Сулуу, акылдуу, эстүү тыкылдаган теле алып баруучулардын катарын толуктаган Айпери Суранчиеванын журналистикадагы иштерине баа беребиз.
Ди-джей, телеалпаруучу Айпери Суранчиева "Эхо Манаса" & Муз Обо.
#2 31 Июль 2014 - 12:36
1991-жылы 20-сентябрда Талас шаарында жарык дүйнөгө келген.
Үй-бүлөдө төрт бир тууган, үч уулу жалгыз кыз.
2009-жылы Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицейин бүтүргөн.
2014-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика жана Финансы бөлүмүн аяктаган.
Окуп жүргөн учурунда, көкүрөктөгү көксөөсүнүн бири бул телеалыпбаруучу болуу эле, «Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында» «жаштын тилегин берет» деген кыргыздын макалдарын баалайт.
Ал эми эмгек жолун 2008-жылы Талас шаарындагы «Радио Мост» уналгысынан баштаган.
КТРКнын босогосун 2013-жылдын 17-ноябрда аттаган.
6-декабрдан тарта КТРКнын Жаштар студиясынын «Муз Обо» теледолбоорунун алып баруучусу катары элге тааныла баштады.
Жашоодогу урааны: "Корксон баштаба, баштасан коркпо, кол батыр көз коркок".

#3 31 Июль 2014 - 12:59
КТРКга чейин эле НБТ, Эхо Манаса каналдарында иштечу эмес беле
Реал чемпиооон!!!
#4 01 Август 2014 - 01:05
Татынакай,сулуу.
Бирок эч сүйлөгөндөрү купулума толбойт,дагы такшалыш керек.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#5 01 Август 2014 - 18:55
Келечеги алдыда, мен оюмча алпбаруучулар ушундай козго жагымдуу болушу керек. А суйлогонун келечекте онуктуруп алат го деймин
Прежде чем судить ошибки других, обратите внимание на себя.У того, кто бросается грязью не могут быть чистые руки, душа и ум.
#6 01 Август 2014 - 19:57
Айпери алып баруучулукка келгени тууралуу...
– Алып баруучулук кесипке кокусунан аралаштым дегенден такыр алысмын. Себеби, алып баруучулук менин бала кезимден берки көкүрөктөгү көксөөм эле. Анын үстүнөн атамдын да кесиби журналист болгондуктан “алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, мен деле бул чөйрөдөн алыс кете албадым көрүнөт. Анан калса бул кесипке болгон каалоомдун күчөшөнө атамдын таасири да абдан чоң. Анткени, мен мектепте окуп жүргөн учурда эле атамдын жазган макалаларын үн чыгарып окуп, өзүмдү диктор катары, алып баруучу катары элестетип,
балалык кыялдарым тээ алыстарга кетээр эле. Менин кызыгуумду,
каалоомду, шыгымды байкаган атам шаарыбыздагы "Радио Мост" деген үнаалгыга орноштуруп койду. Ошентип журналистик кесипке болгон алгачкы кадамым ошол радиодон башталды, ошол жерден сабак алып, бийиктиктерди багындыруучу багытымды таап, пайдубалымды түптөдүм десем болот. 2007– жылдын 19– майдан бери бул кесипке аралашып келе жатам.
– Түз эфир, алгачкы жолу эфирге чыкканы жөнүндө...
– Алгачкы гана эфиримде эмес, ар бир эфиримде жазып даярданам, китептерди окуп изденем. Жакшы маанилүү сөз тапсам кудуңдап сүйүнөм. Журналисттик кесиптин дагы бир артыкчылыгы, ар дайым изденүүнүн, өсүштүн, билимди тереңдетүүнүн үстүндө болосуң. Ар кандай адамдар менен баарлашып бара– бара психолог да болуп калат экенсиң. Мен кесибимди өзгөчө жакшы көргөндүктөнбү же өзүмдүн табиятым ушундайбы ким билет, ар бир эфирге алгачкы чыгып жатканда аябай даярданып, ар бир сөзүмө, ар бир кыймылыма кылдатык менен мамиле жасайм.
– Алпаруучулар тойлордо тамада болушканы боюнча...
– Азырынча тойлорду алып баруу туурасында ойлоно элекмин. Баардык нерсенин убакыт сааты бар эмеспи. Азырынча ушул кесипти мыкты өздөштүрүп алсам деген гана аруу максатым бар. Андан кийин тамадалык иш боюнча ойлонуштурса болот. Кошумча жумуштун зыяны тийбейт эмеспи.
– Учурда ичкилик ичип, тамеки тартып коймойу бар кыздар тууралуу көз карашы...
– Албетте терс. Бетке айткан сөздүн заары жок дешет. Каттуу айтсам алдын– ала кечирим сурайм. Орус оюндагысын кылса, кыргыз көргөнүн кылып дал ушундай терс көрүнүштөрдү модага айлантып алышты. Мындай жаман сапаттар секелек жаш кыздарды жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан биз кыргыз кыздары илгерки ата– бабаларыбыздан калган жакшы акыл насааттарды угуп, кылымдардан бери кыргыз элинде калыптанып калган менталитетти сактап, көзгө өөн көрүнгөн адаттан алыс болуп, кыргыз кызына гана тиешелүү болгон уяң, илбериңки, назик сапатарга ээ болсок. Батыш мамлекеттери өнүккөн мамлекеттер деп эле батышты туурап, кереги барын, жогун деле кабыл ала бермей адатыбызды токтотсок. Жаман адаттан, жеңил ойлуулуктан жогору болсок. Убагында баркталбаган мүнөттөр эртедир– кечтир өз жазасын берет. Андыктан ар мүнөттү туура ишке, жакшы жолго жумшасак... ..
– Аял заты үчүн бакыт эмнеде...
– Аял заты үчүн бакыт бул – үй– бүлө болсо керек деп ойлойм. Учурда өзүм үй– бүлө күтө элекмин, бирок ал күн да алыс эмес болсо керек. Үйүңдө кичинекей наристелердин шыңгыр күлкүсү жаңырып, кыздарың апалап турса, жолдошуң жеңилинди жерден, ооруңду колдон алып бапестеп турса, ата– эне, бир туугандарын колдоп турса мындан өткөн аял киши үчүн бакыт болбосо керек. Ылайым кудайым ар бир аял затына ушундай бакытты кут кылсын.
– Жеңилгенди билген адамсыңбы. ..?
– Жашоодо жеңгенди да, жеңилгенди да көтөрө билиш керек деп ойлойм жана жеңилгенди билем (күлүп). Бирок абдан тырышчаакмын. Уттулуп калсам кийинки сапар утканга аракет жасай беремей өжөрлүгүм бар. Эсимде мектепте окуп жүргөн мезгилде кыргыз тили боюнча сынак болуп мен 3– орунду алып калгам. Кийинки жылы кайра катышып дал ушул эле сынакта биринчиликке ээ болгом. Ар дайым атаандашып жашайм. Атаандашууну кээ бир адамдар көрөалбастык менен алмаштырышат экен. Чындыгында атаандашуу эки же үч адамдын жемиши, а көрөалбастык бир гана адамдын жемиши.
– Киного тартылууну сунушса... – Кино жаатына бир мезгилде абдан кызыктым эле, азыр эмнегедир мурункудай каалоо жок. Эгер терс каарманды сунуштап калса ал каармандын тагдырын окуп чыгып, сценарий менен таанышмакмын. Эгер биздин менталитетке туура келбеген жагдайлары болсо, албетте ойлонбостон каршы болмокмун.
– Кыргызстандын келечеги...
– Кыргызстандын келечеги кең эл болсунчу. Бирок мен Кыргызстанды тумандан өз жолун таппай жүргөн жолоочуга салыштырам. .. Кудай буюруса тумандуу түндөр бүтүп, жаркырап тийген күнгө жетээрибизге ишенем...
Маектешкен: Наргиза КОЗУБАЕВА

#7 20 Август 2014 - 18:39
Менин билишимче Айпери такшалган эле алып баруучунун катарын толуктайт себеби эч тартынбай коркпостон ээн эркин суйлойт, кээ бир алып баруучулардай болуп кысынып оз оюн айта албай калбайт, оз оюн кыска нуска билдирет. Азамат тажырбасы коп бирок эмнегедир пиар менен такыр иштебейт, маек куруу максатта чалганыбызда бош эмесмин деп койгон, кээ бирлер жан талашып мени чыгарчы деп суранышса бул тескеринче экен тан калгам.
#8 27 Ноябрь 2014 - 21:31
n73 (20 Август 2014 - 18:39) жазган:
Менин билишимче Айпери такшалган эле алып баруучунун катарын толуктайт себеби эч тартынбай коркпостон ээн эркин суйлойт, кээ бир алып баруучулардай болуп кысынып оз оюн айта албай калбайт, оз оюн кыска нуска билдирет. Азамат тажырбасы коп бирок эмнегедир пиар менен такыр иштебейт, маек куруу максатта чалганыбызда бош эмесмин деп койгон, кээ бирлер жан талашып мени чыгарчы деп суранышса бул тескеринче экен тан калгам.
ozunuzdu ozunuz bayandapsyzgo?
Адилет
#9 27 Ноябрь 2014 - 23:54
#11 28 Ноябрь 2014 - 13:38
#12 28 Ноябрь 2014 - 13:48
Oa maga da keliptir ele,menda taanybasam kantip doobuw bermek elem.
Адилет
#13 29 Ноябрь 2014 - 17:23
Пиар кылгысы келбегени ушул болсо,башкасы бүттү го анда
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева
#17 05 Декабрь 2014 - 00:04
Tobo kyzdar nege myn4a biri birinerdi koro albaisynar ai ai. Internetten miz obo taap kordum beruusyn jakwyna ele alyp barat eken go koro albastykty syndagandy toktotsok onolmokbyz. Ozubuzdun koldon kelbeit a kelgenderdi koro albaibyz.