Окуучулук кезде окуган бул повести сиздер менен бөлүшкүм келди.
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#1 06 November 2014 - 21:04
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#2 06 November 2014 - 21:54
1.
Үйдө эч ким жокто, кечтелеп сайма сайганды, кыңылдап ырдап, кыялданганды жакшы көрөм. Бул менин көнгөн, үйрөнгөн адатым. Ар кимде ар кыял , ал кыялды ким тыяр дептир. Мен обу жок ыржактап күлбөйм, ырсактап бирөөгө тийишпейм, ушак айтканды зээнимде жактырбайм. Көчөдө болсун, мектепте болсун, боюмду көпчүлүктөн оолак кармап, жалгыз жүрөм.
Менин зымпыйып, өзүмдү оор басырыктуу алып жүргөнүмдү баары макташат. Апамды ээрчип, аш-тойго барып калсам, сынымды бузбай сыңар тизелеп отурам, кеп сураса шашпай жооп берем. Отургандардын эки көзү менде экенин билип турам. Ансайын жеп карап созулам. Улгайган аялдар адептүүлүгүмө ыраазы болушуп, маңдайымдан чоп эттирип өөп: "Өмүрүң узун болсун айланайын, биздей карып-ары" дешип, ак баталарын аяшпайт... Кээ бир энелер кыздарын урушканда: "Өзүң теңдүү Гүлайымдан үлгү албайсыңбы? Чоң кишидей акылдуу. Эл көзүнчө созулуп, керели кечке бир сүйлөп койбойт. Кандай жандын кыздары ошондой болот экен?" деп, арманмкылышканын да укканмын.

#3 06 November 2014 - 22:06
Албетте, энемдей кишилердин мактоолору мага майдай жагат. Көңүлүмдү эргитет. Мындан ары да өз баркымды эл көзүнө түшүрбөскө аракет тырышып, жибектей созулам, улуу кишилердин алдынан кыя басып өтпөйм. Ошон үчүн мени жакшы кыз дешет...
Ботом мактана баштаган турбаймбы?.. Уят... Уят. Бетим кызарып баратат. Бирөө ушул оюмду угуп калса өлбөдүмбү?..
Ким укмак эле, үйдө жалгызмын. Атам, апам, үкам үчөө тең жарышып Ош базарына кетишкен. Сиңдим экөөбүз калганбыз. Апам айткандай чоң дарбазаны ичинен кулпулап, эртеңден бери эки мээрап жүктү аптапка жайып, кайра керилте жыйдым. Колум талып эле калды.
Эми кол бошоп, сайма сайып отурам. Үйүбүздүн үстү жагындагы асфальт жолдон машиналар өйдө-төмөн кумурскадай каттап турат. Бул дүйнөдө ар түрдүү адамдар бар окшойт. Кээ бирөөлөр машинанын үстүндө кол булгалап өтөт, кээ бирөөлөр үнүнүн бардыгынча дарылдап ырдайт, кээ бирөөлөр ажырашып кала тургансып, бекем кучакташып алышат. Уялбайбы? Андан көрө тынч отуруп, айланага көз жиберип суктанышпайбы, кыялданышпайбы? Аттиңай, мен мен машинага түшүп, алыс-алыс сапар тартсам, кандай кыялданаар элем... Кыялым машина менен тең жарышмак... Созулуп, сүйлөбөйт деп мактаган энелер менин ичимдеги уйгу-туйгу ойлорумду, жүрөгүмдү мыкчып эзген сырларымды билип коюппу?..

#4 06 November 2014 - 22:23
Мен күн өткөн сайын негедир өзүбүздүн коргонду жек көрүп баратам. Туюк аскадай айланаңды курчаган коргондо өзүң жалгыз отура берсең, ичиң бышып зеригесиң, бук болосуң... Көңүл түшкүр элирет, кайдадыр талпынат, жүрөгүм тынбай согот...
Бул коргонду мындан элүү жылча мурда чоң атам курдурган экен... Жаңы кезинде өтө бийик болчу деп атам айтып калат. Бурганактап көз ачырбай, алай-дүлөй карлар жаап, аптасына созулган жамгыр куюп, жыл өткөн сайын чоң атамдын коргонунун такпайы бошоп, топурагы эзилип, урай баштайт. Айрыкча, өзүнүн көзү өткөндөн кийин бул коргон кароосуз калат...
Кечээ жакында, мен эс тартып калганда, коргонубуздун батыш тарабы аңырайып бузук эле... Элдин бош жүргөн малы кирип, тынчыбызды алганда, атам өзү шымаланып гүвалак коюп, эптеп бүтөп койгон.
Кийинки үч-төрт жылда биздин айылдагылар бири-бирине атааңдашып, үй-коргон салышып, алардын жанында биздики жепирейип, аябай ырайы суук көрүнүп калды.
Атам да арданып, ар кимден акыл сурады. Кээ бирөөлөр ушул тамтыгы кеткен коргонуңду бузуп, (антпесең баарыбир эски такпайы эзилип кетет) жаңы конушка өт дешти. "Ата конушумду чалдыбарга айлантпайм, ушул жаман коргондо өсүп-өндүм" ,-деп макул болбой, эски коргонубуздун тамтыгы кеткен үстүңкү паксаларын көчүрүп, анын ордуна жаңыдан беш пакса улап урдурган... Коргонубуз тогуз паксага жетип, шаңкайып калды.
Үйүбүздүн жанынан эртели-кеч өткөн карыялар: "Бали, куп коргон экен да! Кимдики болду экен? Мындай бийик коргон бу арада жок... Ким курса дп, атасына ыракмат"- деп, тамшанып өтүшкөндө, атам ого бетер дардайып калат.

#5 06 November 2014 - 22:38
Коргонубуздун ичи кенен, беш-алты сотых келет. Мурдалары апам бул аянтка кара тамеки экчи эле, былтыртан бери сорт алмалар мөмөлөп, шактарынын көлөкөсү далдайып жайылган сайын, тамеки бышпай калды.
Буга апам капа, мен ыраазы. Анткени кара тамекинин бүткүл түйшүгү менин мойнумда: экчүмүн, кайталап чабыктан чыгарчумун, апта сайын желкем үзүлүп отоп турчумун. Күзүндө тамекини каптап алып, апам, Ош, Анжиян карай жөнөчү...
Алмалар жетилгенден бери бул машакаттан кутулдум да калдым. Эң таң калаарлык нерсе кыпкызыл алмалар шагында эзилип бышып турса жегиң келбейт...
Ботом кыялым дагы алыстап кеткен турбайбы?
Ошентип, он жетиге жык толуп, алыскы сапарга уча турган куштай канатымды дирилдете каккылап, эми кай жерге барып коноор экенмин деп, жүрөгүм туйлап, ушул коргондо сыланып-таранып турган кезим...
Кыз жүрөгү сезгич келет.
Кийинки айларда ата-энемдин көп-көп базарларга каттап жаткандыгы да кокус эмес...
Өткөн базарда апамдар көтөрүп келген куржунду кызыгып аңтарып жиберсем, эркектин бир жуп өтүгү бултаң этип чыга калды.
-Ата өзүңүзгө алдыңызбы?- десем:
-Жок, кызым,- деди да, атам заматта кызарып кетти.
-Жакшы өтүк экен... Хром турбайбы? Анан кимге алдыңар?- деп, кычагандай такып сурапмын. Менин такышымдын да жөнү бар, биздин үйдө мындай чоң өтүк кие турган атамдан башка киши жок. Атам мостоюп, айласы түгөнгөн кишидей унчукпай жер карады. Карасам, жайык маңдайы тердей түшүптүр...

#6 06 November 2014 - 23:01
-Мынча такып калдың? Кереги бар. -Суктанып кармалап турган өтүктү апам колумдан жулуп алды да, жаман көзү менен акырайып карап койду.
Түшүндүм! .. Ошондо түшүндүм, ошондо аалам караңгылап, үйүбүз кыйшайып, оодарылып бараткансыды, тула боюма муздак тер жармашты. Кире качууга жер таппай шашып калдым. Атам да эшикке жылып чыга берди. Апам кулак-мээмди койбой жемелеп кирди. Жемелебей турган апам беле, баарынан да атамдын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калбадыбы?
Ушу менде паам жок. Атам дудук болуп, кызарганда эле эмне сезбедим экен?.. "Жакшы өтүк экен?" деп, суктанып карап калганымды кантейин?.. Ошондон бери атама өик багып карай албай качып жүрөм.
Баарынан да ошол табышмактуу өтүк менин тынчымды алды. Кайда бассам, ал менин артымдан калбай ээрчип жүргөнсүйт. Ошол өтүктүн тык-тык этип баскан үнү угулгансыйт, карай салсам жок, анан дагы баягы тык-тык...
Баса, атамдар бул өтүктү кимге атап алышты экен? Деги атаган ээси бар бекен, же азырынча аты-жөнү белгисиз бир кишиники болду бекен? Ушулардын бардыгын билгим келет, бирок аны мага ким айтат?..
Бул өтүктү кимге алдыңар деп апамдан кайталап сурашка оозум барбайт, уялам... Бирок, ичим уйгу-туйгу болуп билгим келет.
Кыялданып күн бешим болду. Апамдар базардан тезирээк келсе экен. Зеригем. Ордумдан турсам, бүткөн боюм талыкшып калыптыр. Эстеп, керилип-чоюлдум. Эмне кылсам? Китеп окусамбы? Көңүлүм чаппайт. Жол карап тамдын башына чыктым. Тээ сарайдын жанында келиндер кылакташып тамеки эгип жүрүшөт. Азыр эмгек кызыган кез...
Кызыл-Кыя тараптан бир машина зымырап учуп келетат. Үстү толо кишилер, арасында жылаңбаш аялдар да бар окшойт. Кимдир бирөө ырдап жиберди. Үйүбүздүн тушуна келгенде, жанагы неме мага карай кол булшалады да:
Үйүңүздүн үстүнөн
Ырдап өтөм Гүлайым.
Кимдин жары болосуз?
Сурап өтөм Гүлайым,-
деп кошуп жиберсе болобу? Ырдай бер!- деп, калгандары чуулдашты. Заңкылдап эле жаагы жанып, атымды билгендей ырдап баратат.
Андан аркысын тыңшабадым. Кайсы балекет басып тамдын башына чыга калдым эле. Мына ушул ыр бардык элге жайылат, ак жерден жаманатты болом. Эмне үчүн чыктың, кимге бой көрсөтөйүн дедиң эле деп апам жанымды сууруп алат эми. Кайдан көзгө көрүнүп, бойго жеттим экен. Эселек бойдон, куурчак ойноп жүрсөм, мындай түйшүк түшүмө кирмек эмес.
Эмесе, биз тараптын кызга болгон адаты ушундай...

#7 06 November 2014 - 23:15
2.
...Эриксизден көп нерселер эске түшөт.
Мен туулган жерде кыздар менен балдар айлуу түндө аралашып ойношуп, көңүл ачып ырдашпайт, же ээн-эркин эки-экиден колтукташып, киного барышпайт... Ал турмак, кыз менен жигиттин күндүзү эле азилдешип турганын, көчөдө бирге сүйлөшүп келатканын бирөө-жарым көрүп калса: "Паланча акенин кызы чак түштө тиги менен тартынбайалым сабак айтышып турганын өз көзүм менен көрдүм! Ой тооба! Бул кыздын бети курусун, кимге тийсе да жарытпайт! Адамдан такыр ийменип койбойт" деген ушак сасык тумандай айылды аралайт. Мындай ушактын аягы жеңил болот эмеспи. Тез эле бул кеп кыздын ата-энесине тууган-уругуна угулат.
Бойго жеткен кызынын "элден" суурулуп чыгып, уят-сыйыттан ажыраганына ариеттенген эне: "Сенин тушуңда биз баш көтөрүп жүрө алабызбы, же чүмкөнүп үйдөн чыкпай калалыбы?" - деп, "адепсиз" кызынын жумшак сандарынан аткып-аткып алганда, айыпсыз көз жаштар мончоктоп жерге тамат.
Кайран жазыксыз көз жаштар кайда тамбады, кайда калбады.
Чучукту какшаткан чымчуурдан кийин жаштыкка мас сулуу кыз да, ашык жарды көргөндө, дагы бирөө байкап калбагай эле деп, кооптонуп, өзүн оолак кармайт.
Бирок, сасык айың канчалык тарабасын, каардуу апа канчалык азапка салбасын, жаштыктын жалындуу илеби, ашыктыктын ысык оту жүрөктө өчмөк беле?..

#8 06 November 2014 - 23:44
Кыз- бала сезгич келет, турмуштун аркы-беркисин тез баамдайт деп, карылар туура айтышат. Эгерде эркек балдар да биздин шартыбызда чоңоюшса, мага ишенип коюңуңдар, алар да бул жагынан калышмак эмес. Кантесиң, алардын эркек деген касиеттүү аты бар турбайбы!
Ата-энелерибиз:
"Эркектен эшек үркөбү?"- деп коюшат.
Бул эмне деген кеп?
Мейли, эркектер кандай жаман жорук кылбасын, аларга кечиримдүү, анткени- эркек! Ал эми аялдар, силер аларга теңелбегиле деген үгүт.
Эсимде. Анда мен тогуз жаштамын. Оюн дегенде бетимен түшө калган жан элем. .. Бир жолу, кечке жуук коңуналарыбыздын өзүм теңдүү балдары менее жашынмак ойноп, күндүн кантип батканын да сезбей калыпмын... Эч ким таба албасын деп, чуңкур арыктын ичинде Шарип деген бала экөөбүз демибизди чыгарбай бекинип жатканбыз..
-Гүлайым!- деген апамын үнү үйүбүз жактан угулду. Шарип унчукпа дегендей баш ийкеди. Мен макул болдум. Анткени, мындан мурда биз да, аларды табы албай, аябай убараланганбыз. Алардан өчүбүздү алалы деп оңойлук менен табалбач жерде жаиканбыз. Кычагандай, апамдын издеп калганын карачы! Апам Гүлайымды көрдүңөрбү деп, сурап калды эле, тиги орсойгон Кадыр озунуп:
-Карамат эже, биз дагы издеп жүрөбүз! Шарип экөө бирге бекинген эле, жарым сааттан бери таппайбыз. Карабаган жерибиз калбады. Экөө кайда жоголуп кетишкен?- деп каратып туруп жамандады.
Мен Кадырды аябай жаман көрөм. Анткени, ал дайым бейжай сөздөр менен кыздарды тилдейт, көз көрүнө калп айтат. Оюн башталаарда, ал экөөбүз бир жак бололу дегенде, мен "Итим да сени менен бекмнбейт" деп, өлгүдөй уят кылганмын.ошого өчөшүп апама сүйүнчүлөп жатпайбы. Тура калып, эмне калп айтасың дегим келди эле, Шарип:"Унчукпа, убараланып издешсин, анын жазасын өзүм берем",- деп шыбырады.
-О-о Гүлайым, бери чык!- Апамдын каардуу добушунун жаңырыгы тэ алыстан кайталанды. Ырас, апамдан коркуп турсам да, Шарипке билдирбеске аракеттенип, тымпыям. Шарип экөөбүз коон уурдап жашырынган балдардай, бири-бирибизге жалдырап карайбыз. Дүрсүлдөп соккрн жүрөктөрүбүздүн дабыш даана угулат. Өзүбүздү ушунчалык машакатка салып, бизге не зарылчылык келди экен. Балалык да.
-Карамат эже ушу тарапка бекингенин көзүмдүн кыйыгы менен көргөнмүн.-деген Кадырдын божураган үнү угулат. Улам бизге жакындап келатат. Биз кыбыр этпей, жер кучактап, унчукпайбыз. .. Алар жакындап келатышат. Апамдын ак жоолугу, ачуулуу иреңи көрүндү. Айлабыз түгөнгөндө өзүбүз озунүп:
-Биз мындабыз! -деп Шарип экөөбүз тең жарыша турдүк...
-Жашасын, таптык!-деп, Кадыр жер тепкиледи. Апам алдыга бир кадам басып, Шарипти жаман көзү менен акырая карап, анан мага:
-Жатакалгыр, беймаалда мында эмне жатасың? Кыйкырып жатып үнүм бүттү, эмне унчукпайсың а?
Эмне деп айтмак элем, айфп өзүмдө, башты төмөн салып, унчукпай гана туруу керек.
-Эсне тултуясың?-деп, апам кайталап сураганда, Шарип:
-Айыптуу мен, унчукпа дегем, мени уруңуз... Апам ага атырылды.
-Эй бала, долулугуңду энеңе кыл. Кандай бейбаш өскөн баласың, ары тур,-деп, апам бир салды. Буга Кадыр табалап, четте карап турат. Канчалык сураса да, унчукпасымды апам түшүндү окшойт, колун шилтеп,-жүр,-деди.

#9 07 November 2014 - 00:28
Зырылдап коркуп ээрчип баратам. Коргонго кирдик. Апам чоң дарбазаны жаап, мага айбаттанып басканда:
-Апажан, урба!- деп жалынып-жалбарып мойнуна асылдым. Бирок, бекер эле коркупмун. Апам урмак тургай, алдына отургузуп:
-Айтчы кызым, ким менен ойноп жатасың?- деп кадимкисиндей мээримдүү сурады.
-Балдар менен,-дедим оюмда кыпындай кирим жок.
-А сен кимсиң?-деди апам күтүлбөгөн жерден...
Мен таң калып, апама аңырайып карадым. Ой, тобоо, апам эмне деп жатат? Бул чын кебиби же тамашасыбы? Менин ким экендигимди апам кантип эле билбесин? Жок, апам мени эркелетип жатат.
-Гүкүшмүн,-дедим да, заматта апамдын оюн түшүнгөндөй: -Сиздин кызыңызмын, -апамын мойнуна асылдым. Таң каларлык нерсе, апамдын кардуу түрү өзгөргөн жок... Оор дем алып, бети кумсарып, сурданып карайт.
-Гүкүш экениңди, менин кызым экениңди баары билишет... Анан апам оор үшкүрүп, каргылданган үнүн пастатып:-Сен жаман кыз экениңди билесиңби? Беш-алты жылдан кийин бирөөнүн бүлөөсү болосуң, билесиңби? Качанга чейин атаңдын үйүндө..
Апам дагы бир нерселерди айтууга камынды эле, колум менен оозун баса калдым:
-Апажан, антпе, мен эч качан бул үйдөн кетпейм,-деп, тыбырчылап ыйладым... Анан кантип ыйлабайсың! Ата-энеңдин жылуу үйүнөн чоочун бирөөгө кантип, сагалап бүлө болосуң? Жок, менин баргым келбейт. Негедир өксүп-өксүп ыйладым... Апам ушунчалык таш боор беле? Же менден кутула албай жүпгөн окшойт. Анда мени төрөбөй эле койбойбу? Ой, апажан, эч болбосо, саамай чачыман сылап, кадимкидей мээримиңди төгүп, мынчалык Гүкүшүңдүн көңүлүн оорутпай:" Кызым калп айтам, эркелеттим, эч жаккс кетпейсиң, өмүр бою ушул чоң коргондо жашайсың" -деп койбойбу.
Апам антпейт, оор дем алат да, таштан бетер мисиреет, унчукпайт.
Жок, мен жаңылыпмын. .. Мынаке, апам мени бооруна бекем кысты, маңдайымдан жыттады. Азыр, азыр эркелетет, сооротот, ошентип кучакташабыз. .. Таарынычым жазылат. Эртеге дагы экиге бөлүнүп, бекинмечек ойнойбуз. Карап тур, Шарип экөөбүз дагы эч ким таппас жерге бекинип, аябай убара кылалы. Карап тур, шүмшүк Кадырды оюнуюузга кошпой, ичин күйгүзөлү.
Тигине тоо кырынан кыялап ай да чыгып калыптыр. Миң-миң жылдыздар бизди карап жымыңдашат. .. Ушундай айлуу түндө бекинмесек ойногон кандай жаашы! Кап, кызуу оюнубузду апам бузду да.
Бирок, апам неге унчукпайт, неге эркелетпейт.
-Айланайын, Гүкүш, эстүү бол... Атасынын төрүндө карыган кыз болбойт. Илгертен бери кыз баланын насип-тагдыры ушундай. Апаң да бирөөнүн арзылап өстүргөн сага окшош кызы болгон. Ошондо апаң он алтыдагы секелек эле. Атаң колхоздо бригат эле... Үй-тиричиликти зымылдай кармап оокат кылдым. Кайын эненин да заардуу сөзүн уктум, баарына чыдадым, акыры жеңдим. Отурган, үндөбөгөн орун табат кызым. Атаң урушка кеткенде чен алты айлык боюмда кплдың. Ошондо эч кимгеизарыкпай, жүгүмдү артпай, аял башым менен оокат кылдым. Ырысыбыз бар экен, атаң эсен кайтып келди. Үй ичинин тозбогонун көрүп, атаң апаңа аябай ыраазы болгон. Апаң ушинтип эл оозуна кирип, Карамат атка конгон. Кызым, сен дагы бармактайыңдан зымдай бол. Обу жок арсаңдап күлбө, эркек балдар менен жарышып жүгүрбө. Кыз балага ээрчиген ушак-айың кеп болот. Каттуу басса таскак дейт, акырын басса аксак дейт. Көп сүйлөсө тантык дейт, унчукпаса тултук дейт. Уктуңбу, кыз баланын тагдыры ушундай. Мен Гүкүшүм жакшы болсо дейм, өз теңинен озуп, абийирдүү атка консо дейм... Мындан ары балдар менен ойногонуңду көрбөйүн, уят... Калмурзанын чоң эле кызы караңгыда балдар менен алышып ойноп жүрөт деп, эл кеп кылса, апаңа сөз тиет. "Энесин көрүп кызын ал", деген макал бар, уктуңбу, кызым.
-Уктум, күндүзү ойносом болобу?
-Күндүзү да ойнобо!
-Жаныбызда өзүм теңдүү кыздар жок, анан ким менен ойнойм.
-Эч ким менен ойнобо. Мектепте ойногонуң жетет. Тогузга чыктың, көп эрке талтаң болбо. Илгери он жашында кыздарды күйөөгө берген. А сен... Андан көрө окууңдан келгенден кийин кечте сайганды үйрөн. Болуптурбу?
-Болуптур,-дегенмин аргасыздан.

#10 07 November 2014 - 00:48
Балапан жүрөгүм тызылдап, туз баскандай ачышты. Дүйнөдөгү эң бир кымбат нерсемден айрылгансыдым.
..
Эмне үчүн мен кыз болуп жаралдым экен? Эмне үчүн кыз бирөөнүн үйүнө бүлөө болуп барат? Барбай койсо эмне болот? Кыз эмес, күйөөсү (оозум зорго барды) кыздын атасынын үйүнө келсе эмне болот? Деги ата-эненин үйүнөниайрылып жүргүчө, күйөөгө тийбей косо болбойбу?
Жок, мени канчалык кыстаса да, күйөөгө тийбейм. Чачым агарып, карыганча ата-энемдинмүйүнөн бир карыш эч жакка жылбайм-деп, муштумумду бекем түйүп, өзүмө-өзүм ант бергенмин...
Моюнга алам, ырас, аным балалык экен! Турмуш түшкүр өзү эле мажбур кылат окшойт. Кыз бойго жеткен сайын, ата-энесинен өзүн артык баш сезе баштайт экен... Эмне үчүн мындай?
Тогуз, он жаш-көчө чаңытып ойноп гана жүрө турган чагың, а бирок, көрдүңүздөр го, менин ошол курагымда кандай коркунучтуу ойлор балапан жүрөгүмдү өйкөгөн, тынч уйкумду алган.
Бул оңой беккн? Эне сүтүң оозуңан кете элек, ээн үйдө жалгыз отуруудан элеңдеп корккон кезиң, а бирок, эмне деген түйшүктөр кыз баланын башына түшөт.
Ошкнтип, мен тогуз жашымда балалык учурумдун эң кызыктуу ойнунан ажырагам. Ырас, кийинчерээк да, кызыгып кетип, апама көрсөтпөй аралаша түшүп, ойноп жүрдүм. Апамдын эки көзү менде. Көрбөй калмак беле. Бир жолу аябай май токоч берип "сыйлагандан" кийин, такыр даай албай калдым. Балдардын ойноп жүргөнүн көргөндө эски адатым кармап, жүрөгүм талпынчу, а бирок. Калп айткан менен болобу, баары көнүштөн экен... Кечте сайганды апамдан үйпөнүп алгандан кийин, такыр ойногум келбей калды. Мектептен келсем, үй жыйыштырам, бош учурумда кечте саям. Азыр, өз колум менен жасаган буюмдарым бир чандык. Кол машинаны зырылдатып тигем. Айылыбыздын чеберимин. Ал турмак, жаңы формадагы кийимдерди да нускасын келтирип тиге баштадым.
Ботом, дагы мактанып кеткен турбаймбы. Олдо менин мактанчаак жаным ай!

#11 07 November 2014 - 09:21
3.
Удаалаштар аябай өч болушат дешет. Туратбек экөөбүз удаалаш деле эмеспиз. Ал алты жаш кичүү. Бир жаман жери экөөбүз ит менен мышыктай аймаакыбыз. Дайыма чыр-чатакты Туратбек ээленип баштайт да, аягында балээсине мен калам... Анын мени көзүнө илбей чакчаңдап жүрүшүндө да себеп бар.
Биз бир уядан үчөөбүз: эң уулусу мен, анан Шарапаткан, эң кенжебиз Туратбек.
Апамдын удаасынан эки кыз көз жарганына атам аябай осолдоп жүргөн имиш. Ал кызымтал болгондо:" Карамат качан уул баланын үнүн угам?"- деп апама айып коюп жүрүптүр.
Бооруңду тырмап күлө турган нерсе, акыл-эстүү, чопо-чоң кишилер да ушинтип таарынышат экен.
Биринчиден, таарынгыдай кыз бала эмес бекен? Ошол чиренген атамды тогуз ай бели майышып көтөрүп, азаптуу толгоосун тарткан, бармактайынан алпештеп өстүрүп, эр жеткирген ким болду экен? Айта турган киши жок да.
Экинчиден, апамды айыптап нараазы болууга атамдын кандай акысы бар? Аялдар төрөй турган баласынын зубаласын камырдай жууруп алышса анда кеп башка.
Акыры атамдын эңсеген тилеги орундалып, маңдайы жарылып сүйүнгөн күнү да келди.

#12 07 November 2014 - 09:36
Апам уул төрөдү!
Ошондо мен жетиде элем. Апамдын толгоосу башталганда, атам мени тонуна бекем катып, мулуңдап сүйүнүп, коргондун ичинде ары-бер басып жүрдү.
-Кызым,- деди атам жадырап-жайнап кубанып. -Апаң уул төрөсө, айылдын аягына чейин сүйүнчүлө.
-Сүйүнчүлөйм ата,-дедим да капыстан:
-Ата апам кыз төрөсөчү?- Атамдын кашы үйрүлүп, кабагы бүркөлө түштү.
-Жаап оозуңду, апаң уул төрөйт.
Менин шагым сынып, мостоюп унчукпай калдым. Атамдын мынчалык жаны ачышып, мени какканына таң калдым. Мен да апамдын уул көз жарышын каалап турбаймбы?
-Гүкүш,-деди атам акыл айткандай. -Апаң кыз төрөсө, бүт айылды сүйүнчүлөбө.
-Эмне үчүн?
-Уят болот.
-Эмне үчүн уят?- деп, мен да кычагандай сураймын. Атам эмне дээрин билбей, унчукпай кутулду.
Жаңы бөбөк оңой-олтоң төрөлбөй, апам бечара ач кыйкырык салып "Өлдүм, өлдүм. О, Калмурза, ыраазычылыгыңды бер!"- деп чакырат. Атам эшиктен аттап:"Ыраазымын байбиче!" - деп ыйламсырай жалооруса апам ансайын үйдү башына кийип:"Көзүмө көрүнбөй жогол ары!"- деп, айбаттанып чаңырат. Атам башына бирөө союл менен чапкандай артка чегинет. Апам көп өтпөй дагы ыраазычылык сурап чакырат, атам адатынча эшиктен мойнун созуп:"Ыраазымын" - дейт да, кетенчиктейт.
Айласы түгөнгөндө атам айбаныбыздагы сериге отуруп,маңдайынан самсаалап аккан терди аарчып:"Катындын тилин алган мен акмак"- деп башын мыкчып өкүнөт.

#13 07 November 2014 - 09:54
Атам бекер өкүнгөн жери жок.
Ай-күнүнө жеткенде, доктурдан төрө деп, атам биринече жолу кайталап сураса да, апам көгөрүп болбой койгон. Анткени, апам бизди эч кимдин жардамысыз, кыйналбай-кысталбай өзү төрөп, өзү буту-колун жыйнап, чулгап алган экен... Ал турмак, Шарапаткандын төрөлгөнүн үйдө уктап жаткан атам туйбай калган имиш...
Түш оогон кезде үйдөн жаңы бөбөктүн бакырып ыйлаганы угулганда, атам мени таштап:
-О, үнүңдөн айланайын! - деп, ичкери карай жүткүндү.
-Уул экен, уул экен! Сүйүнчү! Сүйүнчү!- деген аялдардын үйдү көтөргөн чурулдаган үндөрү угулду. Мен дагы энтигип, жетип барсам, бардыгы жаңы бөбөктүн үстүнө жабыла түшүп, үймөлөктөп калышыптыр.
-Ыраазымын, байбиче, ыраахымын. Эми эч арманым жок. Тилегеним ушул болчу- деп, атам дубалга сүйөнүп, өктөм отурган апамдан жалооруп көзүн албайт.
-Канаке, көрманаң?- деп аялдардын бирөө атамдан көрүндүк доолаганда, ал тырышып турбай, ич чөнтөгүнөн бир тутам акча сууруп чыгып, чачып жиберди. Аялдар биринин үстүнө бири түшүп, опурап-топурап терип жүрүшөт. Кээ бирлери талаша кетишип, айрып да алышты.
-Ой, туугандар, араң тапкан уулумдан алыс болгула,-деп, атам жаңы төрөлгөн бөбөктүн үстүндө күйпөлөктөйт.

#15 07 November 2014 - 10:46
Эшиктин каалгасын сүйөнүп, тигилерге таңдана карап турган мени атам көрө коюп:
-Гүкүш эмне карап турасың? Сүйүнчүлөп айылдын аягына жетип калды го десе, сен алиге астанада сагалап турасыңбы? Жүгүр кызым!- атам буйрук бергенде, мен да тызылдап чуркап жөнөдүм.
-Бир үй калтырбай баарын тегиз сүйүнчүлө! Апам уул төрөдү де! Эч ким укпай калбасын.- Ушинтип атам артымдан заңкылдап кыйкырып калды.
Бутум жерге тиет же тийбейт. Ар бир үйгө кирем да, күйүгүп дем ала албай:"Сүйүнчү, апам уул төрөдү!" - дейм. Кимиси болбосун жаркылдап сүйүнүп:" Оозуңа май, айланайын. Атаң бечара уулум жок деп, зарланып жүрдү эле, жакшы болгон турбайбы! "- деп, көңүлүнөн чыкканын берет.
Өзүң тырмактайсың, анан тигиндей суук сөздөр. Баары макулдашып алгансып "Атаң бечара" деп сөз башташат. Мен анысына да көңүл бурбайм. Айылдын аягына жетем, эми эмне кылам деп арсар турсам, бир аксакал чал эшек минип жогортон келатыптыр. Кебетеси бейтааныш... Жанымдан өтө бергенде:
-Чоң ата- дедим
-А кызым- деп карап калды
-Сүйүнчү бериң. Апам уул төрөдү,- дедим кылчактап тартынбай...
-Куп жакшы болгон экен... Берейин, берейин,- деп чөнтөгүн аңтарып, беш сомду сунду да:- Кимдин кызысың деди
-Калмурзанын
-Тааныбайт экенмин. Ата-энеңе айтып кой, уул болгону жакшы болуптур, айтаарым эле акыл-эси менен болсун- деп, эшегин кыдыңдатып өз жолу менен кете берди.
Бала болбосом чоочун кишиден эмне үчүн сүйүнчү сурадым экен. Ушуну ойлогон сайын бетим кызарат.
Ошондо апам төрөгөндө тырмактай бөбөк чоңойгондо мага сөөк какшаткан сөздөрдү айтаарын билсем, антип жан-алым калбай өрөпкүп сүйүнчүлөбөй калайын... Анын азыркыдай бейжай болоорун ким билиптир. Ой, Туратбектин обу жок эркелигин ойлосом, жаным кашаят.
Ырас, ал үчүн да Туратбек өзү айыптуу эмес...

#16 08 November 2014 - 01:46
4.
Атам айткан убадасына бекем туруп,айлыбызды бүт чакырып, жаңы бөбөккө той өткөрдү... Арзымат деген бардык тиши күбүлүп түшкөн чалга тон жаап, ак батасын алып, бөбөктүн оозуна май салып, Туратбек деген ат койдурду...
Ошол күндөн Туратбекбиздин үйдөгү эң ыйык, эң касиеттүү атка айланды.
Үйдөгү иш эрмегибиз, сүйлөгөнүбүз, убара болгонубуз: Туратбек, Туратбек... Ал үч жарым айында арсаңдап күлдү. Бул биз үчүн чоң майрам болду. Атам жетине албай, уулум күлдү деп бардык элге жайды. Алты айында анын алдыңкы эки тиши чыкты... Атам районго чаап барып, уулуна бир сыйра кымбат баа кийим сатып келди... Туратбек тетик чыгып, он айында телтеңдеп басты. Ой, ошондо баарыбыз өз көзүбүзгө өзүбүз ишенбей, улам сынап көрүп:басты, басты!- деп жар салдык. Туратбектин тили ата деп чыкты... Атам терине сыйбай семирип:" Уулум ата дебедиби" - деп айыл-ападагыларды чакырып кой сойду.
Ошентип убакыт өткөн сайын биздин үйдүн эрке-талтаңы Туратбек болду да, Шарапаткан экөөбүз "өрдөктүн түрү суук" баласындай четтеп кала бердик.

#17 08 November 2014 - 01:52
Жакшы тамак болсо Туратбек ичсин, жакшы кийим болсо Туратбек кийсин... Күн бүркөлүп калса, чаң-тополоң түшүп:"Кокуй Туратбек кайда жүрөт, издеп тапкыла, суук тийип калбасын"
, күн тийсе:"Кокуй,
Туратбек кайда, аптап өтүп кетпесин!
"- деп апам биздин тынчыбызды алат. Ушинтип көзүн жалдырап карап турса, ким болсо да, бутунун туурасы менен басып алчактабайбы.
..
Эмесе, бир гана жолкусун айтып берейин...
Эмесе, бир гана жолкусун айтып берейин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#18 08 November 2014 - 22:31
Эсимде, апам алыскы айылга кеткен болчу. Окуудан келерим менен үйдү жыйнаштырып,
казан-аяк жууп жатканмын. Туратбек сырттан тал чыбыкты ат кылып минип, ылай буттары менен төргө өтө чапты. Канча убараланып жыйнаштырган үйүм чаң-чуңга толду да, калды. Туратбек мени кантээр экен деп, кыйраткансып кийиздин үстүндө ары-бери басып турат. Өзүм сүйүнчүлөгөн үкамдын ачыктан-ачык шылдыңдап, кемсинткен кылыгына ушундай жаным кашайды, өзүмдү-өзүм токтото албай:
-Өлө элегиңден үйдөн чык!- дедим жулунуп...
Туратбек буйругумду кулагына илип да койбойт, тилин соймоңдотуп чыгарып, маскарлагандай арсактап күлөт. Анысы аз келгенсип, кийизге оонап-оонап алды. Да буйрук кылдым... Жок, Туратбек тоготуп койбойт. Жүгүрүп барып кулагынын тарсылдагын жулуп алгыдай чойгулап, эшикти карай сүйрөдүм. Ал буттары менен тепкилеп, колдору менен чачыма асылды. Экөөбүз тытышып да калдык...
-Үйдөн чык!
-Чыкпайм!
-Чык дейм!
-Чыкпайм дейм!- менден өкүмүрөөк кыйкырат.
Өзүмдөн алты жаш кичүү укамди башкара албаганыма намызданам. Элдин инилери эжелеринин тилинен чыкпайт, мойтоңдошуп жүрүшөт. Ушул Туратбек кантип өзгөчө чаарбаш болгонуна жаным кашаят...
-Өлө элегиңден үйдөн чык!- дедим жулунуп...
Туратбек буйругумду кулагына илип да койбойт, тилин соймоңдотуп чыгарып, маскарлагандай арсактап күлөт. Анысы аз келгенсип, кийизге оонап-оонап алды. Да буйрук кылдым... Жок, Туратбек тоготуп койбойт. Жүгүрүп барып кулагынын тарсылдагын жулуп алгыдай чойгулап, эшикти карай сүйрөдүм. Ал буттары менен тепкилеп, колдору менен чачыма асылды. Экөөбүз тытышып да калдык...
-Үйдөн чык!
-Чыкпайм!
-Чык дейм!
-Чыкпайм дейм!- менден өкүмүрөөк кыйкырат.
Өзүмдөн алты жаш кичүү укамди башкара албаганыма намызданам. Элдин инилери эжелеринин тилинен чыкпайт, мойтоңдошуп жүрүшөт. Ушул Туратбек кантип өзгөчө чаарбаш болгонуна жаным кашаят...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#19 09 November 2014 - 11:40
Ал астымда жатып да, каткырып күлүп, ачуумду келтирет...
-Бала, апам келгенде айтам.
-Айтсаң айта бер. Мен дагы айтам...
-Эмнени айтасың?
-Айтам, балдар менен ойногонуңду айтам.
Ой, тооба, каратып туруп калп айтканына таң калам. Жок, таң калбайм. Апам дайыма бирижакка кеткенде, Туратбекке минтет:"Эжең коргондо жалгыз калды. Жанынан жылбай отур. Балдар менен ойносо өзүмө айт",- дейт.
"Гүлайым балдар менен ойноду" деп ал калп айтса да, апам мени урушаарын билип турат. Ошон үчүн ал мага жөн жерден жалаа жаап, коркутуп жатпайбы.
-Айтсаң айт, үйдөн чык- Эң аягында колунан сүйрөдүм. Ал тырмышып колун жулуп алды.
-И, үй сеники беле?- дейт
Мен эмне деп жооп айтууну билбей, бир тыным эңгиреп туруп калдым. Анткени, ооба, үй меники десем эле, анын айтаар сөзү кулагыма жат. Ошол заардуу сөздү укпас үчүн аргасыздан унчукпайм.

#20 09 November 2014 - 11:59
-Чык!- дедим демите.
-Бул үй кимдики экенин билесиңби?
Анын сөзүн укмамыш болгондой, оозума талкан куюп алгандай тымпыйып, дагы унчукпайм. Менин эмне себептен койдой момун боло калганымды Туратбек түшүнүп, ыраазы болгондой, мени түбөлүккө багындыргандай, ийне менен оюп тешкендей бүтүкүй көздөрүн кыбыңдатып:
-Үй акең Туратбектики. - Чоң атам кейиптенип малдаш токуна отурду.
-Атам айткан... А сенин үйүң...- деп камдатып келе жатканда эле, оозун баса калып туш келген жерине чапылдатып чаба бердим. Ал дагы жер тепкилеп үйдү башына көтөрүп ыйлады, ушул бир тууган кара чечекей инимден көргөн кордукка ызаланып, мен дагы эмшиңдеп ыйладым... Эмне үчүн кыз жаралдым экен? Эч болбосо, шымын эптеп кие албаган ушул жаман Туратбек да кыйынсынат. ..
Туратбекти канчалык күчөнүп ийлесем да, ал эжелеп мойнума асылбады. Калп айтам деп, жалооруп жалынбады... Кайра менин муунуп бошоп, ыйлаганымды көрүп, чыйралгансып, көз жашын аарчыды да мурдагысындай кайраттана чакчаңдап:
-Сен эрге тийсең кетесиң, бул үйдө мен калам, ата-энемди карыганда өзүм багам,- деди эң акырында.
Бул жолу айбаттанып ага асылганым да жок.. Көңүлүп караңгылап, отуруп калдым. Туратбек кыйынсынган кебетесинде, "алың ушул беле" дегендей жышаана туюлгансыйт. ..
Бул эмне деген кордук, шылдың...

Супер-Инфо
super.kg
видео