Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • 97
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1881 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Орусияда өз денесине залал келтирип нааразылык акциясына чыгып жүргөн сүрөтчү бул жолу кулагын кесип салды.

Өз денесине зыян келтирүү менен Орусиянын саясатына, коомдогу окуяларына карата нааразылыгын билдирип келген петербургдук сүрөтчү Пётр Павленский бул жолу кулагынын асты жагын кесип салды.

Ал бүт кийимин чечип, Сербский атындагы Социалдык жана соттук психиатрия илимий борборунун чатырына чыгып кулагын кесип жатканын онго жакын адам карап турган. Кансыраган сүрөтчүнү полиция кызматкерлери ооруканага жеткиришкен. Бул тууралуу 19-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жыл башында Павленский досу менен Украинадагы Майданды колдоп, Петербургда акция өткөрүшкөн. Ошондой эле ал өткөн жылы Кызыл аянтка жылаңач чыгып, жыныс мүчөсүн жерге кагып салган. Мындан сырткары тикенектүү темир торго дагы жылаңач жатып, оозун тигип коомдук кырдаалга көз карашын билдирген. Ал жогорудагы аракеттери менен орус эли учурдагы абалына өзү күнөөлүү экенин жарыялап келет.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1882 Пользователь офлайн   Patrik   21 Октябрь 2014 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Айланайыыын аркасын да тигип албаптыр да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1883 Пользователь офлайн   Patrik   21 Октябрь 2014 - 21:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Айланайыыын аркасын да тигип албаптыр да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1884 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 23:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


ДҮЙНӨДӨГҮ ЖАШ МИЛЛИОНЕРЛЕР.

Главные вкладки
Сүрөт Бизде калыптанып калган көз-караш боюнча миллиондоп акча тапкандардын баары байдын тукуму. Бирок кедей үй-бүлөдө чоңойгону үчүн тынымсыз эмгекке көнүп, акчаны туура колдонууну адат кылган зирек жана тапкыч жаш миллионерлер да бар. Жоктон баштап аракет кылып олтуруп, баарын бар кылууга жетишкен жаш миллионерлердин ишинен үлгү алсак да болот.

Эң жаш ишкер Райан Росс.

Бул эң жаш ишкердин уюштурган иштерине ишенбешиңиз мүмкүн. Бирок бул болгон окуя. Жаш миллионер Райан Росс өзүнүн бизнесин 3 жашында тоокторунун жумурткасын сатуудан баштаган. Ал кезде анын 60 тан ашуун тоогу болгон. Бир күндө 60 ка жакын жумуртка алып, 12 даанасын 3 доллардан сатып олтуруп, бир күндө 15 доллар таап койчу экен. Ошондо кичинекей жумушчу бир айда 450 доллар киреше таап турган. Райан Росс эс тарткан сайын ал акчаны андан да көбөйтүүнү гана ойлогон. Кийин ал тапкан кирешени жок кылбай, жашыл чөп эгилген аянттардын чөптөрүн тегиздөө кызматын ачып, ага жумушчуларды тарткан. Ал чөптөрдү тегиздөө саатына 20 доллар деп бааланган. Ага макул болгон үй ээсине кызматчыларын жөнөтүп, жумушчулары тапкан 20 доллардын 15 долларын кызматчыга берип, 5 долларын өзүнө калтырган. Райан Росстун ойлоп тапкан дагы бир кызматы жашыл чөп эгилген аянттарды сугаруу болгон. Бул кызматтын жалпы баасын 200 долларга баалап, жумушчусуна тапкан акчанын тең жарымын берген. Акыры ал ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү 6 мекеме ачкан. Учурда сегиз жаштагы Райан Росс жетектеген ишканалардын бир айда тапкан кирешеси 900 000 долларды түзөт.
Сүрөт


8 долларын миллион долларга айланткан Эшли Кволс.

АКШнын Детройт шаарында жарды үй-бүлөдө төрөлгөн Эшли Кволс өз теңдүүлөрүнөн башкача сүрөттөрдү тартканды жакшы көргөн. Ал социалдык түйүндөрдө олтурган досторунан өзгөчөлөнүүнү каалап апасынан 8 доллар алып, өзүнүн жеке сайтын ачтыруу үчүн персоналдык доменди сатып алат. 14 жаштагы Эшли Кволс социалдык түйүндөрдү кооздоочу өзү иштеп чыккан ар кандай шаблондорун сайтына коёт. Мындан тышкары ар кандай жарнамаларды сайтына жарыялап олтуруп, анын сайты керектүү маалымат алуучу сайттардын катарын толуктайт. Натыйжада Эшли Кволстун сайтына бир күндө миллиондон ашык адам кирип турган. Ал сайттан түшкөн жарнамадан эле бир жылда, тактап айтканда, 2007-жылдын аягында өзүнүн биринчи миллион долларын тапкан.

Сүрөт


“Джем королу” - Фрейзер Доэрти.

“Джем королу” деген ат менен таанылган шотландиялык Фрейзер Доэрти да жаш миллионерлердин катарын толуктайт. Ал өзүнүн бизнесин чоң апасынын ашканасынан баштаган. Бир күнү үйдө жалгыз калган Фрейзер Доэрти ашкананын каалгасын катуу бекитип, чоң апасынын муздаткычындагы колуна тийген мөмө-жемиштердин баарынан кыямдын ар кандай түрлөрүн жасап көргөн. Фрейзер Доэрти жасаган кыямдарынын баарын өлчөп, чакан банкаларга салып кошуналарына саткан. Түшкөн каражатка ишти улантуу үчүн «Бренд Superjam» деп жаздырып, керектүү жерлерди ижарага алып иштете баштаган. «Бренд Superjam» аталган кыямдар элге жагып, суроо-талап күчөй баштаганда шаардагы чоң-чоң супермаркеттер Фрейзер Доэрти менен келишим түзүп иштөөгө киришишкен. Жыйынтыгында жаш ишкер Фрейзер биринчи миллионун 14 жашында тапкан. 12 жашында мейманкана ачкан Даниил Мишин.

Сүрөт 20 жаштагы Даниил Мишин кичинесинен эле алып-сатууга жөндөмдүү болгондуктан мектепте окуп жүргөндө базардан арзан баада таттууларды алып келип, үстүнө 2-3 рубль кошуп, классташтарына сатып акча таап жүргөн. Ал эми 12 жашында ал чоң апасынын үйүнө кичи мейманкана ачып, чет мамлекеттен келген туристтерди кабыл алып, ошондой эле аларга котормочулук кылып киреше таап баштаган. Тапкан акчасын жол кире кылып, Берлинге барып ал жакта арзан, бирок ылайыктуу кичи мейманканага түнөйт. Ошол мейманканага түнөгөн түнү ага “эмне үчүн бул бизнести ишке ашырып акча табууга болбойт?” - деген ой келет. Орусияга кайтып келгенден кийин ата-энесинен ага мурас калган үйдү сатып, өзүнүн чогулткан акчаларын кошуп, Севастополдон эки бөлмөлүү чакан кичи мейманкана ачат. Мейманкананы жаңы ачкан мезгилде жумушчуга бере турган акчаны кийинки мейманкананын курулушуна жумшап, кароолчунун, менеджердин, үй жыйнагычтын ишин өзү аткарып жүргөн. Мейманканадан түшкөн каражатты топтоп, улам жаңысын ача берип учурда Москванын 240 жеринде кичи мейманканасы бар. Даниил мейманканасынын атын “Bear Hostels” деп атап койгон. Эң кызыгы Даниил ачкан мейманканалардын башка мейманканалардан айырмасы эки эсе арзан, студенттик жатакана сыяктуу бир бөлмөдө 5-6 киши жашайт жана интернеттен баштап бардык жакшы шарттары бар. Учурда ал Орусиядагы жаш миллионерлердин алдыңкы катарында турат.
Сүрөт Козу карындын жардамы менен байыган Яну.

Кичинесинен атасы менен Хьюстондун чет жакаларына чыгып трюфель терип жүргөн Яну терген козу карындарын жергиликтүү чоң-чоң кафе-ресторандарга алып келип сатууну ойлонот. 15 жашынан баштап чанда кезигүүчү трюфелдердин түрлөрүн терип ресторандарга килограммын 12 доллардан сатып бизнес жүргүзүп баштайт. Натыйжада 18 жашында АКШда биринчилерден болуп Арканзас кыштагында өзгөчө трюфель өстүргөн питомникти салдырат. Учурда Яну Пуркаястхе жетектеген ишкана жылына бир жарым тонна трюфель өндүрөт. 18 жаштагы жаш бизнесмен АКШдагы эң кыйын деген 3-5 жылдыздуу ресторандар менен келишим түзүп иштегенге жетишкен. Бизнесин жаңы баштаган жылдары киллограммын 12 доллардан саткан трюфелди эми киллограммын 4 миң долларга чейин сатат. Учурда Яну Пуркаястхенин бир айлык кирешеси миллион долларды түзөт.
Сүрөт




Амалкөй Джейсон Брайан.

Джейсон Брайан 18 жашында эле авто унааларды саткан дүйнөлүк түйүн компаниясын негиздеген. Ал үчүн атайын «Autocricket.com» сайтын ачып өзү маркетолог катары эмгектенген. Джейсон Брайан амалкөй болгондуктан сатыла турган унаанын баасын өзүнүн баасында, бирок эч кандай кошумча акча кошпой туруп бир жарым эсеге кымбат сатуунун ыкмасын ойлоп тапкан. Бул ыкманы ишке ашыруу үчүн ал эки тарапта бирдей иштеген. Унаа сатып ала тургандарга унаа сатуучу компанияны көрсөтүп, ал эми унаа сатып кызмат көрсөткөндөргө кардар тууралуу маалымат топтоп, топтогон маалыматтарын аларга сатып турган. 18 жаштагы жаш маркетолог компаниясына 2009-жылы 1,2 миллион доллар киреше киргизген болсо, 2010-жылы 6 миллион доллар тапкан.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1885 Пользователь офлайн   MACKA   22 Октябрь 2014 - 19:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Швецияда жарандар төлөмдөрдү эми "алаканы" аркылуу төлөшөт.

Швециянын жарандары эми төлөмдөрдү алаканындагы атайын системанын жардамында төлөп көрүшмөкчү. Негиздөөчүлөрдүн пикиринде бул ыкма тоноочулукка жана алдамчылыкка тоскоол болушу ыктымал. Атуулдардын венасын алаканынан сканирлөөдөн кийин алар төлөмдөрдү алаканындагы баскычтар аркылуу баскылап, жүргүзө алышат. Учурда 1000 ден ашык адам сыноо стадиясына жазылды - деп маалымдашат, маалымат булактары. Ошондой эле бул ыкма өлкөдөгү 15 тен ашык дүкөн жана ресторандарга жайгаштырылган.

Адамдын алакан тарабынан өтүүчү вена тамыры ар бир кишиде индивидуалдуу. Ошол себепке таянуу менен негиздөөчүлөр тоноочулардын эч бир "шансы" калбады деген пикирде. Алардын айтымында, бул ыкма кийинчерээк дүйнө боюнча ишке салынуусу мүмкүн.

Алаканы менен төлөм кылгысы келген адам ресторан же дүкөндөн 3 жолу венасын сканирлөөсү керек. Андан кийин андан телефон номери такталып, активдештирүү сунушун жеткирүүчү билдирүү түз эле телефон номерге келип түшөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1886 Пользователь офлайн   MACKA   22 Октябрь 2014 - 19:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкектин борбордук көчөлөрү бир багыттуу болот.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү башкармалыгы шаардын борбордук көчөлөрүндө бир багыттуу жол кыймылынын схемасын иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте авто тыгындар көп катталууда. Буга жылдан-жылга Бишкекте унаалардын саны өсүп жаткандыгы себеп болууда. Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрү батыш багытын көздөй, Москва жана Киев көчөлөрү чыгыш тарапты көздөй бир багыттуу болот. Мындан тышкары, түндүк-түштүк багытындагы көчөлөрдү да бир багыттуу кылуу сунушталууда. Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жол кыймылын бир багыттуу кылуу менен бир нече көйгөйлөр чечилээрин билдирүүдө. Биринчиден, жол кыймылындагы кырсыктар, кагылышуулар азаят. Экинчиден, көчөлөрдөгү өткөзүү жөндөмдүүлүгү кеңейет, транспорттук жолдордогу кармоолор азаят. Үчүнчүдөн, унаа кыймылынын ылдамдыгы көтөрүлөт жана каршы кыймылдын жоктугунан кечигүүлөр, кармоолор азаят.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1887 Пользователь офлайн   MACKA   22 Октябрь 2014 - 19:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1888 Пользователь офлайн   Patrik   22 Октябрь 2014 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Кудай сакта жем берип эле саай бериш керек го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1889 Пользователь офлайн   XURREM.   22 Октябрь 2014 - 20:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 08 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Июн 2016 23:18

Кудайым аай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1890 Пользователь офлайн   MACKA   22 Октябрь 2014 - 20:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Patrik (22 Октябрь 2014 - 20:32) жазган:

Кудай сакта жем берип эле саай бериш керек го...

Күлдүрөт экенсиң да! Сүрөт



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1891 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   22 Октябрь 2014 - 20:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Шумдугун кургур десе саасан кеминде 10 литрден кем чыкпаса керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1892 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   22 Октябрь 2014 - 20:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Шумдугун кургур десе саасан кеминде 10 литрден кем чыкпаса керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1893 Пользователь офлайн   DaRhaN.   23 Октябрь 2014 - 08:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Кантип чонойтуптур а?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1894 Пользователь офлайн   Dadin1   23 Октябрь 2014 - 12:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения DaRhaN. (23 Октябрь 2014 - 08:56) жазган:

Кантип чонойтуптур а?



Силикон салып чонойтушат. Бул восктон жасалган адамго..

Билдирүүнү түзөткөн: Dadin1: 23 Октябрь 2014 - 12:14

Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1895 Пользователь офлайн   MACKA   23 Октябрь 2014 - 12:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Курма спорт залдагы машыгуулардын ордун толуктап берет.

Грузиялык окумуштуулардын айтымында, бул мөмө-жемиш физикалык көнүгүүлөрсүз жана диетасыз адамдын арыкташына жардам берет. Болгону күнүнө бир курма жесеңиз, сиз 3-5 килограммдан арыла аласыз. Мөмөдөгү заттар адам майын жок кылууга жардам берет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1896 Пользователь офлайн   MACKA   23 Октябрь 2014 - 12:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Диетологдор газдалган суу ичкен адам аны сиңирүү үчүн канча чуркаш керек экендигин айтышты.

Таттуу газдалган суусундук сиздин рационго 300-600 калорий кошот. Тактап айтканда, анын көлөмү 10-25 пайызга жогорулайт. Эгер ашыкча калорийден арылууну кааласаңыз күнүгө эң аз дегенде 1 саат сууга сүзүп же 7-8 километр чуркоо зарыл.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1897 Пользователь офлайн   MACKA   23 Октябрь 2014 - 12:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

30 жылдан кийин айдоочу кесиби жоголот.

Эксперттер жакынкы ондогон жылдары унааларга автономдук башкаруу системасы массалык түрдө киргизилет деп айтышууда. Анын аркасында дүйнөдө машинелердин жарымы айдоочу жок эле жүрө алат. Ал эми жарым автономдуу башкаруу менен унааларды чыгаруу убадасын азыртан эле Audi, Mercedes-Benz, Cadillac жана Tesla компаниялары берди.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1898 Пользователь офлайн   MACKA   23 Октябрь 2014 - 12:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Француздар электрэнергияга акча төлөбөш үчүн атайын кир кийимдерди кийүүгө даяр.

Мындай жыйынтыкка француз "коомдук пикир" институтунун адистери келишти. Ага ылайык, "электрэнергияны жылуулук катары азыраак колдонуу үчүн эмне кыласыңар?" - деген суроого, төртөн үч бөлүгү үйдүн ичинде калың кийим менен жүрүшөт. Бештен бир бөлүгү шам жагышса, 16 пайызы үйлөрүндө тумак кийип жүрүшөт. Электрэнергияга эсепти кыскартууга умтулгандар кир жуучу машинени сейрек иштетип, кир кийимчен жүрүүгө даяр, - дешет адистер.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1899 Пользователь офлайн   Patrik   23 Октябрь 2014 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Шумдуук кызыксыз болуо калат го машина озу эле кете берсе... Илим техниканын онугушу жумушсуздука судуроп баратат го чиркин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1900 Пользователь офлайн   Dadin1   23 Октябрь 2014 - 13:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения MACKA (23 Октябрь 2014 - 12:32) жазган:

Француздар электрэнергияга акча төлөбөш үчүн атайын кир кийимдерди кийүүгө даяр.

Мындай жыйынтыкка француз "коомдук пикир" институтунун адистери келишти. Ага ылайык, "электрэнергияны жылуулук катары азыраак колдонуу үчүн эмне кыласыңар?" - деген суроого, төртөн үч бөлүгү үйдүн ичинде калың кийим менен жүрүшөт. Бештен бир бөлүгү шам жагышса, 16 пайызы үйлөрүндө тумак кийип жүрүшөт. Электрэнергияга эсепти кыскартууга умтулгандар кир жуучу машинени сейрек иштетип, кир кийимчен жүрүүгө даяр, - дешет адистер.

Сүрөт


Шумдугун кургур,анда Европа илгерки кылымдарга кетип калатко, бардыгы чекеден сассып.

Билдирүүнү түзөткөн: Dadin1: 23 Октябрь 2014 - 13:21

Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • 97
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 05:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: