Мен бир аз вирт дүйнөсүнөн алыстай түшкөндүгүмө байланыштуу бул сынак тууралуу эч кандай кабарым жок эле Леди келип коңгуроону катуу каккылап атайын маалымдабаганда, балким, ошол бойдон кабарсыз калып кетмек белем ким билсин...?
Ошол, анда ишке өтө турган болсок, чындыгында абдан татаал сынакты жарыялоонун алдында турупсуңар. Башкалар үчүн кандай билбейм, ал эми мен үчүн "ДИН" темасы өтө татаал, ар тараптуу, учу-кыйыры көрүнбөгөн ушунчалык зор, эбегейсиз темадай туюлат. Ошондуктан, бул бөлүмгө кирип кайсы бир темада кимдир бирөө менен талашып-тартышкандан да айбыгып турам. Эмне үчүн дегенде ачыгын айтыш керек, жеке менде дин, ислам тууралуу маалыматтар өтө аз. Калыстыкты сунуш кылган экенсиздер, сунушуңуздарды кубануу менен гана кабыл алгым келип турат, а бирок мендеги кыпындай диний маалымат менен кара кылды как жарган калыс болуп бере аламбы деп тартынып турам.
Менин түшүнүгүм боюнча калыстыкка шайланган адам динди чемичкедей чакпаса дагы, дин боюнча жетишээрлик билими болуш керек го деп ойлойм. Макул десеңер мен сынактын грамматикалык, жана эсеп-кысап жагына көмөктөшөйүн.
Анан дагы бир жери, Дауд мырза таймаштын тапшырмасын түшүнүктүү кылып түзүп чыккан экен, ал эми шарттары чийки бойдон тургандай сезилди. Ошол боюнча бир аз мээни калчап ойлонуп келейин, оңгулуктуу бир нерсе ойлоп тапсам сөзсүз түрдө сиздерге сунуштайм.

Супер-Инфо
super.kg
видео














