Суперстан: Жин, албарстылар тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жин, албарстылар тууралуу Мен эле корко беремби коркконго кош корунот болуп?

#361 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Арбактар козго корунот




Буга кээ бири ишенбеси толук мумкун бирок башка тушсо байтал жорго деп коет элибизде..Бул дартты эч кимге ооз ачып батынып айта алган эмесмин бирок мени бушайманга салган бул окуя чындык.Анда соз башынан болсун.Биз жолдошум экообуз уйлонуп элден кем эмес ойдо да эмес жашообуз менен алп урушуп жургон кундордун биринде бул окуя менин жашоомду астын устун кылып жиберди.Жолдошум жумушка кетип мен бала менен уйдо отурган элем торку уйго кирип бир нерсе алмакчы болдум.Козун жамандыкты корбосун торку уйдун эшигинде жипке асынып колун мени карай сунуп жардам сурап жаткан улгайган аялды коруп эле келмем оозуман тушту.Эшике чуркап чыктым колдорум буттарым калтырап суйлогонго алым жок.Баламды уйдун ичинде калганын эстеп кошуна кайнагама чуркап бардым.Ал мени коруп озу да коркуп кетти..Баламды уйдон алып чыгып беринизчи деп жалдырап жибердим...Кайнагам кирип баламды которуп чыкты куйом келгенче уйго барбай кайнагамдыкында отурдум онум боппоз.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Кайнагам кирип чыгып мени тушунксуз карап коюп атты.Куйом жумуштан келип менден эмне болгонун сурап жиберди айтканга оозум барбай аран турганда билем деди сага эмне корунгонун билем...Ал менин апам болчу тээ илгери так ошол уйдон ошол эшиктен асынып олуптур мен анда 3 жашта болчумун деп калды...Коркуп аран турган жаным муну укканда эсим ооп жыгылып калыптырмын бетиме суу чачып атып аран эсиме келтириптир. Ооз учум менен эптеп кубуроп эми бул уйдо кантип жашайм дедим бирок куйом коркпо ал сага тийбейт кызыгы башка кишиге корунбой сага эмне корунду деп ойлонуп калды.Эртеси бир тууган кайнага кайнежелерди чакырып кан чыгарып куран окуттук.Мен эми ал болмого кирбес болдум кирсем да куйом менен кирем же куйомду жиберем.Карангыда эшике чыккандан коркпойм кызыгы ошол гана болмого киргенден корком.Ошентип дагы бир канча убакыт отту.Бир куну куйом ооруп тошоко жатып калды кыш айларынын биринде
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Куйом ат байлап семиртип сатчу аттарга кунуго кечинде жем берер эле ал куну мен бермек болдум.Жемдерин салып короодон чыгы келе жатып жаман оюмда куйом ооруп жаткандан пайдаланып аттарды уурдап кетишпесе экен деп сарсана боло туштум.Бир убакта артыман аялдын уну чыкты:Балам сен коркпо аттарга эч ким тийбейт мен уйдун ичин кайтарам атан короонун ичин кайтарат...тык токтоп ордума каткан бойдон калдым.Артыма бурулуп карайын деп ойлоп жаттым бирок мени бир кандайдыр куч катту кармап тургансыды ыйлагым келип калтырап корконуман козумду ирмегенге алым келбеди.Оюмда куран деле окуттук эмнеге менин жайыма койбой атат дедим бирок тиги аял менин оюмду окуп койду...Сен менден неге коркуп атасын мен эчак эле олгон кишимин сен тируу кишиден корк а менин сага айтчу коп создорум бар деди да жок болуп кетти...бакырып жибердим куйом уйдон эптеп чыкты да мени колдон ала жетелеп уйго киргизди онуум купкуу болуп когоруп кетиптирмин
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Куйом эртен сени Молдого алып барбасам болбойт деп сарсанаа боло тушту.Ал куну менде уйку жок коз ирмей алсамчы бир.Куйом мени уктап калды деп ойлоду окшойт акырын ордунан турду да ошол болмону коздой кирип кетти.Ана чыгат жок мына чыгат жок бир маалда чыдабай ордуман туруп акырын менда бардым.Куйом ошол апасы асынган эшикти кармап алып ылап да суйлоп да жатыптыр.Анын жайына кой мына мага корун ал сенден коркуп атат келессо кыласын корунбочу суранам ага деп сыздап жатты.Мен ошондо билдим ал аял мага мени коркутуш учун эмес бизди коргош учун корунуп атканын журогумдо кандайдыр бир жылуулук пайда болду ал аялга карата басып барып куйомду колунан тарта ойдо тургуздум да кучактап мен экинчи коркпойм деп соз бердим.Молдого баруунун да кажети жок экенин айттым.Ошондон кийин ал аял менин онумо эмес тушумо кирчу болду.Баласынын ыйлап айткандары катту таасир бергенин билдим экинчи козумо корунбос болду.Бир куну тушумо кирип
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Бир куну тушумо кирип уйдун ичинен сурот издеп журуптур...Балам менин суротум жок коптон бери таппай журом коргон жоксунбу?-депЖок коргон жокмун.Негизи келин болуп келгени ал уйдон кайната кайненемдин суротун коргон эмесмин жана эч кимиси алар жонундо суйлошчу эмес.Ошентип эртеси туруп эле сурот издеп кирдим куйомон сурасам ал уйдо алардын бир да суроту жоктугун айтты.Тан калыштуу бул туш мени кечке ойлондурду. Кечке жуук кошуна айылга турмушка чыккан кайнежемдикине келдим андан сурасам анда да жок болуп чыкты.Ал акыркы суротту бар эле аны эстелик жасатканга берсек ошол бойдон келген жок деп калды мен ошондо билдим ал кайсы суротту издеп жургонун.Эртеси жума болгондуктан кан чыгарып куран окуутуну сунуш кылдым куйом экообуз даярданып мал сал союлуп жыт чыгарып жаттык..Эми куйом да кайнагаларым да чогу отурганда кайнежем туш жонундо соз баштап калды.Ал суротту эстелик жасаткан кишини таап алдыралы деп кирди.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Жок кайненем ал суротту эмес эстелигине тагылган суротту издеп жургонун айттым.Бары мени жинди кишидей тиктеп калышты...Мурзосуно барып коргулочу эч болбосо тазалап кайтасынар деп куйомду карадым.Макул болуп дасторконго бата тилешип туруп жоноп кетишти.Биз аялдар аларды кутуп уйдо элек.Мына кызык бир маалда келишти чындыгынды мурзодогу суроту жерге тушуп калыптыр.Кайра куран окулуп кайним барып суротту кадап келди.Ошентип копко тущумо кирбей журду.Жума сайын тогуз токоч жасап жыт чыгарып куран окуп коюп журдук.Бир куну тушумо дагы кирди биздин коридордун оозунда отурат колуна куйомдун чокоюн алып тазалап атат.Жон коюнуз мен озум десем карачы балам бул айрылып баратыптыр куйондун мындан башка чокою жок да деп калды.Чоочуп тура калдым бул кандай аян тушунбодум куйомдун чокоюн карадым жок бутун андан да эки уч чокою бар бироо эмес.Айлана дагы эле карангы экен кайра келип жата кетим.Козум илинип кетиптир кайра кирди.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   aqua-94mema   16 Ноябрь 2014 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

уландысы бар ...куто тургула Сүрөт
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   aqua-94mema   17 Ноябрь 2014 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Тушумдо кайра эле ошол аял куйоомдун чокоюн алып алып ыйлап жатат.Жанында турган мени да кабарына албагандай. Бир убакта мени коздой бурулуп куйоон менен суйлошчу ал мени укпай атат андай жаман ойду ойлобосун деп калды.Куйом мени турткулоп ойготуп жиберди эмне деп эле суйлонуп жатасын деп сурап калды.Маман дагы тушумо кирди бул тушто сен жонундо айтты..Койсончу эмне деп эле атасын больницага жатып бир аз дарыланчы-деп ордунан туруп кетти.Мага ишенбегенине ызалана туштум.Арадан он беш кундой отуп калган бир куну куйоомду милициялар сурап келди журогум оозума тыгылып жумушта экенин айттым.Эмне болду жай элеби -деген суроомду алар жоопсуз калтырып кетип калышты.Кечке маал келишип куйом уйго кире электе эшиктен кармап алып кетишиптир. Корсо куйом иштеген жерден акча коруп калып алсамбы же албасамбы деп бир жума ойлонуп жургон экен.Озу куруучу болуп иштечу бир адамдын уйун ондоп берем деп эки айдан бери ошол жакта иштеп жургон уйуно кирип чыгып журуп кайсы жерден коргонун билген жокмун.Акчасын коротпоптур колуна карматып кутулдук.Корсо тушумдогу аян ошол тууралуу экен.Адамзатка негизи бир жамандык болоордо созсуз аян келет бирок биз ошого маани бербейт экенбиз.Мисалы: тошок куласа кыз куйоого тиет деп коебуз ал да аян жана чындык.Ошентип куйоом куноокор болуп уйдо отуруп калды чиркин же бир эшике чыгып койбойт айылдын ичинде ушак бат тарайт эмеспи ошондон улам корунуп уйдон чыкпайт.Андан пайдаланып менда эзип туруп алдым кайната кайненем жонундо айтып берчи деп.Корсо кайненем улгайып калган маалында козу ачылып эл даарылап баштаптыр ал убак башка эмеспи козу ачыктарды уят кылып эл деген кошпой жаман корушчу экен.Азыркы козу ачыктар ээн эркин журот го ал убакта мындай болчу эмес экен.Жада калса колхоздун эгинин чогултуп жургондо да байкуш кайненем келиндер менен иштебей жалгыз иштечу тура.Ошентип кысынып журуп чыдабай уйдун ичинде эшике асынып олот,андан сон кыркы откондон кийин кайнатам эшиктин так алдында чон жангак бар ошого асынып алат.Ошентип кайненем элдин курмандыгы болсо а кайнатам кемпиринин курмандыгы болот.Ал убакта менин жолдошум болгону уч жашта гана экен.Бирок ошону менен токтоп калбай уятына чыдабаган менин куйоом озунчо эле бир кызыктай болуп журду мен да элден корунуп атат деп ойлоп койдум.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   aqua-94mema   17 Ноябрь 2014 - 01:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Куйоом кой союп куран окуталы деп калды макул болуп тууган уруктарды чакырып куран окутуп калдык.Ал куну чарчаган экенмин катту уктап кетиптирмин бироо мени булкуп ойготту туруп эле элендеп жолдошумду таппайм светти куйгузсом же бир куйсочу эмне болуп атат деп карайлап эшике чыктым короо жака бастым эч ким корунбойт менин каарды кырылдатып басып баратканымды жолдошум угуп короодон чыга калды.Журокту тушурдун бул жакта эмне кылып журосун десем аттарды карап деп тим болду.Сен эмне уктабай бас жатабыз деп уйго кирдик кирсек свет куйуп калыптыр кызык бул эмнеси тушунгон жокмун уй суук болуп калыптыр деп куйом комур калап кирди мен болсо жуурканды жамынып отуруп калдым.Мени менен жаны корушуп аткан немедей божурап ар кайсыны суйлоп жатты бирок бир сырды ичине катып атканын билип турдум.Сага эмне болду акыркы кундору аябай кыйналып кеттин бир жерин ооруп атабы десем жок деп башын чайкап тим болду ал оз ою менен мен оз оюм менен отурдук айлана тым тырс.Бир маалда терезени бироо черткиледи бир эмес уч жолу черткиледи кайнилерим анда мында вечерден сон уйуно баргандан коркуп келип калышчы эле ошолордун бири деп ойлодук.Ким бул деген унго жооп болбоду жолдошум эшике чыгып караганы кетти бир маалда мени келсен деп чакырып калды.Козун жамандыкты корбосун каар майда себелеп аткан эле терезенин тубундо эч ким жок жада калса силерге калп мага чын бир из жок.Бироо келип тыкылдатса каарда изи калат эле,чала уккан болсок бирообуз угуп экинчибиз укпайт элек эсибиз ооп уйго кирдик кайра фонарь алып чыгып жакшылап карадык эч бир из жок.Тан калып жатып козум илинип кетиптир эшик калдырап уй дунгуроп уйдун ичинде кишилер журот кайненем келип мени жулкулдатып тилдеп атат чоочуп ойгондум тан агарып калган экен.Жолдошумдун орду эчак муздап калыптыр эмнеге эрте турду деп журогум бир жамандыкты сезип эшике чуркап чыктым кыйкырып чакырсам ун жок короо жака чуркап барсам...Саландап байкушум асынып алыптыр жер мага астын устун болуп кетти озумду жоготуп бутуна барып асылдым жылуу бойдон экен.Оло элек окшойт деп ойдо которуп турдум кыйкырып жардамга чакырып аттым.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   aqua-94mema   17 Ноябрь 2014 - 01:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Куйоомду канча кармап турдум ким билет козумдон аккан жаштар бетимди жууп жатты.Андан аркысын билбейм эсим ооп калыптыр эсиме келсем боз уйдун ичинде отурам кыйкырып чанырып боздоп куйом жаткан жакты коздой жормолоп бараттым.Мени кармап калышты.Кудайым неге мени ушинтип жараттын жараткан сон омурлук жолдошуман ажыратып тындын деп боздоп отуруп калдым.Мына туугандар адам баласынын башына нелер кана келип нелер кетпейт.Андан бери алты жыл болду азыр жолдошум тушумо кирип аян берип мени коргоп турат.Мен ага куранымды окуп ичимен сызып гана тим болом.Экообуздун жашаган бактылуу кундорубузду эстеп ичимен сызам.Олоорундо кат жазып таштап кетиптир катта мындай жазылган..Алтыным туболуктуу тугойун болуп оорунду колдон женилинди жерден ала албаганым учун кечирим сурайм жана да бир туугандарыман кечирим сурайм.Менин акыркы кундору эзилип эмне ой ойлоп жургонумду божомолдогон чыгаарсын бирок мен акыры ушундай чечимге келдим.. Куйом катты ыйлап жазганын сезип турдум.Мен бул дуйного эмес озумду тиги дуйного багыштап койгом мени эч ким токтото алмак эмес.Сени билем сен кучтуусун сен муну женесин ыйлап ыйлап басыласын мени кечир...Андан бери алты жыл отту журогумду кыйнаган бул окуя менин кокурогумон орун алып ыйлатып сыздатып келет.Мына окурмандар жашоодо адам баласына берген табышмактуу тагдыр.Бул окуя Ыссык-Кол областында болуп откон


.аягы.






ката жазылгандарды тууралап окуп коюнуздарды отуном ...
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   jon__jurbos   17 Ноябрь 2014 - 01:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 692
  • Катталган: 21 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2016 14:12
  • Жынысы:Эркек

СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   aqua-94mema   17 Ноябрь 2014 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

(Тема) "Кичине Айымдын таарынычы" Кечее мен бироо ненен достошуп калдым бул группа жонундо, коркунучтуу окуяларды да айтып бердим, анан ал да озунун бир окуясын айтып берди, чынында болгон окуя, мен силерге айтып берейин, бирок эскертип койойун, ото коркунучтуу. , ал созун мындайча баштады: 2009 жыл, ал кезде мен окууну жаны бутуп шаарга келгем, чон окууга отпой калдым, анан бул жакта калып иштоону чечтим, озубуздун уйубуз жок эле, тай эжемдер менен жашай турууга туура келди, алар тай эжем, жездем, анан жалгыз кызы Айым учоо жашашчу, Айым 6 жашта, мен да алар менен жашап калдым,. Афтомойкада иштечумун, кееде ночко иштеп калчумун,. Ошол кундордун биринде, ночко калып иштеп жаткам, бир кара тустогу машина келип токтоп калды, айдоочунун жузун коруп бир аз коркконсуп алдым, ону купкуу болуп калыптыр, "сыртын эле жууп кой, ичин ачпа, тушундунбу" деп 1000 сом таштап ары басты, ичимден суйунуп алдым, машинанын сыртын эле жууш, болгону 50 сом эле.. Жууп жатып донголоктору кан экенин байкап калдым, анча маани берген эмесмин, ит же тоок тепселеп алганбы деп ойлоп койдум, анан айдоочу жагындагы арткы донгологуно адамдын манжасы тыгылып калганын коруп журогум оозума тыгылды,. Ангыча айдоочу келип калды, "болдубу" деп мени бир карап машинасын бир карап алды., мен сыр бербей, канчалык коркуп турсамда, "болду" деп башымды ийкеп койдум.. Ошентип ал кетип калды.. Ошол бойдон ал жумушка барган жокмун, бирок ал окуя ошол бойдон буткон жок, баардык нерсе уйдон башталды. Жездем "Дордойдо" соода кылчу, мен уйдо бош болгондуктан эжем да иштей баштады, мен Айымды багып уйдо калдым,. Обед учуру эле, Айымга тамак берип уктатып жаткам,, уйдун ичи тыптынч, сааттын тыкылдаганы гана угулуп турду, мен да уктап кетиптирмин. . Бир маалда Айым катуу кыйкырып ийгенинен журогум шуу дей тушту, тура калсам уйдун ичин карангы каптап калыптыр, бурчта бир караан турат, Айымды колунан кармап алыптыр, чыркырап ыйлап жатат, бут денемди майда калтырак басып эмне кылаарымды билбей калчылдап калдым, "сиз кимсиз, сизге эмне керек" деп кыйкырып ийдим, ал болсн эч камсанабай "менин чыпалагым кайда" деп жаай гана суйлоду, мени коркутуп эмес, озу коркуп жаткандай, бирок Айымды койо бербей жатты, "анда бул кичиненин чыпалагын ала берейин" деп ушкурунуп алды, Айым чыркырап ыйлап жатат., жумуштагы акыркы жууган машинанын донгологундогу адамдын манжасы коз алдыма элестелип турду., Айым чыркырап ыйлап берди, мен калтырап тура бердим,. Бирок бул тушум болуп чыкты., ойгонуп кеттим, Айым ыйлап жатыптыр.. Жон гана тушум экенин билип бир аз женилдеп алдым, бирок ошондой болсо да, журогумдо бир аз тынчыздануу бар эле.. Айымды сооротуп, кийиндирип алып сыртка сейилдетип келууну чечтим, сыртта эч ким жок экен, негизи бул учурда сырта майда балдар ызы чуу болуп коп ойношчу эле, бул куну эмнегедир тыптынч.. Айым качеляда ойноп жатты, мени бери жакта отургам. Ойумдун баары жанагы тушумдо, "чыпалагымды берип койчу, анда бул кичиненин чыпалагын алайын" деген создор кулагыма жаныра берди., Бир убакта Айымдын кыйкырып ийгенине чочуп кеттим, жанына чуркап барсам, качелядан жыгылыптыр, баарынан тан калыштуусу, коркунучтуусу Айымдын чыпалагы темирге катуу кыпчылып сыйрылып кетиптир, кызыл жайан канды коруп журогум шуу дей тушту.. Уйго кирип Айымдын колун танып жатсам тай эжемдер келип калышты, качеляга чыпалагын кыпчытып алганын гана айттым, жумуштагы окуя, жана тан калыштуу тушум сыр бойдон калды.. Ошол кундон кийин Айым катуу ооруп калды, тункусун чочуп кыйкырып ыйлайт, бул нерселерге мен озумду куноолоп жаттым, акыры эжемдерден болундум, квартирага чыктым, жалгыз., лиманат чыгаруучу завотко жумушка орноштум.. Тушумо Айым ыйлап кире берчу болду,. Бир куну жумуштан абдан чарчап келдим, эч нерсеге алым келбей жатып калдым., бул жолу тушум эмес, каргашалуу кун болду., бир маалда эшик акырыын ачылды да кимдир бироо кирип келе жатты, бирок мен эшикти бекиткен элем, башымды которуп карасам, Айым кирип келетат, ону башкача, журоктун ушун алат, жаныма жылып келип мандайымда унчукпай тура берди., тып, тып, тып деп жерге бир нерсе тамчылап жатканын сезип турдум., одумдан акырыын туруп баратып эки козум Айымдын колуна илинди, чыпалагы жок, кызыл кан тамчылап жатат., бут денемди майда калтырак басып турду,. Телефонума звонок келип калды, артымдан телефонду алып кайра бурулсам Айым жок, эч нерсени тушуно албай ан тан болуп туруп калдым, телефон чырылдай берди,. Акыры эсиме келе туштум, телефонго жездем чалып жатыптыр, "алё" дегенимде, жездемдин калтыраган ый аралаш уну менен, Айымды машина уруп кеткенин айтты.. Ошентип 6 жашар Айым, бул дуйно менен кош айтышты.. Бирок мен чон азапта жашап жаттым, тункусун тушумдо, кундузу онумдо Айым, унчукпай мандайымда тура берет, колунан кызыл кан тамчылап., башында коркконумдан оозуума соз келбей калтырап бурчка кыпчылып калчумун., анан кийинчереек Айым менен суйлошууго оттум.. Бугун жумушка чыга алган жокмун, катуу оруп калдым, ордумдан тура албай койдум, телефонго колум жетпейт, кыймылдай албай жаттым, анан карангы каптай баштады,(тема) "Кичине Айымдын Таарынычы" (уландысы).. Карангы каптай баштады, бул Айым келди дегенди билдирчу, анан бурчтан Айым пайда болду, мурдагыдай корккон жокмун, конуп калгандай жата бердим, бирок, Айым озу эле эмес, колунда канга бойолгон чон бычагы бар эле, аны коргондо бир аз коркунуч пайда болду., суйлошууго оттум, "Айым? мени жайыма койчу., менден эмне керек, суранам, мени жайыма койчу" - "Менин чыпалагымды бер"_ деп мага жакындай берди, а мен ордумдан жыла албайм, ангыча телефонум чырылдап калды, а мен таптакыр кыймылдай албайм, байланып калгандаймын. , Айым жакындап келип сол колумду кармап, чыпалагымды кесе баштады, чыдатпай сысдатып ооруйт, кыйкыра баштадым, "Айым? Суранам токтотчу., мага тийбечи, нене мен? Неге мындай кылып жатасын? Айым", бирок ал мени укпады, кыйкыра берип акыры унум да чыкпай калды., телефонум чырылдай берди,. Ангыча эшикти да сыртынан кимдир бироо такылдатып жатты, менин унум чыкпай, же кыймылдай албай жатам, Айым чыпалагымды кесип алып жей баштады., (ал бул окуяны айтып жатканда, козум анын сол колуна илинди, анын чыпалагы жок эле, денем дуркуроп кетти)., Акыры эшик ачылып шашып жездем кирип келатканын кордум. "жинди, сен эмне кылып жатасын" деп менин колумдан бычакты жулуп алды, бычак кандайча менин колумда экенин билбейм,, Айым жездемдин артында турду, бирок жездем байкабагандай, шашып телефонун алып тез жардамга чалып жатканын билем,.. Козумду ачканда больничиядан ойгондум, тай эжем менен жезем жанымда отурушуптур. , бурча Айым турганын коруп калтырап корко баштадым, же суйлой албайм, тыбырчылап кыймылдоого аракет кылып жатам, колумду аран которуп бурчту коргозуп жаттым, эжем менен жездем Айымды бир карап алып, эч нерсе корбогондой кайра мени карашат,. Акыры эжем чыгып кеттип врачты ээрчитип келди, мака ийне сайып койду, козум карангылап уктап бараткандаймын, Айым журоктун ушун алып каткырып кулуп жатты, колдору, оозу да кызыл жайан канга бойолгон, чачтары апсыйып бурчта турат.. Эртеси врачтар мени орулу деп чечим чыгарышыптыр, эжемдерге баарын болгондой айтып берсем, кичине да ишенбей койушту, ызаланып ыйлап да жибердим,. Ошентип кеч да кирди, палатада жалгыз жатам, денем кыймылдап калыптыр, даарат канага барууну ойлоп колидорго чыктым, эч ким жок тыптынч, тун жарымы болуп калса керек да, даарат канадан кайра палатага келаткам, анан кокустан "жалп" этип светтер очуп калды, козго сайса корунгуз капкарангы, артымдан Айымдын кыткылыктап кулгону угула баштады, журогум оозумдан чыгып кетчудой дукулдоп согуп жатат., терезеден бир аз жарык корунуп кетти, терезеге жетууго шаштым, артымдан Айым жакындап жатканын сезип турдум, кадамымды бат баттан шилтеп, жыгылып, кайра тура калып терезе жака баратам, артымды карагандан корком, терезеге жаны жетип калганымда кулагымды тубунон Айым катуу чанырды, коркконумдан терезеден сыртка чыгып кетиптирмин, 2 чи этаждан жерге туштум., башка эч нерсе билбейм, эсимди жоготуптурмун, кайрадан палатадан ойгондум, башым жарылса керек, байкасам колу бутумду байлап салышыптыр, . Мени "Чым Коргонго" которуп салышты, жиндилердин арасына, карасам бири чуркап журот, бири бурчта мени тиктеп отурат, дагы бири жаздыкты кучактап ыйлап жатат, бирок анча корккон жокмун, ал жерде Айым жок экенине суйунуп алгандаймын. . Жатып уктап кетиптирмин, козумду ачсам эч ким жок, жиндилер уктап калса керек, анан Айым пайда болду, мурзолордун арасында мени жетелеп баратат, анан Айымдын мурзосуно келип калдык, колу менен жер тытып каза баштады, мен коркуп жаттым, кетенчиктеп артка жылып качып жонодум.. Жолго чуркап чыксам машинанын жарыгы корунуп калды, токтотууга аракет кылып жолдун ортосунда турдум, бирок ал машина катуу ылдамдык менен келип мени сузуп кетти, ал машина, бул окуянын себепкери эле, автомойкадан акыркы жолу мен жууган машина, арткы донгологу сол колумду тепселеп отту, жанымда Айым пайда болуп мени карап кыткылыктап куло берди., (ошентип ал унчукпай калды, андан ары эмне болгону мага абдан кызык болуп жатты, анан эмне болду? Айтпайсынбы? Айтсан эми?_деп кайталай бердим, ангыча болмомо апам кирип, "сен ким менен суйлошуп жатасын?" деп сурап калды, апамды бир карап, бул эмне дегениниз апа деп, кайра мандайымды карасам эч ким жок).
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Deniza88   17 Ноябрь 2014 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Коркуп калдым .. Мен ал жактагы папамдын, эжемдин абалын билгим келет. Бирок корком.

Алббарсты басат кадимкидей. Мен кечкисин, такыр тамак жебейм, жогору жакта айтылгандай. Куйоом илештирип келет, албарсты да жаман жайларда болот да, куйоомду ку бар, ошо мени да кыйнайт. Оххххххххххх кой эми кантип уктайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   kandaisyn   17 Ноябрь 2014 - 02:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

ойдонку темамы жазып атканда олтурду ЛЕДИ эжем .эми 5 кун куткуло Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   kandaisyn   17 Ноябрь 2014 - 02:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

Мүрзөдөгү окуя... 6-классты жаны бүткөм. Айылда өрүктөрдү жыйнап болдук. Жумуш деле жок жалан оюн-кулку болчу, атам-апам кечки тамактанууда отурган болчук. Атам болсо мага шаарга барып,мындан ары окуумду ошол жактан улантаарымды айтты. Мен болсо сүйүнүп алгам. Шаарга да келдим. Адаттагыдай бөлөлөрүмдүн жанына бардым ошентеп кундор ото баштады, биз Арча-Бешик районунда жашачубуз. Биздин жашаган жерден өйдөрөөктө мүрзө бар болчу. Бир кун эрте менен турсам кочодогу курдаш балдар келиптир сууга тушуп келебиз Чоң-арыка барып деп калышты. Ал жерде тоонун түбүндө суу сактагыч бар эле. Бөлөм Салим экообуз макул болуп кийимдерди которуп алып жонодук, колго жеткенче ойноп урушуп ызылдап бардык, сууга тушо баштадык кеч кирейин деп калган мына кетебиз ана кетебиз деп шам болуп кетти. Айланада эч ким жок,биз экообуз эле калыптырбыз, уйго жонодук жол бир аз алыс болгондуктан экообуз мурзо жактагы жолго салсак жакын болот деп ошо жакты коздой жонодук, коркконубуздан кыйкырып ырдап алганбыз, мурзонун жанына келгенде экообуз тен тып токтодук болом давай сен биринчи, мен биринчи деп талашып, анан мен жол баштадым акырын басып бараттык мурзонун ортосуна келгенде бир нерсе артыбыздан келаткандай болду, артты карабастан чуркап жонодук бир кезде мен ташка чалынып кулап туштум башым которсом артыбызда чоон башы жок апапакай бироо келе жатты, мен коркконумдан кыйкырып жибердим, колума таш алып алгам. азыр бироо счыга калса чаап салам деп. болом колуман тартып бол келатышат кетик кармалабыз деп кыйкырып жатты, корсо алар бироо емес толтура болчу екен, аларды чапканга эмес караганга араң жүрөк түтчү. эптеп арандан мурзодон качып чыктык. ыйлап алганбыз. келатабыз бир кезде озумду кармап колго алып, болгону козго корунду деп озум алаксытып артымы карасам жанакы башы жок аялбы же кишиби дагыда кууп келатыптыр экооз уйго чейин качып келдик. уйго киргенден кийин жанакы жоголуп кетти. Уйго кирип баарын айтып берсем, жездем менен эжем алар селерди тамашалады алар биздин кошуналар деп алдалап салдалап уктатды , бул окуядан 3 кундон кийин кечинде зееригип терезени карайын деп айнекти ача калсам жанакы башы жок киши туруптур бир нерсе дегенсиди козум торт болуп катып калдым, эмнеге дагы деле андып жургонун тушуно албады. эстесем ошол куну тигилерди чабам деп алган ташты коркконумдан үйгө чейин көтөрүп келиптирмин. тиги ошо ташка келиптир кайра жанакы ташты мурзого алып барып таштап анан конулум жайыга тушуп кутулдум. Ошондуктан селерге айтарым мурзодон отпогуло бир нерсесин алып албагыла дегеним.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   kandaisyn   17 Ноябрь 2014 - 03:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

МУРЗОДОГУ КУЙГОН ОТ ЖАНА АРТЫМАН КУУГАН ТЫМЫЗЫН УН (ОЗ БАШЫМАН ОТКОН )мен 6-классты аяктап 7ге кочкон маалым . озум аябай журоктуу кыз элем .кичинемде кочодогу балдар менен мелдешип кетип деле мурзонун ортосуна кирип кетет элем ,мелдешууго бироону кубоо кылып коюп "дюшес жана рулеттерге" мурзонун оортосуна барып телефонумун жарыгын куйгузуп мен мында деп кыйкырып койгонума эмне дейсиз ? окшош кундор улана берди , уйдо апам Тойго барам саар менен, эненен барып 2 пумбаркут матерял алып келе кал деп жолго чыгарды . саат жебеси тунку 11ди кагып калган,кочодо эле жургонгобу апам деле каабатыр болбоду мен учун ." бул ою жок барып келет"- деди окшойт .ошентип телефон мн суйлошкончоо энемин уйуно жонодум .кызыгы ошо жерде башталып жатпайбы курган . энемин уйу биздин уйдун ортолугу 500 метрдей еле ортодо мурзо боло турган кичинемден мурзонун жанында жашап коркуу сезими жок еле ,ата-энеме ооо биздин кошуналар кандай жатат екен деп тамашалап койчумун ... темадан алыстап кеттим кечиресиздер ! жолдо бара жатам мурзону карап чон атамын жайына коз жугуртуп коеюн деп карасам еле от чыгып турат , журогум бир дирт этти дагы кайра карадым жанакы от улундоп куйгону куйгон менден 50 метрдей аралыкта куйгон оттун жайы тушуп кеткен эле (силер деле корсонор керек кээ жайлар тушуп кетет ылдый жака тешилип )мен мурзону кыдырып журуп каер кандай экенин даана билчуумун ) . коркуу сезими дароо денеми курчады да койду . курчалып турам карангылыкта журогум тез- тез соккону билинбей койду дейсизби ? эптеп мурзону карабай жанакы жерден оттум оозуман келме кетпейт . энеме барып апам айткан еки матерялды алдым да кайра жонодум . ар нерсени ойлойун десем да кашайып куйгон от козумо улундойт . карабай бизче айтканда 1000ге коюп алгам , кызыгы мына ушу минге койгондо болду ,бейиттин так ортосунан шылдыраган ун чыкты ,шырык шырык дейт , кашыка кашыкты тийгизгендей ,жанакы шырыктап артымда келе жатат ,же алдыма отпойт же артка калып кетпейт журогум тамагыма тыгылып кетип жатып жугуро баштадым жугурсом артыман кошо жугурот ,кайра секиндесем ал да ылдамдыгын азайтат . корбогон кунго туш болуп 500метр алыстыкта кундо 15 мунотто еле басып отчумун ал куну убакыт токтоп калгандай ,кадамым арылбайт . коркконго кош корунот болду окшойт артымы караштан айбыгып коркуп турдум ..мына ошентип жанакы артымдагы дабыш мн уйго жеттим воротаны ачыштан корком ,тыным болуп ача албай туруп калдым алда артымда бышылдап кушулдоп мени кутконсуйт .эмне болсо ошол болсун деп воротаны ачсам жанакы жан алгыч тиземе тийгенче жугуруп астыма отту ,ошондогу коркконумду айтпа ? мени коркутуп ойногон озумун КИРЕШЕМ ЕКЕН . итимди байлап койчубуз бошонуп кетиптир чынжыры менен . анысы мойнундагы зымга тийишип шагырап журоктон бери шагыратты го чиркин ... негизи ит адамдын артында ерчип журот го менин итимин да ошондой мунозу бар экен . байкуш артыман басам деп катуу эле таяк жеди окшойт .... ии баса жанагы куйгон оттон коркуу сезимим жоголду да кайра артка жонодум уйго кирбей , барып жакшылаап карасам Дуйшон авамын эстелигине кошунабыз жаны койгон столбасындагы свети болуп чыкса ... дароо Эркинге чалдым (кошунам) -эшике чыгып светини очурчу- деп ,ал очурду. жанакы от да очту ... мына ушундай соонун кундор кундолукто жазылуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   vankuver.   17 Ноябрь 2014 - 07:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Кээси чын, кээ бири фантастикага окшош экен.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   kandaisyn   19 Ноябрь 2014 - 02:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

Артымдан кууган каран...Менимче тунку саат 1-2де зээригип интернет чукуп жаткам, ойдо эчнерсе жок достор, тааныштар менен суйлошуп . бир кезде мен жаткан комнатанын эшиги ачылгансыды, маани бербей дагы телефондо жазыша бердим. козумо корундубу же чындыкбы бурчтту карап, катып калдым. диванда жаткам карангы болмо, жанымда эчким жок.корконумдан эчнерсе кылалбайм, сезип турам денем калтырап жатканын, бирок кыймылдай албайдым. бир кезде терезе тыкылдап калды, бурчтагы каран коздон бат кайым болду, жаткан жеримден октой атып турдум эчнерсе болбогондой. сыртка чыксам кошунам кызы ооруп калып доктурга машынам менен алып барып келишимди суранды. тунку саат 2 жолдо баратабыз, оруу кана бизден бир аз алыс болгондуктан 2-3 саат жол журдук. кызын алып барып оруу канага таштап досум менен кайтканбыз. Жол карангы эч ким жок машына менен жалгыз келе жатканбыз, бир кезде арткы айнеке таш тийип сынып калды, мен болсо ойум донголоктон чекиген таш болсо керек дедим. ойдо эч нерсе жок дагы да келатканбыз. уйкум келип чарчап келаткам машынанын жарыгынды бироо чуркагансып козумо илинип кетти, мен шокмун, озум жоготконумданбы билбейм тормозду баса калдым.жанакы каран бат жоголду, машынан тушуп муздак сууга бетимди жууп, дудаланып досума жакшы суйлой албай денемде майда калтырак. досума айтсам алда коруптур, ролго досум отуруп айдап келе жатканбыз музыка угуп бир кезде мен отурган эшик жака чон таш тийди журок жарылышына аз калды, кайрылып артым карагандан корком,карасам эле жанакы каран мени тартуп алчудай. дагы бир жол таш тийди. не болуп жатат деп карай калсам бир буту жок жаш бала колуна таш кармап бизди уруп кууп келе жатыптыр. кыйкырганымдан газ-газ деп оозума башка соз келбейт. озубуздун айылга жакындаганда суйунуп кеттим ооох деп журогум жайына тушту, артты карасам эч ким жок конул ток. айылга кирдик машынадан тушуп эле арык дагы муздак сууга бетим жуудумда озумду колго алдым да, озумду озум алдап бул жон эле уйкусураганда козго корунду деп. бирок арткы айнек сынып тушуп калган. уйго келдим машынаны гаражга киргизип уйго киргенден коркуп турдум, ошентеп ошол тунду эптеп септеп досумдун алдыда тан аткырдым. ал кунда отту арадан 2-3 кун откон машынанын айнегин жасатып эч нерсе корбогондой жургом. кечке маал атамдар коноко кеткен эле, уйдо озум жалгызмын кухняга кирип чай ичейин деп эшикти ача калсам алдымда баягы буту жок бети корунбогон бала турат мына сага жашоо башына бироо чапкандай катып калдым 10 секунддай турдум да бакырып жугордум да артты карай качтым, жан ширин ушунчалык ширин экен.Качканда да прямой кочого качтым артымдан жанакы каран кубалап келатты эптеп септеп кошунамдыкына кирдим да кутулдум. кундор дагы деле окшош отуп жатты эч нерсе озгоруусуз. бир куну кошунам жанакы кызыны коргону барып келели деп суранып калды, ойдо жок макул болдум. оруу канага барып кайра келе жатканбыз бир кезде донголок тешилип калды акырынддан токтоп тушуп карасам жели чыгып калыптыр. запасканы баттан алмаштырып буттум да, туруп дамкратты которуп жоногом, жерде айнектин жанчылган кесмелери толтура жатат, мына сага дагы дегенсип бая куну менин арткы айнегим ошол жерден майчалан экен, кошунам кеттик деп эч нерсе айтпай отурдум. жолдо келаттык чын айтсам чыдай албадым да баарын кошунама айтып салдым. кошунамда билет екен ошондой жер екенин. мен машынаны жаны эле сатып алган элем 2 ай да боло элек.менден мурдакы машынанын ээси туну келе жатып ошол жерден жаш баланы сузуп кетип, акча толоп кутулуп кеткен экен милицияга. корсо ал баланын арбагы тынч жатпай очун алыш учун баарын кыйнап ошентет екен. анан машынаны сатмай болдум, саттымда конулум жайыга тушту да баарынан кутулдум. азыр жаны машына алгам баары окей........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#379 Пользователь офлайн   kandaisyn   19 Ноябрь 2014 - 02:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

Жигитимдин үнү. Бир жолу жумуштан келип,мышыгым Лило терезеге карап аябай мыёолоп жатканын көрдүм.”Кызык го!”-деп ойлоп койдум да,сылап коёюн дедим. Ал болсо менен колумду түртүп салып,бөлмөдөн атып чыгып кетти. Үй аябай дем болчу. Үйдү бир аз шамалдатайын деп чечтим. Терезеге келип эми кармасам,Лило учуп келип,тиштери менен колумдан кармап,артка тартып кирди. Бул жерде мен,жаныбарлар адам көрө албаганды көрө алышат дегенди эстеп кеттим. Денемди кара тер каптап кетти. Анан,жигитиме чалууну чечтим. Жигитиме чалайын деп ойлоор замат телефонума коңгуроо келип калды. Лило дароо телефонго заарлуу чыйылдап кирди. Мен телефонду кулагыма койдум:- Алло!Жооп уга албадым.- Алло!-деп дагы бир ирет кайталадым. Трубканын аркы учунан кайдадыр алыс жактан жигитимдин үнү угулду:- Айка... Айка... Терезени ач,мен бул жердемин... Мен телефонду өчүрүп салып,ойлонуп калдым. Бектурдун үнү жоон,шайыр эле. Азыр болсо,тээ бир чуңкурдун түбүнөн,оозун толтуруп алып сүйлөп жаткандай. Мен кыжаалат боло баштадым. Балким Бектур менен бир нерсе болгон чыгаар? Терезеге жакындаганымда мышыгымдын аябай коркунучтуу чыңырыгы мени токтотту. Мен күмөнсүрөп туруп калдым. Кийинки жолу телефонго коңгуроо келгенде,жашылды басаардан алдың,экранына карадым. Номер дайнсыз эле.- Айка-а-а... Айка-а-а... Терезени ач...- Бектур,не жинди болуп жатасын? Неге терезени ачам? Сен кайдасың?-дедим да,көзүмдүн кыры менен мышыкты карасам,жүндөрү тик туруп калыптыр.- Айка,мен сени сүйөм... – деген,алыстан Бектурдун үнү угулду да,телефон кыска гудок берип,өчүп калды. Аябай коркуп кетип,ыйлап жибердим. Лило болсо гырылдап чыйылдаганын уланта берди. Акыры апама телефон чалдым дагы,үйдө жаман нерселер болуп жатканын айттым. Апам болсо: “Келмени келтирип,куран окуп кой!”-деди. Апам менен сүйлөшүп,телефонду эми өчүрөйүн десем,терезеден бирөө кирип келе жаткансып, шытыраган үн угулуп кетти. А мен болсо бешинчи кабатта жашайм. Мышыгым бир сөз менен айтканда чаңырып эле жиберди! Мен көздөрүмдү жумуп алып,келмени кайталап баштадым. Терезеден шыбырттар угулуп жаткан кезде,телефон чырылдап калды. Мен телефонду өчүрүп салдым да,терезенин ары жагынан жигитимдин үнүн туптунук уктум:- Айка,айнекти ач... Үнү аябай оор анан,созулуп угулду. Мен буга чыдай албай,квартирадан атып чыктым. Мышыгым менин артымдан кошо чыкты. Кошунабыз Майрам эженин эшигин такылдатып кирдим. Ал эже бизди ичкери киргизип,мага валидол ичирди. Ошентип,ал түнү үйгө кайтып келбедик. Эртеси күнү Бектур,түшүнүксүз себептер менен,мен жумушта жүргөндө эле өзүнүн жанын өзү кыйып салганын уктум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#380 Пользователь офлайн   alibekova94   19 Ноябрь 2014 - 03:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Тундосу окусан тушко кирчуудойго

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 21:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: