Суперстан: АКШ лидерликтен түшсө, ордун ким ээлейт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

АКШ лидерликтен түшсө, ордун ким ээлейт?

#1 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Британиябы? Ал 2-дүйнөлүк согуштан алсырап чыкты. Америка согуштан кийин Британияны кандайдыр бир деңгээлде шерик кылып алды. М: аны менен бирге БУУ жана Коопсуздук Кеңешине негиз салды, аны эл аралык конференцияларда шерик кылды. Бирок, Британия Американы эл аралык майданда күчсүздөнтүү үчүн тузакка түшүрүүгө аракет кылган соң, АКШ 1961-жылы СССР менен келишип алды. Натыйжада, Британиянын таасири абдан кыскарып кетти. Жада калса, Британия – эгер Шотландия жана Түндүк Ирландия андан бөлүнүп чыга турган болсо – кулоо коркунучу астында турат. Демек, Британиянын бул боштукту толтурушу кыйын.

Билдирүүнү түзөткөн: Neizvestnyi.: 25 Октябрь 2014 - 20:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:32

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Франциябы? Франциянын таасири да Түштүк-Чыгыш Азия, Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африкадагы көптөгөн колонияларын тарттырып жибергенден кийин кыскарып кетти. Өткөн кылымдын 60-жылдары колония кылып келген бардык мамлекеттерге үстүртөн эгемендүүлүк берүүгө мажбур болду жана бул мамлекеттердин көпчүлүгүндө таасирин жогото баштады. Де Голль доорунда Франция Американы деңгээлинен түшүрүү үчүн бир катар иштерди жасады. Франция эл аралык мааниге ээ ири мамлекет болуу үчүн Ширак доорунда да кайрадан аракеттерди баштады. Ушул максатта Германия жана Россия менен бирге бир уюлду түздү. Ширак кеткенден тартып бүгүнкү күнгө чейин Франция эл аралык майданда артка кетүү абалында турат. Франциянын Европа армиясын түзүүдө да эч кандай үмүтү калбады. Демек, эгер Америка өзүнүн эл аралык майдандагы лидерлик макамынан түшүп калса, Франция бул боштукту толтурушу кыйын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:34

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Германиябы? Германия 2-дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин 2ге бөлүнүп, анын эл аралык майданда эч кандай таасири калбаган эле. 1990-жылга келип, Германия Америка ыраазылыгы менен кайра бирикти. Мунун акысына Америка Германияны ядролук, химиялык, биологиялык сыяктуу стратегиялык куралдарды өнүктүрбөө милдетин алган документке кол коюуга мажбур кылды. Бирок, Германия акыркы он жылдыкта Европадагы экономикалык жактан таасир өткөрүүчү регионалдык мамлекетке айланды. Ошентсе да, Германия эл аралык саясий таасир жагынан дале күчсүз бойдон калууда. Башкы канцлер Шредер доорунда Германия бир аракет жасаган. Ошондо Германия Ирактагы баскынчылыктан пайдаланып биринчи мамлекет Америкага каршы туруу үчүн Франция жана Россия менен биргеликте бир уюлду түзүүгө аракет кылып эл аралык майданда таасир өткөрүүчү болууга урунган. Бирок, Шредер кеткенден кийин бул аракет токтоп калды. Ал азыр этибарды экономикага гана каратып калган. Негизи, өзүнүн аскерий кубатын тургузууга аракет кылбаган мамлекет дүйнөлүк таасир өткөрүүчү мамлекетке айлана албайт. Демек, эгер Америка эл аралык даражасынан түшүп калса, Германия бул боштукту толтура албайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:37

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Япониябы? Япония 2-дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин, Америка ага ядролук бомбалар менен сокку берип, анын пикирлөөсүн бечел кылган чектөөлөрдү мажбурдуу киргизип койгон. Ушундан кийин, Япония негизги этибарды экономикага каратты, натыйжада ири экономикалык кубатка айланды. Бирок, эл аралык майданда таасир өткөрүүчү улуу мамлекетке айлана албады. Жада калса, ал регионалдык улуу мамлекет да боло албады. Япония мурун Кытайды басып алган. Азыр болсо, Кытай Япониядан аскерий жактан күчтүү болуп алды, экономикалык жана өнөр жай жагынан болсо Япония менен атаандаша турган даражада өстү. Кытай Японияны Чыгыш Кытай Деңизинде, Россия болсо түндүгүндө күзөтүп турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:39

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Кытайбы? Кытай а түгүл коммунисттик идеологиялык мамлекет болуп турган учурунда да улуу мамлекетке айлана албады. Азыр анын аты гана коммунисттик мамлекет. Эгер коммунисттик партиянын бийликтеги жеке өкүмдарлыгы куласа Кытайдын тагдыры башаламан болуп өзгөрүп кетиши ыктымалдан алыс эмес. Америка Кытайдын ичине жылжып кириши да мүмкүн. Ошондо, Америка Кытай ичинде капыстан жана тез пайда боло турган күчтөр жана түрдүү демократиялык партиялар аркылуу оюнду баштайт. Анткени, Кытайда буга негиз салууга ыктоолор жана Америкага багыт бар. Эгер, Кытай азыркыдай көрүнүштө т.а. дүйнөлүк экономикалык системада Америкага шайкеш аракет кыла берсе жана Американы сүрүп чыгарууга аракет кылбаса, ал анда таасирин өз региону үстүнөн да орното албайт. Кытай аскерий кубатка ээ болсо да, бирок, анда дүйнөгө идеология жаюу жетишпей жатат. Ошондуктан, эгер Америка биринчи мамлекет макамынан түшүп калса, Кытай Япониянын ушул региондо аны менен атаандашып жатканын көрөт, Россия да Кытайдын үстөм болуп кетишине жол бербөө үчүн Кытайга кысым өткөрүшү мүмкүн, Британия да Кытайга каршы туруу үчүн Индияга жана өзүнүн башка эски таасири астында калган региондоруна кайтышы мүмкүн. Америка болсо биринчи мамлекет макамынан түшүп калган тагдырда да, Кытайга каршы Японияны колдоп-кубаттоо менен Кытайдын ага карата маанилүү жана тагдырий болгон ушул региондор үстүнөн өкүмдар болушуна жол бербөөгө аракет кылган улуу мамлекет бойдон кала бериши мүмкүн. Андыктан, эгер Америка азыркы учурда куласа, Кытай эл аралык майдандагы бул боштукту толтурушунун чоң ыктымалы жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:40

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Россиябы? Россия аскерий мүмкүнчүлүктөрү себептүү башка мамлекеттерди коркууга салса да, бирок анда – эгер, ар кандай жайда аскерий жактан аралашмакчы болсо – өзүнүн аскерий кампанияларын каражат менен камсыздоо үчүн кубат жок. Анткени, Россия өзүнүн валютасын дүйнөлүк валютага айланта албады жана дүйнөлүк финансылык мекемелер үстүнөн өкүмдарлык кыла албады. Мындан да маанилүүсү, Россияда дүйнөгө көтөрүп чыга турган идеология жок. Ал коммунизм идеологиясынан баш тартып, капитализм идеологиясын кабыл алган. Азыр мамлекет иштерин жүргүзүү үчүн ушул идеологияны колдонууда жана проблемаларын ушул идеология түзүмү боюнча чечүүдө. Ошондуктан, эгер Америка биринчи мамлекет макамынан түшүп калса, Россия бул боштукту толтурушунун ыктымалы аз. О.э. Германия менен Франция Европа Союзунун колдоосу менен ага каршы турушу мүмкүн. Ал эми, Британия Россия, Франция жана Германия ортосунда эл аралык тең салмактуулукту пайда кылууга аракет кылышы мүмкүн. Чыгыш Европа болсо Россиянын кайтып келишин каалабайт, ошондуктан, анын көп мамлекеттери Европа Союзуна кошулуп кеткен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:47

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Эч бир мамлекет Американын эл аралык даражасына зыян жеткирген дүйнөлүк кризистерден, финансылык кризистен о.э. Америка Ирак жана Афганистанда учураган кыйраткыч соккулардан пайдалана албады. Бул болсо, азыркы ири мамлекеттердин, ири мамлекет болууга талапкер мамлекеттер азыркы шарттарды эсепке алганда дүйнөдөгү биринчи мамлекетке айланууга кудуретсиз экенине далалат кылат.
Ушул себептерден улам, эгер азыр Америка куласа, бул ири мамлекеттер ортосунда кандайдыр бир көрүнүштө өз ара тең салмактуулук болушу ыктымалдан алыс эмес. Себеби, эч бир мамлекет бул боштукту тездик менен толтура албайт, ошондуктан алардын ортосунда мелдеш башталат. Ар бири өз региондорундагы таасирин бекемдей баштайт. Кытай Чыгыш жана Түштүк Кытай Деңизиндеги регионуна таасирин жаюуга аракет кылат. Анткени, Америка бул региондор үстүнөн өкүмдарлык кыла албай калат. Ушул кезде Кытайга каршы туруу үчүн Япония майданга чыгат. Африкада Британия менен Франция ортосунда дагы атаандаштык башталат, бири-бирин сүрүп чыгарууга аракет кылат. Америка өкүмдарлыгынан жана анын кишендеринен кутулган Германия да майданга чыгып, Британия жана Франция менен атаандаша баштайт. Андан кийин Россия Чыгыш Европага жана Балканга кайтуу пикирине өтөт. Бир-бирине дээрлик теңелип калган бул мамлекеттер ортосунда күрөш кызуу түс алып, акыбетте, ушул региондордо согуштар келип чыгышына себеп болот. Абал ири мамлекеттер ортосунда согуштарга чейин жетиши да ыктымалдан алыс эмес. Эгер, Америка биринчи мамлекет макамынан түшсө, ал бүтүндөй жок болуп кетпейт, ири мамлекет катары сакталып калып башка мамлекеттер менен атаандашат. Эгер, биринчи мамлекет макамынан кулоо акыбетинде үмүтсүздүккө түшүп жекеленүүгө кайтса, анда, Америка континентиндеги ири регионалдык мамлекетке айланып калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   25 Октябрь 2014 - 20:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Ушундай шартта, бир-бирине дээрлик тең мамлекеттер өз ара атаандашып жатканда, Исламий Үммөт үчүн өзүнүн улуу мамлекетин тикелөөгө ыңгайлуу шарт жаралат. Бул улуу мамлекеттин өсүп өнүгүшү Американыкына караганда батыраак болот. Бул мамлекет дүйнөдөгү 1-мамлекетке айланат. Анткени, бул Үммөттө туура саясий акыйда бар. Бул акыйда ээлеринин саны көп. Кудай дүйнөгө тартуулаган кен-байлыктардын үлкөн үлүшү бул Үммөт өлкөлөрүндө.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aruuzat88   25 Октябрь 2014 - 23:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Туура жазгандарыныз, эл аралык абалды койо туруп,Кыргызстандын абалын ойлоор жан бар бекен.Свет жок,газ жок,кыргыз элибиз сабырдуубуз баарына чыдап келебиз.Эртенки абал,жана дуйнолук абалдын эмне болоорун бир гана Аллахым билет.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   26 Октябрь 2014 - 15:58

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

aruuzat88 айым, Эл аралык абал өзгөрбөсө, Кыргызстан да эч качан өзгөрбөйт. Жана жакырчылыктын сазына батып бара берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   AZIK01   27 Октябрь 2014 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Просмотр сообщения Neizvestnyi. (26 Октябрь 2014 - 15:58) жазган:

<br /><b>aruuzat88< /b> айым, Эл аралык абал өзгөрбөсө, Кыргызстан да эч качан өзгөрбөйт. Жана жакырчылыктын сазына батып бара берет.

Мен бул ойго каршымын. Ички мамиле оңолмоюнча, сырткы мамиле өзгөрбөйт.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:11

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Америкада Өкмөт башына республикачылар партиясынын келиши, күч факторлоруна таянган өзүн-өзү бийик көрүүгө жана текеберликти өстүрдү. Киссенжер өзүнүн «XXI кылым дипломатиясына карай» китебинде мындай дейт: «Америка кошмо Штаттары жаңы миң жылдыктын таңында, ал тургай, тарыхта өткөн эң улуу империялар да теңдеше албай турган бийиктиктерге ээ болууда. Анткени, ал жер жүзүндө теңи жок кубатка ээ». «АКШ өзүн дүйнөдөгү демократиялык институтттардын булагы жана анын кепилдөөчүсү деп билүүдө». Америкача даңктуу сакофат дүйнөнүн бардык тараптарында каалоо-канаат өлчөмдөрүн белгилеп берүүдө»... Чын эле Америка мындай денгээлге чыгуусуна эмне себеп болду??? же Киссенжер ашырып айттыбы???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:17

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Буштун администрациясында консерваторлордон турган кишилер пайда болду. Алар президентке басым өткөрүүчү элементтин милдетин өтөй башташты. О.э. алар коопсуздук негизине курула турган, бүткүл дүйнөдөгү исламий кыймылдарга карата катуу колдук кыла турган бир тараптуу саясатка ашкере чакыра башташты. Американын капыстан Азиянын борборуна өкүмдар болуп алышы, сыйкырдуу иш сыяктуу таасир кылды. Бул нерсе аларды башкалар менен болгон мамиледе менменсинүүгө үндөдү. Американын Афганистандагы жалган жеңишинин мастыгы Америка саясий чөйрөлөрүнүн чар тарабын курчап алды. Аларга менменсинүү үстөм келди жана саясий мастык алардын үстүнөн өкүмдар болуп алды. Мунун таасиринде алар, ал тургай, өздөрүнүн жакын союздаштарын да көзүнө илбей калды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:24

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Американын бир жактуу жаңы саясаты калыптанып, менменсинүү менен өзгөчөлөнүп турууда ал тургай, союздаштары менен да эсептешпей калды. Саудияга чабуул жасап, анын салафий медреселерин «террористтерди жетиштирип чыгара турган булак» деп айыптады. О.э. Нью-Йорк жана Вашингтондогу самолётторду урууда айыпталып жаткан 15 адамдын 9у саудиялыктар экенин айтты. Иранга чабуул жасап, аны «ал-Коида» жана «Талибан»дын качкындарына жай берүүдө о.э. «Хизбуллах» менен палестиналыктарды курал-жарак менен камсыздоодо деп айыптады. Индияны Пакистандын үстүнөн өкүмдар кылып койду жана Пакистанды экстремисттерге жай берүүдө деп айыптады. О.э. Мисирди да жакырлантты жана финансылык, экономикалык о.э. соода-сатык кишендери менен кишендеп таштады. Эми ушундай мамлекетти жакшылык жаюучу же тынчтык орнотуучу деп айтууга болобу???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

11-сентябрь окуялары жана Амерка Афганистанда жетишкен жасалма жеңиш келтирип чыгарган менменсинүү, малайлар менен союздаштарды тоотпоо логикасы Америка администрациясынын өз малайлары жана союздаштары менен кызматташтык кылбашын актоочу факторго айланды. НАТОнун баш катчысы британиялык Джордж Робертсон: «Европа Американын аскердик кубаты менен теңдешүү үчүн, өзүнүн аскердик кубатын көтөрүшү керек. Америка болсо, Европага өз күчүнүн даражасында жардам бериши керек» деди. Башка бир билдирүүдө болсо: «Союздаштардын Вашингтонду колдоп-кубаттоолорунун да чеги бар» деди жана Америкадан дүйнөдө «балекеттин булактары» бар экендиги туурасында канааттандыруучу далилдерди талап кылды... Европанын Америкага каршы турууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:28

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

«Европалыктар Афганистандагы согушта үй бекесинин ролун ойношууда. Алар Америка чабуулунан кийинки урандыларды тазалоо иштери менен алектенишүүдө. Америка чабуул кылууда, кийин болсо, европалыктар тынчтык үчүн аракет кылышууда. Ал тургай, Америка БУУга да, өзү пайда кылган НАТО союзуна да кайрылбай койду. Булуң согушунда Коопсуздук кеңешине кайрылар эле жана анын атынан токтомдорду чыгартар эле. Косово согушунда да НАТО союзундагы мамлекеттер менен кеңешип, алар менен кызматташтык кылар эле. Ал эми, Афганистан согушунда жана андан кийинки боло турган согуштарда эч ким менен кеңешкен жок жана эч кимге кайрылган да жок. Буш мактанып: «Жакында же союздаштар менен, же өзүбүз жалгыз Иракка каршы согушабыз» деген эле... Американын бир уюлдуу жетекчиликке умтулушу канчалык ийгиликтүү болушу мүмкүн???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Европа саясатынын философу, тышкы иштер министри Хавьер Федеринг: Америка саясатына чабуул жасап, Палестина калкына басым өткөрүп жаткан Израилге жан тартуу саясаты экендигин айыптады. О.э. ал Европаны өз көз карашын жана Америкадан саясий эгемендүү болгон вужудун коргоого чакырды.
Ага көпчүлүк Европа саясатчылары ээрчиди. Алардын бири Германия тышкы иштер министри Йошка Фишер - «Дүйнөдөгү эң үлкөн күч да жалгыз өзү ааламды тынч келечекке карай эч качан жетектей албайт», - деди. Алардын дагы бири Европа ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы тышкы мамилелер боюнча баяндамачысы британиялык Крис Батен, Федерингдин сөзүн кайталады жана Америка саясатын аңкоолукта айыптады...Булардын баары демократияны жаюуга умтулат, бири-бирине каршы чыгууга эмне түрткү болууда???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:30

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Европа Американын тышкы саясаттагы соңку ээлөөлөрүнөн сезди жана Американын кутура баштаганынын о.э. Америка менен пайдаларга жана басымдуу таасирлерге ээ болууну бөлүштүрүүгө урунууда ийгиликке жетише албаганынын маани-маңызын түшүнүп жетти да, коргонуу саясатына өтүп алды. Буга Франция менен Британиянын тышкы иштер министрлеринин кызматташтыкта бир нече Африка мамлекеттерин зыярат кылгандыктары далил. Алардын максаты – Африкага жардам көрсөтүү чүмбөтү астында, аерде Европа таасирин бекемдөө. Россиянын президенти Путин: « Бир гана күчтүн өкүмдарлыгы үстүнө курула турган эл аралык мамилелер канчалык үлгүлүү болбосун, анын келечеги жок», - деди. Путиндин бул четке кагуусу Россиянын жакынкы күндөрдө ушул бир жактуу саясатты токтотуу үчүн эч нерсе кыла албашына далалат кылууда...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:32

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Америка бүткүл дүйнөнү жаңы эл аралык бурулушка алып келгендиги анык. Ушул бурулуш, ага анын кылып жаткан иштерин эстетип коё турган эч кандай каршы күч болбогондон кийин, тездик менен калыптана баштады. Мындай абал Американы бүткүл дүйнөгө кердейип бой көтөрүүгө жана 11-сентябрь окуялары келтирип чыгарган түрткүнү иштетүүгө үндөдү. Муну менен Америка, дүйнөдөгү кырдаалдарды курчутуу, о.э. коомчулуктун туйгусуна бүткүл дүйнөдө коопсуздук жана туруксуздук болбошу жөнүндө пикир сиңдирүү аркылуу ишке ашырды. Америка эл аралык коомчулукка «мен куткаруучумун жана бул дүйнөнүн жетекчисимин, дүйнөдөгү мамлекеттер жана элдер мага моюн сунуулары керек» деп угузду. Буш ачык эле: «Дүйнө туруктуулук эмне экендигин Американын көлөкөсүндө туруп гана биле алат», - деп айтты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Neizvestnyi.   28 Октябрь 2014 - 00:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 14:41

Америка Афганистан окуяларынан кийин, европалык союздаштарынын кишендеринен кутулууну жана эл аралык иштерди башкарууда алар менен кызматташтык кылуудан арылууну о.э. эл аралык жоопкерчиликке жалгыз өзү ээ болууну каалап калды. Үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карыздарга батырууда жана бузукулуктарга чөктүрүүдө. Ал муну менен «дүйнө менин ыктыярымда, эл аралык коомчулук менен жалгыз өзүм калдым жана анын башкаруу тизгинин колго алдым» деп ойлоодо...Американын бул саясатына каршы туруучу кандай күч бар???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 13:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: