Айзадага ушунча боорум ооруйт, эч нерсе эмес теңтушжан, көнүп кетесиң, бардык кыздар ушинтип күйөөгө чыгып жатпайбы? Бизди ата-энебиз кантип эле калыңга сатышсын, алган акча жөн эле ырым-жырым, салт. Бизди бекер берсе, ата-энебиз деле сызга отуруп калбайбы?- деп көңүл айтаар элем, эгерде Эсенамандан башка бирөө болсо.
-Мен кантип ошол Эсенаманга чыгам? Ойлоп көрсөң Гүкүшжан,- десе көз жашы жамгыр.
Мен оор абалдамын. Ооба, туура айтасың. Эсенаманга чыкпа деп ачык айта албайм. Анткени, болоор иш болуп, ата-энелер кол алышып коюптур. Эң эле алсыз абалдамын. Бармактайдан бирге өскөн теңтушумдун келечек тагдырын ойлосом, менин да зээним кейип ыйлагым келет.
Күн чыкпай, уй саап жатканмын. Жогор жактан ый аралаш чаңылдаган үндү угуп, жүрөгүмдүн тамырлары зырп этип, чочуп кеттим. Жанагы үн улам биздин үйгө жакындап келатат, мен тыңшап турам.
-Ой, эл-журт барсыңарбы?
- деген Гүлсүн эженин үнүн тааный коюп, шылкыйып отуруп калдым. Эки тиземдин арасындагы челек кулап, сүт жайыла төгүлдү. Мен түш көрүп жаткандай нес болом. Айзаданы Эсенаман түндө алып кеткен экен да?
Кечээ биздин үйгө Айзада келген болчу. Апам жок эле. Ал менин жууган чачымды майдалап өрүп берген.
-Кемелден кат-кабар барбы?- деп мен тамырын тартып сураганмын.
-Кемелден да түңүлүп калдым.
-Койчу.
-Ишенип кой Гүкүш. Болгон ишти жашырбай жазып, эмне кылабыз деп кат жиберсем:"
Кантмек элек. Каргыш тийген эскичиликке наалат айтып, Кемел шордуу таза махабатынан айрылып кала берет да... Бактылуу бол", деп жооп жазыптыр...
-Койчу.
-Сенин ишенбегениңе күйөм да, кантейин- деп оор үшкүргөн Айзада жөн эле ичинен чыгарып айтып жатат го деп ишенбей:
-Ошол катын мага көрсөтчү,- деп суранганмын.
Айзада тоготпогондой мурдун чүйрүп сүйлөгөн.
-Ошонун катын сактап жинди болуптурмунбу?
Кечээ анын бардык каттарын, сүрөтүн отко салып өрттөдүм.
-Койчу.
-Өрттөбөгөндө,
аларды мен башыма тартат белем.
Мен күйүтүн козгобоюн деп, андан ары териштирип сураган эмесмин. Кепти кайра өзү козгоп:
-Гүкүш, ишенсең, Эсенаманды жакшы көрүп баратам. Түндө түшүмө кириптир,- деген күлүп сүйлөп. "Койчу, ортакжан, ошол сөйрүктү ким жакшы көрсүн",- деп айтып жибере жаздап, оозумду араң басып калганмын.
-Эмне унчукпайсың?
Эсенамандын элден эмне кемчилдиги бар? Сулуу десең сулуу, барктуу ата-эне, заңгыраган жаңы үй, мингени "Победа"
.
Мен өчөшкөндөй унчуккан эмесмин. Айзада ыраазы болгондой минтип мактанган:"
Айзада колума тийсе, кирпигине кир жугузбай, ата-энеме кызмат кылдырбай, төбөмө гана көтөрүп жүрбөсөм"
,- деп жоро-жолдошторуна мактанып жүрөт имиш. Буга эмне дейсиң?
-Баягы Эсенамандын сөзү да,- деп жиберип. -Ким билет, эми аялдын баркына жетип калгандыр да. Оозумдан капыс чыгып кеткен сөзүмдү араң оңдогонмун.
Айзада үйүнө кечке жуук кеткен. Дарбазага чейин узатып чыгып, артынан көзүмдү үзбөй карап турганмын. Ал башын оң мүрүсүнө кичине шылкыйтып, ойлуу басып бараткан. Теңтушумдун бир тутам белине, такымынан өткөн чачына, эч бир жеринде айыбы жок боюна кимдин көзү түшпөсүн. Ак маралдай керилген Айзада, сөйрүк Эченаманга кор болобу?
Айзада көпүрөдөн аша берээрде, мага кайрылып кол булгаган. Көрсө, кечээ коштошкону келген экен... Эгер туюп калсам, жанымдай көргөн теңтушумдун бетинее кучактап өөп калбайт белем. Ушул жолу менден жашырыныптыр...
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#41 11 November 2014 - 19:50
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#42 11 November 2014 - 21:36
Гүлсүн эженин чуу кыйкырыгы күчөгөндөн-
күчөп, апам, анын артынан мен көчөгө жүгүрүп чыктык. Заматта коңшу аялдар топтоло калып, жылаңбаш, чачтары иретсиз апсыйган Гүлсүндү тегеректеп,
иреңдери үрпөйүп, кажылдап бир нерселерди сурап жатышат.
-Жатаарда кызың бар беле?
-Айланайындар, бар эле, калп айтсам күн баткыча жаным чыксын! Жанаша жатканбыз. Азыр туруп, сыйпалап таппай калдым. Карабаган жерим калган жок...
Ой жүзүкара! Кылгылыкты кылып, оозу-мурду кыйшайбай, карганып жатканын карачы. Бул аялдын колунан ар кандай кыянатчылык келгидей. Дагы уялбай, бетинин бир-эки жерин тытып алыптыр. Мен дагы энтигип жетип бардым. Муундарым калтырап, көз жашым кирпиктеримде мөлтүрөп кылгырат. Айзада ошол сөйрүккө кор болгон экен да...
-Жатаарда кызың бар беле?
-Айланайындар, бар эле, калп айтсам күн баткыча жаным чыксын! Жанаша жатканбыз. Азыр туруп, сыйпалап таппай калдым. Карабаган жерим калган жок...
Ой жүзүкара! Кылгылыкты кылып, оозу-мурду кыйшайбай, карганып жатканын карачы. Бул аялдын колунан ар кандай кыянатчылык келгидей. Дагы уялбай, бетинин бир-эки жерин тытып алыптыр. Мен дагы энтигип жетип бардым. Муундарым калтырап, көз жашым кирпиктеримде мөлтүрөп кылгырат. Айзада ошол сөйрүккө кор болгон экен да...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#43 11 November 2014 - 21:58
Гүлсүн эже буркурап ыйлап, оозуна кирген сөзүн ылгабай кызын каргап-шилеп жатат.
-Барган жеринен бак таппай, өмүр бою куурап өтсүн, жалчыбасын.
-Кой, антип каргачу эмес,- деп апам кагып койду.
-Сенин Гүлайымың бирөөнүн этегин кармап качып кетсе, каргабаганыңды көрөт элем...
-Оозуңа кара таш. Сенин кызыңа ит окшосун,- деп апам чычалай түштү.
Акыры чыдап тура албадым.
-Өзүңүз Эсенаман аке менен качырып жиберип... - деп, ар жагын айталбай, шолоктоп ыйлап жибердим.
Тегеренип турган аялдар чуулдай түштү.
-Уктуңарбы?- деди Гүлсүн эже көздөрүн коркунучтуу алактатып.
-Кызымды оң жолдон чыгарып бузган ушул. Карасаңар, уялбай айыпты мага жүктөп жатат дагы,- деп чаңырып жиберди.
Апам тиртеңдеп мени кыстады.
-Айт, кайдан билесиң буларды?- Жаным кашайып калган мен тартынбай билгенимдин баарын айтып бердим.
-Калп, мунун баары калп!- Жулмалап жиберчүдөй мага жулунганда апам жолун тосту.
-Ой, жүзүкара катын!- Апам шымаланып, күчөп кирди. -Кызыңды өзүң качырып жибересиң, анан уялбай бети-башыңды аймап долуланасың, өлбөйсүңбү ошондон көрө.
-Сен өл. Эгер кызымды Эсенаман алып кетсе, мен бутуңдан элдин көзүнчө өбөйүн, эгер башка бирөө ала качып кетсе, сен бутумду өбөсүңбү?
Апам тобоке деп, анан анын тайманбай сүйлөгөнүнөн тартындыбы тайсалдап:
-Ой мээси жок катын, сенин бузуку кызың качса, мага эмне күч келди. Өзүң кошо качсаң да кабыргам кайышып койбойт,- деп апам мени жетелеп үйдү карай басты...
-Качтыңбы? Менин кызымды сен качырдың! -деп артыбыздан кыйкырып калды.
Айзаданын качышы бүткүл айылды, мугалимдерди дүрбөлөңгө түшүрдү. Издөө башталды. Райондон эки милиция келди. Таң каларлык нерсе, Эсенаман түндө үйүндө ооруп жатыптыр... Түшүнүксүз. .. Гүлсүн эженин тили узарып, каерде болсо бизди жамандап басып жүрөт. Эмне калп айтасың, эл алдында адамды өлтүрбөдүңбү? - деп, апам санымдан аткып алды... Жазыксыз мен ыйладым...

#44 11 November 2014 - 22:07
7.
Кыскача тарых мындай экен... Айзада бирөө аркылуу Кемелге куш тилиндей кат жиберет. Ал кайраттанып, кантип болсо да куткарып алам деп талпынат.
Ош шаарында областтык кыздар орто мектеби бар. Кемел ошол мектептин директоруна келет да, болгон окуяны жашырбай айтат, жардам сурайт. Директор тийиштүү кишилер менен макулдашып, "Айзаданы өзүң чуу чыгарбай алып кел, андай окууга дилгир кызды кабыл алабыз, жогорку окуу жайга киришине бардык жактан жардам беребиз", - деп убада берет. Кемел иштин жөнүн кыскача баяндап, Айзадага кабар берет, болжошкон түн келип таксиге салып кетет.
Бул кабар айылга шамалдай тез тарады.
-Ой тооба, ушундай бети жок кыз болот экен ээ. Биздин айылда мындай адепсиздик болгон эмес,-деп жакасын карманып, жерге түкүрүнгөндөр андан көп.
-Жүрөгүндө оту бар кыз экен, ушул Эсенаманды куп шерменде кылды окшойт,- деп табасы кангандар мындан көп.
Гүлсүн эже Ошко арызданып барып, кирбеген жери калбаптыр. "Силер мага окшогон жесирдин арызын укпасаңар, Маскөөгө жазам... Менин эрим согушта өлгөн",- дем жулунган имиш.

#45 11 November 2014 - 22:19
Айласы түгөнгөндө,
Айзадага барып, жалынып-жалбарып,
жаңылдым-жаздым,
ошол Эсенамандан кол үзөм, мени элге шылдың кылба жүр кетели деп, көз жашын төксө да, Айзада көгөрүп болбой коюптур. Гүлсүн эже кайрылып үйгө барбайм, Ак-Буурадан агып өлөм,- деп коркутса да, Айзада көнбөптүр. Гүлсүн эже кызын каргап, шилеп, үйүнө түңүлүп кетиптир.
Эсенаман аке аябай жер тепкилеп кейиген имиш:
-Мындайын билсем, озунуп ала качпайт белем. Эзилип бышып турган алмамды оозумдан алдырдым,- деп тирүүлөй өлгөн имиш. Ал уялбай ата-энесине айып жүктөп:- Окуусуна карабай ала качайын десем, коркуп өилимди албай койдуңар эле, мына окуусун бүтиү, даяр келинди үйүңөргө киргизип алгыла,- дем өзүнчө албууттана чамынган имиш.
Адамда ар болбосо ар нерсе деп сүйлөй берет да. Мен Эсенамандай шерменде болсом, журт аралап басып жүрбөй, бейтааныш жерге качып кетип, ошол жакта төбөм менен жер казып, абийир, атак алганда гана келет болчумун. Дагы уялбай:"Кемел менден калган кызды зордуктап ала качты да... Карап тургула, анын акесин таанытам" ,- дейт имиш.
Эсенаман аке аябай жер тепкилеп кейиген имиш:
-Мындайын билсем, озунуп ала качпайт белем. Эзилип бышып турган алмамды оозумдан алдырдым,- деп тирүүлөй өлгөн имиш. Ал уялбай ата-энесине айып жүктөп:- Окуусуна карабай ала качайын десем, коркуп өилимди албай койдуңар эле, мына окуусун бүтиү, даяр келинди үйүңөргө киргизип алгыла,- дем өзүнчө албууттана чамынган имиш.
Адамда ар болбосо ар нерсе деп сүйлөй берет да. Мен Эсенамандай шерменде болсом, журт аралап басып жүрбөй, бейтааныш жерге качып кетип, ошол жакта төбөм менен жер казып, абийир, атак алганда гана келет болчумун. Дагы уялбай:"Кемел менден калган кызды зордуктап ала качты да... Карап тургула, анын акесин таанытам" ,- дейт имиш.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#46 11 November 2014 - 22:25
Баарынан да апамдын табасы канды. Көңүлү жакын аялдарды үйүнө яакырып, түрдүү тамактарын дасторконго жайнатып коюп, Айзада жөнүндө кеп салат:
-Качкан кыздын энеси жаман да... Энелүү кыз качат деген эмне кеп? Өилесиңер го, Гүлсүн өзү жаш кезинде ушундай ойнооку эле.
Мен тамылжып кызарып, баш көтөрбөй, улам чай сунуп, карылардын кебин тыңшайм.
-Карамат мактанба, баарыбыздын бойго жеткен кызыбыз бар, ичтеринде эмне ойлоп жүргөнүн билип коюппузбу? Алдыраарда жаздыраар болгон да,- деп Калча аяш энем сүйлөсө, апам жулунуп макул болбойт:
-Ортак, ал сөзүңдү кайра алыңыз. Менин Гүкүшүм кыз аттуудан өзгөчө чыкты. Улууга тике карап каяша сүйлөбөйт. Эркектин алдынан кыя басып өтпөйт..
-Качкан кыздын энеси жаман да... Энелүү кыз качат деген эмне кеп? Өилесиңер го, Гүлсүн өзү жаш кезинде ушундай ойнооку эле.
Мен тамылжып кызарып, баш көтөрбөй, улам чай сунуп, карылардын кебин тыңшайм.
-Карамат мактанба, баарыбыздын бойго жеткен кызыбыз бар, ичтеринде эмне ойлоп жүргөнүн билип коюппузбу? Алдыраарда жаздыраар болгон да,- деп Калча аяш энем сүйлөсө, апам жулунуп макул болбойт:
-Ортак, ал сөзүңдү кайра алыңыз. Менин Гүкүшүм кыз аттуудан өзгөчө чыкты. Улууга тике карап каяша сүйлөбөйт. Эркектин алдынан кыя басып өтпөйт..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#47 11 November 2014 - 23:46
-Ылайым барган жерден бак тапсын!
-Ызаттуу болсо урмат көрөт...
-Жаш адамдын уяттуусу жакшы!- деген кубаттоолорду укканда апам ансайын күчөп:
- а жер жуткур Айзада эчкидей шудуңдап, эки көзү ойноктоп турчу эмес беле, ортактар. Мен ошонун көзүнөн коркчумун. -Апам жакасын кармап, сөзүн улантат. -Ой тооба, апасы барса да келбей коюптур. Энесине жакшылык кылбаган кыз, тийген эрин жалчытат дейсиңби. Дагы бир үрпөк баш жүр десе, этегине илешип кылчайбай кете берет. Баскан изин кетмендеп салчу кыз экен.
Бир заматта отурган аялдар ичип жаткан чайын токтото коюшуп, Айзаданы жамандап киришет. Мындай учурда айың сөз табылбай калмак беле. Катыча апа эриндерин тиштенип:" Эч кимге айтпагыла, ошол жер жуткур кыз Кемел менен илгертен соо эмес экен. Ошол үчүн качыптыр" ,- десе, Салийма эже бирөө тыңшап тургансып, үнүн пастатып:" Эч кимге айта көрбөгүлө, Айзаданын боюнда бар имиш,ошол үчүн үйгө келбептир. Гүлсүн деле билет имиш. Элден уялып өзу качырган имиш. Калп эле каргап-шилеп жүрөт.",- десе, тоңтуңдап араң баскан Галбү кемпир башын чайкап, "Ой, тооба!" - деп жакасын кармап күбүрөнөт.

#48 13 November 2014 - 01:08
Калганын качан жазасыз
Жогоруда админ комментарийлерге тыю салган эле. Ошентсе да, сурооңузду жоопсуз калтырбайын. Жана ушул билдирүүм аркылуу повесттин уландысын чыдамсыздык менен күтүп жаткан ар бир окурманга кайрылып, түшүндүрмө бере кетейин.
Сиздер канчалык күтүп жатканыңыздарды аябай жакшы түшүнүп турам. Анткени мен да окурманмын. Бат-баттан жазууга болгон күчүмдү жумшап жатам. Жумушка байланыштуу убакыт бир аз жетишпей жатат. Туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп үмүт кылам.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн алдын-ала рахмат. Жана көңүл бөлүп, убакытты аябай окуп жатканыңыздар үчүн да чоң рахмат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#49 13 November 2014 - 01:17
-Өзүңөр билет турбайсыңарбы?
Боюнда болгону чын болуш керек, бекер жерден өрт чыкмак беле? Бузуку кыз деп апам ансайын жулунуп сүйлөйт.
Албетте, булардын бардыгы калп, ушак! Айзадаханды кимиси менчелик билмек?! Мындай жок жердеги ушактарды ким жаратып жүргөнүн билбейм... Ушундай чоң кишилер калп айтыштан уялбайбы? Сиздер калп айтасыздар, Айзада сүттөн таза!- дегим келет,- бирок оозума бир нерсе такалып калгандай айталбайм. Эгерде мен ошентсем эле өз абийиримди төгөм. Булар азыр дарбазадан чыгар замат бири-бирине:
-Бул да соо эмес.
-Айзаданын досу болчу.
-Караматтын да шору бар экен!- деп айтып кетишет. Мындай кептер жөн жатпайт, дуулдап тарайт эмеспи. Адептүү, абийирдүү деген наамдан айрылам. Баарынан да апамдын баалесине калам. "Сага не күч келди? Эмне үчүн энеңдей аялдарга атырыласың? "- деп жанымды быякка сууруп алат. Ач кулактан, тынч кулак, тымпыйып отурганым жакшы го!
Ансыз деле бул аялдардын ар биринин ууру көзү менде!
Албетте, булардын бардыгы калп, ушак! Айзадаханды кимиси менчелик билмек?! Мындай жок жердеги ушактарды ким жаратып жүргөнүн билбейм... Ушундай чоң кишилер калп айтыштан уялбайбы? Сиздер калп айтасыздар, Айзада сүттөн таза!- дегим келет,- бирок оозума бир нерсе такалып калгандай айталбайм. Эгерде мен ошентсем эле өз абийиримди төгөм. Булар азыр дарбазадан чыгар замат бири-бирине:
-Бул да соо эмес.
-Айзаданын досу болчу.
-Караматтын да шору бар экен!- деп айтып кетишет. Мындай кептер жөн жатпайт, дуулдап тарайт эмеспи. Адептүү, абийирдүү деген наамдан айрылам. Баарынан да апамдын баалесине калам. "Сага не күч келди? Эмне үчүн энеңдей аялдарга атырыласың? "- деп жанымды быякка сууруп алат. Ач кулактан, тынч кулак, тымпыйып отурганым жакшы го!
Ансыз деле бул аялдардын ар биринин ууру көзү менде!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#50 13 November 2014 - 02:58
Апам элдин көзүнчө кызым эркектин алдынан кыя басып өтпөйт деп мактанганы менен Айзада качкандан бери кооптонуп, менин баскан изиме түштү.
-Сабактан чыккандан кийин бир минута токтобой туура үйгө жөнө, уктуңбу?- деп мектепке баратканымда күндө кулагыма куят... Ошол эле дейсиңерби. Мен мектептен чыксам Туратбек даяр:
-Апам тез келсин деп чакырып жатат,- деген анын кекердүү буйругун күндө угам.
Кокус Туратбектин "кызың балдар менен күлүшүп, бирге келатыптыр" дегенин уксачы, анда апам күйүп-бышып:
- Шойконуң бар болсо апаңдан түңүл. Мен Гүлсүндөй болуп журт аралап жүрө албайм. Тиги күрпүлдөп агып жаткан Агарттын дарясынан апаңдын сөөгүн таап аласың, билдиңби?- деп коркутат, эсиңди эки кылат.
Мурда апам Туратбекти бооруна кысып, жыттап жатчу. Азыр апам экөөбүз бирге жата турган болдук. Күнүгө жатаарда апам көк дөбөтүбүздү айбандагы түркүккө байлап, чоң дарбазабызды кулпулап, үйдөгү эшикти ичинен бекем такактап коет да, төшөктө жатып алып, көпкө дейре келме келтирип:" О кудай доско күлкү, душманга таба кыла көрбө",- деп өзүнчө күбүрөй берет. Уйку-соодо жатып, кээде күлкүм келсе, кээде апамдын кебетесин көрүп, аяп кетем. "Апажан, мага ишене бериңиз, менде андай жаман ой жок, өзүңүздү кур бекерге кыйнабай, тынч уктай бериңиз" деп айтсамбы дейм. Бирок андан бетер күмөн санап, тынчы кетпесин деп корком. Ошол үчүн эч нерсени туймамыш болуп, апамы бекем кучактап жата берем...

#51 13 November 2014 - 03:33
Апам кыйналып уктоочу болду. Кечээ чочуп ойгонсом, апамдын кысталган үнү чыгат. Кимдир бирөөгө жулунгансыйт,
мени билегимден бекем кармап алыптыр. Коркуп кеттим.
-Апаа,- деп түрткүлөп жиберсем, ойгонду да, мени көрө коюп:
-Кудая шүгүр, өүшүм турбайбы. Түшүм түлкүнүн богу, өзүм иттин богу",- деп ырымын кылып, түкүрүнүп, анан мени жаш баладай бооруна кысып жыттагылады.
-Апаа,- деп түрткүлөп жиберсем, ойгонду да, мени көрө коюп:
-Кудая шүгүр, өүшүм турбайбы. Түшүм түлкүнүн богу, өзүм иттин богу",- деп ырымын кылып, түкүрүнүп, анан мени жаш баладай бооруна кысып жыттагылады.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#52 13 November 2014 - 19:16
Апам аябай коркунучтуу түш көрүп, чочуп калса керек. Жүрөгүнүн дүк-дүк этип соккону даана угулат. Чарчагандай өрөпкүп дем алат. Таң атып калса керек, биздин кызыл корздун чаңырган үнү угулду. Дагы эле апамын жүрөгү дүк-дүк.
-Апа басырык бастыбы?
-Апам оор үшкүрүп, мага ыраазы болгондой:-Кайдагы басырык басмак эле, беймазаа түш көрдүм.
-Дайыма кыйналып уктай турган болдуңузда. Эмне коркунучуңуз бар?- деп сурайм билмемишке салып.
-Гүкүш, майда жашың калган жок. Айтпасам да өзүң баамдап жүргөндүрсүң кызым. Эне түшкүр бойго жеткен кызынын азабын аябай тартат экен. Тигине, атаң түшүнө дүйнө кирбей уктап жатат. Ойлоп да койбойт.
Апам унчукпай калды. Чынында эле атам токтоо, анча-мынчага ачууланбаган, бейкам адам... Ушунча уйкусу каттуу, эгер үй өрттөнүп кетсе да, сезбей коңурук тартып уктай берет. Бечара апамдын какшаганчалык бар.
-Апа басырык бастыбы?
-Апам оор үшкүрүп, мага ыраазы болгондой:-Кайдагы басырык басмак эле, беймазаа түш көрдүм.
-Дайыма кыйналып уктай турган болдуңузда. Эмне коркунучуңуз бар?- деп сурайм билмемишке салып.
-Гүкүш, майда жашың калган жок. Айтпасам да өзүң баамдап жүргөндүрсүң кызым. Эне түшкүр бойго жеткен кызынын азабын аябай тартат экен. Тигине, атаң түшүнө дүйнө кирбей уктап жатат. Ойлоп да койбойт.
Апам унчукпай калды. Чынында эле атам токтоо, анча-мынчага ачууланбаган, бейкам адам... Ушунча уйкусу каттуу, эгер үй өрттөнүп кетсе да, сезбей коңурук тартып уктай берет. Бечара апамдын какшаганчалык бар.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#53 14 November 2014 - 07:23
-Кыз бала бирөөнүн аманаты. Эч нерседен кем кылбай чоңойттук, өстүрдүк. Көп эле кишилер сөз салып жүрүшөт, эч кимисине көңүлүм тойбойт. Менин максатым, барган жериң оокаттуу, алың-келиңдүү кишилер болсо. Барганда маңдайып жылып кайтса деген тилек да. Апам кейигендей оор үшкүрүндү:
-Кызым, өзүңдөн жашырып эмне кылайын. Жатакалгыр Айзада качкандан бери апаңда жан жок. Жаман жаман түштөрдү көрөм. Түшүмдө сен тиги Абдылда менен качып кеткен имишсиң. Мен жер муштагылап, өңгүрөп ыйлап жүрөм. Гүлсүн табасы канып:"А Караматканым, мактаган кызың ушул беле?,- деп, алаканын чаап карсылдап күлөт. Мен эмне дээримди билбей, жерден таш алып ага атырылам. Кайриет түшүм экен. Биздин досубуздан душманыбыз көп. Бизди жер каратсаң, мен ак сүтүмдү кечпейм.
-Апа, кайдагы кептерди сүйлөйсүз,-дегемин төшөктү чүмкөнүп.
-Чүмкөнбө, сөзүмдү ук,- апам таң атканча акыл-насаат айтты.
-Кызым, өзүңдөн жашырып эмне кылайын. Жатакалгыр Айзада качкандан бери апаңда жан жок. Жаман жаман түштөрдү көрөм. Түшүмдө сен тиги Абдылда менен качып кеткен имишсиң. Мен жер муштагылап, өңгүрөп ыйлап жүрөм. Гүлсүн табасы канып:"А Караматканым, мактаган кызың ушул беле?,- деп, алаканын чаап карсылдап күлөт. Мен эмне дээримди билбей, жерден таш алып ага атырылам. Кайриет түшүм экен. Биздин досубуздан душманыбыз көп. Бизди жер каратсаң, мен ак сүтүмдү кечпейм.
-Апа, кайдагы кептерди сүйлөйсүз,-дегемин төшөктү чүмкөнүп.
-Чүмкөнбө, сөзүмдү ук,- апам таң атканча акыл-насаат айтты.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#54 14 November 2014 - 07:51
Андан кийинчерээк мына мындай кызык окуя болду. Түн жарымында ойгонуп, эшикке чыккым келди. Апам коңурук тартып каттуу уктап жатат. Керели-кечке кир жууп аябай чарчаган болчу. Апамды аяп ойготкум келбеди. Акырын туруп, бутумдун учу менен басып, эшикти кырч эткирбей эшикке чыктым. Ай жарык экен. Эмнеден коркмок элем. Качанга апамдын этегине асылып, шырп этсе элеңдеп жүрмөкчүмүн.
Жетишет, бойго жетпедимби.
Эми гана жайланышып отурганымда, апамдын ый аралаш ачуу үнү угулду. Коркуп кеттим, ордумдан тургуча шаштым. Ээнбаштык кылганыма кейидим да:
-Апа, мен мындамын! - деп доош бердим
Апам экөөбүз босогодон беттештик. Апам бечаранын өңү өчүп кетиптир. Ирээңи купкуу. Чырак кармаган оң колу калтырайт. Көйнөгүн да толук кийбептир, сол жеңи бош салаңдайт. Караңгыда кайда жүрөсүң дегендей, уйкусу умачтай ачылып, атам ыштанчан дугдуюп арамдын артында турат. Айыптуу кишидей жер карадым.
-Кайда жүрөсүң жети түндө өзүң жалгыз?- дейт апам чыракты бетиме кармап. Унчукпайм, атамдан бетим чымырап уялам.
-Ой, кайда жүрөсүң?
-Ушул жерде эле
-Ушул жериңдин аты жокпу?
-Коргондо...
-Коргондо жарым түндө бышырып коюппу?
Эмне демекмин, эркек болсом айтаар жообум даяр эле. Кызмын да, бет маңдайымда атам турса. Бүткөн боюмду чыпылдап тер басты. Унчукпайм. Атам үйгө кирди.
-Каерге отурдуң, көрсөт.,- деп апам панызды кармап ээрчип алды. Караңгыда ошол орунду итаппай темселеп да жүрдүк.
-Калп айтыпсың.
-Ушул жерге отургамын.
-Канаке?
-Мынаке...
Апам өз көзү менен көрүп жаны тынды окшойт
-Түнү жалгыз чыкпа дебедим беле?
-Сизди аяп ойготкум келбеди.
-Мен жерге кирейин. Ойгото бер, апаңды кудай албайт.
Сол жеңин оңдонуп кийди да, ачуусу тарагандай, -Ойгонсом ордуң бош. Сыйпаласам жоксун. Гүлсүндүн таз кебетесин кийген экенмин деп, атаңды жулкуп ойготтум.
-Коюңузчу апа.
Ээрчишип үйгө кирдик. Атам уктай элек экен.
-Жок жерден чуу чыгарып, адамдые уйкусун буздуң,- атам наалый сүйлөдү.
-Бир жолу уйкуң бузулса эмне болуптүр. Мен күнүгө уктабай жүрөм.
Апам өзүнчө бир деме деп күбүрөндү да, тил кайтарбай төшөгүн чүмкөнүп тетири бурулду.
Апам экөөбүз чечинип, кучакташып жаттык.
О, кагылайын апажан! Сиздин энелик жүрөгүңүз мынчалык мээрбан, мынчалык боорукер жаралды экен?! Эне түшкүр баланын азабын дайыма таитат турбайбы..
Жүрөгүм эзилтп, апамды бекем-бекем кучактап, алкымын жыттагыладым. . 3-4 жаштагы наристе болуп,калсамчы. Дайыма апамдын койнунда эркелеп жатмакмын. Зээним кейип, көзүм нымдаша түштү.
-Ыйлап атасыңбы?
-Жок, апаке.
Таң атканча апам экөөбуз тең көздөрүбүздү жумуп, жүрөгүбүздү өйкөгөн бир нерсе тууралуу ойлонуп жаткансыдык.
Тилибиз унчукпаса да, жүрөктөрүбүз сүйлөшүүдө.

#55 14 November 2014 - 08:31
8.
Жылдар мынча зымырап тез өтөт? Кечээ эле эрбеңдеп, апамдын этегине жармашып жүргөн секелек кыз эмес белем?
Мынакей, окуу жылы аяктап, жакын арада жетилүү аттестатына ээ болобуз деп мамлекеттик экзамендерге кызуу даярдык жүрүп жаткан учур. Күн чайын консультация, контролдук жумуш. Жадап да кеттим.
Агайлардын мамилеси да башкача. Сабак билбейсиңер, жакшы даярданбайсыңар деп мурдагыдай жемелейпет. "Биз өз билгенибизди үйрөттүк, аябадык. Ар бириң жакында өзүнчө кесип тандап кетесиңер. Туура жол тандай көргүлө, кийин арман кылбагыдай болгула!- деп аталык камкордук менен эскертишет.
-Ыракмат агай!- деп, балдар туш-тараптан чурулдашат.
Бирок мен көңүл кошмун, капамын. Эмне үчүн тезирээк бүтсөм экен деп шаштым экен? Аттиңай, азыр 1-класста окүп калсамчы.
Менин көзүмө кызыл баркут чапан кийген, чачтары сербейген, болпойгон жоош ак саргыл кыз элестейт. Ал арткы парталардын биринде агайды көзгө илбей нан чайнап отурат.
-Гүлайым нан жеп жатат,- деп кимдир бирөө сүйүнчүлөйт. "Б" тамганы үйрөтүп жаткан агай жанына басып келип:
-Нан жебе уят болот,- дейт анын чачынан сылап.
-Жейм, курсагым ачты,- деп ыйлап жибереө. Бардыгы жапырт күлүшөт. Агай алдап-соолап, соорото албай жүрөт.

#56 15 November 2014 - 06:34
Ошол бойтойгон ак саргыл кызга суктанам...
Экзамендер да аяктайт, он жыл бою бирге окуган балдар кесип издеп, туш тарапка чилдей тарашат. Ошондо, ким кайсы окууга барат деген маселени күн тартибине коюп, балдар ар бири өз оюн жашырбай айтып чурулдашат
"Салтанаттуу" чогулушту комсорг эмессиңби деп Ыдырыска тапшырат. Ал колуна чоң бийлик тийгенсип, заматта мурчуюп, сестүү карап:
-Ким биринчи өз пикирин айтат?
-Мен.
-Сөз жолдош Эргешов Аманбайга берилет.
Аманбай балдарга карап, өзү айыл-чарба институтундагы зооветеринардык факультетине өтөм, бул менин илгертен самап жүргөн максатым,-деп кыскача баяндайт.
-Жолдош Эргешовго сурооңор барбы?
-Бар. Сен былтыр университеттин тарых факультетине кирем деп жүрбөйт белең?
Аманбай бул суроого жооп берем дегендей баш ийке:
-Шарип дос, былтыркы менен быйылкынын айырмасы бар го. Жыл сайын адамдын ою өсөт эмеспи.
-Дагы суроо барбы?
-Бар. Кайсы себептен сен өзүңдү айыл-чарба институнун студенти деп эсептейсиң? Мүмкүн окууну бүтпөй калаарсың. Мүмкүн институтка өтпөй калаарсың?
Аманбай каткырып күлгөн кээ бир балдарга жаман көзү менен кыжырдуу карап:
-Бүтөм да, өтөм,-дейт ишеничтүү.
-Түшүнүктүү, - деп Абдылда көзүн кысат.
-Эмне үчүн көзүң кысасың?- дейт Аманбай эриндери кубарып. Абдылда ушуну гана күтүп тургандай, ордунан шып туруп,баарыбызга моокуму кангандай күлүп кайрылат.
-Аманбайды карасаңар, мунун эркине койсо көзүңдү да кысууга болбойт, чүчкүрүүгө да болбойт..
Классты көтөргөн каткырык.
-Эгерде атасындай колхоздун башкармасы болсо, ой, бул эч кимге күн көрсөтмөк эмес.
-Атама асылба.
-Карасаңар муну, мен атасына асылып жатамбы?
Ыдырыс чыр чыгып кетпесин деп, экөөнүн айтышын токтотуп, сөздү Кадырга берет.
-Мен Фрунзедеги автодорожный техникумуна кирем да, эки жылда бүтүп, инспектор болом.
-Ой жаны жок, кечээки "чогулушта" финансы техникумуна кирем дебедиң беле?- дейт Аманбай.
-Дегеним чын, бирок инспекторлук пайдалуу көрүнөт. Ошону тандадым.
-Буга ишенип болбойт.
-Эртең дагы өзгөрөт.
-Ишенбесер койгула, инспектор болгонумда көрөсүңөр. Кадыр таарынгандай өз ордуна отурат.
Ыдырыс капкара чачын салаасы менен сылап:
-Сөз Өмүрзаков Абдылдага берилет.
-Сөзүм жок.
-Окугуң келбейби?
-Баары окууга кетип калса малды ким багат? Эгинди ким орот? Мен колхоздо иштейм. Карыган ата-энемди багам. Силер окуй бергиле.
-Болуптур. Зордобойбуз. Дагы ким сүйлөйт?
-Кыздар сүйлөсүн.
Сөз Зулайга берилет. Ал ордунан козголуп койбой:
-Мен саанчы болом.
-Абдылданын үгүтү күчтүү болду го.
-Зукештин окугусу келип турат, бирок...
Зулай ордунан тура калып, какшыктап жаткан балдарга атырылат.
-Силердин ишиңер канча? Эмне кылсам өз эрким.
Азыр кезек мага келет. Эмне дейм? Зулайды туурап саанчы болом деймби? Жок, антпейм. Эмне десем? Окугум келбейт деп кесе сүйлөсөмбү? Себебин айт дешет.
-Сөз Гүкүшкө берилет.
Мен укмамыш болуп баш көтөрбөйм.
Ошол учурда класстын эшиги ачылат да, секратарь кыз кирип:
-Кыздар, силерди директор чакырып жатат,- деп өз убагында мени туюкка камалып калган жерден куткарып калды.

#57 15 November 2014 - 06:56
-Директор агайга балдардын кереги жок бекен?- деп, Кадыр кычылык кылып, башын тырмайт.
Айткандай эле директор агай чакырыптыр.
-Келгиле, кыздарым отургула.
Биз стулга коомай отурдук. Агай да сөзүн түз эле окуудан баштады:
-Экөөң тең Фрунзеге окууга бармак болдуңар.
Биз жер карап унчукпадык.
-Эмне окугуңар келбейби?
-Агай, менин саанчы болом деген тилегим бар,- деп бул жолу да Зулай озунуп койду. Агай колундагы карандашын тыкылдатып, башын чайкады да:
-Кызым, ушул өзүңдүн сөзүңбү же апаң үйрөткөн сөзбү?
-Жок агай, өзүмдүн оюм.
-А сенчи кызым?- деп, мага кайрылды. Баягы эле жүрөктү өйүгөн суроо. Эмне дейм?
-Билбейм агай...
-Түшүнүктүү. .. Эмесе, кыздарым, кеп ушундай. Быйыл райондо онунчу классты бүткөн бардык кыздар жогорку окуу жайга барат. Ушундай көрсөтмө бар. Бизде саанчылар жетишет. Окуган кыздар жокко эсе. Экөөңөрдүн тең атаңар кыздарыбызды жиберебиз деп, убадасын беришти. Ыргылжың болбой экзаменге жакшы даярдангыла.
Биз ордубуздан жай туруп, "чын эле айтып жатасызбы?" дегендей жалдырап карадык.
-Агай, атам макул болдубу?- дейм ишенбей, күмөн санап.
-Калмурза аке макул болду. Кызымды Фрунзеге жиберишке кайылмын деп убада берди.
Таң каларлык. Эч нерсе түшүнбөйм. Бетим ымыр-чымыр. Ишенбейм, дагы деле күмөн санайм. Зулайды ээрчий чыктым. Коридордо балдар үймөлөктөшүп, кулактарын түрүп, бизди күтүп турушуптур.
-Кыздар эмне кеп?
Мен унчукпадым.
-Биз Фрунзедеги каалаган окуу жайына экзаменсиз кабыл алынат экенбиз.
-Баарыбызбы? - деп Аманбай чебеленет.
-Жоок. Силерди эмес, бизди, кыздарды, Гүлайым экөөбүздү,- деп Зулай кубанычтуу добушун бийик чыгарат. Кадыр бизге суктанып карап:
-Кап, кыз эле болуп калсамчы,- деп арман кылгансып сүйлөйт. Баарыбыз жапырт күлдүк. Жакшы тилегиң бар экен дешип, балдар Кадырдын сөзүн ала качышып, туш тараптан какшыкташат.
Бирок, алардын көңүлдүү тамашасы кулагымдын сыртынан кетип, жүрөгүм туз куйгандай ачышат.
Атам кантип макул болду экен? Ишенбейм...ишенбейм...

#58 16 November 2014 - 01:48
9.
Артымдан бирөө кубалагандай үйгө шашып келатам. Бул эмне деген кеп деп, эч нерсеге түшүнбөй, ойлонуп келатам. Мындай кысталыш учурда жол да арбыбайт. Жүрөгүм кабынан суурулчудай талпынат. Дүк... дүк... дүк...
Эч качан минтип шашкалактап, элдин сугу түшкөн сынымды бузган эмесмин. Бирөөлөр көрсө эмне дейт? Элеңдеп аяк-быягымды карайм.
Коргонубуздун сыртындагы жапыс талда атамдын жээрде аты окуранып, жер тепкилеп турат.
Кирдим. Апамдын ачууланган добушун угуп, тандырыбыздын жанында токтой калдым.
-Көзгө кармаган кызымды жанымдан карыш эч жакка жылдырбайм дедим, жылдырбайм! - Апамдын үнү буулугуп чыккансыйт.
Түшүнүктүү.
Мен алардын үстүнө шарт кирип баралбай же артыма кайта албай, ордумда арсар туруп калдым.
Апам тынбай какылдап, атамдын жазасын колуна нак карматып жатат. Апамдын заардуу добушуна чыдабай, мынабу жансыз коргонубуздун дубалдарынан жаңырык чыгууда, бирок атам тилсиз кишидей унчукпайт. Чыдамкайлыгына ыракмат ээ.
Унчукпоо атамдын көнүмүш адаты. Апамдын сары түгү бетине жамырап чыгып, жаны кейип ачууланганда, атам эч качан каяша сүйлөбөйт. Ушул убакка чейин атамдын эркексинип, апама атырылып муш көтөргөнүн көрө элекмин. Чыр-чатактын баарын апам баштайт да, жемени атам угат. Ошон үчүн апамдын теңтуштары: "Карамат, багың ачылган зайыпсың да. Кызыл камчы эрге жолуксаң, тилиң бир кулач болмок эмес",-дешкендерин көп угам.

#59 16 November 2014 - 02:00
Атам апамдын тилинен такыр чыкпайт. Айтканын эки кылбай орундатат. Апам ансайын бааланып, оюна келгенин кыла берет. Буга атамдын урук-туугандары нааразы. "Калмурза адамбы? Бир жоош өгүз да. Аны аялы ноктолоп мурдунан жетелеп алган",- деп кеп кылышат. Кантсе да апам багы ачылган зайып...
Күтүлбөгөн жерден атамдын кыйкырыгын угуп, селт эте түштүм.
-Эй, макулук, кандай түшүнбөгөн жансың? Менин эркимде болсо, кызымды окутайын деген оюм жок. Акыры ишенесиңби адамга. Жалгыз эле сенин кызың барыппы? Биздин райондун кыздары такыр жогорку окуу жайында окубайт деп, жолдош Ташымовду секеге чакырып, бүйрөдө каттуу жаза бериптир, акыры түшүнөсүңбү? Ар кимге жан керек да. Сенин кызың үчүн мен кызматымдан айрылып, көчөдө салпактап басып жүргүм келбейт. Акыры түшүнөсүңбү?
-Кызматым, кызматым. Бош жүргөн адамдын оокаты өтпөй калыппы? Ошол кызматыңды Ташымов мойнуна тагып алсын. Түшүндүрүп айтпайсыңбы. Тилиң жокпу?
Ооба, атамдын тили жок. Унчукпайт. Ага боорум ооруйт. Негедир ичим кайнайт. Атамдын мынчалык жер караган жооштугун мен да жактырбайм. Мен атамдын ордунда болсом, ордумдан атырылып тура калып:"Эй катын, өз ишиңди бил, менин кызматыма киришпе. Кызым эл катары окууга барат. Кеп ушул" дейт элем.
Атам унчукпайт.

#60 16 November 2014 - 02:14
Алар унчугушпай калышты. Эч нерсе укпаган, билбеген кишидей момоюп үйгө кирдим. Апам кумсарып, сары түгү бетине чыгып калыптыр, чоң сандыктын жанында отурат. Атам кире бериште айыптуу кишидей жер карап мурчуят.
Эч кимиси озунуп келдиңби деп да койгон жок. Мен да унчукпай, сыртка карай жөнөдүм. Ооба, азыр апам артымдан сынап карап турганын желкемден көрүп турам.
Мага бардыгы эртеси түшүнүктүү болду. Мындай күтүлбөгөн окуя болот деп ким ойлоптур дейсиз.
Кечээ биздин колхохго райондун биринчи секратары жолдош Ташымов өзү келип, активдер менен кеңешме өткөрүптүр. Талкууланган негизги маселе, кош айдоону, чөп орууну мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү эмес, онунчу классты бүткөн кыздарды милдеттүү түрдө жогорку окуу жайына жиберүү экен. Эсепке караганда биздин райондун кыздары жогорку окуу жайларында өтө сейрек учурайт имиш.
Бул имиш эмес, чындык! Алыска барбай биздин колхозду алып көрөлү. Силерге жалган, мага чын. Ушул убакка чейин биздин колхоздон бир дагы кыз онунчу классты бүтүп, жогорку окуу жайларына кире элек десем, кээ бирөөлөр аябай таң калышы мүмкүн. "Кантип? Бул жалган, апыртуу" деп мага жалаа жабышы да ыктымал. Албетте, бул угууга өтө оор, бирок чын кеп. Ал мындайча: биринчи класста балдар менен кыздар теңме тең эле болот. Кыздар жогорку класска жеттиби, элегендей суюла берет, суюла берет.

Супер-Инфо
super.kg
видео