Куран (Аллахтын китеби) Кыргызча котормосу Ыйык Куран (Кыргызча)
#41 21 Август 2014 - 11:13
#42 06 Ноябрь 2014 - 01:43
1) Илим тууралуу Курандын аяттары.
-Илим ээлери Периштелер менен эскерилет.
Аллах Таала айтты: "Акыйкатта, Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах өзү, Периштелер жана Илим ээлери күбөлүк берди. Аллахтан башка кудай жок. Ал -Ызаттуу, Даанышман! " (Аалу Имран 3:18) - Аллах биринчи өзүн, андан кийин периштелерин, андан кийин илим ээлерин - Аллахтан башка кудай жок экендигин күбөлүк берүүгө чакырган.
-Илим Илимдүүнү башкалардын үстүнөн көтөрөт.
"(Эй Мухаммед) "Аларга: "Билгендер менен билбегендер тең боло алабы? деп айт.
Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат" (Зумар 39:9)
"Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Аллах силердин эмнн кылып жаткандыгыңардан кабардар" (Мужаадала 58:11)
-Илим - Такыбалыктын негизи.
"Чындыгында пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат" (Фатыр 35:28)
Илимдүүлөрдүн бийик артыкчылыгынан аларга кайрылуу буйрулган.
"Эгер бмлбесеңер, билимдүүлөрдөн сурагыла" (Нахл 16:43)
"Ал (Аллах) мээримдүү, ал жөнүндө билүүчүдөн сурагын" (Фуркан 25:59)
-Илим - бул балкып жаткан көк деңиз.
"...'Силерге азыраак кана билим берилген' - деп айт" (Исра 17:85)
"..' Оо Роббим! Илимимди арттыр!' - дегин" (Таха 20:114)
"Ар бир илим ээсинин үстүндө (андан да) билимдүү бар" (Йусуф 12:76)
#44 06 Ноябрь 2014 - 02:47
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#45 06 Ноябрь 2014 - 03:22
#46 06 Ноябрь 2014 - 08:04
"Аллах кимге жакшылык каалаган болсо, ага динди түшүндүрөт" (аль-Бухари жана муслимдин китептеринде келтирилген)
-"Илимдин (кандай болбосун) бир жолуна түшкөн адам, Аллах ага бейишке жолун жеңилдетет" (Муслим) Мааниси: Аллах бул инсанга хидаят эшиктерин ачат, ибаадаттарды аткаруусун жеңил кылат жана бейишке киришин тездетет: Акыр кыямат күнү эсеп-кысап алынаардагы күтүп туруунун азаптарын башкалардай көрбөйт.
-"Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдиришип канаттарын ага төшөшөт" (ат-Тирмизи, Ибн Мажда) Булхадисте илим алуунун кадыры жөнүндө ачык-айкын айтылат, себеби периштелер канааттанып, урматтап өз канаттарын ага жайып жаткан кизинен ким жакшыраак. Ал үйдөн бир гана илим алуу үчүн чыгат эле.
#47 06 Ноябрь 2014 - 08:17
Пайгамбарыбыз алейхи-салам айткан: " Илимдин артыкчылыгы иадаттын артыкчылыгынан жакшыраак, ал эми Диндин негизинде Кудайдан коркуу турат" (Сахих аль-Джами' )
Ибн Аббас айткан: "Үйрөнгөн нерсемди түндүн бир бөлүгүндө кайталоо, мага ал убакытты ибадат менен өткөзүүдөн жагымдуураак"
Аз-Зухри айткан: "Аллахтын динин үйрөнүүдөн артык ибаадат жок"
Аш-Шафи'и айткан: "Илим алуу нафил намазынан жакшыраак"
Умар бин Абдуллазиз айткан: "Илими жок амал кылган - пайдадан мурун зыян тапкан!! "
#48 06 Ноябрь 2014 - 08:28
1. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын)
2. Ааламдардын Роббиси - Аллахка алкыш-мактоо болсун!
3. Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.
4. Сурак күндүн падышасы.
5. "Жалгыз сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз.
6. (О' Жараткан) Бизди туура жолго баштагын!
7. Өзүң нээмат (жакшылык) берген адамдарды (баштагын). Каар-казапка учурагандардын жолуна эмес"
#50 22 Февраль 2017 - 14:48
#51 10 Март 2017 - 16:30
#53 13 Август 2017 - 19:44
1. "Фатиха" сүрөөсү:
Ким бул сүрөөнү дайыма окуп жүрсө,
Аллах Таала аны бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык аруу тилектерине жеткирип,
ар кандай балээлерден сактайт .
2. "Бакара" сүрөөсү:
Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды ар кандай сыйкырлардан өзү сактайт.
3. "Аль Имран" сүрөөсү:
Бул сүрөөнү үч жолу окуган адам элге болгон карыздарынан кутулуп , күтүлбөгөн жактардан
көп мал - мүлккө ээ болот .
Кайсыл бир үйдө Бакара сүрөөсү үч күн катарынан окулса ал жердеги жин-шайтандар чыгып кетишет жана
мында эч жакындай алышпайт .
Бакара жана Али Имран сүрөөлөрү
кыяматта окуп жүргөн пенде үчүн
салкын көлөкө болуп берет .
Уландысы бар
Куран сырлары.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 13 Август 2017 - 19:54
#54 27 Февраль 2018 - 13:47
Мен да сенин жазууларында пайдаланып, принтерден китеп катары чыгарып файлдап койдум!
Кезектегилерин кутуп калам!
#55 07 Март 2018 - 17:39
*ЯСИН* суросу меккеде тушкон суролордун бири болуп, 83 аяттан турат .
Анас (розияллоху анху )дан риваят.
"Ясин"суросу бардык жамандыктарды жок кылат жана бардык жакшылыктарды пайда кылат .Ясинди бир жолу окуганга Аллах Кураанды 10жолу бутургондун жана бир хатм кылгандын сообун берет .
"Бир инсан жума кечесинде ,эки рекет намаз окуп ,биринчи рекетинде Фатиха суросунон кийин Ясинди ,экинчи рекетинде Фатиха суросунон кийин Табарак (Мулк)суросун окуса .Аллах Таала ал момун окуган курандын ар бир тамгасына нур берет .Ал нур кабырда жана махшарда алдынан аркасынан эки тарабынан туруп ал кишини нурлантырат.
Ошонун касиети менен 70 бир тууганына шафаат кылат .
"Шайтандар Ясин жана Хашр суросунун акыркы аяттарынан жана муьаввизатайн суролоруно качат"
Олум тошогундо жаткан адамдын алдында окуса ,
ар бир тамгасына 10 периште ,ал
инсандын тушуна келип ,Алладан ал
инсан учун куноолорун кечирилишин сурап дуба кылат.
Жайга коюлуп жаткан учурда келип турушат.
Ал инсанга бейиш ичимдиктери ичирилет.Ал инсан бейишке киргенге чейин суусабайт.
*Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар*
Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 07 Март 2018 - 17:39
#56 17 Март 2018 - 23:55
Күндөрдүн биринде менин Куран жаттоо сабагыма бир жаңы бала келди.
Мен андан:
-Курандан жат алган сүрөлөрүң барбы?-деп сурадым.
Ал:
-Ооба, деп жооп берди.
Анда мен:
-Аммадан(30 пара,Курандын акыркы бөлүгү) билгениңди окучу,-деп сурандым.
Жаш бала ынтызарлык менен окуп берди.
-Табарак сүрөсүн(29 пара) билесиңби?
Кичине бала жаштыгына карабай бул сүрөнү да билгенине абдан таң калдым.
Бирааздан соң:
-Нахл сүрөсүн(14 пара) окуп бере аласыңбы?-деп кайрылдым.
Жаш кары мен айткан сүрөнү да мукам үн менен окуп бергенде менин таңыркоом андан да күчөдү.Акырында мен узун сүрөлөргө өтүп,Бакара(эң узун сүрө) сүрөсүн окуп берүүнү өтүндум.Зээндүү бала бул сүрөнү да катасыз окуп берди.
-Балам,сен Куранды жат алган турбайсыңбы?
-СубханАллах, МашАллах…..ооба! -деп уяла жооп берди.
Мен баланы эртеси күнгө атасы менен келүүсүн сурандым.Мага ушундай уулду тарбиялаган атаны көрүү кызык эле.Кийинки күнү ал атасы менен бирге келди,сыртынан караганда анчейин эле сүннөттү бекем карманган кишиге деле окшошподу.Атасы менден мурун мен билбеген сырдын бетин ачты:
-О,устаз!Мен түшүнүп турам сиздин таң калгандыгыңызга! Бул баламдын артында миң эркекке тете келген аял турат-ал баламдын апасы.Менин үй бүлөөмдө үч уулум тең Куранды жат алышкан,ал эми төрт жашар кызым Амманын жарымын жаттаган.
-Бирок,мынчалык деңгээлге кантип жеттиңер?,-деп суролуу жүзүн карадым.
-Аялым баладарынын тили чыкканда эле Куран окууга үйрөтүп,ар дайым аларды жаңы сүрөлөрдү жаттаганга дем берип турат.Мисалы, ким биринчи болуп белгиленген сүрөнү жаттаса-ал ошол кечиндеси кандай тамак даярдалуусуну тандайт,ким биринчи болсо-дем алышта кайда барып сейилдөөнү чечет,ким биринчи жаттаса-жайкы эс алууда кайда барууну өз чечимине коебуз деп.Кыскасы балдарымдын ортосунда атаңталашууну жаратып,ар дайым Куран жаттоо жана кайталап турууга түрткү болуп келет.
Чындыгында такыба аял-такыба перзенттерди тарбиялайт эмеспи…..
Которгон: Нуриет Абдулазиз
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 17 Март 2018 - 23:56
#57 20 Март 2018 - 22:45
✍Нурадыл Мамашарип уулу
������ Бакара сүрөөсү Курандагы эң узун жана Мединада түшкөн сүрөөлөрдөн. Мединада түшкөн сүрөөлөрдө шариятты негиздеген өкүмдөр баяндалган жана арабтардын туура эмес мыйзамдары оңдолуп туураланган. Аллахтын ал тууралаган мыйзамдарына мусулмандар социалдык жашоолорунда абдан муктаж болгон.
������ Бул сүрөө шарият өкүмдөрүнүн көпчүлүгүн өзүнө камтыйт. Мисалы, акыйда, ибадат, мамилелер, адеп-ахлак, үйлөнүү, талак, идда, ж.б.у.с.
������ Сүрөөнүн башында момундардын сыпаттары тууралуу ошондой эле каапырлар жана мунафыктар (эки жүздүүлөр) тууралуу сөз болот. Бактылуулар менен бактысыздарды салыштыруу үчүн ыймандын жана каапырлык менен эки жүздүүлүктүн маани-маңызы, анын эмне экендиги баяндалат.
������ Андан кийин ааламдын жаралуусу туурасында сөз болот. Анан адам атанын окуясын жана аны жаратууда болгон таң калычтуу окуяларды эскерет. Ал окуялар Аллах тааланын адамды башка маклукаттардан жогору койгондугун түшүндүрөт.
������ Андан кийин бул сүрөөдө китеп ээлери тууралуу сөз болот. Айрыкча яхудийлер (жөөттөр) тууралуу. Анткени алар Мединада мусулмандарга кошуна болуп жашашкан. Ошондуктан бул сүрөөдө алардын өтө начар, куу эл болоору мусулмандардын эсине салынат. Жана алар кара өзгөйлүк, кыянаттуулук жана келишим-убадаларды бузуу ж.б.у.с. терс кылык-жоруктарга ээ, бузуку эл экендиги айтылат. Алардын кооптуулугу жана зыяндуулугу баяндалат. Бакара сүрөөсүнүн үчтөн биринин көбүрөөк бөлүгүндө ошолор тууралуу сөз болот.
Ал эми сүрөөнүн калган бөлүгүндө шарият өкүмдөрү тууралуу сөз болот. Анткени ал учур – мусулмандар Ислам өлкөсүн түзүү учуру эле. Ал учурда алар ибадаттарында жана мамилелеринде Кудайдын мыйзамына жана өкүмдөрүнө абдан муктаж болчу. Кыскача айта кетсек, алар:
������ Орозонун өкүмдөрү кененирээк айтылган. Ошондой эле ажылыктын, умранын жана Аллах жолунда согушуунун өкүмдөрү тууралуу. Жана үй-бүлөгө тиешелүү маселелер тууралуу мисалы, үйлөнүү, талак, баланы эмизүү жана идда тууралуу, мушриктерге үйлөнүүнүн арамдыгы тууралуу, аялдардын айыз көргөн учурунда алар менен жыныстык катнашка баруудан тыйган эскертүүлөр ж.б.у.с. үй-бүлөгө байланыштуу өкүмдөр тууралуу сөз болот. Анткени үй-бүлө оңолсо коом оңолот.
������ Андан кийин коомчулуктун туруктуулугуна жана бекемдигине кооптуу болгон сүткорлуктун кесепети тууралуу сөз болот. Сүткорлук менен алектенген ар бир сүткорго Аллахтын жана Анын Элчисинин согушу жарыяланат.
Бул сүрөө момундарды тообого, Аллахка кайтууга, Аллахка жалынып-жалбарууга, каапырларга каршы Аллахтан жардам суроого жана эки дүйнөдө бактылуулукту алып келе турган нерселерди сурап дуба кылууга үгүттөгөн аяттар менен аяктайт. Бул сүрөөнүн башы менен аягы туура келүүсү үчүн сүрөөнүн башы момундардын сыпаттарын эскерүү менен баштап, аягы момундардын дубасы менен аяктайт.
СҮРӨӨНҮН “БАКАРА” ДЕП АТАЛЫП КАЛЫШЫ
“Бакара” деген сөз кыргызчага “уй” деп которулат. Таң калычтуу мужиза эскерилип туруусу үчүн бул сүрөө “уй” сүрөөсү деп аталып калган. Ал мужиза Муса пайгамбардын учурунда болгон. Исраил урпагынан болгон бир адам өлтүрүлүп, аны ким өлтүргөнүн биле алышпай коюшат. Анан Муса, алейхис саламды, билеттир деп ага кайрылышат. Ошондо аларды бир уйду союуга буйру деп Аллах таала Муса, алейхис саламга, вахий түшүрөт. Жана ал уйдун этинин бир бөлүгү менен өлүктү урууга буйруйт. Ошондо Аллахтын каалоосу менен жанагы өлүк тирилип, аны ким өлтүргөндүгүн айтат. Мына ушинтип ал окуя – өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө Аллах Кудуреттүү экендигине ачык далил болуп калат...
Аллах насип кылса, бул окуянын кеңири баяны кийинки макалаларда айтылат.
▁▁▁▁▁▁▁▁▁
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Март 2018 - 22:47
#59 27 Апрель 2018 - 00:15
Аллах таала айтты:
«Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып туруучу. Ал үлгүрөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баарысы Ага гана таандык. Анын алдында эч ким Анын уруксатысыз шапаат кылалбайт. Ал алардын келечегин жана өткөн чагын билет. Ал эми алар Анын илиминен Ал каалаган гана нерсени биле алышат. Анын Курсийи асмандар менен жерди камтып турат. Аларды сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улук зат».
(Бакара сүрөөсү, 255-аят)
БУЛ АЯТТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕБИ
Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Бану Исараил коому Муса, алейхи саламдан: «Сенин Раббиң уктайбы?» - деп сурашканда, Муса, алейхи салам, аларга: «Аллахтан корккула! » - деп айткан.
- Ошондо Аллах таала Муса, алейхи саламга, кайрылып: «Сенден Раббиң уктайбы деп сурашты. Сен колуңа эки бөтөлкө кармап, түнү бою тур» - деп айтат.
- Муса, алейхи салам, Аллахтын айткан буйругун аткарып баштайт. Ошентип түндүн үчтөн бири өтүп калганда, Муса, алейхи салам, үлгүрөп кетип тизесине чөгөлөп калат. Ал кайра тура калып эки бөтөлкөнү оңдоп кармап, ишин улантат. Таң атайын деп калганда Муса, алейхи салам, кайра үлгүрөп кетип колунан эки бөтөлкө тең түшүп сынып калат.
- Ошондо Аллах таала: «Эй, Муса! Эгерде Мен уктай турган болсом, анда асмандар менен жер кулап, сенин колуңдагы эки бөтөлкө талкалангандай жок болуп кетмек» - деп айтат.
Мына ушул себептен Аллах таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, аль-курси аятын түшүрөт.
АЛЬ-КУРСИ АЯТЫНЫН ПАЗИЛЕТИ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, орозодо зекеттен чогултулган тамак-ашка мени кароолчу кылып койгон эле. Түндөсү бир киши келип, зекеттен чогултулган тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алдым да: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» - деп айтсам,
ал мага: «Мен абдан муктажмын. Менин бала-чакам бар. Мен өтө кыйын абалдамын» — деп мага өзүнүн оор абалын билдирди. Мен ага боорум ооруп, коё бердим.
Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээки туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып даттанды эле, мен ага боорум ооруп коё берип салдым» – деп жооп бердим.
Менин жообумду уккандан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтыптыр. Бирок ал кайра кайтып келет» – деп айтты.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага ошентип айткандан кийин мен анын кайра келээрин билип, аны аңдып турдум. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткандай эле ал түндөсү кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап уурдай баштады.
Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» – деп айтсам, ал: «Мени коё берчи. Мен чын эле муктажмын. Балдарым да бар. Экинчи кайтып келбеймин» – деп жалдырады. Мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум.
Эртеси эртең менен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып жалдырады эле, мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум» – деп жооп бердим.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтты. Бирок ал дагы кайтып келет» – деди.
Үчүнчү түнү мен аны аңдып отурсам, ал кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам. Сен ушуну менен үчүнчү жолу келбейм деп убада берип, кайра эле келип жатасың» – деп айттым.
Ал: «Мени коё бер. Эгер мени коё берсең, мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм, ал сөздөр сага Аллахтын алдында пайдасын тийгизет» – деди.
Мен таң калып: «Ал кандай сөздөр?» – деп сурадым.
Ал киши: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, анда сен ошол түнү таң атканча Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты.
Ал ошентип айткандан кийин мен аны өз жолу менен коё бердим.
Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээ түнү туткунуңду эмне кылдың?» – деп кайра сурады.
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага Аллахтын алдында пайдасы тие турган сөздөрдү үйрөтөм деп айтканынан, кайра коё бердим» – деп айттым.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал кандай сөздөр эле?» – деп сурады.
Мен: «Ал мага: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, анда сен ошол түнү таң атканча Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт деп айтты» – деп жооп бердим.
Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Чындыгында, ал жеткен жалганчы. Бирок бул жолкусунда ал сага чындыкты айтыптыр» – деп ал кишинин сөздөрүн тастыктап, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен үч күндөн бери ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?» – деп сурады.
Мен: «Жок. Ал ким экенин билбейм» – деп жооп бердим.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага: «Сен үч күндөн бери сүйлөшүп жаткан киши – шайтан болчу» – деп айтты.
(Сахих Бухари, 2311)
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁