Jeka (26 Ноябрь 2014 - 17:24) жазган:
Жумуш бүтүп, кетсемби деп ойлоп турам”
- деп айткыча жазыптырсыз, кетемин деп
Ушу менен бүгүнкүгө, бүттүбү кеп?
Жумуш күнүм беште бүтүп калат агай,
Жазсам дегем сөздөрдү дагы далай,
А бирок кыштын суугун эске алып,
Кетүүнүн камын көргөм суукка калбай.
Кайрадан алым-сабак баштайлыбы,
Ыр түрмөккө кадамдарды таштайлыбы,
Катылып жаткан сезим бурчундагы,
Сандыгын ыр жазуунун ачпайлыбы?!