Суперстан: Мырзалардын кеңири тараган арыздануулары. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мырзалардын кеңири тараган арыздануулары. Айымдарга кенеш.....

#1 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Мырзалардын кеңири тараган арыздануулары:





Адамдар дайым бир нерсеге нааразы болуп келишет. Түгөйлөрдүн ортосунда да мындай көрүнүштөр кездешпей койбойт. Урматтуу айым, сиздин жигитиңиз же күйөөңүз дагы сиздин дарегиңизге карата кандайдыр бир арызданууларын айтса керек. А сиз билесизби, мырзалар мындай арыздануулар менен бир нерсеге белги берип жатышкандыгын? Эгер сиз алардын арызданууларынын түпкү максатын убагында түшүнүп, баарын жайына келтирүүгө аракет жасасаңыз, экөөңөрдүн чогуу жашооңор андан ары уланаары чын. Ал эми түшүнбөсөңүз, эмне кылабыз, тагдыр ушул деп ажырашып кетишиңер да толук ыктымал. Анда төмөндө, мырзалардын арыздануулары негизи эмнени билдире тургандыгы туурасында болмокчу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1. Сексуалдык жаатта. – «Биздин сексуалдык жашообуз бир түрдүү болуп, адамды зериктире баштады»
Бул сөз менен мырза эмнени билдирип жатат?
Түгөйлөрдүн ортосундагы сексуалдык мамилелерге болгон нааразычылык, «Мен сенин көзүңө чөп салсам, таарынба» дегенди билдирет. Мындай жол менен сиздин күйөөңүз экөөңөрдүн ортоңордогу сексуалдык мамилелер аны канаатандырбай жаткандыгын билдирип, бул нерседен чыгыш үчүн чечим чыгарыш керек экендигин түшүндүрүп жаткан болот.

Мындай учурда сиз эмне кылышыңыз керек?
Алгач сиз маселенин бар экендигин мойнуңузга алышыңыз кажет. Бирок, актангандын ордуна, кайра күйөөңүзгө суроо бериңиз: «А сенде кандай сунуштар бар?» Бул маселе сизди дагы тынчсыздандырып жаткандыгын билдирип, бирок, мындан кантип чыгуунун жолун таппай жатканыңызды түгөйүңүзгө айтыңыз.

Эмнени айтпаш керек?
«Ушундай да болобу? Башка маселелер болуп жатса, сени секс тынчсыздандырабы? » деп айтпаңыз. Себеби, мырзалар үчүн секс биринчи орунда болуп келген, болуп жатат жана боло бермекчи.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

2. Ден соолук жаатында. – «Менин бул же тигил жерим ооруп жатат» деген сыяктуу…
Бул нерсе менен мырза эмнени билдирип жатат?
Эгер сиз башка жумуштар менен берилип алек болуп жатсаңыз, түгөйүңүз мындай жол менен сиздин ага көңүл бурушуңузду каалап жатат. Же болбосо, эгер сиз ага көп жумуштарды тапшырып, аткартып жатсаңыз, ал жумуштардан баш тартуу максатында да айтышы мүмкүн.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Күйөөңүздүн кайсыл жери ооруп жатканын так аныктап, дары берип же Тез жардам чакырып жардам бериңиз. Же болбосо такыр эле ага көрүнбөгөнгө аракет жасаңыз. Бирок, убакыт өткөндөн кийин анын акыбалын сурап коюуну унутпаңыз.

Эмне деп айтпаш керек?
«Арак ичип, тамеки тартсаң, сен оорубаганда мен оорумак белем?» деп айтпаңыз. Бул туурасында күйөөңүз өзү деле билет. Ошондуктан болгону кийинкиде аны бир нерсе кылдырууда алгач ден соолугунун кандай экендигин сураңыз. Дал ушундай учурда эркек «жакшы, жакшы» деп жооп берет. Себеби, сиздин анын ден соолугун сурап, кам көрүп жаткандыгыңыз аны кубандырат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

3. Балдар жаатында. – «Балдарыбыз мени такыр укпай жатат» же «Сен балдарга туура эмес тарбия берип жатасың».

Бул нерсе менен эркек эмнени билдирип жатат?
Ар бир эркек үй-бүлөдө сый-урматка татыгысы келет. Ошондуктан сиз балдарыңызга дайыма алардын атасынын жакшы экендигин айтып турушуңуз зарыл.
Сиз эмне кылышыңыз керек?
Көбүнчө эки муундун мамилесинин кандай өнүгөөрүнө айымдар таасир этишет. Анын сыңары балдарыңардын көзүнчө аларга атасынан жакшы образ калтырууга аракет жасаңыз. Бул нерсени жасоо өтө кыйынга турбайт, себеби, балдар ата-энеси менен сыймыктанганды каалашат.

Эмнени айтпаш керек?
«Балдарды өзүң тарбияла», же «Менин балдарымбы, өзүм билем кантип тарбиялашты». Жада калса күйөөңүз балдарыңыздын өз атасы болбосо дагы, мындай сөздөрдү айтуудан алыс болуңуз. Себеби, арыздануулары менен жолдошуңуз балдарга кайдыгер эместигин билдирип жатпайбы…
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

4. Үй-бүлөлүк бюжет жаатында. «Сен качан акча санаганды үйрөнөсүң?»

Мырза бул нерсе менен эмнени билдирет?
Күйөөңүз чын эле сиздин акчаны кайда сарптап жатканыңызды түшүнбөйт. Ушул эле учурда ал сиздин акчаны туура эмес сарптап жатканыңызга ишенет. Ал эми өзү акчаны туура сарптайм деп ойлойт.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Жолдошуңузга үй-бүлөлүк бюжетке канча каражат келип, кетип жактандыгын жазып турчу дептер ачууну сунуштаңыз. Ал эми айдын аягында чогуу эсептеп, жыйынтык чыгарасыңар. Себеби, көпчүлүк эркектер үйгө керектүү майда-чүйдөлөргө эле канча акча сарпталарын биле беришпейт. Ал сыра менен тамекиге кетип жаткан акча көп деп эсептеши мүмкүн.

Эмнени айтпаш керек?
«Мен акча көп сарптабайм, а сен аз акча табасың» дебеңиз. Себеби, жолдошуңуз өзү деле канча акча табаарынан кабары бар.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

5. Жумушта кармалганыңыз туурасында. - «Жумушта ушунча да кармаласыңбы? »

Бул нерсе менен эркек эмнени билдирип жатат?
Жолдошуңуз өзүн жалгыз сезүүдө. Ал сиздин жумушуңуз үчүн кереги жок нерсеге айлануудан коркот.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Жумушуңуз туурасында кыскача айтып берип, андан кеңеш сураңыз. Сиздин башкы милдетиңиз жолдошуңузду сиздин жумушуңузга кызыктыруу. Сиздин жумушуңузга кызыгып алгандан кийин, ал эч убакта сизди жумушуңуздан кызганбай калат.

Эмнени айтпаш керек?
«Эгер мен иштебесем, кайсыл акчага жашайбыз?»
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

6. Убакыттын тардыгы туурасында. – «Мен сени менен дүкөнгө барууга такыр убактым жок».
Муну менен эркек эмнени билдирип жатат?
Биринчиден анын жумуштары толтура. Анан ушундай учурда сиз дагы дүкөнгө бар дейсиз. Экинчиден дүкөнгө баруу эркектер үчүн такыр кызыксыз. Сиз деле футболго же бильярдга барууга убакыт таппайт болчусуз да…

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Алдын ала жолдошуңуздун кайсыл мезгилде кандайдыр бир иш-чарага сиз менен барууга убактысы бар экендигин сурап, билип алыңыз. Бирок, кайсыл убакыт экендигин так белгилегиле.

Эмнени айтпаш керек?
«Сен, мен бир нерсе десем эле бош эмес болуп каласың». Мындай сөзгө сиз да терс жооп угаарыңыз талашсыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

7. Достор жана туугандар жаатында. – «Мен сенин курбуларыңдан тажадым» же «Сенин апаң дайым биздин жашоого кирише берет».
Бул нерсе менен эркек эмнени билдирип жатат?
Үйдөгү маселелерге дос, туугандарыңызды аралаштырганыңызды жактырбайт.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Сиз чындыгында үй-бүлө маселелерин ачыкка чыгарып жатышыңыз мүмкүн. Себеби, көпчүлүк айымдар ушинтишет. Ошондуктан үйдөгү маселелердин сыртка чыкпашы үчүн чек коюңуз. Ал эми эгер сиз курбуларыңыз менен сырдашмайын жашай албасаңыз, анда курбуларыңыз ал нерселерди эч кимге айтпашын эскертиңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

8. Өзүнүн жумушу туурасында. – «Бүгүн шеф мени менен катуу сүйлөштү»
Бул нерсе менен эркек эмне айткысы келип жатат?
Ал сиз менен ой бөлүшкүсү келип жатат. Аны колдоп, укчу адам керек. Айрым учурларда мырзалар ушундай көрүнүштөр менен жумушунун аябай жоопкерчиликтүү экендигин билдиришет.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Анын арызданууларынын баарысын кунт коюп угуңуз жана колдон келген моралдык жардамыңызды бериңиз.

Эмнени айтпаш керек?
Сиз да ага кайра өзүңүздүн арызданууларыңызды айтпаңыз. Себеби, учурда мырза бирөөнүн маселелсин укпай, өзүнүнүкүн айткысы келип жатат. Кырдаалга анализ дагы бербеңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Feijipiao   23 Август 2014 - 11:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

9. Сиздин ашканадагы жөндөмүңүз жаатында. – «Мен дүкөндүн тамактарын жей берип тажадым».
Бул нерсе менен эркек эмне айткысы келип жатат?
Ал жөн эле үйдүн ысык тамагын жегиси келип жатат. Себеби, эркектер ачка болгондо жок нерседен да ката таба беришет.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Эгер жолдошуңуз чын эле ачка болсо, даамдуу тамак жасап, курсагын тойгузуңуз. Ал эми кийинки күнү тамак жасаганга жардам берүүсүн сунуш кылыңыз. Анткени, экөөңөр жасаган тамакты жолдошуңуз эч убакта жаман дей албайт. Себеби, ал тамакты ал да кошо жасашкан.

Эмнени айтпаш керек?
«Мен сага дайыма эле даамдуу тамактарды жасап берчүдөй ашпозчу эмесмин». Себеби, жолдошуңуз тамак даярдоо сиздин ыйык милдетиңиз экенине ишенет. Сиз тамак жасаганды жаман көрөрүңүздү да жолдошуңузга түшүндүрүүнүн кереги жок. Ошондуктан жок дегенде төмөнкү беш сөздү айткандан алыс болуңуз:
- Сен баарына өзүң күнөөлүсүң
- Мен сага эскерткем!
- Сен дайым баарына нааразысың!
- Кичинекей балдардай болуп наалыбачы!
- Менин башка да жумуштарым толтура!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Angelina01   23 Август 2014 - 14:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 04 Август 14
  • Соңку аракети: 18 Окт 2014 23:16

Жакщы кенеш экен. Рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   begisha   26 Август 2014 - 15:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 18 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Журокко сактап...келечекте колдонуучу эн сонун кенештер экен...рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Jypargul   28 Август 2014 - 15:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 12 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Май 2016 09:37
  • Жынысы:Аялзаты

Турмушта кездешчү абалдар го , мээге түйүп алчу кеңештер экен . Рахмат ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Apyyke   28 Август 2014 - 16:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 236
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 13:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мыкты кенештер экен. Мен ушундай эле аткарат экенмин. Болгону бир эки пунктунда тескерисиче аткарып коет экенмин.
[size="2"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   30 Август 2014 - 02:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Муну жаттап алуум керек экен.рахмат Фейжи кыз!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Ноябрь 2014 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бул дагы эске тутчу маалыматтар. Тема ача бербей ушул эле жерге жайгаштыра берейин.

Айтылбай турган сөздөр:

Айымдарга караганда күчтүү дегенибиз менен мырзаларда алсыз жактар көп кездешет. Кыз менен жигиттин ортосунда байланышты үзбөй кармап турууну каалагандар алсыз жактарга тийбей эле койгонуңуз дурус. Төмөндө эркектер менен болгон мамиледе кайсы жактарды айтпаш керектиги тууралуу азыноолак маалымат.

1.Энесин сындабаңыз. Эч убакта эне-баланын ортосуна түшүп, энесин сынга албаңыз. Мырзаңыз кызуу кандуулукка алдырып, энеси тууралуу жаман айтса да "унчукпаган үйдөй балээден кутулат дегендей" унчукпастан жылмайып кутулуңуз. Болбосо "сага кошулбайм" деп гана койгонуңуз дурус.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Ноябрь 2014 - 12:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


2.Жоролорунун жоруктарын айтпаңыз. Эгерде жигитиңиздин жакын санаалаш достору кандайдыр бир мамиле курууну сунуштай турган болсо, досунун өзүн гана уяткарып койгонуңуз эп. Эч убакта жигитиңизге "сенин досуң айтып атат" деп айтпаңыз.

3.Көзгө чөп салган учурларыңыз тууралуу сөз козгобоңуз. Анткени, өнөктөшүңүз сизден шек санай баштайт. Чоң чырдын башы болгон кызгануу пайда болуп, "мага да мурунку жигиттериндей мамиле жасап жатабы" деп артыңыздан түшө баштайт.

4.Кемчилигин айтпаңыз. Эркектер эч убакта чындыкты угууну каалашпайт, андыктан таттуу калпты катырып, сексуалдуусуң, сенден өткөн мыкты жок деп айтып турушуңуз керек. Анын кемчиликтерин бетине айтып оңдойм деп убараланбаңыз, андан көрө өзүңүз билгизбей оңдогонго аракет жасаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Ноябрь 2014 - 12:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

5.Ишеним артыңыз. Сүйүктүүңүз асмандагы айга учам десе ишенбесеңиз да ишенгендей түр көрсөтүңүз. Кандай иш алып барбасын сизден колдоо күтөөрүн эсиңизден чыгарбаңыз.


6.Жакын адамдарыңыз түгөйүнүн көзүнө чөп салып жаткандарын билдирбеңиз. Кыргызда "досуңду көрсөт, ким экениңди айтайын" дегендей эле мырзаңыз сизди да досторуңуз жасаган кадамдарга барат деп шек санайт.

7.Таштап кетем деп коркутпаңыз. Өнөктөшүңүздүн ортоңордо катуу чыр чыккан күндө да аны таштап кетем деп айта көрбөңүз. Себеби, анын оюнда сиз убактылуу гана пайдаланып, кыялыңыздагы мырзаны тапканча эрмектеп жүргөндөй туюлат.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Ноябрь 2014 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

8.Мурунку жигиттериңиз менен сүйлөшкөндүгүңүздү ачык айтпаңыз. Жигитиңизге чейин сүйлөшкөн мырзаларды бир гана ирээт айтканыңыз жетиштүү. Эгерде жигитиңиз өзүнө чейин канча жигит менен сүйлөшкөнүңүздү сурай турган болсо, үчтөн көп да, аз да сан айтпаңыз. Муну айтуу менен сиз аны өзүн сүйүктүү сездире аласыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Zamknutaya92   07 Ноябрь 2014 - 15:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 14 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2015 14:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал абад

Ааиии бул кенештердин баарын аткарсак анда идеалдуу келинчек болобуз го. Тилекке каршы анча мынча создор чыгып кетет экен. Эми кенештерди пайдаланып кором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 00:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: