Мен эртен менен гель для умывания менен жууйм , анан лосьон колдоном!
куздо ,кышында крем питательный .
Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? Кантип, кандай ыкмалар менен?
#102 17 Сентябрь 2014 - 10:57
Өсүмдүк майынан маска
Бул өтө кургак, туурулуп кетчү беттерге колдонулат. Бул маскага өсүмдүк майынын кайсы түрү болсо да жарай берет (күнкарама майы, пахта майы, жүгөрү майы). Марлини 2-3 каттап алып, аны көздүн, ооздун, мурундун тушунан оюп, анан аны жакшы акталган өсүмдүк майына малат да, сыгып туруп бетке тегиздеп жабат. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин марлини сыйрып алып, бетти лосьон менен сүртүп коюу керек.
Жумуртка маскасы
Жумуртканы идишке чегип, анын агы менен сарысын аралаш чалат, аны кебезге сиңирип- бетке, моюнга сүртүп, бир аз тоборсугандан кийин кайра дагы сүртөт. Ошентип 2-3 жолу кайталайт.
Эскерте кетчү нерсе бул масканы жапкан учурда беттин булчуңдарынын кыймылсыз, тынч абалда турушу зарыл, болбосо кыймылдаган учурдагы масканын сынган издери боюнча бырыш пайда болушу мүмкүн. Жалаң сарысына 1 аш кашык каймактуу сүт кошулган түрү мындан да пайдалуу. Маска кургай баштаганда сууга жакшылап жууп, бетмай сүйкөп коесуз.
40 жаштан жогоруларга ыңгайлуу
1 жумуртканын сарысына 1 чай кашык жылымык өсүмдүк майы, 1 чай кашык балды аралаштырып, бир өңчөй масса болгуча чалат. Үйдө лимон болсо, аралаштыруу учурунда 1 тамчы тамызып койсо жакшы болот. Пайдалануу тартиби
Жогоруда жазылган жумуртка маскасыныкындай эле.
Айран менен кымыздан агарасың
Кымыз жана жакшы уюп, бир аз ачый түшкөн айрандан тазартуучу, агартуучу жана витаминдик касиеттери бар.
Кээ бирөө айранды бетке койгондон кийин аны кол менен жышып, тоголоктоштуруп түшүрөт. Бул туура эмес, биринчиден бет жышылып кызарып калат, экинчиден көп жышкылай берүүдөн бырыш көбөйөт. Андан көрө, 2 чай кашык жакшы уюп, бир аз ачый түшкөн айранга же кымызга 1 чай кашык каймак кошуп, аралаштырып, таза жуулган бетке жаап, тоборсугандан кийин кайталап дагы 2 жолу сүйкөйт. Көздүн тегерегине айран же кымызды коюуга болбойт, андан көрө жукалап каймак сүйкөп койсоңуз бетиңиз жумшак тартып, назик болуп калат. Бул масканы койгон учурда бетти тынч кармап, сүйлөбөй, башты жапыз коюп жатуу зарыл. Андан соң бетти жылуу суу менен жууп, өтө кургак тарткан беттерге бир аз бет май сүйкөп койгон оң.
Быштак бырышты жазат
Аталган маска бетти жакшы нымдаштырат. Бир аш кашык быштакты үбөлөп, ага бир кашык сүт же каймак аралаштырып даярдайт. Сүт ордуна 1 аш кашык бал же бир нече тамчы лимон маңызын колдонсо деле боло берет. Быштак маскасы беттеги бырышты кетиргенге жардам берээринен шек жок.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#103 19 Сентябрь 2014 - 11:52
Бирде чаң учурган жел, бирде муздак шамал, бирде жаан-чачын коштогон түшүнүксүз аба ырайы күзүндө көбүрөөк байкалат эмеспи. Кызыгы, ал адамдын келбетине да ошондой башаламан таасир этет экен. Андыктан, тиешелүү маскаларды сунуштоо менен биз аларга каршы күрөшүүнү каалаган айымдарга жардам кылдык.
Баклажан. Бир баклажанды эт туурагычтан өткөрүп бир аз тыныктырып койсо, андан шире чыга баштайт. Ошол учурда ага 1 чай кашык алма ширесин аралаштырып, таза жуулган бетке бир калың катмар кылып коюп 15 мүнөт чалкалап жатуу керек. Андан кийин салкын сууга жууп бетке крем коюп алса, теридеги бырыштар билинбей сыйда болуп калат. Жумасына бир гана жолу жасоо керек.
Коон. Коондун ички маңызынан 2-3 аш кашык идишке салып ага 1 чай кашык балды, 1 аш кашык каймакмайды кошосуз. Аралашманы бетке 15-20 мүнөткө сыйпап жууп салсаңыз, териңиз кургабай нормалдуу боло түшөт.
Жүзүм. Бетте так сыяктуу ар кыл чекиттер пайда болгондо аны кетирүү үчүн ушул маска натыйжалуу болуп саналат. Ал үчүн 50 г жаңы сыгылган жүзүм ширеси менен ушунча көлөмдөгү сүттүн аралашмасына кебезди былчылдата суулап, бир катар кылып бетке коюп чалкалап жатуу керек. Үстүнөн сүлгү жаап алсаңыз маска натыйжасын андан да көбүрөөк берет. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди жуубастан кургатасыз да, крем сыйпап аласыз.
Бий алма. Бышкан бий алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, марля аркылуу ширесин сыгып аласыз. Анан аны кебез менен бетиңизге сүртүп койсоңуз, теридеги сепкилдер кетет жана бет агарат.
Клюква. С, К витаминдерине бай болгон үчүн клюква бетке жандуу көрүнүштү берет жана адамды сулуу көрсөтөт. Мындай максатта пайдаланууну кааласаңыз, 6-7 даана жаңы бышкан клюкваны эзип 1 чай кашык бал жана 1 чай кашык йогурт менен аралаштырасыз. Пайда болгон массаны таза жуулган бетке тегиз жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Эскертүү: муну көздүн айланасына сыйпоого болбойт.
Капуста. Блендерде майдаланган капустадан идишке 1 аш кашык салып, ага 1 аш кашык майда туздан кошосуз. Таза жуулган бетиңизге аралашманы жай массаждоо аркылуу коюп 3 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп жиберсеңиз, шишик тартып турган бет калыбына келе түшөт.

#104 05 Ноябрь 2014 - 11:04
Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан,
эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#105 05 Ноябрь 2014 - 11:05
Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча "дем алып", табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#106 05 Ноябрь 2014 - 11:07
Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#107 05 Ноябрь 2014 - 11:19
Жарым стакан кулпунайдын 1 аш кашык каймак жана бал кошулганмаскасы кургак тери үчүн пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#108 05 Ноябрь 2014 - 11:23
Бадыраң маскасы терини сергитип, мыкты тазалоочу каражат болуп саналат. Андыктан бул масканы койгондон кийин жуунуунун кажети жок.
Майлуу териге эзилген банандын 30 мүнөттүк маскасы абдан пайдалуу.
Майлуу териге эзилген банандын 30 мүнөттүк маскасы абдан пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#109 05 Ноябрь 2014 - 11:24
Канчалык чарчап-чаалык-
саңыз да уктаардын алдында макияжыңызды сөзсүз сүртүп жатыңыз. Болбосо, тери бузулат да, узак убакыт бою бул көйгөй менен алпурушууга туура келет. Андыктан, түнкүсүн бетиңизди жөн суу менен эмес, атайы тазалоочу каражат менен жууш керектигин эстен чыгарбаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#110 05 Ноябрь 2014 - 11:26
Күнүгө сегиз стакан суу ичүү бет теринин өңүн жакшыртуугаөбөлгө болот. Себеби, айлана-чөйрөнүн жана табигый каруу процессинин таасириастында адамдын терисиндеги суунун көлөмү жылдан-жылга азая баштайт. Аталганкөлөмдөгү суу ичүү теринин суу балансын тең салмактап, гидротация процессинжакшыртат.
Бул өз кезегинде бырыштардын алдын алууга жардам берет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#111 05 Ноябрь 2014 - 11:27
"Аралаш"
тери бетинин бир жери майлуу болсо, экинчи жери кургак болуусу менен айырмаланат.
Мисалы, мурундун учу, чеке, ээктеги тери майлуу болсо, көздүн тегерегиндеги жерлер кургак болот. Мында беттин ар бир жеринин өзгөчөлүгүнө жараша кам көрүлүшү керек. 3 аш кашык кулпунайдын ширесине 1 аш кашык глицеринди кошосуз. Кебезди даяр болгон массага малып алып, бетиңиздин көз тегеретесинен башка жерлерине 15-20 мүнөткө жука кылып жабасыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#112 05 Ноябрь 2014 - 11:29
Майлуу тери - жалтырап майланышып турат. Лимондун кабыгы сымал одуракай келет. Мындай териге жакшылап кам көрүлбөсө, бетте кара тактар, безетки пайда болот. Көп учурда ал ириңге айланып кетиши мүмкүн. 1 аш кашык кургак дрожго ошол эле көлөмдө каймак кошуп, бир түрдүү масса даярдайсыз.
Ага эзилген кулпунай же жаңы даяр болгон кулпунайдын ширесин кошуп, бетиңизге, мойнуңузга жабасыз. 30 мүнөттөн кийин масканы жууп салсаңыз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#113 05 Ноябрь 2014 - 11:30
Кургак тери жука болот. Тез-тез түлөп, сырткы таасирлерге өтө сезимтал келет. Эрте бырыш түшөт, ак куба тартып, соолуган элес калтырат. Кургак тери үчүн 0,5 стакан кулпунайды эзип, ага 1 аш кашык каймак менен жарым кашык балды кошуп масса даярдап, бетиңизге жапсаңыз болот. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуунуп, андан соң бетиңизди муздак суу менен чайкап коюңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#114 05 Ноябрь 2014 - 11:32
Нормалдуу тери чымыр келип, косметикалык каражаттардын көпчүлүгүнө чыдамдуу болот. Кремдердин курамындагы витамин жана өсүмдүк эссенциялары мындай теринин мыкты болушун шарттайт. Мындан тышкары, нормалдуу тери үчүн бир нече жакшы бышкан алчаны майдалап, 1 аш кашык картошка крахмалы менен аралаштырып жасалган 20 мүнөттүк маска да пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#115 05 Ноябрь 2014 - 11:33
Чекеге бырыш түшө баштаганын байкасаңыз,
бадыраң массажын күнүгө пайдаланыңыз.
Бадыраңдын кесими менен чекени солдон оңду көздөй сүртүү жакшы жыйынтык берет. Териге сиңген бадыраңдын ширеси аны кургатпай, нымдуулугун сактайт. 30 мүнөттөн кийин бетти муздак суу менен жууп койюңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#116 05 Ноябрь 2014 - 11:43
Алма бетти агартып, жашартат. Аны азыраак сүткө бышыргандан кийин эзип, бетке жылуу кезинде жабат. 20 мүнөттөн соң бетти жылуу суу менен жууп коет.
Тери дайыма ак болуш үчүн күнүнө бир нече жолу 1жарым аш кашык лимон, 2 чай кашык шекер, 1 чай кашык бура жана 3 аш кашык сууну куюп, чайып жакшы аралаштырып, 24 сааттан соң териге сүртүүгө болот.
Тери дайыма ак болуш үчүн күнүнө бир нече жолу 1жарым аш кашык лимон, 2 чай кашык шекер, 1 чай кашык бура жана 3 аш кашык сууну куюп, чайып жакшы аралаштырып, 24 сааттан соң териге сүртүүгө болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#117 10 Ноябрь 2014 - 15:21
Мен сиздерге бул крем жонундо айтпай койсом болбос, "ланолиновый"
жана " спермацетовый"
деген кремдер.. Бул крем кыш мезгилинде кургак бетке аябай чон жардам берет.. ЭСКЕРТУУ : МАЙЛУУ БЕТКЕ БОЛБОЙТ,,!
#118 10 Ноябрь 2014 - 23:58
nargiza96 (23 Сентябрь 2013 - 22:38) жазган:
Биссмилла баштадым анда.Алгач жумуртканы бетим кургап кеткенде сарысын,майлуу болуп кеткенде агын суртом.Айран менен каймакты мындай эле оздорун эле суртом. Сутко келсек сут тартканда жанагы кобугу барго ошону акырын бетиниздерге суртсонуздор,
кунго куйуп калган бетти апакай
жылмакай кылып коёт. Балды алгач суюлтуп, анан алманын ширесин, аралаштырып бетке маска жазайм. Баса балды оозунуздарга да койсонуздар жарылып,жабыркаган оозду калыбына келтирет. Бадыранды помидорду айтпасам да баары билсе керек.

Mumkun bolso jumurtka maskasyn kenerireek aityp koesuzbu??? Anan bettegi ugriden kalgan kyzyl, taktardy ui wartynda kantip ketirse bolot???
#119 29 Ноябрь 2014 - 21:12
Негизи кам коргондордун катарына кирем. Пенка, молочка, скраб, маскаларды колдоном. Крем созсуз эрте менен коем. Жолдошум айтмакчы ушунча кремден башын адашпайбы?- деп кулот. Бирок кээде колдонбогонун да сатып ала берем. Башкача айтканда кремдер менен ооруйт окшойм.
#120 29 Ноябрь 2014 - 21:37
Бетиме крем коп суйкобойм, бирок тазалоочу каражаттар менен ооруйм.