Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 154
  • 155
  • 156
  • 157
  • 158
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3101 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 15:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Луи бийкеч, куш келипсиз акын төргө
Бошотоюн ордумду, өтүӊ төргө!
Көргөнүмө мен сизди, кубанамын
Таппай сөздүн берметин, убарамын!

Убагында келдиӊиз, кечикпестен
Жаза бериӊ ырларды, эрикпестен
Он беш барак мурдараак айтышкандай –
Бир жазалы чогулган моокум, черди...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 15:29

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3102 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 15:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Жалпыңызга ийилип айтам салам,
Ийгиликтер коштосун сизди жалаң,
Жүрөктөргө жылуулук тартууласын,
Бүгүнкү кар тынымсыз,аппак жааган.


Кууса дагы жетпесин сизди жаман,
Ар бир мүнөт колдосун Алла Таалам,
Кубанычтуу тилектерге кубө болсун,
Асмандагы жылдыздар ар бир жанган.


Өкүнүчтөн, сыркоодон болбосунчу,
Мүңкүрөгөн, көзүнөн жашы тамган,
Андан көрө наристе үнү чыксын,
Ар бир шаардан, көчөдөн жана тамдан.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3103 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 16:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Луи бийкеч, чын эле айтыптырсыз -
Ыр жазганды, айтышты сагыныпсыз
Жогоруда жазылган каалоодон соӊ -
“Эл акыны” болгону калыптырсыз!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 16:38

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3104 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 16:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Чындыгында ыр жазууну мен сагындым,
Бүгүн кирип айтышка мен малындым,
Айтышып сиздер менен бир нече сап,
Калсам дейм ортосунда ыр жалындын...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3105 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 16:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ыр жалындын ортосунда калыш үчүн
Дүүлдөтө жагыш керек сырдуу отун
Кочегарлык милдетти өзүм алып
Жазып турсам болобу, эсеп-чотун?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 16:54

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3106 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Мен макулмун, сизге кыйын болбосоле,
Мага болот, эки колум тоңбосоле,
Ысытыңыз, күйгүзүңүз айтышууну,
Очогубуз от күлүнө толбосоле..))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3107 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

От жаккандан эч качан кыйналбаймын
Тоӊдурганды кыз колун, сыйлабаймын
Очоктогу күлдөрдү алып салып –
“Ысытайын, күйгүзөйүн” сизди деле...

Ыр очокко отун издеп, акын төрдүн
Мурунку айтыш датасын карап көрдүм
Андан бери билинбей жыл өтүптүр –
Сагынычтын билигин ким көрүптүр?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 17:16

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3108 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Уккулуктуу сөзүңүздөн баштаңызчы,
2-4 сап ырыңыздан таштаңызчы,
Сиз жаккан от күйүшпөй бара жатса,
Бере калам агатай от тамызгы..))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3109 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Билинбей айлар өтөт, жылдар өтөт,
Алоолоп жалбырттаган от да өчөт,
А бирок жадыраган жаз келгенде,
Жанданат жашыл кийип талаа, көчөт..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3110 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Окуп жаткандарга көңүл бөлдүм,
Ал жактан Детективди көрдүм,
Бир кездерде айтыштык эле,
Башка айылынан акын төрдүн.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3111 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 17:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lui (25 Ноябрь 2014 - 17:16) жазган:

Уккулуктуу сөзүңүздөн баштаңызчы,
2-4 сап ырыңыздан таштаңызчы,
Сиз жаккан от күйүшпөй бара жатса,
Бере калам агатай от тамызгы..))

“Жигит сүйсө, күлүндөгөн көзү менен
Селки сүйөт, уккулуктуу сөзү менен”
Деген сөздү эстеттиӊиз, Луи бийкеч -
Сизге айтканга сөз түгонбөйт, сөзүм белен!

Жалгыз адам от жакканда - дуулдап күйбөйт
Ал анткени, жалгыздыкты – кудай сүйбөйт
От тамызгы берип турсаӊ, Луи бийкеч
От эле эмес, жалын чачам эртели кеч!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 18:09

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3112 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

[quote name='Lui' date='25 Ноябрь 2014 - 17:22' timestamp='1416914560' post='2067797' ]
Окуп жаткандарга көңүл бөлдүм,
Ал жактан Детективди көрдүм,
Бир кездерде айтыштык эле,
Башка айылынан акын төрдүн.
[/ quote]

Ал айылга мен дагы барган элем
Акындарга саламымды айткан элем
Муке деген акынды эстедим го...
Детективди эмнегедир билбейт экем

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 17:41

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3113 Пользователь офлайн   Lui   25 Ноябрь 2014 - 17:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Кыш күнүндө жалындата от жагалы,
Көкүрөккө ыза эмес ыр багалы,
Кубанычтан алоолонсун жүрөктөрү,
Кишилердин пейилине сый тагалы..

Кычыраган болбосунчу кыш шамалы,
Күлмүңдөсүн, жаркысын кыз жамалы,
Кичипейил адамдар арта берсин,
Кечеңдебей азайсын эл жаманы..

PS: Агай мен кетип баратам,
Ырларды эртен жаратам,
Ансыз да көпкө отурдум,
Кетет элем да мен жанатан..))

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Ноябрь 2014 - 17:43

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3114 Пользователь офлайн   mega777   25 Ноябрь 2014 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Сайраган куштар кайтып конгон экен,
От жалын сезимдерге толгон экен.
Сиздер туптоп,сиздер койгон эбак жагып,
Очпос отко биз жылынсак болоор бекен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3115 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lui (25 Ноябрь 2014 - 17:42) жазган:

PS: Агай мен кетип баратам,
Ырларды эртен жаратам,
Ансыз да көпкө отурдум,
Кетет элем да мен жанатан..))

Кетчү маал болуп калды – баарыбызга
Бүгүн кетип, кайталы – айлыбызга
Кыштын ызгаар суугу билинбесин
Бүгүнкүгө биздин ырлар илинбесин

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 17:48

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3116 Пользователь офлайн   Jeka   25 Ноябрь 2014 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения mega777 (25 Ноябрь 2014 - 17:15) жазган:

Сайраган куштар кайтып конгон экен,
От жалын сезимдерге толгон экен.
Сиздер туптоп,сиздер койгон эбак жагып,
Очпос отко биз жылынсак болоор бекен...

Туура айтасыз, Мага бийкеч, кайра кондук
Туурубузга, кеталбадык, башка жакка
Анткени биз, “келгин куштай” боло албайбыз
Туурубуз да, "уруубуз" да ушул жакта

Отубузду өчүрбөстөн, жагып туруш -
Милдет го дейм баарыбызга, жакшы жумуш
Туура айтасыз, “өчпөс отту” эч качан өчүрбөйлү –
Жылынбастан, от салыӊыз, жалпы сунуш!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Ноябрь 2014 - 18:13

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3117 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   25 Ноябрь 2014 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Байкасам ыр торуно келипсинер

Соз берметин бир бирден терипсинер

От жагып улбулдогон коломтого

Кондон калап жылынып кетипсинер!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3118 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Ноябрь 2014 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Суусу азайган озон сымал боксоруп,
Биздин айыл калган эле томсоруп.
Анан эле жарк дей тушкон кун сымал,
Шанга толду эчен акын топтолуп.

***** ****** *****

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3119 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Ноябрь 2014 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Алгач ирээт ачканда эле каалганы,
Жека абамдын Луиге арнап жазганы,
Козго элестейт Раймаалынын баяны,
Ыр саптары куюлушса Луинин,
Жаныргансыйт Бегимайдын дастаны.

Ыр торуно жетелишип барышып,
Коломтого отту аябай жагышып,
Бири-бирине ыр чачыла чачышып.
Соз тизгинин кое берип жайдактап,
Кош когучкон олтургансыйт жанашып.

Кошула албай аранарга батынып,
Тургансыймын соз айталбай айбыгып,
Алым сабак бири-бирине айтылып,
турган кезде, кирип келип бастырып,
Чочутпайын биздин акын куштарды
Аалам тордон пыррр,учура качырып. ;)

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Ноябрь 2014 - 01:55


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3120 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Ноябрь 2014 - 01:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Тамашамды чын деп кабыл албандар,
Айгай салып, ызы-чууну салбандар, "Суйушконго чыгардын- деп, сен бизди!"
Кур жемелеп, тоо бастыга албандар.

Тандайынан бал тамызган акындар,
Аман болуп, боксорбосун аранар.
Созго созду аран эптеп курадым,
Ыр саптарым тамаша деп кабыл ал.
Жаркылдаган жаздын жылуу кунундой,
Ачык болсун ар убакта маанайлар.:)

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Ноябрь 2014 - 01:53


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 154
  • 155
  • 156
  • 157
  • 158
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Авг 2025 01:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: