Суперстан: Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? Кантип, кандай ыкмалар менен?

Сурамжылоо: Жуузунузго кам коросузбу? (117 пользователей проголосовало)

Кантип, кандай ыкмалар менен?

  1. Ооба, кымбат балуу косметкалар менен кам коромун. (32 голосов [29.36%])

    Процент голосов: 29.36%

  2. Ооба, уй шарты менен кам коромун. (46 голосов [42.20%])

    Процент голосов: 42.20%

  3. Жок кам корбоймун. (31 голосов [28.44%])

    Процент голосов: 28.44%

Голосовать Гости не могут голосовать

#101 Пользователь офлайн   Begai.93   16 Сентябрь 2014 - 23:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 30 Август 14
  • Соңку аракети: 02 Сен 2018 08:40

Мен эртен менен гель для умывания менен жууйм , анан лосьон колдоном! куздо ,кышында крем питательный .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Feijipiao   17 Сентябрь 2014 - 10:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Өсүмдүк майынан маска
Бул өтө кургак, туурулуп кетчү беттерге колдонулат. Бул маскага өсүмдүк майынын кайсы түрү болсо да жарай берет (күнкарама майы, пахта майы, жүгөрү майы). Марлини 2-3 каттап алып, аны көздүн, ооздун, мурундун тушунан оюп, анан аны жакшы акталган өсүмдүк майына малат да, сыгып туруп бетке тегиздеп жабат. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин марлини сыйрып алып, бетти лосьон менен сүртүп коюу керек.

Жумуртка маскасы
Жумуртканы идишке чегип, анын агы менен сарысын аралаш чалат, аны кебезге сиңирип- бетке, моюнга сүртүп, бир аз тоборсугандан кийин кайра дагы сүртөт. Ошентип 2-3 жолу кайталайт.
Эскерте кетчү нерсе бул масканы жапкан учурда беттин булчуңдарынын кыймылсыз, тынч абалда турушу зарыл, болбосо кыймылдаган учурдагы масканын сынган издери боюнча бырыш пайда болушу мүмкүн. Жалаң сарысына 1 аш кашык каймактуу сүт кошулган түрү мындан да пайдалуу. Маска кургай баштаганда сууга жакшылап жууп, бетмай сүйкөп коесуз.

40 жаштан жогоруларга ыңгайлуу
1 жумуртканын сарысына 1 чай кашык жылымык өсүмдүк майы, 1 чай кашык балды аралаштырып, бир өңчөй масса болгуча чалат. Үйдө лимон болсо, аралаштыруу учурунда 1 тамчы тамызып койсо жакшы болот. Пайдалануу тартиби
Жогоруда жазылган жумуртка маскасыныкындай эле.

Айран менен кымыздан агарасың
Кымыз жана жакшы уюп, бир аз ачый түшкөн айрандан тазартуучу, агартуучу жана витаминдик касиеттери бар.
Кээ бирөө айранды бетке койгондон кийин аны кол менен жышып, тоголоктоштуруп түшүрөт. Бул туура эмес, биринчиден бет жышылып кызарып калат, экинчиден көп жышкылай берүүдөн бырыш көбөйөт. Андан көрө, 2 чай кашык жакшы уюп, бир аз ачый түшкөн айранга же кымызга 1 чай кашык каймак кошуп, аралаштырып, таза жуулган бетке жаап, тоборсугандан кийин кайталап дагы 2 жолу сүйкөйт. Көздүн тегерегине айран же кымызды коюуга болбойт, андан көрө жукалап каймак сүйкөп койсоңуз бетиңиз жумшак тартып, назик болуп калат. Бул масканы койгон учурда бетти тынч кармап, сүйлөбөй, башты жапыз коюп жатуу зарыл. Андан соң бетти жылуу суу менен жууп, өтө кургак тарткан беттерге бир аз бет май сүйкөп койгон оң.

Быштак бырышты жазат
Аталган маска бетти жакшы нымдаштырат. Бир аш кашык быштакты үбөлөп, ага бир кашык сүт же каймак аралаштырып даярдайт. Сүт ордуна 1 аш кашык бал же бир нече тамчы лимон маңызын колдонсо деле боло берет. Быштак маскасы беттеги бырышты кетиргенге жардам берээринен шек жок.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бирде чаң учурган жел, бирде муздак шамал, бирде жаан-чачын коштогон түшүнүксүз аба ырайы күзүндө көбүрөөк байкалат эмеспи. Кызыгы, ал адамдын келбетине да ошондой башаламан таасир этет экен. Андыктан, тиешелүү маскаларды сунуштоо менен биз аларга каршы күрөшүүнү каалаган айымдарга жардам кылдык.

Баклажан. Бир баклажанды эт туурагычтан өткөрүп бир аз тыныктырып койсо, андан шире чыга баштайт. Ошол учурда ага 1 чай кашык алма ширесин аралаштырып, таза жуулган бетке бир калың катмар кылып коюп 15 мүнөт чалкалап жатуу керек. Андан кийин салкын сууга жууп бетке крем коюп алса, теридеги бырыштар билинбей сыйда болуп калат. Жумасына бир гана жолу жасоо керек.
Коон. Коондун ички маңызынан 2-3 аш кашык идишке салып ага 1 чай кашык балды, 1 аш кашык каймакмайды кошосуз. Аралашманы бетке 15-20 мүнөткө сыйпап жууп салсаңыз, териңиз кургабай нормалдуу боло түшөт.
Жүзүм. Бетте так сыяктуу ар кыл чекиттер пайда болгондо аны кетирүү үчүн ушул маска натыйжалуу болуп саналат. Ал үчүн 50 г жаңы сыгылган жүзүм ширеси менен ушунча көлөмдөгү сүттүн аралашмасына кебезди былчылдата суулап, бир катар кылып бетке коюп чалкалап жатуу керек. Үстүнөн сүлгү жаап алсаңыз маска натыйжасын андан да көбүрөөк берет. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди жуубастан кургатасыз да, крем сыйпап аласыз.
Бий алма. Бышкан бий алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, марля аркылуу ширесин сыгып аласыз. Анан аны кебез менен бетиңизге сүртүп койсоңуз, теридеги сепкилдер кетет жана бет агарат.
Клюква. С, К витаминдерине бай болгон үчүн клюква бетке жандуу көрүнүштү берет жана адамды сулуу көрсөтөт. Мындай максатта пайдаланууну кааласаңыз, 6-7 даана жаңы бышкан клюкваны эзип 1 чай кашык бал жана 1 чай кашык йогурт менен аралаштырасыз. Пайда болгон массаны таза жуулган бетке тегиз жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Эскертүү: муну көздүн айланасына сыйпоого болбойт.
Капуста. Блендерде майдаланган капустадан идишке 1 аш кашык салып, ага 1 аш кашык майда туздан кошосуз. Таза жуулган бетиңизге аралашманы жай массаждоо аркылуу коюп 3 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп жиберсеңиз, шишик тартып турган бет калыбына келе түшөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча "дем алып", табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жарым стакан кулпунайдын 1 аш кашык каймак жана бал кошулганмаскасы кургак тери үчүн пайдалуу.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бадыраң маскасы терини сергитип, мыкты тазалоочу каражат болуп саналат. Андыктан бул масканы койгондон кийин жуунуунун кажети жок.


Майлуу териге эзилген банандын 30 мүнөттүк маскасы абдан пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Канчалык чарчап-чаалык- саңыз да уктаардын алдында макияжыңызды сөзсүз сүртүп жатыңыз. Болбосо, тери бузулат да, узак убакыт бою бул көйгөй менен алпурушууга туура келет. Андыктан, түнкүсүн бетиңизди жөн суу менен эмес, атайы тазалоочу каражат менен жууш керектигин эстен чыгарбаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Күнүгө сегиз стакан суу ичүү бет теринин өңүн жакшыртуугаөбөлгө болот. Себеби, айлана-чөйрөнүн жана табигый каруу процессинин таасириастында адамдын терисиндеги суунун көлөмү жылдан-жылга азая баштайт. Аталганкөлөмдөгү суу ичүү теринин суу балансын тең салмактап, гидротация процессинжакшыртат. Бул өз кезегинде бырыштардын алдын алууга жардам берет.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Аралаш" тери бетинин бир жери майлуу болсо, экинчи жери кургак болуусу менен айырмаланат. Мисалы, мурундун учу, чеке, ээктеги тери майлуу болсо, көздүн тегерегиндеги жерлер кургак болот. Мында беттин ар бир жеринин өзгөчөлүгүнө жараша кам көрүлүшү керек. 3 аш кашык кулпунайдын ширесине 1 аш кашык глицеринди кошосуз. Кебезди даяр болгон массага малып алып, бетиңиздин көз тегеретесинен башка жерлерине 15-20 мүнөткө жука кылып жабасыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Майлуу тери - жалтырап майланышып турат. Лимондун кабыгы сымал одуракай келет. Мындай териге жакшылап кам көрүлбөсө, бетте кара тактар, безетки пайда болот. Көп учурда ал ириңге айланып кетиши мүмкүн. 1 аш кашык кургак дрожго ошол эле көлөмдө каймак кошуп, бир түрдүү масса даярдайсыз. Ага эзилген кулпунай же жаңы даяр болгон кулпунайдын ширесин кошуп, бетиңизге, мойнуңузга жабасыз. 30 мүнөттөн кийин масканы жууп салсаңыз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Кургак тери жука болот. Тез-тез түлөп, сырткы таасирлерге өтө сезимтал келет. Эрте бырыш түшөт, ак куба тартып, соолуган элес калтырат. Кургак тери үчүн 0,5 стакан кулпунайды эзип, ага 1 аш кашык каймак менен жарым кашык балды кошуп масса даярдап, бетиңизге жапсаңыз болот. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуунуп, андан соң бетиңизди муздак суу менен чайкап коюңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Нормалдуу тери чымыр келип, косметикалык каражаттардын көпчүлүгүнө чыдамдуу болот. Кремдердин курамындагы витамин жана өсүмдүк эссенциялары мындай теринин мыкты болушун шарттайт. Мындан тышкары, нормалдуу тери үчүн бир нече жакшы бышкан алчаны майдалап, 1 аш кашык картошка крахмалы менен аралаштырып жасалган 20 мүнөттүк маска да пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чекеге бырыш түшө баштаганын байкасаңыз, бадыраң массажын күнүгө пайдаланыңыз. Бадыраңдын кесими менен чекени солдон оңду көздөй сүртүү жакшы жыйынтык берет. Териге сиңген бадыраңдын ширеси аны кургатпай, нымдуулугун сактайт. 30 мүнөттөн кийин бетти муздак суу менен жууп койюңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Алма бетти агартып, жашартат. Аны азыраак сүткө бышыргандан кийин эзип, бетке жылуу кезинде жабат. 20 мүнөттөн соң бетти жылуу суу менен жууп коет.


Тери дайыма ак болуш үчүн күнүнө бир нече жолу 1жарым аш кашык лимон, 2 чай кашык шекер, 1 чай кашык бура жана 3 аш кашык сууну куюп, чайып жакшы аралаштырып, 24 сааттан соң териге сүртүүгө болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Gyiwak   10 Ноябрь 2014 - 15:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 17:37

Мен сиздерге бул крем жонундо айтпай койсом болбос, "ланолиновый" жана " спермацетовый" деген кремдер.. Бул крем кыш мезгилинде кургак бетке аябай чон жардам берет.. ЭСКЕРТУУ : МАЙЛУУ БЕТКЕ БОЛБОЙТ,,!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Leo.   10 Ноябрь 2014 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Просмотр сообщения nargiza96 (23 Сентябрь 2013 - 22:38) жазган:

Биссмилла баштадым анда.Алгач жумуртканы бетим кургап кеткенде сарысын,майлуу болуп кеткенде агын суртом.Айран менен каймакты мындай эле оздорун эле суртом. Сутко келсек сут тартканда жанагы кобугу барго ошону акырын бетиниздерге суртсонуздор, кунго куйуп калган бетти апакай

жылмакай кылып коёт. Балды алгач суюлтуп, анан алманын ширесин, аралаштырып бетке маска жазайм. Баса балды оозунуздарга да койсонуздар жарылып,жабыркаган оозду калыбына келтирет. Бадыранды помидорду айтпасам да баары билсе керек.


Mumkun bolso jumurtka maskasyn kenerireek aityp koesuzbu??? Anan bettegi ugriden kalgan kyzyl, taktardy ui wartynda kantip ketirse bolot???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Nariste...12   29 Ноябрь 2014 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Негизи кам коргондордун катарына кирем. Пенка, молочка, скраб, маскаларды колдоном. Крем созсуз эрте менен коем. Жолдошум айтмакчы ушунча кремден башын адашпайбы?- деп кулот. Бирок кээде колдонбогонун да сатып ала берем. Башкача айтканда кремдер менен ооруйт окшойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   poitoska   29 Ноябрь 2014 - 21:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где всегда хорошо

Бетиме крем коп суйкобойм, бирок тазалоочу каражаттар менен ооруйм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 21:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: