Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 103
  • 104
  • 105
  • 106
  • 107
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2081 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Миңдеген индиялыктар төрт колдуу жана төрт буттуу балага сыйынышууда.

Индиянын кичинекей кыштагында төрөлгөн төрт бүттуу жана төрт колдуу баланы "Брахма" Кудайы катарында жарыяланып, миңдеген адамдар сыйынышууда.

Миңдеген индиялыктар төрт колдуу жана төрт буттуу балага сыйынышууга өлкөнун Батыш Бенгалия чөлкөмүнө барышууда. Жергиликтүү калк баланы "Брахма" Кудайы катарында кабыл алып жатышкандыгын интернет булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык бул жерде сөз ажырабай калган сиам эгиздери тууралуу болууда. Ал эми көптөгөн индиялыктар аны "Брахма" кудайы катарында көрүшүп сыйына башташты. "Брахма" Кудайы салттуу түрдө сегиз колун чагылдырып турат. Ал эми көпчүлүк бул баланын жаралышы акыр замандын келаткандыгын кабарлайт дешүүдө. Баланы Кудайга байланыштырып жатышкандыгын туугандары дагы ишенишүүдө. Дарыгерлер баланын оор абалда төрөлгөндүгүн жана операция кылуу керектигин айтышкан. Ал эми ооруканда жаткан балага миңдеген кишилер көз жаштарын төгүп, оорукананы күнөөлөп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылы эле апрель айында Кытайда төрт колдуу жана төрт буттуу бала төрөлүп,13 күндөн кийин операция жасалып, ашыкча бут, колдору алынып салынган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2082 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ошто "33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аял кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" - деп шектелген аял кармалганын 24-ноябрда кабарлады.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 22-ноябрь күнү Кара-Суу районунун 33 жаштагы Гүлнара аттуу тургуну кайрылган. Ал Айнура деп өзүн тааныштырган аял жабырлануучунун оор социалдык абалынан пайдаланып Түркиядан жумуш таап берүүнү убадалаганын айткан. Официантка же улгайган адамдарга кам көрүүчүнүн ишин таап берем деп, Түркиянын жаранына 5 миң долларга сатып жиберген.


Жабырлануучу ал жакта 3 ай ичинде сексуалдык кулчулукта жашап, ал жерден качып чыгып, Кыргызстанга келген. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Айнура Мамытова кармалды. Азыркы тапта шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2083 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң бийик селкинчек Сочиде ачылды.

SochiSwing деп аталган аттракцион Skypark эс алуу багында жайгашкан. Селкинчектин бийиктиги 170 метрге барабар. Аттракционго түшкөндөр Ахштырск капчыгайы үстүндө күүлөнөт. Селкинчекке түшүү 7 миң рубль турат. Адреналин сүйүүчүлөргө акырында футболка жана селкинчекке түшкөндүгү тууралуу сертификат тапшырылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2084 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Көгөртө урса, ал көктү кантип кетиребиз?

Күнүмдүк керектөөлөрдө адам көптү билсе да, дайыма жөнөкөй эле бир нерсеге муктаж болот. Ар кандай учурлардагы муктаждыктарга кээ бир кеңештерди жазууну туура көрдүк.

Денедеги көктү кетиребиз:
Жашоо, турмуш ар кандай болот эмеспи, бир күнү күлсөң, экинчи күнү ыйлайсың дегендей. Кээ бирде жашоодо биз күтпөгөн окуялар болуп кетип, жаракат алган учурлар кездешип калат. Майрамдагандын эртеси жигиттер биринин көзүн бири согуп атып, эртеси көп-көк болуп эле чыга келет. Илимде мындай жаракатты гематома деп атайт. Ал көк акырындык менен өзүнүн өңүн өзгөртүп, сарыгып ага баштайт. Кийим кийгенде билинбей кала турган дене көгөрсөгоо жакшы. А кокус көз же бет көгөргөн болсо, тирүүлүктүн тозогу ошо. Көчөдөн жолуккан адам башкача көзү менен карап, ыңгайсыз абалга калтырат.


Дененин көгөргөнүн кантип эрте кетирсе болот?
Биринчиден, көзгө же башка жакка сокку урулаары менен эле музду же башка абдан муздак бир нерсени жарым саатча кармап туруу керек. Мындай учурда муздаткычта турган эт, клеёнка баштыкчадагы жашылча же муздак компресс жакшы жардам берет. Көгөргөн жерге коюлган муздак нерсе канды жок кылып, беттин көгөрүшүн да жок кылып коюуга жакшы. Бирок терини катуу тоңдуруп алуудан абайлашыңыз керек. Эгер, көгөрүп калган болсо, сормо компресстер менен же массаж менен жок кылууга болот.

Элдик медицинада көгөргөн жерди кетирүү:
Жаңы эле жабыр тарткан болсоңуз, йоддон сетка кылып тарта койсоңуз жакшы.
• Алоэнин жалбырагын так ортосунан кесип, аны пластырга жабыштырып чаптаса да көктү кетирет.
• Кадимки биз тамакка колдонгон петрушка чөбү да көгөргөн жерге жакшы. Муздаткычтын эң күчтүү жеринде турган тоңгон петрушканы кубик түрүндө кесип алып көгөргөн жерге бассаңыз, сыя көк өңгө чейин барбайт.
• Жаңы эле көгөргөн жерге жаңы капустанын жалбырагын бир аз жанчып туруп басса да жакшы.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2085 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкектин 12-кичи районунан "Дордой" базарына чейин велосипед жолун куруу пландалууда.

Бишкек шаарынын 12-кичи районунан баштап "Дордой" базарына чейин велосипед жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу 21-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мэр Кубанычбек Кулматов Велосипедчендер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, жолдун долбоору тууралуу баарлашты. Мэрдин билдиришине ылайык, жолдун эскиздик долбоору даярдалып бүткөн. Азыр жумушчу планды түзүп, акырындык менен ишти жүзөөгө ашыруу башталмакчы.

Веложолдун узундугу 10 чакырымды түзүп, 12-кичи райондон "Дордой" базарына чейин созулмакчы.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган долбоордун негизги максаты велосипедчен жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү жана велотуризмди колдоо болуп саналат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2086 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бул баланын рентгенин көргөн догдурлардын жүрөгү токтоп кала жаздаган.

Эгер сиз суши жегенди жакшы көрсөңүз, анда бул макаланы окубай эле койгонуңуз оң. Жакындале, Кытайда бир жаш бала уугуу (отравление) болду деген симптомдор менен бейтапканага тез жардам унаасы менен жаткызылган. Ичи катуу ооруп, дене-боюн тызылдатып, тынчтык бербей баланы кыйнаган. Догдурлар баланын рентгенин көрүп, абдан таң калышкан экен! Анткени, анын болгон денесин жүздөгөн тасма курттар (ленточные черви) каптап кеткен. Доктурлардын айтышы боюнча, бала суши жегенден кийин уугуккан. Анткени, сушини жасоого колдонулган балыктардын чийки этинде тасма курттар өлбөй калышы толук мүмкүн. Адамдын организми үчүн мындай курттар өтө кооптуу. Канга жана лимфага кирген бул курттар мээге да жетет. Мындай шартта адам өлүмгө учурашы толук мүмкүн. Ичеги-карында жүргөн бул курттар бир нече чакырымга чейин өсүп кетиши мүмкүн. Бала өз учурунда догдурларга кайрылгандыктан, медициналык жардамды толук алып, аман калышы мүмкүн. Бирок байкуш экинчи суши жегис болду го…

Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2087 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Биометрикалык маалымат тапшырбагандар шайлоого катыша албайт.

2015-жылдагы парламенттик шайлоого биометрикалык маалыматын берген жарандар гана добуш бере алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоо системасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумуш тобунун жыйынында билдирди. Жумуш тобу мындай ыкма шайлоонун ачык жана таза өтүшүнө жол ачат деген пикирде. Мындан сырткары жалпы шайлоочулардын 5 % дык босогосун, шайлоого келип добуш берген жарандардын 10 % га алмаштыруу сунушталууда. Буга чейин депутаттар Феликс Кулов менен Чыныбай Турсунбеков пайыздык босогону өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизген. "Бул абдан маанилүү учур. Биз муну эсептеп чыкканда жалпы келген жарандардын 10 пайызы бул, ошол чөлкөмдөгү шайлоочулардын 5,92 % түзөт. Мурда парламентке өтүү үчүн 5 пайыз чогултуш керек болсо, эми 6 пайызга жетпеген добуш талап кыланат. Бул көп деле өзгөрүү эмес. Аны элдер абдан алмаштырып, туура эмес түшүнгөн учурлар да болуп жатат. Айырмасы бир пайызга да жетпейт. Андыктан саясий партиялар коркпой деле койсо болот," - дейт президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2088 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Заманыбыз күндөн күнгө жаңыланып, технологиянын күчү менен сонун үй-жардамчылары чыгып жатат.

Алардын бири радио бала багуучу. Мунун жардамы менен сиз алыскы аралыкта туруп балаңыздан кабар ала аласыз. Эң башкысы бул каражаттын жардамы аркасында бала карашуу үчүн кызматчыга көз- каранды болбойсуз.

Видео-радио бала багуучу Audio Classiс - сиздин балаңыз менен болгон байланышты үзбөй камсыздайт. Тагыраагы үйдө балаңыз уктап же ойноп жатканда сыртта жүрүп балаңыздын ыйлап калгандыгынан дароо кабардар боло аласыз. Бул аспап эки параллелдүү байланыш каналынан турат. Бирин балаңыздын бөлмөсүнө жайгаштырып коёсуз да, экинчисин жаныңызда алып жүрөсүз. Үйдөгү прибор бала жаткан бөлмөдө эмне дабыш чыкса автоматтык түрдө сиздегисине кабар берет. Натыйжада, балаңыз жайгашкан жерден 150 метрден 300 метр­ге чейинки аралыкта эч кабатырланбастан ишиңизди бүтүрүп жүрө бересиз. Баасы аткарган кызматына, байланышты кармаганына жараша болот. Маселен, эң кымбат аппаратта бала блогунда музыка угууга, МР-3 кошууга, керек болсо наристеңиздин кайталангыс сонун кылыктарын сүрөткө, видеого тартып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Чыккан жери: Италия.
Маркасы: Chicco Ultra Compact.
Баасы: 80-400 доллар.
Дареги: Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Бренд соода борбору.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2089 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Туугандарына таарынып Нарын дарыясына секирген жигит куткарылды.

Туугандарына таарынып Нарын дарыясына секирген жигит куткаруучулар тарабынан куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Нарын районундагы Калинин айылынын 24 жаштагы К. у. А. аттуу тургуну сууга секирип кеткен. Кабатырланган туугандары куткаруучуларга жардам сурап кайрылышкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар аны дарыядан чыгарып, аман сактап калышты. Денеси муздак суудан үшүк алып, "Тез жардам" кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилди.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2090 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россиялык ресторанда жалпы мушташ кардардын бирине тамагын жеп бүтүрүүгө тоскоол болгон жок.

Интернетте популярдуу болуп кеткен видеодо бет кап тагынган 35ге жакын адамдар ресторанга кирип барып, курал жана таяктар менен мушташып жатат. Ал эми так борбордогу стөлдө отурган эркек буга көңүл бурбай, тамактануусун улантууда. Кардар бул маалда мас беле, же жөн гана нервдери темирдей бекемби...? Белгисиз бойдон калды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2091 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Австралияда бейбаш айдоочуларды жол тазалоого мажбурлашты.

Ярронг шаарында таңкы маалда таң калыштуу көрүнүштү байкаса болот эле. Төрт жаш жигит трассада дөңгөлөктөн калган издерди керосин менен тазалап жатты. Буга чейин бейбаштар шаарды дүрбүтүп, унаа менен тез ылдамдыкта жарышып жүргөн. Тормозду чукул басканда, жолдордо шиналардын издери калган болчу. Полиция аларды изи сууй электе колго түшүрдү. Шок жигиттер 2 саат бою трассаны жалтыраганча тазалап чыгышты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2092 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:19

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Орусия. 15,7 млн. киши жеткен кедейликте жашайт.

Орусияда 15,7 млн.дон да көп киши жеткен чектеги кедейликте калышы ыктымал. Бул жагымсыз сандарды вице-премьер- министр Ольга Голодец жарыялады. "Бүгүнкү күнү Орусияда 15,7 млн киши өтө кедейликте жашайт. Бул үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү көп балалуулар. Мындай кырдаалды карап чыгып, бул көйгөйдү жоюу үчүн үй-бүлөгө көп көңүл буруу керек деген чечимдемин, " - деди ал. Энелердин көпчүлүгү жумушсуз, алардын балдары 3 жашка чейинкилер. Ушул эле жылы 300 орус жаран кедейликте жашап калган. Анткени алардын бир айлык акысы 7 миң 915 рубльду түзөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2093 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдө бала сатуу фактылары көбөйдү.

Дүйнөдө сатылып жаткан ар бир үчүнчү адам - жаш балдар. Бул маалымат БУУнун кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын отчетунда камтылган. 2007-2010-жылдар аралыгында жогорудагы көрсөткүч 5 эсеге өскөн. Балдардын сатылуусу көп кездешкен өлкө катары Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү эсептелип келүүдө. Ал эми улуу курактагы адамдардын арасынан көбүнчө аялдар сатылат. Аларды же сойкулукка же кулчукка мажбурлашат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2094 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бул адам сегиз жыл бою оозун ачпады.

Индиянын Уттар-Прадеш аймыгынын жашоочусу Шивама Шарма сегиз жыл боюу ооз ачпай жашаган.
Бул кызыктуу окуя тууралуу peoples.ru булагы жазууда. Маалыматка ылайык бул жерде кеп Шиваманын сүйлөй албаганында эмес, ал сегиз жыл боюу жаак сөөгүнүн ачылбагандыгынан сүйлөй албай калган. Шиваманын болгону моюн-жаак сөөгүнүн оорусунан жабыркап келген. Ошентип, жаак сөөгүнүн туура эмес өсүшү Шивамага сүйлөөгө мүмкүндүк берген эмес. Ал сегиз жыл бою нормалдуу сүйлөй гана албастан, тамак да иче албай араң жашап келген.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2095 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Анджелина Жоли актердук карьерасы аяктаганын тастыктады.

Атактуу голливуд жылдызы Анджелина Жоли акыркы аткарган Клеопатранын ролу менен кино исскуствосу менен коштошо тургандыгын билдирди.
ИТАР-ТАСС булагынын маалыматына караганда Анджелина Жоли "Mail On Sunday" гезитине маек куруп, кино искусствосу менен коштошо тургандыгын билдирген. Ал өзүнүн келечегин режиссер жана жазуучулукта көрүүдө. "Мен эч качан кинокамера алдында ушунчалык өзүмдү ишеничтүү сезген эмесмин. Эч качан режиссер болом деп ойлогон эмессмин. Азыр аны аткара алам," - деп айткан. Ал эми: "Актердук карьериңиз ушуну менен токтойбу?" - деген суроого "Толугу менен" - деп жооп берген. 2011-жылы Анджелина Жоли алгычкы жолу режиссер катарында "Кан жана балдын жээгинде" аттуу тасма тарткан. Ал Босния согушу тууралуу тартылган.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2096 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Эбола вирусунан каза тапкандардын денесин көмүүчү көрүстөндөгүлөр иш таштады.

Сьерра-Леоненин Кенема шаарындагы негизги оорукананын алдына көрүстөндө иштегендер эбола илдетинен каза тапкандардын денелерин таштап кетишкен. Алар бул аркылуу канчалык кооптуу жумушту аткарып жатышса да, айлык акы жана кошумча каражат берилбей жатканына нааразы экендиктерин айткысы келишкен. Алар 15 кишинин денесин калтырып кеткен деп айтылып жатат. Жансыз денелердин бири оорукананын жетекчисинин бөлмөсүнүн алдына ташталган, экөө оорукананын кире беришине ташталган.
Көрүстөндө иштеген кызматкерлер атайын кийимдерди кийип, коопсуздук чараларын бекем карманышканы менен баары бир чоң коркунучта, тобокелчиликте иштешет. Би-би-синин Сьерра-Леонедеги кабарчысы билдиргендей, бул окуядан кийин көрүстөндө иштеген кызматкерлер жумуштарынан бошотулду. Кенема шаары Сьерра-Леоненин чыгышындагы эң ири шаарлардын бири эсептелип, эбола эпидемиясы алгач ушул жерде белгилүү болгон. Өлкө боюнча бул илдеттен 1200дөн ашуун киши каза тапты. Каза тапкан кишилердин сөөгүн жашырып иштеген көрүстөндөгү кызматкерлер мурда убада кылынган октябрь, ноябрь айлары үчүн эмгек акылары төлөнбөй жатканын даттанышкан. Алар ачык асман алдына таштап салган денелер алынып салынды. Бирок иш таштоо улантылып жатат. Жергиликтүү жана борбордук бийлик бул туралуу эч кандай маалымат берген жок. Эки апта мурун иш таштоо эбола менен ооругандар дарыланып жаткан, өлкөдөгү жападан жалгыз Бо шаарындагы ооруканада болгон эле. Эбола вирусу киши каза тапкандан кийин да анын денесинде бир нече саатка чейин сакталып турат. Көрүстөндө иштеген кызматкерлер атайын кийимдерди кийип, коопсуздук чараларын бекем карманышканы менен баары бир чоң коркунучта, тобокелчиликте иштешет.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2097 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сыраны көп ичүү ашыкча салмак кошууга алып келет.

Мындай жыйынтыкка Британиянын окумуштуулары келишти. Алардын маалыматында, сыраны көп ичкен адам бир айда 3 килограммга чейин салмак кошуусу мүмкүн. Андан тышкары, адамдын организминдеги гормондордун бузулушуна алып келет. Ал эми эркек кишинин булчуңдары жумшарып, алсыздык пайда болот. Сыраны көп ичүүдөгү дагы бир коркунуч - кант диабетин пайда кылат. Андыктан ден соолукка кам көрөм десеңиз, сыраны ашык ичпегенге аракет кылууңузду дарыгерлер эскертишет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2098 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 15:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайлык жигит сүйлөшкөн кызына үйлөнүү тууралуу сунуш киргизүүдө 99 Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылды.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларда жыряланды. Анда жигит досторунун курчоосунда жана Айдондорду жүрөкчө үлгүсүндө тизип, кыздын колун сураган. Бирок кыз ага турмушка чыгуудан баш тартты. Анын себеби эч кимге белгисиз бойдон калды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2099 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 16:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Эбола вирусуна каршы дары тажрыйбадан ийгиликтүү өттү.

Бул тууралуу АКШдан окумуштуулар билдиришүүдө. Дары 20 ыктыярчыга текшерилип, оң жыйынтык берген. Алсак, препараттын таасири алдында адамдын иммундук системасы Эбола вирусуна каршы антителолорду бөлүп чыгара баштаган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, оорудан жабыркагандардын саны азыр 5,5 миңге жетти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2100 Пользователь офлайн   Dadin2   27 Ноябрь 2014 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 542
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Окт 2017 15:51


Шумдугун кургур Кыргызстанда ачык эле бай-кедей деген заман келдиби?
Парламент депутаты Дамира Ниязалиева Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалардын киргизилбей калышына каршы. Өз пикирин депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында төмөнкүчө түшүндүрдү. "Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбей коюуну убактылуу токтотуп турушубуз керек. Кыргызстандын жарандары сол рулдуу жаңыраак автоунааларды сатып ала алышпайт. Анткени салыштырмалуу баалары кымбат. Эмне, жакыр жашаган жарандарыбыз жөө жүрүшү керекпи? Карапайым жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз керек. Айлыктар көбөйүп, элдин жашоосу оңолгондон кийин тыюу салсак, колдойм". Мындай пикирге депутат Сайдулла Нышанов каршы. "Кедейлер сол рулдуу гана эмес, дегеле унаа ала алышпайт. Демилгени колдошубуз керек. Адам өмүрү баарынан кымбат", - деди депутат. Кыргызстанга рулу оң жагындагы унааларды алып кирүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 103
  • 104
  • 105
  • 106
  • 107
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 33 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 33, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 05:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: