Индиянын кичинекей кыштагында төрөлгөн төрт бүттуу жана төрт колдуу баланы "Брахма" Кудайы катарында жарыяланып, миңдеген адамдар сыйынышууда.
Миңдеген индиялыктар төрт колдуу жана төрт буттуу балага сыйынышууга өлкөнун Батыш Бенгалия чөлкөмүнө барышууда. Жергиликтүү калк баланы "Брахма" Кудайы катарында кабыл алып жатышкандыгын интернет булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык бул жерде сөз ажырабай калган сиам эгиздери тууралуу болууда. Ал эми көптөгөн индиялыктар аны "Брахма" кудайы катарында көрүшүп сыйына башташты. "Брахма" Кудайы салттуу түрдө сегиз колун чагылдырып турат. Ал эми көпчүлүк бул баланын жаралышы акыр замандын келаткандыгын кабарлайт дешүүдө. Баланы Кудайга байланыштырып жатышкандыгын туугандары дагы ишенишүүдө. Дарыгерлер баланын оор абалда төрөлгөндүгүн жана операция кылуу керектигин айтышкан. Ал эми ооруканда жаткан балага миңдеген кишилер көз жаштарын төгүп, оорукананы күнөөлөп жатышат.
Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылы эле апрель айында Кытайда төрт колдуу жана төрт буттуу бала төрөлүп,13 күндөн кийин операция жасалып, ашыкча бут, колдору алынып салынган.
