Апама арыз-муңумду айтсамбы деп да ойлодум. Бирок апамдын айтаары түшүнүктүү:
-Өзүңдөн алты жаш кичүү үкаңа теңелесиңби?
Жаш бала да. Өзүңө аймаакы кылып...- деп апам айыптын баарын мага жүктөйт. Туратбек экөөбүздүн ортобузда мындай чыр-чатактар далай жолу болгон да.
Ошол күнү түнү атам Туратбекти мойнуна алчактатып мингизип, коргонго кирди. Атаи үчүн мен киммин дегендей, Туратбек тилин мага чыгарып, жиниме тиет. Атамдын мойнунда алчактап, эки бутун салбаңдаткан Туратбектин кебетесин көрүп, аябай ичим күйдү, осолдодум. Мен деле мындан беш-алты жыл мурда Турабектей бала болгонмун. Атам жумуштан келатканда дайыма алдынан утурлай чыкчумун. Эсимде жок атам бир жолу да мойнуна мингизип, Туратбектей алчактатып эркелеткен эмес. Бар болгону конфет, оюнчук берип, кызым деп, маңдайымдан жыттагылап өөп койчу. Мен атамдын мойнуна асылып, көкүрөгүн жыттагылап,
эркелөөнү каалоочумун.
Бирок атамын суз кебетесин көрүп, негедир батына алчу эмесмин...
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#21 09 November 2014 - 23:42
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#22 10 November 2014 - 01:20
Өзгөчө бүгүн менин жанымды кашайткан Туратбекти атамдын мойнунан көргөндө, боюма калтырак аралады, качанга чейин ушул жаман Туратбектин ызасына чыдайм...Атама бүгүнкү чыр-чатакты тартынбай айтып, жүрөгүмдү өйкөгөн оор рерседен кутулгум келди. Балалык кыялым кармап, эрерке, атамдын мойнуна асылайын дедим. Бирок атам боюе окчуп тартып, маңдайымдан өөп:
-Эстүү бол кызым. Чоң кыз да атасына асылат бекен?- деди мени уяткаргандай, жемелегендей.
Адатта чоң кыз деп бойго жеткен кыздарды айтат. А мен ошондо он үчтө элем. Алтынчы класста окуучумун. Өзүмдү эселек кыз деп эсептөөчүмүн. Чынында эле эселек кыз болчумун. Атама күтүлбөгөн жерден "чоң" кыз болгонума таң калам...
Жок, мен таң калбайм... Мен туулган жерде, кыз он экиден ашкандан кийин, көзгө көрүнүп калган турбайбы, бойго жетип калган турбайбы деп энелер угуза кеп кылышат. Ошол эле дейсиңби. Андан да орой, андан да кулакка оор учураган акыл-насааттарды айта беришет.
Мындай өөн кептерди укканда, манаттай болуп кулакка чейиникызарасың, уяласың, секирип чычалайсың. .. Өзүң тырмактайсың, анан тигиндй суук сөздөр! Мындай кептерди күн сайын уга берип акыры ташмалтага айланат да, кыздын кулагы да көнүп калат.
-Эстүү бол кызым. Чоң кыз да атасына асылат бекен?- деди мени уяткаргандай, жемелегендей.
Адатта чоң кыз деп бойго жеткен кыздарды айтат. А мен ошондо он үчтө элем. Алтынчы класста окуучумун. Өзүмдү эселек кыз деп эсептөөчүмүн. Чынында эле эселек кыз болчумун. Атама күтүлбөгөн жерден "чоң" кыз болгонума таң калам...
Жок, мен таң калбайм... Мен туулган жерде, кыз он экиден ашкандан кийин, көзгө көрүнүп калган турбайбы, бойго жетип калган турбайбы деп энелер угуза кеп кылышат. Ошол эле дейсиңби. Андан да орой, андан да кулакка оор учураган акыл-насааттарды айта беришет.
Мындай өөн кептерди укканда, манаттай болуп кулакка чейиникызарасың, уяласың, секирип чычалайсың. .. Өзүң тырмактайсың, анан тигиндй суук сөздөр! Мындай кептерди күн сайын уга берип акыры ташмалтага айланат да, кыздын кулагы да көнүп калат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#23 10 November 2014 - 01:26
5.
Кимде ким биздин мейманага кирсе, төмөнкүлөргө көңүл бурбай койбойт:
Төрүбүздө шыпка жете жыйылган үч мээрап жүк үйүбүздүн көркү. Ырас, алардын арасында эмнелер гана жок. Эки кыжым көрпө, үч товар көрпө, беш атлас көрпө, жети шайы көрпөбүз бар. Качан көрсөң бир жерине чаң жукпай, жыйылып гана турат. Апам экөөбүз кээде гана бузуп алганда, аптапка жайып, көшүтүп кайра жыйып коебуз. Кээ бир көрпөлөрдүн капталганына жети-сегиз жылга аяк салды. Бирок, ушул убакка чейин эч бирине тирүү жандын эти тие элек...

#24 11 November 2014 - 00:49
Анан, үйүбүздүн текчелеринде айнектүү шкафтардагы катар тирелген чыныларга, гүлдүү чайнектерге,
табактар менен ликаптарга көзүңүз түшөт. Өзгөчө, дубалда илинген эки кашкар килемге суктанасың.
Булар менин септерим экен. Былтыры апам чачымды майдалап өрүп отуруп, чечилип сүйлөп, мындай деген.
-Бул буюмдардын бардыгын сага атап жыйнап жүрөм. Сен менин тун баламсың. Элдин кыз чыгарып, келин алганына апаңдын көзү күйүп жүрөт. Оюмда сенин даңазаңды көтөрүп, элден ашырып кыз чыгарсам деген максатым бар. Төркү үйдөгү илинген килемдер, жыйылган көрпө-төшөктөр, идиш-аяктар жана чоң сандыктагы толо буюмдардын бардыгы- сенин себиң. Апаң эсен болсо, жаман атаңдын этегинен жел өтүп турса, чоочун жерде кызын жер каратып, кызартпайбыз деген ниеттери бир... Бу биздин айылда эч бир жан кызынын себине эки килем бере элек, кызым... Септүү кыз түшкөн жериндн, абысындарына барктуу болот... Менин ата-энем колу жука адамдар эле. Бир кийиз, эки көрпө, үч чыт төшөк, эки жаздык менен ушул коргонго көчүрүп келишкен. Ыраматылык кайын энем (топурагы торко болсун) тили заар, териси тар киши эле. Дайыма ачууланганда, оң келсе да, келбесе да ошону эскерип:" Ата-энеңдин кайсы берген себине яалкалайсың? Элчилеп септүү келин болсоң, эч кимге күн көрсөтөөр күнүң жок экен. Тигини! Кудая шүгүр, жетим кыздай шүлбүрөп келгениңе" - деп табалачу. Кызым, апаң ушундай зардуу сөздөргө да чыдап, оока кылган. Мен ушуларды ойлосом, азыр дагы сыздап, узун боюм жерге кире түшөт. Кызым да кайын энеден, абысындардан ушундай чучук какшаткан заардуу сөздөрдү укпасын, анан мага наалат айтпасын деп, апаң сен төрөлгөндөн бери колуна ттйгенин жыйнап жүрөт...

#25 11 November 2014 - 00:55
Апам ичинде көптөн бери бук болгон сырларын мага жашырбай айтканына жеңилдегендей үшкүрүп:
-Апаң сага боло айтат. Ушул кызым өз теңинен озуп, жакшы жерге түшүп, өсүп-өнүп кетсе дейт. Апаңдын андан башка тилеги жок. Таш түшкөн жеринде оор кызым... Дагы кулагыңа куям. Майда жашыңды жашап койдуң, кичинелигиң калган жок. Он алтыга чыктың. Өзүңдү жакшы карма. Окуп-чокуп, ишчи болгон аялдардын да жалчып кеткенир көрбөдүм. Көбү эрлеринен ажырашып, соттошуп, жакалашып басып жүрүшөт. О, андан өлүм артык!
-Апаң сага боло айтат. Ушул кызым өз теңинен озуп, жакшы жерге түшүп, өсүп-өнүп кетсе дейт. Апаңдын андан башка тилеги жок. Таш түшкөн жеринде оор кызым... Дагы кулагыңа куям. Майда жашыңды жашап койдуң, кичинелигиң калган жок. Он алтыга чыктың. Өзүңдү жакшы карма. Окуп-чокуп, ишчи болгон аялдардын да жалчып кеткенир көрбөдүм. Көбү эрлеринен ажырашып, соттошуп, жакалашып басып жүрүшөт. О, андан өлүм артык!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#26 11 November 2014 - 12:42
Мен апамдын энелик мээримин төгүп, ак пейилдүү сөздөрүн укканымда: бүткүл боюм элжиреп, жаш баладай мойнуна чап жармашып, ошол учурда ак мамасын жыттагым келди. Ыраазычылыгымды билдирип, алкышымды айткым келди, бирок сөөккө сиңген уялчаактык,
тартынчаактык жеңип, башымды көтөрбөй жер карадым. Эки бетим тамылжып, уялдым, тердедим.
Апам кандай мээрбан, кандай камкор! Кызым жат жерде жер карап калбасын деп, төрөлгөнүмдөн бери сеп жыйнап жүрүптүр! Беш-алты жашымда, апам мени алдына отургузуп, кандайдыр бир жагымдуу, кайгылуу обон менен үнүн созуп:
Үч күндүк жолго аттанып,
Испайрам суусун кечирем.
Кимдин го кызы дедиртем,
Анан Гүкүшүмдү
Алыскы жолго көчүрөм...
-деп ырдап калаар эле.
Мен бул ырды аябай жакшы көрчүмүн, улам апам аягына жеткенде, кайра:"Ыйда" - дечүмүн. Апам да тилимди алып, көпкө эрикпей ырдай берээр эле. Кээде мен апамдын ушул ырын тыңшап жатып, мемиреп уктап кетээр элем.
Апам кандай мээрбан, кандай камкор! Кызым жат жерде жер карап калбасын деп, төрөлгөнүмдөн бери сеп жыйнап жүрүптүр! Беш-алты жашымда, апам мени алдына отургузуп, кандайдыр бир жагымдуу, кайгылуу обон менен үнүн созуп:
Үч күндүк жолго аттанып,
Испайрам суусун кечирем.
Кимдин го кызы дедиртем,
Анан Гүкүшүмдү
Алыскы жолго көчүрөм...
-деп ырдап калаар эле.
Мен бул ырды аябай жакшы көрчүмүн, улам апам аягына жеткенде, кайра:"Ыйда" - дечүмүн. Апам да тилимди алып, көпкө эрикпей ырдай берээр эле. Кээде мен апамдын ушул ырын тыңшап жатып, мемиреп уктап кетээр элем.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#27 11 November 2014 - 13:21
Аттиңай, апам айттырбай билип, ошол ырды кадимкидей обонуна салып, азыр ырдап берсечи.
Апам себи жок кыз жер карайт деп, эң туура айтат.
Эмесе, бир эле мисал келтирейин.
Өзүбүздүн айылдык Темир аке былтыр башка тараптан сүйлөшүп жүргөн кызын ала качып келген. Ошондо баарыбыз жабалактап барып көргөнбүз... Биздин жеңебиз чачы түйдөк кызыл томолок неме экен. Ал салтка көнүп, үлпүлдөп жоолук да салынбаптыр. Катын-калачтардан ыйбаа кылбай, кайра качырып тиктеп, ар кимдин оозун карайт. Кемпирлер Темир акеге миң наалат айтып, жерге түкүрүп, тарап кетишкен.
Бир жакшы жери Темир акенин зайыбы үй оокатка тың чыгып, кайын энеси ар бир үйгө барып, экт алаканын карс уруп":Ии ортак, Темириме ыраазымын. Түйдөк чач келиним-келин эмес, алтын экен, алтын экен. Мынабу кемхелди өзү тикти. Колу гүл турбайбы. Кылган оокатычы? Бал татыйт, ичкиң келет, такыр курсагың тойбойт. Эмне кыласың, акыры келинге жетиндим да. Берки зор келиним быякта эле калды"- деп тамшанып айтып жүрдү.
Түйдөк чач жаш абысыны элдин оозуна алынып, айрыкча кайыниэнеси оозунан түшүрбөй мактап жүргөнүн зор келин угат да, ичи өрттөнүп, кекене баштайт. Көп бтпөй эртеси эле айып таап, уруш чыгарат. Темир акенин зайыбы абасынынын ак жерден жалаа жаап жатканына ачуусумкелип, тилин тартпайт. Ошондо зор келин шымаланып:
-Тилиңди тарт, түйдөк чач! Мен беш жыл кызмат кылып, орун тапкан келинмин. А сен, түйдөк чач, астананы аттай элек жатып эмне мага теңелесиң? Үч ыштаныңды салып келген кара чамаданыңабы? Энем берген сан төшөктөрүм абийириңди жаап жүргөнүн билесиңби?- дейт.
Бечара түйдөк чач жеңем аябай кемсинип, ошондон кийин абысынынын төшөгүнө такыр жатпай коюптур дейт...

#28 11 November 2014 - 13:36
Апам Гүкүшүм жат жерде жер карап, абысындарына күлкү болбосун деп, мага дүйүм-дүйүм сеп жыйнап жүргөн турбайбы?.
О, кагылайын, өпкө-жүрөгүмдү чабайын апам! Сенин ак сүтүңдү, не бир, не бир тоодой эмгектериңди жаман кызын кайтарат болду бекен? Бул жөнүндө ойлосом, башым катат, уйкум кклбейт.
Кыз бала түнөгүндө куйрук-канатын жетилткен куш сыяктуу экен. Кези келгенде канат кагып учат экен, башка аскадан жылуу түнөкмкамдайт экен.
Эки катар мээрап жүгүбүздүн ортосунда чоң кызыл сандык бар. Апам тойлордон тийген, атам базар-учурдан сатып келген эндей материал болобу, тигилүү кийим болобу, алардын бардыгын бүктөп, ошол сандыкка салат да, кулпулап, ачкычын чачпагына байлап алчу...
Ырас, бул жолу сырдуу сандыктын ичинде эмнелер бар экенин билгим келчү, кызыкчумун, далай жолу апамдын ачкычын уурдоого аракет кылдым, бирок апам сактанып, алдырбады. Кантейин!
Акыры учуру келгенде, апам жашыруун сандыгын аңтара ачып ичиндеги буюмдарды чубап чыкты. Сырдуу сандыктын ичинде эмнелер гана жок дейсиң.
Жалпы эсеби менен аялдардын тигилүү көйнөгү отуз, эки помбаркут, хан атлас, көк кара шайы, товар (чыт менен иласты эсепке албаганда) баары кырк кишилик экен. Он бир жүн оромол, сегиз жибек оромол, 12 жуп зайпана мааси бар экен... Апам ушулардын баарын мен темтеңдеп баскандан бери термелеп жыйнап жүрүптүр. Ал турмак, апамдын атластан түптүз каптай тигилген этеги кең сеп көйнөгү да арасында жүрөт. Бул көйнөгүн апам этине салбай, тун кызымдын себине кошом деп, атайы ырым үчүн сактап жүрүптүр.
Анан кантип апамдын аскар тоодой асыл эмгегин актаар алат бекенмин деп ойлонбойм. Ойлоном да!

#29 11 November 2014 - 13:45
Апамдын ичиндеги туюк сырларын билгенден бери тынчым жок, уйкум келбейт. Көчөдө жүрсөм да, сабакта отурсам да, идиш-аяк жууп жатсам да, септерим тууралуу ойлоно берем. Үйдө эч ким жокто, мээрапта кериле жыйылган жүктөрүмө суктанам. Сыйпалап карайм, жүрөгүм элжирем кучактайм, эч бир жерине чымын кондурбайм.
.. Текче шкафта чабалекейдей катар тизилген идиш-аяктарыма көз кырымды салам. Эрикпей ар бирин чүпүрөк менен сүртүп чыгам.
Өзгөчө, эки мээраптын ортосундагы чоң сандык көзүмө жылуу учурайт. Аны улам ачып, ичиндеги буюмдарды кармалап көргүм келет. Кээде күйөө-мүйөө түшпөгүдөй эле деп кооптоном. Бирок чоң кара кулпу жолотпойт. Ушул сандыктын ачкычын апам ишенип берип койсо болбойбу деп таарынсам, кандайдыр мага бейтааныш дабыш шыбырагансыйт: "Ашыкпа, Гүкүш! Жакында самаганыңа жетип, чоң сандык эмес, апаң жыйнап жүргөн башка буюмдарга да ээ болосуң."
Өзгөчө, эки мээраптын ортосундагы чоң сандык көзүмө жылуу учурайт. Аны улам ачып, ичиндеги буюмдарды кармалап көргүм келет. Кээде күйөө-мүйөө түшпөгүдөй эле деп кооптоном. Бирок чоң кара кулпу жолотпойт. Ушул сандыктын ачкычын апам ишенип берип койсо болбойбу деп таарынсам, кандайдыр мага бейтааныш дабыш шыбырагансыйт: "Ашыкпа, Гүкүш! Жакында самаганыңа жетип, чоң сандык эмес, апаң жыйнап жүргөн башка буюмдарга да ээ болосуң."
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#30 11 November 2014 - 13:59
Ооба, мен да үйлүү-жайлуу болом. Ошондо сеп төшөктөрүмдү керилте жыям. Идиш-аяктарымды кыдырата тизем, бир килемимди дубалга илем, экинчисине орун жетишпесе, жүк астына бүктөп коем. Эч бир буюмума чаң жугузбай, үйүмдү мистей таза кармайм. Бардык сеп кийимдеримди жип тартып, катар-катар илип салам. Катын-калачтар келип көрөбүз деп, үстүмө киришет, мен сынымды бузбай, керилип-чоюлуп чай куям. Алар чай ичимиш болуп, астыртан үйүмдөгү ар бир буюм ордундабы, ал турмак колумдагы чайнектин түбү капкара эмеспи, ошого дейре карап чыгышат. Алардын ой-максаты эптеп эле менден кынтык таап, айтып кетүү. Мээраптагы өзгөчө бир түрдүү түстөгү көрпө-төшөктөрүмдү,
кош килемди, өзгөчө бир нече катар менин сеп кийимдеримди көрүшкөндө,
ичи тарып ызаланат, ак ниеттүүсү кубанып, баракелде деп, апама миң мертебе ыракмат айтышат. Септүү кыз!- деген атагым алыска угулат. Өзүм жат жерде жер карабай өктөм жүрөм.
Ботом, дагы мактана баштаган турбаймбы?
Жашырып не кылабыз, биз кыз калкы мактанчаак келебиз.
Ботом, дагы мактана баштаган турбаймбы?
Жашырып не кылабыз, биз кыз калкы мактанчаак келебиз.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#31 11 November 2014 - 14:14
6.
Жакында айлыбызды дүңгүрөткөн мындай иш болду.
Менин бармактайымдан бирге өскөн, бири-бирибизден тырмактын учундай сыр жашырышпаган, эки-үч күн көрүшпөй калсак куса болуп, сагынышкан жанажан Айзада деген курбум бар эле. Биздин ажырагыс курбу экенибизди баары билчү.
Айлымда эки бала бар,
Экөөнүн бою барабар.
Аттиңай,
Ал кыздарга кол жетпей,
Биздин жүрөк жарадар.
Ушинтип кимдир бирөө биз тууралуу кошуп, анан экөөбуздүн бүткүл сымбатыбызды, кыял-жоругубузду сыпаттап ырдаптыр. Ушул ырды ооздон түшүрбөй тойлордо боз уландар ырдап жүрүшөт.
Чыны Айзада экөөбүздүн боюбуз да барабар. Айырмабыз, ал кара тору, мен ак жуумал. Экөөбүздүн жымылдап майда өрүлүп, ийри такымыбызга жеткен чачыбыздан эч ким айып табалбайт.
Биз бири-бирибизге шай келген курбуларбыз. Баса, Айзаданын бир өксүгү бар. Атасы ушул колхоздо раис болуп туруп, кырк үчүнчү жылы согушка кетип каза тааптыр. Апасы үч-төрт жыл кара кийип, оокат тиричиликтен кыйналганда, эрге тийиптир. Азыркы эринен эки баласы бар. Айзада атасын эстеп, ыйлап отуруп, эч болбосо жансыз сүрөт калбаптыр, чоңойтуп дубалга илип коюга деп арман кылып калат. Бул, айла түгөнгөндөгү сөз да.
Бири-бирибизден тырмактые учундай сыр жашырбайбыз дебедимби? Ооба, ошондой элек...

#32 11 November 2014 - 14:33
Айзаданын Оштогу пединституттун үчүнчү курсунда окуган өзүбүздүн жерлик Кемел деген менен үзбөй кат алышып, өмүрлүккө кол кармашабыз деп, антташып жүргөнүн бир гана мен билчүмүн. Айзада өрөпкүп, сүйгөнүнөн келген ар бир катты келээри менен мага окутууга шашчу.
Кемел сыртынан караганда койдой момун, көп сүйлөбөгөн жигит. Айрыкча, анын мурдунун үстү дайыма тердеп, уялыңкы кебетесичи. Анын Айзадага жазган ашыктык каттарын окуганымда, ой тооба деп, таң калчумун. Сыягы ашыктык адамдын тунук сезимдерин ого бетер козгоп, көңүлүн көтөрөт окшойт.
Кемелдин каттарынын негизги мазмууну шаарда ашык жарлар эч кимден тартынбай кол кармашып, ачык-айрым баса беришет, муну эч ким жаман жөрөлгө деп санабайт. Студентиер Токтогул, Навои парктарын аралап, Ак-Буура дарыясын бойлошуп, көңүл ачышат, эс алышат.
Аларга көзүм күйүп, мен көп учурда жалгыз жүрөм. Айзада окууга келсе, биз дагы элчилеп колтукташып, мынабу көчөлөрдө бассак, тиги скамейкаларда сыр чечишип отурсак деп ойлонсом, жүрөгүм толкуйт. Бетим чымырап, кыялым асманга учат. Сүйгөнүм, мынча мени зарыктырбай, жаш жанымды азапка салбай, тезирээк эле келсең экен.
Ооба, бул каттар жүрөктүн назик тамырларынан атырылып чыккан ашыктыктын, "сүйгөнүмө тезирээк жетсем экен!" деп эки көзү чачыраган, жаш жигиттин жалындуу каттары эле. Айзада Кемелдин мындай каттарын окуганда, эки бети оттой албырып, балбылдаган чоң көздөрү жалжылдап, кыялданып, ошол замат зымырап учуп барып, сүйгөнүнө жанашып, Ак-Бууранын боюнда сейилдеп жүргөндөй толкунданчу. Кээде таптак секирип, мени бекем сыга кучактап:
-Гүкүшжан, ушул тилегиме жетсем, арманым болбос!- деп, ак пейли менен жалбарчу.

#33 11 November 2014 - 14:54
Анын кыз башы менен ашыктыкка башы айланып, мынчалык элиргенин жактырбай, суз гана:
-Катка ушунчалык болосуңбу? Калп эле алдап кат жазып жатканын кайдан билесиң? Жигиттерге ишенүүгө болбойт,- дечүмүн өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны эстеп.
-Кемел калп жазбайт, мен ага ишенем,- дечү ишеничтүү. Ичимен анын көңүлү токтугуна суктанчумун.
Кемел катынын арасына дайыма улуу жазуучулардын ашыктык, достук, адилеттик жөнүндө айткан эң акылман ойлорун көчүрүп, үзбөй жазып турат. Ырас, биз ага жооп жазаарда мындай акылдуу сөздөрдү таба албай түйшүк тартабыз, кыйналабыз. Жүрөктүн учунда не бир укмуш-укмуш сөздөр, ойлор катылып тургансыйт, бирок калем кармап, ак бараккс үңүлгөндө эле бардыгы эртеңки суюк тумандай кайда тарап кеткенин билбей каласың.
-Катка ушунчалык болосуңбу? Калп эле алдап кат жазып жатканын кайдан билесиң? Жигиттерге ишенүүгө болбойт,- дечүмүн өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны эстеп.
-Кемел калп жазбайт, мен ага ишенем,- дечү ишеничтүү. Ичимен анын көңүлү токтугуна суктанчумун.
Кемел катынын арасына дайыма улуу жазуучулардын ашыктык, достук, адилеттик жөнүндө айткан эң акылман ойлорун көчүрүп, үзбөй жазып турат. Ырас, биз ага жооп жазаарда мындай акылдуу сөздөрдү таба албай түйшүк тартабыз, кыйналабыз. Жүрөктүн учунда не бир укмуш-укмуш сөздөр, ойлор катылып тургансыйт, бирок калем кармап, ак бараккс үңүлгөндө эле бардыгы эртеңки суюк тумандай кайда тарап кеткенин билбей каласың.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#34 11 November 2014 - 15:42
Экөөбүз акылдашып, башыбызды тырмап, ойлонуп-ойлонуп кат жазабыз, кайра окуп көрсөк, көңүлүбүз тойбойт, ушунчалык сөзгө жардыбыз, ачууланып тытып салабыз. Көңүл тынчыбай кайра жазабыз. Жакпайт... Ошентип, бир жума өтөт. Шордуу Кемелден дагы жалбарган, күнөм санаган кат келет. Анын уйкусу келбей, күн сайын кат күтүп, тамагынан аш өтпөй, саргарып жүргөнүн билебиз. Боорум эзилип, өзүмдү токтото албай, негедир кыткылыктап күлөм. Кантип эле тамак ичпей жүрсүн?
-Эмне үчүн?- дейт Айзада тыржыйып...
-Күлөм да, кантип эле тамак ичпей кезере саргайып жүрсүн.
-Жүрсө жүрөт да,- дейт кабагын чытып.
-Эмне үчүн?- дейт Айзада тыржыйып...
-Күлөм да, кантип эле тамак ичпей кезере саргайып жүрсүн.
-Жүрсө жүрөт да,- дейт кабагын чытып.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#35 11 November 2014 - 16:03
Кемелиң жалганчы, ал ошентип жалбара кат жазып коюп, азыр мурдунун үстү тердеп, столовойдо башка кызга кыйшактап коюп, тамак ичип отурганын кайдан билесиң деп, бетине айткым келет да, ансыз деле азап чегип жүргөн досумду аяп, унчукпайм. Кайдагы дейди сөздөрдү айтып, көңүлүн көтөрөм, учурун таап Кемелди да сөзүмө кыстарып, мактап өтөм. Анын ар бир кыял-жоругуна атыйы токтолом. Сыркы кебетесинин сулуулугун сүрөттөп өтөм да"
-Ушундай жигитке туш болгон бактылуусуң ортакжан,- дейм
Айзада жаш баладай ак көңүл эмеспи
-Гүкүшжан, ушундай адамгерчилигиңди эч унутпайм деп ыраазычылыгын билдирет.
Кээде кычагандай Кемелден кат кечигет. Бир жума өтөт кат жок, эки жума өтөт кат жок... Бул мезгилде Айзада жаркылдап күлбөй, кабагы салыңкы суз жүрөт. Ойлогону Кемел... Бир гана өзүмдөн кыпындай сыр жашырбайт.
-Гүкүш, кат келбейт да,- деп амалсыз сурайт. Эмне үчүн кат келбегенин мен билип коюпмунбу?
-Колу бошобой жаткандыр,- деп көңүл улайм. Буга ал ишенбейт
-Кат жазышка колу бошобой калмак беле?- деп нараазы болгондой сүйлөнөт да,-ооруп-сооруп калбады бекен?- деп тынчсызданат. Мен теңтушумдун мынчалык күйөрман, мээрбан болуп кеткенин жактырбайм да:
- Сабыр кыл, сабырдын түбү сары алтын эмеспи,-деп какшыктайм. Заматта Айзаданын көзүнө жаш тегеренип:
-Кат келбей жатса анан кантип сабыр кылам. Сен менин ичимдеги уйгу-туйгуларды түшүнмөк белең?-деп көз жашын аарчып:-Түндө түш көрдүм. Ак-Бууранын бийик көпүрөсүнүн үстүндө турам. Эл кым-гуут. Издегеним Кемел. Бир оокумда ал ойсоңдоп күлгөн сулуу кыз менен басып баратат. Кыйкырам, укпайт. Мен жеткиче алар көпчүлүктүн арасына сиңип кетишет. Ойгонсом түшүм экен... Таң аткыча кирпик какпай чыктым. Дагы сабыр кыл дейсиң.

#36 11 November 2014 - 16:22
Ичимден теңтушумдун баладай жоругуна күлкүм келет. Эселек десе, түшкө да ушунча болобу? Ырас, анын азап чеккен кебетесине боорум ооруйт.
-Ойго келбеген нерселер түшкө кире берет. Мен түшүмдө өлүп да калам,- деп араң сооротом.
Көп өтпөй Кемелден кат келет. Айзада жер тепкилеп сүйүнүп, улам кайталап окуй берет, окуй берет. Ал ээн талаада өскөн кызыл гүлдөй өңүнө кирип, кулпура түшөт. Карап туруп көзүм күйөт.
Менин эмнем кем Айзададан? Эмне үчүн жүрөгүм каалаган киши менен сырдашып, кат жазбайм... Ал жүрөгүмдө өкүнүч калтырган окуядан кийин, көп эле жакшы балдар жалынып-жалбарып кат жазышты. Арасында көңүлүмө жаккандары деле бар эмес беле? Далай каттарды жооп жазбай, тытып таштабадымбы. Эмнеге ичимде болгон уйгу-туйгу сезимдерди басып жүрөм? Эмне үчүн теңтушум Айзадача ашыктыктын азабын тартпайм, кубанычын сезбейм?
-Ойго келбеген нерселер түшкө кире берет. Мен түшүмдө өлүп да калам,- деп араң сооротом.
Көп өтпөй Кемелден кат келет. Айзада жер тепкилеп сүйүнүп, улам кайталап окуй берет, окуй берет. Ал ээн талаада өскөн кызыл гүлдөй өңүнө кирип, кулпура түшөт. Карап туруп көзүм күйөт.
Менин эмнем кем Айзададан? Эмне үчүн жүрөгүм каалаган киши менен сырдашып, кат жазбайм... Ал жүрөгүмдө өкүнүч калтырган окуядан кийин, көп эле жакшы балдар жалынып-жалбарып кат жазышты. Арасында көңүлүмө жаккандары деле бар эмес беле? Далай каттарды жооп жазбай, тытып таштабадымбы. Эмнеге ичимде болгон уйгу-туйгу сезимдерди басып жүрөм? Эмне үчүн теңтушум Айзадача ашыктыктын азабын тартпайм, кубанычын сезбейм?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#37 11 November 2014 - 16:30
Айзада:"Онунчуну бүтүп, Оштогу пединституттун биология факультетине кирем. Кемел экөөбүз ээрчишип жүрөбүз, окуйбуз, анан келечекте бир орто мектепте мугалим болуп иштейбиз"
,- деп мактанганда,
мен өилим байлангандай жер карап унчукпайм.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#38 11 November 2014 - 16:47
Төртүнчү чейректин башында Айзаданын башын кайгы басты. Мындай кокустук болот деп, анын түшүнө да кирбесе керек. "Эмне кылам теңтушжан?"
- деп акыл сурап, көз жашын чубуртуп, өксүп-өксүп ыйлайт. Эптеп айла таап, туюк аскада камалган теңтушумду колунан тартып алсам дейм, бирок амалым жок. Алсызмын, менин колумдан эмне келет. Адатвмча:"
Сабыр кыл, сабырдын түбү сары алтын" дешке дитим барбайт. Бул жолу антип айтууга мүмкүн эмес. Айтсам да, ал сабыр кылбасына көзүм жетет.
Биздин айылда атактуу Эсенаман атка кнгон бир жигит бар. Сырткы келбети адам кызыккыдай эле неме. Ал орто мектепти бизден үч жыл бүтүп, ошондон бери эч жерде окубай, иштебей, ата-энесинин тбрүндб бойго жеткен кыздай болуп, созулуп журөт. Ырас, кийгени жакшы кастюм, пальто, мингени "Победа" машина... Азырынча эч нерседен камы жок. Кааласа Фергана, Анжиян, Ош шаарларын бир күндө тегерерип, көңүл ачып келет. Анын атасы райондо көп жылдан бери райком болуп иштейт. "Абдылда аке район эмес, бүткүл обласка келиң-алыңы, дасторкону менен таанылган өтүмдүү кишт... Областтан келген чоңдор да аны менен кол алып көрүшөт"- деп атаи сукөана айтып жүрөт. Оңон үчүн Сенамандын талтаңдап жүрүшүнө эч ктм тыю.салбайт имиш. Кайсы бир шаарда Эсенаман бирөөлөрдүникызын талашып, камалып калганда атасы куткарып келиптип, айтып жүрүшөт. Анын уятсыз кылык-жоруктарын айта берсең бет чыдабайт. Эсенаман жалгыз уул болгондуктан ата-энесин анын көзүн карашат имиш. Жалгыз баланын баары бейбаш, эрке өсөт бейм. Биздин Туратбек чоңойгондо ушул Эсенамандын таз кебетесин киеби деп корком.

#39 11 November 2014 - 17:05
Абдылда аке Эсенаманды эл катары адам кылам деп, не бир аракеттерди кылбады дейсиң. Фрунзеге биринчи жолу окууга жибергенде,
чөнтөгүнө беш миң салып жибериптир деген кеп бар. Эсенаман акең шаарда көрүнгөн балдар менен ээрчишип, пиво ичип жүрүп, акчасы түгөнгөндө чемоданын салбаңдатып үйгө келгенин бир көргөнмүн. Ал кантип экзамен тапшырганы тууралуу бир кызык кеп айтылып жүрөт.
Эсенаман менен бир бүткөн Муратбек деген бала бар. Ал дурусураак окучу. Экөө тең арызды мединститутка тапшырат. Химиядан экзамен башталганда Муратбек биринчи кирет да, жаман алып чыгат. Бер жакта эси чыгып турган Эсенаман жанынан түңүлүп:
-Сен жаман алгандан кийин, мен убара болбой эле коеюн,- деп экзаменге кирбей кетенчиктейт
-Ой, кудай урган неме экенсиң. Коркпой кире бер. Кокус оң келип, дурус баа алып калаарсың,- деп Муратбек кыстаса да ал улам кетенчиктеп:
-Жок, бекер убара болгум келбейт. Өлсөм да кирбейм деп, документин кошо алыптыр,-деген айың айыл арасында айтылып жүрөт. Фрунзеге окууга барабыз деген балдарга баягы Эсенаманча болбогула, тобокел деп, экзаменге кирип көргүлө,-деп урук-туугандары эскертип калышат.
Эсенаман менен бир бүткөн Муратбек деген бала бар. Ал дурусураак окучу. Экөө тең арызды мединститутка тапшырат. Химиядан экзамен башталганда Муратбек биринчи кирет да, жаман алып чыгат. Бер жакта эси чыгып турган Эсенаман жанынан түңүлүп:
-Сен жаман алгандан кийин, мен убара болбой эле коеюн,- деп экзаменге кирбей кетенчиктейт
-Ой, кудай урган неме экенсиң. Коркпой кире бер. Кокус оң келип, дурус баа алып калаарсың,- деп Муратбек кыстаса да ал улам кетенчиктеп:
-Жок, бекер убара болгум келбейт. Өлсөм да кирбейм деп, документин кошо алыптыр,-деген айың айыл арасында айтылып жүрөт. Фрунзеге окууга барабыз деген балдарга баягы Эсенаманча болбогула, тобокел деп, экзаменге кирип көргүлө,-деп урук-туугандары эскертип калышат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#40 11 November 2014 - 19:17
Атактуу Эсенаман
Чатактуу Эсенаман
Арыбай, карыбай
Жүрөсүңбү сен аман,
-деп кимдир бирөөө маскарлап чыгарган ырды айылдагылардын баары билишет.
Атасы айласы түгөнгөндө уулун үйлөп, оокат тиричилигиңди кыл деп бөлүп коет. Эсенаман оокат-тиричилик кылмак беле, тирүү өлүгүн атасына артып, бир күн Ошто, бир кун төштө "Победасына" тааныш аялдарды салып жүрө берет. Аялы саргаят, муңун ичине катып күтөт, күтөт. Акыры үмүтү үзүлгөндө, атасыныкына барып, такыр келбей коюптур.
Ошол Эсенамандын атасы Абдылда аба байбичеси экөө жашыруун келип, 20 миң сом калың берип, Айзаданын башын байлап кетиптир. Бул кудаалашуу өтө жашыруун иштелиптир. Эгерде бирөөгө оозуңдан чыгарсаң асынып өлөм деп Гүлсүн эже карганып коюптур.
Той болбойт экен. Окуу жабылары менен Айзаданы Эсенаман машинасына отургузуп, пас тараптагы эски тааныштарыныкына эч кимге билгизбей алып кетет экен. Элге өздөрү убадалашып жүрүп, качып кетиптир деп таралат экен. Бирок, Гүлсүн эже "Кайран кызымдан айрылдым, айрылдым" деп чачын жулуп, көчөгө кыйкырып чыгууга убада бериптир.
Бул эмне деген жүзүкаралык, жалакорлук! Эптеп өз айыбын жабыш үчүн эскилик эмне гана аракеттерди кылбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео