Режисёр Руслан Машраповдун элге жетпей калган "Эдем алмасы" деген тасма
Жоголгон "Эдем алмасы" Ушул тема жөнүндө сөз кылбайлыбы?
#2 07 November 2011 - 21:10
Качан чыгат экен жана эмне жонундо экен бул тасма толугураак жаза кетсен Азамат.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#3 07 November 2011 - 21:15
Фильм эки бир тууган жөнүндө. Ынтымактуу ага-инилердин агасы шаардагы түнкү клубдардын биринде иштейт. Анын сүйлөшкөн кызы да ошол клубда иштеп, экөө чогуу ырдашат.
Бир күнү иниси атасынын буйругу менен агасынан кабар алуу үчүн шаарга келет. Агасы инисине өзүнүн иштеген жерин көрсөтүп, түнкү клубдун жашоосу менен тааныштырат. Ошондой кечелердин биринде түрмөдөн чыккан жигиттер клубда чардап отуруп, агасынын сүйлөшкөн кызына тийишишет. Сүйгөнүнө болушкан агасы жана ага жардамдашкан иниси экөөнү чоң муштум жигиттер чала өлүк кылып сабап салышат. Ага-ини ооруканага түшүп, дарыгерлер атасына “эки балаңыздын бирин гана сактап калууга кудуретибиз жетет, кимисин аман алып каласыз?” деген суроо коюшат. Анткени экөөнүн тең ички органдары жарабай калгандыктан, биринин органдарын экинчисине салып, бирөөнү гана аман алып калууга болорун айтышат. Бул нерсе атасына “эки колуңдун кайсынысын кесели?” деген сыяктуу эле. Эки бир туугандын тандоодо калган өмүрүн иниси угуп калат. Иниси агасы менен өткөргөн бактылуу күндөрүн эстейт. Боюнда бар сүйлөшкөн кызынын элеси көз алдына тартылып, анын улуулугун ойлоп, дарыгерлер менен жашыруун сүйлөшүп, агасы үчүн жанын берет. Инисинин бул эрдигин агасы кийин ооруканадан көзүн ачканда гана билип, көзүнө жаш алат. Фильмдин соңунда агасы кайра узун жолдо шаарга сапар алат. Ошондо чөптүн арасында баягы эле жөргөмүш бараткан болот. Ал азгырыктын белгиси болчу.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#4 07 November 2011 - 21:58
Азамат1992 рахмат иним.
Таржымалы жакты коруп коюш керек экен.
Таржымалы жакты коруп коюш керек экен.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#5 08 November 2011 - 01:31
#7 07 December 2011 - 17:39
Эртээрек чыкса экен, мен да ушул киного кызыгып жүрөм.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#8 15 August 2014 - 22:19
Бул кино чыкбай калды го. Мирлан байке теманы жаап салгылачы!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#9 25 October 2014 - 17:38
Ушул кинонун саундтреги бар го ошону таппай журом.Билгендер кабарлашып койгулачы.
#10 26 October 2014 - 21:42
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#11 26 October 2014 - 21:44
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео