«АТАМ МЕНИ БИР ЖОЛУ БОЛСО ДА ОЙЛОЙТ БЕКЕН?..»– Мен 1997-жылы Ош шаарында туулгам. Апам менен атам мен ымыркай кезимде эле ажырашып кетишиптир.
Мени апам жалгыз чоңойтуп, багып, окуткан. 3 жашымда атам келип, мени алып кетем дегенде апам бербей койгон экен. Кийин апам экинчи ирет турмушка чыгып, экинчи атам бизди аябай жакшы карачу, мен да аны жакшы көрчүмүн. 2010-жылы Сумая аттуу кыздуу болушту, бирок андан көп өтпөй өгөй атам ооруп каза тапты. Ошондон кийин биздин жашоо да оорлошту. 8-
классты аяктап калган элем, шаардагы кафелердин биринде иштей баштадым. Сулуулук салондоруна курстук окууга барып, ага кошумча вокалдан билим алып жаткам. Бир күнү апам Сумая менен сейил бакта жүрүп, ал жактан өзүмдүн атам менен жолугушуп калыптыр. Эртеси атам мени көргөнү келген экен, уялып, үйгө кире албай эшиктин астында жарым саат калтырап отурдум. Апамдын бир курбусу келип калып, мени түртүп киргизип тааныштырган.
Апамдын курбусу «"балаң менен биринчи жолу көрүшүп жатасың. Кафеге алып барып сыйлабасаң болбойт эми"» деп тамашалап калды. «"Макул, эртең келем"» деп, эртеси биз үйдө жокто келип кетиптир. Атамды ошондо көргөм. Андан кийин бир жумадай телефон менен сүйлөшүп жүрдүк да, кийин анын телефону өчтү. Арадан бир топ жыл өтсө да, атамдын ал номерин унута элекмин, бир күнү иштеп калып, атамдын үнүн угамбы деп үмүттөнө берем. Бирок ал киши мени бир жолу болсо да ойлойт бекен? Мага ошол кызык. Апам каза болгондон кийин бир эже" «атаңды издеп көрөйүн»"
деп Оштун Кашкар-Кыштак деген жеринен тааптыр. Барса, үйүндө чоң атам неберелери менен жашап жатыптыр. Атамдын кийинки аялынан 3 баласы бар экен. Угушума караганда, аялы үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин каза болуптур. Үй-бүлөсүнө мен жөнүндө айтпаптыр. Барып келген эже «"Атаң үйүн күрөөгө коюп, банктан насыя алып, азыр чет жакта иштеп жүрүптүр. Чоң уулу сага аябай окшош экен"» деди. Бир туугандарым болушун аябай каалайм. Ал эжеден мага инилеримдин сүрөтүн алып келип беришин сурандым. «"Макул"
» деген бойдон дайын жок.«СУУК ТИЙИП ЭКИ БУТУМ ИШТЕБЕЙ КАЛДЫ»– Материалдык жактан жетишпей, кыйналсак да апам, мен, карындашым болуп бактылуу күндөрдү өткөрдүк. 2012-жылы декабрь айында досторум менен Бишкекке барып, кайра келе жатканда бут кийимим суу болуп калган эле. Ошол боюнча кийип жүрүп үйгө келгенде чечкем. 3 күндөн кийин ордумдан турайын десем бутум иштебей жыгылып түштүм. Буттарымды укалап, дубалды кармап басып кеттим. Эмканага барсам,"«тарамыштарың чоюлуп калган. 10 күн дарылансаң айыгып калат"» деп облустук балдар ооруканасына жиберишти. Он күн дарыландым,
бирок таасир берген жок. Барган сайын баса албай кыйнала бердим. Шаардык ооруканага бардык, ал жерден «полиартрит» деп диагноз коюп, 10 күн дарылашты. Томографияга түшүп, лабораторияга анализ тапшырдым. Баары таза чыкты. Үйгө араң келдим. Кыймылдай албай, заара чыгып кеткенин сезбей калчу болдум. Бир күнү коридордо араң басып келе жатып буттарым такыр иштебей жыгылып түштүм. Анан башка эмканага барсак, ал жерден «жүлүнгө суук тийген» деп диагноз коюшту. Ошондо гана туура анализ чыкканын билдик. Апам дарылатып, көп чуркады. Өткөн жылы февралда такыр баспай калдым, апам үйдө карап калды.«АПАМ ТУУЛГАН КҮНҮНӨ ЖАКЫН КАЗА БОЛДУ»– Апам апрелдин 16сы күнү «"силерге торт алып келем"» деп дүкөнгө кеткен бойдон келбей калды. Кечиккенинен апамдын курбуларына телефон чала баштадым. Баары эле «"келген жок"» дешет. Таң атканча кабатыр болуп чыктым. Эртеси милиция кызматкерлери келип, коңшу эжеге бир нерсе айтып кетишти эле, ал эже ыйлап калды. «"Эмне болду?"» десем айтпайт. Коридордо да бирөөнүн аябай өңгүрөп ыйлаганы угулуп жатты. Көрсө, ал таежем экен. Апамдын курбусу келип, "«апаңды машина сүзүп кетип, азыр ооруканада экен. Абалы жакшы эле"» деди. Барайын дейм, тура албайм. Таежем келип «"апаңды Алайга ооруканага алып кетишти. Силер дагы барышыңар керек"» деп карындашым экөөбүздү алып кетти. Жолдо баратып жүрөгүм бир нерсе болгонун сезип жатты. Таенемдин үйүнө жеткенде боз үй тигилип туруптур. Ошондо баарын түшүндүм. Кирсем апам аппак, сулуу болуп созулуп
Боорукер адамдар, кайрылышып коёсуздарбы? менин окуям эмес.
#2 13 November 2014 - 23:16
Өкүнүчтүү, аллах сизге сабыр жана шыпаа берсин! Жакын туугандарыңыз барбы тага журттан?
#3 13 November 2014 - 23:49
Ушул баянды кай жерден окудум..? Ушул эле жерден окусам керек!
Карындашыныз азыр кайда? Каякта, кантип кун коруп жатасынар?
Карындашыныз азыр кайда? Каякта, кантип кун коруп жатасынар?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 14 November 2014 - 01:07
Ушул баянды кай жерден окудум..? Ушул эле жерден окусам керек!
Карындашыныз азыр кайда? Каякта, кантип кун коруп жатасынар?
Карындашыныз азыр кайда? Каякта, кантип кун коруп жатасынар?
Бул Супер Инфого чыккан, Баянас деген бала жонундо, азыркы учурда Баянас баспайт достору каралашып турат экен.
Баянас сизге Аллах шыпаасын берсин, умут узбонуз, жаркын келечекке умтулуп жашаныз!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#5 14 November 2014 - 07:18

Супер-Инфо
super.kg
видео














