Пайдалуу кеңештер
Эгерде шкафыңыздын ичине күбө түшсө аябай ысытылган эски үтүккө же кирпичтин сыныгына ачык суу (уксус) куюп туруп, шкафтын ичине бир азга коюп койсо күбө жоголоорун унутпаңыз.
Булгаары капталган мебелди жумуртканын агы сүйкөлгөн түктүү кездеме менен тазалаган жакшы. Булгаары жылтырап, алгачкы абалына келет. Тукаба, ырапыс же башка каптоолор менен капталган мебелге жылуу сууга салынып, сыгылган паралон жакшы. Бензин, май тактарды жакшы кетирет. Эски мебелди самындуу суу менен сүртүп, кургаганда политура менен мебелдин бетинен майдын тагы кеткиче жылтырата майласа жаңырып калат.
Кичине кыл калемди мала иоддуу сууга малып, мебелдеги чийинди сүртсө, чийилген так мебелдин түсүнө окшошуп, байкалбай калат. Бул ыкманы эмен, жаңгак жана кызыл дарактуу мебелдерге колдонсоңуздар болот.
Өсүмдүк жана мал майынан пайда болгон такты бензин, бензол, скипидар менен кетирсе болот. Сатыкка суюк түрдө (так чыгаргыч) чыгарылуучу авиациялык бензин кеңири тараган. Бул кошулманын өрт чыгаруучу коркунучу бар, аны бекем тыгындалган кичине идиште сактоо керек. Май тагын бензинге малынган чүпүрөк менен четинен ортосун карай сүртүү керек. Ушул эле учурда тактын алдына сиңирип алуучу материал коюлат. Көп учурда тазаланген тактын ордунда из калат. Изди бензинге малынган чүпүрөк менен тигишке чейин сүртсө чыгат.
Эски жаздыкка организмге зыяндуу чаңдар топтолот. Жайкысын жаздыкты жакшылап күүп, жаздыктагы майда чаңды кетирүү үчүн куш жүнүн жууш керек. Ал үчүн куш жүнүн кенен, жука баштыкка салып, самындуу сууда кайнатат. Суунун 2-3 жолу алмаштырат.
Андан кийин бир нече жолу таза сууга чайкап, көпшөк болгудай кылып куш жүнүн тез-тез аралаштырып,
кагып-силкип күнгө кургатат. Жаздык тышты өзүнчө жууш керек.
Ак кебез кездемедеги мөмө жана жемиш ширесинин тагын хлор суусу менен жууп, таза суу менен чайкаса кетет. Түстүү кездемедеги такты кетирүү үчүн айранга бир нече саат салып коюп, андан кийин самындуу суу менен жууш керек.
Жаңы бут кийимди адегенде жаанга кийүүгө болбойт. Аны алгач кургакта кийсе тамандарынын тешиктерине кум толуп, бут кийимге суу кирбейт. Бут кийимди өтүк май менен тез-тез майлап турса көп нымдалбайт.
Ал эми түстүү бут кийимдеги такты жара кесилген пияз менен тазаласаңыз оңой кетет.
Кийимдин үтүктөн саргарган жерин кетириш үчүн пияздын маңызына чылап, бир нече сааттан кийин жууса кетет. Ал эми шымды үтүктөөдө бүктөм сызыгынын ич жагын кургак самын менен сүртүп, өң жагынан үтүктөсө бүктөмү көпкө чейин жазылбайт.
Мехтеги жагымсыз жытты ага майдаланган кофени сээп, кебез кездемеге ороп коюп, бир нече күндөн кийин силкип, ичке чыбык менен чапкыласа кетет. Мындай мех кийимди акталган дубалга илүүгө болбойт. Акиташ мехти бузуп жиберет. Эгер мех уйпаланып калса аны нымдалган жумшак чүпөрөк менен түктүн багыты боюнча сүртүп, кийим илгичке илип, бөлмө температурасында кургатып, андан кийин жакшылап силкүү керек.
Үйүңүздө кумурска пайда болсо, лимондун кесиндисин кумурска көп жерге коюп койсоңуз, алар тез эле жоголот. Ал эми үйүңүздөгү тамекинин жытын кетириш үчүн түнкүсүн ным чүпүрөк илип коюңуз.Эгер суу ысыткычыңыз карарып кебер пайда болсо,1 литр сууга 1-2 аш кашык ачык суу кошуп кайнатсаңыз сен көр, мен көр жоголот.
Эгер сиз ыйлап, көзүңүз кызарып, шишик тартып калса, көзүңүзгө жылуу сууга малынган кебезди 3 мүнөттөй басып. Андан кийин муздак сууга малынган кебезди дагы 3 мүнөт басууңуз керек. Ошондо көзүңүз калыбына келет.
1 л сууга 3 аш кашык ачык суу кошуп чачты чайкаса чач жылтылдап турат. Ал эми урунган жерге нымдуу крахмал бассаңыз, шишиген жер көгөрбөйт. Ошондой эле колуңузда сөөл пайда болсо, күнүнө 4-5 жолу каакымдын сүтү же жаңы картошка, сарымсактын кесиги менен сүртүү керек.
Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.
#81 17 Сентябрь 2014 - 11:53
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#82 17 Сентябрь 2014 - 12:09
Фейжи эже ушу таппаганыныз жокдаа. Рахмаат.
Анан ушунча маалыматты кайдан аласыз?
Анан ушунча маалыматты кайдан аласыз?
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#83 04 Ноябрь 2014 - 16:46
Пайдалуу кеңештер
Гүлдү аспирин же туз салынган сууда узак убакытка чейин сактоого болот. Мында 3 л сууга 1/2 аспирин же 1 л сууга 8 г туз кошулат.
Үшүк чалган картошканы алгач муздак сууда кармап, андан соң 1 чай кашык ашкана уксусу менен туз кошулган кайнап жаткан сууга салып бышырсаңыз анын жагымсыз даамы жоголот.
Күзгүнү, клавишаларды, алтын жалатылган рамаларды тазалоодо сүттү пайдаланууга болот.
Гүлдү аспирин же туз салынган сууда узак убакытка чейин сактоого болот. Мында 3 л сууга 1/2 аспирин же 1 л сууга 8 г туз кошулат.
Үшүк чалган картошканы алгач муздак сууда кармап, андан соң 1 чай кашык ашкана уксусу менен туз кошулган кайнап жаткан сууга салып бышырсаңыз анын жагымсыз даамы жоголот.
Күзгүнү, клавишаларды, алтын жалатылган рамаларды тазалоодо сүттү пайдаланууга болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#84 08 Ноябрь 2014 - 22:49
Фейжи айымга ыраазычылык.
рахмат.толгон токой керектуу кенештерди жазыптыр..
#85 07 Декабрь 2014 - 12:22
1.Туз салынган идишке бир нече куруч салып койсонуз,тузду нымдашып жана тоголоктошуп калуудан сактайт.
2.Булочка менен печеньенин камырына маргарин кошуп койсонуз,ал копко чейин катыбайт.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 07 Декабрь 2014 - 12:23
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#86 07 Декабрь 2014 - 12:26
1.Жара кесилген пиязды муздаткычка салып койсо,ал муздаткычтагы жагымсыз жыттарды кетирууго жардам берет.
2.Буурчак осумдукторунун данын ысык чууга чылоого болбойт,анткени ысык суу андагы белокту азайтып салат.
3.Жашылчаларды бышыраарда башында эле тузду кобуроок кошсо,витаминдердин кобу сакталат.
2.Буурчак осумдукторунун данын ысык чууга чылоого болбойт,анткени ысык суу андагы белокту азайтып салат.
3.Жашылчаларды бышыраарда башында эле тузду кобуроок кошсо,витаминдердин кобу сакталат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#87 07 Декабрь 2014 - 12:31
1.Тонгон эттин музун эритуу учун мискейге салып,болмо температурасына кармоо керек.Этти жылуу жерге коюуга жана ага суу куюуга болбойт,анткени эт жашып калат.Эт толук эрий электе бузуу керек.
2.Кабыгы менен бышырылган жашылчалар ысык кезинде оной жана жакшы аарчылат.Анан дагы оной майдаланат.
3.Жашыл салаттагы майда курттарды кетируу учун,жууган сон туздалган сууга 10-15 мунот салып туруп,кайра алган сон суу менен чайкап салуу керек.
4.Муздатылган эттин шорпосунун тусу ачык болбой калат.Ал учун эт салынган идишке жакшы жуулган сырты менен 2 жумуртканы салып койсо,шорпонун даамын тусу эле айтып тургандай болуп калат.Кийин жумуртканы алып салуу керек.
2.Кабыгы менен бышырылган жашылчалар ысык кезинде оной жана жакшы аарчылат.Анан дагы оной майдаланат.
3.Жашыл салаттагы майда курттарды кетируу учун,жууган сон туздалган сууга 10-15 мунот салып туруп,кайра алган сон суу менен чайкап салуу керек.
4.Муздатылган эттин шорпосунун тусу ачык болбой калат.Ал учун эт салынган идишке жакшы жуулган сырты менен 2 жумуртканы салып койсо,шорпонун даамын тусу эле айтып тургандай болуп калат.Кийин жумуртканы алып салуу керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#88 10 Декабрь 2014 - 14:57
* Жамгырдын суусу териге абдан пайдалуу жана жакшы тазалоочу каражат.
* Териңиз кургак же нормалдуу болсо, чай, майлуу болсо ромашканын кайнатылган суусун тазалоочу каражат катары пайдалансаңыз болот.
* Жүзүңүзгө чыккан бүдүрлөр тезирээк кетсин десеңиз, аны колуңуз менен сыгууга шашылбаңыз. Алгач башыңызга сүлгүнү ороп, бир канча мүнөт кайнак суунун буусуна тосуңуз. Андан соң жумшак щётка менен акырын щёткалап, суу менен чайкап коюңуз.
* Сууктан колуңуз жарылып жатса, 1 кичинекей кашык балды жарым кашык (чай кашыгы) суу менен аралаштырасыз. Кечинде ошол аралашманы колуңузга сүртөсүз. Ал турсун жукараак кол кап кийип жатсаңыз теринин азыктануусуна сонун шарт түзүлөт.
* Бир жумуртканын сарысын 3-4 тамчы оливка майы жана лимон суусу менен жакшылап аралаштырат да жүзгө сүртөт. 15 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен чайкап коёт. Бул теринин жакшырышы үчүн пайдалуу маска.
* Кашыңыздын коюу болуусун кааласаңыз, калем менен боёонун ордуна, бир аз упа сүртөсүз. Андан соң күрөң түстөгү көз боёгуч менен сүртүп коёсуз.
* Чач кургаткычты мүмкүн болушунча аз колдонууга аракет кылыңыз. Себеби ал теринин дем алуусуна тоскоол болот.
* Жумада убактыңыз болсо бир жолу колуңузга майлуу крем сүртүп массаж жасаңыз.
* Колду жууган соң аз өлчөмдө уксус кошулган суу менен чайкап койсоңуз, кургап кетүүдөн, жарылуудан алдын алат.
* Чачыңызды жуугандан соң сууга оливка майынан бир тамчы аралаштырып чайкасаңыз чачыңыз дагы да жумшак болот жана жалтырай түшөт.

#89 12 Декабрь 2014 - 12:38
Айымдардын капрон колготкилери
.
Айымдар үчүн кийген кийимдеринин арасынан капрон колготкилер манилүү роль ойнойт. Анткени колготкилер буттун терисинин айрым кемчиликтерин жаап калат жана айымдардын буттарын келишимдүү кылып көрсөтүп сулуугун арттырат. Ошондуктан жыл бою мындай капрон колготкилерди тандоо көйгөйү жаралып турат. Чындыгында көп деле баш оорутуунун кереги жок. Болгону кээ бир жагдайдалрады гана эске түйүп алуу керек.
.
Тандоо
.
Фирмада жасалган сапаттуу колготкилер сөзсүз чоюлчаак тигилишке ээ болушат да ал эми арзан үлгүдөгүлөр тегерек тигилиштери менен айырмаланып калат. Ошондуктан капрон колготкилерин сатып алып жатканда сөзсүз тигилишине көңүл буруу зарыл. Ал канчалык жоон болсо, демек ошончолук сапаттуу.
.
Айымдардын капрон колготкилери
Өлчөмү
.
Колготкинин өлчөмүнө олуттуу карап мамиле кылган жакшы. Анткени көпчүлүк учурда анын чоюлчактыгына карап кичинекей өлчөмүн алып алганда, алар бир кийүүдөн чыкпай айрылып калат. Башка жагынан алып караганда чоң өлчөмдөгү колготкилер буттун бир калыпта болбогону үчүн бир жери кара, бир жери бош болуп, бутка ыңгайсыз жаратат. Туура тандаш үчүн сыртындагы кагаздан белгилерди карап, анан өлчөмүңүздү таап алсаңыз болот. Колготкилердин чоюлчаактыгын лайкер камсыз кылат. Ошондуктан анын курамында ал канчалык көп болсо, сиз тандап жаткан колготкинин сапаты жана баасы дагы ошончолук жогору болот.
.
Суук аба- ырайында кийилүүчү колготки
.
Суук аба- ырайына ылайыктуу сапаттуу жана жакшы колготки тандап алууда анын курамындагы микрофибрга көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Бул элемент жылуулук үчүн жооп берет. Ал эми лайкер көрсөткүчү чоюлчаактык үчүн жооп берет. Ошондуктан анын курамы канчалык көп жазылса, ошончолук кымбат болот.
.
Узакка чейин колдонууну үйрөнүңүз
.
Бардык эле аялзаты кымбат баада сатып алган колготкилерди улам эле алмаштырып тура алышпайт. Ошондуктан ага абдан аяр мамиле жасоо керек. Буттун тырмактары же өсүп сынып калган маникюр жок тырмактар капрон колготкини колдонууга жаратпай салат. Ошондуктан капрон колготкини киерде биринчи кезекте тырмактарды эске алыш керек. Ошондой эле биз дааратканага бир нече жолу барууга туура келгендиктен колдогу браслет, шакек сыяктуу нерселер жана тырмактар да аны бат айруучу курал болуп эсептелгендиктен алардан абайлаш зарыл. Ал эми бут кийимдер капрон колготкилерин жыртуучу негизги себепкерлер болуп эсептелишет. Анткени бут кийимдин ичинде катуу туура эмес тигилиштер болушу мүмкүн же көпчүлүк учурда сыдырма, байламалар да колготкилердин айрылышына көп себепкер болушат.
Колготкини кийгенде аны өтө эле тартып кийбеңиз. Эгер колготки батпай атса анда аны тартып кыйнап кийип кереги жок же аны чоюлчаак эмес деп эсептебеш керек, болгону туура эмес өлчөм тандап алдыңыз.
.
Капрон колготкинин калыңдыгы den өлчөмү менен өлчөнөт. Саны канчалык көп болсо, колготки да ошончолук калың болуп эсептелет.
.
а) 5-20 DEN – мындай жука колготкилер жай мезгилине ылайыкталган
б) 30-60 DEN – бул колготкилерди күн сайын кийүүгө болот
в) 70 DEN жана андан да жогору – суук аба ырайына арналган колготкилер
г) 100 DEN жана андан да жогору – курамына пахта камтыган жылуу колготкилер болуп эсептелинет.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#90 13 Декабрь 2014 - 10:16
Цитата
Билдирүүнү түзөткөн: Milana.: 13 Декабрь 2014 - 10:16
Сени корсом
#91 15 Январь 2015 - 15:45
Билип алган пайдалуу
Туздун касиетинен
1. Суук тийип ич ооруганда, кээде заарасы чыкпай калган учурда туздуу сууну грелкага куюп же туздун өзүн ысытып ооруган жерге басса, оору тез басылат.
2.Үшүк алган денени, өзгөчө буту-колду жылуу сууга бир аз туз салып жууса ачышканын токтотот.
3.Тамак (алкым) шишип ооруса, тузду жанчып, андан кийин кууруп, алкымга басса же туздуу суу менен тамакты чайкаса ооруган жер басылат.
4. Баш ооруган мезгилде адам тилине туз сүртсө жана азыраак туз аралашкан суу ичсе баш ооруну токтотот.
5.Тиш түшкөндө кан токтобой жатса, туздуу суу менен оозду чайкаса кан токтойт.
6.Ар күнү эртең менен туздуу сууга оозду чайкап турса, ооздо пайда болгон ар түрдүү оорулардан сактайт.
7. Аз өлчөмдө туз аралаштырылган сууга жуунса териге пайда болгон ар кандай оорулардан тышкары кылат.
8. Зарна болгон убакта азы-раак туз кошулган суу зарнаны токтотот.
9.Курт-кумурскалар чагып алган жерди туздуу суу менен жууса шишитпейт.
10.Көз кычыктары кычышып (трахома) ооруса, күн сайын туздуу суу менен көздү жууса көздүн кычышканы токтолот.
11.Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип, анын тундурмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу.
12. Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга баш жууп жүрсө, чач түшпөйт.
13. Тамактануудан кийин күптүү болуп, тамакка табити чаппай калган учурда туздуу суу ичсе тез оңолот.
14.Баклажандын тамырын туздуу сууга кайнатып, бутту жууса кычышканын токтотот.
Уксустун пайдасы
1.Бел, бут, кол чыгып же кайрылып ооруганда тууралган камырга бир аз өлчөмдө уксус аралаштырып, ооруган жерге бир нече күн жабыштырып жүрсө, ооруган жер басылат.
2.Түтөккөн, эсинен танган адамдарга пахта, марли, таза чүпүрөк же бет аарчыны уксуска малып жыттатса, ал адам тез эле эсине келет.
3. Набатты же жаңгактын данегин уксуска эритип, тамактан
кийин бир чай кашык эртең менен эрте 10 даанадан ичип жүрсө жүрөккө жана кан тамырга пайда болгон оорулардын айыгышына өбөлгө түзөт.
4 Ит каап алган адамды догдурга алып баруудан мурда ит тиштеген жерди уксус менен сүртүп койгон жакшы.
5.Уксус адамдын өңүн жашартат, териге бырыш түшүрбөйт. Ал үчүн 5 тамчы уксуска 1 тамчы глицеринди аралаштырып, териге сүртсө, терини өз калыбына келтирет.
6. 10 пайыздан 30 пайызга
чейин уксус аралашмасын кол-бутка түшкөн темирөткү өңдүү жараттарга, күйдүргүгө сүртсө, жакшы жардам берет.
7.Сасык тумоо болгон адамдар уксус менен мурундун бүтүшүнөн, баш оорусунан арылса болот.

#92 14 Апрель 2015 - 13:03
Жөнөкөй,
бирок пайдалуу
Гезитти окуйбуз, коланы ичебиз, туз менен тамактын даамын чыгарабыз, тиш пастасы менен тишибизди жууйбуз... Көрсө, буларды мындан башка учурларда да колдонууга болот экен.
Кока-кола
Коланы чайнектин ичине куйган соң чайнекти токко туташтырасыз. Бир аз кайнагандан кийин ичиндеги кеберлер кетет.
Ичи кебер сыяктуу болуп саргарып кеткен унитазды тазалоо үчүн да коланы колдонсоңуз болот. Ал үчүн коланы кирлердин үстүнө жаба куюп, бир канча мүнөткө коюп коюңуз. Бул убакытта кола кирлерди эзип чыгарат да, кийин оңой жуулат.
Кийимдеги ар кандай тактарды кетириш үчүн аны колага аябай чылап, бир канча саатка коюп коюу зарыл. Андан кийин кадимкидей жууй бересиз.
Кадимки кир жуучу порошокко коланы кошуп кир жуусаңыз, кир тез жана жакшы кетет.
Терезенин айнегин, кафелден жасалган полду кола менен жууса, жаркырап калат.
Чачка жабышкан сагызды кетирүү үчүн ошол жабышкан жерди кола куюлган идишке бир канча мүнөткө салып туруу керек.
Жүрөк айланганда саат сайын 1 чай кашыктан кола ичип туруңуз.
Суунун ордуна кола кошуп жуурулган нандын камыры жумшак жана жакшы көөп бышат.
Тамак бышырганда идиштин түбү карарып күйүп калса, кола куюп туруп кайнатсаңыз, кайра жаркырап калат.
Гезит
Желим контейнердин же термостун ичиндеги жагымсыз жытты кетирүү үчүн ичине гезитти салып, андан соң оозун бек жаап түнү бою коюп коюңуз.
Ичине суу кирген бут кийимди кургатуу үчүн ичине гезитти ушалап туруп толтуруңуз да, ал гезитти 8-9 сааттан кийин алыңыз.
Туз
Туздуу сууга чыланган чүпүрөккө сырды ороп туруп муздаткычка салып койсоңуз, сыр узак убакытка сакталат.
Ичи май көмөчтанга текши кылып туз сээп, бир канча мүнөттөн соң жуусаңыз, май оңой кетип, ичи таза жуулат.
Сүт ирип калбаш үчүн ага азыраак туз салып коюу жетиштүү.
Тердеп, жыттанып кеткен бут кийимдин ичине туз сээп койсо, жагымсыз жыт жок болот.
Сүлгүнү таза жууп-чайкагандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт чыласаңыз, жупжумшак болуп калат.
Пияз, сарымсак, балык жыттанган колду туз менен сүртүп, андан соң самындап жуусаңыз, жагымсыз жыт калбайт.
Бычакты өтө туздуу эмес сууга 30 мүнөт салып коюп, андан кийин гана курчутса жакшы курчуйт жана көпкө мокобойт.
Самын
Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында колуңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.
Гүлдөрдүн түбүнө, жалбырактарына самындуу сууну сээп турсаңыз, курт түшпөйт.
Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.
Жакшы сыдырылбай калган сыдырмага самынды сүртсө, ойдогудай сыдырылып калат.
Суутек перекиси
Бөлмөдөгү гүлдөрдүн жалбырактарын суутек перекиси менен сүртсөңүз, жалбырактарына кошумча кислород берет.
Эгерде жашылчалардан жасаган салатыңыз кургап кетип, жакшынакай көрүнүшүн жоготуп койсо, аны суутек перекиси менен аралаштырган соң муздаткычка 15-20 мүнөт коюп коюңуз. Ошондо кайра жакшынакай болуп жаңы көрүнүп калат.
Бир аш кашык суутек перекиси кошулган бир литр суу менен жуулган жашылча-жемиштердеги микробдордун баары өлүп, жегенге коркунучсуз болуп калат.
Кокус тиш жуучу щёткаңыз менен башка бирөө тишин жууп койсо, тазалоо үчүн бир стакан сууга азыраак суутек перекисин кошуп, ага щётканы жууңуз.
Узак убакыт колдонулган суюк самын менен шампунда бара-бара микробдор пайда болот. Аларды жок кылуу үчүн суюк самын менен шампунга суутек перекисин кошуп коюңуз.
Нашатырь спирти
Нашатырь спирти аралаштырылган суу менен сырдалган полду, эшик-терезелердин рамкаларын жуусаңыз, жалтырай түшөт.
Ак түстөгү кийимдерди, шейшептерди нашатырь спирти кошулган суу (бир чака сууга бир аш кашык нашатырь спирти) менен жууса жакшы агарат.
Бир стакан сууга азыраак нашатырь спиртин, 3 аш кашык тузду аралаштырып, буга кирдеген таракты саласыз да, түнү бою коюп коёсуз. Эртең менен тарак оңой жана таза жуулат.
Кумшекер
Нан, печеньелер салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.
1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.
Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен колуңузду сүртүңүз, анткени, майды оңой кетирет.
Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз ойдогудай күйө баштайт.
Тиш пастасы
Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырап көрүнөт.
Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
Колуңуз жагымсыз жыттанып калса жана ал кетпей жатса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.

#93 09 Июнь 2015 - 01:46
МАНДАРИН КОСМЕТИКАДА
- Сергитүүчү маска. Мандариндин ширесин сыгып алып, аны кебезге сиңирип туруп, бетти жана моюнду сүртүү керек. Андан соң жылымык суу менен жууп салуу кажет. Мындай маска бардык курактагы айымдарга жана теринин бардык түрүнө ылайык.
- Терини жашартуу үчүн. Буга мандариндин кабыгынын кайнатмасы керек. 1-2 даана мандариндин кабыгынын үстүнө кайнак суу куюп, бир күн караңгы жерге тыныктырып, анан чыпкалап алуу зарыл. Мындай суу менен бетти эртең менен жана кечинде жууп турса, тери жашарат.
- Майлуу тери үчүн маска. 1 даана мандаринди эзип, ага 1-2 аш кашык каймак же йогурт жана 2 тамчы лимон ширесин кошуу керек. Даяр болгон масканы бетке жаап, 15-20 мүнөт кармап, андан соң жылымык суу менен жууп салуу абзел. Мындай маска беттин майланышып, жылтырап туруусун кетирет.
Мандарин
Мандарин- баарыбыз жакшы көрүп жеген цитурус жемиши. Ооба, көпчүлүк бөбөктөр жаңы- жыл майрамында мандаринди күтүшөт. Анткени дал ошол майрамында белектерге кошуп сөзсүз жуп мандеринди бөбөктөргө берет эмеспизби. Жуп мандаринди көпчүлүк материалдык байлык алап келет деп ырымдашат экен. Балким ошондон улам мандарин жаңы жыл майрамынын символуна айланып калгандыр. Эмесе жыты маанайбызды көтөргөн, даамдуу мандарин жөнүндө сөз кылабыз…
Мандериндин сорттору
Мандариндин түпкү мекени болуп Кытай эсептелинет. Кытайда мандарин 1178- жылдары эле пайда болгон. Бул жемиш Европага өтө кеч келген. Тагыраак айтканда 18- кылымдын аяктарында. Мурун португалиялыктар кытайлык чиновниктерди “мандарин” (кеңешчи) деп аташкан Эвропага кеңири тарай баштаганда алар жемиштин өңүн кытайлыктардын өңүнө окшоштуруп, ошондон улам бул жемишти “мандарин” атап калышкан дешет.
Сары тоголок кадимки мандаринди жалпысынан көрүп баары бирдей десеңиз жаңылышасыз. Алардын бир нече сорттогу түрлөрү бар:
* “Терини жашартуу, майлуу терилерди нормалдаштырууда мондаринди косметикалык каражат катары кеңири пайдаланышат”
* “Даамы таттуу жана жыттуу болгондуктан ашканада кеңири колдонулуат. Тактап айтканда татту токочторду, сууусундуктарды жана салаттарды жасоодо кеңири пайдаланылат”
Мандариндин курамы
Мандариндин курамында адамдын организмине керектүү болгон бир нече заттар бар: темир, калий, натрий, фосфор жана башкалар. Ошондой эле C, D, A, К витаминдерине бай.
Мандарин адамдын организмине көп пайда алып келет…
Өзгөчө күз мезгили аяктап, кыш мезгилине башталганда организмде да алмашуулар болуп көңүлүңүз айныган учур көп болот. Андай убакта сасык тумоо болуп калышыңыз мүмкүн. Аны алдын алуу үчүн мандаринди пайдаланыңыз . Жаш балдардын организминин өсүшүн кааласаңыз мандариндин ширесин ичириңип турсаңыз жакшы жыйынтыгын берет. Көңүлүңүз айнып, кара көңүл тартып турсаңыз мандарин жеңиз. Ал табитти ачуучу касиетке ээ. Эгерде сиздин каныңызда канттын составы көп болсо, аны азайтуу үчүн мандариндин кабыгынын кайнатмасын сунуштайбыз. Мандариндин өзүнөн дагы анын сырткы кабыгында көбүрөөк витамин болот. Акыркы жылдары белгилүү Кытайлык доктурлар мандаринди жана анын кабыгын көп кайнатып ичкендер жүрөк оорусуна чалдыкпоосун аныктап чыгышкан. Ошондой эле кош бойлуу айымдар үчүн С витамини абдан жетишсиз болот. Дал ошол С витаминин толкташ үчүн күнүнө 2 мандарин жесеңиз баары калыбына келет. Андан ашыкча жеп алган болсоңуз аллергияга чалдыгышыңыз мүмкүн. Андыктан ченеми менен колдонуу керек.
Мандариндин зыяндуу жактары да бар…
Мандарин даамдуу жана көп пайда алып келгенине карабай айрым адамдарга зыяны да тийип калышы мүмкүн экен. Эгерде сизде ашказан жарасы болсо жана өтүңүз сезгенсе мандарин жегенге болбойт. Анткени мандаринде кычкыл көбүрөөктүк кылат.

- Сатсума мандарини — бур түрү өтө таттуу келет.
- Уншиу мандарини - бул түрү өтө кычкыл келет.
- Сантра мандарини - бул түрүнүн сырткы кабыгы калың болуп, даамы жок келет.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#94 09 Июнь 2015 - 01:49
Чычырканак
Муун оорусунда…
Муун жана кызыл жүгүрүк (ревматизм) ооруларында 1 стакан сууга 1 аш кашык майдаланган жалбырагы салынып, 10 мүнөт кайнатылат. Күнүгө 1-2 стакандан 2 маал ичүү керек.
КОСМЕТИКАДА
Кургак бетке маска. Чычырканактын ширесинен даярдалган маска кургак терилүү бетке жакшы жардам берет. Нымдуулукту сактап жумшак кылат жана бетти витаминдер менен азыктандырат. Бырышты жазып, терини сергитүүчү касиетке ээ.
Керектүү азыктар:
1 чай кашык чычырканактын ширеси
1 чай кашык чычырканактын майы
1 жумуртканын сарысы
Даярдоо:
Жогорудагы азыктарды жакшылап аралаштыруу керек. Эгер чычырканактын ширеси жок болсо, алма же, апельсин же мандариндин жаңы сыгылып алынган ширеси деле жарайт. Даяр болгон массаны бетиңизге тегиз сыйпап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл.

#95 09 Июнь 2015 - 16:12
Жүзүңүздү сактоонун камылгасы
-Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.
-Экинчи ээктен арылуу үчүн колдоруңуздун сырты менен (сол кол менен оңдон солду карай, оң кол менен солдон оңду карай) ээгиңизди ургулап массаж жасоо пайдалуу. -Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.
-Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча "дем алып", табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.
-Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.
Кош бойлуу учуруңузда өзүңүзгө кам көрүңүз
Аялзатынын дегеле ар бир үй-бүлөнүн бактысы бала экени ырас. Кош бойлуу учурда эненин ыйлаганы, күлгөнү, кубанганы, кайгырганы, айтор ар кыймылы курсакта жаткан түйүлдүккө түрдүү таасирин тийгизээрин эчак далилдешкен. Наристесинин дени-карды соо, психологиясы, аң сезими жайында болушун кайсы ата-эне гана тилебейт. Демек, наристеңиздин ден соолугу сиздин колуңузда экенин эске алып, бир нече кеңештерге көз жүгүртүп көрүңүз. Кош бойлуу айымдын эң негизгиси көңүлү жайында болуусу керек. Албетте, кош бойлуу кезде аялзаты өзгөчө ачуулуу, болоор болбос көрүнүшкө жинденип, сиркеси суу көтөрбөй калган учурлар кездешет. Мындай маалда өзүңүздү-өзүңүз алаксытып жашооңуздагы жагымдуу кездерди эстеңиз. Көп ачууланып, көңүлү чөгө берген айымдын баласы да ачуулуу, жини бат келген адам болуп чоңоёт.
Ичиңизде жаткан кичинекей периштеңиз менен сүйлөшүүдөн тартынбаңыз. Сиздин сүйлөгөнүңүз, музыка укканыңыз, күлүп жайдары маанайда жүргөнүңүз наристеге эң жакшы таасирин тийгизет.Ымыркай баардык көрүнүштөрдү курсакта жатса да сезээрин эске алуу керек. Окумуштуулардын далилдерине таянсак Бетховен менен Бромстын музыкасы наристенин "кан басымын" көтөрүп кыжырын кайнатса, Мауарт жана Вивальдинин чыгармалары ымыркайга жагымдуу маанай тартуулап, жакшы абалга алып келет. Бахтын музыкасын уккан түйүлдүк кыймылсыз ахыбалда болот. Наристе 32-33 жума болгондон тартып музыканы, башка добушту эң сонун ажыратып биле баштайт экен. Көпчүлүк энелер уюлдук телефондун зыяндыгын эске алышпайт.
Жөө басуу негизинен пайдалуу экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми кош бойлуу айымга бул "көнүгүү" эки эсе пайдалуу экен. Көбүнчөсү жөө басуудан чочулашат да ичи чоңойгон сайын кыймылын азайтышат. Медиктердин билдирүүсүндө көп кыймыл болочоктогу энелерге пайдасынан башка зыянын тийгизбейт. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш өтө тоюп алуу да кыйынчылыктарды жаратат. Эл арасында айтылып жүргөн кээ бир ырым-жырымдарга назар салсак, кош бойлуу айымдын курсагы сүйрү болуп чыкса эркек, тоголок болсо-кыз төрөйт деп болжолдошкон. Болочоктогу эненин басканынан да наристенин жынысын аныктай алышкан экен. Эгерде ал басаарда дайым алга оң бутунан кадам таштаса-кыз, сол бутун таштаса эркек төрөйт деп эсептешет.
Байыркы заманда кургакчылык учурунда кош бойлуу аялдын башынан ылдый суу куйса жамгыр жаап, мээни куйкалаган аптап мизинен кайта түшкөн. Бул ырымды өтө көп колдонушчу экен. Ал эми отургузулган кээ бир өсүмдүктөрдү (резка,кылча) аттап өтсө боюнан түшүп калат деп чочулашчу.
- Төрөт учурунда чачты оробоо керек, анткени төрөт кыйын болот.
- Караңгыга баланын кийимин калтырбаш керек, ымыркай таң атканча тынч уктабайт.
- Тили жакшы, так чыгыш үчүн балыктын этин бербөө керек…
Айтор ушул сыяктуу учугу түгөнбөгөн "уламыштарга" ишенип, ырым кармоодон мурда, сиз канчалык деңгээлде ырымга ишенээриңизди жана сиз менен наристеңиздин жашоосунда ырымдардын канчалык деңгээлде зарылдыгы бар экенин тактап алганыңыз оң.

#96 09 Июнь 2015 - 18:56
Француз айымдарынын сырларынан

Өзүңүзгө эмне туура келе тургандыгын адашпай өздөштүрүңүз
Француз айымдары өзгөчө кийинүү стилдерди менен көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Бирок, алар моданын артынан кууп же атактуу кийим тигичүү фирмалардын кийимдерин издеп таап кийинишпейт, болгону алар өздөрүнө кандай кийим жарашыктуу экенин эң сонун билишет. Ар бир француз айымдын өзүнө гана тиешелүү жана табитине ылайык кийинүү стили болот. Андыктан алгач, өзүңүздүн стилиңизди табууга аракет жасаңыз. Эгер колуңуздан келбей жатса, анда стилист адисине кайрылыңыз.

Өзүңүзгө кам көрүүдө аша чаппаңыз
Кээ бир айымдар убакыттарынын жетишпегенинен өздөрүнө кам көрүүнү жөн эле унутуп коюшат. Күн сайын өзүнө кам көрүп жүрүү- бул ашкере сулуулукка кам көрүү дегенге жатпайт, маанилүүсү күн сайын өзүңүзгө кам көрүү менен келбетүү жана жагымдуу көрүнөсүз. Андыктан сизге апта сайын сулуулук салонуна барууга жана кымбат косметикалык каражаттарды сатып алуунун зарылчылыгы жок, болгону күн сайын жетишээрлик деңгээлде көңүл буруп кам көрүп туруу зарыл.

Жашоодон ырахат алып жашаганды үйрөнүңүз
Француз айымдары жашоосун ырахатсыз элестете алышпайт. Андыктан өзүңүздү кубантууга аракет жасаңыз. Үй бүлөңүзгө даамдуу тамак жасап берип, алкыш алыңыз. Сейилдеңиз. Киного же театрга барып туруңуз.

Өзүңүз менен өзүңүз болуңуз
Өзүңүздүн табитиңизге же мүнөзүңүзгө туура келбеген адам болуп көрүнүүдөн алыс болуңуз. Бирөө үчүн же башканын каалаганындай жашоо туура эмес. Өзүңүз кандай болсоңуз ошондой кабыл алып, өзүңүздү өзүңүз кемчиликтериңиз жана артыкчылыктарыңыз менен бирге сүйүңүз.

Табигый образга жакын болуңуз
Француз айымдарынын арасында бардык нерседен табигый көрүнүү өзгөчө көңүлдү бурат. Мейли кийген кийиминде же макияжында болсун, бирок бардыгы табигый көрк бергени маанилүү. Эң башкысы ыңгайлуу кийим жана билинбеген макияж.

Жаш курак көйгөй жаратпайт
Францияда жаш курак өйдөлөгөн сайын өзүн- өзү келишимдүү алып жүрүү адаттагы көрүнүш. Алар, 20-40- 60 жашында беле сымбаттуу келишет.

Майда- барат көрүнүштөрдөн ырахат алыңыз
Адатта көп көңүл бурулбаган майда- барат, бирок маанайды көтөргөн көрүнүштөрдөн ырахат алууга үйрөнүңүз. Маселен, сизге жаккан жакшы аба- ырайы, жаңы кийим сатып алуу ж.б.у.с

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#97 09 Июнь 2015 - 19:01
Күндөн коргоочу сапаттуу көз айнек тандоону билесизби?

1- Күндөн коргоочу көз айнектин сапатын текшерүү үчүн аны тагынып, күйүп турган лампочканы 10-15 секунд карап туруу сунушталат. Эгер бул убакта эч кандай ыңгайсыздыкты сезбесеңиз, ал көз айнек сапаттуу болуп эсептелет.
2- Көз айнектин линзалары көрүнгөн жарыктын 75-90 пайызын жок кылып турушу керек. Тактап айтканда сапаттуу көз айнек 10-25 пайыз гана жарыкты өткөрүп турат.

3- Көз айнектин линзаларынын чоңураак болгону жакшы. Анткени, күндүн зыяндуу нурлары кичинекей көз айнектин үстү-астынан деле кирип кетиши ыктымал. Ошондой эле көз айнек сизге чоң же кичине келбеши керек. Өзүңүзгө туура келген, такканда кыймылдабаган, ыңгайлуу көз айнекти тандап алыңыз.
4- Түстүү көз айнектер күндүн зыяндуу нурларынан жетиштүү деңгээлде сактай албайт. Бул айрыкча унаа айдагандарга жарабайт. . Анткени, мындай көз айнекти тагынуу менен адам светофордо жанган түстөрдү айырмалай албай калат.

5- Сапаттуу көз айнекти сатып алгандан кийин аны туура колдонууга кажет. Эң эле маанилүүсү эч качан көз айнекти башыңызга такпаңыз. Себеби, чач линзанын үстүңкү катмарына зыянын тийгизет. Көз айнекти эки колдоп гана чечиңиз, болбосо кыйшайып же сынып калышы толук ыктымал.

Майда бирок, маанилүү
Кайсы бир буюмду сатып алып жатканда маркадагы сандарга көңүл буруш керек. Алар буюмдун сапаты жөнүндөөзү эле айтып турат. Эгер көз айнекте 400 деген сан жана Bloks at least 95 % UVB and 60 % UVA турса, анда ал сизди күндүн ультрафиалет нурларынан 100 % коргойт. Азыр бардык эле көз айнектердин тиркемесинде жалпы элге түшүнүктүү тилдеги түшүндүрмөлөр жазылбастан, англис тилиндеги белгилер жазылып турат. Англис тилинде зыяндуу ультрафиолет UV деген белгилер менен берилет. Ошондуктан, көз айнекте мындай белгилер турса, күмөн санабай эле сатып ала берген оң. Мисалы, айтылуу Polaroid маркасындагы көз айнектерде төрт белгиден турган номер болушу керек. Биринчи белги – фирманын маркасынын номуру. Ал 4 же 8 деген сандан башталат. Экинчиси – чыккан жылы, үчүнчүсү жана төртүнчүсү моделдерди түшүндүрөт. Алар бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы, спорт тармагындагы көз айнектердики – 7, балдардыкы – 0. Көз айнектерде A, В, C жана D деген латын тамгалары бар, булар көз айнектин түсүн билгизет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#98 09 Июнь 2015 - 19:04
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп

1. Денеге чап жармашып чак келген фасондо тигилген жынсы шымдар табарсык үчүн өтө олуттуу зыянын тийгизет. Тар шымдан табарсык муундары ар дайым кысылып жүргөндүктөн, акыр аягында анын чоюлуп, кеңейип кетишине жеткирет.

2. Тар шымдан улам табарсык муундары баскан сайын жабыркоого учурайт. Мында, омурткаларга жана белге ашыкча күч келет. Жыйынтыгында омуртка оорусу менен жабыркоого туш келет.

3. Денеге чапташып турган жынсы шымдар муундарды эле кыспастан нерв торчолорун, буттун муундарын да жабыркоого учуратат. Мунун айынан мээге кан айлануу жакшы жетпей, буттар тез чарчап, варикоз оорусунун келип чыгышына себеп болот. Айрыкча белинен ылдый тигилген жынсылардын зыяны чоң.

4. Белден ылдый тигилген фасондуу жынсылардын дагы бир зыяны, ал бел тараптын муздап калуусуна шарт түзөт. Мунун айынан бөйрөк жабыркап, заара бөлүп чыгаруу органдары акырындык менен иштен чыга баштайт. Жатынга терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында эне болуу бактысынан толук ажырап калышы да ыктымал. Мындан да жаманы бөйрөктүн эң оор түрүнө кирген илдеттер менен ооруп калуу да коркучу жок эмес.

5. Белден ылдый фосондо тигилген шым кийген айымдардын салмагы да кошулат. Себеби, организм сырткы суук абадан өзүн коргоо үчүн бел жакка ыкчам түрдө май топтой баштайт.
6. Бели өйдө, бирок денеге чапташып тигилген жынсы шымдарды кийүү менен ашказан ооруларына да кабылууга болот. Анткени, тамактанып отурган соң, тар шым кысып, ашказанга күч келтирет.

7. Тар жынсы шымдарды мырзалар да кийбей эле койгону дурус. Себеби, ал импотенцияга жеткирет. Мырзалардын уруктугу төмөнкү температурада жигердүү абалда болот. ал эми тар шым кысып, ысытып, температураны жогорулатканда эреже бузулат. Жыйынтыгында ата болуу бактысынан да ажыроого себепчи болушу мүмкүн.

8. Тар шымдарды көп кийген айымдардын гигиеналык эрежелери бузулуп, жыныстык органдарына инфекция кирип ар кандай ооруларды козгоп жибериши да күтүлөт.
9. Кооз жана тар тигилген жынсы шымдардын боёлгон өндөрү териге сиңип, анын жыйынтыгында аллергиялык оорулар да козголот. Ошондой эле кээ бир тери ооруларына да кабылышыңыз ыктымал.
10. Айрым психолог адистеринин айтымдарында, жынсы кездемеси негизи эле кандайдыр бир күч менен адамдарды өзүнө багынтып, сыйкырлап алган.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#99 09 Июнь 2015 - 19:17
Япон айымдарынын сулуулук сырлары

Деңиз азыктары
Япон айымдарынын сулуулугун арттырып турган, күнүмдүк колдонулган тамак- аштын негизги азыктарынын курамында жашартуучу касиетке ээ заттар бар. Ага деңиз азыктары кирет. Ал омега- 3 майлуу кислотага, йодго жана С витаминине бай. Ошондуктан алардын териси ар дайым пайдалуу заттар менен азыктанып жашарууга себеп болот.

Күрүч уну жана майы
Күрүчтү япондуктар негизги азык катары колдонушат. Гүрүчтүн унунан жасалган маскалар жашартуучу касиетке ээ. Ал эми күрүчтүн майын бетти тазалоо үчүн жана нымдуу кармоого колдонушат.

Табигый жышыгыч
Япон айымдары эч качан дүкөндөн сатып келген жышыгыч колдонушпайт. Алар бетти тазалап жууганга табигый пахтадан жасалган кездеме колдонушат. Мындай кездеме менен бетти жвшвп жууганда өлүп калган торчолор сыртка чыгат. Бет терини тазалайт. Ашыкча химиялык заттардан арылтат.

Буурчактан маска жасашат
Буурчактын майынан беттерине маска жасап турушат. Өлүп калган торчолордон тазалап, бет терисинин өңүн жакшыртат. Бул масканы койгондон кийин жыйынтыгы дароо эле билинет. Теризиңиз жаркырай түшөт.

Щетка менен массаж жасашат
Курак терилүү бет үчүн жумшак щетка колдонушат. Ал кан айланууну жакшыртып, нымдуулукту камсыз кылат.

Сыйдамдоо үчүн чапкылоо
Япон айымдары беттерине бет майды өзгөчө ыкма менен сүйкөшөт. Бет майды сүйкөбөй чапкылап сиңиришет. Мында, коллаген өндүрүшү жакши иштей баштайт. Кан жакшы айланат.

Балыкты көп колдонушат
Япондуктар америкалыктарга караганда балыкты 10 эсе көп жешет. Андыктан балыктагы жашартуучу каситке ээ омега- майлуу кислотасы жакштыкты узартып ,карылыкты алыс айдайт. Ошондуктан балыкты көбүрөөк колдонуу керек.

Камелия майын колдонушат
Камелия майын колдонуу менен япондук айымдар чачтарына абдан жакшы кам көрүшөт. Ал чачты азыктандырат, какачтатпайт жана жалтырак кылат. Тырмактарына да сүйкөшөт, анткни абдан жакшы бекемдейт. Терини жумшартат.

Көк чай
Антиоксиданттарга бай көк чай организмди зыянду заттардан тазалайт. Күнүнө эки чай чыны ичип коюу менен карылыктын алдын алышат.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#100 09 Июнь 2015 - 19:54
Сонун кенештер экен.Рахмат Медизинер айым!Джинсы шымдын зыяндуулугун окуп алып,андан башка не кийсе болот экеен?деп ойлонуп калдым.Азыр ар бир кызда болбоду дегенде 2-3Джинсы шымы бар.
Кудай буйруса баары жакшы болот!