Суперстан: Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу

#121 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Тырмактарыңыз катмарланып кетсе, тең жарымынан бөлүнгөн лимонго манжа учтарын матырып, 5 мүнөт кармоо керек. Пайдаланылган лимонду ыргытпай, целлофанга ороп, муздаткычка салып койсоңуз дагы 5-6 жолу колдонууга жарайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чачты жуугандан кийин аны пиво менен чайкоо какачтан арылтып, жылтылдатып, чачтын түшүүсүн азайтат.
Тырмак боечу лак муздаткычта сакталса, көп убакытка чейин кургабайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Aaaaaika   17 Ноябрь 2014 - 14:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 18 Май 14
  • Соңку аракети: 13 Янв 2022 22:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

хнадан кийин.чачка краска жугуш учун эмне кылуу к.к?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Январь 2015 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Организмдеги кальцийдин жетишпегени, ар кандай тырмак боёчу, сапатсыз лактардын кесепеттинен тырмак жукара баштайт. Тырмакка да, витамин берип, кальций ичирүү керек. Натуралдуу кальций бул жумуртканын кабыгы. Эринбей үйдө багылган тооктун жумурткасын жууп, тазалап, чегип, кабыгынын ичиндеги жука пленкасын сыйрып алып салып, сырткы кабыгын кургатып, порошоктой жанчып, майдаланган соң, лимондун согун кошуп, күндө бир кашыктан жеп турса мына ошол нагыз кальций болуп саналат.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 18:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Колуңузга туура кам көрүңүз

Сүрөт Кол – тазалыктын, назиктин белгиси. Колдорубуз күн сайын айлана- чөйрөнүн терс таасирлерине кабылып тургандыктан көбүрөөк жабыркайт. Андыктан ага ар дайым туура кам көрүп жүрүү маанилүү.

Колду дайыма бөлмө температурасында жууган пайдалуу. Себеби, муздак суудан колдун териси бузулуп, катуу болуп калат, ал эми ысык сууга жууганда колдун териси кургап кетет.

Үйдө жасалуучу баардык жумуштарды (үй жыйноо, идиш жуу, короодо иштөө, эшик

шыпыруу, кир жуу жана башка) атайын мээлей кийип алып жасоо талапка ылайык. Айрыкча идиш жана кир жууган каражаттардын курамында химиялык заттар көп болот да, ал сөзсүз колду жабыркатат.

Сүрөт

Колду атыр самын же атайын суюк самын менен гана жууш керек. Бул косметикалык

каражаттардын курамында колдун терисин жабыркатпай турган атайын пайдалуу кошулмалар бар.

Колго күн сайын унутпай крем сүйкөп туруш керек. Ал терс таасирлерден сактайт.

Тырмактын айланасына кам көрүү да зарыл

Колго ванна жасап турсаңыз колду назик жана чоюлчаак кылат. Ал үчүн 2 литр жылуу сууга – 1 чай кашык спирт жана 1 чай кашык глицерин салып, даярдап аласыз.

Ага колду 15-30 мүнөт кармаса болот. Бул ыкманы 15 күн катарынан жасап, бир айдан

кийин кайра кайталаса болот.

Сүрөт

Колдун териси катуу болуп калганда ачытылган капуста натыйжалуу жардам берет.

Ачытылган капустанын ширеси менен сүттүн сары суусун аралаштырып, ванна жасап,

колду ага кармаш керек. Андан кийин майлуу крем сүйкөп коюш керек.

Эгер колдо ар кандай териге суу толуп калуулар (мазоль), шишиктер, жаракаттар болсо, анда крахмалдан жасалган ванна жакшы таасирин берет. 1 аш кашык крахмалды 1 литр жылуу сууга кошосуз. Анда 5-10 мүнөт колду кармап туруу керек. 15 мүнөт өткөндөн кийин жууп, колго азыктандыруучу кремден сүйкөп коёсуз.

Сүрөт

Колуңуз ашыкча тердесе, туздалган ванна жасаш керек. Ага 1 литр жылуу сууга 1

чай кашык деңиз тузун кошуп, аралаштырып анан колду саласыз. Сууда 10-15 мүнөт

кармап, бул ыкманы эк жуманын ичинде кайталаса болот.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Эртең мененки беттеги жагымсыз көрүнүштөн 15 мүнөттө арылса болот

Сүрөт Ар бир айым күн сайын эртең менен келишимдүү жана сулуу көрүнгүсү келет. Бирок, тилекке каршы кээде буга убакыттын жетишпегенинен улам сулуулукка кам көрүүдөн аксап калышат. Бет теринин кургактыгы, бырышы, көздүн алдындагы так жана шишик жагымсыз абал жаратат, маанайды түшүрөт. Мунун натыйжасында беттеги кемчиликтерди жабуу максатында көптөгөн косметикалык каражаттарды колдонууга мажбур да болобуз. Бул албетте бет терисине өтө зыянын тийгизет. Андыктан айымдар үчүн эң эле жөнөкөй ыкмаларды сунуш кылабыз. Күн сайын кечинде 15 мүнөттүк ыкманы колдонуп ар бир күндү жылмайып тосуп, сулуулугуңуз артып турсун.

Бет теринин бырыштарды жазуу

Кургак жана түлөгөн бет териси өзгөчө жагымсыз абал жаратат. Мындан арылуу үчүн банандан маска жасасаңыз болот. Ал үчүн 1 даана банан, 1 чай кашык азыктандыруучу бет май, 1 чай кашык зайтун майы жана 0,5 чай кашык лимон ширеси керектелет. Булардын бардыгын аралаштырып эки күндө бир жолу кечинде маска жасап жатыңыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз.

Сүрөт

Көздүн астындагы шишиктерден арылуу

Бул ыкманы кечинде, эртең менен деле колдоно берсеңиз болот. бир даана кичинекей картошканы көзү майда сүргүчтөн өткөрүп аны көздүн астына 15 мүнөткө сүртүп жата туруңуз. Шишиктерди жана кара тактарды эң сонун кетирет. Мындан сырткары, баштыктагы көк чайды сүткө бир малып алып, аны да 15 мүнөткө коюп жатсаңыз жакшы жыйынтык берет.

Сүрөт

Теринин дүүлүгүүсү

Мындай көйгөйдөн кефир маскасы сактап калат. 100 грамм майлуу кефирди таза жуулган бетиңизге сүйкөп 15 мүнөт кыймылсыз жатыңыз, андан кийин жылуу суу менен чайкап коёсуз. Бул маска кечинде жасалат.

Сүрөт

Бет терисин сергитүү

Бет териңизди жакшы абалга алып келүү үчүн алгач, кайсы түргө кирээрин аныктап алыңыз. Майлуу бетке жумуртканын агына зайтун майы жана бир тамчы лимон ширеси керектелет. Баарын аралаштырып бетиңизге 15 мүнөткө кармап, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кургак бетке быштак же каймакты 15 мүнөткө сүртүп жылуу суу менен чайкап коёсуз. Ал эми аралаш абалдагы бет териси үчүн бир бананды эзип, ага 1 чай кашык грейпруттун ширесин кошуп 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Сүрөт

Тегиз түс

Буга сабизден жасалган маска жакшы жардам берет. Кургак бет үчүн бир даана сабизди көзү майда сүргүчтөн өткөрүп ага жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып 15 мүнөткө бетиңизге кармайсыз. Ал эми аралаш жана орточо бет терилер үчүн жумцуртканын агына 3 аш кашык калинанын ширесин аралаштырып сүртсөңүз болот. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга чайкап коёсуз.

Сүрөт

Беттин майдай жылтырагынан арылуу

Эгер сиздин макияжыңызды бетиңиздин майланып, жылтыраганы бузуп келсе, анда, эки күндө бир жолу бир стакан сууга бир тамчы ак уксус куюп, кебез менен бетиңизди тазалап туруңуз. Мындай ыкманы колдонуу менен бетиңиздеги ашыкча майдан арыласыз жана бетти тазалайт.

Сүрөт

Серпилгич бет тери үчүн

Бет териңиздин абалынын серпилгичтиги узакка кармалсын десеңиз, анда, күн сайын эртең менен муз менен сүртүп туруңуз. Ал үчүн ромашка гулүн кайнатып, марлиге чыпкалап аласыз да, суусун атайын формалуу идишке куюп тоңдургучка салып коёсуз. Андан кийин күн сайын ошол муз менен бетиңизди сүртүп турасыз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Эриндериңиз эмне себептен жарыларын билип алыңыз

Сүрөт Эриндин кургактыгы мезгилге жараша болбойт. Бирок, айрым учурда мезгилдер алмашканда учурда деле жарылышы ыктымал. Себеби, эриндер абдан сезимтал келет. Эриндер көптөгөн нерв торчолорунун жыйындысын камтыйт. Айрыкча чет жакалары өтө сезимтал. Андыктан өзгөргөн аба- ырайы, шамал, кургактык эриндердин жарылуусуна түрткү берет. Бет түзүлүшүнүн келишимдүү көрүнүшү үчүн чоң салымы бар эриндердин жабыркап жана жарылып жүрүүсү жарабайт. Ошондуктан мындан тез арада арылуу керек.

Сүрөт

Эриндерди кургаткан себептер:

1- Кыш айларында эриндерге нымдуулук жетишейт

2- Эриндерди тиштеп алган учурда жабыркоого учурап жарыла баштайт

3- Эриндериңизге тилиңизди тийгизе берген адатка көнүп алганда

4- Организмге В витамини жетшпейт жатса

Сүрөт

Үй шартында кургак эриндер үчүн бальзам жасап алсаңыз болот

1- Аарынын момунан 1 чай кашык, кокос, миндаль майларынан 1 чай кашыктан, Е витамининен 1 чай кашык алып жакшылап аралаштырып оозу бекем жабыла турган идишке салып коёсуз. Андан кийин ар бир тамактанып бүткөндөн кийин эриндериңизге сүртүп жүрөсүз.

Сүрөт

2- Ши майынан 1 чай кашык, Е витамининен 1 чай кашык, мята эфир майынан 1 тамчы, какао майынан 2 чай кашык, аары момунан 4 чай кашык алып аралаштырып коёсуз. Андан ары каалаган учуруңузда колдоно бересиз.

3- Аары момунан 2 чай кашык, какао, миндаль, манго, алоэ, касторово майынан 1 чай кашыктан алып, аралаштырасыз. Бул бальзам дагы эриндерди азыктандырып кургактыктын алдын алат.

Сүрөт

Кургак эриндер жана учук

Кээде кургап жарылган эриндерге учук чыгат. Ал оорутуп, дүүлүктүрөт. Бир аптадан өтүп айыга баштайт. Муну да үй шартында алдын алып жана дарыласа болот.

1- Кыш айларында эриндерге ар дайым бальзам сүйкөп жүрүү

2- Күндөн жана шамалдан сактоо

3- Суусундукту тиешелүү өлчөмдө ичүү. Күнүнө 8 стакан суу

4- В группасындагы витамин жана жез заты бар азыктарды көбүрөөк колдонуу

5- Тилиңизди тийгизбей, тиштебей, терсин сыйрыбай жүрүү

Сүрөт

Эриндеги учуктун алдын алуу үчүн аптасына бир жолу жеңил пилинг жасап коюу жетиштүү болот. Ал үчүн жумшак тиш жуугуч щёткага вазелин же миндаль майын сүйкөп сүртүп коёсуз.

Ал эми бальзам жасап колдонууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда, үйдө жүргөн маалда каздын майынан кам каймактан же вазелин сүйкөп коюп жүрүңүз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   angels   25 Ноябрь 2015 - 01:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 246
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Мар 2019 13:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   kanykey125   09 Декабрь 2015 - 02:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 24 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 08:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Екатеринбург

Менин чачым ичкерип жатып калып жатат бат эле.башымы эрте менен жуусам кеч болуп калганда бир жума башын жуубагандай болуп корунуп калат.Евондун шампунун колдоном.шампун чачыма туура келет сухой ..кенещ бериниздерчи. жумушта сутка иштейм эртеси жумуштан чыксам баягы корунуш кир корунот чачым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   elysium   09 Декабрь 2015 - 23:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 05 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 18:53

беттеги тырыктарды кантип кетирсе болот жардам бергилечи, атайын мазь бар экенго атын таппай жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Mediziner   21 Январь 2016 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения angels (25 Ноябрь 2015 - 01:11) жазган:

Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?

Чачтын көп түшүшү ооруга, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт ооруларга, ошондой эле чач түбүндөгү бездердин функциясына байланыштуу болот. Чачта май безинин функциясы бузулганда териде майлуу же кургак какачты пайда кылат.Оор жана тар баш кийимдер, кеп чачты такай кийип жүрүү чачтын түшүшүн күчөтөт.Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап, сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температура теринин үстүңкү кан тамырлары кысылып чачка керектүү азык заттын келишин азайтат.
Башын ар дайым айран же айрандын сары суусу менен жууп жүрсө, чачы бат өсөт жана көп түшпөйт.

Маска:
100 грамм коньяк менен 1 жумуртканын сарысына бир даана пияздын ширесин аралаштырып, суюктук бирдей калыпка келгиче чаласыз. Даяр болгон массаны чачынын түбүнөн учуна чейин сүйкөп, андан соң башына баштыкча кийгизип коёсуз. Бул ыкманы жумасына бир жолу эки сааттан кармап жасайсыз.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Janyla   22 Январь 2016 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения angels (25 Ноябрь 2015 - 01:11) жазган:

Чач тушуу боюнча билгендер айтып койгулачы. Куйоом 26 жашта. Чачы тушуп атат. Жаздыкка даана билинет. Не кылса болот. Неге тушот?


Чачтын тубуно чеснок менен суртсо жакшы жардам берет.Чачын кырып салып эле чеснокту эзип,жумасына 2-3 жолу 15-20 мин маска койсо да калын,жакшы чач чыгат.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   ilgizk   01 Март 2018 - 10:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Азыркы сайттарда реклама кылып жатышат го чач түшүп баратса токтотконду, ошондой эле чач чыгарат деген кремдерге ишенсе болобу, ким колдонуп көрдү, колдонгондор болсо резултат болдубу жаза кетсеңер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Melis2014   11 Март 2018 - 00:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 01 Февраль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 01:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Чачым тоголок болуп тушуп калды билгендер кенеш бергилечи эмне колдонсом болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Lion.   11 Март 2018 - 00:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 785
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 06 Янв 2020 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Койдун майын сүйкөп коюңуз эгер болбосо антигрипин ичиңиз))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Shaa-82   11 Март 2018 - 06:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Аптекада калемпирдин настойкасы бар ошого чеснокту майдалап туурап кошуп ошонуле сурто берсенер жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   ilgizk   11 Март 2018 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Коньяк колдон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Bek_abad   11 Март 2018 - 13:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2025 15:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Кырыш керек, жаңылап турбаса назиктеше берет..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Melis2014   11 Март 2018 - 21:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 01 Февраль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 01:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Просмотр сообщения Shaa-82 (11 Март 2018 - 03:59) жазган:

Аптекада калемпирдин настойкасы бар ошого чеснокту майдалап туурап кошуп ошонуле сурто берсенер жакшы.

Рахмат кенешине
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 69 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 69, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 00:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: