Жашоодо умут очпойт экен,баарыбызды алдыга тартып,эртенкиге жетелеген да умут!!!
Анда соз башынан болсун.Жашым 25де,шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринде окугам,тилекке каршы буто элекмин...Себеби учунчу курсту буткондо ала качып кетти.Жалгыз умутум ,ишенгеним ата-энем макулдугун берди.Ак жоолук салынып келиндик кызматымды кылып жашап калдым.Бир жылдай кайын эне,кайын атамдын колунда болдук,бирок ошол учурда торой алган жокмун,боюмда болгон жок.Бала жонундо укканда жашоом тугонгондой сезилип кетээр эле.Кыз кишиге кыйын эле экен,було болуп жашап кетуу,баарынын тилин табып жашоо.Ата-энем жакшы жерде иштегендиктен 21 жашыма чейин акча кандай табылаарын билбептирмин.
Айыл жеринде жашоо кыйын эле экен.Озум тилди жакшы билгендиктен жолдошум бир аз оздоштуруп окуду,досторубуздун жардамы менен биз дагы чет жерге кеттик.Иштеп кичине бутубузга турганда боюмда болду,жаратканыма мин мертебе ыраазымын уул тородум.Балам чоноюп жети ай болгондо атам менен апам бизге берип озун дагы иште жардам болсун дешти.Айла жок келип таштап кетээрде мени баккан(папамдын байкеси)атамдан ажырап калдым.Жашоомдун жарыгы,эртенким,
бугункум эле, мен атамдан ажырадым!
!!Жашоо уланат экен кундор отуп,убакыт баарын женет экен!Бир жылда бир жолу мекенге барып турабыз.Айтайын дегеним бир уйдун туйшугу баары биздин моюнубузда.
Тапканыбыздын баары эсептелуу.Керек болсо кайын синдимдин жууркан тошогунон бери озум жасаттым,свадьбасында салон,кешик,
кийит баардыгын озум даярдадым.Анткени кайын энем андай нерсеге жокмун деди,абысыным мен бошобойм деди.Билинбеген менен ото оор экен даярдоо,бул жерге жазуунун мааниси деле жок го,баарыбызга таанылган кишинин баласына тийди,демек баары жогорку денгээлде болуш керек.Иштеп тапканыбыз баары кетти.Чон кайын энем каза болду кыркы,ашы,эстелиги баарын биз бердик.Озубуздун иштегенибиз аз келгенсип ата-энемден да жардам сурайм(озумдун).
Менин жолдошумдан башкасы кайын эне,кайын атамды сыйлабайт,жок дегенде байкуштарга ысыгыраак чай бергенге жарашпайт.Кемпир чалдын батасы тиет деп колумдан келгендин баарын кылам.Ич кийимдеринен баштап кышкы кийимине чейин арзан кымбатына карабай алып берем.Жолдошум жакшы бирок...Быйыл февраль айынан баштап озгорду,ичимден сызып кайгырган менен билгизбедим.
Журогум менен сезип турдум,кимдир бироо пайда болгонун калат деп ойлодум,уй-буломду сактап калуунун жолу эле.Жакшы эле чыдадым бирок андан ары чыдай албадым озу токтотоор дегем болбоду.Акыры чыдабай тел номери мага оформление болгондуктан офиске барып номерин текшертип баарын билдим,ал кыздын да номерин алдым.Чалып суйлоштум жаш экен 91 жылкы ойнош болбой эле жакшынакай куйоого тийсе болбойбу?!
Куйоом актанды,ушул жылдар аралыгында ага байланганымды мурун байкабаптырмын.
Буломду сактап калганыма суйундум,бирок озумду жа аядым,баарын билип туруп,билмексен болуп жашоонун озу эле-ТОЗОК!
!!Баягы эле убакыт баарын колго алып,жашап калдык.Чыдамым кетип калды качанкыга чейин чыдайм билбейм.Ары карап ыйлап бери карап кулуп жашап келем.Жолдошума болгон ишенич кетип калган,суйуу деп суйлогум да келбейт.Чын дилимден берилип суйлобой,кулбой калганыма кооп болду...Басып кетейин дейм абышка кемпирдин жалгыз умуту,жарыгы менмин.Эмнеге адамдар кээде кайдыгер болуп калышат?Кантип ишенем эми,качан мен мурдагыдай шайыр болуп эркелеп кулуп,бактылуу болом?Умутум очпой келет...Ата-энеме билгизгенден корком,бактысыздыгымды жашырам.
Өчпөгөн үмүт
#2 04 November 2014 - 20:48
Окуп отуруп кейип кеттим. Сиз азамат келин экенсиз. Ошол карыялардын батасы тийсин. Эмне демекмин сабыр кылыңыз замандаш. Сабырдын түбү сары алтын. Жолдошуңузга Жараткан өзү ынсап берсин. Ушунча чыдапсыз, дагы да чыдап коюңуз. Апам айтмакчы аялзаты чыдаганга, жоктон барды жаратканга жаралыптыр да өзү. Батаар күндүн атаар таңы бар дегендей жакшы күндөр да келчү күн болот кудай буйруса. Жакшылыктан үмүт үзбөңүз. Бакыт каалайм.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#3 04 November 2014 - 20:49
Бул убакыт да отот,кичине чыдап кой куйооно жакшы мамиле кылып озундун конулунду озун которуп жур коп ойлонбо кайгырба уй булрнду сактап калыш учун баардык кучунду жумша .ат айланып казыгын табат дейт,куйоон бир куну баарын тушунуп сага ыраазылыгын айтат.Менин жолдошум кайтыш болуп кеткен кайын энем кайын атамдар да начар турушат мен азыркыга чейин жардамымды берип турат.
#4 04 November 2014 - 21:37
Эх автор сабырдуу бол,ушунча чыдапсын мындан кийинда чыдашына туура келет,баланды тирик жетим кылба,ушунча жашап кантип куйоонду кап кайдагыга берип коёсунбу?Озуно тын бол,куйооно жакшы мамиле кылык озуно тарт,наркы кыз мн суйлошуп жок кыл.
#5 04 November 2014 - 21:49
Эхх аялдын сабырдуулугу жакшыы,биз эркектердин баардык кылык жоругубузга чыдайт..бейиш эненин таманын астында!
#6 04 November 2014 - 21:51
Автор чыданыз сабырдуу болунуз . Баары жакшы болот кайнене кайнатаныз жакшы адамдар экен батасын Берип сизди жакшы кабыл алса. Жашоодо сабырдуулук менен турмушту жене билебиз.
Жүрөгүмсүң
#7 04 November 2014 - 22:10
Асылай сен акылдуу келин экенсин. Азыркы заманда кайната кайнеге жардам кылуу бардык келиндин колунан келе бербейт. Куйоосу акчаны шырылдатып тапса да же жогорку кызматта иштесе да. Ата энеге кылганды баладан коросун дейтко. Сенин кайната кайнени сыйласан балдарынан эки эселеп коросун буюрса. А эрине келсек, эркек деген нашкур пенде экен, айла жок балдарын учун чыдайсын.
#8 04 November 2014 - 22:11
Асылай сен акылдуу келин экенсин. Азыркы заманда кайната кайнеге жардам кылуу бардык келиндин колунан келе бербейт. Куйоосу акчаны шырылдатып тапса да же жогорку кызматта иштесе да. Ата энеге кылганды баладан коросун дейтко. Сенин кайната кайнени сыйласан балдарынан эки эселеп коросун буюрса. А эрине келсек, эркек деген нашкур пенде экен, айла жок балдарын учун чыдайсын.
#9 04 November 2014 - 22:33
Мдаааа үмүт өчүп озун-озү кыстап бирөө менен жашоо өтө кыйын экенин билбесем да сезип турам.Чыдаңыз,
сабыр кылыңыз,балким бир күн болбосо бир күнү сизден алыстап кеткен ишеним,үмүт,
сүйүү кайра кайрылып келээр.Бактылуу болуңуз!
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#10 04 November 2014 - 23:04
Автор, аябай акылдуу, азыркы муунга улгу болчу келин экенсин! 5 салаа тен эмес, адам ар кандай болуп жаралган, куйоондун жалан жакшы жактарын гана ойлоп кунунду откоро бер. Сабырлуу бол главное, акырыын хикмат менен кайнене кайнаталарындын сага болгон мамилесин куйооно эскертип тур, озу дагы анан теренирээк ойлонот..
#11 05 November 2014 - 01:04
Билбейм сиздин ордунузда болсом эмне кылмакмын. Бардык кылыгына, бардык азабына чыдайм, бирок ак никеге кыянатчылык кылганына чыдай албайм деп жолдошума айтып келем(анын бетин ары кылсын). Сиздин сабырыныз менин озумчулдук ойюмду сындыргандай болду.))) Азаматсыз!
Азыркы туткан кадамыныз туурале, ушул жолдон кайтпаныз, баткан кундунда атаар таны бар!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 05 November 2014 - 02:30
Келин болуп ак босого аттаганда жокту бар кылып жашап кетуу мумкун бир гана бактылуу болсом деп умут кылгам.Жаратканга чексиз шугурлор болсун,жашоо,
турмуш тиричилик алда канча онолгон.Бир кезде эшигин ачпай,киши ордуна корбогондор азыр айланчыктап жолдошумдун жанынан чыкпайт.Жашоодо баарына ынтымак менен жетсе болот,бирок жаман жол ырыскынын баарын качырат экен.Ал учур,ал кыз баары артта калды...Бирок бир гана журок ойуп,кыйнаганы ишенбей калдым...Мен дагы ойлогом ак никемди булгаган адам менен жашабайм деп,бирок ...Коп ойлоном.Ушул жылдар аралыгы 21жыл калыптанган тарбиямды,коз карашымды,оюмду,
кыялымды туп тамыры менен озгортуп башка нукка бурганына тан калам.Оз ата-энеме ачык айтып эркелеп ыйлагым келет,бирок андайга бара албайм.Эртен жашообуз башкача болсо,тагдырдын сыноосун женип кетсем,жашоом улана берет,ата-энемдин журогундо кеткис так калат да.Чексиз суроолор,башы бар аягы жок ойлор!!!
Кээде алыс жерде жан дуйном жанчылып,чыркырап адилеттик издеп кыйкырып,аалам жаныртып ыйлагым келет,намыс жол бербейт.Озумдон куноо издеп кордум...Неге алыстады деп суроо да бердим таппадым.Жумуштан эрте келбейин,кеч келбейин тамак ар дайым жасайм,таарынып ыйласамда жасайм.Кайын журтумдан бирооно бир ойдо карап суйлобойм.Чон кайнене,чон чон эне,чон таене баарын коруп батасын алгам.Чон кайненем тируу кезинде озум жуунтуп,карап калгам.Тагдырыма таарынам,баарын биздин моюнубузга жуктобойм,кайын агам менен абысыныма деле болуп койчу деп кээде жалынам.Жаш болсок да бир уйдун туйшугун которуп жашоо кыйын эле.Эми баары онолуп келе атканда "ишеничимден"
айрылдым.Жашоого,
тагдырга суроо беруу мумкунчулугу болсо "Мен эмнеден жаздым"-деп тике карап жооп алмакмын!
!!Жолдошум экообуз атабызга машина белек кылганбыз,жакында озу дагы алган,уй жайды ондоп,менин оокатым келип баары жакшы эле...Же ушунча ырыскыны которо албай кеттиби?!Жаным сыздап,кыйналсам дагы КЕЧИРДИМ!
!!Адамдын жашоосунда жанды сыздатып оорутуп,акырындан жеп жок кылган оорунун экинчи туру бул-Ой экен.Умутум очпой баарын унутам деп,чон аракет жасап,озумду озум жоошутуп жашап жатам.Ак никемди булгадын деп чанып,жакшысына жолугаарыма козум жетпейт.Жанылбас жаак,мудурулбос туяк болбос.
#13 05 November 2014 - 02:56
Автор сабырдуу экенсиз ушунча чыдапсыз баланыз узун бактыныз учун дагы да чыдап ал учун курошунуз. Биз эркектер жаман жолго барганда козубуздо ак тургансып эч нерсени корбой калат экенбиз, аны убакыт откондо баамдап жетет экенбиз. Жолдошунузга кабагынызды буркобой кайра жайдары болуп озунузго тартыныз, бирге откоргон жакшы кундорунузду эстенин.
БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗДАРДЫ КААЛАЙМ.
БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗДАРДЫ КААЛАЙМ.
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.
#15 05 November 2014 - 13:05
Канча жаштасыз сыр болбосо, айымдардын жашын сураган ынгайсызго,
бирок кызыгуумду жашыра албадым.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#17 05 November 2014 - 13:55
Аял деген соз озу чыдоо, жазган тагдырга баш ийуу болуп которулабы деп да кээде ойлоп коем. Эмне кылабыз эми эркектер ушундай болсо??? Балким сен айткандай келген ырыскысын которо албай туура эмес жолго тушуп кетти, аны тушунупсун сага Алла ыраазы болсун. Экинчиден аял киши сезимдери менен жашайт экен, мисалы эркектер башкага барып кайра эч нерсе болбогондой болуп жашай берет го, ал эми аялдар анте албайт. Чындап кудайдан сурансан балким сезимдерин кайра пайда болот. Умуттун шооласы кайда, качан болсо дагы узулбойт го...
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
#18 05 November 2014 - 14:26
Ээх окуп алып ыйлагым келди, себеби менин башыман отуп аткан кундор жазылгандай.
Бактысыздыгынды башкалардан жашырып бактылуу корунуу кыйын экен. Ичинде бороон улуп турса да, сыртындан кулгонун тозок экен. Кузгудон озунду карап тааныбай каласын, качандыр бир кулуп турган коз караштан дайын жок, мундуу, ойлуу, муздак коздор карап турат. Аял заты чыдамдуубуз чыдайбыз, баткан кундун атаар таны бар, умут шооласын очурбойлу. Сабырдуулук каалайм!
Сабырдын тубу - сары алтын!
#19 05 November 2014 - 15:16
баланыз бар экен, жок дегенде ошол баланыздын атасы деп чыдап жашайсыз. Жаратканым сабырдуу пенделерин жакшы көрөт. Сабырдуу болсок убакыт зымырык куш сымал өтөт, жолдошунуз да дайыма эле жаш бойдон кала бербейт. Турмушта көрүп эле жүрөбүз, жашында үй-бүлөсүн таштаган эркектер кантип жашап атышканын.
#20 05 November 2014 - 15:46
убак убагы менен баары жакшы болот. тагдырдан качып кутулуу бул болгон эмес. албетте чыдамдуу болунуз дагы да

Супер-Инфо
super.kg
видео



















