Тырмактарыңыз катмарланып кетсе, тең жарымынан бөлүнгөн лимонго манжа учтарын матырып, 5 мүнөт кармоо керек. Пайдаланылган лимонду ыргытпай, целлофанга ороп, муздаткычка салып койсоңуз дагы 5-6 жолу колдонууга жарайт.
Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу
#121 05 Ноябрь 2014 - 11:39
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#122 05 Ноябрь 2014 - 11:40
Чачты жуугандан кийин аны пиво менен чайкоо какачтан арылтып, жылтылдатып,
чачтын түшүүсүн азайтат.
Тырмак боечу лак муздаткычта сакталса, көп убакытка чейин кургабайт.
Тырмак боечу лак муздаткычта сакталса, көп убакытка чейин кургабайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#123 05 Ноябрь 2014 - 11:42
Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#125 12 Январь 2015 - 11:49
Организмдеги кальцийдин жетишпегени,
ар кандай тырмак боёчу, сапатсыз лактардын кесепеттинен тырмак жукара баштайт. Тырмакка да, витамин берип, кальций ичирүү керек. Натуралдуу кальций бул жумуртканын кабыгы. Эринбей үйдө багылган тооктун жумурткасын жууп, тазалап, чегип, кабыгынын ичиндеги жука пленкасын сыйрып алып салып, сырткы кабыгын кургатып, порошоктой жанчып, майдаланган соң, лимондун согун кошуп, күндө бир кашыктан жеп турса мына ошол нагыз кальций болуп саналат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#126 09 Июнь 2015 - 18:16
Колуңузга туура кам көрүңүз

Колду дайыма бөлмө температурасында жууган пайдалуу. Себеби, муздак суудан колдун териси бузулуп, катуу болуп калат, ал эми ысык сууга жууганда колдун териси кургап кетет.
Үйдө жасалуучу баардык жумуштарды (үй жыйноо, идиш жуу, короодо иштөө, эшик
шыпыруу, кир жуу жана башка) атайын мээлей кийип алып жасоо талапка ылайык. Айрыкча идиш жана кир жууган каражаттардын курамында химиялык заттар көп болот да, ал сөзсүз колду жабыркатат.

Колду атыр самын же атайын суюк самын менен гана жууш керек. Бул косметикалык
каражаттардын курамында колдун терисин жабыркатпай турган атайын пайдалуу кошулмалар бар.
Колго күн сайын унутпай крем сүйкөп туруш керек. Ал терс таасирлерден сактайт.
Тырмактын айланасына кам көрүү да зарыл
Колго ванна жасап турсаңыз колду назик жана чоюлчаак кылат. Ал үчүн 2 литр жылуу сууга – 1 чай кашык спирт жана 1 чай кашык глицерин салып, даярдап аласыз.
Ага колду 15-30 мүнөт кармаса болот. Бул ыкманы 15 күн катарынан жасап, бир айдан
кийин кайра кайталаса болот.

Колдун териси катуу болуп калганда ачытылган капуста натыйжалуу жардам берет.
Ачытылган капустанын ширеси менен сүттүн сары суусун аралаштырып, ванна жасап,
колду ага кармаш керек. Андан кийин майлуу крем сүйкөп коюш керек.
Эгер колдо ар кандай териге суу толуп калуулар (мазоль), шишиктер, жаракаттар болсо, анда крахмалдан жасалган ванна жакшы таасирин берет. 1 аш кашык крахмалды 1 литр жылуу сууга кошосуз. Анда 5-10 мүнөт колду кармап туруу керек. 15 мүнөт өткөндөн кийин жууп, колго азыктандыруучу кремден сүйкөп коёсуз.

Колуңуз ашыкча тердесе, туздалган ванна жасаш керек. Ага 1 литр жылуу сууга 1
чай кашык деңиз тузун кошуп, аралаштырып анан колду саласыз. Сууда 10-15 мүнөт
кармап, бул ыкманы эк жуманын ичинде кайталаса болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#127 09 Июнь 2015 - 18:20
Эртең мененки беттеги жагымсыз көрүнүштөн 15 мүнөттө арылса болот

Бет теринин бырыштарды жазуу
Кургак жана түлөгөн бет териси өзгөчө жагымсыз абал жаратат. Мындан арылуу үчүн банандан маска жасасаңыз болот. Ал үчүн 1 даана банан, 1 чай кашык азыктандыруучу бет май, 1 чай кашык зайтун майы жана 0,5 чай кашык лимон ширеси керектелет. Булардын бардыгын аралаштырып эки күндө бир жолу кечинде маска жасап жатыңыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз.

Көздүн астындагы шишиктерден арылуу
Бул ыкманы кечинде, эртең менен деле колдоно берсеңиз болот. бир даана кичинекей картошканы көзү майда сүргүчтөн өткөрүп аны көздүн астына 15 мүнөткө сүртүп жата туруңуз. Шишиктерди жана кара тактарды эң сонун кетирет. Мындан сырткары, баштыктагы көк чайды сүткө бир малып алып, аны да 15 мүнөткө коюп жатсаңыз жакшы жыйынтык берет.

Теринин дүүлүгүүсү
Мындай көйгөйдөн кефир маскасы сактап калат. 100 грамм майлуу кефирди таза жуулган бетиңизге сүйкөп 15 мүнөт кыймылсыз жатыңыз, андан кийин жылуу суу менен чайкап коёсуз. Бул маска кечинде жасалат.

Бет терисин сергитүү
Бет териңизди жакшы абалга алып келүү үчүн алгач, кайсы түргө кирээрин аныктап алыңыз. Майлуу бетке жумуртканын агына зайтун майы жана бир тамчы лимон ширеси керектелет. Баарын аралаштырып бетиңизге 15 мүнөткө кармап, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кургак бетке быштак же каймакты 15 мүнөткө сүртүп жылуу суу менен чайкап коёсуз. Ал эми аралаш абалдагы бет териси үчүн бир бананды эзип, ага 1 чай кашык грейпруттун ширесин кошуп 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Тегиз түс
Буга сабизден жасалган маска жакшы жардам берет. Кургак бет үчүн бир даана сабизди көзү майда сүргүчтөн өткөрүп ага жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып 15 мүнөткө бетиңизге кармайсыз. Ал эми аралаш жана орточо бет терилер үчүн жумцуртканын агына 3 аш кашык калинанын ширесин аралаштырып сүртсөңүз болот. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга чайкап коёсуз.

Беттин майдай жылтырагынан арылуу
Эгер сиздин макияжыңызды бетиңиздин майланып, жылтыраганы бузуп келсе, анда, эки күндө бир жолу бир стакан сууга бир тамчы ак уксус куюп, кебез менен бетиңизди тазалап туруңуз. Мындай ыкманы колдонуу менен бетиңиздеги ашыкча майдан арыласыз жана бетти тазалайт.

Серпилгич бет тери үчүн
Бет териңиздин абалынын серпилгичтиги узакка кармалсын десеңиз, анда, күн сайын эртең менен муз менен сүртүп туруңуз. Ал үчүн ромашка гулүн кайнатып, марлиге чыпкалап аласыз да, суусун атайын формалуу идишке куюп тоңдургучка салып коёсуз. Андан кийин күн сайын ошол муз менен бетиңизди сүртүп турасыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#128 09 Июнь 2015 - 19:08
Эриндериңиз эмне себептен жарыларын билип алыңыз


Эриндерди кургаткан себептер:
1- Кыш айларында эриндерге нымдуулук жетишейт
2- Эриндерди тиштеп алган учурда жабыркоого учурап жарыла баштайт
3- Эриндериңизге тилиңизди тийгизе берген адатка көнүп алганда
4- Организмге В витамини жетшпейт жатса

Үй шартында кургак эриндер үчүн бальзам жасап алсаңыз болот
1- Аарынын момунан 1 чай кашык, кокос, миндаль майларынан 1 чай кашыктан, Е витамининен 1 чай кашык алып жакшылап аралаштырып оозу бекем жабыла турган идишке салып коёсуз. Андан кийин ар бир тамактанып бүткөндөн кийин эриндериңизге сүртүп жүрөсүз.

2- Ши майынан 1 чай кашык, Е витамининен 1 чай кашык, мята эфир майынан 1 тамчы, какао майынан 2 чай кашык, аары момунан 4 чай кашык алып аралаштырып коёсуз. Андан ары каалаган учуруңузда колдоно бересиз.
3- Аары момунан 2 чай кашык, какао, миндаль, манго, алоэ, касторово майынан 1 чай кашыктан алып, аралаштырасыз. Бул бальзам дагы эриндерди азыктандырып кургактыктын алдын алат.

Кургак эриндер жана учук
Кээде кургап жарылган эриндерге учук чыгат. Ал оорутуп, дүүлүктүрөт. Бир аптадан өтүп айыга баштайт. Муну да үй шартында алдын алып жана дарыласа болот.
1- Кыш айларында эриндерге ар дайым бальзам сүйкөп жүрүү
2- Күндөн жана шамалдан сактоо
3- Суусундукту тиешелүү өлчөмдө ичүү. Күнүнө 8 стакан суу
4- В группасындагы витамин жана жез заты бар азыктарды көбүрөөк колдонуу
5- Тилиңизди тийгизбей, тиштебей, терсин сыйрыбай жүрүү

Эриндеги учуктун алдын алуу үчүн аптасына бир жолу жеңил пилинг жасап коюу жетиштүү болот. Ал үчүн жумшак тиш жуугуч щёткага вазелин же миндаль майын сүйкөп сүртүп коёсуз.
Ал эми бальзам жасап колдонууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда, үйдө жүргөн маалда каздын майынан кам каймактан же вазелин сүйкөп коюп жүрүңүз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#129 25 Ноябрь 2015 - 01:11
Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
#130 09 Декабрь 2015 - 02:29
Менин чачым ичкерип жатып калып жатат бат эле.башымы эрте менен жуусам кеч болуп калганда бир жума башын жуубагандай болуп корунуп калат.Евондун шампунун колдоном.шампун чачыма туура келет сухой ..кенещ бериниздерчи.
жумушта сутка иштейм эртеси жумуштан чыксам баягы корунуш кир корунот чачым
#131 09 Декабрь 2015 - 23:57
беттеги тырыктарды кантип кетирсе болот жардам бергилечи, атайын мазь бар экенго атын таппай жатам
#132 21 Январь 2016 - 02:35
angels (25 Ноябрь 2015 - 01:11) жазган:
Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?
Чачтын көп түшүшү ооруга, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт ооруларга, ошондой эле чач түбүндөгү бездердин функциясына байланыштуу болот. Чачта май безинин функциясы бузулганда териде майлуу же кургак какачты пайда кылат.Оор жана тар баш кийимдер, кеп чачты такай кийип жүрүү чачтын түшүшүн күчөтөт.Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап, сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температура теринин үстүңкү кан тамырлары кысылып чачка керектүү азык заттын келишин азайтат.
Башын ар дайым айран же айрандын сары суусу менен жууп жүрсө, чачы бат өсөт жана көп түшпөйт.
Маска:
100 грамм коньяк менен 1 жумуртканын сарысына бир даана пияздын ширесин аралаштырып, суюктук бирдей калыпка келгиче чаласыз. Даяр болгон массаны чачынын түбүнөн учуна чейин сүйкөп, андан соң башына баштыкча кийгизип коёсуз. Бул ыкманы жумасына бир жолу эки сааттан кармап жасайсыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#133 22 Январь 2016 - 13:13
angels (25 Ноябрь 2015 - 01:11) жазган:
Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?
Чачтын тубуно чеснок менен суртсо жакшы жардам берет.Чачын кырып салып эле чеснокту эзип,жумасына 2-3 жолу 15-20 мин маска койсо да калын,жакшы чач чыгат.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#134 01 Март 2018 - 10:42
Азыркы сайттарда реклама кылып жатышат го чач түшүп баратса токтотконду,
ошондой эле чач чыгарат деген кремдерге ишенсе болобу, ким колдонуп көрдү, колдонгондор болсо резултат болдубу жаза кетсеңер.
#135 11 Март 2018 - 00:32
Чачым тоголок болуп тушуп калды билгендер кенеш бергилечи эмне колдонсом болот
#137 11 Март 2018 - 06:59
Аптекада калемпирдин настойкасы бар ошого чеснокту майдалап туурап кошуп ошонуле сурто берсенер жакшы.
#140 11 Март 2018 - 21:35