13.
Апам менен Калча аяш энемдин күдүңдөшкөнүндө кеп бар экен. Апам мени алып кала албасына көзү жеткенден кийин, амал издей баштайт. Кантип ымандуу кызымды шаарга жалгыз жиберем деп, тыбырчылап жүрүп, кокус, Аманбайдын Фрунзеге окууга барарын угат да, күтүлбөгөн акыл табат. "Раис акаминиуулу Прунзага окууга барганатыптыр.
Алмакан келиң-алыңдуу,
сөөк карындашка ылайыктуу байбиче"-
деп атама кыңгыратып угузат. Атам алгач, атасынын көру, раистиги өзүнө деп ынабайт. Апам атамдын кулак-мээсин койбойт:"
Түшүнбөгөн садда адамсың да. Бизге анын чоңдугу же дүйнөсү керек эмес. Гүкүш окуп жүрүп, бир чачы сексейген немени ээрчип кетсе эмне кыласың? Мен ошол жагын ойлоп атам"- деп шаштысын алат. Атам да кабыргасы менен кеңешип көрүп:"Биз өзүбүз сөз айттырсак уят эмеспи?- деп кыйылат.
-Сиздин саддалыгыңызды?
Биз өзүбүз айттырмак белек? Калчаны ортомчу коебуз. Ал өзүнүн сөзү кылып, эжесин көндүрөт. Кудалашабыз да, эки баланы кошо окууга жиберип, тынчып калабыз.
Атам да макул болуптур.
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#81 19 November 2014 - 08:36
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#82 20 November 2014 - 03:11
Калча эже апамдын ынак теңтушу. Алмакан эженин бир тууган сиңдиси. Айласы түгөнгөндө апам ушуну ойлоп тааптыр. Бул өтө акылдуу ойлонулган куулук. Жашыруун кудалашып, калың алып, менин бак-таалайымды,
башымды Аманбайга энчилеп, анан элге:"Мынаке,
окууга жибердим"
- деп, апам мактанат эмеспи.
Кеп анда эмес...
Аманбай-аябай шок, өзүммүн деп, менменсиген бала. Ырас, сабактан жакшы окуйт. Бирок, кээ бир мугалимдер атасынын урматы дейби, опсуз эле макташа беришип, бир жолу аны үйлөгөн чаначтай дердейтип коюшкан тура.
Эмесе анын эски жоруктарынан баштайлы...
..
Кеп анда эмес...
Аманбай-аябай шок, өзүммүн деп, менменсиген бала. Ырас, сабактан жакшы окуйт. Бирок, кээ бир мугалимдер атасынын урматы дейби, опсуз эле макташа беришип, бир жолу аны үйлөгөн чаначтай дердейтип коюшкан тура.
Эмесе анын эски жоруктарынан баштайлы...
..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#83 20 November 2014 - 03:34
Төртүнчүдө окуп жаткан чагыбыз. Жыл жарымында биздин агайыбыз сабатсыз деп, айдалып анын ордуна башка жактан бештааныш агай келди. Ал кыска бойлуу, бетинин сөөктөрү оркоюп чыгып турган жаш жигит экен. Жаңы агай биринчи сабакта баарыбыз менен илгериңки саламдашып,
аңгемелешип чыкты. Агай экинчи сабакта окуучуларды жоктоп, тизме чакырды. Аманбай уруксат сурабай эле ордунан тура калып:
-Агай, менин фамилям журналда биринчи жазылып турчу эле, сиз тизменин аягына жазып коюпсуз?- деп нараазылыгын билдирип тултуйду. Тултуюшунун жөнү бар. Айдалган агайыбыз ушул убакка чейин анын атасына жагынгысы келип, тамга тартибин бузуп, "Эргешов барбы?- деп биринчи чакырчу.
Жаңы агайыбыз антпептир, жылмайып:
-Фамиляң ким?- деди.
-Эргешов,- деди сыймыктангандай. Дагы минтип кошумчалап, -агай менин атамды билбейсизби?
Агайдын чекеси тырыша түштү:
-Билбейм. Тамга тартиби боюнча "Э" тамга аягында келет. Биринчи класста окудуң беле?- деп кайра өзүн уяткпрды.
Биз баарыбыз жапырт күлүп жибердик. Аманбай эмне кылаарын билбей, бир кызарып, бир бозоруп туруп калды.
Кийинки сабакта Аманбай таарынып үйүнө кетип калды. "Жаңы агай менин фамилямды тизменин аягына жазып коюптур"- деп атасына арызданып барыптыр.
Эргеш аке да кызык киши да. Фамилия тизменин башындабы, аягындабы андан эч нерсе өзгөрбөйт да. Арифметиканын тили менен айтканда, сандардын орду алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи.
Андан акылың бөксөрбөйт, боюң кыскарып калбайт деп уулун уяткарып койбой, Эргеш аке эртеси Аманбайды учкаштырып, директор агайга келип:
-Уулумду таарынтпагыла, биринчи жазып койгула,- деп талап коет. Бүт мугалимдер ортого алып:"Аманбай аксакалдын жалгыз уулу, өкмөткө эмгек сиңирген, кадыр-барктуу киши. Сен жаңы келгендик кылба"- деп суранышса да, агай тилдерин албай:
-Бул го колхоздун раиси экен, көрүнүктүү жетекчилерибиз деле тамганын тартиби менен жазылып жүрүшөт,- деген имиш.
Сөзү сынып, намыстанган Эргеш аке ачууланып, уулун коңшу колхоздун мектебине окутуп койгон.
Жаңы агайыбыз сабакты жакшы түшүндүрөт экен. Биз баарыбыз жакшы көрүп кеттик. Бирок кийинки жаңы окуу жылында сүйүктүү агайыбызды таппай калдык.
Бешинчи класста Аманбай кайра бизге кошулду.

#84 20 November 2014 - 03:57
Анда алтынчыдабыз.
Физкультура сабагынын мугалими ооруп калып, балдар өзүнчө эле дене чыңдамай болушту. Чоң көпүрөдөн мектепке чейин жарышып, ким озуп чыкса ошол класстын күлүгү аталмак. Кыйынсыган беш бала суурулуп чыкты. Багалектерин түрүп, эдиреңдеп чуркап кетишти. Алардын арасында бири-бирине өч Аманбай менен Абдылда да бар.
Аралык жарым чакырымча бар. Кимиси озуп келээр экен деп карап турабыз.
Бир карасам Аманбай эң алдыда чымын-куюн болуп чуркап келаткан экен. Анын артында Абдылда келатат.
-Аманбай бол, бол!- деп аны жандагандар жан-алы калбай кыйкырат.
-Абдылда ыкчамда, аз калды,-деп аны жактагандар кол булгашат. Мен ал учурда Аманбайды ичимден жакшы көрчүмүн. Болжогон жерге он кадамча калды. Абдылда зуулдайп жанаша түштү.
-Аманбай, Аманбай!- тыбырчылап, кыйкырып жиберипмин. Менин кыйкырыгымды укпай да калды. Абдылда андан озуп, биринчи келди. Чарчаган, ызаланган Аманбайга эч ким көңүл бурбай, озуп келген Абдылданы тегектешип:
-Азампт, чыныгы күлүк сен экенсиң!
-Келе колуңду, класстын күлүгү.
-Бали, азамат.- дешип ортого алып мактап жатышты. Абдылда аябай күйүккөн экен араң дем алат.
Аманбай эриндери кубарып, ага карай басты. "Азаматсың досум" деп колун кысар бекен деп турсам, кайдан кыссын. Ал эч качан биринчиликти бирөөгө берген эмес да, дайыма биринчи.
Кепке-сөзгө келбей эле Абдылданы кулак түпкө муштап калды. Баарыбыз чурулдай түштүк. Абдылда бирөөгө оңойлук менен өнөкөтүн алдыра турган жан эмес экен- деп тегеректеп турабыз. Кымыңдап, эси-дартым Аманбай жыгылбаса экен дейм.
Өкүнөм,бул жолу да чаңгабулганып, жыгылып калды. Алдында жатып, Абдылданы мурунга коюп жиберди эле, кан жайыла берди.
-Абалың ушул экен го-деп, ал чоң ишке жарагансып, чаңдарын кагынып туруп кетти.
Булардын бардыгын тентектик, балалык, шоктук деп коелу.
Анда такыр эси-дартымдан кетпеген, жүрөгүмдү ызалантып мыкчыган, мага жасаган дагы бир шайкелеңдигин кантип унутам?

#85 20 November 2014 - 04:10
...Биздин ынактыгыбыз сегизинчи класста окуп жүргөндө башталды. Экөөбүз бир класста окуйбуз. Күнүгө көрүшүп турабыз. Ага алымсынбай,
кат жазышабыз. Анын да себеби бар. Эгерде балдар менен кыздар көз көрүнөө жанаша басып, жакшынакай ой-тилектерин кымсынбай сүйлөшө ала турган болсо, анда биздикиндей "ууру" каттар болбосуна мен ишенем. Эмне биздин ошол бирибирибизге бере албай кыйналган каттарыбызда жашыруун чоң сырлар бар дейсиңерби?
Жок, жөн эле өз ара сүйлөшчү сөздөр болчу.
Аманбай эркек бала эмеспи, катын китебиме, же чөнтөгүмө учурун таап салып коет. Мен кыйналчумун. Кээде үч-төрт күн жазган катым "ууру чөнтөгүмдө" сакталып жүрүп, тытылып кетчү. Аманбай көз карашымдан сезип, жаныма отура калып:"Бери бер" дечү. Чоочун көз көрүп калабы деп, мен апкаарып батынчу эмесмин.
Акыры мындай айла ойлоп таптым. Аманбай экөөбүз бир айылданбыз. Мен алдыда шыпылдап баратып, катымды түшүрүп коем, ал жете келип илип кетет. Ошентип, беш ай кат түрүндө сүйлөштүк. Комсомолдун райондук активине барганда, элден уурданып экөөбүз жанаша отуруп сүрөткө түшкөнбүз. Мен кечтелеп (эстеп жүр деп алыскы сапарга коштошуп жаткандай) атластан кол жоолук тигип бергенмин. Аманбай сегизинчи мартка деп атыр, упа, самын, бетмай берген.
Эгерде биздин булактын көзүнөн чыккан тунук суудай ынактыгыбыз булганбай, ушул күнгө созулса, анда мен апамдын күтүлбөгөн амалына маңдай жарылып кубанбайт белем.
Ал үчүн да Аманбай күнөлүү...

#86 20 November 2014 - 04:32
Бул кокустук тогузунчу класстын башында башталды. Бизге Айбашев деген жаңы директор келди. Агайдын Аписа деген кызы бар экен. Бирге окуп калдык.
Аписа-ашкан шайыр, дилгир, оюнкараак кыз экен. Тез эле баарыбыздын ичи-койнубузга кирип, биз менен ынтымак болуп кетти. Ал мурду куюлуп түшкөн сулуу эмес болчу, жылдыздуу эле. Айрыкча анын кыялычы. Эч ким менен урушпайт. Бизге балдар тамашалап тийишсе, дароо тултуңдап, ошол замат беттен алып уруша кетебиз. Анткени апаларыбыз жашыбыздан: "Балдарды өзүңө аймаакы кылба. Тийишсе беттен аймап ал, агайыңа айт"- деп кулагыбызга куюп үйрөткөн.
Аписачы! Жо-ок! Ал такыр бизге окшобойт. Балдар кокус орой сөз айтып жиберишсе, ал башын чайкап, күлүп туруп:
-Ой, ой, ушул сөз кантип тамак ичкен оозуңдан чыкты,- деп уяткарып коет экен.
Биздин класстын балдары аны жакшы көрүп, биз четте калдык. Ошон үчүн жактырба, түйдөк чач деп, кырыбызды салып жүрдүк.
Ал шаарда окуптур. Орус тилин суудай билет экен. Ал майкачан, эмчегин торсойтуп, эч кимди көзүнө илбей эркек балдар менен атааңдашып, волейбол ойночу. Айрыкча ал велосипед минип, биздин кыштактын көчөлөрүнөн өйдө-төмөн зырылдап өткөндө, кемпирлер жакасын кармашып:
-Ой, тооба, кыргыздын кызы да ушундай болобу? Бул ата-энелүү кызбы? Дагы директор имиш. Элден мурда өзүнүн кызын адептүү кылып албайбы? Мунусун койбосо, көрөсүңөр, бул кыздын мойну үзүлөт,- деп кезенишкенин көп уктум.
Кийин экөөбүз ынтымак боло баштаганда:
-Аписажан, ушул айыл арасында велосипед минбесең, такыр жарашпайт экен. Кемпирлер нараазы десем, боору эзилип күлүп:
-Ой, Гүкүш, сенин башыңда да эскичилик жаткан экен. Чеховдун "Кутудагы кишисине" окшойсуң да. Велосипед тепсең дене чыңалат, фигура кооз болот. -Анан ойлоно калып, ал эмт чоң энелерибиздин оюна койсоң, биз илгеркидей үлпүлдөп, төрдө отурушубуз керек. А качанга биз алардын ою менен жүрөбүз. Мисалы үчүн сен сулуу кызсың. Ким болсо да көз салып өтөт. Мынабу талпайган маасы-галошту качан таштайсың? Сенин сымбатыңды бузуп атат. Туфли кийсең жарашпайбы? Келинге окшоп жоолук салынып жүрөсүң.
Экөөбүздүн ынтымагыбыз күчөй берди. Анын кеңешин угуп, маасы-галошту, жоолукту таштадым. Сабакты бирге даярданабыз. Кээде биздикине келип калат. Апам "кызым кел, кел" деп оозунун учунда айтымыш болот. Ал кеткенден кийин:
-Карасаң, эки балтырын кызартып, уялбай отурат. Уят кеткен да. Көп келбесин биздин үйгө,- дейт.
Кантип келбе деп айтам. Дагы бир жолу черчение сызып отуруп:
-Аманбай мага жагат. Шамдагай. А сагачы?- дер менден сурады. Мен унчукпадым. Ичим тарып "ал экөөбүз былтыртан бери кат алышып жүрөбүз" деп айтууга камданып, оозум барбай, унчукпай койдум.

#87 20 November 2014 - 04:43
Ай, менин тартынчаактыгым,
уялчаактыгым.
Эмне үчүн мен аны жактырып жүрөм деп, тайманбай эле айтпадым экен. Ошондо сыр жашырбасам,
мындай болбойт эле. Сентябрдын аягында сокур ичеги болуп, райондук ооруканада жатып калдым. Аписа күн-алыс велосипед менен келип, абалымды сурап, мектептеги жаңылыктарды айтып турду. Аманбай бир жолу келип, терезеден шыкаалап, кабар алып койбоду. Табышмак, эмне үчүн келбейт. Ал жер үстүндө барбы?- деп сураштан Аписадан уялам. Аписа мектептеги жаңылыктар,
балдар-кыздар жөнүндө эбиреп-жебиреп сүйлөйт. Бирок ал тууралуу ооз ачып койбойт.
Көп өтпөй эле окуучуларды Ошко пахта теримге кетти деп уктум.
Ноябрдын башында алар жумуштан келишти. Мен айыгып чыктым. Аписам баягыдай эле мойнума асылып, илбериңки. Ал сыртын салып унчукпайт. "Гүкүш жакшы айыгып чыктыңбы?- деп да койбойт. Ызаланам, ыйлагым келет. Бул эмнеси? "Ушунчалык белең" деп кат жазсам, жооп жазбайт, жаныма жакындабайт.
Кийинчерээк биздин кыздарга кеңири жайылып, ырдалып жүргөн:
Кат берсе жообун унуткан
Ушундай белең "А" тамга
Унчукпай неге жүрөсүң?
Убайды салып адамга,-
Деген күйүттүү ырды мен чыгарган болчумун.
Көп өтпөй эле окуучуларды Ошко пахта теримге кетти деп уктум.
Ноябрдын башында алар жумуштан келишти. Мен айыгып чыктым. Аписам баягыдай эле мойнума асылып, илбериңки. Ал сыртын салып унчукпайт. "Гүкүш жакшы айыгып чыктыңбы?- деп да койбойт. Ызаланам, ыйлагым келет. Бул эмнеси? "Ушунчалык белең" деп кат жазсам, жооп жазбайт, жаныма жакындабайт.
Кийинчерээк биздин кыздарга кеңири жайылып, ырдалып жүргөн:
Кат берсе жообун унуткан
Ушундай белең "А" тамга
Унчукпай неге жүрөсүң?
Убайды салып адамга,-
Деген күйүттүү ырды мен чыгарган болчумун.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#88 20 November 2014 - 08:27
Аписа менен ынактыгын, экөөнүн жаныбыздагы көмүр кенине велосипедчен тең жарышып, киного барып жүрүшкөнүн билип, бирге түшкөн сүрөтүбүздү,
анын каттарын тытып сууга агызып жиберипмин.
Жаңыдан бөртүп келаткан алгачкы махабатымдан кантсе да ошентип кол үзгөнмүн.
Аписа мурдагысындай эле жалпактар:
-Бирге сабак окуйлу, биздин үйгө кел, же:ушул базарда кенде кызыктуу кино болот экен бирге баралы.
Мен жиндиминби, экөөнүн арасына кыпчылып.
Мен колум бошобойт деп суз мостоем. Ал алакандай көздөрүн жалжылдатып: "Гүкүш, эмне жер карап сүйлөйсүң? Биздин арабыздан кара мышык өтүп жүрөбү?"- деп билмемиш болсо ансайын желкем тырышат. Анын кичи пейилдиги да жинимди келтирет. "Жигитиңди тартып алдым го, ошого ичиң күйүп жатабы?" дегендей сезилет.
Алардын ынак мамилесин баары билишчү. Айбашев агай да билет имиш деп укчумун.
Кийинки жылы Айбашев агай башка районго, мектеп-интернатка директор болуп көчөр күнү, Апийса ажырашаяк кылабыз деп, бирге окуган балдар-кыздарды үйүнө конокко чакырды. Келбесең каттуу таарынам деп, жалынып-жалбарганынан бардым. Баарыбызды Аманбай сүрөткө тартты. Апийса күтүлбөгөн жерден, Аманбай экөөбүздү жанаша туруп сүрөткө түшкүлө деп өтүндү. Биз болбой койдук. Ал бал тилге салып жатып, бизди сүрөткө тартып алды. Бирок биз урушкан кишидей, мурчуйган кебетебиз менен сүрөткө түштүк. Балдар аны-муну айтып да күлдүрө албады.
Апийса мени ары жетелеп барып, колума бүктөлүү кагаз берип:"Мен кеткенден кийин",- деп суранды.
Биз агайдын жүктөрүн машинага заматта жүктөдүк. Коштошоор учур келди. Аманбай жалдырап Аписаны карайт. Апийса баары менен кол алышып көрүшүп, мени кучактап, бетимден өөп:"Кат жазышып туралы"- деп айтты да, машинага ыргып чыкты. Узун кирпиктеринин нымдаша түшкөнүн көрүп калдым.
Кол булгап биз калдык. Машинанын үстүндө Апийса тике туруп, кызыл косынкасын булгалап баратты. Бул булгоо бизгеби же Аманбайгабы ким билсин?

#89 20 November 2014 - 18:30
Коштошордо колума карматкан Апийсанын катын, ушул убакка эң кадырлуу эстелик катары сактап жүрөм. Минтип жазыптыр: "Кечээ ал экөөбүз киного бардык. Кайтып келатканыбызда ал эстеликке сүрөтүн берем деп, комсомол билетин аңтара баштады. Бир сүрөт түшүп кетти. Озунуп ала койсом, экөөңөрдүн жанаша түшкөн сүрөтүңөр. Артында сенин колуң менен жазылган бир куплет ыр жүрөт. Ал эмне дээрин билбей, колумдан жулуп алып тытып жиберди. Аны менен да сүрөт алышып жүргөн турбайсыңбы деп урушуп, таарынып басып кеттим. Ал артымдан жетип, колумдан кармап, болгон окуяны айтып берди.
Былтыр күздө такып сураганымда эмне үчүн жашырдың экен? Сенин уялчаактыгың ай. Ишенип кой, силердин ынак мамилеңерди билген эмесмин.
Эми эмне кылуу керек? Өзүм да билбейм. Мен аны жакшы көрөм. Эгерде мындан ары силердин көз карашыңар күчөсө, мен кубанам, каршы эмесмин.
Гүкүш, сен кандай жакшы кызсың. Сени эч качан унутпайм! "
Жаңыдан көктөп келатканда соолуп калган менин балалык сезимим жанданмак беле? Таң калам, эмне үчүн ал биздин сүрөттү сактап жүрдү экен? Түшүнбөдүм. .. Али да түшүнбөйм...
Апийсага: төгүлгөн аяк толчу беле, өтөөр иш өтүү. Силердин ынак болушуңарга тилектешмин. Сага кыпындай да таарынычым жок, деп кыскача кат жаздым.
Кийинчерээк Аписа кат жазып, өзүнүн ыраазычылыгын билдириптир. "Аманбай кат жазып жүрөт. Бир-эки жолу келип кетти. Мамилебиз жакшы эле. Бирок анын ата-энеси менин атымды уккубуз келбейт дейт имиш. Көрө жатарбыз" деп кайгырып жазыптыр.
Аманбай ата-энесине ошол кызды алам, ал экөөбүз бирге окууга барабыз деп, айттырган экен, Эргеш аке ызырынып:" Ал кызды астанамды аттатпайм," - деп уулунун шагын сындырыптыр деген айың тарап жүрөт. Жалганбы, чынбы билбейм.
Аманбай шок, эрке болгону менен ата-энесинин тилинен такыр чыкпайт. Муну жакшы билем.

#90 20 November 2014 - 18:42
Бир кезде эч себепсиз чанып кеткен Аманбайга дагы башым байланабы? Жүрөккө так болгон эски кеп, ар-намыс муунтуп, ачууландым.
Көз жашымды чубуртуп, жаным кейигенде уят-сыйытты таштап, ушулардын бардыгын апама жашырбай айттым да:
-Ошол немеге мени кантип кор кыласыз?- деп жалоорудум. Апама менин көз жашым, зыркырап айткан сөздөрүм таасир этпеди.
-Мына, өзүң айтып отурасың, бизден мурда кат алышып жүргөн турбайсыңарбы?
-Ал чанып кетпедиби..
Апам боору эзилип каткырып күлөт.
-Чанып кетпедиби? Бул сөздү кайдан үйрөнүп жүрөсүң? Эрди-катын гана бири-бирин тоготпой чанат. Эки жашабай жатып, качан чанышып жүрөсүңөр? Булардын билбегени жок.
Менин салаалаган көз жашымды жеңинин учу менен аарчып: "Апсайган чалга бараткансып өксүп ыйлабачы кызым. Айзада качканда сөйрүк Эсенамандын атасы "Каалашыңча калың берем" деп сөз айттырганда, баласы биздин кызга тең эмес деп, макул болбой койгонбуз. Ошондон бери атаңа кас болуп, тетири карап жүрөт. Аманбай жакшы атанын баласы, өзүң менен тең. Апасы да келиң-алыңдуу, камбыл аял. Экөөңдү кошо окууга жиберебиз. Ээрчишип жүрөсүңөр. Биякта биздин да уйку тынч. Ыйлабачы.
Күйүтүм тереңдеп, сызылып, өпкө-жүрөгүмдү аралап чыгат. Көз жашым басылбайт.
Апам менин жүрөгүмдү мыкчыган кекти, оргуштаган сезимимди кайдан түшүнсүн?

#91 21 November 2014 - 03:54
14.
Түн. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Асманда уюлгуп түнөргөн булуттар биздин гана коргондун үстүн чүмкөгөнсүйт. Кээде тоо башы жаркылдап, алыстан күн күркүрөйт.
Мен жаңы көчүрүлүп келген келиндей жоолукту үлпүлдөтө салынып, өзүбүздүн төркү мейманканада отурам. Апам эң жакшы кийимдеримди кийиндирген. Жалгызмын... Демим кысылат, тамагыма бир суюк нерселер топтолот. Эчкирип ыйлагым келет.
Апам Шарапаткан менен Туратбектин курсактарын тойгозуп, күн батканда эле меймандар келчү үйдүн бурчуна зордуктап жаткырып койгон. Шарапаткан кыз эмеспи, бир нерсени баамдагандай, жаткысы келбей: "Апа эжемдин жанында отурайынчы" - деп жалдырап сураса да, апам кагып койду эле, жал-жал карап жатып калды. Алар эч нерсе менен иши жок уктап жатышат. Бейкам балалык кандай жакшы!
Апам бүгүн керели кечке шымаланып, ак патир нандарды жапты. Боорсоктор жасады. Азыр дасторкону лаяр. Ардактуу меймандарды гана күтүп турат.
Бирок алар кычагандай кечигишет. Ошон үчүн апам да, атам да тыбырчылап, кыжыл. Атам улам көчөгө чыгат да, жол карап күтөт, күтөт, жадаганда башын жерге салып суз кирет. Мен баарын терезеден көрүп турам. Апам мойнун созуп:
-Көрүнөбү?- деп бирөө тыңшап тургандай шыбырап сурайт.
-Жок,- деген атамдын ачууланган үнүн угам.
-Сизге эмне жин тийди. Келишет да.
-Келишпесе коюшсун. Эмне бой көтөрүп, назданышат жол каратып. Айтпадым беле, Эргеш чоңдугуна ишенип чалкалаарын билгенмин,- деп колун артына алып, айванда ары-бери басат да, -ушул ишти бузуп салайынбы?- деп апама угуза сүйлөйт.
-Ой, сизге эмне жин тийди. Сабыр кылың да. Иштери чыгып калгандыр. Же элдин аягы басылсын деп жатышкандыр. Иш бүтүп калганда,- деп апам менин үстүмө кирет. Кыжаалаттыгын билдирбей, калп эле күлүмүш болот. Бирок бетиндеги сары түктөрүн кантип жашырат?
-Эрикпей отурасыңбы Гүкүш? Садагаң блоюн, өпкөмдү чабайын,- деп маңдайымдан кпбат-кабат өбөт. Кирпигимде көлкүлдөгөн көз жашым мурдуна жукканда, чочумуш болуп:
-Ыйлабачы,- деп бооруна кыат.
-Апа!
-Садагаң болоюн. Атаң ошенте берет. Азыр келет,- деп көңүл айтып, эшикке чыгат да, атамды нары жетелеп, жемелей баштады. Апамдын "кызың" деген сөзүн угуп калдым. Түшүнүктүүбү? Көп ары-бери басып кыжына бербечи, кызың ыйлап атат деп акыл үйрөтту да.

#92 21 November 2014 - 07:17
Элдин аягы басылганда,
жашырынган уурудай Эргеш аке, Алмакан эже, Калча аяш энемдер келишти. Алардын келгенин коңшуларыбыз эмес, эшигибиздин алдында кулагын жапырып жаткан көк дөбөтүбүз да туйбай калды. Алар союшка чоң куйруктуу кой жетелеп, мага помбаркуттан көйнөк, кызыл хром өтүк, жүн жоолук, костюм, апама атлас көйнөк, атама пальтолук драп алып келишиптир.
Мен кийимдерди кызыгып караганым да жок.
Кудалар мейманканага отурушту. Атам алардан бата алып, өзүбүздүн куйругуна кучак жетпеген кара коюбузду сойду.
Жамгыр жаап кирди. Калча аяш энем чыгып, очоктун боюнда казанга эт салып жаткан апамдын жанына отура калып:
-Аяш эмне мурчуят. Такыр сүйлөбөйт.
-Адаты да, эми билдиңби?- деп апам жууп-чайып жатпайбы.
-Эмне кечиктиңер?
-Эл тынсын, кой жетелеп баратканыбызды бирөө-жарым көрүп калат деп эле жездеп көгөрүп отуруп алды. -Аяш энем кысталып сүйлөдү. Кийинки шыбырашкандары угулбады. Аяш энем кирди да, атам апамдын жанына келди.
-Эмнеге чакырдың?
-Кудаларга эмне унчукпайсыз?
Атам отко чырт түкүрдү да:
-Ырдайынбы?
-Ырда деген ким бар? Үйгө келген мейманды ит кабат болбой, унчукпасаң уят эмеспи. Жакшылык ишти ойноп-күлүп бүтүргөн жакшы да.
Атам бирдеме деп, сүйлөнүп кирип кетти. Артынан апам жөнөдү.
От жабырттап күйүп, казанда койдун эти боркулдап кайнап, төркү мейманкада кобур угулат.
Кыз деген ушул экен да. Өпкөм көөп, демим кыстыгат, бакырып ыйлап, нөшөрлөп жаткан жамгырды жыңайлак аралап:"Эл- журт ойгонгула! Силер эч нерсени туйбай уктап жатасыңар. Төркү мейманканабызда менин өмүрүмдү баалап жатышат", - деп жар салсам... Андайга жарасам, кеп ушундай болмок эмес.
Үргүлөп баратып, кимдир бирөөнүн күдүңдөп сүйлөшкөнүн кулагым чалды. Тааныш үн. Анан эшикке чыга калсам, атам менен апам сүзүшчүдөй, бет маңдай болушуп, талашып жатыптыр. Алар мени байкашпады. Дубалга сүйөнүп, демимди чыгарбай, тыңшап калдым.
Деги булар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышат?
-Сиз жинди болдуңузбу? Мен аял адам болгонум үчүн унчукпайм. А сиз айтканыңыздан кайтпаңыз. Көгөрүп, жер карап отура бериңиз. Алар ушунча келишип, куру кайтышмак беле?
Атам мурутун чыйратып ыңгыранат.
-Тырмышып жатып алуу уят эмеспи. Көп суктук жакшы эмес, мынчадан кеми жок дешке бет чыдабайт экен. Мал баалап жаткансып.
Атам дагы чырт түкүрдү.
Апам атамды арыраак жетелеп:
-Ушу сиздин саддалыгыңыз качан калат? Бизге калыңды бекер бермек беле? Ошого ылайык сеп беребиз. Баш берип жатабыз.
Атам маңдайын тырыштырып мурчуят.
Кимде ким мал базарда болсо, соодалашуу кандай жүргөнүн билет. Сатуучу маланын наркын көтөрүп, мактап, тишин көрсөтүп, уй болсо сүтүн айтып, жылкы болсо күлүктүгүн, жорголугун мактай берет. Алуучу да митаамдык менен улам ары өтүп, бери өтүп, башын чайкап, төмөндөп айтат. Көңүлүнө жагып турса да, сыр алдырбай кетенчиктей берет. Ар кимиси өзүнүн наркын айтып:"Барака табың, барака табың",- деп колдорун бекем кысыша берет.

#93 21 November 2014 - 09:24
Булар нарк коюп, талашып-тартышкандай мен бал эмесмин да. Бул эмне деген дөдөйлүк!
-Апа-а!- деп бакырып жибердим. Апам селт бурулду да, атам кирип кетти.
-Караңгыда турба. Үйгө кир.
Апам жетелеп кирди.
-25 миң берсин деп көгөрүп жатам. Бул да сенин баркың.
-Мага андай барктын кереги жок!- деп жаным ачышып кыйкырып жибердим. Апам колу менен оозумду баса калып:
-Шүк, эс-акылың менен бол. Биз сени сатып жатыппызбы? Эси жок десе. Эркелетип койсо, чоеңдоп баратасың да. Бул- илгертен келаткан элибиздин салты. Мен да 25 миңдик сеп жыйнап жүрөм.
Апамдын үнү каргылдана түштү.
-Апаң сенден айлансын. Сени тынчысын деп, апаң ушинтип жатпайбы.
Апамдын ысык көз жашы бетиме тамганда, мен ансайын шолоктоп ыйлап, экөөбүз бир канчага кучакташып туруп калдык.
-Ой, кайдасың?- деген атамдын үнү бизди ажыратып жиберди.
Эргеш аке да көп кыйылыптыр. Мен мунун бардыгын сиңдимден уктум. Ал кобур-шыбырдан ойгонуп кетип тыңшап жатыптыр. Эргеш аке 20миңден бир тыйын да ашпайт деп, көгөрүп отуруп алган имиш. Апамдар сыртта тартышып жүргөндө, алар да өз ара келише албай, кызаңдашыптыр. Алмакан эже, менин аяш энем Эргеш акени ортого алып:"Кызы бардын назы бар, айтканына көнөлү. Беш миң сомдук адам белек. Баш алып жатпайбызбы" дешиптир. Эргеш аке ачууланып: "Кызын бекер бере тургансып Калмурза эмне мурчуят? Мына деп туруп кетермин. Уулум өзү эле Фрунзеден ээрчитип келет. Анын үстүнө Амаштын бул кызга анчалык көңүлү жок", деген имиш.
Апажан, сен дагы менин баркымды көтөрдүм дейсиң.
Бирок Алмакан эже: "Уулуң Прунзеден ээрчитип келген касиетсизди үйүмө киргизбейм. Гүлайым уят-сыйыттуу, ымандуу кыз"- дер отуруп алган имиш. Сыягы, алардын ортосунда келишпестиктер бар окшойт.
Акыры калың апам каалагандай 25миң сомго токтоптур. Баа бычылгандан кийин, алардын жайдары күлкүлөрү, бапылдаган сөздөрү угула баштады.
Эт тартылды. Алмакан эже өзүнүн шыбагасын "Мендей байбиче болсун" деп мага берип жибериптир. Ооз тийип да койбодум.
Эттин артынан, эки бала ынтымактуу, ырыстуу болуп, өсүп-өнсүн, деп үй көтөрө:"Оомийин" деп бата кылышты.
Апам үстүмө шыпылдап кирип:
-Тура гой. Энең сөйкө салганы келатат,- деп кабарлады.
Эринип турдум. Алмакан эже каадасын бузбай, жай басып кирди. Мен уялып жер карадым.
-Гүкүш, эми биздин бала болдуң, ырыс-кешиктүү бол айланайын. Эсен-аман жүрсөңөр бизге ошол канимет.
Кемселинин чөнтөгүнөн күмүш сөйкө алып, өзү шыкаалап жатып кулагыма салды.
-Ырыс-кешиктүү бол!- деп жашып, маңдайымдан чоп эткирип өптү да, апама карап: "И кудагый, ушул жамандардын астына кирели,- деп толкунданган үнү дирилдеп, аппак жоолугунун учу менен көз жашын сүртүмүш болду.
-Кудагый, жакшылык ишке ыйлачу эмес...
-Ыйлабай калайын, жетине албай жашып кетпедимби.
Аяш энем да эбиреп-жебиреп (кулагыма да кирбеди ийилип өбөм деп, көлкүлдөгөн көз жашымды көрүп, чочуп кетти.
-Ыйлаба! -Митаам жылмайып:
-Кыз жыргаар жерине ыйлап барат,- дем шакылыктап күлдү.
Ыйласаң минтишет. Ыйлабай койсоң дагы бир нерсени ойлоп табышат. Биздин энелерден шылтоо качып кутулбайт экен го.
Жашырынган уурудай түн жарымында кайтышты.
Апам көңүлү тынчыгандай:
-Ох, белим ий, чарчадым,- деди.
Мен кирпик какпай, нөшөрлөп куюп жаткан жамгырды тыңшап, уктай албай жаттым...
Баса, эртеге химиядан экзамен эмес беле.

#94 22 November 2014 - 08:46
15.
Чочуп ойгондум. Башым зыңылдап ооруп, курсагым ачыпикалыптыр. Ойлосом, кечээ түштөн бери жакшылап тамак ичпептирмин. Бирок тургум келбей, бекем чүмкөнүп жата бердим ныксырап.
Күн чыгып калса керек. Апам өзү шымаланып уй саап, кошуп кел деп бадаага Туратбекти жумшады. Турбадым... Тарткынчыктап жетелеп, торпокту аркандап келди. Турбадым... Түндө жуулбай калган казан-аяктарды калдыратып жууду, кыйналып-кысталып от жагып, сааган сүтүн асты. Турбадым
Атам атынитокуп коюп чай ичти. Апама бирдемелерди шыбырап, анан аттанып жөнөп кетти. Турбадым.
Өчөшкөндөй жата бердим. Күндөгүмдөй тура калып, өзүм билип уй саап, торпокту аркандасам, сүт бышырсам, кызымдын көңүлү кушубак жаркылдап жүрөт, ыраазы экен деп ичтеринен ойлошпойбу. Кайсы бетим менен атам менен бир дасторкондо бет маңдай отуруп нанүштө кылам? Бетим чымырайт...
Бүгүн химиядан эң акыркы экзамен. Озунгандар жооп беришип, эмне баа алдым экен деп, мектептин узун коридорунда толкунданып ары-бери басып жүрүшөт. А мен баш көтөрбөй, төшөктө чүмкөнүп жатам. Аманбайдын бетин кантип карайм? Жер карап унчукпайм. Ал өзү тийишип саламдашса кантем? Унчукпай койсом, балдардын алдында осолдоп, таарынып калсачы? Жайдары күлсөм, абалың ушул экен го деп ичинен мыскылдайт го. Эмне кылаарымды билбейм. Мукурайм.
Апам башыма отуруп, төшөктүмачып көрүп:
-Өпкөмдү чабайын, турагой. Күн шашке болуп калды. -Уйпаланган чачымды сылап: -Курсагың ачкандыр турагой,- деди.
Уктамыш болуп, билмемишке салдым. Мурдалары кеч жатып, эртеси уктап калсам, апам мындай мээримдүүлүк менен башыма отуруп, "Тура гой" дечү эмес. "Турбайсыңбы сасып жатпай, кыз бала кептердей сергек болчу" дечү.
Азыр чачымды сылап башымда отурат.
-Тура гой, Гүкүш. Экзамениңе барбайсыңбы?
Унчукпай туруп дубалда илинген күзгүгө бардым. Көзүм шишип, ыйлаганым билинип турат. Түндө чечинбей бир тийген экенмин, кечээ кийген крепдешин көйнөгүм уйпаланып калыптыр. Башка учур болсо апам куп жемелейт эле. Азыр эриндерин тиштенип унчукпады.
Түндө Алмакан эже мага деп атап берген жиликти Туратбек айвандагы сөрүдө аймаңдап жеп жатыптыр. Ал мени көрө коюп:
"Эжекем эрге тийсе, эскиси мага тиет" деп арсактап күлүп коет.
Басамкалып жикжийте муштадым баланы. Колунан жилиги ыргып, озондоп ыйлап калды. Апам да мени ачык жактап:
-Жакшы кылдың ошону, э бейжай өспөй кал. Экинчи ошентчи, жамажайыңды жырып коем,- деп айбат кылды.
-Туратбек бейжайлык кылганда дайыма ушундай атырылсаңыз, мындай болмок эмес, апа. Айып өзүңүздө. Мейли, өкүрүп ыйлай берсин.
Бетимди жууп, эртеңки нанүштөгө апам экөөбүз отурдук. Курсагым ачып турса да, жүрөгүмө эч нерсе барбайт. Апам зордоп жатып бир пияла каймакты жуткуруп жиберди.

#95 23 November 2014 - 07:06
Башка көйнөк кийип, күзгүнүн алдында каранып турсам апам минтип эскертти:
-Түндөгү ишти эч ким билген жок. Жашыруун... Адамдын душманы адам. Билинип калса, атаңа сөз тиет. -Чай ууртап коюп: -Дагы теңтуштарыңа мактанып айтып койбо.
Теңтуштарыма мактанат имишмин!
-Кокус кайнатаңа туш келсең, тастаңдабай жашырынып кал. Ызаат-урмат деген адамдын ичин жылытат. Түбөлүк атаң ошол киши.
Тура берсем апам дагы көп сөз айтчудай.Ансыз деле ичим бир кап болуп, терим жукарып, сөз көтөрө албай араң эле турам.
-Айылга барам, тез кел, -деп апам артымдан кыйкырып калды. Туратбек таарынып баягы ордунда көмкөрөсүнөн жатат. Жата берсин.
Дарбазадан чыга берип, Зулайга беттеше түштүм. Ал көмөкөйүн көтөрүп сүйлөп:
-Муну карасаң, шашып койбойт. Экзамен тең ортолоп калбадыбы. Агайлар сени эки жолу жоктоп, чакырып кел деп мени жиберишти.
Ал көзүн сүзүп, кебетемди байкады окшойт, -Ооруп атасыңбы?
Жооп бербей башымды чайкадым.
-Анан эмне кечигесиң?
-Жөн эле.
-Жөн кантип болсун? -Тыржыя түштүм.
-Сени тергөөчү койду беле?
-Койдум-койдум. Дөрдөйгөн эриндерин кымтылап, чурмуйду.
Экөөбүз сүйлөшпөй жанаша басып бараттык. Жайдын күнү жаш бала деп туура айткан. Түндөгү асманды чүмкөп, уюлгуган кара булуттар жок. Күн чайыттай ачык. Аба таза. Жолдун боюндагы катар мырза теректердин жалбырагы жамгырга жуулуп, өзгөчө кооз көрүнөт. Алсыз шамалга кыл учтары ары-бери шоокумсуз назик ийилет.
Капыстан сопоң этип бет маңдай тараптагы көпүрөнүн арт жагынан тору аттын койкоңдогон башы, камчыланган Эргеш аке чыга келди. Анын жанында дагы бир атчан бар экен. Заманап тарып, шашып калдым. Шарт артыма бурулуп качып берсем, Зулай эмне деп ойлойт? Соо эмес, болуп коюптур деп заматта элге таратып жибербейби. Эмне кылам? Анаке атчандар да жакындап келатат. Экөө кобурашып, сүйлөшүп бизди да көрбөйт. Бетим чымырап, жүрөгүм ойноктойт. Уят... уят... уят.. Өлүм, өлүм!
Зулаүды сеникүтө тур деп, жол боюндагы Токтобай акенин үйүнө кире качтым. Алардын кабаган ити тандырдын алдынан чыга калып, арсылдап качырып жөнөдү эле, бир чыңырып отура калдым. Кайриет, ит катылбады. Кыймат эже корккон үнүмдү угуп, чыга калып итти кубалап, мени апаптады.
Мынаке, дагы туюк жарга камалбадымбы. Эмне деп шылтоо айтсам? Денемдеги коркконуп тарап, өрт болуп ысып баратам. Кайдагы балээге камалдым эле.
-Үйгө кир садага. Эмне кызарып кеттиң, уялба. Ар жакта дубалга куйругун такап ырылдаган итке айбат кылып:
-Нары тур өлө элегиңде.
-Ачыткы сурап кел деп апам жумшады эле. -Адам кысталган учурда жалган шылтоо тапканына да кубанып кетет экен.
-Түгөнүп калды эле,- деди кейигендей.
Куп жакшы болуптур деп жарыя айтып жибере жаздап араң токтободумбу. Ме деп кармата салса эмне кылат элем. Коюңуз десем болбой узатып чыкты.
-Апаңа айт, бар болсо аябай элем, - деп артымдан карап калды. Быякка баратканымды көрүп шек санап калды го. Кокус мен мектептен келгиче апама жолугуп:" Гүкүштү ачыткыга жиберген экенсиз, түгөнүп калды эле" десе, эч нерсеге түшүнбөгөн апам:"Үйүмдө ачыткым бар. Сага Гүлайымга окшош бирөө көрүнгөниго көзүңө" десе эмне болот. Кыймат эже арданып:" Көзүмө башка нерсе көрүнбөй-нетпей эле, сенин кызың келди. Ишенбесең Зулайдан сура" деп муну күбө тартсамкантем?
Нары жакта ыргалган көкмөк чөптөрдүн учтарын кармалап, Зулай күтүп туруптур.
-Апам бир буюм сурады эле, жок экен,- дедим сыр алдырбай.
-Бар болсо дамКыймат эже бербейт.
Азыр мектепке кирем. Аманбай жооп берип, сөзсүз беш алам деп, кыйынсып, менин келишимди күтүп тургандыр. Кантип беттешебиз? Мындан аркы мамилебиз кандай болоор экен?
Балдар экзамен жүрүп жаткан класстын каалгасынын алдында турушуптур.
-Гүкүшсүз экзамен да кызыксыз болот экен.
-Ошон үчүн кирбе отурбаймбы.
-Карасаң, тирмейип окуй берип байкуштун көзү шишип кетиптир.
Баягы учуп жүргөн тамаша сөздөр. Тиги бурчтагы терезеде эки колун шымынын чөнтөгүнө салып, Аманбай бозоруп туруптур. Капа. Ал көзүнүн кыйыгы менен жактырбагандай карап, шыпылдап ары басып кетти.
Бул эмне деген жоругу? Анын жакасына жармашып, этегине эрмешкен бирөө бар бекен? Бечарам ий. Аңгыча кезек келип экзаменге кирдим.

#96 23 November 2014 - 07:40
Гүлдүү столдо директор агай, химия сабагынын мугалими, комиссиянын предсетатели сүйлөшүп отуруптур. Колум калтырапикайсы билетти алышымды билбейм.
-Коркпой көздү жумуп ала бер,- деген директор агайдын үнүн угам.
Билетти алып бош парталардын бирине барып отура берипмин.
-Номериң канча?
Ал эмне үчүн мага кырын салат. Андай кыйын экен, ата-энесине айтып болдурбай койбойбу?
-Калмурзаева билетиңдин номери канча?
Эми түшүндүм да:
-Номериби?- шашып көз жиберип, -беш.
Көңүлүм алагды болуп, билеттин суроолорун, номерин да карабай отура берипмин.
Көңүлүм жай таппай тургандыгын агайларга билдирип койдум окшойт. Химия сабагынын мугалими атайы келип, ийилип акырын сурады:
-Суроолор түшүнүктүүбү?
Ооба дегендей баш ийкедим.
-Эгерде билбегениң болсо тартынбай эле сурай бер.
Бул жолу да байкабай баш ийкеп жиберипмин. Агай таң калгандай карады да:
-Гүкүш ооруп турасыңбы?- деди.
-Башым ооруп атат.
-Ошондой. Өңүң бузулуп турат.
Агай жаныма отура калып, билеттеги суроолорду үстүртөн түшүндүрө баштады. Баш ийкемиш болом да, Аманбайдын жактырбай кейкейип басып кеткенине ачууланам. Кезек күтүп такыр отура алгыдай эмесмин.
-Агай, азыр жооп берсем болобу?
-Даярдыгың жакшыбы?
Унчукпай баш ийкедим.
-Эргешов да даярданбай жооп берем деп калды. Өзүң бил,- деп агай ордуна отуруп, беркилер менен кеңешти да, даярсыңбы деп менден кайра сурады. Бактыма жараша билеттин суроолору оңой экен. Токтолбой жооп бердим. Азамат деп койду комиссиянын предсетатели. Эч кимиси кошумча суроо берген жок.
Сыртка чыксам, жакшы жооп бердиң, тыңшап турдук деп, жабалактап колдор куттукташты. Ал көрүнбөйт. Башым ооруп атат деп шылтоолоп, бааны күтпөй үйгө жөнөдүм.
Ыкчамдап басып баратам, ыйлап баратам. Кайрийет, тааныштардан эч ким жолукпады.
Ошентип орто мектепти ый менен бүттүм. Ушундай болот деп кимдин башына келди дейсиң. Эсен-аман онунчуну бүтсөм арманым жок дечүмүн. Азыр армансыз деп айта аламбы?
Апам көз жашымды көрүп чочуп кетти.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе.
-Неге ыйладың?
-Жөн эле.
-Жөн ыйлачу бекен? Бирөө капамкылса айт, колуна өлүп берейин.
-Жок.
-Жакшы баа албай калдыңбы?
-Жок.
-Жоктон башка жообуң жокпу? Анан эмнеге ыйладың?
-Жөнтэле.
-Юир жериң ооруп жатабы? Садага болоюнум.
-Жок.
Апам үргүлүп-кагылып үстумө үйрүлө түшкөндүктөнбү, эреркедимби, эки-үч мончок жашым бетимден ылдый кулады.
-Айтчы, эмнеге ыйладың? Бетиңди көз жашың менен жуугудай мен өлө элекмин го. Кызымдан эми тынчыдым го деп отурсам. Апам маңдайын үтүрөйтүп кейип жиберди.
Ичимди тээп жаткан оюмду айтып, сырдашайын десе апам ушинтет да. Эгерде анын жактырбаган суз мамилесин, ары карап кейкейип басып кеткенин апама айтсам:
-Ошого да ушунча болосуңбу? Андай жеңил болчу эмес, элдин көзүнчө сага жүгүрүп келмек беле,- деп жемелерин билип турам.
Мейманканага кирип жатып алдым. Апам да унчукпады. Уйкудан калган көздөрү менен жал-жал карап жанымда башымды сылап отурду.
Түштөн кийин агайлар келип, онунчу классты жакшы бүтүшүм менен куттукташты. "Жакын арада Фрунзеге жөнөтөсүңөр. Карамат эже, Гүкүштү даярдай бериңиз" деп директор агай эскертти.
Фрунзеге, Фрунзеге. Менин жүрөгүмдү өйкөгөн асыл максатым ушул эмес беле. Жакында ата-эне, бир тууган, туулган жер, урук-туугандар менен коштошуп, Фрунзеге жөнөйт экенбиз да. Машинага отуруп, кош апаке, дей турган мезгил келген турбайбы.
Бирок бир нерсе жүрөгүмдү өйкөп, чайыттай турган көңүлүмдү суз кылат. Ал экөөбүздүн алдыдагы мамилебиз кандай болоор экен? Ылайым эски таарынычтарды унутуп, Фрунзенин жашыл бактарын аралап, ынтымактуу окуп жүрсөк экен.

#97 25 November 2014 - 02:36
16.
Кирүү экзамендерин тапшырып бүтүп, үч күндөн бери бошпуз. Бекерчиликтен тажап да бүттүк. Күн бийик көтөрүлгүчө уктайбыз. Конкурстун жыйынтыгы чыгып калгандыр деп, көңүлүбүз түтпөү күнүгө университетке беш-алты жолу барабыз. Анча-мынча өң тааныштардан сурайбыз, күбүрөшүп сүйлөшкөндөрдү тыңшайбыз, анан сабырыбыз суз, жашаган бөлмөбүзгө келип, ар кимибиз өз керебетибизге жата кетебиз.
"Эртең өткөн-өтпөгөндөрдүн тизмеси илинет экен" деген кабар тарап, менде жан жок. Ар кандай даман ой башыма кылт этип түшө калат. Санаркап да бүттүм.
Күн бешимде Аманбай келип, айыл-чарба институнун ветеринардык факультетине өткөнүн айтты. Куттуктайм деп колун кыстым. Өңү кумсарып кызуу. Билдирбеске канчалык аракет кылса да оозунан буркурап ичкиликтин жыты билинип турду. Жанында күлгөн сайын кашка тиштери көрүнгөн, бети-башы толо мурун бир жигит бар экен.
-Аяш менен тааныштырбайсың да,- деп ал өзү эле озунуп колун сунду.
-Атым Алишер, фамилям Бекказиев, кыркынчы жылы туулганмын, ата-тегим таза, Аманбай экөөбүз бир факультетке экзамен тапшырдык,- деп жапылдап сүйлөп, бир паста өмүр баянын айтты да, колумду кыса кармап:
-Атыңыз ким аяш?- деп сурады. Кандай жулунган немесиң дегендей жактырбай карадым. Ал кытмыр күлдү да:
-Жаман көрүп калдыңыз ээ. Көзүңүздөн көрүп турам. Атыңыз жашырынбы аяш?- деп дагы деле колумду кое бербейт.
-Мен сиздин аяшыңыз эмесмин. Жиним келип колумду жулуп алдым.
-О-о! Айыптуумун карындаш.
Сиздин карындашыңыз да эмесмин, ойлоп сүйлөңүз дегим келип, ушу оозу-мурдуна сөз илешпеген немеге теңелбейинчи деп унчукпадым. Ал Амангайга күлө карап:
-Э дос, пиво ичип отуруп, сүйлөшкөн кызыма барабыз дебедиң беле.
Аманбай аны далыга чапкылап:
-Кыз деген чычалап жүрүп көнөт да.
-Аяштын андай сырын кайдан билейин?
Мен тетири бурулуп кетип калайын деп батына албадым.
-Кийинип чык, көчөгө басып келели,- деди Аманбай.
-Бүгүн баралбайм.
-Себеп?
-Башым ооруп турат.
Мен калп айттым. Аманбай келсе, шаарды кыдырып келели деп, эртеден бери күтүп отургам. Мынабу Алишер деген немеси шыпылдап, улам аяш деп, анысы аз келгенсип, кыз деген чычалап жүрүп көнөт да, деп кекирейип ардантып коюшту. Болбосо барат болчумун. Алишер ары басып кеткенде, Аманбай көзүн сүзүп:
-Азыр чыкпасаң экинчи келмей жок,- деп кекете сүйлөдү.
-Мейли, кклбесең.
-Болуптур, эсен бол.
Аңгыча Алишерт шыпылдап жаныбызга келди. Аманбай калп эле жаркылдап күлүмүш болуп:
-Алишер дос, аяшың бүгүн чыга албай экен. Башы ооруп жатыптыр,- деди.
Мен таң калып карап эле калдым. Азыркы сүйлөгөнү, үнү, күлкүсү да башкача. Алишер дагы колумду кысып:
-Өтө өкүнүчтүү. Башыңыз айыкканда дагы келебиз, деп колум кысты.
Аманбай колумду суз кысып, унчукпай чыгып кетти.

#98 26 November 2014 - 03:57
Мен агын артынан жүгүрүп барып, "Токтой тур, азыр чыгам" деп жалынмак белем.
Бөлмөгө кирип, кроватыма үстөмөнүмдөн түшүп жатып калдым. Биздин мамилебиз качан оңолоор экен? Фрунзеге келгенибизге эки айдан ашты. Аманбай үзбөй келип, кабар алып турду. Эки жолу ээрчишип киного бардык, эч кимден жазганбай-тартынбай жанаша отурдук, бирге тамак ичтик. Караңгы киргенде университеттин алдындагы скамейкаларда сүйлөшүп отурдук, ары-бери бастык. Ал бир жолу өбүүгө аракеттенди эле, бетимди алаканым менен жаап, жеткирбей койдум. Бирок ушул убакка чейин черибиз жазылып, эзилип сүйлөшпөдүк, ички сырыбызды айтышпадык. Жолугушуубуз да суз, коштошуубуз да суз. Азыр да болбогон нерседен таарыныша кеттик. Алишер деген шыпылдап кайдан келе калды эле?
Сайракан жүгүрүп кирип, зыңкылдап ырдап, күзгүгө каранып чачын тарана баштады.
-Гүлайым турбайсыңбы? Кеч кирди,- деп кулакка жагымдуу үнү менен сүйлөдү. Мен жата бердим. Аңгыча кимдир бирөө эшикти черткиледи.
-Мүмкүн эмес,- деп Сайракан каткырып күлдү.
Мен шашып тура калдым. Эшик ачылып узун бойлуу, чачы үрпөйгөн, жол-жол жеңи жок көйнөкчөн, кара тору жигит кирди.
-Кечирип коюңуз,- ал жүгүнүп койду. Мен унчукпадым.
-Руксат эмес дебедим беле?- Саүракан чоң капкара көздөрүн ойноктотуп, тийишип сүйлөдү. Жулунуп киришинде кеп бар турбайбы деп, мен тымып калдым.
Кирген жигит алмак-салмак бизди карап:
-Кулагым дүлөй эмеспи,- деди.
Ал сөз таппвй унчукпаү калды.
-Анда врачка барыш керек. Ай, ай Авазбек, маданиятты качан үйрөнөсүң? Дагы университеттин үчүнчү курсунда окуйт.
Сайракан нааразы болгондой баш чайкады.
-Же Гүлайым өзү оозунуп таанышсын деп турасыңбы?
-Ой, менин байкабастыгым. Кечирип коюңуз.
Кол сунду.
-Авазбек.
-Гүлайым.
-Абдан жакшы.
Мен уялып колумду тартып алгыча шаштым. Авазбек бир аз унчукпай отурду. Анан тура калып:
-Жүргүлө "Ала-Тоого" барып көңүл ачып келебиз.
-Биз көңүл ача албайт экенбиз,- деп Сайракан кылыктанып керебетке отура кетти.
-Эмне үчүн?
-Ушундай.
-Таң каларлык.
-Таң каларлык эмес.
-Анан кандай?
Сайракан ордунан тура калып, бат-бат сүйлөдү:
-Биз деген университетке сагалап турган жанбыз. Сиз деген үчүнчү курстун студентисиз. Айырмасы асман менен жердей. Мүмкүн эртең биз жолдо болоорбуз.
Авазбек мойнун оң жак мүрүсүнө кыйшыйтып укту да:
-Мелдешесиңерби? - деди эч нерседен эч нерсе жок.
-Эмне жөнүндө?
-Мен айтам: экөөңөр тең өтөсүңөр деп.
Сайракан соликөзүн кысып, колун кезеп сүйлөдү:
-Мунун митаамдыгын көр. Алдагың бар ээ? Биз жаш бала эмеспиз.
-Анда мелдешкиле.
-Мелдешпейбиз.
-Анда өтөсүңөр.
-Өтпөйбүз.
-Жүргүлө, кечки киного үлгүргүдөй бололу.
-Жүрбөйбүз. Кино-синого биз баралбайбыз.
Мен быякта туруп, бечара Авазбекти аяп кеттим. Кандай токтоо, кандай сылык! Мен Аманбайга бирөөнүн көзүнчө минтсем: "Барбасаңткой. Мага эмне", деп бая эле каалганы тарс жаап кетип калмак.
Балээ десе, дарт деп каяша айтып жатып, акыры Сайракандын жүрөгү жибиди окшойт:
-Айтпаса өзүң билбейсиңби? Сен карап турсаң биз кантип кийинебиз?
Авазбек кулагына чейин кызарып чыгып кетти.Ал чыгар замат Сайраканды жемеледим:
-Аябай осол кылбадыңбы менин көзүмчө. Антпей жүр, көңүлүнө кетет.
Сайракан түшүнбөгөндөй мага алайып карады:
-Ой, ботом, осол дегениң эмне? Осел-орусча эшек.
-Осол такыр андай эмес, уят деген мааниде.
-Бул кыргыз сөзүбү?
-Билбейм. Биз жактагы кыргыздар ушинтип сүйлөшөт.
-Түшүндүм. Осол боло берсин. Мен анын этегине жармашмак белем. Ошол силер жакта аялдар өз күйөөсүн сиз дешет имиш, ошол чынбы?
-Чын. Атын айтпай, сиз деп ызаатташат.
-Мына кызык тамаша! Атын айтпай, сиз деп тергесе эле сыйлап калат бекен? Мүмкүн ошол аялдар сыртынан сиз деп жылмайып коюп, ичинен өлүгүңдү көрөйүн, сендег качан кутулаар экенмин деп каргап отургандыр.
-Койчу!- мен чочуп кеттим. -Антишпейт.
-Сен алардын ичине кирип чыгыпсыңбы? Урматташкан көңүлү жакын адамдар бири-бирине сен деп кайрылышат. Ал эми бейтааныш, сыпаайы кишилерге, өзүнөн улуу кишилерге сиз деп кайрылат.
Мен жаакташып, талашкым келбеди.

#99 26 November 2014 - 04:21
Сайракан гардеробдон кызыл көйнөгүн сууруп чыгып, жарашабы дегендей боюна ченеп, сөзүн улады:
-Менимче кыз деген сүйгөн жигитин башынан каттуу кармаш керек. Сүйөм деп жалына берсең, башка кыздарга көз арта байтайт. Гүкүш, бул сырды көкүрөгүңө бекем түйүп ал.
Сайракан жаныма отура калып:
-Туура айтасың Гүкүш, мен ороймун. Ааазбекти капа кылып койгон окшоймун я? Ал митаам. Ичиндегисин такыр билдирбейт. Ага кокус айтып койбо, мен аны жанымдай жакшы көрөм. Билесиңби, биз үч жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Врач болоюн деген оюм бар эле, Авазбектин жанында жүрөйүн деп университетке кирдим.
-Фрунзеге окууга барам десең, апаң каршы болгон жокпу?- Кокус эле сурап жибердим.
Ал мага таң калган көздөрү менен карады да:
- Жо-ок. Өз апаң да каршы чыкмак беле. Кайра окууга өтүп алса экен деп тилешет. Апам окууга узатып жатып: "Эми балам, окууга өтсөң, билип турам, күйөөгө да ошол жактан кетесиң. Кудайым багыңды ачсын" деп ыйлайт. Ой, апа кам санабай жүрө бериңиз, окуумду бүтүп үйгө эле келем, анан күйөөгө чыгам десем, такыр ишенбейт. "Бардык эле мен билген кыздар ошол жактан күйөөгө чыгып кетип жатат, багың ачылсын кызым" дейт.
Мен үтүрөйүп карап калсам керек. Баягы Уулбү таежемдин жер муштап, ыйлаганы да ырас окшойт.
-Сен дагы ушул жерден өзүң эле күйөөгө чыгып аласыңбы?
-Учуру келгенде чыгып алам. Ата-энемемкүйөө тапкыла деп бармак белем?
Биз эбиреп сүйлөшүп, Авазбекти унутуп калыппыз. Ал азыр качан чыгат экен деп коридордо күтүп тургандыр.
- Кийинбейсиңби? Авазбек күтүп калды.
- Күтсүн. Жигит күтүш үчүн жаралган. Дагы күтөт. -Каштарын жогору серпип коюп: -Гүкүшжан, жигитиң барбы? Айтсаң. Тартынба.
Мен эмне дешим керек? Бардыгы бар да. Эмне жашырам.
- Эгер жок болсо, Авазбектин бир жолдошу бар, тааныштырып коеюнбу?
- Кой, таанышпайм, - деп чочуп кетипмин.
- Бар.
- Окуйбу?
- Айыл-чарбага өттү.
- Силер да биздей бактылуу турбайсыңарбы?
Мен кызарып унчукпадым.
- Азыр эмне үчүн келбейт?
- Келди. Мен барбай койдум.
- Таарындыңбы?
- Жок, жөн эле баргым келбеди.
- Биз менен да барбайсыңбы?
- Ооба.
- Эмне үчүн? Бизге да таарындыңбы?
- Жок. Ал жүр дегенде барбай, силер менен кетсем ал урушат.-Урушат деген сөз кокус оозумдан чыгып кетти.
- Урушат дейсиңби?
- Жо-ок, урушпай. Капа болот.
- Кыскасы, барбайм дечи.
Сайракан жасанып чыгып кетти.
Мен жалгыз калдым. Күн батып, каш карайып калган экен.

#100 27 November 2014 - 03:12
Адам кубанганда кадимкидей ыйлаүт дешсе, такыр ишенчү эмесмин. Ый -кайгыдан, күйүттөн чыгат, а күлкү, каткырык кубанычтан деп ойлочумун. Көрсө...
Бүгүн саат тогуздан мурда эле университетке кирем деп жүргөндөр приказдар илинчү жерге быкылдап толуп кетти. Бардыгынын эле өддөрү саман. Ар ким өзү менен убара.
Сайракан экөөбүз эч кимге кошулбай четте турабыз. Биз менен экзаменди кошо тапшырган, бети жымсал, мурду кетирекей кызыл бетүү кыз жанындагы үч квзга эбиреп-жебиреп бир нерселерди айтат.
Түндүктүн кыздарын албайт имиш. Чоң кызматта иштеген таякем айтты. - Мени уксун дегендей заңкылдап сүйлөйт.
- Эмне үчүн? — деп, берки кыздар сестее түштү.
- Биздин ордубузга түштүктүн кыздарын алат имиш. Алар ооз ачалбай калса да, бардык окуу жайларга алынсын деген жогору жактан буйрук берилиптир.
Бул кыз биринчи жолу мынөип жалган-жашыктарды айтып, ушак жүргүзүп жаткан жок. Ал экөөбүз тарыхтан экзаменди бирге тапшырганбыз. Кирүүгө нооват меники эле, ушул кыз алдыма кыстырылып мен кирем дей баштады.
- Сен эки алсаң да өтөсүң. Мынабу делдейген көйнөгүң каяктан келгениңди айтып турбайбы. Биз шордуу төрт алсак да күмөн-, деп жанды күйгүзгөн. Айтышып отурбай, өзүмдөн мурда өткөрүп, артынан кирдим. Чакылдап сүйлөп, кыйынсынганы менен эч нерсе билбейт экен. "Биринчи орус революциясы качан болгон?"—деп мугалим сураса, оозу-мурду кыйшайбай шакылдап: "1917-жылы улуу Ленин атабыздын башчылыгы астында болуп, жүзү кара Николайды тактан кулаткан. Эмгекчилер эркиндикке чыккан"—деп баратат. Мугалим араң токтотту. Быякта табалап карап отурдум. "Петр биринчи эченчи жылы туулган?" —деп сураса: "Петрбу? Туулган жылын билбейм. Киносун көргөм. Абдан эр-жүрөк киши экен"—дейт, бети кызарып койбой: "Агай үч эле койсоңуз болот. Мен эки жылдан бери фабрикпда иштедим. Өндүрүштүк практикам бар. Мынакей жакшы иштеди деген мүнөздөмөм" — деп сумкасын аңтара баштаганда, мугалим баа койду.
Мен жооп берип чыксам, кетпей күтүп туруптур.
- Жолдош эмне алдың?
- Төрт.
- Мына айтпадым беле, билбесе да буга жакшы баа коет,— деп жанындагы бейтааныш эле турган балдарга арызданып кетти.
Мен да арыма келе түштүм.
- Петрдун качан туулганын билбейсиң, биринчи орус револолюциясы качан болгонун билбейсиң, анан дагы мактанасың. Уялбайсыңбы? — дегенмин.
- Энекебай, каратып туруп калп айтканын карасаңар. Айтпадымбы, мугалим өзү баш ийкеп отурбадыбы.
Сага даба жок экен деп, айтышпай кетип калганмын. Бул мурду кетирекей кыз ошондон бери мага өч. Азыр дагы менин жиниме тийиш үчүн өңгөчүн созуп, жалган-жашыктарды апыртып жатат.
Сайракан тыкылдап алардын жанына басып барып, "Кетирекей мурунга" кайрылды.
- Кечиресиз жолдош, жашыруун болбосо, чоң кызматта иштеген таякеңиздин фамилясы ким?— Кетирекей мурун мисирее карады:
- Ишиңиз эмне?
- Билгим келет.
- Жок, айта албайт экенбиз.
- Айта албасаңыз мындай ушактарды таратпаңыз. Дагы уялбай комсомолдун значогун тагынып алыпсыз.
- Энекебай, муну карасаңар. Сен эмне милиционер белең?
Аңгыча топтолуп тургандар дуулдап, приказдар илинчү доскаларга карап жабалактап калышты. Кимдир бирөөлөр мени түртүп өттү. Сайраканды да жоготуп койдум. Элдин баары эле моюндарын созуп, алдыга жүткүнүшөт. Мен да өмгөктөп жатып, эл сээлдегенде биздин тизме илинген доскага жакындадым. Алактап тизмени карайм, түгонгүр, менин фамилям көрүнбөйт. Өтпөй калган экенмин, муундарым калчылдайт. Жок, калп! Тигине менин фамилям. Өтүпмүн! Башка фамиля болуп жүрбөсүн деп, ишенбей карайм. Калмурзаева Гүлайвм деп калкайып жазылып турбайбы.
Кубанганда кадимкидей жаш чыгаарын ошондо билдим.
- Гүкүш,— деп эле бирөө мойнума асылып калды. Сайракан. Менин кирпигимдеги көз жашты байкай коюп, кашы серпилип, заматта суз боло түштү.
- Сайракан өтүпмүн,— деп айткыча шаштым.
- Эмне ыйлайсың? Эсимди да чыгардың.
Өзүм да билбей калыпмын.
Экөөбүз көпкө ажырап, сагынышкан достордой кучакташып:
— Гүкүш, мына эми бирге окуйбуз.
— Ооба, Сайракан,— дедим ичим бөксөргөндөй.
Тегеректегилер бизге таң калгандай карап турушуптур.

Супер-Инфо
super.kg
видео