Саламатсыздарбы?
Урматтуу супер инфо нун форумчулары.
Сиздер менен журөгумду Өйкогон окуя менен болушкум келди. Мен анда мектепте 8–класста окуучу элем. Жай айы,айылда жашагандыктан чоп убагы башталды. Дайыма байкем менен чогуу журчу элем, байкем экообуз аябай окшош элек бетибизде окшош калыбыз бар эле экообуздо тең. Ошентип биздин бир коюбуз жоголуп кетти. Байке сураштырып жатып тоодо жашаган бир уйдон тапты. Чоп жыйнап бутуп байкем жур бугун койду биротоло ала кетели деп калды. Ошентип тоого машине менен жетип бардык жигули улгусундөгу машина эле кээде от албай дагы калчу турткөнго туура келчу, шалдыратып тоодо айдачык. Мен кыйраткансып алдына олтуруп алат элем.:-) Ошентип жетчу жерибизге дагы жеттик. Козумо бир бей тааныш жигит корунду башына ак калпак кийип алган. Мен машинадан ойумда эч нерсе жок тушо калгам. Экообуз бир нече секунд тиктешип калдык, уялганымдан көзумду ала качып машинага тушуп кеттим. Койду багажга салып байкем экоо бир топко суйлошуп туруп калышты. Анан байкем машинага олтуруп кеткенге камдандык кашайып машинабыз оталбай калса болобу. Ал бала кичинекей иниси менен туртуп оталдырып бизди жонотту уялганымды кантейин. Кузгудон карасам аркабыздан караган боюнча калды. Ошентип бир топ убакыт өтуп кетти аны көзум издесе дагы такыр коро албадым. Кундордун биринде мектептен классташ кызым менен келе жатсам дукөндун жанында турган экен, кыш убагы эле бутумдагы сапожкам аябай сыйгалак эле кулай берчумун. Жайында деле жыгылып эле басып журчумун анткени менин кичине кезимде тушоом кесилбей калган экен,тушоонду өзун кескенсиң деп апам айтып калчу,бир куну бутуна жиптерди аябай чырмап ороп салыптырсын аны чече албай кайчы менен кескенбиз деп айтып калаар эле.Ал бала менин жыгылганымды кордубу жокпу билбейм бирок аябай уялып кеткем. Карасам мени карап туруптур экообуздун коз каршыбыз чагылышып кетээр эле. Кадимкидей коз карашыбыз менен суйлөшкондой сезилчу.
- (2 )
-
- 1
- 2
Издедим.
#2 08 November 2014 - 02:11
Кызык тушоо кесилбесе деле жыгылбай журо беретго. Анан эмне болду?
Жүрөгүмсүң
#3 08 November 2014 - 02:43
Ошентип мен аны менен акыркы жолу ошондо жолуктум апам шартка байланыштуу эл катары Россияга атам экоо иштегени кетишкен эле. Мен 10–классты аяктап мектепте ызы чуу болуп кетип апам алып кетем деп калды. Документтеримди бутуруп аңгыча атамдындокументинин срогу бутуп калды. Атам менен чогуу Россияны коздой сапар алдым ал балага жолуккум келсе да жолуга албадым. Билинбегени менен суйуу адамды жегендей экен. Ошентип бул жакта иштеп баштадым байкем менен журуп конуп калган элем. Апам менен тил табыша албай кыйналдым Ошентип кыйын жашоолор башталды. Бул жака келгенден бир ай откондо 17ге чыктым. Ошентип одноклассникиге регистрация болуп кирдим досторумдун досторун карап жатып баягы баланы таап алдым бир куну карап олтурсам эле бир сообщения келип калды ошол баладан экен Кубанганымдан эмнекыларымды билбей демейде сайраган соз таппай калсам болобу? Ал мага сен каяктасын мени тааныдынбы?
Деп жазды мен ата- энеме кетип калгам десем качан келесин? Деп сурап калды жакында бара албайм кийин барам деп жооп берсем сенин жигитин барбы? Деп суроо узатты мен жок азыр эртего деп жооп бердим. Кайра ага женеша барбы деп суроо узаттым ал издеп журом деди мен жакшылап издениз десем а балким ???? Деп жиберди ойлонуп аябай кубандым,ал учун ган жашагандаймын ушул жылы 4 жыл толду андан башка балдар менен такыр эле суйлошкум келбейт эч ким ага окшобойт,эч ким ал кулгондой кулбойт жана анын коз карашына эч кимдин коз карашы окшобойт. Ошентип менин атым менен мамамда кээде кирип суротторду карап баланчанын баласы чоноюп калыптыр деп калчу. Ошол бала менен жазышканымды жетине албай айтып берип салгам ал болсо иии ооба тааныйм ал баланы деп айтып калды мен анда Бикекте музыкалык мектепте окучумун бир жумада бир айылга келип тураар элек. Ошондо ал бала менен ылдый жакка чогуу кетиптирбиз менин эсимде жок. Ал колубуздагы сумкаларыбызды которушуп басыптыр ылдый жакка чейин барыптыр мамам ошол убакта сен кичинекей кезинде аябай карап баскан деп айтканда аябай тан калдым Эххх Ошентип зымырап айлар отуп жатты эмне кылышымды билбей калдым.
#4 08 November 2014 - 04:25
Мен ал балага жетпей калсамчы? Деген ойлор мени каптагансыйт.
Аны азыр дагы сагынам, менин ага кана арналгым келет. Ал менен бактылуу келин.Жана эне болгум келет. Ал баланы менин уй булом жакшы корот,мамам ,байкем. Ал военный болуп иштейт бирок билбейт экенмин кайсыл жагында экенин. Менин кичине кезимден бери тише ген тилейм эсимде куйоом военный болсо дечу элем. Кудайым жардам берсе деп тилейм. Ал баланын туулган куну 15-август экен менин атом менен мамам кирип ыр жазып салыптыр мамам экообуз смен алмашып иштейт элек келсем Максаттын (мен суйгон бала)бугун туулган куну экен ыр жазып койдум деп коет.карасам ката дагы жазып салыптыр жиним келип жер тепкилеп ыйлагам,анан мына кеткен жок деп удалитти басып коюп жатпайбы анан тиги Максат Чоон Рахмат деп коет. Ошентип мамам жазып таштаган. Баарын таштап кетип калгым келет,бирок мамамдын менден башка эч кимиси жок, Аннын таянар тоосу да менмин. Байкем оз уй булосу менен,иним кичинекей. Мен эле жардамчысы болуп калып жатпайбы. Кээде эркек болуп калсам эмне деген дагы ойлор келет. Эркек балдар менен кичине кезимден ойночу элем, автомат менен,кубалып ойноп журуп тайэжемен далай таякжедим го?уруша эле берчу бул кыз эмес адашып тороп Алсан керек деп мамама. Мамам болсо конул деле бурчу эмес. Жалан окат деп мени окутам деп шарда иштечу . Мен болсо мээнетинин баарын тэкке кетирдим мектептен окубай качып кетчумун бирок Бишкектеги бейбай кыздарга кошулган жокмун . Уйумдон чыксам эле куса боло берчумун. Мамам айылга кетип мени тайэжемдикине таштагагда кечинде мектептен жалгыз келчумун жолду карата ыйлап келчумун. Ошентип менден пайда жогун кийин билип Россияга кетип калышкан.мен болсо айылда окудум ал жактан кыздарга атаандашып отличницага 2 сабактан жетпей калдым. Айылда активист болчу элем суротторду жакшы тартам Кудай буйурса дизайнер болгум келет. Мектепте уйдо мен жургон жердин баары ызы-чуу эле. Ошол бей баштыгымдын азабы башыма тийди.Чон апам менин айыман Каза тапты. Бирок мага аны эч ким айткан жок оз эне мен башка .айла жок жаштык -мастык дегендей. Азыр болсо коп суйлобойм Чон-апамды эстейм бирок Аннын олгонундо козумдон жаш чыкпай койду. Тушумо кирет бирок эч нерсе дебейт Бир жолу кирди чогуу олтуруп башымды жолоп сагындым десем аябай кулуп жатыптыр анан жаным да байке эжелерим олтурат мени кет бар Апама жолобо деп урушуп жатышыптыр.
Чон апамдын балдары (байке , эжелерим) мага эч нерсе дешкен жок .Ошондон кийин азыр журогум бир маалда эле ооруп келет. Эхххх жашоо
#8 09 November 2014 - 03:31
Жашоомо таарынып озумдун колумдагы Кан тамырымды кезип таштаган элем ошого кайгырып ошол туну Чон-апам кайтып кетип жатпайбы. 3 - жыл мурун эжекем Каза тапкан ал аябай жакшынакай,
суктанаарлык кыз эле .Балким менден дагы айрыламбы деген окшойт. Ошол убакта Чон-апам эшикте олтуруп эле айта берчу эжекем жонундо. Эге ряде мен андай жолго барбаганда мындай болбойт эле. Ал дагы коп жашамак. Азыр неберелерине байпак токуп олтурмак. Мен ал кезде эмнеге ойлонбодум экен? Переходный возрасть болсо керек. Менин катуу таарынычым бар эле ошол учун Гана болуп кетти. Билем бул жон гана эч нерсе ге татыбаган тагдыр сиздер учун бирок бул менин катуу окунгон жоругум.
#9 09 November 2014 - 06:47
Бат баттан жазып турунуз э. Абдан берилип окуудамын.
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
#10 09 November 2014 - 21:46
Ошентип мен больницада жатсам тайженем келип апандан айрылдык деп атты мен ишенген жокмун мен аны 1 кун мурун коргон элем жакшынакай эле. Мектептен келе жатсам алдыман суу которуп бара жатыптыр Кандайсыз апа деп колунан кармасам колу суу,жана аябай муздак эле бетимден суйуп жур уйго деп калды барып олтуруп чай ичтим баягы эле суроолорун узатып маман менен суйлошуп жатасынбы? Кандай жатышат эмне пландарынар бар уйунор жылуубу? Деп суроо бере берет эле жооп бергим келбей кетчу кээбир сурролоруна жооп бербей созду башка нукка буруп кэтээр элем. Акыркы кундору коп баргым келчу эмес апам шаардан келгенде кирип коеюнчу деп кирчумун апам жокто отуп кетчумун. Биздин уй 5,6 уйдой ойдо жашайт элек. Апам чанда эле келчу. Чон-атам болсо 55 жашында дуйнодон кайтып кеткен эле. Апам Бишкек те эн кичуу баласынын кызы менен жашайт эле кечинде мени укканда столдо эле олтуруп Чон атамдын атын айтып кет деп кыйкырган экен. Ошентип апамды жерге берээрде бардым озум коп ыйлабайм ушунча кайгырсам дагы козумдон жаш чыгарбайм ойлонуп мээмди жеп таштайм. Мен боз уйго киргенде ыйлаган жокмун жерди карап башымды которбой койдум ,анын кыздары окуруп ыйлап жатышты. Мен эртеси кайра больницага кеттим бирок кобунчосу сага эмне болгон деп сурап жатышты онун бозоруп коздорун кызарып калыптыр деп тайженем айтып калды конул дагы бурган жокмун. Барып копельница алып бинт котортуп 3кундон кийин жоноп кеттим байкем келип алып кетти. Мына ушундай кыйын кундо биртууганындын бар экенин билет экенсин. Мага куйгон ошол болду. Курсагын токпу эмне алып берейин деп сурап журогумо жашоо берип чырагымды жандырган байкем болду. Уйго баргандын эртеси эле узун койнок,башыма жоолук салынып кызмат кылып журдум карасам апамдын бут кийими турат кадимкидей жургондой сезилди кунуго кийген халаты илинип турат бирок таппадым.эшикте олтурган бир олтургуч столу бар эле нары отуп бери отуп карап коем мага бардай сезиле берди. Апам менен жада калса бирге тушкон суротум жок экен ошентип телефон умду чукулап жатып бир суротун таап алдым байкушум чай ичип жатыптыр аны карап караанындан айланайын!
сени сагындым деп озумду токтото албай бугумду чыгардым ал байкушум кыйналды эмнеге эмнеге деген суроо бердим. Эч ким сооротподу эч ким кайгырба деп айтпады. Оз энемден жылуу соз укпадым жана укпайм дагы. Мен озумду омур бою кечирбейм мага эмнеге жашоонду озгорт ойлонбо деп айтпады? Азыр болсо кичине алаксып жумушта журуп унутуп коем. Озумдун эмнеге иштеп жургонумду озум дагы билбейм. Акчамды болсо мамам башкарат. Менде келечек жоктой сезилет эртенки кунум эмне болоорун озум дагы билбейм. Ал бала менен суйлошуп калсам жашоом кызыгына кирет,кайра суйлошпой калсам кайгыра берем. Артымды карабайм эртенки кунум менен жашайм десем деле туркун ойлор курчап артка тартат.
#12 11 November 2014 - 20:54
Бир куну кундогудой эле мектептен чыгып келе жаттым, алдыман бир аял чыкты бир кызыктуудай юпка кийип,устундо эскии курон куртка,колуна асынма сумкасын кармаган. Чон кыз деп мага кайрылды Саламамтсызбы?
десем сен кимдин кызысын? Деп суроо узатты атамдын атын айттым. Ааа ушул жакта окуйсунбу? Ооба,а сиз кимсиз? Кенээнирек бир жакка барып суйлошсок кандай дейсин деп калды. Ылдыйраак барып олтургучка олтурдук.Ошентип созун баштады, мен сени кооп жактан издебедимби.
Издебеген жерим калган жок сураштырып жатым болжоп келдим. Деп олтуруп уйдогулорду сурады баары жакшы а сиз эмне учун мени издединиз? Билесинби сенин апан башка деп калды Тушунбодум?
беш алты,сурот сумкасынан алып чыгып калды карасам бир ойсондогон жашыраак келиндин суроту экен анан бир суроту жаш кезиндеги колуна бала кармап тушкон суротун корсотту ага конул бурбадым.эже сиз адашып алдыныз окшойт балким сиздин издегениниз башкадыр деп жоноп кеттим.уйго барып озумдун болмомо кирип кеттим ойлонуп коопко олтурдум кандайча? Ал аял эмне болгон аял дээги? Деп озумо озум суроо салып жаттым. Бирок бир жолу угуп калган элем бир аялдар суйлошуп жатышкандарын мен отуп бара жатканда бул баягы Сапардын бакма кызыбы деп калган угаар укпагандай.
Тан калып мен жонундобу же башка Сапарды айтып жатканго деп. Ииий аябай чонойуп калыптырсын кичинекей кара кыз элен деп айта буришчу. Ал аялдын суроттру коз алдыман кетпеди барып эле документ, суроттор турган тартманы ачып кичине кезимдеги суротторумду карадым ошол аялдын колундагы менмин. Бирок чын эле ушундайбы бирок кантип деген суроолор ойума келди. Тигил аялды эстеп аркамдан суйлонгон боюнча калган эле кулагыма наушник тыгып алып жоноп кеткем. Уйдон ай чай ич деп чакырып калышты чай ичип бутуп байкем олтурган жакка барып.байке менин мамам башка турбайбы десем доорубочу эмне деп жатасын? дегенде журогум тушуп тамаша десем эми ошону ойлонуп жатасынбы башкасы бутуп? Ой тамаша мамама айтпай эле кой э? Деп нары басып кеттим.
#14 12 November 2014 - 00:05
#15 12 November 2014 - 02:44
Кое туралы жазсын аягына чейин ошондо да тушунбосок,
баштайсынар ойлорун бир жерде эмес деп
#16 12 November 2014 - 04:27
Бул окуя менин Чон-апам бул дуйнодон отуп кеткенден кийин болуп жатпайбы. Эсимди жыйып мектепке жонодум. Ошол жактан ушул аялды кезиктирип жатам. Мен и торогон башка аял болуп жатпайбы. Ал аял мени кичинемде эле таштаган экен мени баккан апам 15 жылдан бери балалуу боло албай жургон экен мени оз ичинен чыккан кызындай корчу эле,эч нерседен кем кылбады. Ортодон ал аял чыгып калбадыбы. Мен 17 жашка келгенде билип жатпаймынбы.
Ошентип жашоом башка нукка болонду 3 кун откондо биздин уйго бир машина келди ичинде баягы аял мектептен жолуккан,бир эркек, анан бир жаш келин келгенде эле баары эшике чыгышып мен эмне болду десем бар уйго деп коюшту. Ызы чуу болуп ажылдашып эле жатып калышты. Журогум оозума такалып сездим. Мушташып дагы кетишти атам акыл созун айтып сот болгон жок. Ушунча жыл пайда болбогон келин эми пайда болуп талашып жатпайбы. Уйго киргизишпеди оз тагдырын озу чечет деп ал аялды кетиришти. Уйго келип менден сурашты уч кун эч ким менен суйлошпой тамак дагы ичпедим. Уч кун ойлондум мамам жаныма келип сен акылдуу кызсында баарын тушуносун. Сен мага келип тур бизди унутпа деп чечим чыгарды. Мен кетпейм мен ал аялды тааныбайм десем Мени кечир кызым сага айтпаганыма бой жеткенинде айтайын дегем бирок айта албадым азыр оз эненди коргондо мынчалык кайгырбайт элен. Деп жылуу создорун айтып ыйлап дагы жатты ушунча мээримин токкондуктонбу менин аларга окшоп калганымды кара байкеме эле кобу окшоштурчу эле. Ал аялдын жаш кезинен бери мамам таанычу экен ичин аборт кылам дегенинен кой убал болот мага бер баланды мен чонойтуп алайын деп ал макул болуп берген экен. Кичиненде уйго келип турчу бирок коопко жоголуп кеткенинен издеген жокпуз эми азыр келип жатпайбы деп калды. Кээде угуп калкалышчы экен, Казахстан да иштеп жургонун ошол жакта бизнеси бар экенин. Ал уй булолуу уч баласы бар экен. Оз тагдырынды озун чеч кызым деп аялуу жашка толгон козу менен карады. Мен ал аялга баргым келген жок . Анын балдарыбалдарыен мен кетсем менин ата- энеме эмне болот? Чон апам тигиндей болду деп мен кетпейм деп туруп алдым. Мен силерди таштабайм силер менин уй буломсунор!
ортого туугандар тушуп ишти бутурушту. Бирок ал аялга менин журогум тартпады. Ошентип апам алдыга учуп кетти. Бир куну эле чалып бул жакка келесинби? Деп калды. Ойлонуп Москвада окугум келди . Ошентип атам менен бул жакка кетип калдым. Буйуруса жакында тилегим орундалат. мен жашоомдун акыркысын биринчи жазып акыркы окуяларды экинчи кылып жаздым достор . Ушундай кундорду башымдан кечирдим.
#17 12 November 2014 - 09:25
Оххх башты айланттын го биринчи ылдый жагын окуп анан ойдосун окуганда тушунуктуроок экен. Ошондо сенин баягы жакшы коргон балан эмне болду?
#18 12 November 2014 - 12:57
Кое туралы жазсын аягына чейин ошондо да тушунбосок,
баштайсынар ойлорун бир жерде эмес деп
башыты оорутту чынында биринчи экинчи дегенин тушундум ошонбо биринчиснен мурун экинчисин окушубуз керек тура автор тушунуктуу кылып жазсан жакшы болмок Бул жерде сенин оюн бир жерде эмес экени корунуп турат Эми биздин оюбуз дагы бир жерде болбой калды окууп чыканча.
#19 12 November 2014 - 13:00
тема боюнча издедим деген экенсин кимди издедин же эмнени? Суйуун не болду толук жаз .
#20 12 November 2014 - 14:14
Оюнду бир жерге топтоп анан жазсан болмок. Суроолор аябай кобойуп кетти. . Эмнеси болсо да бактылуу бол!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















