Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#141 Пользователь офлайн   Giza   21 Август 2014 - 13:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Анан да мен жеке менчик балдар бакчасында иштедим. Чындап акыркы убакытта баарыбыз батыштын тарбиялоо ыкмасын колдонобуз. Мен балдарды мектепке даярдоочу мугалим болуп иштейм. Анан бир бала дайыма дептерин үйдө унутат. Такыр алып келбейт. Анан катуу деле айтпадым бурчка тургузуп койдум көп болсо 5 мүнөткө. Анан эле эртеси апасы " Вот у моего сына депрессия, вы его вчера поругали" дейт.Эми назиктигин карасаңар. Болбогон нерселерге деле "сейчас у меня будет нервный срыв" деп турат. Ушинте берсе чоңойгондо даана батыштын ата-энеси менен да иши болбогон өзүнүн гана камын ойлогон эгоисти чоңойот. Бул бала деле ата-эне менен иши болбой эле өзүнүн гана баласы менен болуп калат. Мен баарына "Бала тарбиялоодогу адашуулар" деген китепти окуусун сунуштамакмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   23 Август 2014 - 05:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Мага совет керек!!! Кызым 3.6 жашта. Бир жумадан бери согунуп баштады: ''Ах ты су.а, бл..т.'' деп. Куйоом согунбойт мен тем более. Эшиктен укканын жаттап алат. Эми кичине эле бир нерсе жакпай калса ушинтип кыйкырчу болду. Тушундуруп ал жаман соз антип айтпаш керек деп папасы экообуз тушундурсок болду айтпайм дейт да кайра эле кыйкырып баштайт. Эмне кылышты билбей калдык. Жакында Кыргызстанга кетебиз,туугандардын козунчо согунуп уят кылат ко. Анан да такыр кыргызча суйлобойт мен кыргызча суйлосом ''не поняла а ты меня понимаешь ''деп туруп алат. Бирок чын эле тушунбойт. Мисалы: тамак же десем ,что деп тура берет да кушай десем же жейт же не хочу деп жооп берет. Айтып уйротом артымдан кайталайт да кайра сурасам кулуп тура берет унутуп калат окойт. Кыргызстанга калтырып келейин десем куйоом маакул эмес. Уруп коргон эмеспиз,папасын угат мен кичине кыйкырып койсом не кричи пожалуйста деп ыйлактап кирет. Кичине эле сураганын бербей койсом анылдап ыйлап баштайт боорду оорутуп. Бирок ото эрке эмес, мага жардамдашып камыр жайсам жайышат,уй жыйнасам пол жууйт. Иши кылса кичинекей жардамчы. Проблема согунгонундо болу атат. Айылдагы байкелеримдин кыздар-балдарынын согунгонун уккан эмесмин. Эми форумчулар канткенде согунгонун калтырам. Совет берип койгулачы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Giza   23 Август 2014 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения LEDI7MERI (23 Август 2014 - 05:27) жазган:

Бир семинарда айтты эле. Эгер бала сөгүнсө, жаман сөз айтса кайра кайра эле мындай болбойт десе кайра көбүрөөк сөгүнүп баштайт деп. Канчалык ошо сөзгө көп көңүл бурсаңыздар, ошончо көп айтат. Мындай учурда сиздер айлана-чөйрүнүздөгүлөр кызыныз сөгүнгөндө маани бербей укпай койсоңуздур бара бара айтпай баштайт. Эмнеге тили орусча чыкты эле? Үйдө орусча сүйлөшөсүздөр го?3,6 жаштагы кыз орусчаны көчөдөн үйрөнбөсө керек. Сиздер күйөөңүздөр экөөңүздөр өз ара жалаң кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракет кылыңыздар. Кызыңыздын чөйрөсүн катуу көзөмөлгө алыңыз. 3,6 жаш кызыңыздын калыптануусундагы эң маанилүү этап. Бул илимий жактан далилденген факт. Балдардын тарбиясына окуусуна сарптаган акча келечекке болгон инвестиция экени баарыбызга маалым. Ошондуктан кызыңыздын келечегине кам көрүп балдар бакчасына бааруусуна өбөлгө түзүңүз. Кызыңыз ыйласа каалаганын аларына көнүп алыптыр. Бооруңуз ооруса да ыйлаганда бербеңиз. Ыйлабасан берем деп ультиматум коюңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Жолоочу_Aiana981_* 24 Август 2014 - 02:25

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Баланы тарбиялоодогу кетирилген катачылыктар деген китепти окуп баштадым, сиздерге да сунуштайм.
Мумкунчулук болсо бул жакка да кочургону аракет кылам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   24 Август 2014 - 03:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Просмотр сообщения Giza (23 Август 2014 - 20:30) жазган:

Бир семинарда айтты эле. Эгер бала сөгүнсө, жаман сөз айтса кайра кайра эле мындай болбойт десе кайра көбүрөөк сөгүнүп баштайт деп. Канчалык ошо сөзгө көп көңүл бурсаңыздар, ошончо көп айтат. Мындай учурда сиздер айлана-чөйрүнүздөгүлөр кызыныз сөгүнгөндө маани бербей укпай койсоңуздур бара бара айтпай баштайт. Эмнеге тили орусча чыкты эле? Үйдө орусча сүйлөшөсүздөр го?3,6 жаштагы кыз орусчаны көчөдөн үйрөнбөсө керек. Сиздер күйөөңүздөр экөөңүздөр өз ара жалаң кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракет кылыңыздар. Кызыңыздын чөйрөсүн катуу көзөмөлгө алыңыз. 3,6 жаш кызыңыздын калыптануусундагы эң маанилүү этап. Бул илимий жактан далилденген факт. Балдардын тарбиясына окуусуна сарптаган акча келечекке болгон инвестиция экени баарыбызга маалым. Ошондуктан кызыңыздын келечегине кам көрүп балдар бакчасына бааруусуна өбөлгө түзүңүз. Кызыңыз ыйласа каалаганын аларына көнүп алыптыр. Бооруңуз ооруса да ыйлаганда бербеңиз. Ыйлабасан берем деп ультиматум коюңуз.
Кандай десем Куйоомдун мамасы орус атасы кыргыз. Ошон учун куйоом орус тилдуу. Каалаганы дегеним кобунчо ручка тетрадь карандаш китептер. Кийимди озу тандайт жакса алам дейт жакпаса кийбей коет. Канча аракет кылдым болбойт. Жалан койнок сарафан алдырат. Шым,шорта кийбей койду. Бир жарым жашында мындайы жок болчу. Эми кузундо кыргызстанга барып келгенден кийин садикке берели деп жатабыз. Мама,папа деп жазганды билет. 11 ге чейин санаганды билет. Так что саддан кыйналбаса керек. Мени ойлондурганы согунгону болуп жатат. Бугун эшиктен бир баланы согуп салды. Уялат экенсин атайын уйроткондой болуп. Минтип айтпа бул жаман соз десем ладно больше не скажу дейт да кайра эле жиндеп кетип согунот. Куурчактарын, мышыгын урушат. Эми ыйлаганы жонундо айтсам: кичине унумду катуу чыгарып койсом да мама не кричи ,прости меня деп унулдайт. Ошон учун ыйлаткым келбейт. Ультиматум коюп коро элекмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   24 Август 2014 - 03:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Просмотр сообщения Aiana981 (23 Август 2014 - 23:25) жазган:

Баланы тарбиялоодогу кетирилген катачылыктар деген китепти окуп баштадым, сиздерге да сунуштайм.
Мумкунчулук болсо бул жакка да кочургону аракет кылам.

Мен бул тарбия жонундо коп орустардын сайттарын карап чыктым,психологдору берген кенештеринин кобунчосун колдоном жардам бергени бар,бербегени бар. Мисалы кызым кечинде секиргенди жакшы корот эле. Эми болсо секирип баштаганда колуна раскраска же планшетин кармата коюп алаксытып коем. Согунгону чатак болуп атат эжемден сурасам аныкы эркек балдар ,боло берет деп койду, иниме айтсам менин кыздарым согунбойт ,согунуп атканда этин оорутуп чымчып койунуз ,экинчи сокпой калат дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Giza   24 Август 2014 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Aiana981 (24 Август 2014 - 02:25) жазган:

Баланы тарбиялоодогу кетирилген катачылыктар деген китепти окуп баштадым, сиздерге да сунуштайм.
Мумкунчулук болсо бул жакка да кочургону аракет кылам.

Адем Гүнеш жазган китеппи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Жолоочу_Aiana981_* 24 Август 2014 - 10:20

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения LEDI7MERI (24 Август 2014 - 03:30) жазган:

Мен бул тарбия жонундо коп орустардын сайттарын карап чыктым,психологдору берген кенештеринин кобунчосун колдоном жардам бергени бар,бербегени бар. Мисалы кызым кечинде секиргенди жакшы корот эле. Эми болсо секирип баштаганда колуна раскраска же планшетин кармата коюп алаксытып коем. Согунгону чатак болуп атат эжемден сурасам аныкы эркек балдар ,боло берет деп койду, иниме айтсам менин кыздарым согунбойт ,согунуп атканда этин оорутуп чымчып койунуз ,экинчи сокпой калат дейт.

Оорутуп чымчып кой дегени кызык болду го. Чымчып койгон менен эч нерсе чечилбейт, не ооздон ошол эле соз чыгып атыптырбы...
Мумкун согунгонун тупкурунон издеп короорсуз.
Кызыныз менен отуруп кенен суйлошуп, кайдан уйрондун, неге антип суйлоп атасын деп тактасаныз.
Ошол созду ар бир айтканына жаза деп, канча убакытка чейин суйлобосо белек деп. Жаза дегенде оор жаза эмес албетте. Мисалы ошол куну паркка алып бара турган болсонуз жаза катары алып барбоо же ж.б.с
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Жолоочу_Aiana981_* 24 Август 2014 - 10:22

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Giza (24 Август 2014 - 09:43) жазган:

Адем Гүнеш жазган китеппи?

Ооба автору Адем Гунеш, кыргызча котормосу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Giza   24 Август 2014 - 20:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения LEDI7MERI (24 Август 2014 - 03:11) жазган:

Кандай десем Куйоомдун мамасы орус атасы кыргыз. Ошон учун куйоом орус тилдуу. Каалаганы дегеним кобунчо ручка тетрадь карандаш китептер. Кийимди озу тандайт жакса алам дейт жакпаса кийбей коет. Канча аракет кылдым болбойт. Жалан койнок сарафан алдырат. Шым,шорта кийбей койду. Бир жарым жашында мындайы жок болчу. Эми кузундо кыргызстанга барып келгенден кийин садикке берели деп жатабыз. Мама,папа деп жазганды билет. 11 ге чейин санаганды билет. Так что саддан кыйналбаса керек. Мени ойлондурганы согунгону болуп жатат. Бугун эшиктен бир баланы согуп салды. Уялат экенсин атайын уйроткондой болуп. Минтип айтпа бул жаман соз десем ладно больше не скажу дейт да кайра эле жиндеп кетип согунот. Куурчактарын, мышыгын урушат. Эми ыйлаганы жонундо айтсам: кичине унумду катуу чыгарып койсом да мама не кричи ,прости меня деп унулдайт. Ошон учун ыйлаткым келбейт. Ультиматум коюп коро элекмин.

Эже мен балдар бакчасында да мугалиммин. Бизге да ушундай сөгүнгөн балдарды алып келишет. Анан мектепке даярдык курсу болгондуктан балдарды эртеден кечке такыр бош койбойм. Обучение по грамоте, математика, лепка, рисование, развитие речи, аппликация, английский, танцы, музыка кыскасы сабак көп. Андан сырткары үй тапшырмалары. Байкуш балдар сабак көп болгондуктан сөгүнгөнгө убакыт жок. Переменаларда ойнотуп турам. Башка балдар менен урушпай ойногонду үйрөнөт.Ошентип сөгүнгөнү бара-бара өзү калат. Анан да мугалим балага авторитет. Мугалими сөгүнгөн жаман адат экенин айтса угат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Балага кандай мамиле кылуу керек?
Адистер ата менен баланын ортосундагы мамилеге айрыкча көңүл бурушууда. "Атанын балдарына кылган жакшы мамилеси, тарбиясы баланы туура эмес жолдон алыстатат. Экзаменде балаңыз жакшы баа албай калса, аны урушуп же опузалоонун ордуна, аны менен ата-бала мамилесин түзүп, абалын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Андан тышкары балаңызды анын достору же туугандарыңыздын балдары менен салыштыруудан алыс болуңуз. Айрыкча атанын кызына болгон мамилеси, кызын мактоо сыяктуу мамилелер баланын өзүнө ишенүүчүлүк сезимин жогорулатат" ,-дешет. Эмесе, адистердин сунушу менен аталардын эркек жана кыз балага кандай мамиле жасоо керектиги туурасында кеңештери:

Тартип эрежелерин алдын-ала белгилеңиз: Балдар сизге качан жана кандай мамиле жасоо керектигин мурдатан билүүгө муктаж. Сиз ар дайым тартипти сактоону алдын ала билдиргениңиз оң. Ашыкча кыйкыруунун же урушуунун кажети жок. Болгону балаңыздын мындан кабары болсо ар кандай учурда ал өзүн тартипке ала алат. Бир сөздү кайра-кайра кайталооңуздун кереги болбойт.
Өзүнө ишенүү сезимин өнүктүрүңүз: Ата менен кыздын ортосундагы тарбиялык байланыш кыз баланын өзүнө ишенүүчүлүгүн жогорулатат. Андан тышкары да атанын кызына болгон жакшы мамилеси, аны ар дайым мактоосу балага жакшы таасир калтырат. Ал үчүн кызыңыздагы кичинекей өзгөрүүлөрдү байкоого алыңыз жана андан көргөн эң жөнөкөй мамилени чыңдоону эч качан унутпаңыз.
Сабакка даярдануу зарыл эмес жоопкерчилик: Мектепте окуй баштаган балдардын сабакка даярдануусу татаалдашат. Мындай учурда, ата-энелер аларга кысым көрсөтө баштайт. Тапшырманы аткарууга милдеттүүсүң дегендин ордуна, "баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар, апаң үйдө, мен жумушта, а сен болсо мектептеги бардык жоопкерчиликтериңди аткарууга аракет кылып жатасың" десеңиз балаңызга туура таасир берген болосуз.
Убакытты чогуу өткөрүңүз: Көпчүлүк учурда аталар кыздарынын жоопкерчилигин апасына (жубайына) жүктөшөт. Бирок бул туура эмес. Ар дайым кыз баланын энесинин жанында болуусу, эркектерди таанууга мүмкүнчүлүк түзбөйт. Ал эми кыз бала мындай нерсени алгач атасынан алат. Атасы ар дайым керек учурунда жардам бергендиги жана аталык тарбиясы менен кыздын өзүнө болгон ишенимди жогорулатат. Ошол себептен атасын жакшы көргөн жана аны менен чогуу убакыт өткөзгөн кыз балада өзүнө ишенүүчүлүк, күчтүүлүк жана өжөрдүк сезими пайда болот.
Шартсыз түрдө кабыл алууга аракет кылыңыз: Кээ бир аталар кыздарына өздөрү каалаган жана берген суроолорго жооп алуу талабын коюшат. Бирок сиздин мындай мамилеңиз кызыңызды коркунуч жана тынчсыздануу абалына алып келиши мүмкүн. Албетте, анын сабактарды өздөштүрүүсү сиз каалагандай болбосо да ал кызыңыз экендигин эч качан эстен чыгарбаңыз.
Жакшы мамиле кылыңыз: Кызыңызга болгон жакшы мамиле жана аталык мээрим алардын ортосундагы жылуу мамиленин бузулушунан сактайт. Эгерде кызыңыз экзаменде ийгиликке жетише албаса, анда аны урушуу же опузалоонун ордуна көңүл чөккөндүгүн түшүнүү менен жардам берүүгө аракет кылыңыз. "Балким сен өзүңдү жакшы сезбей жаткан чыгарсың" дегендей сөздөр аркылуу анын абалын туура түшүнүңүз. Мындан кийин кызыңыз сизге жашырбастан жана коркпостон баарын айтып бере алат. Ага мүмкүнчүлүк түзүп берүү бир гана сиздин колуңузда.
Кызыңыздын сырткы турпатын сыноодон алыс болуңуз: Кыз баланын дене көрүнүштөрү эркек балага салыштырмалуу алдыңкы планда турат. Айрыкча кыздар бойго жетүү курагына жакындай баштаганда дене турпатында өзгөрүүлөр пайда болот. Ал учурда алар түркүн кийим кийүүгө же тескерисинче семирүүгө чейин барышат. Андай учурда кызыңызга "сага бул кийим жарашпайт же аябай семирип кеттиң" деген сыяктуу сын пикирлерди айтуудан алыс болгонуңуз оң. Бул бойго жетүү курагына келип калган кызыңызды басынтышы мүмкүн.
Эркек балаңыз менен жыныстык темаларда сүйлөшүүдөн тартынбаңыз: Балдар кичине жаштан баштап ар дайым жыныстык темаларга кызыгып келишет. Аны аталарынан сурашат. Албетте берилген суроого кыска жана туура жооп берүүңүз шарт. Бирок 7 жаштан жогору жаштагылар жыныстык темаларга байланыштуу суроолорду берүүдөн тартынышат. Ошол себептен бул темада аларга туура түшүнүк бере алса, балага да жакшы болот. Себеби, ал атасынан жооп ала албаса, башка нерселерден, интернет ж.б. ала алышат. Андай учурда балаңыз туура эмес түшүнүккө кабылышы мүмкүн.
Башкаларга салыштырбаңыз: Эсиңизде болсун, балаңызды эч качан анын достору же туугандарыңыздын тартиптүү балдары менен салыштырбаңыз. Сиздин мындай мамилеңиз балаңыздын көңүл чөгүүсүнө, басынуусуна жол ачат. Ошондуктан балаңыздын колунан келбей жаткан жөнөкөй нерселерди туура түшүнүү менен ага жардам берүүгө аракет кылыңыз. Сенин колуңдан эч нерсе келбейт деп басынтуунун же урушуунун кереги жок. Анын да жасай ала турган колунан келчү иштери бар. Болгону сиздин балаңызга болгон камкордугуңуз абдан зарыл. Мисалы, "сен сүрөттү эжеңдей тарта албайт экенсиң дегендин ордуна эң мыкты боёт экенсиң" деген мактоо балага дем берет жана аны шыктандырат.
"Мен сенин жашыңда" дебеңиз: Эч качан мен сендей чагымда сабактарымды убагында бүтүрчүмүн, улуулардын сөзүн ар дайым укчумун, аларга жаман мамиле кылчу эмесмин дебеңиз. Мындай салыштырууларыңыз балаңызга терс таасир калтырат. Балаңыз да өзүн жаман абалда сезип сизге каяша айта баштайт. Бирок балаңыз башка бир чөйрөдө жашап жаткандыгын, эч качан эскиге салыштыруу мүмкүн эместигин унутпаңыз. Албетте, сиздин учурдагыдай боло албайт.
Мактоолоруңузду башкаларга айтыңыз: Эгерде балаңызды мактагыңыз келсе, анын жакшы мамиле, жүрүш-турушу сизди ыраазы кылган болсо, аны башкаларга айтып мактансаңыз болот. Башка адамдардын жанында атасынан уккан мактоо баланы кубанычка бөлөйт.
Балаңыз менен активдүү болуңуз: Ар дайым балаңыз менен чогуу болгонго аракет кылыңыз. Аны эч качан өзүңүздөн оолак кармап, бөлбөңүз. Тескерисинче балык кармоо же футбол ойноого чогуу барганыңыздар оң. Ал гана эмес үй-тиричилигинде да оңдоо иштерин чогуу жасаңыз. Бул балаңыздын сиздин жаныңызда өзүн мыкты сезүүсүнө жол ачат.
Ага эң мыкты ата болуңуз: Балаңызга карата ар дайым сабырдуу, оор басырыктуу, түшүнүктүү, туруктуу жана жакшы көрүү мамиледе болуңуз. Мындай мамилеңиз балаңызга жагып, сизге дагы да жакшы мамиле кылуусу толук мүмкүн. Катуу сүйлөө, буйрук берүү, оор сындоолор, урушуу менен сиз балаңызга эч кандай пайда бере албайсыз. Тескерисинче анын сизден көңүл калуусуна жана ата-баладай мамиледе эмес чоочун адамга кылган мамилеси пайда болот. Ал гана эмес, сиздин орой мамилеңизден улам калп айтуу өзгөчөлүгүнө ээ кылат. Андан тышкары балаңыз сизден жаман тарбия алып чыгуу коркунучу алдында турат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 13:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жаш балдар эмне себептен жалган айтышат
11 жаштан кийинки учурда айрыкча ата-энесинен коркуп, жасаган иштеринен же тентектиктен улам чындыктын ордуна жалган айтууга өтүшөт.

Өспүрүм балдар бир жаңылыштык же тентектик кылганда корккондорунан калп айтып коюшат. 3-7 жаш арасындагы балдар чындык менен элести айырмалай алышпайт. 11 жаштан кийинки учурда айрыкча ата-энесинен коркуп, жасаган иштеринен же тентектиктен улам чындыктын ордуна жалган айтууга өтүшөт. Ал эми бала ар дайым жалган айтууга көнүп калса, өмүр бою бул жагдай улана берет. Ар бир ата-эне баласынын ден соолугуна кам көрүү менен жалган сүйлөбөгөнгө көндүрүп, ак ниеттүү адам болууга тарбиялоосу кажет. Эч качан бала да деп калп айтуусуна жол бербөөсү керек. Бала башынан туура тарбия алуусу зарыл.

Балдардын жалган айтуусуна себеп болгон нерселер:
Чындык менен кыялды айырмалай албоосунан
Ата-энелердин көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылуусунан
Алар кылган тентектигин айтуудан корккондуктары үчүн
Катуу тартипте кармаган ата-эненин же мугалимдин урушкандарынан
Балалык кылып, жалган сүйлөгүсү келишкенден
Жоопкерчиликтен качуу үчүн жал-ганга баруусунан улам келип чыгат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Dadin1   30 Сентябрь 2014 - 19:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Озун ата-эненден кандай тарбия алдын эле? Ошондой эле тарбиялай бер.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   fittoniya   13 Октябрь 2014 - 16:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Ушул суроо да мени коп ойлонтот.Масару Ибуканын после 3 лет уже поздно деген китебин окуп корунуздор окуй электер болсо.Мага жакшы эле жардам берет.Гениий кылайын дебейм деле болгону бала тарбиялоодо чоон каталык кетирбесем экен деп ойлоно берем. :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Feijipiao   30 Октябрь 2014 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1. Тамашалар жардамга келет!
Өзүңүздү эркин таштаңыз. Эгер сиз балаңыз
менен тамашалашып сүйлөшсөңүз, ага
социалдык жактан ийгиликке жетүүгө жеңил
болот.Ата-эне балдары менен
тамашалашып, ойноп турса, бала
чыгармачылык жактан эркин ой жүгүртүп,
стресс менен күрөшүү үчүн жаңы досторду
таба алат. Ошондуктан балдарыңыздын
астында маскарапоз болуудан тайманбаңыз,
бул үчүн алар сизге ыраазы болушат.

Дайыма позитивдүү болуңуз!
Балдарына негативдүү эмоция менен мамиле
жасаган ата-эненин балдары да агрессивдүү
болуп калышат. Бул өтө жаман көрүнүш.
Себеби,5 жаштагы агрессивдүү бала, кийин
чоңойгондода адамдарга жаман мамиле
жасай баштайт. Андыктан, эгер сиз
балаңызга ачууңузду келтирген ата-эне
болсоңуз,тезинен өзүңүздү оңдоңуз.

3. Балдарыңызды мактап туруңуз!
Эгер балаңыз сабактан жакшы баа алып же
дагы башка ушул сыяктуу жакшы
жумуштарды аткарса, аны мактап, ушундай
болгон туура экендигин түшүндүрүп туруңуз.
Ошондой учурда мактоо уккусу келген бала
көбүрөөк жакшы иштерди жасаганга аракет
кылып калат.

4.Балдарды бош коё бериңиз!
“Антпе,минте, тийбе, жөн!” деп балдарды
уруша берсе, ал баарын тескерисинче
жасайт.Ошондуктан баарын тынч сөз менен
түшүндүрүңүз. Ошондой эле балага улам
акыл үйрөтө бербей, өзүңүздү эле үлгүлүү
алып жүрсөңүз, бала ата-энесин көрүп эле
чоңоё берет.

5.Ар дайым никеңерди бекемдеп
тургула!
Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне ажырашып
же урушуп-талаша беришсе, баланын уйкусу
бузулат.Изилдөөлөргө таянсак, никедеги
маселелер кичинекей баланын
психологиялык жактан өсүшүнө дагы
тоскоолдук кылат. Эгер 9 айга чейинки
наристенин үйүндө ызы-чуу көп болсо, ал 18
айга жеткенде уйку бездеринде олуттуу
маселелер жаралат.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 30 Октябрь 2014 - 12:07

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Feijipiao   30 Октябрь 2014 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1. Апалар, уулдарыңыздар менен сылык
болуңуздар!
Апалар кыздарына салыштырмалуу
балдарына жакшыраак тарбия берип, алар
менен болгон мамилеге көбүрөөк көңүл
буруулары керек. Жалпы жонунан айтканда,
кыз деле, бала деле жардамга муктаж учурда
апасына кайрыла ала тургандай болуусу
кажет.

8. Балага басымдуулук кылбаңыз!
Баланын ар бир жасаган туура эмес иши
үчүн аны жазалап, үркүтүп-коркута берүү
туура эмес. Мындай учурда бала ата-
энесинен көп нерсени жашырып, жаман
жолдорго да кетип калышы мүмкүн.
Ошондуктан балага түшүнүү менен мамиле
жасап, анын досунун ролун аткарыш керек.

9. Идеалдуулукка ашыкпаңыз!
Идеалдуу эч ким жок. Дегенибиз
балдарымды идеалдуу кылам деп эле аша
чаап кетпеңиз. Себеби, балдарга
жаштайынан идеалдуу болууга аракет
кылдырып көндүрүп койсоңуз, алар коомдо
кысынып жүрүп калышат. Анткени, алар
баардыгы туура болуш керек деген ойдо,
бир нерсе туура эмес жасап алышса,
өздөрүн жаман сезип калышат. Ошондой эле
дайым тынчсыздануунун үстүндө жүрүшөт.

10. Балдарыңызды туура түшүнүңүз!
Баардык эле ата-эне тарбиялоо жолдорун
мыкты билем деп ойлошот. Ошондуктан
китепте жазылган эрежелер боюнча
балдарды тарбиялай башташат. Негизи ар
бир адам ар башка болгон сыңары, ар бир
бала дагы ар башка жана ар кандай
психологияга ээ. Ошол себептен сиз алгач
балаңызды жакшылап түшүнүп алып, ошого
жараша тарбия бериңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Баланы урбагыла! Катаалдык кайра катаалдыкты жаратат.
Жашоонун баардык кырдаалдарына ылайык кеңеш берүүгө мүмкүн эмес, бирок тарбиялоонун негизги принциптери бар, аларды билүү сизге баланы тарбиялоодо аз да болсо жардам берет. Баланы сиз кантип жазалайсыз? Көп жазалап же күндө урушкан бала калпычы болуп чыга келерин билесизби?
- Тентектик кылып жаткан кичинекей баланы кээде алаксытып, көңүлүн башка нерсеге буруу жетиштүү:
- Чоңураак балдар менен анын жүрүш турушун талкуулап, сүйлөшүп, анан ошол кырдаалдан чыгуунун жолун чогуу издөө керек:
- Наристе машине сатып бер деп кыйнады, бирок акчаңыз ага жетпей жатат дейли. Сиз ага аны азыр сатып бере албасаңызды, мүмкүн аны кийинчерээк сатып берериңизди, азыр болсо акча конфетке эле жетерин түшүндүрүңүз:
- Баланын тентектигине, терс жоруктарына көз жумбаңыз. Ал жөн койгонунуңузду көрүп, "мен туура жасап жатам" деп кабыл алат. Бирок, тартипке чакырууга өтө аярлык мамиле кылуу керек. Жазалоодон улам бала кемсинтүүнү сезип , же "менин керегим жок" деп ойлоп калбоосу керек.
- Баланы зекип, коркутпаңыз жана аны корккон, чыңалган абалда көпкө чейин кармабаңыз: "карап тур, кечинде атаң келгенде сага көрсөтөт! " деп баланы атасынын каары менен же догдурдун ийне саюусу, милиционер менен коркутуунун кереги жок. Бул адамдар балада коркуу жана аларга ишенбөө сезимин жаратат:

Балдарга бере турган эң жакшы белегибиз-
өзүн жана жакындарын сүйүүгө үйрөтүү.
Бир ишти туура жасаса баланы сөзсүз төрдө мактаңыз. Балдарды мактоо өз баркын билүүгө, эмоционалдык жактан жакшы өнүгүүсүнө, жана өзүнө ишенимдүү болууга жардам берет.
Дайыма башка балдар менен салыштыра бергенде бала ооруп, абдан сезимтал болуп, көп кыйналат.
Кыйкырык баланын жашоосунун нормалдуу көрүнүшү болуп калбашы үчүн ага сүйлөгөндө үнүңүздү көтөрбөй, бир калыпта, токтоо сүйлөңүз.
Сиз баланын кылган ишин жактырбай нааразы боло берсеңиз, ал өзүн начар сезип, өзүнө-өзү ишенбей, жүрүш-турушу начарлай берет.
Эгерде ата-энелер баланы уруп-согуп жазаласа, ал ишенимин жоготуп, коркок жана бактысыз болуп калат.
Эгерде баланы бат-баттан мактап турса ал баалоого үйрөнөт.
Эгерде баланы көп шылдыңдаса ал тартынчаак болуп калат.
Эгерде бала менен туура, калыс мамиледе болсоңуз ал адилеттүүлүккө үйрөнөт.
Эгерде бала достук мамиле өкүм сүргөн үйдө жашаса жана өзүн керектүү сезсе - ал жакшы көрүү, бардык нерсени сүйө билүү сапатына ээ болот.

Ата-энелерге кеңеш:
Ата-энелер эркек балдарга да, кыздарга да бирдей көңүл буруп, бирдей жакшы көрүп жана камкордукка бөлөөлөрү керек.
Ата-энелер эркек балдарга да, кыздарга да өнүгүп өсүүлөрү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүлөрү керек.
Ата-энелер балдарды категорияларга бөлбөөлөрү керек.
Балдарды ойноп, айлана-чөйрөнү изилдеп -үйрөнүп, өнүгүп өсүүсү үчүн ата-энелер ар түрдүү оюнчуктар, оюнга керектүү коопсуз материалдар менен камсыз кылуулары керек.
Кыздарда эс алууга, сейилдөөгө, ойноого эркек балдардай эле мүмкүнчүлүктөр болушу керек.
Ата-энелер эң жөнөкөй үй жумуштары үчүн жооопкерчилик эркек балага да, кызга да бирдей жүктөлүшү керек.

Ата жана бала:
түшүнө билүү
эмнеден
башталат?
Заманбап ата көп учурда баласы үчүн түшүнүксүз, кол жеткис нерсеге айланып калат. Ал күндө эртең менен кетет, күн бою каяктадыр "жумушта иштейт", кечинде чарчап чаалыгып кайтат. Атасынын жашоосу, иши иштен сырткары алектенүүлөрү баланын көз жаздымында өтөт. Ата ДОС, жакын адам эмес, жазалоочу адам гана болуп калат. Себеби апасы көп учурда "Сени, атаң келсин, мени укпаган кандай экенин көрсөтөм" - деп коркутат. Атанын баланы тарбиялоо процессинен алыстап, четте калышы биздин коомдо адаттагы көрүнүшкө айланып бараткандай. Психологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аталары төрөлгөн күндөн тартып, көңүл буруп караган балдардын физикалык жактан да, акыл-эсинин өнүгүүсү боюнча да жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн жана ал балдардын мүнөзү да жайдары болоору байкалган. Жубайлар ортосунда да тирешүүлөр азайып, баланы тарбиялоо боюнча максаттары жана кабыл алуучу чечимдери да бир багытта болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Баланын жашоосунун биринчи жылдары анын өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү жылдар. Бул мезгилде болуп өткөн нерселердин бардыгы баланын андан аркы жашоосуна өз изин салат, анын ден соолугуна жана мүнөзүнүн калыптанышына да таасирин тийгизет. Ошондуктан баланын тамактануусу жана ден соолугу жөнүндө эле ойлонбостон, анын кайрымдуу, ак көңүл, таалим-тарбиялуу жана кылган ишине жооп берген, башка адамдар менен алака түзө алган инсан болуп өсүшүнө кам көрүү керек.

Ата-эне балдарга үлгү болот:
Баланын жүрүш турушундагы келип чыккан маселелелердин бардыгы- бул ата-энелердин жүрүш-турушунун жыйынтыгы. Ата-энесинин кабагы бүркөө экенин көргөн балдар өзүнө ишенимдүү боло албай, ачуулуу жана бактысыз болуп калышат. Ата-энелер өзүлөрүн бир калыпта алып жүрүүлөрү керек жана баладан күткөн нерсесин ачык айтып, так, түшүнүктүү эрежелерди коюулары керек. Башкаларды байкап, тууроо менен балдар кайсы жүрүш-туруш жалпы, а кайсы жалпы эмес экенин айырмалайт. Баланын инсан катары калыптанышына жана жүрүш-турушуна ата-эне жана жакын адамдарды көрсөткөн үлгүлөр чоң таасир берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 31 Октябрь 2014 - 16:29

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Zamknutaya92   08 Ноябрь 2014 - 17:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 14 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2015 14:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал абад

Атам катуу тарбия берген ошого кээде коркконумдан жалган суйлогон кундорум болгон. Баланы ото катуу кармабай ошол эле учурда эркин койбош керек жеке менин оюм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   janym-90   08 Ноябрь 2014 - 19:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 11:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.

[quote name='LEDI7MERI' date='23 Август 2014 - 05:27' timestamp='1408750038' post='1919872' ]
Мага совет керек!!! Кызым 3.6 жашта. Бир жумадан бери согунуп баштады: ''Ах ты су.а, бл..т.'' деп. Куйоом согунбойт мен тем более. Эшиктен укканын жаттап алат. Эми кичине эле бир нерсе жакпай калса ушинтип кыйкырчу болду. Тушундуруп ал жаман соз антип айтпаш керек деп папасы экообуз тушундурсок болду айтпайм дейт да кайра эле кыйкырып баштайт. Эмне кылышты билбей калдык. Жакында Кыргызстанга кетебиз,туугандардын козунчо согунуп уят кылат ко. Анан да такыр кыргызча суйлобойт мен кыргызча суйлосом ''не поняла а ты меня понимаешь ''деп туруп алат. Бирок чын эле тушунбойт. Мисалы: тамак же десем ,что деп тура берет да кушай десем же жейт же не хочу деп жооп берет. Айтып уйротом артымдан кайталайт да кайра сурасам кулуп тура берет унутуп калат окойт. Кыргызстанга калтырып келейин десем куйоом маакул эмес. Уруп коргон эмеспиз,папасын угат мен кичине кыйкырып койсом не кричи пожалуйста деп ыйлактап кирет. Кичине эле сураганын бербей койсом анылдап ыйлап баштайт боорду оорутуп. Бирок ото эрке эмес, мага жардамдашып камыр жайсам жайышат,уй жыйнасам пол жууйт. Иши кылса кичинекей жардамчы. Проблема согунгонундо болу атат. Айылдагы байкелеримдин кыздар-балдарынын согунгонун уккан эмесмин. Эми форумчулар канткенде согунгонун калтырам. Совет берип койгулачы.
[/quot
суроо эмнеге тили орусча чыккты болгондо да кыргызча суйлой албай,тушунбойтта экен?Эгер ата-энеси уйдо кыргызча суйлосо баласы да ошого конот,Мисалы менин балам уйдо кыргызча тушунот ж.а суйлойт садике барганда такай орусча суйлгонго аракет кылат.Биз озубуз уйдо кыргызча суйлойбуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 05:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: