Адам баласы оз конулу жактырган адам менен бир келген жашоосунда омур суруусуно эмне жетсин.Мен дайыма ошондой коз карашта болуп келгем,ошондуктан ата-энемдин каршылыгына карабай озум тандап,суйуп жургон кызга баш коштум.Ал дагы жашоонун баардык ачуу-таттуусун мени менен бирге татууга макул болду.Экообуздун суйуубуз эч бир тоскоолдукка карабай бир уй-булого айланууга алып келип,ошону менен баарын жендик деп ойлогом.Бирок баары эле мен ойлогондой болгон жок.........
Менин эки эжем,бир карындашым бар,бир уйдун жалгыз уулумун.Ошондуктан ата-энем,озгочо апам мага озу каалаган кызды алып бергиси келип журду.Эгерде алар тандаган кызга менде бир аз да болсо сезим ойгонгон болсо макул болот белем,бирок кымындай да сезимдин учкунун жандыра алган жокмун.Алыс кетпей эле таэжесинин кызын сунуштап,анын жакшы кыз экенин,колунан келбеген иш жок экенин,кыскасы ага уйлонсом менден артык бул жашоодо бактылуу адам болбой турганын кулагыма куя берди.Ал кызды таанымуну,ошондуктан аны жашоодогу омур улаар жарым катары коро алган жокмун.Эки эжем да апамндын созун суйлошуп,бир чон уй-булодо кичинекей болсода карындашым гана мага таяныч болду.Апам менин конулумдун бары-жогуна карабай,таежесине кызын келин кылып алаарын айтып,кулактарын бышырып бутуп коюптур.Алардын мындай чечимине башында эле каршы болгон болчумун.Озум окуган окуу жайдагы бир кызды жактыраарымды,
ал экообуздун ортобузда улуу суйуу бар экенин ачык айта албай жургом,бирок бир куну капыстан менин уйлонуум тууралуу соз болгон учурда айттым.Ата-энем так секирип,аларды уят кылаарымды,
таежесинин кызын ала турганымды ,болбосо балалыктан кечип кетээрине чейин айтып,апам ыйлап да алды.Мен дагы озумдукун бербей койдум.Ошону менен соз аягына чыгып,бир жыйынтыкка келбеген бойдон токтогон.Бир куну сабактан келсем уйдогулор бир жакка камынып жатышыптыр,
буга чейин мага эч нерсе айтышкан эмес.Мени кутуп жатышканын айтып,шаштырып калышты.Каякка бараарын айтышканда чалкаман кеттим.Оздору каалаган кызга сойко салганы кетип жатышкан экен."Баары бир ал кызга уйлонбойм.мен да адаммын го,озум каалаган адам менен омур сургум келет,тушуносунорбу ушуну?!"
десем угаар турлору жок.Сойко салып койсок уйлонбой кайда бармак эле дештиби,мени барбаганыма карабай оздору кетип калышты.Менде да аларга болгон эрегишуунун каны ойноп,эмнеси болсо да озум суйгон кызга баш кошом деген чечимди кабыл алдым.Туну менен атам жактагы,апам жактагы жакын адамдардын баарын эртеси кункуго уйго чакырып,уйлоно турганымды жар салып койдум.Баары кубанып жатыштай.Алар тигил жакта оздору жактырган кызга сойко салып чардап жатышканда мен озумчо эртеси кункуго той уюштуруп,мунум туура,же туура эмес чечим экенине башым жетпесе да баштаган жолдон кайра артка тарткан жокмун.
Ата-энем каалаган кызга үйлөнбөгөнүм үчүн балалуу боло албай калдыкпы? Эч кимге айтылбаган сыр.
#1 25 October 2014 - 12:40
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 25 October 2014 - 13:11
Суйгонум Алтынайга да айтпадым,ала качып кетем деген чечимге келгем.Эгерде эртен мен аны алып келип калган учурда туугандардын баары уйдо жыйналып турушса апамдар эч нерсе кыла алышпай калмак.Кантип алып босогосун аттаган келинине жоолук салбай койсун,абысындарынан уялмак,созго калгандан коркоорун мен жакшы билем.Алар тун ичинде келишти,экоонун тен маанайлары жакшы экенин,таежеси кызын биздей уй-булого берерине аябай кубанып жатканын алардын суйлошкон создорунон билип,жаткан болмомон сыртка чыккан да жокмун.Бир айдан кийин уйлонтмок болуп жатышты/Ичимен кором силерди деп коем.Тан атаары менен туруп кетип калдым.Эки-уч досумду чакырып,туштон кийинкиге Алтынай менен жолугушууну белгиледим.
Карындашыма билмексен болуп телефон чалсам туугандар келип жатканын,апам мени издеп жатканын айтты эле кайра телефонумду шак очуруп салдым.Кечке маал Алтынайды машинага салдык дагы озумо да белгисиз келечек турмушка чон кадам жасап уйду карай жоноп калдык.Алтынай алгач каршы болду,бирок суйушуп жургонубуз чын болгон сон менин чечимиме кантип каршы тура алмак эле.Атайын кочону аралап машинанын сигналын берип чыктык,бул дагы болсо апамдын намысын ого бетер ойготууга болгон менин планым болчу.Уйго барганыбызда эле женелерим чуркап чыгышты,машинадан тушуп биринчи издеген адамым апам болду.Ал корунгон жок,Алтынайды уйго киргизип кетишти,чогулган туугандарым мени куттуктап жатышты.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#9 25 October 2014 - 13:52
Фейжи Алтынай сиз эмесизби, жолдошунуздун дили менен жазылгандай кабыл алдым алгач окугандале.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#13 25 October 2014 - 14:10
Автордун шаштырбай туралы эми. Убактысы болоор замат жазып калаар. Анын үстүнө КРдагы интернетти билебиз да кандай экенин.
Дегеним менен чыдамым кетип күтүп жатам мен да

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#14 25 October 2014 - 14:11
Атамдын бир тууганы кой ала келген экен,аны союп,айтор той шааниси башталып кетти.Келинди отургузушкандан кийин бир топ убакыт откон сон козу тоодой шишиген,кабагы карыш салынган апам мени уйдун арт жагына чакырып калды.Менин конулум тынчыган,суйгонум уйго кирди,мага мындан башка эмнени кереги бар эле.Барсам:
-Бул кылган ишин ата-энендин башын аттагандык болуп калды.Мен эми таежемдин бетин кантип карайм.Кечээ барып сойко салып келип бугун башканы уйго киргизип жоолук салганымды алар эмне деп тушунот.Мени олтурбодунбу! -деди.
-Башында эле мен ал кызга уйлонбойм деп айтпадым беле.
-Озунду озун билип калыпсын,элди болсо алдын ала чакырып,бизге бир ооз айткан жоксун,ушунун жакшы ишпи,ойлонсон?
-Баары бир макул болбойт болчусунар да.
-Эми мынабу озун тандаган аялын мага чыдаса жашайт,чыдай албаса жолу ачык,ушуну билип кой.
-Чыдайт,эгерле чыдаганына карабай силер атайлап туура эмес мамиле жасасанар мен дагы кошо кетем,-дедим да апамдын андан аркы созун укпай басып кетип калдым.Атам да,апам да эч кимге сыр бербей,келген конокторду сыйлап жатышты,бирок экоондо тен уйумо келин кирди деген озгочо кубаныч болбогонун байкап жаттым.
Алтынай мен куткондой эле жакшы жар,жакшы келин болуп чыкты.Тазалыгы, улуу-кичууго болгон сыйы,тамакты даамдап жасаганы,баарын орду менен кылганы апамдын кемчилик тапсам деген оюн женип кетип жатты.Келин коруп келгендер Алтынайды мактап,мындай келин туш болгон апамдын бактылуу экенин айтып кетишкен сайын кабагы карыш тушот.Менин руксатсыз уйлонуп алганыма таянып кудаларынын астына тушуп барганды улам артка жылдырып жатышты.Мен дагы унчуккан жокмун.Бир куну туугандарыбыздын бири келип чай устундо отуруп:
Кудаларынарга качан барасынар.Эл соз кылып жатат,колунда жок болсо да бир жон,же катар-катар келин алгыдай эки-уч уулу болсочу,бир келин алып ошонусуна бара албай жатышат деп.Менден сурашат,мен кайдан билейин дедим
Озунордон угайынчы деп келдим,-деди эле бул соз мага майдай жага тушту.Апам ото намыской жан эле,дароо атамды бир карады да:
-Кийинки жумага деп пландап жатканбыз.Улам келген-кеткен киши менен алаксып жатып артка жылып калды,-деди. Ошентип создон качып отуруп кудаларына да барып келишти.Дагы бир куну жумуштар менен сыртка чыгып келсем уйдо апамдын чанкылдаган уну жанырып жатыптыр.Эмне болуп кетти деп шашылып ичкери кирсем мандайына Алтынайды отургузуп алып кыйкырып жатыптыр:
-Баламдын башын имерип тийип алганын учун ушинтип кудалашкан адамдардын алданда шагым сынып олтурат.Кордун го,укпаган созду уктум,ушунун баары сенин айынан!-деди. Мени коруп токтоп калды.Алтынайдын козунон куюлган жашты кордум,ал менин кирип келгенимди байкаар менен тескери карап жашын суртуп,мени карап жылмайып билмексенге салып "чай коюп келейинчи" деп чыгып кетти.Таежеси келгенин,апам менен урушуп кеткенин айттырбай тушундум.
-Апа уктум созунузду,Алтынай эч кандай менин башымды имерип алган жок,мен аны суйуп алакачып алдым.Анын эч кандай куноосу жок,куноо менин тандоомо баш ийбей оз билемдик кылып барып сойко салып келе койгон силерде.Ушуну качан тушуносунор. Алтынай силерге жаман келин болуп берип жатса ачык айткыла,эмнеси жакпайт?-деди. Апам унчукпай туруп калды.Алтынай кирип келе жаткандыктан мен аркы болмого кирип кеттим.Ошол эле куну эки эжем жетип келиптир.Аялына болушуп мени менен урушуп жатат деп апам айткан экен,дароо мени ортого алганы келишиптир. Экоо эки жагыман чыгып,Алтынайды дагы жемелеп,айтор ызы-чуу салышты.Ал бир ооз суйлобой,куноосу жок жерден кайнежелеринин таландысына калса да башын томон салган бойдон бир ооз суйлогон жок.Баш кошконубузга бир ай боло элегинде ушинтип жатышат,булар бизди жашатпайт окшойт,уйдон чыгып кетели деген чечимге келип аны колунан жетелесем:
-Сени ата-энен балам уйлонгондо уйдон кетип калсын деп чонойтуптурбу. Эртен эле сенин башына ушундай кун келет.Булардыкы да туура.Бироого сойко салып коюшса,ал кыздын энеси келип"биздин эл караган бетибизди жер караттынар, кызын чанып аял алып алыптыр деген созго калдык" деп сойкону ыргытып алып кетип калса буларга оор тиет да.Мунун баары утурумдук корунуш,коросун баары жакшы болот,-дебеспи. Баарыбыздын оозубуздан созубуз тушуп калды.Башка аял болсо,буркан- шаркан тушуп ыйламак.Апамды эсине келтирген да ушул соз болду корунот,дароо жибий тушуп,Алтынайды кучактап опту.Биз ошентип ата-энебизди жендик,менин ата-энеге болгон урматтоом кучоду.Турмушубуз жакшы уланганы менен бир гана оксук беш жылдан бери наристе жытын жыттай албай келебиз.Боюнда болуп,кайра эле тушуп калып жатат.Дарыланып да корду,бирок болбой жатат.Апам кайсы куну торобогон аялды эмне кыласын деп айтабы деп коркчумун,бирок озу баш болуп дарыгерлерге чуркап журот.Эми менин журогумду оорутуп,сыртка чыгара албаган дагы бир жашыруун сыр бар,аны жакында билдим,бирок эч кимге айта албай келем.Мага аны карындашым айтты.Биз уйлонгон учурда тороп калса балага байланып балам жашап калбасын,андан коро торобой ажырашып кетишсин деп апам барып бироого дуба окутуп койгон экен.Алтынай билип калса эмне болмок,тынч жашообузга булук тушмок го.Балким ал дубанын кучу кайтып,апам эми бир кайра аман-эсен торой турган бир нерсе жасаар деп кутуп журом.

#17 25 October 2014 - 14:36
Бир тууганым бул Аллаxтын бизге берген сыносу. баардыгына САБР кылыш керек!!!
#19 25 October 2014 - 14:45
Кечээ жакында эле бул чыгарманы кайсы бир газета бетинен окудум эле, мунун авторго кыпындай тиешеси жок менимче
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#20 25 October 2014 - 14:51
Фейжи айымдын бул чыгармага тиешеси барбы?
Ушул чыгарманы окуганда,байкап турсам 99%ти менин жашоомдон алынгандай туюлду,ошого аз-маз тиешем бар экен деп калдым.
Болгону буларга 5 жыл,мага 2жылдан отту.Бирок баары менин турмушума дал келет.Ала качуусу,каршы болушу,таежесинин кызы......деги койчу баары менин башыман отту,аябай окшош.Ар бир жазылган нерсе башыбыздан откон.Бул каармандар биз куйоом экообуз десем жанылышпайм.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

Супер-Инфо
super.kg
видео