Мийзан(Тараза)
Андан кийин ылайык сыйлык же жазаларын алыш үчүн амалдары кадимкидей,
бирок өтө назик, кылдат жана эки табактуу тараза менен тартылат. Аллах үчүн калыс, шариятка ылайык жасалган иштер андан оор келет. Эң таш баскан амалдар "ла иллаха иллаллах"
келмеси, жакшы кулк мүнөз жана "альхамду лиллах" "субаханаллахи ва бихамдих, сабаханаллахи Азийм" деген зикирлер. Ал жерде адамдар жакшы жаман амалдары жөнүндө өкүм талашышат.
Кабырдын тируу адамга кайрылуусу. Кулагына кумуш сырга!
#22 04 October 2014 - 23:46
Хауз(булак) Кийин ыймандуулар Хаузга келишет. Ким андан ичсе экинчи чаңкабайт. Баардык пайгамбарга арналган хауздар болот. Эң чоңу Мухаммад (с.а.в)га тиешелүү. Анын суусу сүттөн ак, балдан ширин, мисктен жыттуу. Алтын-күмүш чөйчөктөр тегерегинде сансыз жылдыздардай тизилген. Узундугу Иордан менен Адан мамлекетиндей.
Анын суусу Каусар дарыясынан агып келет.
#23 04 October 2014 - 23:55
Ыймандуулардын сыналышы. Хашырдын акыркы күнү каапырлар өздөрү сыйынган кудайларына ээрчип кетишет. Кудайлары аларды бада сыяктуу үйүр-үйүрү менен тозокко ээрчитип келет. Аларды жүзүн жерге ышкаган бойдон тозокко ташталат. Махшар майданында ыймандуулар менен мунафыктар калат. Анан Аллах Таала алардан "эмнени күтүп жатасыңар"
деп сураганда "биз дагы Роббибизди күтүүдөбүз"
дешет. Ал күндү Аллах Таала Куранда мындай сыпаттаган "Ал күндө Балтыр ачылат. Ыймандуулар саждага жыгылат, мунафыктар дагы саждага чакырылат бирок омурткалары катып калгандан улам саждадан алсыз калышат" ("Калем"
сүрөсү. 42-аят) Кийин Аллах Таала аларды Сират көпүрөсүнө алып барат. Ыймандууларга нур берилет мунафыктар нурсуз калышат.
#25 05 October 2014 - 00:12
Сират. Бул-тозоктун үстүнө тартылган узун көпүрө Андан нуру барлар(ыймандуулар) гана өтүшөт. Бирок Аллах каалагандардан башкасы башкалары аябай кыйналышат.
Себеби, Сират көпүрөсү "кылдан ичке кылычтан кескир"(Муслим).
Ыймандуулардын нурлары амалына жараша ар кандай: эң чоңу тоодой, эң азы бутунун баш бармагындай милтилдейт.
Ошо нуруна жараша, амалына жараша өтүшөт: кээ бирлери көз нурундай, чагылгандай,
шамалдай,учкан куштай, тулпардай...
, кээ бирлери жөнөкө улоодой өтүшөт. Ал эми нуру жок мунафыктар аркага кайтышат. Алар менен ыймандуулардын арасына тосмо дубал тургузулат.
Кийин алар дагы чамдап Сиратга бут коюшат жана тозокко кулап кетишет.
#26 05 October 2014 - 00:20
"Түбөлүкө сапар" деген китептен көчүрдүм дагы бар бошогондо жазып өтөм. 
Иий, ушинтсен, озун эле окуй бербей
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#27 05 October 2014 - 20:41
Тозок. Ага каапырлар, мунафыктар жана кээ бир күнөөлүү мусулмандар ташталат. Инсандардын ар миңинен тогуз жүз токсон тогузу тозоко түшөт. Анын жети эшиги бар. Оту дүйнөдөгү оттон жетимиш эсе күчтүү. Азапты жакшыраак сезсин деп каапырлардын терилери күйгөн сайын башкасына алмаштырылып турат. Ичкендери ириң менен кайнак суу, жегендери закум тикенеги. Эң жеңил азапка тартылган каапырдын эки таманына тозок чогунан коюлганда, ысыктын күчтүүлүгүнөн мээси кайнап чыгат!
#28 05 October 2014 - 20:53
Кантара. "Ыймандуулар тозоктон азат болушуп, бейиш менен тозоктун ортосундагы "Кантара"
деген жерге келишет. Ал жерде бири-бирине дүйнөдө жасаган зулумдар үчүн өч-акысын алып берилет. Анан жүрөктөрүндө бири-бирине таарыныч калбагандан кийин бейишке кирүүгө уруксат берилет. Мухаммадтын жана анын Ээсине ант ичип айтамын, алардан (ар) бири бейиштеги жайын, кудум дүйнөдөгү үйүн таап баргандай адашпай таап барат!"
(Бухарий)
#29 05 October 2014 - 21:10
Бейиш. Ыймандуулардын түбөлүк мекени. Сарайлары алтын-күмүш,
шыбагы миск, шагылдары жакут, маржан, топурагы заапаран(крокус).
Анын 8 эшиги бар. Бирөөсүнүн гана узундугу үч күндүк жол. Ошентседа тыгын, толуп турат. Жүз даражасы бар. Ар бир даражанын аралыгы жер менен асманча. Эң жогорку даражасы дайралары шаркырап турган "Фирдаус"
бейиши. Анын шыбы Аллахтын Аршы. Дайралары бал, сүт, шарап жана суу. Чуңкур сай болсобода ага берет, ошондуктан ыймандуу адам каалаган дайрасын каалган тарапка жетелеп кете берет. Багында ар дайым бышкан мөмөлөр ийилген. Бейиштин жаштыгы түбөлүк кийимдери көөнөргүс. Анда заара, кала, какырык-түкүрүк деген болбойт. Бейишчилердин колдонгону алтын тарак, денесинен тер ордуна миск(атыр) чыгат. Аялдары сулуу, бир курактагы кымча бел кыздар. Кызматчылары чачылган берметтердей жаш жигиттер. Бейишке эң биринчи пайгамбарыбыз Мухаммад(с.а.
в) андан кийин башка пайгамбарлар андан кийин башка элдер кирет. Бейиштин эң улуу нээматы Аллах Тааланы көрүү, ыраазычылыгына татуу жана анда түбөлүк калуу!
#30 05 October 2014 - 21:37
Чындыгын да ойлоно турган создор жазылыптыр кабырга даярданып журууну унутпашыбыз керек акыры баардыгыбыз ошол жерге барабыз.
#31 31 October 2014 - 02:16
Менде дагы китептер бар эле бир куну жаза кетпесем,"
кабыр " жонундогу
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева
#32 01 November 2014 - 20:26
Мындайды окудум эле: " Кеткен адам кайра келбейт, келген адам кетпей койбойт".
Ошондой экен, туболугубуз жонундо ойлош керек.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#33 03 November 2014 - 10:40
Негизи, аялзаты коп нерсеге канааттанбайт.

Макул, отунучунузду аткарып, эрте менен эрте турайын да, тытынбастан, жумшак тошокко жатып алып, сиз айткандай, "кайдан ...кантип ... келип чыктым" деп ойлонуп жатайын, тоюс, отурайын. Бир саат, эки саат...макул, кечке отурдум - акыры жообун таптым дейли. Анан ал жооптун кимге кереги бар?! Магабы? Мага - кереги жок.
Андан коро, сиз айткан 2 метр кепинге оролгуча, эртеден кечке озум эле эмес, балдарымдын да жакшы жашаганына шарт тузуп, тытынып эле жургонум жакшы го мага да, башкаларга да.
Сизе да ыраазычылык, спокойно талашып-тартышканыныз учун. Жакшы жатып, жай турунуз!
Макул, отунучунузду аткарып, эрте менен эрте турайын да, тытынбастан, жумшак тошокко жатып алып, сиз айткандай, "кайдан ...кантип ... келип чыктым" деп ойлонуп жатайын, тоюс, отурайын. Бир саат, эки саат...макул, кечке отурдум - акыры жообун таптым дейли. Анан ал жооптун кимге кереги бар?! Магабы? Мага - кереги жок.
Андан коро, сиз айткан 2 метр кепинге оролгуча, эртеден кечке озум эле эмес, балдарымдын да жакшы жашаганына шарт тузуп, тытынып эле жургонум жакшы го мага да, башкаларга да.
Сизе да ыраазычылык, спокойно талашып-тартышканыныз учун. Жакшы жатып, жай турунуз!
Жаратканга шугур келтирип тообо кыл.Сага ырыскыны ким берип жатат?Бир тамчы суюктуктан жаралып,алып, эми бул жакта антип айтканын болбойт да.
#34 04 November 2014 - 14:21
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү.
Кудай барбы, жокпу аны башка темадан улантыңыздар.
Кудай барбы, жокпу аны башка темадан улантыңыздар.
#36 04 November 2014 - 19:28
Чындыгын да ойлоно турган создор жазылыптыр кабырга даярданып журууну унутпашыбыз керек акыры баардыгыбыз ошол жерге барабыз.
Туура,айтасыз. "Кабырдан коркпогула, кабырга даяр эмес экенинерден корккула" деп, ислам аалымдары айтып кеткендей, ар бирибиз кабырга даярданууну унутпашыбыз керек. Тируу кезинде "Жаннаты" деген сыйлык м.н сыйланган ж.а ислам дуйносунун негизги жылдызы болгон, хз Умар ибн алХаттаб р.а деген сахабада, кабыр жонундо эстеп ыйлаганда, сакалдары суу болуп кетчу экен. А биздин даража, ал кишинин бир тал сакалынада тен келбейт, бирок кабырдан беекабарбыз аттаганат. Албетте ихлас ж.а таквачылык м.н окулган Намаз, орозо ж.а ибаадат, солих амалдар, дегеле диндин негизги амалдары, кабырды нурдантат, ж.а сурак беруучу периштелерда адамдын даражасына карап келет дейт тавсирлерде. М: канчалык ыйман, таквачылык, солих амалдар ж.а диний чойродо бекем болуп жургон, ислам илимдуулору учун, ал пеништелер ошончо сулуу, нурдуу ж.а кооз-керемет ундору м.н суроо беришет, арбир унунон рахат алып, кантип жооп бергенини сезбей каласын. А эгер омурундо диний амалсыз, ж.а ибаадатсыз откон адамдар учун, жылан, чаян, ж.а озунун даражасына карап ошондой коркунучтуу, ж.а сурдуу болуп келет. Кудай сактасын.
-Кечки Намаздар (т.а шам, куфтан, багымдат ж.а тахажжуд) кабырды жарык кылып, рахаттуу жайга (Люкс болмого) айлантат дешеттер. Бирок арбир Намаздын озунчо озгочолуктору бийик алхамдулиллаах.
"Хаятул кабри вал барзах" сабагынан учкай геп.
#37 11 February 2015 - 23:43
Охх аябай жакшы баяндар экен,кичине болсо да ыйманды чындай турган,билгендер болсо жазып турганыныздар жакшы болмок.
#38 13 February 2015 - 17:49
"М:канчалык ыйман, таквачылык,
солих амалдар ж.а диний чойродо бекем болуп жургон, ислам илимдуулору учун, ал пеништелер ошончо сулуу, нурдуу ж.а кооз-керемет ундору м.н суроо беришет, арбир унунон рахат алып, кантип жооп бергенини сезбей каласын. А эгер омурундо диний амалсыз, ж.а ибаадатсыз откон адамдар учун, жылан, чаян, ж.а озунун даражасына карап ошондой коркунучтуу,
ж.а сурдуу болуп келет" - Мунун баарын КИМ көрүп, угуп келиптир?..
#40 13 February 2015 - 18:51
"М:канчалык ыйман, таквачылык,
солих амалдар ж.а диний чойродо бекем болуп жургон, ислам илимдуулору учун, ал пеништелер ошончо сулуу, нурдуу ж.а кооз-керемет ундору м.н суроо беришет, арбир унунон рахат алып, кантип жооп бергенини сезбей каласын. А эгер омурундо диний амалсыз, ж.а ибаадатсыз откон адамдар учун, жылан, чаян, ж.а озунун даражасына карап ошондой коркунучтуу,
ж.а сурдуу болуп келет" - Мунун баарын КИМ көрүп, угуп келиптир?..
Сиз деле бул дуйного коруп,угуп келбей келдинизго. Куранда жана хадистерде баары айтылган.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















