Суперстан: Жыландын өчү же энелердин трагедиясы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын өчү же энелердин трагедиясы Бурул Самиева

#41 Пользователь офлайн   zarlyk2211   03 Ноябрь 2014 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 643
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 10:27
  • Жынысы:Эркек

Аяш энем жазган чыгарма эле. Мааниси куч,жакшы жазылган.
Жыгылып баратсанда, жалгандан алыс бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   gulperi92   03 Ноябрь 2014 - 19:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2015 11:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ото соонун чыгарма экен.чоон рахмат автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   peri9696   03 Ноябрь 2014 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 04 Апрель 14
  • Соңку аракети: 30 Дек 2014 17:19

Ошондо аягына чыктыбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   DaRhaN.   03 Ноябрь 2014 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Не бутуп калдыбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Leo.   03 Ноябрь 2014 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Buttup kaldyby?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   chika_84   04 Ноябрь 2014 - 00:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 01 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2015 09:02
  • Жынысы:Аялзаты

не болду эми ушинтип эле бутуп калабы???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   snegurochka11   04 Ноябрь 2014 - 07:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 03 Февраль 14
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан 11000км алыста

Акыры не болду ошондо?Баласы жылан бойдон калдыбы? (((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   jypawra   04 Ноябрь 2014 - 09:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 17 Август 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2020 17:02

chygarma ywintip ele bytyp kalaby je ylandysy barby joobyn jazyynyz
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

улантысы бар.жылдызчалар болумдун буткону
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 12:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Убакыт өтүп Гүлүмдө Адыллдан эки баласы калды: Балдары очор-бачар болуп, турмуштан орун таап, балдарын карап азыр кичинекей, чүмүрөйгөн, чымыр, кайраттуу кемпир болду. Азыр да өзүн өзү күнөөлөп, кудайдан кечирим сурап, балдарына: "Мендей болбогула" , – деп, башынан өткөн кайгылуу окуясын айтып "жомок" кылат. Мен да уккан жомокто Адылды аяп, өзүмчө жыландын баласы менен кеткен Зарлыкты аяп кыжалат болом. Кээде түшүмө да кирет. Ошол эле жайлоодо жыландын баласы менен куушуп ойноп жүргөндөй көрөм. "Эне, балаңыз кийин табылдыбы?" – деп сурап жарасын кайра канатып аламбы деп сурай албайм. Ал эми Зарлыктын да-йынсыз жоголушу алигиче таң калтырат. Адылдын өлүмү да табышмак болду. Азыр жайлоого чыккан адамдар "Адылдын конушунан" кеч киргенде өтүп калышса баланын чырылдап ыйлаганы угулуп турат дешет. Ошондуктан ал жерден кечтеп өтүүгө аракет кылбай калышты. Дайыма күндүзү өтүшөт. Өтүп баратканда сөзсүз "куран" окуп бата кылышат: барган сайын боз үй турган жер мазарга айланып калды... Кемпир кээде бизге өтө эле сүрдүү, көзүнө көрүнбөскө аракет кылабыз. Кемпирдин бир нерсени күткөндөй дайыма эшикти карай беришиндеги кичинекей кара көзүндө кусалыктын белгиси көрүнүп турат. Мүмкүн кемпир дале баласын күтүп жүргөндүр! : Анын дайыма тиги тоолорду карап үнсүз отурганы – баласын күткөнү деп ойлойм. Кемпирге кошула айыл ичиндеги мага окшогон боорукер "тентектер" да Зарлыктын келип калышын күтөбүз. "Мүмкүн баланы жыланга айлантып койгондур?" – деген коркунучтуу сезим бизди чочутат. Айылда ойногону топтолуп келип эле кемпирдин кырда отурган караанын көргөндө оюнубуз да токтойт. Түркүн сөздөрдөн баштап, баланын табылышына тилек кылып, өзүбүзчө сыйынып "үйлөгөн" жыландан биз да корко кечирим сурап калабыз: бирок жыландар кечирсе гана: Аттиң дүйнө!:мына: Күн да томуктай булут курчап, жамгыр төгүп, үйдү карай тилек кылган кыздар да чуркай жөнөштү: Табият да Зарлыктын жоголушуна кайгырып жаткандай чагылган жаркылдап, нөшөр төгүлүп жатты. Аттиң, жыландын тилин билсек гана!: сурайт элек: "Зарлык кайда?" – деп: Көз алдымда Зарлыктын жыландын баласы куйкаланып аткандай болуп чырылдап ыйлаганы ай!: Акыры кудайдын бир кор пендеси экендигибиз жана алсыздыгыбыз өкүндүрөт бул окуя укум-тукумубузга жомок болуп, экинчи мындай жорук кайталанбашына өкүм болуп кала берет. Жомок күндө уланат
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   belka   04 Ноябрь 2014 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Буттубу?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Vo_i_ni   04 Ноябрь 2014 - 21:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2015 21:35
  • Жынысы:Эркек

Даа, айтаарга сoз жок. Ырахмат, автор, адамды ойго салчу(фантастика болсо да)чыгарма экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Баса, өткөндө биздин айылдан кемпир бир жыландын өлүгүн таап алыптыр. Аны колуна кармап, ботодой боздоп ыйлаганын эч киши токтото албай убара болушуптур. Тобо! Бир айга чейин сүйлөбөй жыланга кадимкидей аза күттү дешет. Жыландын өлүгүн аздектеп көөмп, ал жерге күндө барып эскерип туруптур. Шумдук!: Кемпир ыйлаган сайын Зарлык эске түшөт: Зарлык дале жоктолуп жаткандай туюлат. Айыл ичи, баары кенедей кемпирдин кайгысын бөлө тартышкан менен да пайда жоктой. Анткени Зарлык биздин жүрөгүбүзгө жазылган өчпөс тамга болчу. Аттиң дүйнө! Жаратылыш менен табигаттын сырларын эч ким чече албайт го. Баары сырдуу, табышмактуу көрүнөт. Жада калса, тиги кичинекей кемпир да сырдуу. Ал кемпирди көргөндө баарыбыз аялуу сезим менен карайбыз. Тигине, баласын жоктоп муңдуу кошогун күндө айтып ырдап отурат. Анын ырына үн кошуп, шамал да Зарлыкка жеткизүүгө ашыгат. Кемпирди сагыныч ээлеп, Зарлыкты келип калчудай дале күтөт. Күтүүдөн чаалыкпай:

Төрт мезгилдин алмашышы, күндүн чыгып батышы менен табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү тынымсыз өтүп жатты. Гүлүм эне баягы эле дөбөчөдө адатынча кыңылдап, кошок айтып, ичинен сызып отурат: азыр ал дөбөчө да Гүлүм эне кичирейген сайын жепирейип жапыз болуп бара жаткансыйт. Турмуш өзгөрүлгөн: Биздин муундагылар топ таш сыңары ар бирибиз турмуш жолу менен чачырап кеткенбиз. Мен да апамды көрүш үчүн тынбай каттап келем: Бизге жомок кылып Зарлыктын тагдырын айтып берчү дөбө кандайдыр бир купуя сырды өзүнө катып, аягандай сырдуу да көрүнөт: ал эми Гүлүм эне менен ошол дөбөчө сырдаш курбулардай: дале болсо экөөлөп Зарлыкты күтүшөт: Бүгүн негедир айлананы боз чалып, күн күркүрөп жамгыр жаап, эшикке чыкканга да мүмкүнчүлүк жок болду. Адатымча Гүлүм эненин секичесине көз жүгүрттүм. Башта астына кичине көрпөчө коюп, соксоюп отуруп алчу эле. Эми болсо балдары кичинекей секиче жасап, үстүнө суу тамбагыдай, кичине бутун сунуп жамбаштап жатууга, айлана-чөйрөнү тегиз көрүп тургудай кылып алачык жасап беришкен. Бул да кызык. Ал секичеге барып отурсаң айыл ичи тептегиз көрүнөт: бүгүн секичеде негедир караан көрүнбөдү: Гүлүм эненин үйүнүн жарыгы жанып турат: Секичеге карап турган терезе жакта Гүлүм эне жатат: Күн бүркөлгөндү адамдар да кабак-кашы бүркөлүп, негедир кырс болуп калышат дешет. Апам эчак кошуналардыкына кеткен: Өзүмчө кыжалат болуп чыктым. Негедир айнек жакка келип, Гүлүм эне жакты дагы көз жүгүртүп карадым: Таң калыштуу, эмнени көрүп турам? Өзүмчө селт эте коркуп, ойлорум уйгу-туйгу. Денемди калтырак басып, көзүмдү ачып-жумуп дагы карадым: Туура: Мен жаңылбаптырмын: Терезеге тигилип турган адам кейпиндеги жыланды көрүп, бакырып ийе жаздадым. Муунум калтырап, ээктерим титиреп өзүмчө бир кызык абалда турдум: дагы эле болсо коркконума карабай кызыгып карап жаттым. Оюма Зарлык түштү. Ырас эле Зарлык болуп жүрбөсүн? Өзүмдү коөрго жер таппай калдым. Муунумдун титирегени басылбай, калтырап чыктым: Кызык! Жыландын кайда кеткени билинбей калды. Эшик ачылып апам баш болгон аялдар Гүлүм эненикинен чыгып келе жатышты: Мен да аларга таңданып карап калдым: Аялдардын күбүрөшүп сүйлөгөндөрү даана угулбайт: Эшикти ачканча эле апам кайгырып кирди:

– Бала эненин боор этинен жаралат деген туура да!: Эчак жыланда калган Зарлык баласын чакырып, баласы өлгөндөй баарыбыздын жаныбызды кейитти. Ботом, ал баланын сөөгү эчак чирип жок болгондур: Өмүр бою ошол балам деп Адыл өттү: Эми Гүлүм эненин зары жыландын жүрөгүн ийитсе келбейт беле? – деп бир топ сөздөрдү күбүрөп жиберди:

– Апа, эмне болуптур? Гүлүм эне ооруп калтырбы? – деп сурадым.

– Ооба, дагы эле: "Зарлык, кечир мени балам!" – деп жөөлүсө жанында тура албайсың, – дегенде жүрөгүм сыздады. Апамдын сөзү менен бир паста эми элеки окуяны унута калыптырмын. Эсиме түшө калганда айнекти карай чуркадым. "Мүмкүн ошол Зарлыктыр?" – деген сезим мени бийлеп алды:
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

belka (04 Ноябрь 2014 - 15:59) жазган:

Буттубу?


бутконун кутуп калган окшойсунар эээ.баарынар эле буттубу дейсиер буткондо жазам аягы депчи
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 22:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Зарлыктын жыландардан өзгөчөлөнүп чоң болушу, ошондой эле келемиш менен чычкан, баканы жутуп жей албаганы анын адам экендигин билгизип коюучу. Бирок ал сыйкырланып калган жылан эле: Көбүнчө таттуу жемиштерди жечү: уйдун эмчегин соруп, сүт ичкенди жакшы көрчү: Эне жылан да карый баштады. Дайыма Гүлүмдү табалап, анын күткөн күйүт ыйына, баласын өмүр бою издегенине кубанчу: өч алганына сүйүнчү: Эми өмүрү өтүп, карылыктын деми аны баштагыдай кубантпай калды: Зарлыктын жыландардын арасында болушу акыркы күндөрү тынчсыздантып койду. "Мен өлгөндө ордун таба алабы, же жыландар өлтүрүп коөбу?" – деген ой тынчын алды: Акыры Зарлыкка чындыкты айтууга бел байлады: адатынча Зарлыкка: "Бүгүн башка жакка сейил курабыз", – деп ээрчитип жөнөдү. Гүлүм эне ошол учурда секичеде ичинен кайрып кошогун айтып отурган, жол карап отурган: Анын жанынан жүз кадам жерде карагат бар: ошол жерге ээрчитип келип: "Балам, сен менин баккан баламсың: сенин энең ушул кемпир: Менин баламды сенден кызганып өлтүрүп койгон: Ошондуктан сенин энеңден өч алып, сени дуба менен жыланга айлантып бала кылып алгам: Өмүрүм аз калды: Менин туугандарым мен өлгөндө сени мендей асырап алабы, же өлтүрүп коөбу? Ишенич жок!: Ошон үчүн акыркы сөзүмдү айтып калайын: Адам кейпине келип, энеңдин астанасын атта!: Мен өлгүчө сени адам кылам", – деди. Зарлык тиги өз "апасына" таң калды: кулагы чуулдап, чүкөдөй кемпир энеси экендигине ишенбеди : Көпкө тиктеп туруп, сойлогон боюнча кайда кетип бара жатканына көңүл бөлбөй учкан куштай "сызып" бара жатты: Эне жылан Зарлыктын кеткен жагын карап турду: Мейли, өзүн өзү токтотуп келсин", – деп тим койду. Зарлык бир топко барып өзүнө келди: Баарын баш-аягына чейин ойлонуп чыкты: Түшүнүн туура келиши анын эс-учун жоготту: Анын кайгысын жаратылыш да коштоп, күндүн күркүрөгү, жамгырдын төгүп жаашы, Зарлыктын кайгысын көз жашы менен ички дүйнөсүн тазалап жууп жатты: Жылан менен Зарлыктын рухун, духун кандайдыр аруу сезим ойготуп, бири бирине болгон мээримдүүлүктү коштоп, тагдыр тамашасына тан берди: Кайрадан энесин көздөй жөнөдү: Эми адам болуш керек!: "Ал – адам!" – деген сөз жүрөгүнө жаңырып, кичинекей кемпирдин кусалуу көзү менен баласын күтүп отурушу, Зарлыктын көз алдына тартыла түштү: Ордосуна кетип баратып дагы бир жолу жарык чыккан үйдү карай сойлоп жөнөдү:

* * *

Жылан Эне жолдо зарыга күтүп туруптур: Зарлыктын жайбаракат, көңүлү жай келиши аны кубандырды: Анан өзү да токтоо: Жылан энесине адатынча эркелей келип башын тийгизди: Эне да аны аөо сезими менен карап эркелетип койду: Түнү бою тынч уктай албай эне-бала чабалактап чыгышты: Өмүрүнүн аз калганын билген жылан Эне ордодогу уруктарынын баарын чакырды: Жылан эне алардын алдында кайраттулук менен үнүн бийик чыгарып сүйлөп жатты:

Менин жашоом аяктап калды!: Эми: менин силердин алдыңарда бир өтүнүчүм бар!: Тынч өлгүм келет: Балам үчүн күйүткө чыдабай адам баласын жыланга айлантып бала кылып жүрдүм: көксөм сууду!: мен кечирдим! : Эми баламды арасат калтырбай кайра адам кылгым келет: Бул өтүнүчүмдү жокко чыгарбагыла! : бүгүн ата-бабабыздын ыйык дубасын окуп жардам беришиңерди күтөмүн! – деди жашын кылгырта:

Жылан Эненин өтүнүчү ордо жыландары үчүн таң каларлык "жаңылык" болду: Тынч тура алышпай өздөрүнчө удургуп, күн нурунун шооласына чагылыша кулпуруп, өздөрүнчө көрк берип дуулдап жатышты: Ар кимиси ар түрдүү сөздөрдү айтышты. Бирок, баары бир эненин айтканына макул табышты. Күн уясына баткандан баштап дуба окууга өтүштү: Зарлык кандайдыр салмактанып, көшүлө уйкуга кетти: Жылан энеси өзүн көрсөтпөй Зарлыктын караанын, кыймыл-аракетин карап туруп, анын басканын көрүп, баласы жаңыдан кайра өлгөндөй жүрөгү кайгыны көтөрө албай, акыркы жолу Зарлык менен коштошууга даярдык көрө баштады: Гүлүмдүн турмушу, бала үчүн акыркы деми менен жүргөндүгү кекти өчүргөнсүдү: Ал да эне болчу: Энелик сезим жыланда күчтүү эле!: Эми карылыкка моюн сунуп жыландар арасында баласынын орду жокко эсе болгондуктан өз энесине тапшырууну туура тапты. Таң атканча окулган дубадан жылан баласы кайрадан адам болду: Ал алигиче уйкудан көзү ачыла элек: жыландар акыркы жолу бир тууганынан ажырагандай уйкудан көзү ачылбаган Зарлык менен коштошуп кетишти: Жанында "баласын" адамдардын колуна тапшырыш үчүн жылан Энеси калды. Зарлык адам кейпине келгенде ичи күйгөнүнөн жарылып өлүп кала жаздады: Бирок өлүм алдында акыркы милдетин аткарууга бел байлады:

Качан күн нуру жер бетине тийгенде чукурана ойгонуп кетти. Таңкы шүүдүрүмгө денеси үшүгөнүн сезип өзүнө өзү таң кала эси оой олтуруп калды: Анын айланасындагы кечээки көрүнүш түш сыяктуу болуп өз көзүнө өзү ишенбеди. Кечээки өзүн тегеректеп отурган жыландар дайынсыз, жалгыз калыптыр: Ал кадимки жаш баладай тамтаңдай басып, өз боюн токтотууга аракеттенди: Таң калыштуу: Өзүнө көңүл бурбай, башын көтөрүп сойлоого аракет жасап, баштагыдай сойлой албады. Кыймылдаганда колу кошо кыймылдады: эки колун, эки бутун көрүп таң калды: колун өөдө көтөрүп, : ордунан туруп басууга аракет кылды: азыр ал жылан эмес, ал – адам!: Кубангандыгынан өзүн өзү токтото албай: "Ура-аа! " – деп кыйкырды:

Жылан Эне адамча басууга жасаган кыймыл-аракетине, боюн токтото албай жыгылып жатканына ичи ачышып, жардам берүүгө жанына сойлоп барды: Байкуш эне!: Зарлык жылан Энесин көргөндө башын жыландын башына тийгизип, эреркеп ыйлап жиберди: Жылан Эненин да көзүнөн жаш куюлду: Бирок кайратын жыйып: "Бас, балам, энеңе тапшырайын! : мен баарын кечирдим! : сенин ордуң адамдардын арасында! : Көп жашыба!:Мен дайыма сени мененмин! " – деп башы менен жол көрсөтүп, өзү алдыда койкоюп бара жатты. Артында жылаңач бала, астыда жылан: Алар Гүлүмдүн үйүн көздөй биринчи кадамын таштап жөнөштү.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Ноябрь 2014 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

:гезит:

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   kanyshaikg   05 Ноябрь 2014 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Айыл ичиндеги жан-жаныбарлар эмнеге эле чуу түшүп калышкан?: Ой шумдугуң оо-ой!: бүгүнкү таңдын атышы да башкача болчу: Адепте бир жакшылык келерде адам кубанычына табигат да коштолуп үн салып турган жайы бар:

Уйларды бадага кошкону кошуналар бири бирин чакырып, малдарын топтой башташты. Аңгыча малдар дүргүй түшүп, бирөөлөргө жол бошото туруп калышты. Өздөрүнчө күү-күү болуп жатканда малдын дүргүгөнүнөн кулачтай жыланды көргөндө ооздоруна келме кирбей калды: Койкоюп тик казыктай болуп баратат: Анын артында энеден туума жылаңач тестиер бала: "Шумдугуң кургур, эмне болуп жатат?: Бул түш эмеспи", – дегендей көздөрүн ачып-жуумп, түш эмес чындык экенине ишене албай турушту: Жылан менен бала Гүлүмдүн секичесин көздөй баратышты: Муну көргөндөр жалдырай тиктеп, ордунан козголо албай турушту: Бул мезгилде Гүлүм эне оорусунан оңоло албай Тумардын жардамы менен секичеде отурган. Дагы деле Зарлыктан үмүтү үзүлбөйт: Бүгүн негедир жүрөгү толкуп, кубанычтын белгиси келгенсийт. Жолдон көз албай кароо, баласы үчүн чыгарган кошогун үн чыгарып, өзүнчө күбүрөп ырдоо Гүлүм эненин адаты эмеспи. Бүгүн да күндөгү адаты боюнча жолду карап олтуруп секичеден ыргып кете жаздады. Капырай!: Тигинде өткөндөгү Зарлыкты эмизип жатканда көргөн тааныш Эне жылан келе жаткан эле. Көзүн тигилте карап, анын артында мас немедей тамтаңдап баскан жылаңач баланы көргөндө ордунан секирип турду: Делбелектей чуркап: "Зарлык! " – деген ачуу кыйкырык Тумарды да чочутту. Эшикке ыргып чыгып энесинин чуркап бара жатканын көрүп, анын артынан: "Эмне болду?" – деп кошо чуркады. Гүлүм Эне жыландын астына тизелей отуруп, кечирим сурап, экөө бири бирине муңдарын айтып, сырдашып, эки курбу сыяктуу көздөрүнөн жаш агызып ыйлап жатышты: Эне жылан менен Гүлүм жоголгон курбусун тапкандай кучактап, колу менен жыланды сылай ботодой боздоду. Жылан башын көтөрүп артындагы жылаңач балага: "Энеңе учураш", – деп ишарат кылды: Зарлык Гүлүм менен жыландын ортосунда экөөнү кучактап турду. Түшкө кирбеген жорук!: Зарлыкты көрбөгөн Гүлүм баласын жыттап, анын өң-түспөлү бир өзүнө окшоп, бир Адылга окшоп турганы укмуш көрүндү: Жылан экөө Зарлыкты бир карап, аны өз энесине тапшырганына кубанып, Гүлүм менен жыландын жүрөктөрүнүн согушу басаңдап, акыркы нурсуз көзүнүн кареги менен карап экөө кучакташкан боюнча өлүмгө баш коюшса болобу: Бул эмне деген сыйкыр?!: Экөө эзелтен курбу сыяктуу оо дүйнөгө да жетелешип бирге кетишти: Алардын кубанычына, ортоктош болгон эл. Жакаларын карманышып, жаратканга ыраазычылык айтышып, жыландын баланы кайрып бергенине, анын энелик сезимди бийик тутуп, эми Гүлүм экөөнүн өлүмү бир кезде болгонуна тобо кылышты. Эки эне, экөө тең бир калыпта түбөлүккө уктап атышты: Тумар үстүндөгү чапанын Зарлыкка жаап, экөө кучакташып, энелерин, атасын жоктоп ыйлашты: элдер чогулуп эки энени көтөрүп, бирге жаткызып, бир жайга коюшту. Алардын ордун жоктоп күн күркүрөп, жамгыр төгүп, шамал да аза күтө озондоп, кандайдыр бир купуя сырды ачкандай төгүлүп жатты: эки кылымдык сырды жашырган Гүлүм эне менен жылан Энени койгон жайлардын арасында жаңы дөбөчө пайда болду:

Жомок күндө улана берет: Ал түгөнбөйт тура!
АЯГЫ!! !.ЭМИ ТАЛКУУЛАЙ БЕРГИЛЕ
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   belka   05 Ноябрь 2014 - 01:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сонун чыгарма экен рахмат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   belka   05 Ноябрь 2014 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

kanyshaikg (04 Ноябрь 2014 - 19:14) жазган:

бутконун кутуп калган окшойсунар эээ.баарынар эле буттубу дейсиер буткондо жазам аягы депчи

Урушпаныз эжекеси,кызыктуу чыгарманы ушинтип шаштыра берчу адатыбыз бар))).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   kanyshaikg   05 Ноябрь 2014 - 01:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

урушпай элемин.чыдамынар жок турбайбы.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: kanyshaikg: 05 Ноябрь 2014 - 01:57

Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 23:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: