Суперстан: Жыландын өчү же энелердин трагедиясы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын өчү же энелердин трагедиясы Бурул Самиева

#21 Пользователь офлайн   pro100.jumka   01 Ноябрь 2014 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Мар 2015 23:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.ш

Анан

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Bogotik   01 Ноябрь 2014 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

kana

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kanyshaikg   01 Ноябрь 2014 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

– Тээ түн бир оокумда гана аттын дүбүртү угулуп, үйдүн жанына келип токтогонго окшоду. "Ким болду экен?" – деп обдула тура кала берээринде эшик шарт ачылып кошунанын баласы Керим кирип келди:


– И, жайсыңбы? – Адыл тигини тиктей калды:


– Айылда сизди чакырып жатат. Гүлүм жеңем ооруп калыптыр:


– Кантип ооруп?: Ал кечээ эле үйдө соо эмес беле?:


– Билбейм, сизди келсин дешти: Мени малды карап тургун дешти! – деди энтиге Керим.


– Түшүнбөдүм, Гүлүм кантип кыштакка барып калды бала менен?


– Баласы жок го!


– Эмне дейсиң?:


Анан ачуулуу Керимди каарый:


– Ээ, сен: сен: дениң тазабы ыя!: Баласы жок дегениң кандай?


– Баласын көрбөсөм эмне кылайын?!:


Керим күнөөлүүдөй башын шылкыйта туруп калды. Адыл шашкалакай, эшик жаппай аттай-буттай жете Керимдин колундагы камчыны сууруй шарт чыгып кетти: Жолдо карата солкулдап келген ат үстүндө: "Деги соо эмес го? Кантип кыштакка барып калды? Балага эмне болду?: Же бала сыркоолой калып айылга жетип бардыбы?: Айтор, санаасы санга бөлүнүп, тезирээк эле жетсем экен дегенсип кашаң атка олдуй-солдуй камчы басат. Өткөн жумада түш көргөн: Деги Кудай сактасын" , – деген Адыл айылга да келип жетти. Үйгө да кирди: Төшөктөгү Гүлүмдү тегеректей отурушкандар Адылды көрө четке чыга беришти: Адылдын үнү буулуп:


– Эмне болду?! – дегенге араң жарады: "Ноокастап жатат", – деп бирөөлөр күңк эткендей болду.


– Бала кайда? Адылдын үнү каар менен чыккандай болду.


Адылды көргөн Гүлүм колдору менен көздөрүн баса эчкире ыйлап жиберди:


– Кел уул, отурчу мындай! – деп ордунан тура кетти жеңеси Калыйча.


– Айткылачы бай болгурлар! Эмне болуп атат бул үйдө?:


Гүлүмгө кайрылып:


– Гүлүм, сен бул жерде эмне жатасың? Бала кайда? – деп буулуга үн катты.


– Шашылба, Адыл балам, акыл калчап ой токтотолу. Алла-Таала берген баласын кайып кылып жибериптир! – деп жай сүйлөдү тиги төрдөгү аксакал. "Дүйнөдө! , – деп баштады андан ары молдо Өмүр, – көп нерселер, кубулуштар бар болот экен, сыйкыр деген чоң касиеттүү, укмуштуу болот турбайбы. Кадимки жомоктогудай окуя болуптур. Ордолуу жыланга тийип коюпсуңар. Ордону Эне жыланы башкарат. Ага бүт ордонун жыландары кыңк этпей баш ийишет. Тиги Ош жакта Абыт деген жылан менен арбашып тилин билген карыя бар дейт. Ошол кишиге ат чаптырдык. Кудай жолду ачып ал киши келип берсе:


– Деги, айткылачы, бала кайда? үнү диркирей чыкты Адылдын.


– Айтып атат го бул молдокем. Жылан Эне сыйкырлап наристени алып кетиптир. Эми кун төлөп баланы сураш керек", – деп "чарр" этти белем молдонун жанында отурган байбиче. Адыл тып басылды.


– Эл-журтуң бар. Сабыр кыла туралы.


– Сыртынан "абалап" үргөн иттин добушу угулуп эки жигитти ээрчите Абыт карыя кирди. Бардыгы салам айтып ордуларынан шапа-шупа тура беришти. Босогону камчысы менен: "Мен келдим, кач! – деп бир чапты да, эки жагын карабастан төргө өттү: отургандар Абыт карыядан кандай ылаажы болор бекен дешип бир азга демдерин ичтерине алып отурушту.

Билдирүүнү түзөткөн: kanyshaikg: 01 Ноябрь 2014 - 21:32

Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   DaRhaN.   01 Ноябрь 2014 - 21:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Кана калганы автор улантын эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   kanyshaikg   02 Ноябрь 2014 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

– Баарын уктум. Окуя болор күнү эле менин кишилерим мага кабарлашкан: Эмнеси болсо да жерине барып чечели, жыландардын каары жаман. Ачуусу келсе бүт айылды жок кылат. Алардын астынан өтүш керек. Алар адамдан акылдуу. Гүлүм балам акылсыздык кылыптыр. Бир кой, бир эчки, бир кап ун, бир чака айран же сүт алалы. Баралы да Эне жыландан кечирим сурап көрөлү. Макулсуңарбы? ! – деп үнүн бийиктетти. Отургандар ордунан козголо, азыр эле чуркап барчудай болуп: "Макул, биз макулбуз" , – деп жалооруган кейипте Абытты жалдырай карашты:


Эртеси айылдан үч-төрт киши баш болуп, Адыл Абыт менен өзү жайлап турган жайлоону көздөй бет алышты. Күн аптап болуп, ылаалаган аттар кошкуруп, эптеп басыгын улантууда. Үстүндөгүлөрдү уйку басып, көздөрү бири бирине жабыша калгандай: Анан калса көз божомолдо карыш эле болуп тургандай жер оо бир узак болду бейм: Адыл үйгө жакындаганда: "Оо, Зарлык балам, кайдасың, каралдым? – деп өкүрүк салгандай муңкана үн чыгарып ыйлап жиберди.


– Ой кантет? Ошо да болчу беле? Жамандыкка жоруба.


Кептин баары буйрукта, буйругу жок болсо айла жок. адамды ошого чыдоого жараткан Алла-Таала! – деп, үнүн бакылдата атын бир теминип койду Абыт: Шордуу Адыл анан кантмек эле, ый чыгарбаган, сөөк сыздабаган да жорукпу?: Боз үй жакка келгенде Абыт атынын башын тиги эски коргон жакка буруп:


– Унду тиги дөбөнүн жанына алып баргыла, – деп өзү алга бастырды. Бир кезде:


– Болду ошол жерге түшүргүлө да оозун ачып койгула! – деп аптыккан түрдө атынын тизгин чылбырын бир силке бош коө берди да тигилер каптагы ундун оозун чечип койгон жерге басты.


– Аксакал, мингениңиз таза карматпаган кокуй неме эле, – деди тиги жигит. Кармай туруңуз дегендей чебеленди эле:


– Эми ал ат качаган болбой калган, – деп сырдуу үн катты:


– Кантип эле качаган ат Абыт мингенден кийин эле жоош боло калсын, – дегендей ой бирөөндө да болгон жок:


– Эми силер тиги боз үйдүн жанына бара бергиле. Баланын атасы Адыл гана калсын биерде! – деп буйрук салды. Каптагы унду кочуштап туруп, кыбылага үч жүгүнүп чөптү аралата чачып жиберди. Анан чыгышты, анан түндүк менен түштүк жакты карап туруп да ошондой эле ырым жасап, унду чачты да Адылга карап:


– Эми, мен жасаганды атасы сен да жаса. "Кечир, жылан Эне, кечир деп айткын, – деп буйруду. Адылдын колдору калтырап Абыт айткандай жасады. Бир маалда Абыт үйдү карап, мандаш токунуп отуруп үн чыгара дуба окуй баштады. Негедир айлана өзүнчө тынчып, чурулдап сайрап аткан чымчыктардын да, "шыкы-шыкылдап" аткан чегирткелердин да үнү басылып калды. Барган сайын айлана сүрдүү көрүнө баштады. Абыт аке тынбай күбүрөп, жанынан бычагын алып ундун үстүнө койду. Бир маалда боз үйдүн тегереги күндүн нуруна чагылыша шүүдүрүмгө окшошуп жалтылдап Абыт акени көздөй шуулдаган доош чыгарып дайрадагы толкундай өбөктөшкөн жыландар келе жатышты. Тегерете чачылган ундун жанына солдаттардай башын көтөрүп туруп калышты. Аларды көргөндө жакаларын кармаша эстери ооп жалдырама тийгендей тиктешет. Абыт болсо үнүн чыгарып тынбай бир нерселерди окуп, бешенесиндеги тери буурчактай болуп төгүлүп агып жатты. Бир маалда тиктеп турган жыландарга жан киргендей эки бөлөк жол ачып туруп калышты. Ошондо гана боз үйдүн ичинен бир кулач кара чаар жылан сойлоп чыкты. Аны көргөн Абыт тизелей отура калып жанын үрөп маарап жаткан кой менен эчкини туура тарта даярдаган бычагы менен мууздап жиберди. Кан болсо диркирей агып жол ачкан жыландарга чачырап турду. Кара чаар жылан акырын сойлоп келип, Адылды тиктеп туруп калды. Ошондо шашып кеткен Абыт биринчи болуп канга сөөмөйүн салып тилине тийгизди. Андан кийин кара чаар жылан канга башын тийгизгенде жыландар да канга башын салышты. Бирок бир жылан Адылды тиктеп тура берди. Кечирим сурап ийилип жаткан Абыт жанындагы ундан уучтай кармап: "Кечир! " – сенин балаңдын күйүтү биздин да күйүтүбүз. Балалык кылыптыр: Сенин урпактарыңа мындан кийин эч ким тийбейт. Ак бололу! Ак чачайын! Кечиргиле! " – деп жыландан суранып ундан чачты. Күйүт тарткан жылан кадимкидей көзүнөн жаш агызып тиктеп турду да шарт бурулуп артын карай сойлоп жөнөдү. Артынан агыла, жалтылдап жардап турган жыландар да аны менен кошо кетти. Бир саатка чейин шуулдаган жыландардын үнү басылган жок. Абыт аке дагы эле болсо күбүрөп жатты. Качан гана айлана тынчыганда тизелеп отурган Абыт аке чалкасынан жыгылып түштү. Жанындагы молдо менен Адыл эсине келип Абыт акени кармай калышты. Тоонун этеги менен шамал кылып:
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Leo.   02 Ноябрь 2014 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Kachan jazasyz???
Kyzyk jerina kelgrnde svet ochup kaldyyy :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   kanyshaikg   02 Ноябрь 2014 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

– Токто, эс алсын: жыландын сүрү да жаман: Суу да жаныбызга алып албаппыз. Эс алсын кичине. Мындан кийин эмне кылышты өзүнөн сурайлы, – деп молдо олтуруп калды. Баары оор нерседен кутулгандай үшкүрүп, жалдырап Абыт акени тиктеп турушту; оо бир маалда эсине келип:

– Кана эми, аксакалдар! Жылан өтө күйүттүү. Кечирбей жатып зорго кечирди. Жыланын баласын өлтүрүп эле койбостон өрттөп салган го, чамасы, баланын сөөгүн бербейт, бирок кечирди. Боз үйдү биерден көчүрүп кетүүгө макул болду. Эми баралы, – деп ордунан турушту. Адыл эч нерсени укпай баласына жетишке ашыгып жатты. Үйгө да жетишти. Босогону аттап: "Зарлык! " – деп кыйкырып алды. Бирок бешик калып Зарлык жок эле. Ал эми буюмдар өз ордунда турат. Баары баланы жылан өлтүрүп салса керек деген ойдо болушкан эле. Жада калса бөлөнгөн бешиги бош болчу. Адыл: "Бала кана, балам кана?!" – деп Абыттан сурап жатты. Ошондо гана Абыт аке:

– Адыл, кайрат кыл. Балаң эми табылбайт. Малдарды, үйдү көчүрүп кеткиле. Эми бул жер ыйык болуп калды. Балаңды издесең да таппайсың, – деп молдого баш ийкеди. Молдо тизелей отуруп "куран" окуду. Баары "курандын" окулушуна кулак төшөп, бата кылышып үйдү чече башташты. Тез эле айылга кирип келишти. Адыл үйүнө жете электе чоң кишиге өкүргөндөй өкүрүп ыйлап түштү. Ыйлабаган адам да ыйлап Зарлыкты жоктоп жатышты. Адыл өзүн коөрго жер таппай улам-улам үшкүрүп, өзүн кечире албай башын койгулап, жүрөктү сыздатып кошок кошуп ыйлап жатты. "Баары бир баламды табам. Ал кайда болду экен? Аман болсо экен, мүмкүн табылып калар", – деп баласынан айрылганына ишенбей жатты: Көз алдында баласынын бу-булап умтулуп, эркелеп жатканы тартылган сайын сай-сөөгү сыздап муңканып ыйлайт. Ый салбаска арга барбы, колдон учуруп жиберген кушундай болуп муңкануу жүрөгүн эзип жатса:
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   DaRhaN.   02 Ноябрь 2014 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Сураныч автор жазып кой,жалдыратпай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Aalam-meikin   02 Ноябрь 2014 - 12:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 07 Июнь 14
  • Соңку аракети: 12 Янв 2015 22:31

Аябай кызыктуу экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   snegurochka11   02 Ноябрь 2014 - 13:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 03 Февраль 14
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан 11000км алыста

Айиий жыландар озу аябай кекчил болот дешет го! Озу эле коркот элем жыландан эми козумо жип жатса да жыландай корунуп кетип жатат тообо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   snegurochka11   02 Ноябрь 2014 - 13:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 03 Февраль 14
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан 11000км алыста

Баласына жалко(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   snegurochka11   02 Ноябрь 2014 - 13:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 03 Февраль 14
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан 11000км алыста

Качан улантат болду экен автор?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Bogotik   02 Ноябрь 2014 - 14:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

ulantyn

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   kanyshaikg   02 Ноябрь 2014 - 19:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Убакыт өткөн сайын турмуш да өзгөрүлө баштады. Зарлык жыландар менен жашоосун өткөрүп жатты. Жыландардан айырмасы бет түзүлүшү адамга окшош, жыландын терисин башына кийгизип койгондой өзүнчө өзгөчөлөнүп турат. Жылан Эне Зарлыктын жанынан карыш жылбайт. Экөө дайыма бирге, жатканда да бирге жатышат.

Зарлык көбүнчө карагат менен бүлдүркөндү жакшы көрөт. Андан кийин кымыздык менен ышкынды жактырат. Эне жылан да Зарлыктын сүйгөн тамагын жедирет. Чоңойгон сайын башка жыландардан чоң болуп өзгөчөлөнө баштады. Түшүндө дайыма адамга айланып, адамдардын арасында ойноп жатканы көп түйшөлтөт. Адамдар менен аралашып ойногусу келет. Бирок жылан Эне адамдарга жолотпойт. "Алар сенин бир тууганыңды өлтүрүп коюшкан. Бизден коркот, барбагын, өлтүрүп коөт", – деп кулагына кумдай куят. Баласын коргоп Эне жылан анын жанынан такыр чыкпайт. Барган сайын Зарлык чоңоюп ордого батпай бара жатты: Жыландар кеңешип үч ордого бөлүнүштү. Ордодогу алтынды да үчкө бөлүшүп, Зарлык менен энесин ордого калтырышты:

* * *

Күн өткөн сайын Гүлүм оңоло баштады. Бардык чындыкты өз оозунан угушту ата-энеси. Жыландын заары өтүп калганбы баштагы сулуулугу жоголуп чаар бетке айланган. Айыл ичи бүт дүңгүрөтө кеп кылып, кийин токтошкон. Баары негедир Гүлүмдү жыландын баласын өлтүргөнгө жана баласын жыландарга таштаганына бир жагынан жек көрүшсө, бир жагынан аяшат. Пенде экенбиз да, эл Гүлүм атын унутушуп "Залим, Залимкан" – дешип ат коюп алышты. Башта "Залимканчы" дешип жашыруун айтса, эми ачык эле "Залим" деп айта турган болушту.

Убакыт өтүп жатты. Бир гана кыймылга келген жер шары менен убакыт эч токтобойт. Баары биринин артынан бири куушуп, күндүн кандай тез өткөндүгү да билинбейт. Гүлүм Зарлыктан ажырагандан кийин Адыл экөөнүн турмушу супсак боло түштү. Бирок Адыл баштагыдай Гүлүмдү таштап көпкө жүрө албайт. Анткени үйүн дагы эле болсо жыландар каптап келе жаткандай коркунуч бийлеп, эртелеп эле жумушун бүтпөй тез келүүчү болгон. Гүлүмдүн боюна бүткөндөн баштап мурункудан бешбетер айланчыктап чыкпай калган. Анча-мынча иш үчүн эле дүкөнгө барбаса Гүлүмдүн эле жанында: Мынакей күткөн убакыт да келип, Гүлүм дагы уулду болду. Адылга сүйүнчүлөп чыккан кемпирди кучактап өксүп ыйлап жатты: Кудайга миң мертебе ыраазычылыгын айтып, сүйүнчүгө чөнтөгүндөгү акчасын кемпирге кармата салды. Кубанычы койнуна батпаган Адылдын ыйы да токтоду. Бул ый бир жагынан Зарлыкты жоктоо болсо, бир жагынан сүйүнгөнүнөн ыйлап, наристеге жалынып-жалбарып жатты. Баланын өмүрүнүн узун болушун тилеп бир коюн "түлөө" батага чалды: элдин баарын чакырып жентек берди. Эл батасын алып, баласынын атын Тумар койду. Бирок Зарлыктын орду бош болуп өзүн жоктотуп турду. Адыл баласын Гүлүм менен кошо бапестеп багып, баласы да чоңоюп үйдүн супсактыгы жоголуп кайрадан үй ичи "базарга" айлана баштады:

Гүлүм экинчи балалуу болгондон кийин бир аз оңолуп, баштагыдай түнттүгү кетип, баласына эт-бети менен түшүп айланчыктап кароодо. Баарыдан мурун бүгүн да тиги Зарлык баласы түшүнө кирип чыкты. Адыл да түнү бою түйшөлүп жакшы уктабады. Кулагына Зарлык: "Ата, мени алып кетчи", – деп жыландардын арасында колун созуп чакырып ыйлап жаткандай болот: Жыландардан ажыратып, сууруп алам деп канчалык чуркаса да чуркай албай "Зарлык! " – деп кыйкырган боюнча жетпей кала берет: Өзүнүн кыйкырган доошунан өзү чочуп ойгонуп кетмейи да бар. Баласын эстеп от болуп күйүп, ичи ачышып өксөп- өксөп ыйлап алат: Бир күнү ойдо жоктой: "Токто, мен баламды издешим керек. Ал тирүү, ошон үчүн мени чакырып жатат, баламды табышым керек. Сөзсүз табам!" – деп ордунан туруп даярдана баштады. Гүлүм эч нерседен бейкапар баласын кучактаган боюнча тынч мемиреп уйкуда жаткан эле.

Адыл түз эле жайлоону көздөй жөө жөнөдү. "Мейли жыландар менен кармашсам кармашайын. Мүмкүн кечирим сурасам баламды кайра берер: Азыр чоңоюп калды го. Кандай гана караан күнгө туш келдим? Атаны кокуй балам ай! Аман болсоң болду эле: Сени канчага дейре издеп жүрөр экенмин?: Сени табамын балам, сөзсүз табам! – деп жан дүйнөсүн артка салып күйттүү келе жатты. Жыландарга ырым жасаш үчүн ун менен айранды көтөрүп алган. Зарлыкты жоготкон баягы конушуна барды: айлана-чөйрө көрктүү. Бул жерге эч жан жолобогондой жымжырт: бардыгы өз ордундагыдай. Арча менен карагайлар сырдуу тикирейише: "Ии, келдиңби кайра", дегенсип тургандай. Адыл сыдыра соккон салкын жел этек-жеңди жулмалай эркелигин койбой турат: күн чайыттай ачык. Бир гана жок издеп жүргөн Адылдын жүзү бүркөө, жүрөгү жаралуу. Бүт "Кемпир-Таш жайлоосун тегерете айланып келип, эски журтуна электене эс алып отурду. Өзүнчө айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп анын кооздугуна суктана карайт. Зарлыкты эстегенде жүрөгү түрсүл ура бүткөн бою нымшып, карекетерине жаш толо туруп калат. бүгүн эски журтта түнөөнү каалады. Мүмкүн Зарлык табылып калар деген ишенимден чыга албай, ат кулактан жулуп келип астына төшөп жатып алды. Кандай болуп уйкуга көзү илинип кеткенин Адыл сезбеди. Бирок түшүнө Зарлык дагы кирди.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   02 Ноябрь 2014 - 19:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Мына эми кызыгына жетти эртерээк эми авторчик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   kanyshaikg   02 Ноябрь 2014 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Таң агарып калганда шыртылдаган доошту угуп: "Зарлык! " – Баласы келип калгандай эки жакты элеңдей карап, өзүн эттияттап, чочутуп албас үчүн башын көтөрүп нес болуп туруп калды. Маңдайында аны карап башы адамга окшош билектей жоон жылан тиктеп туруптур. Аны көргөн Адыл өзүн жоготуп, эмне кылышын билбей жалдырап туруп калды. Анан барып эсин жыйды. Жыландар менен бирге жашагандай болуп тиги менен сүйлөшкүсү да келди. Жылан болуп кубулуп турган эме Зарлыгым болбосун деп да койду. Башына жаздаган ун менен айранды алып, жыландын жанына коюп, кечирим сурап атты. Ал эми жылан болсо Адылдын койгон ун менен айранына баш тийгизип, Адылдын жалбарып, көзүн жумуп сүйлөп жаткан сөзүн укпастан кандай пайда болсо ошондой жок болуп кетти. Кулагына Зарлыктын ыйлаган үнү жакын эле жерден угулгандай баланын добушу жаңырып жатты. Шашканынан "Зарлык! , Зарлык! – деп кыйкырып кирди. Бирок дагы эле баланын үнү жок тынчып калды. Бир гана тегеректе курчалган тигил аскалар "Зарлык! " – деп кыйкырыгын Адылдын үнүнө үн кошуп жаңырып жатты. Аттиң дүйнө, баланын күйүтү ушунчалык белем!:

Күндө Зарлыкты издөө барган сайын өнөкөткө айлана баштаган. Айыл ичи Адылдын балалуу болсо да Зарлыктын издешин туура көрүшпөдү. Анын күндө тоо аралап, Зарлыкты издеп жүдөп кеткени аянычтуу эле. Гүлүм да Адыл Зарлыкты таап келчүдөй эшиктин алдында Тумар экөө жол караганы караган. Анткени үмүтү чоң болчу. Бул жосунсуз жорук айыл ичиндеги аксакал Өмүр молдого жаккан жок. Адылдын күндө издеп, өң алеттен азып, кирпиктен тартса жыгылчудай болуп калыптыр деп, атайын Гүлүмдүн үйүнө бастырып келди. Гүлүм Тумар менен күйпөлөктөп, күнүмдүк турмушу менен алектенип, үйгө келген кишини да байкабады. Ал Тумар менен өзүнчө сүйлөшүп жатты:

– Атаң Зарлыкка кетти, ал сенин байкең болот. Сөзсүз Зарлыкты таап келет. Ошондо экөөңөр ээрчишип алып ойнойсуңар. Мен силерге сонун оюнчук алып беремин", – деп эркелетип өпкүлөдү да, тунжурай ойго батты: Өмүр молдо чочутуп албайын деп тамагын кыра жөтөлө сөз баштады:

– Айылдан ушак уктум. Адыл кара чаар жылан менен тамак ичип кадимкидей сүйлөшүп отуруптур. Көрүп алып аябай корктум", – деп айыл ичинен бир аксакал эле киши айтып барганынан кийин өзүмдү токтото албадым. Өзүм барып көрүп, оозмо-ооз сүйлөшөйүн деп атайын бастырып келдим. Жылан деген жылан, кекчил неме. Илгери бир койчу ордолуу жыландын баласы экенин билбей өлтүрүп алат. Ошондо жыландын баары тегеректеп келип өч аламын дегенде от коюп өрттөп жиберет жыландарды. Арасында бир жылан учуп чыгып аман калат. Бала-чакасын ээрчитип алып, журт которуп башка бир алыс айылга көчүп жөнөйт. Ошондо койлорду баштаган серкенин мүйүзүндө кичинекей ак жылан оролуп жүрөт дейт. Аралап бара жаткан айыл аксакалдарынын ичинен бир кишиси:

– Балам, ордолуу жыланга тийишип алыпсың, жылан сенден өч алыш үчүн азыр күчүн топтоп жатыптыр. Анын бирөө эле миң жыландын күчүнө татыйт. Сен кыл арканды тегерете курчап алып жат. Андан кийин жети нанды катар кой. Калың, пахталуу кийим тиктирип кий. Эртең күн ысыганда чак түштө сага келет. Мен айтканды туура аткаргын" – деп, – жолуң болсун деп батасын берет. Түнү менен даярдык көрөт. Кудайга жалынып жоого кетип бараткандай аксакал кишинин айтканындай даярданып, чак түштө жолго чыгат койлорун айдап. Ошондо маңдайынан жаанын огундай зуулдаган доош чыгат. учуп келе жаткан бир нерсени көрөт. Ал жылан экен. Шак эле эркечтин мүйүзүнө оролуп кете берди. Түн да болду дейт. Ошондо кыл арканды жети жолу айланта таштап салат да, даярдап алган нандарын тизип коөт экен. Ошондо кыл аркандан өтө албай, нанга уусун чачып, жетинчи кум аралашкан нанга ачуусу менен сугунуп кана өлгөн имиш. Мына ошентип аман калган дейт.

Мындайды башта кулагыбыз эле укчу азыр сенин балаңдан кийин баарына көңүл бура баштадык. "Жылан дегенден жүрөгүбүз зыркырайт. Балаң баладай эле болсочу. Баарыбыздын эстегенде жүрөгүбүз канап кетет. Ата-а айланайын балам ай!: Сен эси бар жансың. Тиги Адылды токтот. Ал ордолуу жыландар жакка барбасын. Жинди болгон немедей талаа-түздө жүрө берген да киши болобу?: Буга кандай дейсиң, кызым? – деп кепке бурду. Ортодо шуркурата уурталган ысык чайдын доошунан башка үн-сөз жок:
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   DaRhaN.   02 Ноябрь 2014 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Кутуп жатам автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Ноябрь 2014 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Автор сураныч жазагойчу куттурбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   peri9696   03 Ноябрь 2014 - 03:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 04 Апрель 14
  • Соңку аракети: 30 Дек 2014 17:19

Мумкун болушунча батыраак жазынызчы. Бизди куттурбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   kanyshaikg   03 Ноябрь 2014 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Гүлүм Адылды кантип токтоторун ойлонуп жатты. Бирок жүрөгүндө Зарлык дагы эле болсо табылып калчудай ишенич өчпөдү. Ырас эле өткөндө Адыл сени менен жолуккан жылан кандай эле? Мен бир жылан менен сүйлөшүп жатам. Мени менен кошо айран ичет. Ундан ооз тийет. Кээде экөөбүз бирге жатып алабыз, экөөбүз бирге жатып калганда Зарлык түшүмө кирип кадимкидей эркелетип сүйлөшөм, өөп-жыттаймын. Андан кийин эле жыландар ээрчитип менден алып кетет. Мен "Зарлык! " – деген боюнча кыйкырып, жыландардан талашып кала беремин. Колун сунган боюнча жардам сурап бечара балам ыйлаган боюнча кетип калат. Бир жолу да ошентип ыйлап жатып: "Зарлык! " – деп кыйкырып тура калсам менин жанымдагы жылан да башын көтөрүп карап туруптур. Мен ыйласам мени менен кошо ыйлап көзүнөн кадимкидей жаш агып турду. Жерди кучактап туруп өксөп аябай ыйладым. Сөөгү болсо да жашырып түңүлөт элек го. Өмүрүм өткөнчө баламды издейм. Баары бир табамын. Мен кайда болсом мени ээрчиген жылан да ошол жерде болуп жатат. Мүмкүн ошол жылан таап берер баламды?: – дегени чоң ишенич пайда кылган. Эми Өмүр молдого эмне деп жооп беришин билбей турду. Жөн гана узатып чыкканда: "Макул, Адыл келсе айтайын", – деп көзүнөн жаш агыза коштошуп узатып койду. Өмүр молдо да эч нерсе айтпастан жөнөп кетти.

Адыл жылан кечирсе, Зарлыкты кайтарып берет деген үмүт менен күндө эски журтка баруудан баш тартпады. Бирок тиги күндө жолуккан жылан унчукпады: Таңгалыштуу тиктейт да турат: Мына кызык!:

* * *

Күн артынан күн өтүп күндөр айга, айлар жылга алмаша берди: Зарлыктын адам баласы экендиги жыландар арасында унутула баштады. Эне жылан Зарлыктан ажырабай түнү гана сейилдикке алып чыгат. Күндүзү кечке күнгө какталып ыракаттанып уктаганды жакшы көрөт. Кеч кирет. Энеси экөө баягы боз үйдүн ордуна барышат. Ал жерде кымыздык менен бүлдүркөн көп. Көбүнчө ошол жерге барганды жакшы көрөт. Түшүнө да ошол жер көп кирет. Дайыма адам арасында. Өзү да адам болуп ойнойт. Бирок түшүнөн чочуганда көпкө чейин уктай албай кыйналчу. Ошол жерге барып түрдүү ойго батчу. Эне жылан да акыркы күндөрү жөн жайына койду. Башта тынбай издечү. Баласын издеп таба турган жерин билип жөн койду. Бирок: "Адамдардан этият бол. Алар – эки аяктуу "желмогуз, " өлтүрүп коөт. Алыстан көргөндө эле бекинип кал", – деп кулагына кумдай куя берет. Ал эми Зарлык болсо адамдарга суктана карап, алардын кыймыл-аракетине кызыгып, бир нерсе жетишпей жаткандай кусалыгы артат. Ошолорго аралашып ойногусу келет. Аларга суктанып отуруп жанына келген кишини да байкабай, андан боюн жашырганга араң үлгүрүп калды. Ал кишинин жүдөө кейпи негедир ичин тызылдатты. Эмнегедир өңү Зарлыкка тааныш көрүндү. "Эмне кылар экен", – деп кызыгуу менен жанында турган кишиге таңданып карап жатты. Келген киши өзүнчө эле боз үйдүн ордуна ак чачып, айран куюп, бир нерселерди жасап, оозун кыбыратып жүзүн алакандары менен сылап койду.

Өзүнчө үн чыгарып ыйлаган кишиге боору ачыды: Бир маалда тиги ордунан туруп, балдыркандын жалбырактарынан үзүп, астына төшөп жатып уктап калды. Анын коңуругу таш жарат. Үн чыгарып уктаган адамга таң калып, акырын жанына жылып келди. Кишинин жыты Зарлыкка тааныштай сезилди. Дагы жакындап жытын жыттагысы келди. Ошол учурда түш көрүп жаткан Адыл "Зарлык! " – деп кыйкырып ордунан тура калды. Зарлык эч жакка жыла албай, Адылдын маңдайында бетме-бет туруп турган. Экөө бири биринен коркуп кетишти. Башы адамга окшош жыланды көргөндө, көргөн көзүнө ишенбей коркуп көзүн жуумп жиберди. Качан бир чаап өлтүрөт деп Зарлык карап турду. Бирок Адыл өзүн оңдоп, астына ак чачып, айранды идишке куюп, көзүн жуумп алып бир нерселерди күбүрөп жатты. Ак нерсени көргөндө Зарлык өзүнчө кызыгып, башын тийгизе ооз тийди. Айран Зарлыкка ширин көрүнүп көпкө ичти. "Бул киши жакшы экен. Энем өлтүрүп коөт дебеди беле. Кайра мени сыйлап жатат, – деп ойлонуп койду. Тиги дагы эле көзүн жумуп алып бир нерселерди күбүрөп жатат. Аны көрүп секин жылып апасына баргысы келип кетип калды. Азыркы көргөн кишисин кандайдыр бир жакын адамдай көрүп, көз алдына элестетип, өзүнчө эле үн чыгара улутунуп алды. Аттиң дүйнө: Бири кем дүйнө ата баланы, бала атаны тааныбай, табигаттын таш боор жазасын тартып, экөө эки жерде азап чегип жатышты. Атасынын жыты Зарлыкка тааныш жыт болуп мурдун өрдөй, белгисиз бир ички сезим, купуя сырдын күбөсүндөй ойго батырды. Апасы адатынча күндүн ысыгына магдырап уктап жатыптыр.

Зарлыкты бир тиктеп башын көтөрүп, кайра күндүн табына ырахаттана көшүлүп уйкуга баш урду. Зарлык да жылан энесинин жанына кактана жата кетти. Бирок уктай албады. Кечтин кириши менен баягы барып турчу ордун көздөй сойлоп жөнөдү. Эртең мененки көргөн кишиси уктап жатыптыр. Жанына жакын сойлоп барып, өзүнө жакын жытты кумарлана жыттап жанына жатты. Адатынча түшүнө баягы эски түшү кайталанып кирди: Жанында ушул киши: үйүндө ойноп жүрөт: Зарлык да адам кейпинде. Куушуп ойноп жатканда: "Зарлык! " – деп кыйкырып Адыл ойгонуп, жанында жаткан жылан да түшүнөн чочуй, жаш балача буркурай боздоп ыйлап жатты. Адылдын көз алдына Зарлыктын ыйлап кетип бараткан добушу кулагына жаңырып, өзүн өзү токтото албай, көз жашы жамгырдай төгүлдү беле: жанындагы жыландан баласын кайрып берүүсүн суранып, кечирим кыла көр деп өтүнүп да, сыйынып да жатты. Аны көргөн Зарлык Адыл менен кошо ыйлады: бири бирин түшүнгөндөй көз жаштары төгүлүп жатты: Ошентип таң аткыча көз ирмебей ойлонуп чыкты. Адыл болсо Зарлыктын үнүн өңүндө уккандай, үн кайдан чыкканын билиш үчүн кулагын түрө тыңшап элеңдейт: Бир гана чымчыктардын сайрашынан башка эч кандай үн угулбады: "Зарлык тирүү", – деген боюнча аны көрөм деген үмүт менен эски журтка келишин токтотподу. Өмүрү өткөнчө Зарлыкты издеп, эски журтта өмүрүн өткөргүсү келет: Кийин ошол журттан, Адыл келип отура берчү жерден кара чаар жыланды көп көрүшкөндөрү айтылат. Ал эмес кадимкидей көзүнөн жаш чыкканын көргөндөр да бар дешип аңыз кылышат. Тобоо!

Табияттын табышмактуу кубулуштары менен аралашып Зарлыкты издеп, оо дүйнөдө да дүйнө кечип, жөө басып жүрсө керек. Мүмкүн Адыл баласын тапкандыр. Балким: Баласы кара чаар жыландыр?: Мүмкүн: буйрук болсо:

* * *
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 12:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: