капуста жумшак, даамсыз болуп калат. Сабизди капустага аябай эле кошконуңуз оң. Анткени ал капустага өзгөчө түс берет.
> туз бат сиңиши үчүн бадыраңдын эки башын кесип коюу керек.
> бадыраң туздаганда уксустун ордуна кызыл карагаттын же анардын ширесин кошсоңуз даамдуу болот.
> эгер туздаган бадыраң атып кетсе, аны төгүп салууга ашыкпаңыз. Анын суусун төгүп, помидордун ширесине укроп, петрушка, сарымсак, жарым чай кашык лимон кислотасын кошуп кайнатып, муздатып, үстүнө куюп жаап койсоңуз болот.
> бадыраңдын үстүнө 2-3 помидорду терип жапсаңыз, ал атылып кетүүдөн сактайт.
> банканы бууга кармагыңыз келбесе, анда анын ичин чалкандын сабагы менен сүртүп коюңуз. Бул ыкма салаттын көпкө сакталышын камсыздайт.
> даярдаган салатыңыз атып кетпесин десеңиз, жуугандан соң банканын ичин арак менен бир сыйра чайкап алганыңыз оң.
> темир капкакты 3 мүнөттөн ашык кайнатпоо керек. Андан ашык кайнатсаңыз, ичиндеги резинкасы жумшарып, жакшы бекилбей калат.
> салаттардын үстүнө малдын ич майын эритип куюп жапсаңыз, ал тоңуп аба өткөрбөйт.
> көк чөптөрдү туурап, муздаткычка тоңдуруп, кышкысын колдонсоңуз болот.
> банка жапкычты колдонуп бүткөн соң жууп-тазалап, вазелин менен майлап койсоңуз, сизге узакка кызмат кылары талашсыз.

Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео