Биз да ушундай болдук. Он эки кыз биринчи класстын астанасын кошо аттап, ошол жоон топ кыздан үчөөбүз калдык. Кайсы күнү чоочун үй-бүлөөнүн казан-аягын калдыратып калаар экенбиз деп жүрсөк Айзада качып кетти. Ал да окуунун айынан...
Ошентип көз көрүнө арабыз суюла берди. Ойлоп көрсөң бул коркунучтуу.
Сен кызсың, бир күнү сени менен окуп жүргөн, бирге өскөн сырдаш теңтушуң капыстаникүйөөгө тийип кетет да, анын орду бош калат. Агайлар мектеп жашындагы кызды зордуктап күйөөгө беришти деп, тийиштүү жерлерге билдирет. Текшерүүгө киши жиберилет. Сүрүштүрүп келсе күйөөгө тийген кыз сельсоветтин каттоосунда эч кеми жок он сегизде болуп чыга келет. "Өзүм каалап, өзүм тийдим. Эч ким зордогон жок, өзүмдүн окугум келбейт",
- деген үйрөтүлгөн сөздөр даяр. Өзү окутуп, өзү таламын талашкан окуучу кызынан ушундай кепти угушуп, агайлар да ичтеринен тынышат.
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#61 16 November 2014 - 02:23
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#63 17 November 2014 - 07:38
Кетчү кыз кетет, агайлар ар бир сабак сайын тизмек окуганда, кеткен кыздын фамилясын атабай, аттатып өткөндө өзүнчө эле ичтен сыздайсың, басмырт болосуң. Тизмеде өз кезегиң келгенде "бар" деп, бош айтып кайра отурууга шашасың. Бетиң чымырап, агайга тик карай албайсың. Мүмкүн агай:"Кызым,
качанга чейин бармын деп, өзүң добуш берип тураар экенсиң, же сени да ата-энең он сегиз жашка толтурууга камынып жатабы?"- деп астыртан сынап карагансыйт.
Чынында коркунучтуу. Сен араң он бешке чыктың, бирок жашыруун күчтүн жардамы астында он сегизге секирип жетип, аз келгенсип бирөөлөрдүн шыбырына эрксизден көнүп:"Окугум келбейт"- деп каратып туруп калп айтып турсаң, анан агайлар анан кантип сага ыраазы болсун.
Жакын арада менин да ордум бош калып, агайлар фамилямды аттатып өткөндө, кимдир бирөө озунуп:"Калмурзаева да эрге тийип кетиптир" ,- деп кыйкыраар деген санаа менен ушул күнгө жеттим.
Эми онунчуну бүтөөрүмө шектенбей калдым. Баягы жоон топ он эки кыз быйыл онунчуну бүтүп, баарыбыз каалаган окууларыбызга кетсек кандаү жыргал болоор эле. Окусак деп талпынып, бирок тилектерине жетпей калган теңтуштарымды эстесем, көзүмөн жаш кылгырат, туз куйгандай ичим ачышат.
Чынында коркунучтуу. Сен араң он бешке чыктың, бирок жашыруун күчтүн жардамы астында он сегизге секирип жетип, аз келгенсип бирөөлөрдүн шыбырына эрксизден көнүп:"Окугум келбейт"- деп каратып туруп калп айтып турсаң, анан агайлар анан кантип сага ыраазы болсун.
Жакын арада менин да ордум бош калып, агайлар фамилямды аттатып өткөндө, кимдир бирөө озунуп:"Калмурзаева да эрге тийип кетиптир" ,- деп кыйкыраар деген санаа менен ушул күнгө жеттим.
Эми онунчуну бүтөөрүмө шектенбей калдым. Баягы жоон топ он эки кыз быйыл онунчуну бүтүп, баарыбыз каалаган окууларыбызга кетсек кандаү жыргал болоор эле. Окусак деп талпынып, бирок тилектерине жетпей калган теңтуштарымды эстесем, көзүмөн жаш кылгырат, туз куйгандай ичим ачышат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#64 17 November 2014 - 07:59
Көздөрү ойноктогон,
каштары чийилген капкара, чукугандай сөз тапкан, эч кимден жалтанбаган Катыйча эске түшөт. Анын кубулжутуп ырдаган обонучу! Угуп отургум келет. Ал "Эсимде"
, "Эсте секет" деген ырлардыкатырчы эле да. "Мыскал эжедей артист болсом"- деп эңсеген тилегин жашырбай айтчу. Катыйчаны 7-классты бүтүп, каникулга тараганда, апасы:"Кызым,
Папандагы тагасыныкына кетти"- деп элге угузду. Окуу ачылганда апасы, кызым ошол жакта окуп жатат деген справка тапшырып кутулуп кетти. Кийинки жылы окуп жаткан кыз, энесиникине үч айлык уулун ороп, төркүлөп келди. Кызын окутпас үчүн биздин ата-энелер ойго келгис айлаларды ойлоп таба алат.
Керели кечке бир сүйлөп койбогон, акыл-эстүү кыз периси Касиеткан азыр кайдасың? Аны да сегизинчиде окуп жүргөндө ата-энеси көз көрүнөө эле Араванга күйөөгө берип жиберди. Ошондон бери аны көрө элекмин. Ата-энесиникине да аз келет. Жалган болбосун, былтыркы областтык газетанын бетинен Касиеткандын пахта терип жүргөн сүрөтүн көрдүм. Кыйын терет, кайраттуу келин деп мактаптыр.
Эсимде, кайсы бир жолу алгебра сабагынан кечигип калсае, агай киргизбей койгон. Экөөбүз мектептин алдындагы жийденин алдынан шырылдап аккан тунук суунун боюнда сырдашканбыз. Ал суу менен ойноп:
-Гүкүш, кээде мен минтип ойлоном. Окуй берсем, окуй берсем, такыр күйөөгө чыкпасам. Анан өзүбүздүн айылга келип иштесем. Анан үй-жайлуу болсом, ынтымактуу жашап, ал экөөбүз ээрчишип басып жүрсөк.
-Апей, ал дегениңдин аты жокпу?
-Ой, мен дөөрүп жаткан турбаймбы?- Касиеткан уялганына чыдабай, озунуп мага суу чачкан. Экөөбүз көйнөктөрүбүз көл-шал болгуча суу чачышып ойногонбуз. Мен аны чычалатыш үчүн туюк эле "ал" деп койсом, ал айтпа деп, муштагылай берээр эле. "Эч кимге айтпа" деп жалынып-жалбарчу. Биздин туюк сырга түшүнбөй, кыздар жабалакташып:
-Бизге да айтып койсоңор. Мынча ардактап сүйлөгөн "ал" дегениңер ким?- деп каңкуулап сурашса, Касиеткан мага жалбарчу:
-Ортакжан айта көрбө.
Ал дегенибиз, Алдаберген деп айтчу эмесмин.
-Кыйын экенсиңер, -деп, кыздар таарынышчу, өздөрүнчө жоромолдошчу, белгисиз "алды" издешчү.
Эгерде Касиеткан жогорку окуу жайын бүтүп, жүрөгү эңсеген, белгисиз "ал" деген кишисине жетсе, кандай бактылуу болоор эле.

#65 17 November 2014 - 08:12
Эч кимге сырын айтпаган, кокус араздашып калса оңойлук менен жазылбаган Толуну кантип эстен чыгарайын. Анын бир кемчилдиги өңдүү-түстүүлүгүнө мактангансып жүрчү. Ошон үчүн биз мурдубузду чүйрүп, көп учурда андан бөлүнүп кетчүбүз. Биздин ичибиздин күйгөнү, балдар аны көз көрүнөө сулуусуң, кимдин жары болоор экенсиң, ошондо көрсөк, деп айта беришчү.
-Мен эч кимдин жары болбоймун, врач болом. Силердин мынабу бир кулач тилиңерди кесем,- деп ал асылган балдарды күйдүрүп жооп берчү.
Айта берсең баары биринен бири сонун кыздар экен. Теңтуштардын кадырына эми жетип отурбаймынбы. Ырас, учурунда бири-бирибиз менен урушканбыз, жамандашканбыз, кайра жазылышканбыз. Бул кеп эмес... Анар, Бермет, Асыл, Айкыз, Ыраат, Бурул, Саажы, Акыштарды ойлоп көрсөм, сонун кыздар эле.
Бармактайдан бирге өскөн, бирге окуган, жанымдай көргөн теңтуштарым азыр кайдасыңар? Билем, билем... Алдың эки балалуу болуп, артың бирден төрөп, башыңарга түйшүк тартып, кээде балалык чагыңарды, бирге окуган ынак теңтуштарды эстеп, жүрөгүңөр сыздап, аттиңай- деп жүрөсүңөр.
Теңтуштарым, силерди мен аябай сагындым. Силер дагы мени эстейсиңерби?
Тектир бир, тектир, тектир саз,
Тебишип ойнойт өрдөк-каз.
Теңтушту теңтуш эстесе,
Төгүлүп агат көздөн жаш.
Ушинтип теңтуштарын аябай сагынган кимдир бирөө ырдаган экен. Мен да көкүрөгүмө сагыныч батпай, буулугуп кеткенимде жогорку куплетти улам кайталап ырдасам, сагынычым бөксөргөнсүйт.

#66 17 November 2014 - 08:27
10.
Быйыл кыздарды сөзсүз Фрунзеге окууга жиберет экен, жаны ачышканда Ташымов өзү белсенип киришип калыптыр деген кабар биздиниайылды жалбырттаган өрттөй аралады. Эки аялдын башы бириксе сүйлөшкөнү, иши, эрмеги ушул кеп. Бул күтүлбөгөн кабарга Гүлсүн апа жер тепкилеп сүйүнүп жүрөт дейт. Ал жолуккан аялды атайы токтотуп алып:Кыйын болсо Карамат кызын эми куткарып алсынчы. Ол, этеги делбиреп бирөөнү мазакташка жаралган. Ошол жер-сууга тийгизбей мактаган кызы чачын кырктырып, бир жүн башты ээрчип, окуп жүргөндө кантээр экен. Кантип жаны чыдаар экен. Охо, куп болду да. Табам ушунчалык канып атат, ортак. Караматтын кызын окууга тарткан өкматтан айланайын. Испайрам суусун кечирем, алыскы жолго көчүрөм деп, оозун бир карыш кылып мактанчу эле, буюрса көчүргөнүн көрөбүз. Кыздарын окутпай калыңга саткан ата-энелерге өзгөчө чара колдонобуз, - деп райком Ташымов чогулушта Калмурзага колун кезеп сүйлөгөн имиш. Эски чирик кимде экенин билген да. Куп болду, ортакжан. Эми Айзадаканым кайда окуса ыраазымын" ,- деп, ар кимге заңкылдап айтып жүргөнүн апам угуп:"Элден чыгып, энесин таштап, бир жетимдин этегин кармап кеткен, бузуку кызын актабай эле койсун. Адамда ар болбосо аңыраңдап(апамдын тилинин заардыгы ай) сүйлөй берет да. Мениникөзүм тирүү турганда кызым жанымдан карыш жылбайт", - деп күүлөндү.
Апамдын төбө чачын тик тургузган беймазаа окуя эртеси болду. Аркы өйүзгү беттеги колхоздо апамдын кара чечекей бир тууган Уулбү деген сиңдиси бар. Ошо таежем кокус келип, апамдын күйүтүн угуп, ого бетер жарасын ырбатып кетпедиби.

#67 17 November 2014 - 08:41
-Айланайын эже, кантип Гүкүштөй кызды ошол Прунзеге окууга жибересиң. Кантип чыдап турасың? -Алаканды шак коюп, чала-бучук ыйлап жиберди. -Абысынымдын Прунзеге барган уулу ооруган экен, ошого барып келди. Ал айтып отурса, чачың тик турат эжекебай. Прунзе бүт эле бузулуп кеткен имиш. Кыргыздын ыманы ысык Гүкүштөй кыздары чачын түбүнө чейин кырктырып, теги адам кебетесинен кетип калыптыр дейт.
-Койчу, кантип эле?- деп апам ишенип турса да, бүшүркөп коет.
Таежем андан бетер күйүа- бышып, алаканын шак эттирет да, кебин улайт.
-Эжекебай эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз. Айдай кызыңыздын убалына калып, мусулманчылыктан чыгарып, элдин бетин карай албай калбайлы. Абысын түшүкүр айтып отурса, чачың тик турат тим эле. Көңүлүң айынып, кыжырың келет. Бойго жеткеникыздар күпкүндүз эле эркектер менен колтукташып, кучакташып анан басат имиш. Менин абысыным калп айтчумкатын эмес. Өзткөзү менен көрүптүр. Түндөлөрү жер жуткур окуучу кыздаркараңгы бактардын түбүндө эркектер менен кучакташып турганын көрдүм дейт. Ошол эле дейсиңби? Жанагы абысыным окуган беш жылдык окуунун жатаканасында балдар менен кыздар аралашып жата берет имиш.
-Калп айтпачы!- апамдын жаны ык этип, ийне менен сайгандай секирип кетти.
-Калп айтсам өлүп кетейин эжекебай. Баламдын күнүн көрбөй калайын.
-Кой антип, суук сөздөрдү оозуңа алба.

#68 18 November 2014 - 06:29
-Абысыным айтат: күн чыгаарда бир чачы саксайган кыз төшөгүн көтөрүп, бир кызыл майкечен жигитти колтуктап, бактан чыгып келатыптыр дейт. Жакамды кармап, оозум ачылып, аңкайып эле карап калыпмын. Ой, бетиң курусун, чарыкты жамап алганын, уялып койбойт. Дагы арсаңдап күлүп, кызыл майкеченди чымчылап коет. "Булар эмне кылып жүрөт?" -деп уулумдан сурасам, ал уялып жер карап:"Сааркы салкында мээ сергек болот деп сабак окуп жүрүшөт"-
деп эптеп жашырып койду. Мен ишенген жокмун, баамымда ошол бакта түнөп чыгышкан немелер, деди абысыным.
Мен да аңкайып таежемдин сөзүн тыңшап, текчеге сүйөнүп, колумдагы ак чыныны эрмектеп туруп калыпмын. Таежемдин кейип кепчиген сөздөрү жүрөгүмө тикенектей сайылат. Таежем күүлөнүп, алаканын улам шак эттирет да, жаңы кубат менен ачышканын, күйгөнүн билдирип кебин улантат:
-Жалган чынын ким билсин ошол окуган кыздардын бир да соосу жок имиш. Боюна болуп калса, догдурга барып, сойдуруп алдырып салат имиш.
-Бузулган эл турбайбы? Гүкүшүмдү кантип анан ошол жакка жиберейин? Жибербейм.
Апам да кайраты тайып, ыйлап жиберди.
-Жибербеңиз эжекебай. Айтайын деп ишимди таштап, күйүгүп келдим. Жездем экөөң бир аракетин кылгыла.
-Э, жездең жемирең калсын. Жолдош Ташымовго убада берип койдум деп, лөкүйүп тилимди албай атат.
Мен да аңкайып таежемдин сөзүн тыңшап, текчеге сүйөнүп, колумдагы ак чыныны эрмектеп туруп калыпмын. Таежемдин кейип кепчиген сөздөрү жүрөгүмө тикенектей сайылат. Таежем күүлөнүп, алаканын улам шак эттирет да, жаңы кубат менен ачышканын, күйгөнүн билдирип кебин улантат:
-Жалган чынын ким билсин ошол окуган кыздардын бир да соосу жок имиш. Боюна болуп калса, догдурга барып, сойдуруп алдырып салат имиш.
-Бузулган эл турбайбы? Гүкүшүмдү кантип анан ошол жакка жиберейин? Жибербейм.
Апам да кайраты тайып, ыйлап жиберди.
-Жибербеңиз эжекебай. Айтайын деп ишимди таштап, күйүгүп келдим. Жездем экөөң бир аракетин кылгыла.
-Э, жездең жемирең калсын. Жолдош Ташымовго убада берип койдум деп, лөкүйүп тилимди албай атат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#69 18 November 2014 - 06:41
-Тилиңизди алдырыңыз. Менден укккандарыңызды төкпөй-чачпай айтып бериңизчи кантээр экен?
-Айтам.
-Айтыңыз.
Таежем дагы бир нерсени эстей койгондой, алаканын шак этирди да:
-Ошол жактын бир жаман адаты бар имиш. Бети курусун айтып отурса. Чырайлуу-чырайлуу кыздарды артынан пайлап жүрүп, аңдооч коюп, бир күнү оң келгенде "Победага" аңтара салып, ала качат экен. Эжекебай, жумурткадай таптаза Гүкүшүңдү ушуларды угуп, билип кантип Прунзага жибересиз. Кызыңызды бармактайынан бирөө ала качып, анан Ысык-Көл дейби, Талас дейби бир жерине сандалып барам деп өстүрдүңүз беле?- таежем көз жашын шыпырып алды.
Мындай адамдын санына без чочута турган кабарды укканымда, Фрунзеге барып окусам деп эки көзү төрт болгон дилгир жан мен да, тайсалдап калдым. Биз адамдын сымбатына жарашыксыз, чыкчыйган көйнөк кийген, эриндерин боешкон, чачтарын кырктырышкан шаардык кыздарды газета-журналдарга чыккан сүрөттөрүн көрүп, күлүп жүргөнбүз. Ал эми күпөкүндүз эле кучакташып, өбүшүп, боюнан алдырышкандарына денем дүркүрөп, ишенбей чочуп турам. Эгер ушундай болсо эң жаман. Кыздар жибектей созулуп, биринчи кезекте өз абийирин сактап жүрүш керек да... Анан окуу...

#70 18 November 2014 - 07:17
Мүмкүн таежем апыртып айтып жаткандыр. Ким билет. Мүмкүн, бул кыздардын ата-энелеринин эсин чыгарыш үчүн ойлонулган ушактыр. Кантип эле университеттин жатаканасында балдар менен кыздар аралашып жатсын. Каерде болсо да тартип болот эмеспи.
Быйыл кышта биздин мектепке Ош пединститунун студенттери практикага келишти. Теңи эле кыргыз кыздар экен. Ырас, алар бирге окуган балдар менен колтукташып жүргөнүн көрдүк. Бирок таежем айткандай шумдуктарды байкабадык.
Өз оюмду тайманбай апама айтуудан тартындым. Батына албадым. Жаны кейип, урушаарга киши таппай, көзүнө кан толуп турганда апама акыл айтуу коркунучтуу. Кутулбаган балээге каласың.
Мунун үйрөткөн акылын карасаң. Ушак деп коет. Сенин кара чечекей сиңдимдин күйүп айтканы ушак имиш. Оюна койсо, Прунзага барып, чачын кырктырып, жеңи жок көйнөк кийип, ээн-эркин жүргүсү бар. Өлсөм да окууга жибербейм! - деп долуланып, кулак-мээмди жебейби. Мындай заардуу кепти уккандан көрө, кеп тыңшап отурганым эп эмеспи.
Быйыл кышта биздин мектепке Ош пединститунун студенттери практикага келишти. Теңи эле кыргыз кыздар экен. Ырас, алар бирге окуган балдар менен колтукташып жүргөнүн көрдүк. Бирок таежем айткандай шумдуктарды байкабадык.
Өз оюмду тайманбай апама айтуудан тартындым. Батына албадым. Жаны кейип, урушаарга киши таппай, көзүнө кан толуп турганда апама акыл айтуу коркунучтуу. Кутулбаган балээге каласың.
Мунун үйрөткөн акылын карасаң. Ушак деп коет. Сенин кара чечекей сиңдимдин күйүп айтканы ушак имиш. Оюна койсо, Прунзага барып, чачын кырктырып, жеңи жок көйнөк кийип, ээн-эркин жүргүсү бар. Өлсөм да окууга жибербейм! - деп долуланып, кулак-мээмди жебейби. Мындай заардуу кепти уккандан көрө, кеп тыңшап отурганым эп эмеспи.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#71 18 November 2014 - 07:30
Таежем апамдын кулагына куюп, "Гүкүштү окууга жибере көрбө" деп, жер муштагылап кеткенден бери биздин үйдө уруш-жаңжал.
Апам эптеп эле шылтоо таап баарыбыз менен урушат. Мен кичине чеки бир нерсе кылсам:"Көрчү,
окууну уккандан бери мунун түрү өзгөрдү",
эгерде экзаменге даярданып баш көтөрбөй китеп окуп калсам, колумдан жулуп алып:"Мага мударис болуп көрүнбө, баарыбир окууга жибербейм"
- деп чамынат. Мен эмес Туратбек да мурункусундай талтаңдап апама асыла коюп көп таяк жеди. Табам каным калды.
Баарыбыздан апамдын балээсине калган атам. Эртең менен туруп кетет да, жатарда гана үйгө келет. Чай ичет да жатып алат. Апам болсо башына соксоюп отуруп алып, ачууланат, урушат, ыйлайт.
-Акыры ошол Ташымовуң да тирүү жан го, жолун таап, беш-алты миңди берип болсо да Гүкүштү калтырсак деп, атама кайрылат.
-Кадырың жан болсун, Ташымов андайга барчу киши эмес.
-Камырап койбогон кандай ташбоор жансыз? Ойлоносузбу акыры? -Атам тетири карап унчукпайт.
-Акыры эр болгондон кийин бир масылаат айтасызбы?
Апам чарчаганда, сабыры суз жанымама кынтаят. Көпкө уктай албай ойдолоктой берет. Көзү илинип, уктап кетсе да денеси диртилдеп, чочуп ойгонот.
Айтпаса да түшүнүктүү. Баягы, коркунучтуу түштөр да!
Баарыбыздан апамдын балээсине калган атам. Эртең менен туруп кетет да, жатарда гана үйгө келет. Чай ичет да жатып алат. Апам болсо башына соксоюп отуруп алып, ачууланат, урушат, ыйлайт.
-Акыры ошол Ташымовуң да тирүү жан го, жолун таап, беш-алты миңди берип болсо да Гүкүштү калтырсак деп, атама кайрылат.
-Кадырың жан болсун, Ташымов андайга барчу киши эмес.
-Камырап койбогон кандай ташбоор жансыз? Ойлоносузбу акыры? -Атам тетири карап унчукпайт.
-Акыры эр болгондон кийин бир масылаат айтасызбы?
Апам чарчаганда, сабыры суз жанымама кынтаят. Көпкө уктай албай ойдолоктой берет. Көзү илинип, уктап кетсе да денеси диртилдеп, чочуп ойгонот.
Айтпаса да түшүнүктүү. Баягы, коркунучтуу түштөр да!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#72 18 November 2014 - 07:43
11.
Айла издеп райондук комсомол комитетине баратабыз. Сууга чөгүп бараткан адам жан талашып, колуна илинген балырга асылат турбайбы?
Апама бул акылды ким үйрөтту экен? Атамбы? Же өзү ойлонуп тапты бекен? Апам айлакер аял. Керек болсо, өкмөт менен партиянын чечимин да куп эпчилдик менен өз кызыкчылыгына пайдалануудан тартынбайт.
Менде не жазык. Апам жаз деди, жаздым. Жүр деди, ээрчип баратам.
Жолдумката апам эбиреп-жебиреп акыл үйрөтүүдө.
-Бетме-бет келгенде тартынбай айт. Уялып жер карап, шек алдырчу болсоң, таарынба. Элге ңылдың болобуз. Тике карап:"Окуп бүттүм, эки жыл иштеп анан улантам" де, тилиңди кесип албайт. Уктуңбу?
-Уктум.
Апам менин уялчаак экенимди, кысталыш учурда сөзүмдү таппай калаарымды билет. Ошол үчүн кайталап сурап, сынап:
-Мен ошол Адыловмун, сен үстүмө кирдиң, арызды көрүп:
-Туура эмес, окуйсуң- дейм, кабагымды салып, анда эмне дейсиң? Ырас эле эмне дейм? так жооп бере албай буйдалып калдым.
-Мынакей көрдүңбү? Буйдалып калдың. Жок, агай. Иштегим келет. Элге пайда келтиргим келет дебейсиңби. Дагы Прунзага барам дейт. Бир суроого так жооп бере албай жатып. Жүүнүң бош. Атаңды тартпай кал! Агар мен беш класс бүтсөм, бүт районду башкарат элем,- деп апам мактанып да жиберди.

#73 18 November 2014 - 08:45
Моюнга алыш керек. Мендей орто мектепти бүтсө, бир кыйла жерге кетмек. Отузунчу жылдары алты айлык лекбезде окуган экен. Арбалаңдатып кат жаза билет. Апамдын бир арманы ичинде.
Зуулдап райондун борборуна да жетип бардык. Кирердин алдында апам мага эскертти:
-Эч уялба, тартынбай айт.
Райкомдун сырткы бөлмөсүндө бирисары татар кыз машинка басып отуруптур. Апам баш ийкеп учурашты да:
-Кызыке, Адылов барбы?- деди
-Бар, күтө туруңуз. Азыр келет,- деди.
Биз ак шейшеп менен капталган диванга жеңил отурдук. Дубалдагы чоң саат чык-чык этип кагат, убакыт өтөт. Негедир бетим тамылжып уялам, жүрөгүм туйлайт. Каалга ачылганынан карай салсак Адылов экен. Ордубуздан леп тура калдык.
-О, Карамат эже келиңиз. Калмурза аке күүлү жүрөбү? Бала-чакалар тынчпы?- деп алыстан эле кол узатып, илбериңки учурашты.
-Биз сизге келдик эле,- деди апам.
-Абдан жакшы болуптур. Келчү эмес элеңиз. Кана эмесе, кириңиз- деп апам экөөбүзгө каалга ачты.
Отурдук.
Мен лениндик комсомолдун катарына ушул бөлмөдө өткөнмүн. Дайыма адилет болом, бардык кайратымдын элдин кызыкчылыгына жумшайм деп, ошондо убада бергенмин. Тигине, маңдайда улуу Лениникүлүмсүрөп, мени жылмайып карап турат. Мүмкүн Ленин:"Кызым, тартынба. Башыңды бийик көтөрүп, болгон ишти ушул жерде айт",- деп тургандыр. Ленин ата, мен сиз самагандай эмес окшойм. Кантейин, апаман корком, апамды аяйм.
-Коош, келип калыпсыз,- деп Адылов апама кайрылды. Апам мага карады. Шол замат кемселимдин ички чөнтөгүнөн үч бүктөлүү арызды сууруп чыгып, ага сундум.
Апам "Эми жаның болсо айт" дегендей бутумду басып койду.
Апам экөөбүздүн эси-дартыбыз тиги окуп жаткан кагазда. Жарым барак арызымды бир саат окугандай сезилди. Эмне деген жооп берер экен деп, тыбырчылайм. Боюму калтырак басып, нымшып тердегенсийм. "Гүкүш азаматсың. Кыздардан биринчи болуп сен жазып жатасың. Комсомол кубаттайт" - деп колумду тура калып кысса кантем? Анда апамдын күнү тууйт.

#74 19 November 2014 - 03:27
Тигине, агайдын кабагы бүркөлүп, оң кашы серпиле түштү. Кызыл карандаш менен арызымдын бир-эки жерин сызып да койду.
-Азыркы балдарга түшүнүп болбойт. Атасы экөөбүз оку, биздин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып билим ал десек, тултуңдап тил албайт. Мен комсомолкамын, колхозго иштейм, деп жанымды койбойт. Колуңузда турган арызды жазып, ээрчитип бар дейт. Келбеске айла барбы!- Апам айыптын баарын мага түртө салып, өзүн актап, суунун аркы өйүзүнө өтө качты. Адылов койдон момун боло калган апамы, жер карап үңүрөйгөн мени алмак-салмак карады. Колундагы карандаш менен столду такылдатып ойлонуп калды. Апам бир нерсе ойлоп тапкандай жымың этип күлүп койду.
-Гүкүш ушундайбы?- деп менден күлүмсүрөп сурады.
-Ушундай,- деп араң эле жооп бердим.
-Дурус, дурус,- деп телефондун трубкасын алып:-Жолдош Ташымов менен байланыштырып коюңузчу,- деп кимдир бирөөгө кайрылды.
Жолдош Ташымовго биздин эмне үчүн келгенибизди түшүндүрүп айтты. Ал дагы көпкө бир нерселерди айтты окшойт. Бир жолу агай күлүп да жиберди. Айрыкча апам трубкадан көзүн албай заңкайып карап отурат.
-Ата-энеси оку десе да, кызы иштейм деп жатыптыр де. -Апам тынчы кетип кошумчалайт.
Адылов трубканы көңүлдүү илди да, жадырап-жайнап бизге карады:
-Чечилди!- деп столду акырын черткиледи. -Жакшы жакка чечилди. Калмурзаева азаматсың. Чыныгы комсомолка сендей болуу керек. Сенин үлгүлүү демилгеңди Ташымов да аябай жактырды.

#75 19 November 2014 - 03:47
Секрадардын ар бир сөзү жүрөгүмө ийнедей сайылууда. Мунун баары какшык эмеспи, уялып, башымды көтөрө албайм.
-Эмнеге жер карайсың?- деди секратарь таңдана.-Башыңды өйдө көтөр.
-Жаш да, уялып жатпайбы,- деп апам кошумчалап койду.
-Ушундай азамат кызды өстүргөн сизге да ыракмат, Карамат эже!
Апам мардайып башын ийкеңдетет.
Адылов сөзүн улантты:
-Биздин бир боордошубуз Казакстанды уктуңуз беле Карамат эже?
-Укканмын.
-Уккан болсоңуз ошол жерде миллион гектар аянтка буудай эгилген. Эгин кый турган жылы, түшүмдү жыйноого техника жетишпейт.
Казакстандын бизге кандай тиешеси бар дегенсип апам олурая карап калды.
-Биз дагы ошол жакка райондон бир канча жаштарды жибермекчибиз. Жакшы болбодубу, кызыңыз да барып келсин.
-Эмне-е!- деп ордунан ыргып турду.
-Чочубаңыз, Карамат эже. Казакстан аябай жакшы жер. Кызыңыз жер көрүп, эл көрүп, башы бышып келет. Кеп ушундай эмесе,- деп Адылов менин арызымдын четине кол кое баштаганда, апам айласын таппай шашып калды.
-Айланайын токтой турчу. Кызым Казагыстан- мазагыстанга барбайт.
-Мен түшүнбөйм,- Адылов таң калгандай болуп, далысын күүшөдү.
-Балам, сен арыздын маңызына туура түшүнбөй калдың. Менин кызым өзүбүздүн колхоздо иштейм деп жатпайбы.
-А, ошондой деңизчи. Түшүнүктүү. .. түшүнүктүү. .. Бирок, биздин колхоздо күч жетиштүү. Азыр Казакстанда эгин бышып, жардам күтүп турат. Ал жерге ар-намыстуу, мыкты комсомолецтерди жиберебиз.
-Менин кызым жанымдан карыш жылбайт.
-Бая эле ошентпейсизби?
-Мен арызданам.
Адылов кытмыр күлдү.
-Карамат эже, сиз арызданып жүрөсүзбү же кызыңызбы?
Биздин бардык жашыруун сырыбыз көлдүн үстүнө калкып чыгып калбадыбы? Арыздангандан эмне чыгат? Мен бетиме чарык жамап алган жан эмесмин да. Өлбөгөн төрт шыйрагым гана калды. Жашырууга жер таппай, сыртка чыга качтым.
-Токто-о!- деген апамдын өкүм буйругуна да карабадым. Сыртта кезек күтүп отургандар аңкайып эле карап калышты. Машинага да түшпөй, үйгө жөө жөнөдүм.
Өмүрүмдө биринчи жолу апамдын тилин албай койдум.

#76 19 November 2014 - 06:05
12.
Карамат жолдош Ташымовдун "Виллисин" минип жүрөт деген кабары бүт колхозго ошол күнү тараптыр. Эртеси эле, апамдын теңтуштары келишип, айтып берчи, биз да билип алалы деп такып сурай башташты. Апам баарын төргө катар тизип алып, мага чай куйдуруп, өзү шымаланып айта баштады.
-Кызым колхоздо иштесин деп, кирбеген жерим калбады. Эч кимиси макул болбойт. Эмне жанымды аяйын, Ташымовдун үстүнө жулунуп кирип бардым. Кичи пейил киши экен. "Келиңиз, төргө өтүңүз" деп ордунан тура калып учурашты. Өзүмчө андай жылуу-жумшак мамилеге мардайып калдым. Иш оңолду деп ичимен кымылдап турам. Кабагымды салып сыр бербейм.
-Сизге арызданып келдим эле.
-Билем, билем, сиз Калмурзанын зайыбы Карамат эмессизби?
Менин пейлим силерге маалим эмеспи, мындай учурда кою уюткан айрандай мелтиреп тура албайм.
-Аты-жөнүмдү кайдан билесиз?- деп тайманбай сурап калдым.
Ташымов кашын серпип, билинээр-билинбес жылмайды да:
-Аяш, сизди кантип билбейин, билем.
Апам мен киммин, байкап көргүлө дегендей отургандарга бир сыйра дымактуу карап койду.
-Ой, ушул Ташымовдун сага көзү өтүп жүргөн го,- аяш энем апамды чычалатты.
-Сен туурадан сөз кошпочу,- деп апам сөзүн улантты:
-"Сиз гана эмес, онунчуну бүтүп жаткан Гүлайымканды да билем" деди.
Кыйын экенсиң билсең дегендей жактырбай баш ийкедим.

#77 19 November 2014 - 06:17
-Биз билүүгө милдеттүүбүз.
Биз көп учурда эт, сүт, май, пахтаны талап кылабыз. Бирок ошол сай, сүт, эт менен жабдыган адамдарыбыздын ал-жайын жакшы билбейбиз. Биз ар бир колхозчунун үйүнө баш багып, ал-абалын сурашыбыз керек. Түшүнүп эле турам, кантейин убакыт жетишпейт.
Ташымов жай ордунан туруп, терезенин ак пардаларын эки жакка түрүп, кайра менин кашымдагы диванга отурду.
-Карасаң, шылтоолоп сага жакындап келатканын. -Аяш энем дагы апамдын сөзүн бөлдү. Бирок апам ага тил кайрып убара болгон жок.
-Сиз эмне үчүн келип отурганыңызды да билем. Кана эмесе аяш, сыр жашырышпай ачык сүйлөшөлү,- деп алкымдан алса болобу ботом.
Мен дагы негизги маселе эми жеттик дегенде кабагымды салып, калп эле жөтөлүп койдум. Ташымов коркуөуп-үркүтүп, чочоңдоп кирсе, адатымча ар этип беттен алып урушайын деп камданып турам. Ташымов аябагандай куу кишт көрүнөт, сөзүн алыстан баштады:
-Сиз тууралуу көп-көп мактоолорду уккам. Калмурза жарак кармап, кан кечип ыронтто жүргөндө, аялы колхоздо иштеп, жаштыгына карабай, бала-чакасын жүдөтпөй бакты дешет. Ушул чынбы
-Чын деп жиберипмин.
Ташымов жай ордунан туруп, терезенин ак пардаларын эки жакка түрүп, кайра менин кашымдагы диванга отурду.
-Карасаң, шылтоолоп сага жакындап келатканын. -Аяш энем дагы апамдын сөзүн бөлдү. Бирок апам ага тил кайрып убара болгон жок.
-Сиз эмне үчүн келип отурганыңызды да билем. Кана эмесе аяш, сыр жашырышпай ачык сүйлөшөлү,- деп алкымдан алса болобу ботом.
Мен дагы негизги маселе эми жеттик дегенде кабагымды салып, калп эле жөтөлүп койдум. Ташымов коркуөуп-үркүтүп, чочоңдоп кирсе, адатымча ар этип беттен алып урушайын деп камданып турам. Ташымов аябагандай куу кишт көрүнөт, сөзүн алыстан баштады:
-Сиз тууралуу көп-көп мактоолорду уккам. Калмурза жарак кармап, кан кечип ыронтто жүргөндө, аялы колхоздо иштеп, жаштыгына карабай, бала-чакасын жүдөтпөй бакты дешет. Ушул чынбы
-Чын деп жиберипмин.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#78 19 November 2014 - 07:44
-Өзү абдан каүраттуу аял, күйөөсүнөн да кыйын дешет, чынбы?
Уялып унчукпадым. Мактоо кимге жакпасын. Денем жибигенсип баратты.
-Мен сизди үгүт-насаат максатында мактап жатканым жок, өзүмдүн ак пейилимден чыккан пикиримди айтып жатам. Эгерде сиз жогорку окуу жайын бүтсөңүз, же мыкты ишмер, же окумуштуу болоор элеңиз. Биз билген окумуштуу аялдар өзгөчө дейсизби. Сиздей эле аялдар. Ну, өтөөр иш өттү. Бирок биздин кыздарыбыз окубай жатышат.
Кейигендей Ташымов башын чайкады.
-Ушул сиз кызымды окутпайм десеңиз анан ким окутат? Карамат, сырыңызды жашырбай айтыңызчы, эмне үчүн кызыңызды окуткуңуз келбейт? Окугандын эмнеси жаман?
Мен дудаланып жооп таппай калдым. Эмне десем? Түз эле мойнумдун жоон жерине салып:-Окуткум келбейт,- десем чекилик болоор, анан эмне дешим керек?
Ишенсеңер оозуман сөзүм түшүп, жалдырап отуруп калыпмын. Баягы жулунган карамат жок. Жылуу сөз жыланды ийининен чыгарыптыр дейт. Жонумдан чыпылдап тер кетти.
-Сизден суранарым кызымды быйылча калтырсаңар, келерки жылы өзүм эле жетелеп окууга киргизейин. Эң аягында айлам түгөнүп ушуну айттым.
-Аяш, быйыл менен келеркинин эмне айырмасы бар? Өлүмдөн башканын эртеси жакшы. Көп кабыргаңыз кайышпай кызыңызды окууга жибере бериңиз, милдетин мен мойнума алайын,- деп Ташымов сөз түгөндү дегендей ордунан турду.
Таң каларлык нерсе, ооз ача албай мен да сыртты көздөй бет алдым. Ташымов сыртка узатып чыгып, шоферун чакырды да: Бул кишини үйүнө жеткирип кел,- деп буйрук берди. Ташымовго ошондо бир ыраазы болдум.
Жолдош Ташымовдун ордуна отуруп бир чалкалап келатам. Алыстан кишинин карааны көрүнсө эле башымды чыгарып коем. Адамдар таң калып карашат. Эки атчан киши шашып салам да айтып жиберишти. Башымды ийкем койдум.
Көпүрөдө газета-журналдарын асынып алып Папа келатыптыр. "Виллисти" өтө берип токтоттурдум.
-Бери келиңиз,- деп шопур чакырды эле, бечара Папа энтеңдеп жетип келип:
-И, сиз белеңиз? Ташымовдун "Виллиси" го деп коет. Шашып калыптыр.
-Кат барбы?- дедим.
Анын "баягы биздин Караматпы же ошол кокус чоң болуп калганбы" дегендей чочуган кебетесин көрүп турам.
Андан бери магазиндин алдында эл топтолуп туруптур. Дагы токтотуп магазинге бардым. Самын, чай алдым. Качкандар бирин-серин келе башташты.
-Жолдош Ташымов го десек, Карамат эжем турбайбы,- деп жалпакташат. Эч кимисине сыр бербей, ордума отурдум.
Баары таң калып карап калышты.
Үйгө түшпөдүм. Түз эле өйүзгө, колхоздун конторуна өттүм. Көздөрүнө бир көрүнүп, үркүтүп коеюн дедим. Раис баш болуп чайханада чай ичип отурушуптур. "Виллисти" көрүп, баары дабырап жетип келишти, Арасында Калмурза да жүрөт.
-О, Карамат качан секратарь болдуң- деп, Эргеш тамашалап сурайт. Унчукпадым. Калмурзаны артыма отургузуп, үйдү карай жөнөдүм. Калмурза жолду ката жан-алы калбай:"Аксакалдын "Виллисин" сага ким берди?" деп, энтеңдеп сурайт. Өзү берди десем ишенбейт. Акыры шопурду күбө тартып ишендирдим. "Карамат сенден балекет качып кутулбайт" деп, далыма чапкылайт. Шопур боопу эзилип кыткылыктап күлөт.

#79 19 November 2014 - 08:13
Апам өзүнө ыраазы болгондой:
-Ошентип, ортактар, бир күн Ташымовдун "Виллисин" минип, элди үркүттүм. Чоң болгон жакшы окшойт. Баары эле ийилип салам берет.
Апамдын оозун карап отурган аялдар суктанышкандай:
-Карамат-аламат деп ким айтса да туура айткан.
-Арызданып барып, Ташымовдун "Виллисин" минип алганын карасаң.
-Сен кокус чоң болсоң, адамдарды кууруп салчу кебетең бар экен. Бечара Папаны мынча өмгөктөдүң?
Апам кушубак, маанайы көтөрүңкү:
-Э, ортактар, айтып жүргөнгө жакшы. Ташымовдун доорунда бир жыргап алдым.
Аялдар үй-үйүнө тарашууга камынат, галошун кийип жатып, Калча эже мени көрө коюп:
-Ошентип, Гүкүштү Прунзага жиберем дечи.
Апам сабыры суз жооп берет.
-Жиберем да.
Апам менин Фрунзеге барышыма акыры ынанган экен. Ыракмат, сизге жолдош Ташымов!
Уйкум келбейт. Башым жаздыкка тиер замат мемиреп уктаган жан элем. Ары тоголоном, бери тоголоном, ойлобоско аракет кылам. Баарыбир уйкум келбейт. Көңүлүмдү алагды кылыш үчүн бир, эки, үч...деп, миңге чейин санап чыгам. Баарыбир уйкум келбейт.
Мамлекеттик экзамендерибиз да жакында бүтөт. Алган бааларым да жакшы. Эмки жумада тарыхтан, анан химиядан экзамен тапшырабыз да, ошентип орто мектепти бүтөбүз.
Ушуларды ойлосом, жүрөгүм туйлап, көкүрөгүмдү жарып чыгып кетчүдөй болот. Ошон үчүн уйкум келбейт.
Жакын арада ата-энемди, үкаларимди, туулган жерди таштап, алыска-алыска, апамдын сөзү менен айтканда мусапыр шаарга окууга жөнөйм. Бейтааныш чоң шаар. Эл кымгуут, башың айланат, бирөөнү бирөө билбейт дейт. Алды-артыңа түшүп, ысык-суугуңа күйчү ата-энең алыста. Тирүү жансың. Ооруп каласың, ким карайт, ким күйөт? Абалың кандай болот? Кокус пулуң түгөнүп калат. Үйдөн келгичеикимден зарыгып сурайсың? Кыйын, кыйын!
Ушулардын баардыгын элестеп, уйкум качат.
Мен бала болуп ушу өзүбүздүн райондон ары чыккан жан эмесмин. Ырас, жалган болбосун, кичине кезимде апамы ээрчип Ошко барып, адашып эсим чыккан.
Апам куюндай болуп, бутү-колу жерге тийбеген жан. Алды-артына карабай зуулдап кете берет.
Базарга кире бериште, аттарчилар упа, эндик, тарактарын тизип коюп отуруптур. Кыздын көзү кызылда дегендей, көзүм кызарып, алаксып калдым.
Жанымда апам жок. Элеңдеп ары карайм, бери карайм, жок. Тегеремдегилер баары бейтааныш кишилер. Эмне кылаарымды билбей, өңгүрөп ыйлап жибердим. Бир заматта чоочун кишилер ороп калышты.
-Кызым, ким менен келдиң эле?- деп сурашаө. Мен энтигип, түшүндүрүп айта албайм.
-Апа-а -дейм өңгүрөп.
-Кызык катын экен а, жаш баланы ара жолго таштап,- деп бир аксакал киши кейип да жиберди.
Апам да эси чыгып, алактап издеп жүрүптүп. Өңгүрөгөн үнүмдү угуп жетип келди. Апама жармашып калдым.
-Алаңдабай жүрбөйсүңбү- деп мени жемелеген.
Фрунзе Оңтон эки келет, үйлөрү бийик, карасаң башың айланат дейт. Анда оңой эле адашып кетүүгө болот го. Темтейип адашып жүргөнүңдө, бирөөлөр артыңдан түшүп, "Победага" салып, Ысык-Көл же Тянь-Шань деген жагына ала качса, эмне кылам? Же окуудан жок. Муну ойлосом, түк эле туулган айылдан жылгым келбейт.

#80 19 November 2014 - 08:26
Жок, мен окугум келбейт деп, чын дилимден көгөрүп отуруп алсам, ким зордоп жибере алат? Жылбай коюшка дагы чыдабайм. "Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер" дешет кыргыздар. Үйдө калсам, эртеби-кечпи бирөөнүн үйүнө бүлөө.болуп барасың да, телпейип, үлпүлдөк жоолук салынып жүрөсүң.
Ушуларды ойлосом, тезирээк эле экзамендер бүтүп, самаган Фрунзеге жөнөсөм экен деп, ойлосом дагы уйкум келбейт.
Үч күндөн бери биздиниүйгө Калча эже эртели-кеч көп келе турган болду. Апам экөө төркү мейманканага киришет да, бирөө тыңшап тургандай, күдүңдөшүп сүйлөшө беришет. Мен кирсем басылып калышат. Бүгүн чай киргизип баратып "Айтып кой Алмаканга, сеп жагынан камтама болбосун" деген сөзүн угуп калдым.
Атам да адатынан тышкары уктабай, апам менен түн оогуча сүйлөшө турган болду. Дагы бир шумдукту жүрөгүм сезгенсийт.
Айрыкча апамдын кыялына ишенбейм.Апамдын ичине ким кирип чыгыптыр. Мүмкүн апам Ташымовго кызымды окууга жиберем деп, калп эле убада бергендир. Учуру келгенде, жыландын башын кай жактан көрсөтүшүн билесиң.
Апамдан ар нерсени күтүүгө болот.
Ушуларды ойлоп, жүрөгүм кооптонот, денем дүрүлдөп, негедир коркуп, уйкум келбейт.
Бир, эки, үч... жүз...
Батыраак эле таң атып, анан күн кеч кирип, экзамендер бүтсө экен деп шашам.

Супер-Инфо
super.kg
видео