Суперстан: Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (40 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер

#81 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Май 2009 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Жок уучу -таш боор адам дейт.Канаттулардын шорун куураткан.Эсин болсо кумурсканы да олтурбогун уктуш.


Жок, эсим жок. Эгер канаттууларды олтурбосом, эт жок силер кантип жашайсынар?
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   ЛИМОН   20 Май 2009 - 18:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Анда айткылачы.Тундук жактагы адамдарды эмне учун аркалыктар дейт.Арка деген соз эмнелерди камтыйт?


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Анда айткылачы.Тундук жактагы адамдарды эмне учун аркалыктар дейт.Арка деген соз эмнелерди камтыйт?


Бирөөлө рдөн «Аркалык» дегендеги «арка» эмнени түшүндү рөт?» деп сурасаң, «Чоңойгондо билесиң, азырынча чыт курсаксың » деп жооп берип коюшу мүмкүн. Арка тарап дегенден окшойт сыягы. :crazy-girl:  Бул эми албетте тамаша нерсе дечи. Ошентсе да, досторумдан уккан вариант боюнча «арка» деген сөздү түшүндү рүп берейин. «Арка» дегендин «тоо» деген мааниси бар. Мисалы, Казакстандын белгилүү тоолорун Сары-Арка деп коюшат. Фергана өрөө нүн жээктей түздүк тарапта жашагандар тоодо жашаган кыргыздарга «тоолуктар» дебей, «аркалыктар» деп коюшат. Салыштырып көрүү үчүн, кыргыз тилиндеги «арка-жөлө к болуу» деген фразеологизмин карап көрсөң өр дароо эле түшүнү ктүү болуп калат. Ыраазычылыктар, туура маалымат бере алсам досторум менен! 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   ЛИМОН   20 Май 2009 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Жакшы рахмат.Бул деле жетээрлик жооп.


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2009 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мергенчи-мерген- уучу- аңчы деген варианттарын мен да билем... Ушу -чы мүчөсү нүн уланышына карата бир кызык. Кээ бир жерлерде "шоопурчу" (шоферчу) дешет экен. Мисалы, малчы-мал кайтарган, же башкарган адам, шоопур (шофер)- машина айдаган, же башкарган адам. Анда шоопурчу(шоферчу) машинаны эмес, шоопурду (шоферду) айдаган, же башкарган адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Аракты көп ичкен адамды "аракеч" деп жазышып жүрөт. Арабаны айдаган адамды "арабакеч" дейт. Анда -кеч мүчөсү аракка уланса "араккеч" болуп жазылыш керек эле да. "Аракеч" аракты көп ичкен эмес, араны тарткан адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Ушул эле форумда кишини күлдүргө н окуя болсо, "күлкү мүштүү " деп жазышып жатат. Сөздүн уңгусу "күлкү ", анан
кантип, "күлкү лүү" дегендин ордуна "күлкү мүштүү " болуп калып атканы мага күлкүлү ү! Же чын эле күлкүмү штүүбү ? Силердин оюңар?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 18:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Анда айткылачы.Тундук жактагы адамдарды эмне учун аркалыктар дейт.Арка деген соз эмнелерди камтыйт?


Лейлекте «арка» деген сөз «жин» дегенди билдирет. Башкача айтканда, колдоочу, пери мааниси да бар. Жинине тийсең, «Болду эми. Менин аркам бар» деп калышат.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 18:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Мергенчи-мерген- уучу- аңчы деген варианттарын мен да билем... Ушу -чы мүчөсү нүн уланышына карата бир кызык. Кээ бир жерлерде "шоопурчу" (шоферчу) дешет экен. Мисалы, малчы-мал кайтарган, же башкарган адам, шоопур (шофер)- машина айдаган, же башкарган адам. Анда шоопурчу(шоферчу) машинаны эмес, шоопурду (шоферду) айдаган, же башкарган адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Аракты көп ичкен адамды "аракеч" деп жазышып жүрөт. Арабаны айдаган адамды "арабакеч" дейт. Анда -кеч мүчөсү аракка уланса "араккеч" болуп жазылыш керек эле да. "Аракеч" аракты көп ичкен эмес, араны тарткан адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Ушул эле форумда кишини күлдүргө н окуя болсо, "күлкү мүштүү " деп жазышып жатат. Сөздүн уңгусу "күлкү ", анан
кантип, "күлкү лүү" дегендин ордуна "күлкү мүштүү " болуп калып атканы мага күлкүлү ү! Же чын эле күлкүмү штүүбү ? Силердин оюңар?


«Күлкү мүштүү » деген сөз жаштардын тилинде учурайт, негизинен. Мен кичинекей кезимде «күлкү мүштүү » десем, таятам оңдоп «күлкү лүү» деп койчу эле. Анан «Биз тоого барчук, эртеден-кечке ойночук, кайра келчүк» десем, аны да оңдоп «Эмне эле барчук-келчү к деп жатасың? Буларың эмне деген чалчык?!» деп калчу. Азыр эстесем, туура эмес сүйлөчү экенмин. «Барчубуз, келчүбү з, ойночубуз, күлкүлү ү» деп сүйлөш керек экен.

«Аракеч» сөзүндө ката бар экени байкалат. «Арак» деген сөз арабдын «аракы» деген сөзүнө н келип чыкканы айтылат. Бирок андай дейин десем, азыркы Сибирде жашап жаткан элдер да «аракы» дешет. Мисалы, хакастар менен тувалардын үлпөт тою аракысыз өтпөйт. Орустардын шарап ичүү аземин туурап алгансыйт. Бирок, кыргыз тилиндеги «арак» сөзү менен фарсинин «-кеч» мүчөсү нүн кошулуп калганынан да күмөнү м бар. Балким, ошол байыркы формадагы аракы сөзүнө кыскартылып айтылып калган «-чы» мүчөсү жалганып калса керек. Неге дегенде, жалпы эле тилдик изилдөө лөрдө түрк тилдериндеги үнсүз тыбыштар көбүрө өк мааниге ээ, үндүү лөрдү жазбай койгон окумуштуулар да кездешет. Мисалдары көп. 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 18:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Мергенчи-мерген- уучу- аңчы деген варианттарын мен да билем... Ушу -чы мүчөсү нүн уланышына карата бир кызык. Кээ бир жерлерде "шоопурчу" (шоферчу) дешет экен. Мисалы, малчы-мал кайтарган, же башкарган адам, шоопур (шофер)- машина айдаган, же башкарган адам. Анда шоопурчу(шоферчу) машинаны эмес, шоопурду (шоферду) айдаган, же башкарган адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Аракты көп ичкен адамды "аракеч" деп жазышып жүрөт. Арабаны айдаган адамды "арабакеч" дейт. Анда -кеч мүчөсү аракка уланса "араккеч" болуп жазылыш керек эле да. "Аракеч" аракты көп ичкен эмес, араны тарткан адам болуп калып атпайбы?
Дагы бир кызык. Ушул эле форумда кишини күлдүргө н окуя болсо, "күлкү мүштүү " деп жазышып жатат. Сөздүн уңгусу "күлкү ", анан
кантип, "күлкү лүү" дегендин ордуна "күлкү мүштүү " болуп калып атканы мага күлкүлү ү! Же чын эле күлкүмү штүүбү ? Силердин оюңар?


Шоопур сөзүнү н французча жазылышы - chauffeur. Сөздүн өзүндө «-чы» мүчөсү бар байкаган кишиге.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2009 - 18:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

[/quote]«Күлкү мүштүү » деген сөз жаштардын тилинде учурайт, негизинен. Мен кичинекей кезимде «күлкү мүштүү » десем, таятам оңдоп «күлкү лүү» деп койчу эле. Анан «Биз тоого барчук, эртеден-кечке ойночук, кайра келчүк» десем, аны да оңдоп «Эмне эле барчук-келчү к деп жатасың? Буларың эмне деген чалчык?!» деп калчу. Азыр эстесем, туура эмес сүйлөчү экенмин. «Барчубуз, келчүбү з, ойночубуз, күлкүлү ү» деп сүйлөш керек экен.

«Аракеч» сөзүндө ката бар экени байкалат. «Арак» деген сөз арабдын «аракы» деген сөзүнө н келип чыкканы айтылат. Бирок андай дейин десем, азыркы Сибирде жашап жаткан элдер да «аракы» дешет. Мисалы, хакастар менен тувалардын үлпөт тою аракысыз өтпөйт. Орустардын шарап ичүү аземин туурап алгансыйт. Бирок, кыргыз тилиндеги «арак» сөзү менен фарсинин «-кеч» мүчөсү нүн кошулуп калганынан да күмөнү м бар. Балким, ошол байыркы формадагы аракы сөзүнө кыскартылып айтылып калган «-чы» мүчөсү жалганып калса керек. Неге дегенде, жалпы эле тилдик изилдөө лөрдө түрк тилдериндеги үнсүз тыбыштар көбүрө өк мааниге ээ, үндүү лөрдү жазбай койгон окумуштуулар да кездешет. Мисалдары көп.
[/quote]

Кыргыз сөздөрү нө -кеч мүчөсү нүн уланып калышында кеп жок. Мисал: кыялкеч, асылкеч, жапакеч, азилкеч ж.б. мындай сөздөр көп эле кездешет. Кеп "араккеч" деген сөздүн "аракеч" болуп ката жазылышында болуп турат.
Ошо, кээ бир жазмакерлердин ката жазганынан кийин дал ошол сөздүн ката жазылуусу уланып, а тургай биротоло кабыл алынып кеткенин карап коюш керек го деген эле ой!!! А тургай бир котормочубуз Ги дө Моппасандын "Милый друг" аттуу чыгармасын "Азил дос" деп которуп салып, анысы басмадан чыгып кеткен жери бар, тооба!
А киши өзү "з" чыл кыргыздардан окшойт да. "Асыл дос" десе жарашып калмак. Эми "Азил дос" чыныгы дос болбой калып атпайбы, мааниси теңирден тескери кетип...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Май 2009 - 19:03

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Кыргыз сөздөрү нө -кеч мүчөсү нүн уланып калышында кеп жок. Мисал: кыялкеч, асылкеч, жапакеч, азилкеч ж.б. мындай сөздөр көп эле кездешет.
Ошо кээ бир жазмакерлердин ката жазганынан кийин дал ошол сөз ката жазылуусу уланып, а тургай биротоло кабыл алынып кеткенин карап коюш керек го деген эле ой!!! А тургай бир котрмочубуз Ги дө Моппасандын "Милый друг" аттуу чыгармасын "Азил дос" деп которуп салып, анысы басмадан чыгып кеткен жери бар, тооба!
А киши өзү "з" чыл кыргыздардан окшойт да. "Асыл дос" десе жарашып калмак. Эми "Азил дос" чыныгы дос болбой калып атпайбы, мааниси теңирден тескери кетип...


«Азил досту» мен да окуп чыккам бир кезде. Алжирдеги француз аскерлеринин кылыктарын түшүндү ргөн чыгарма болушу керек эле жаңылбасам. Сиз айткандай, мен да анын канчалык азилкеч экенин байкаган эмесмин. Жакшы мисал. Туура: арак + кеч.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 19:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Кыргыз сөздөрү нө -кеч мүчөсү нүн уланып калышында кеп жок. Мисал: кыялкеч, асылкеч, жапакеч, азилкеч ж.б. мындай сөздөр көп эле кездешет.
Ошо кээ бир жазмакерлердин ката жазганынан кийин дал ошол сөз ката жазылуусу уланып, а тургай биротоло кабыл алынып кеткенин карап коюш керек го деген эле ой!!! А тургай бир котрмочубуз Ги дө Моппасандын "Милый друг" аттуу чыгармасын "Азил дос" деп которуп салып, анысы басмадан чыгып кеткен жери бар, тооба!
А киши өзү "з" чыл кыргыздардан окшойт да. "Асыл дос" десе жарашып калмак. Эми "Азил дос" чыныгы дос болбой калып атпайбы, мааниси теңирден тескери кетип...


«З» чылдарга байланыштуу жакшы үлгү берилиптир. Негизи, кыргыз тилиндеги «асил» деген сөздүн «аристократ» же «ак сөөк» деген мааниси жокпу? 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2009 - 19:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Бар. Менимче, араб же фарс тилинен кирген сөздүн өзгөрү п, кыргызчаланган түрү болсо керек. Жанагы Лимондун "Айтыштагы" ырында ушул сөз пайдаланылды. "Асли"- негизи, теги деген маанини берет болушу керек го?

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Май 2009 - 19:09

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Мэри   20 Май 2009 - 19:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 238
  • Катталган: 12 Январь 09
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 21:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Аркалык" деген соз боюнча Лайф мырзанын "тоо" деп айтканына кошулам.
Мурда азыркыдай расмий административдик болунуу болгон эмес да. Копчулук учурда кайсы бир болуштуктун атынан же уруунун, ошол урууда белгилуу бир инсан болсо ошонун атынан ж.б.у.с. жалпы аталган. Мисалы, Ысык-Колдун эки тарабын (ойузун) жалпысынан кунгой , тескей деп коюшчу. Азыр бул созду коп колдонбой, райондор боюнча ажыратышат. Ал эми эки тарапты (Кыргызстандын тундугун жана туштугун) тоо болуп тургандыктан, жогорудагыдай аталып калган болуш керек. "Аркада, артта калды" деген мааниде. Бул аталышты географиялык шартка байланыштуу чыккан деп эсептесе туура болот го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

"Аркалык" деген соз боюнча Лайф мырзанын "тоо" деп айтканына кошулам.
Мурда азыркыдай расмий административдик болунуу болгон эмес да. Копчулук учурда кайсы бир болуштуктун атынан же уруунун, ошол урууда белгилуу бир инсан болсо ошонун атынан ж.б.у.с. жалпы аталган. Мисалы, Ысык-Колдун эки тарабын (ойузун) жалпысынан кунгой , тескей деп коюшчу. Азыр бул созду коп колдонбой, райондор боюнча ажыратышат. Ал эми эки тарапты (Кыргызстандын тундугун жана туштугун) тоо болуп тургандыктан, жогорудагыдай аталып калган болуш керек. "Аркада, артта калды" деген мааниде. Бул аталышты географиялык шартка байланыштуу чыккан деп эсептесе туура болот го.

Рахмат. «Тескей» жана «күнгө й» же орфографиялык жазылышы боюнча «күнгө й» сөздөрү ндөгү «-гай» мүчөсү н түшүндү рүп берер киши барбы мага жана тескей сөзүнү н так маанисин. Анан мен да жазам өзүмдү н вариантымды. 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2009 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ылайым ошол "тоо" деген эле болсун... Кимдир бирөө: " Кыргызстандын түндүгү ндө илгери арка болгон, ошондуктан "аркалык" деген деп жибереби" ,- деп менде жан жок! :)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Ылайым ошол "тоо" деген эле болсун... Кимдир бирөө: " Кыргызстандын түндүгү ндө илгери арка болгон, ошондуктан "аркалык" деген деп жибереби" ,- деп менде жан жок! :)


Андай нерсени айткан киши болсо, түздүктө жашагандар «астияктыктар» болуп калбас бекен?... Таң!  :tongue:
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   20 Май 2009 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Ылайым ошол "тоо" деген эле болсун... Кимдир бирөө: " Кыргызстандын түндүгү ндө илгери арка болгон, ошондуктан "аркалык" деген деп жибереби" ,- деп менде жан жок! :tongue:


Кыйын инсансыз ээ? Тим эле курч жазып саласыз... :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2009 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мен муну айтканымдын себеби, кээде биз башка тилдеги сөздөрдө н ушул сөздүн маанисин тапканга көп күч жумшап, өзүбү здүн тилдин ичинен карабай калган учурларыбызды кыйытып, эске салып койгум келди эле!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   LIFE   20 Май 2009 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

«Арка» деген сөздү да мүчөлө ргө бөлүп кароого болот эгер арка жак деп айта турган болсо. «Ар» же «ары» + байыркы барыш жөндөмө сүнүн мүчөсү «-кары//-гару», кыскарган варианты «-ка». 

Ал эми «арка» деген экинчи сөз биринчи сөзгө омоним сөз. «Тоо» деген маанини билдирет. Омоним сөздөрдү да ичинен классификациялап айта берсе, ар түрдүү мисалдар чыга берет. Ошондуктан «аркалык» деген сөздү ушул жерде токтотууга тийишпиз! 

Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 20 Май 2009 - 19:37

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Айзиля   20 Май 2009 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Туштуктун "кайсар, калаты" деген создорун ким кандай тушунот? :)
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (40 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: