Кафе,ресторандарда тамактануу маданиятын билиңиз Учурда кафе, ресторанга чакырып күпүлдөтүп той берүү көп жанаал замандын "модасына"
айланып калды. Ошондой эле жигиттер сүйүктүү кызын кафеге же ресторанга жолугушууга чакырса, ал биздин тилде"авторитет"
деп саналат. Бирок андай барктуу жерге барып салабаттуу отуруунун маданиятын баарыбыз эле биле бербейбиз. Андыктан төмөнкү эрежелер менен таанышып алуу ашыктык кылбайт.
Кафе, ресторанда тамактануу маданияты! Билип алыныз.
#1 30 October 2014 - 11:56
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 30 October 2014 - 11:58
Адепбосогону аттаганда
1. Ардайым эркек аялдан биринчи кирип артынан айымды киргизүүсү керек.
2.Эркек имаратка кирбей туруп баш кийимин чечиши шарт, ал эми бийкеч ичинен чечсе болот.
3.Эгер калың болсо сөзсүз гардеробго барып пальто, кол кап жана башка ушул сыяктуу нерселерди өткөрүп коюу керек.
4.Мырза айымдын жайгашып алуусуна көмөктөшүшү керек. Андан соң өзү орун алат.Олтурууда дагы туш келди жерге орун ала берүү жарабайт. Четтеги столдорго олтурганда кыздын жүзү көпчүлүктү карап, ал эми залдын чок ортосундагы столдонорун алганда кыздын жүзү чыга беришти карап тургудай олтурушу керек. Мырзаайымдын маңдайына, же сол жагына өтүп орун алса болот.
Кандай кийинип баруу керек?
Айым:
Кандай гана айым болбосун "ресторанга кандай кийинип барам" деп ойлонору анык. Кийип баруучу көйнөгүнө бетинин боёлушу, туфлиси жана чач жасалгасы далкелүүсү шарт. Адистер алтын же күмүш сөйкө-шакек болсо тагынып алууга болорун,бирок толгон-токой жалтыраган, же арзан баадагы жасалгаларды тагынуунун кажети жок экендигин белгилешет. Жолугушууга шым же юбка кийип баруу орунсуз болуп калат. Андыктан классикалык же романтикалык типтеги узун көйнөк кийүү туура болот. Айта кетүүчү жагдай, өтө эле ачык тигилген көйнөктөрдү эмес, тулку бойдун кемчиликтерин жаап тургудай тандоо керек. Колго кол телефон, помада,пудра, бет аарчы гана бата тургандай кичинекей классикалык сумка илип алуу жарашыктуу. Чачты түйүп же атайын чач тарачка барып көйнөккө карай сымбаттап жасатып алса айым жигиттин эле эмес, ошол жердеги бардык адамдардын көңүл чордонунда боло алат.
Мырза:
Мырзанын сырткы келбетинен узак убакытка чындап мамиле түзүүнү көздөгөн ою билиниптуруусу абзел. Аны менен катар күчтүү жыттагы атырлардан чебердеп себинсе жакшы болот. Бир өңдөгү классикалык пиджак, шым, туфли тандап алуусу керек. Эгер каратору болсо ачык түстөгү, ак жуумал болсо каралжын өңдөгү көйнөк кийсе көркү ачылат. Галстук же көпөлөк тагынып албай моюнундагы топчуларды чечип эркин олтурганы жакшы.
Жүрүм-турум маданияты
Жөнү жок нары-бери баса берүү, тейлөөчү кызматкерди кыйкырып, кол көтөрүп, же баракалып чакыруунун кажети жок. Официанттын көмөгү керек болсо баш ийкеп гана чакырууга болот. Катуу үн чыгарып каткырып башкаларга тоскоолдук жаратпоо керек.Жөнү жок көп сүйлөп сүйүктүү адамды тажатып албоо да эсте болуусу шарт. Демек,обу жок кепти коюп кайсы нукта же темада сүйлөшүү болуп жаткандыгын так билип туруп ошого карата гана ой топтоп айта билүү жакшы жыйынтыкка алып келет. Ал эми бийлөөдө тердеп-кургаганча шалактай берүү маданиятсыздыкка жатат. Анткени айымдар тердеп бийлөөдө боёгунун баары агып калышы ыктымал. А мырзалар тер жыттанып бийкечинин табитин бузуп алышы мүмкүн.
Тамактанууда
Тамактандоодо эки жаш тең өзгөчө маани берүүлөрү шарт. Жөн гана көңүлүнө жаккан тамакты ылгабай буйра берүү кээ бир убакта ыңгайсыздык жаратат. Демек, булжерден тамактын курамына өзгөчө маани берилет.
Тамактанууда төмөндөгү тамактардан баш тартыңыз
1 . Сүт
Эч качан, эч бир убакта сүттөн жасалган азыктарды же накталай сүттү буйрук кылууга болбойт. Эгерде торттордон десерт кылганга буйрук кылсаңыз, аны менен катар сүт ичүүнүн кажети жок. Чай же тек гана кофе ичиңиз. Болбосо сүйүктүүңүз сизге чоң адамдарча олуттуу мамиле кылбай калат.
2.Балык
Балыкты абдан жакшы көрсөңүз, анда сөөгүнөн ажыратылганына гана буйрук бериңиз.Куурулган же сөөгү менен маринаддалып бышкан балыкты жегенге дит койсоңуз кылкандары тамагыңызга жабышып какатып, керек болсо кустуруп да ийиши ыктымал.Бул көрүнүш албетте, сиз үчүн ыңгайсыз болорунда шек жок.
3.Ачуу татымалы көп аштар
Мындай ашты ресторанда жегенди тандасаңыз ар убак алаксып, кыжаалаттанып, сүйлөшүүнү өз максатында жүргүзө албай каласыз. Жаныңыздагы кымбат адамыңыз сизге берилүү менен бир нерсени айтып берип жатса оозду өрттөгөн ачуу даамды нарылатыш үчүн улам суу ууртап, кызарып-татара берсеңиз сүйүктүүңүздүн айтайын деген ою кыскарып, же таптакыр айтылбай калуусу ыктымал.
4.Жүгөрү кошулган тамактар
Жүгөрүдөн жасалган аш - эң жагымсыз тандоо. Анткени дандары тишиңизге тыгылып, сарыкабыгы тишиңизге чапташып калуусу толук мүмкүн. Анан ооздогу ал ыңгайсыздыкты жоюу үчүн баарлашмак түгүл ошол тыгындыны кантип чыгарам деп гана ойлонуп каласыз. А балким эски адатыңызга салып кайра-кайра тишиңизди чукугуч менен же колуңузду оозуңузга салып чукуй бергениңиз өзүңүзгө да байкалбай калуусуыктымал.
5.Куурулган тоок канаттары
Бул тамакты дыкаттык менен жегенге оңой менен көнө албайсыз. Татынакай кийинип алып колуңузду майланыштырып, оозуңуздун тегерегин батташтырып жегиңиз келбесе, бултамакты буйрубай эле коюңуз.
6.Устукандуу шорполор
Ооба,биринчи тамак катары негизинен шорпонун түрлөрү сунушталат. Бирок сиз устукандуу сөөк-саагы жокпу ошого маани бериңиз. Эгер устукандуу шорпо алып алсаңыз кыргыз болгон соң этти жей албай ,же жебей коё албай бир гана"ошону кантсем экен" деген ойго тушаласыз.
7.Газдалган суусундуктар
Газдын иши ансыз деле белгилүү. Ичи көөп олтура албай кысылып, же курулдап ичинен үн чыгып турушун эч ким каалабайт. Айрыкча жакын адамынын жанында. Андай эле суусундук ичүүнү кааласаңыз табигый, кошулмасы аз, таттуу эмес компоттордон же газдалбаган минералдык суу ичип олтуруңуз.
8.Сарымсак, пияз чийкилей курамында көп тамактардан да этиеттеңиз. Ашказаныңыздыкыжылдатып, оозуңузга жагымсыз жыттын чыгып турушу сиз үчүн да, түгөйүңүз үчүнда ыңгайсыздык жаратат.
Тамак үстүндө олтурганда
Тамактануучу столго өтө жакын же алыс эмес олтуруу керек. Эгер жакын олтуруп алсаңыз көкүрөгүңүздү, жеңиңизди булгап аласыз. А алыс болсоңуз тамактарды же идиштерди тизеңизге, жерге түшүрүп алууңуз ыктымал.
Столго капталын салып олтуруу башкаларды сыйлабагандыктан кабар берет.
Далыны бүкүрөйтпөй же какайбай эки ийинди түз алып эркин олтуруу шарт.
Столдо олтурганда гезит окуп же телефон чукулап алагды болуу маданиятка жатпайт.
Атайын бир колдонуучу майлыктарды туш келди колдонуп, ар жерге коё берүү адепсиздикке жатат. Айрыкча айымдар оозун, колун кандай гана майлык болбосун кыскартып бүктөп туруп аарчуусу керек.
Эгер табакта жасалган майлык болсо, аны тизеге жаап коюу абзел. Ал кокусунан тамып кетүүчү тамактын тагынан кийимди сактайт.
Бычакты кармоодо сабынын аягы оң колдун алаканына тийип туруусу керек. Бармагыңыз бычактын капталынан, ортонуңуз сабынын үстүндө болууга тийиш. Калган манжаларбир аз бүгүлүп бычакты кармоого жардамдашат.
Айрыны сол кол менен кармоо шарт. Айрысына колуңузду тийгизбей ылдый каратып туруп сабын кыскараак кармаганыңыз ыңгайлуу.
Кашыктыар убак оң кол менен чалкасынан кармоо талапка ылайык. Айрыга салыштырмалуу кашыктын сабын уч кайыраак кармоо жакшы.
Тейлөөчү адис сиздин тамактануудагы оюңузду сиз койгон идиштердин абалынан билсе болот.Эгерде сиз өз оюңузду билдирүү үчүн кашык, айры, бычактарды табактын бетине туура жайгаштыра алсаңыз.

#5 30 October 2014 - 13:58
Аябай керектүү маалыматтар.
Азамат Алтынай.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#6 30 October 2014 - 14:08
Пайдалуу кенешти жазганызга Рахмат! Уланта беринз.........
................
#8 30 October 2014 - 23:13
Окуп билип алдым,эми ресторанга чакырчуу адам табыш керек.))
Кыргызстанга келсең, мен чакырам сени Ресторанга. Чын эле окуп билип алыпсыңбы, ошондо байкайбыз деп койсо.
Т.б. Жакшы маалымат экен. Рахмат Алтынай биз менен, ой бөлүшүп кеткениңизге. ..
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#9 31 October 2014 - 00:03
Чайды шорулдатып ичип,колду шымга сурто аарчып,тамактан кийин идишинди жылуу чай менен чайкап туруп жутуп салсан,накта эркектин маданияттуусуна айланасын.

Супер-Инфо
super.kg
видео