«Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер». Адатта, кымыз көпчүлүктүн көңүлү тушкен элдик суусундук. Ал жердин чобу катары бааланат. Бул тамакты меймандос калкыбыз ичсин, суусуну кансын, каны толсун өңдүү маанайда келбери, жайыл дасторкон келишет. Желе турган айылга, конушка түшпөй өтүү элибиз үчүн эрээн-төрөөн.
Каалашынча ичип, канжыгасындагы кол чаначка байлана кетүү – өзүбүзгө таандык меймандостук.
Ушундан улам «кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер» -деген туюнтма бар. Кыз бой тартып бешкөкүл болгондон тартып, кабарын угуп, коруп-билишке жолдош-жоролорунан алып, үйлөнүүчү жигиттер айыл аралайт. Кыз көрүүгө атайын аттанып чыгышат. Жактырган кыздарына ата-энелери,
ага-туугандары жуучу тушот. Куда болуучулары ниеттери топ келсе, макулдашат.
Үйлөнүү, үлпөт куруу шарты белгиленет… Макалдын кыскача маани-жайы мына ушундай…
Таасирлүү макалдар жана сөздөр.
#102 22 October 2014 - 14:16
«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун». 1. Касапчы – малды, анды, кайберенди,
деле, жан-жаныбарды союунун чебери. Бул макал етмо мааниде айтылууда. Мисалы, колдогу малды союуда, мууздоо.
терисин сыйруу, мүчөгө ажыратуу, бузуу, жиликтөө, устукандоо өңдүү жолдору бар. Мында соз кыябы ошол ыкмаларды ирээттуу, таза, нарк-туу, бири-бирине ооштурбай аткаруу жөнүндө болуп отурат.
2. Деле бети келген ишти так, топ, даана, мандай жара абийирдүү, адилеттүү майын чыгара аткарган адамдарга карата да айтылат.
терисин сыйруу, мүчөгө ажыратуу, бузуу, жиликтөө, устукандоо өңдүү жолдору бар. Мында соз кыябы ошол ыкмаларды ирээттуу, таза, нарк-туу, бири-бирине ооштурбай аткаруу жөнүндө болуп отурат.
2. Деле бети келген ишти так, топ, даана, мандай жара абийирдүү, адилеттүү майын чыгара аткарган адамдарга карата да айтылат.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#103 22 October 2014 - 14:17
«Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят». Кыргыздарда «чоң үй, кичине үй» деп, илгери тууган ичинде сакалдуусуна,
башкаруусуна,
байлыгына карата, ж.б. бөтөнчөлүктөрүнө карата боло айтып, ошого карата ызаатташа, сыйлаша турган. Ошол чоң үйдүн ээси уруунун же бир атанын балдарынын башчысы катары бааланган. Андан ыйбаа кылуучу. Мындай айтуу – макалды туз мааниде түшүндүрүү.
Ал эми өтмө маанисинде колдоп келүүчү кошоматчылыкка,
жасакерчиликке,
жагынуулукка барып такалат.
Анын өзү эмес көлөкөсүнө жалбаруу сымал кытмыр ойду туюндурат.
Анын өзү эмес көлөкөсүнө жалбаруу сымал кытмыр ойду туюндурат.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#104 22 October 2014 - 14:18
«Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт». Адатта, иттер сакчы, короочу келет. Дабышты угат.караанды көрөт, же көрбөйт. Ошондой башка иттердин үндөрүн уккан, же корген учуру бар. Көргөндөй, уккандай үрүшөт. Макалдагы максат – ушакчылардын,
чагымчылардын,
куйтулардын,
бузукулардын жүрүм-турумдарын өтмө мааниде бетин ача туюндуруу. Бирое бирдемени угат, бироо бирдемени керот, айрымдар укпаса да уккандай, көрбөсө да коргондей, башкаларга жеткизет. Ич-ара ой-пикир тузет. Кунарсыз ишеним пайда кылат. Мына ошол кырдаалды үрүп жүргөн итке салыштырып,
байланыштырып жатабыз.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#107 21 February 2016 - 15:22
Эски терме санаттар.
Жашында оку илимге,
Жакуттай козун ачылат.
Ынтымак болсо бир тууган,
Башкалар кантип батынат.
Алганы жаман чыкканда,
Азамат жигит пас болот.
Амандашаар тууганын,
Алыска кетип жат болот.
Коргондун корку коо болот,
Жаман менен достошсон,
Акыры тубу доо болот.
Башынан арбак ургандын,
Аркасында чуу болот.
Ынтымагын бар болсо,
Душман да сага эл болот.
Жашында оку илимге,
Жакуттай козун ачылат.
Ынтымак болсо бир тууган,
Башкалар кантип батынат.
Алганы жаман чыкканда,
Азамат жигит пас болот.
Амандашаар тууганын,
Алыска кетип жат болот.
Коргондун корку коо болот,
Жаман менен достошсон,
Акыры тубу доо болот.
Башынан арбак ургандын,
Аркасында чуу болот.
Ынтымагын бар болсо,
Душман да сага эл болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео











