Жакты! Киришүү сынагында, өзүңүздөн суроолор болсо, ал жагын ар бир катышуучу өзүнө упай топтоп кете берет.
Менден да, сунуштайын деген ойлор бар эле. Бирок, сиздердей дасыккан адамдардын алдында тартындым. Жада калса, катышканга уялып турам.
Бирок дегенде, бул жерде "Эркектер жана аялдар" деген команда болуп жатат. Башкача айтканда, Эркектер жана аялдар ортосунда жарыш. Анда, кандай болуп калат?
Же, сынактын бул шарты өз күчүн жоготконбу?

Эми команда дегенде ызы-чуусу көп болуп кетет экен. Реалда болсо бир аз оңой болмок. Виртте командалар өздөрү да ич ара келишпестикке туш келип калбас бекен деген ой келди. Ким капитан болот, ким суроо берет, ким жооп берет деген маселелерде түшүнбөстүктөр келип чыгабы деп ойлоп кеттим. Начарырак балл алып калган катышуучуга катуурак сөз айтылып кетүүсү деле мүмкүн. Мен реалда далай сынактарга катышкам. Командалык оюн кыйын. Ага караганда жалгыз өзүң болгон жеңилирээк. Жеңилсең эч кимди артка тартпайсың жеңсең көбүрөөк белекке ээ болосуң дегендей.))) Ошого ушул ойду сунуштап жатам.
Бирок условно жигиттер жана кыздардын командасы деп айтсак болот. Б.а. алардын айтылышы эле команда болбосо, өздөрү команда эмес. Ар бир форумчунун баллдарын эсептегенден кийин жигиттердин жана кыздардын жалпы упайын деле чыгарып койсок болот. Эми жигиттер менен кыздар күч сынашкылары келип, ким күчтүү экенин билгилери келип жатышса дегеним.
Башка ойлор болсо тартынбай айта бергиле. Дагы эки күн убактыбыз бар. Карап көрүп, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизебиз го.

Супер-Инфо
super.kg
видео