Имам Абу Ханифанын (Аллах рахмат кылсын !)Пайгамбарыбыздан (солла Аллаху алейхи ва саллам) риваят кылган хадиси;
....... "Беш турлуу аялга уйлонбо " ......
جاء في مسند الإمام اﻷعظم من رواية الخصكفي بترتيب محمد عابد السندي في كتاب النكاح الحديث برقم-259 :
أبو حنيفة عن حماد عن إبراهيم قال : أخبرني شيخ من أهل المدينة عن زيد بن ثابت : أنه جاء إلى النبي صلى الله عليه وسلم فقال له : "هل تزوجت ؟" قال : ﻻ ، قال : "تزوج ، تستعف مع عفتك ، و ﻻ تزوجن خمسا " ، قال :ما هن ؟ قال : " ﻻ تزوجن شهبرة ، وﻻ نهبرة وﻻ لهبرة وﻻ هبدرة وﻻ لفوتا " ، فقال زيد : يا رسول الله ! ﻻ أعرف شيئا مما قلت ، قال : "بلي ، أما الشهبرة : فالزرقاء البدينة ، و أما النهبرة : فالطويلة المهزولة ، و أما اللهبرة : فالعجوز المدبرة ، و أما الهبدرة : فالقصيرة الذميمة ، و أما اللفوت : فذاك الولد من غيرك " ، قال الشيباني : ضحك أبو حنيفة من هذا الحديث طويﻻ.
Имамыбыз Абу Ханифадан, пайгамбарыбызга чейин жеткен хадисте мындай делет :
Зайд бин Саабит Пайгамбарыбызга келгенде, ага Алланын элчиси мындай деди :
- "Сен уйлондунбу ? ". Ал : али уйлонгонум жок деди. Анда ага Алланын элчиси : "уйлонгунун ! Ал -ар намыс , абийрдуулугунду сактап ,
абройунду кобойтот. Бирок беш турлуу аялга уйлонуудон оолак бол ! Зайд : алар кимдер деди ?
Пайгамбар (Аллахтын ага салам, дубайы болсун ! ) ага :
1- "шахбарага"
,
2- "нахбарага"
,
3- "лахбарага"
,
4- "хабдарага"
,
5- "лафуутага"
, ушуларга уйлонбогун деди .
Зайд : Оо Алланын элчиси ! Сиз айткандардын эч бирисин тушунуп, билбейт экем деп жооп кайтарды.
Пайгамбар (ага Алланын салам, дубайы болсун !) : Туура.
Ал эми "шахбара"
деген - козу кок семиз аял.
"Нахбара "- ото арык , узун бойлуу, алсыз , жаны жок болгону.
Ал эми "лахбара"
-жашы бир топко келип,адам кызык артпай турганы.
"Хабдара"
болсо -бою ото эле кыска ,семиз, козго суук корунгону.
Ал эми "лафуут "дегени -башка бироодон баласы бар аял . ( Анткени ал баласы менен алек болуп , куйосуно жакшы конул боло албай калышы мумкун .)
Шайбаний айтат : Абу Ханифа бул хадисти айтып , узак убакытка дейре кулду.
Үй-бүлө жана нике.
#42 28 November 2014 - 21:32
Тафсир берип, оюңузду да жаза кетпепсиз, Дауд ага. Аябай кызык болду, бул жагы.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#43 29 November 2014 - 01:31
Имам Абу Ханифанын (Аллах рахмат кылсын !)Пайгамбарыбыздан (солла Аллаху алейхи ва саллам) риваят кылган хадиси;
....... "Беш турлуу аялга уйлонбо " ......
جاء في مسند الإمام اﻷعظم من رواية الخصكفي بترتيب محمد عابد السندي في كتاب النكاح الحديث برقم-259 :
أبو حنيفة عن حماد عن إبراهيم قال : أخبرني شيخ من أهل المدينة عن زيد بن ثابت : أنه جاء إلى النبي صلى الله عليه وسلم فقال له : "هل تزوجت ؟" قال : ﻻ ، قال : "تزوج ، تستعف مع عفتك ، و ﻻ تزوجن خمسا " ، قال :ما هن ؟ قال : " ﻻ تزوجن شهبرة ، وﻻ نهبرة وﻻ لهبرة وﻻ هبدرة وﻻ لفوتا " ، فقال زيد : يا رسول الله ! ﻻ أعرف شيئا مما قلت ، قال : "بلي ، أما الشهبرة : فالزرقاء البدينة ، و أما النهبرة : فالطويلة المهزولة ، و أما اللهبرة : فالعجوز المدبرة ، و أما الهبدرة : فالقصيرة الذميمة ، و أما اللفوت : فذاك الولد من غيرك " ، قال الشيباني : ضحك أبو حنيفة من هذا الحديث طويﻻ.
Имамыбыз Абу Ханифадан, пайгамбарыбызга чейин жеткен хадисте мындай делет :
Зайд бин Саабит Пайгамбарыбызга келгенде, ага Алланын элчиси мындай деди :
- "Сен уйлондунбу ? ". Ал : али уйлонгонум жок деди. Анда ага Алланын элчиси : "уйлонгунун ! Ал -ар намыс , абийрдуулугунду сактап ,
абройунду кобойтот. Бирок беш турлуу аялга уйлонуудон оолак бол ! Зайд : алар кимдер деди ?
Пайгамбар (Аллахтын ага салам, дубайы болсун ! ) ага :
1- "шахбарага" ,
2- "нахбарага" ,
3- "лахбарага" ,
4- "хабдарага" ,
5- "лафуутага" , ушуларга уйлонбогун деди .
Зайд : Оо Алланын элчиси ! Сиз айткандардын эч бирисин тушунуп, билбейт экем деп жооп кайтарды.
Пайгамбар (ага Алланын салам, дубайы болсун !) : Туура.
Ал эми "шахбара" деген - козу кок семиз аял.
"Нахбара "- ото арык , узун бойлуу, алсыз , жаны жок болгону.
Ал эми "лахбара" -жашы бир топко келип,адам кызык артпай турганы.
"Хабдара" болсо -бою ото эле кыска ,семиз, козго суук корунгону.
Ал эми "лафуут "дегени -башка бироодон баласы бар аял . ( Анткени ал баласы менен алек болуп , куйосуно жакшы конул боло албай калышы мумкун .)
Шайбаний айтат : Абу Ханифа бул хадисти айтып , узак убакытка дейре кулду.
....... "Беш турлуу аялга уйлонбо " ......
جاء في مسند الإمام اﻷعظم من رواية الخصكفي بترتيب محمد عابد السندي في كتاب النكاح الحديث برقم-259 :
أبو حنيفة عن حماد عن إبراهيم قال : أخبرني شيخ من أهل المدينة عن زيد بن ثابت : أنه جاء إلى النبي صلى الله عليه وسلم فقال له : "هل تزوجت ؟" قال : ﻻ ، قال : "تزوج ، تستعف مع عفتك ، و ﻻ تزوجن خمسا " ، قال :ما هن ؟ قال : " ﻻ تزوجن شهبرة ، وﻻ نهبرة وﻻ لهبرة وﻻ هبدرة وﻻ لفوتا " ، فقال زيد : يا رسول الله ! ﻻ أعرف شيئا مما قلت ، قال : "بلي ، أما الشهبرة : فالزرقاء البدينة ، و أما النهبرة : فالطويلة المهزولة ، و أما اللهبرة : فالعجوز المدبرة ، و أما الهبدرة : فالقصيرة الذميمة ، و أما اللفوت : فذاك الولد من غيرك " ، قال الشيباني : ضحك أبو حنيفة من هذا الحديث طويﻻ.
Имамыбыз Абу Ханифадан, пайгамбарыбызга чейин жеткен хадисте мындай делет :
Зайд бин Саабит Пайгамбарыбызга келгенде, ага Алланын элчиси мындай деди :
- "Сен уйлондунбу ? ". Ал : али уйлонгонум жок деди. Анда ага Алланын элчиси : "уйлонгунун ! Ал -ар намыс , абийрдуулугунду сактап ,
абройунду кобойтот. Бирок беш турлуу аялга уйлонуудон оолак бол ! Зайд : алар кимдер деди ?
Пайгамбар (Аллахтын ага салам, дубайы болсун ! ) ага :
1- "шахбарага" ,
2- "нахбарага" ,
3- "лахбарага" ,
4- "хабдарага" ,
5- "лафуутага" , ушуларга уйлонбогун деди .
Зайд : Оо Алланын элчиси ! Сиз айткандардын эч бирисин тушунуп, билбейт экем деп жооп кайтарды.
Пайгамбар (ага Алланын салам, дубайы болсун !) : Туура.
Ал эми "шахбара" деген - козу кок семиз аял.
"Нахбара "- ото арык , узун бойлуу, алсыз , жаны жок болгону.
Ал эми "лахбара" -жашы бир топко келип,адам кызык артпай турганы.
"Хабдара" болсо -бою ото эле кыска ,семиз, козго суук корунгону.
Ал эми "лафуут "дегени -башка бироодон баласы бар аял . ( Анткени ал баласы менен алек болуп , куйосуно жакшы конул боло албай калышы мумкун .)
Шайбаний айтат : Абу Ханифа бул хадисти айтып , узак убакытка дейре кулду.
Мына сага дагы бир кызык! ))))
Сырткы келбети арык, толук, кок коз, кара коздор жараткан тарабынан берилгенго.
Чечмелеп бериниз эми, адамды ан-тан кылып оозун ачырбай!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#44 01 December 2014 - 19:15
Хадисти бир баланын котормосунан эле көчүрүп койдум эле. Өзүм бир сыйра карадым, көзү көк деген жери жок экен. Анан аалымдардын бул хадисти өтө деле кенен чечмелегенин көрбөдүм. Адатта аалымдар түшүнүктүү болгон сөздөрдү чечмелешпейт.
Бул хадис да ошолордун бири окшойт. Мен өз оюмду айтып көрөюн.
1. Өтө семиз аял. Негизи эле өтө эле толо аялды көпчүлүк эркектер жактырыша бербейт. Негизи эле Исламда семиз болуу жактырылбайт. Бул эркектерге да тиешелүү. Анткени семиз болуу көп тамактануунун натыйжасы. А Исламда көп тамактануу жактырылбаган иштерден деп эсептелет. Өтө толо аял бойдокчулук кезде көзгө жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок убакыт өтүшү менен андан эркектин көңүлү калуусу мүмкүн. А бул өз кезегинде ажырашууга алып барат. А Ислам мүмкүн болушунча үй-бүлөнү сактоого аракет кылат. Демек, бул нерсенин алдын алуу үчүн, өтө толо аялга (кызга) үйлөнбөгөн жакшы. Андан сырткары толо аял жакшы кызмат кыла албоосу мүмкүн. Тез чарчап, жалкоо болуп дегендей.
2. Өтө арык, итирейген, өлөюн деген аял. Өтө арык болуу ден-соолуктун жакшы эмес экендигинен кабар берет. Жен-соолук жакшы болбосо, киийинки жашоодо да бул нерсенин зыяны тийүүсү мүмкүн. Жетишээрлик деңгээлде күйөөсүнө көңүл бура албай, балдарын жакшы карай албай, тойгуза албай ж.б. иштерди кыла албоосу мүмкүн.
3. Карып калган аял боюнча маселе түшүнүктүү эле болсо керек. Каарыган аял жаш жигит каалаган нерселерди аткара албоосу турган кеп. Анын үстүнө көз караштардагы айырмачылыктардын да таасири тиет.
4. Бою өтө кыска, түрү суук аял. Бардык эле адамда напсилик каалоолор бар. Адам канчалык такыба болгон күндө да, анын напсиси бир күнү болбосо бир күнү өз сөзүн айтуусу мүмкүн. Аллах Таала каалаган аялга үйлөнүүгө уруксат берип жаткандан кийин сулуурагын эле тандаган жакшыго. Албетте биринчи кезекте ыймандуусун, бирок ыймандуу сулуу кыздар деле бар да.
5. Башка бирөөдөн балдары бар аял жөнүндө хадистин өзүндө түшүндүрмө берилген.
Негизи жогоруда айтылган нерселер болочоктогу үй-бүлөнүн бекем болуусу үчүн айтылган осуят. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде жакшы аял карасаң көздү кубанткан, бир нерсеге буйрусаң дароо аткарган аял экенин айткан. Башка бир хадисте жубанга эмес, кызга үйлөнүү тууралуу осуят айткан.
Бирок, жогоруда айтылгандарга үйлөнүү арам экен деп түшүнбөө керек. Анткени Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) өзү башка бирөөдөн балдары бар аялга үйлөнгөн. Ошондой эле Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) жубанга үйлөнгөн убакта, аны туура эмес иш кылыпсың деп жемелеген эмес.
Кыскача айтканда бул хадис алганга жараша мыктысын ал деген маанидеги хадис. Үйлөнүүгө көңүл кош мамиле кылып, кийин өкүнүп калба деген эскертме. Валлаху а*алам!

#45 03 December 2014 - 09:33
Семиздер менен арыктар кайда барат анда? )
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#46 03 December 2014 - 10:52
Семиздер менен арыктар кайда барат анда? )
Бул жерде жөн эле семиздер менен жөн эле арыктар жөнүндө сөз болгон жок, өтө, өтө семиздер (тололор) менен өтө, өтө арыктар жөнүндө сөз болуп жатат. Жанагы диета кармап жүрүп, сөөгү эле калгандар барго, мына ошолор жөнүндө.
Семиздер арыктасын, арыктар семиришсин да.
#47 05 December 2014 - 13:31
Менин байкашымча кыргыз жигиттери сырткы келбетине анча конул болушпогондой.
Коп кором, сулуу, сулуу кыздар менен жетелешип жургон мырзаны кийин карасан дал сиз айткан толук(семиз),
бою кипкичинекей тыпыйган кызга уйлонгон болот. Же, кыздарга сын айтып жургон идеальный мужикти карасан бети башы чаар-ала кыз менен ынтымакта жашап жаткан болот. Ичинден табитин ушул беле дейсин, сыртындан айтмак белен?))) Ойлоп калам кыргыз жигиттеринде сулуу кыздарды женил ойлуу деген тушунук калыптанып калганбы депчи. Ошон учунда 'кара кыздын агынан эмес, багынан' деген соз актуалдыгын жоготпосо керек.
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#48 05 December 2014 - 13:35
Баракелди,
азаматсыз Аллахым ыраазы болсун сизден.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#49 05 December 2014 - 14:33
Менин байкашымча кыргыз жигиттери сырткы келбетине анча конул болушпогондой.
Коп кором, сулуу, сулуу кыздар менен жетелешип жургон мырзаны кийин карасан дал сиз айткан толук(семиз),
бою кипкичинекей тыпыйган кызга уйлонгон болот. Же, кыздарга сын айтып жургон идеальный мужикти карасан бети башы чаар-ала кыз менен ынтымакта жашап жаткан болот. Ичинден табитин ушул беле дейсин, сыртындан айтмак белен?))) Ойлоп калам кыргыз жигиттеринде сулуу кыздарды женил ойлуу деген тушунук калыптанып калганбы депчи. Ошон учунда 'кара кыздын агынан эмес, багынан' деген соз актуалдыгын жоготпосо керек.
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
Ыйманына кароо деген сөз, сулуулугуна караба деген сөз эмес. Бул нерселерди бири-бирине каршы маани деп түшүнбөө керек. Ыймандуу да, сулуу да болсо буга эмне жетсин. Нур үстүнө нур болот.
Эгерде ыймандуу бирок сулуу эмес жана сулуу бирок ыймандуу эмес кыздын арасынан бирөө тандоо керек болсо анда сулуу эмес болсо да ыймандуусун тандоо керек. Бирок ыймандуу да, сулуу да кыз бар болгон болсо, жогорудагы эки кызды эмес, мына ошол ыймандуу да, сулуу да болгон кызды тандоо керек.
#50 06 December 2014 - 01:52
Менин байкашымча кыргыз жигиттери сырткы келбетине анча конул болушпогондой.
Коп кором, сулуу, сулуу кыздар менен жетелешип жургон мырзаны кийин карасан дал сиз айткан толук(семиз),
бою кипкичинекей тыпыйган кызга уйлонгон болот. Же, кыздарга сын айтып жургон идеальный мужикти карасан бети башы чаар-ала кыз менен ынтымакта жашап жаткан болот. Ичинден табитин ушул беле дейсин, сыртындан айтмак белен?))) Ойлоп калам кыргыз жигиттеринде сулуу кыздарды женил ойлуу деген тушунук калыптанып калганбы депчи. Ошон учунда 'кара кыздын агынан эмес, багынан' деген соз актуалдыгын жоготпосо керек.
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
Сиз айткан Пайгамбарыбыздын осуяттарын коншуларыбыз (озбектер) жакшы карманышатго, менимче. Жар тандоодо ыйманында, сулуулугунада аябай конул болушот. Уйлончуу жигит мында турсун жигиттин апасы, тууган-уругу сулуусун издеп жоношот. Сулуу эмес экен, келинимди кочодо кантип ээрчитип журом дегендерди угуп тан калгам.
Ага караганда кыргыз кыздарынын багы бар экен, кудай берген он-келбет менен (семизи деле, арыгы деле) турмушка чыгып кете беришет, сыноолорго тушукбай. Бизде ыйманына кобуроок басым жасалат окшойт
~Мечта - аванс успеха ...~
#51 22 January 2015 - 15:59
Уй-бүлө бактылуу болуусу учун жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана тушунуктуу болуп, алар сакталууга тийиш.
Эркектин аялына карата укуктары:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эн жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим)
Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан сон жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат.
Такыба аял уйуно байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт.
Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот.
Такыба аял үй-бүлөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу учун аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен отойт.
Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот.
Аял киши куйоосунун укуктарын сактабастан туруп, аны урматтабастан туруп такыбалардын катарына кошула албайт. Андыктан эркектин аялынын алдындагы укуктарынын кээ бирин билуу ашыкча болбойт:
1. Аял киши озунон да, туугандарынан да куйоосунун укугун жогору коёт. Анткени куйоонун укугу улуу.
2. Аял киши куйоосунун кызматын кылууга дайым даяр туруу керек. Тактап айтканда куйоосунун аялына эркектин жумушу чыкканда баш тартпоосу керек. Бир гана айыз же нифас учурунда ал нерсеге тыюу салынат. Куйоосу тошокко чакырган учурда жооп кылбаган аялзаты куноокор болот. Периштелер каргыш айтат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Куйоосу аялын мамилеге чакырса, аялы баш тартып, куйоосу ачууланган абалда тун откорсо, тан атканга чейин ал аялга периштелер каргыш айтып чыгышат" (Бухарий, Муслим). Башка бир хадисте: "Куйоосу аялын муктаждыгы учун чакырса, аялы дандырда нан жаап жаткан болсо да жооп берсин!" (Термизий, Насааий).
3. Аял киши куйоосунун уруксатысыз нафил орозолорду тута албайт. Анткени орозо тутуп жаткан учурда куйоосунун муктаждыгы пайда болсо, аткарууга мумкун эмес болуп калат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Куйоосу жанында болуп турган аялга (куйоосунун уруксатысыз) нафил орозо тутуу адал болбойт...! " (Бухарий, Муслим).
4. Аял киши куйоосунун уйунон анын уруксатысыз эч бир нерсени бере албайт. Торкундоруно да ага айтпастан туруп бере албайт. Берген болсо аялга куноосу, эркекке сообу жазыла берет. Бирок уй-було учун бышырылган тамактан белекке берсе болот.
5. Аял киши уйунон чыкпайт, чыкса да махрамдары менен чыгат. Уйдун сыртында куйоосунун уруксатысыз иштебейт. Жолдошуна жакпаганаялзаттары менен да мамиле тузбойт, аралашпайт.
6. Кудайдын тагдырга жазган ырыскысына каниет кылат. Жашообуз эмнеге мындай жарды (?) деп ачууланбайт. Куйоосунун кулагын жебейт. Ар бир таап келген ырыскыны ыраазылык менен кабыл кылып, Кудай Таалама шугурчулук келтирет. Ашыкча нерсе талап кылып коюп, куйоосун арам ишке кириптер кылып коюдан сактанат. Мурунку замандагы такыба аялдар куйоосун эртен менен жумушуна узатып жатып айтышчу: "Биз ачкачылыкка го чыдайбыз, а бирок тозок отуна чыдай албайбыз. Бизди адал оокат менен гана бак!".
7. Аял киши озун сактайт. Сулуулугун ар кимге корсото бербейт. Шариат буйругандай таризде кийинет. Кыска жана жука кийимдерден оолактайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Аял киши куйоосунун уйунон башка жерде жоолугун чечпесин...! " (Термизий, Абу Дауд).
8. Кайсы бир муктаждыгы боюнча куйоосунун досторуна озун тааныштырбасын. Куйоосунун достору менен мамиле тузбосун. Анткени кызгануунун кобу мына ушулардан чыгат. Телефон аркылуу, же куйоосу жокто уйуно келип, анын бар экендигин сураса, кыскача гана "ал жок эле" деп жооп беруу милдеттуу. Созду созуп олтуруу куноо.
9. Куйоосунон озун жогору койбоосу керек. озунун сулуулугуна же байлыгына маашырканып, куйоосун озунон томон кароо бактысыздыкка алып келет.
10. Балдарына мээрим тогуп кароосу зарыл. Балдарын жаман соз менен урушпоо. Куйоосунун жакшылыктарын дайыма айтып, балдарына куйоосунун жакшы адам экендигин баса белгилеп айтып туруу.
Аялдын куйоосуно карата укуктары:
Эркектин аялына карата укуктары аялдын жеке озуно гана байланыштуу. Аялдын мал-мулкуно тиешеси жок. Аялдын жеке байлыгына, аялдын озунун уруксатысыз эркектин кийлигишууго укугу жок. Аял озуно таандык байлыкты каалагандай жумшай алат.
Ал эми аялдын куйоосуно карата укуктары эркектин озуно да, мал-мулкуно да тиешелуу болот. Каржы тараптан нафака, махр сыяктуу нерселер да аялдын укуктарына кирет:
Аялдын куйоосуно карата кээ бир укуктары:
1. Аялына жакшы кулк-муноздо болуу, жакшы мамиле жасоо, жакшылык ыроологон жашоодо жашоо, ага зыян жеткирбоо. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Силердин эн жакшыраагынаар, уй-булосуно эн жакшыраагынаар! " (Термизий). Коомчулук менен болгон мамилесинде, сыртта жургондо адеп-ахлактуу болуп, уйго келгенде "каардуу тиранга" айлануу жакшылыктын белгиси эмес. Чыныгы момун-мусулман адегенде аялына жакшы мамиле жасайт. Анткени ал ошого татыктуу, анын жакшы мамилесине башкаларга караганда кобуроок муктаж.
2. Аял тараптан болгон ызаны, кээ бир кеткен кемчиликтерди которуу, ачууланганда жана капа болгондо айткан создорун кулактын сыртынан кетируу. Азирети Анас бин Маалик айтат: "Пайгамбарыбыз алайхис саламдан да уй-булосуно ырайымдуураак бироону такыр коргонум жок!" (Муслим). "Пайгамбарыбыз алайхис саламдын аялдары да Пайгамбарыбызга соз кайрышат эле, а тугул кээ бир аялдары кечке чейин Пайгамбарыбыз алайхис саламга суйлобой коюшат эле!" (Бухарий, Муслим).
3. Аялын эркелетуусу, тамашага салуусу, ойнотуусу кажет. Бирок мына ушунун баары чектен чыгып кетпоосу зарыл. Эркектин айбатын, кадыр-баркын тушурбогудой болсун. Анткени бул амалдар аялдардын журогун жакшыртат.
4. Аялын кызгануусу милдеттуу. Анын урмат-сыйы, адамгерчилик бедели сакталып турууга тийиш. Жаман нерсе болуп кетпоосу учун абалды дайыма коз алдында сактоосу керек. Ошол эле убакта чектен чыгып кетпоо керек. Болбогон жерден шектенип, конгон кополоктон деле кызгана бербоого тийиш. "Пайгамбарыбыз алайхис салам уй-булосун тундо чочутуп, эшик такылдатып ойготуп, алардагы кээ бир кемчиликтерди издоону тыюу салган" (Муслим).
5. Аялды оз алдынча шариатка ылайыктуу жашоосуна шарт тузуп беруу. Эркектин туугандарынын эч кимиси аралашпаган, дааратканасы жана жууна турган жайы бар жатак жай даярдап беруусу лаазым. Аллах Таала Куранда айтат: "Аялдарынарга мумкунчулугунор болушунча, озунор жашап турган жайдан орун бергиле...! " (Талак, 6).
6. Аялдарга дароо берем деген калын-махрды дароо беруусу керек. Аны кечендетууго болбойт. Ал аялдын жеке укугу.
7. Аялына жете тургандай нафака жумшоосу. Ичип-жегенинде, кийиминде кемчилик кетирбесин. Ысырапкерчиликке да жол бербесин. Эркек бул нафакаларды беруусу менен Кудай Тааламдын алдында чон соопторго ээ болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кудай Тааланын ыраазылыгы учун жумшаган нафакалардын баарына сооп аласын. Ал эле эмес аялындын оозуна салган бир узум тамакка да сооп аласын!" (Бухарий, Муслим). Башка хадисте: "Адам сооп умут кылып уй-булосуно нафака жумшаса, ал ага садака деп эсептелет! " (Бухарий, Муслим).
8. Аялына дин таалимдерин уйротуусу зарыл. Эгер аял ошол нерселерди уйроно элек болсо. Адегенде ыймандын шарттары менен туркукторун, андан сон ыймандын калган бутактарын, шариат окумдорун, даарат, айыз маселелерин, намаз жана орозону уйротот. Дайыма намаз окуусуна комоктошуп турат. Аллах Таала Куранда айтат: "Уй-булонду намаз окууга буйруп, жана намаз окууга сабыр кыл!" (Тоохаа,132).
9. Эки же андан ашык аялы болгондор аялдарына адилеттуулук менен мамиле кылуусу парз. Бирин башкасынан нафака беруудо, убактысын болуудо артыкча корбоо. Журогундогу махабатынан башкасынын баарын тен болуусу милдеттуу. Ал эми журокту инсан озу башкара албайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кимдин эки аялы болуп, бирине кобуроок тартса, кыямат куну бир тарабы кыйшайып, тартылып турган абалда келет!" (Абу Дауд, Термизий, Насааий, Ибн Маажа).
10. Аялын тарбиялоосу милдеттуу. Айрыкча Аллах Тааланын парздарын аткаруусу, андан сон куйоосунун алдындагы милдеттерин аткаруусун козомолдойт. Эгер шалаакылык же жон эле камырабастык менен намаз окуганды, же жоолук салынганды таштап коё турган болсо эркек аны тарбиялоого милдеттуу. Куйоосунун конулун алууга аракеттенбесе да тарбиялого муктаж болот.
Тарбиялоо озунун тартиптери менен болот. Адегенде ага жакшы соз, насаат айтуу менен болот. Ага да болбосо бир эле болмонун ичинде тошогун болуп салып жатуу кирет. Бул болуу бир кундон уч кунго чейин созулат. Ага да болбосо, тошок маселесинде куйоосуно моюн сунбай турган аялды когорбой турган, катуу оорутпай турган таризде урууга жол берилет. Бетине, башына, бойрокторуно, денесине зыян жеткире турган жерине урбайт. Бул уруу аны таяктоо деген соз эмес. Бул "ушул даражага чейин келдин, козунду ач (!)" деген маани. Бул мурдагы усулдар аткарылып, дале болсо аялы баш ийбей, жагымсыз иштерин уланта берген учурда болот. Куранда айтылат: "Куйоолорун козго илбей калуусунан чочулаган учурда адегенде насаат кеп айткыла, болбосо тошокто болгуло, ага да болбосо ургула!" (Нисаа,34). Кээ бир наадандар, ушул аятты далил кылып, аялын урууну онокот адатка айландырган. Пайгамбарыбыз алайхис салам аялдарды эч качан урган эмес. Анын мырзалыгы бул нерсеге жол берген эмес. Эркектин озу такыбалыкка моюн сунбай туруп, аялынан такыбалыкты талап кылуусу ото кейиштуу корунуш. Бул аялдарды уруу зарыл деген соз эмес. Бул, торт адам "эркек-аялдын зынаа кылганын сыя калем сыя челекке кирип жатканын кандай коргон болсо, мына ошондой корунушто алака болуп жатканына кубо болгонун" айтса, таш баранга алынып олтурулот. А бирок он беш кылымдык тарыхыбызда торт кубо менен таш баранга алган учурубуз боло элек. Адамдар кылмыштуу иштерге тушпосун деп, озгочо оор кылмыштардын жазасы оорлотулат. Ал жаза менен эч ким жазаланбаса да. Анткени кылмыштан кайтаруу саясаты ошону талап кылат. Кээ бир аалымдарыбыз урса кантип урат десе, тиш тазалаган мисвак менен, же бир тутам саман алып, ошону менен жамбашына урат деп да айтышкан.
11. Аялы менен кошулганда, аялдын уруксатысыз уруктугун сыртка токпоосу керек болот. Ал аялдын укуктарын толуктап турат.
12. Аялдын руханий муктаждыгын, аялдык муктаждыгын кандырууга жан-аракет кылат. Аялы арамга тушуп кетпоосу учун колунан келген онорун аябайт. Анын конулун табат.
13. Аялын, анын туугандарын жондон-жон эле кордобойт. Соз менен же кылык-жорук менен аларды кемсинтпейт.
14. Аялын жакшы корбосо да, ага ырайым менен мамиле кылат. Ар бир адамдын жакшы жери бар, ошол жакшы жери аркылуу аны жакшы коргонго аракет кылат.
Уйдо ким кожоюн?
Шариатыбызда уй-було толук кандуу уй-було болуп жашоосун камсыздаган корком адептер, касиеттуу тартиптер бар. Ал – мусулманчылыкта уйдо кожоюн эркек болот. Уй-булону кароо, аларга багыт берип тарбиялоо, аларды камсыздоо даражасы эркектин мойнуна жуктолгондуктон, уйдогу кожоюндук да, акыркы соз да эркекке берилген.
Куранда айтылат: "Аялдарга караганда эркектердин даражасы жогору...!" (Бакара,228). "...Эркектер аялдарга жетекчилик кылуучулар. ..!" (Нисаа,34).
Аял менен эркектин ортосундагы айырма акылдуу адамга жашыруун эмес. Акыл-эс, ой-жугуртуу, сезимталдык, кара-куч тарабынан да айырмачылыктар ачык баамдалып турат. Аялзаты табиятынан кимдир бироонун коргоосунда болгусу келет. Ошол корукту гулзарга айланткысы келет. Кучтуу кокурок менен ар кандай зулумдуктар менен коркунучтардан сактангысы келет. Мына ушул эриш-аркак мамилени Пайгамбарыбыз таасын суроттоп берет: "Эгер аялзатына Аллах Тааладан башкага сажда кылуу мумкунчулугу болгондо, анда куйоонун акысынын улуктугун эске алып, ага сажда кылууга буйруйт элем"! (Термизий, Ибн Маажа).
Эркектердин бул даражасы жоопкерчиликтин даражасы, милдеттин даражасы. Абдуллах бин Аббас айтат: "Эркектердин даражасы бул аялдарга жакшылык кылуу, аларды камсыздоо, алардын конулун которуу даражасы! ".
Эркектердин аялдарга жол башчылыгы, жетекчилиги – бул аялдардын кем-карчтарын бутоо, акыбалдарын жоктоо, ысыкта ысытпоо, суукта ушутпоо, бардык проблемаларын чечуу, ар бир аял озун ханыша катарында коруу мумкунчулугун беруу демек.
Кээ бир акмак адамдар "эркектер аялдарга жетекчи" дегенди эркек каалаганын айтса аял аткаруусу керек, же болбосо аялдарына кулак кести кулдай мамиле кылып алышат. Албетте бул туура эмес тушунук. Эркек аялга уйлонгондо, ага берилген калынды сатып алганга тологон баа катары карабаш керек. Ал аялга омурундогу эн бактылуу кунго шариат тараптан берилген белек. Ошол эн бактылуу кунду эн бактысыз кунго айланпастан сактоо милдети эркектерге даража, жана жетекчилик сыпатында берилген.
Аялдарын уруп-соккондор, кагып-силккендер, жиркип-кор туткандар чындыгында эркек да эмес, момундук сыпатка да ээ эмес. Алар мусулмандарга коо сурткон арсыз эркектер! .
Чыныгы эркек, акыйкат куйоо - бул аялдын бейишке кируусуно себеп болгон, аялдын женилин жерден алган, оорун колдон алган, таат-ибаадатына комок корсоткон, кемчилигин жашырган, жакшылыгын ашырган, бополоп эки колуна салып алып жургон адам.
Эркек эч убакта унутпоосу керек, аялы озунон жаралган, кабыргасынан пайда болгон. Ал кыйшык жаралган, аны туздоо мумкун эмес, ал кандай болсо ошондой таризде мамиле кылуу милдеттуу. Башкача айтканда аялдарды ондоп эркекке айланта албайсын, аларды эркектердей ой жугурттуро албайсын. Жакшысы анын аял бойдон калганы он. Коом сакталат.
Аял да куйоосун урматтоосу, анын жакшылыгын билуусу, эн чон жакшылыгы анын озунун канатына калкалоосун туюусу ийги. Аюу да болсо эрим бар деген накыл бекеринен чыккан эмес.
Тен укуктуулук.
Аял менен эркектин тен укуктуулугун айтып жатышкандар чындыгында аялдарга зулумдук корсотуп аларды кордогусу келгендер. Эч убакта аял менен эркек тен укуктуу боло албайт. Кээ бир укуктар аялдарга тиешелуу болсо, башка укуктар эркектерге гана таандык болот. Туура, жалпы укуктар да жок эмес. Бирок эн негизги маселе Исламда адилеттуулук бар. Адилеттуулук ар бир пенденин укугун толук пайдалануусуна мумкундук беруу.
Эркек да, аял да Кудай Тааладан коркуп, такыбалыкка моюн сунуусу милдет.
Исламият жана Инсаният;
Укуктар, ар бир адам кааласа толук алат, каалабаса кайсы бир жакшы нерсе учун кээ бир укуктардан кечип жиберсе боло бере турган нерсе. Мисалы кайын журтка кызмат кылууну, алардан мурда туруп чай даярдап, алардан кийин жатууну мусулманчылыгыбыз, же "Исламият" милдеттуу кылбайт. Бирок ошол эле убакта адамкерчилигибиз, же "Инсаният" алар менен таттуу мамиледе болууну шарттайт. Ар бир эркек энесин урматтайт. Эгерде сен оз энендин куйоон тараптан урматталуусун кааласан, куйоон сени жакшы коруусун кааласан анда анын энесин карман. Ага сый-урмат коргоз. Карачечекей кызындай болуп кызмат кыл. Баралына жетип сен да ак уулдуу, кызыл кыздуу болосун. Ошондо сен да келиндеринден жакшылык коросун.
Динибиз жана урп-адат;
Шариатыбызда ар бир элдин урп-адаты, каада-салты, адамкерчилик мамилелери, жорук-жосундары сакталат. Аларга терен маани берилет. Болгону мына ушул каада-салттар шариат эрежелерине каршы чыкпоосу шарт. Кыргыз улуттук кийимдерин изилдегендер мусулманчылык шарттарга жооп берээрин айтышса, тилчилерибиз элдик оозеки адабиятыбыздагы макал-лакаптардын копчулугун Пайгамбарыбыз алайхис саламдын хадистеринин котормосу катары кароого болоорлугун айтышат. "Улууга урмат, кичууго сый", "сыйга сый сыр аякка бал", деген кандай гана кеменгер шариаттык создор эле... .
Уй-булого жарака кетирчу жаман жоруктар;
Уй-булонун ынтымагын кээ бир нерселер суздатып, кээде бузуп коюусу да мумкун. Ошол нерселерге да баам салганыбыз жакшы болот. Азирети Хузейфа, Пайгамбарыбыз алайхис саламдан дайыма жаман нерселерди сурап, ал жоругун ушул жамандыктардан сактануу учун деп тушундурчу.
Анда эмес кулагына кумуш сырга:
1. Козду сактабай коюу. Шариатта коз сакталууга тийиш. Арамды кароодон, чоочун авреттерге, уятка тигилуудон, жаман жорукка баам салуудан козду сактоо милдеттуу. Козду бош коюу жамандыктын башаты болуп калат. Кочодо, коомук жайларда керектуу жерлерди карап, калган убакта козду сактоонун маанилуулугун турмушу бузулгандар абдан жакшы тушунушот.
2. Аялдар менен кол берип учурашуу. Шариатта эркек чоочун, тагыраагы махрам эмес аялдар менен кол берип учурашпайт. Энеси сыяктуу болгон кемпирлер менен учурашууга уруксат, эгер ошол зарыл болсо.
3. Жыланачтануу, авреттерди ачып журуу. Эркектин аврети киндиктин астынан баштап, эки тизесинин алдына чейин (созулат).
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Эки тизенин жогору жагы авреттен, киндиктин асты авреттен" (Дааракутний). Башка хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Тизе авреттен" ! (Даараакутний, Байхакий- Хилаафийяат).
Эркектин киндиги авретке кошулбайт. Бирок киндик жабылмайынча аврет толук жабылбагандыктан, киндикти да авретти жапкандай эле жабууга милдеттуубуз.
Ал эми эки тизе авреттен деп эсептелет. Футбол ойногондо, же сууга тушкондо копчулук эркектер тизелерин жапканга маани бере беришпейт. Шариатта авретти жабуу деген парзды аткарбастан куноокор болушат.
Аялдын колу, буту жана жузунон башка жеринин бардыгы аврет. Аялдын даарат алганда жууганга милдеттуу болгон жузу, эки колу билек муунуна чейин, эки буту кызыл ашыктарына чейин аврет эмес.
Аллах Таала Ыйык Куранда: "... Аялдар зыйнаттарынын корунгон жерлерин гана ачып журуусу мумкун..." (Нуур:31). Адатта аялдардын колу, жузу жана буту чоочун адамдардын алдында жабылбайт эмеспи. Анткени сурма жуздун зыйнаты болсо, шакек колдун зыйнаты. Андан сырткары эки колу менен иштоого муктаж болот, ошондой эле куболук беруудо, соттошууда жузун ачуусу, баскан убакта буттарынын корунуп калуусу болот. Айрыкча мурунку заманда колунда жок аялдар жыланайлак журууго туура келген.
Азирети Имам Абу Ханийфа аялдын эки буту да аврет деп айтат. Имам Шаафеьий да бул пикирди жактайт.
Маселенин туурасы: аялдын эки буту намаз учурунда аврет эмес, намаздан сырткары чоочун адамдардын алдында аврет (Ихтияр).
4. Никесинде жок, махрам эмес аял менен кылбат (халват) жайда (машинеде, лифтте ж.б) жалгыз калууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Эркек менен аял жалгыз калса, алардын учунчусу шайтан болот!" (Термизий, Насааий).
5. Аралашып жумуш иштоо. Аралашып жумуш иштегенде адегенде эле мамиле чектен чыкпаса да бара-бара "кызматтык романдар" башталып кеткендиги баарына маалым.
6. Чоочун эркектер менен бийге тушуу, алар менен азилдешип-тамашалашуу, алар менен кен-кесири маектешуу.
7. Кайын-журт. Айрыкча бир тууган кайнилер женелери менен болгон мамилеси озгочо орой мамилеге дуушар болуп калат. Адамдар байкабаганы менен, терендеп кеткен маселе олуттуу зыян алып келуусу мумкун. Ошондой эле жезделер менен балдыздардын ортосундагы мамилелер да этиеттиктин чек-арасында, уят пардасынын коштоосунда болуусу керек.
8. Массалык маалымат каражаттары. Интернет, телевизор, гезит-журналдарга абайлап мамиле кылуу зарыл. Тугонбогон сериалдар, уятсыздыкка турткон чыгармалар, ойду буза турган беруулор, интернет торчосу кээде, а балким коп учурда адамдын ан-сезимин бузат. Пикирин булгайт. Телевизор дилбузарга ошентип айланат.
Аял-эркектин "аял-эркектик" мамилеси;
Жубайлардын жашоосундагы жыныстык мамиле соз кылууга арзыган маселелердин бири. Жашоодогу ар бир жубай муктаж боло турган керектуу иш. Эгер бул нерсе онтоюна тушсо, калган маселелер да жолун таап кете берээрине мумкунчулук ачылат.
Жубайлардын мамилесине киришууго даярдыктар керек:
1. Жасануу. Атыр-жыттуу болуу. Жубайлардын ар бири экинчисине жага тургандай болуп жасанууга, тазаланууга, колдон келген зыйнатын корууго тийиш. Колдон келген, конулду тарта турган назик кийимдерди кийинуу, чачтын жасалгасы, ар кандай жасалгалар, косметиканын турлорун колдонуу даярдыкка кирет. Экоонон башка эч ким жок болгондуктан ар кандай узун-кыска женил-жука кийимдерди кийингенге уруксат берилет. Ооз-мурундун тазалыгына кам коруу, дененин сымбатуулугун сактоого аракет кылуу милдеттуу. Аял киши чачынан башка денесиндеги (колдорундагы, буттарындагы ж.б.) тукторду кетируусу максатка ылайыктуу. Кашты терууго болбойт. Аял киши ушунун баарын куйоосу учун гана аткарууга милдеттуу.
Эркек дагы ушундай эле даярдыктарды корот. Эрден эшек уркпойт. Эркек аялдан эмнени кааласа, аял дагы эркектен ошол эле нерсени каалайт. Эркек мурутун кыскартып, озунон эркектерге таандык жакшы атырдын жыты келип, дене-бою таза болуусуна кам коруусу зарыл.
2. Бири-бири менен болгон учурда кийимдерин чечкенге уруксат берилет. Жука шейшеп менен жамынып алуулары жетиштуу болот. Мумкун болушунча устулору ачык болбоосу кажет. Эркек аялдан, аял эркектен толук ырахатын корууго укуктуу. Кээ бирлер мамиле учурунда да такыбалык кылам деп кээ бир кийимдерин чечпей коёт. Такыбалык бул учурда, кийимдерин чечуу деп эсептелет.
3. Эркелетуу. Эркелетууго обушуу, бири биринин дене-мучолорун сылап ырахатка батыруу, кучакташуу, жылуу создоруу суйлоо сыяктуулар кирет. Эркек-аялдын фантазиясына, кыял-чабытына орун берилет. Качан жубайлар даяр болушканда экинчи баскыч, мамиленин озуно отушот.
Жубайлардын мамилесинин адептери:
1. Кошулуудан мурда "бисмиллахты" айтуу, жана кошулуу дубасын окуу. "Бисмиллаахи, Аллоохума жанниб-наш шайтоона, ва жанни-биш шайтоона маа розак-танаа" . Ким ушул дубаны окуса, андан сон перзенттуу болсо, шайтан бул балага зыян жеткире албайт деген Пайгамбарыбыз алайхис салам (Бухарий, Муслим).
2. Эркек аялына камкордук менен мамиле жасоосу зарыл. Шашпоосу керек. өзүн гана ойлогон озумчулдуктон арылуу милдеттуу. Марага чогуу жетууго аракет керек.
3. Айрыкча жубайлар ортосундагы алгачкы тун келечектеги бакытка карай ачылган эшик, уютку болуп калуусу керек. Конулдорду оорутуп калуудан сактоо зарыл. Бул согуш, же мелдеш талаасы эмес. Бул жубайлардын мамилеси. Жениш экоонуку тен болуусу керек.
4. Эркек-аял мамилесинде ар кандай ыкмаларды колдонууга шариатыбыз уруксат берет. Болгону жубайлар оздоруно ынгайлуу ыкмаларды табууга, бири-бирине комоктошууго милдеткер.
5. Эркек жана аял, айрыкча эркек атайын дарыгерлердин, адистердин кенешин алып, жубайына жагымдуу маанай, конул которгон тошокжыргалын тартуулаганга аракет кылуусу абдан зарыл.
6. Айыз учурунда, ныфас коруу мезгилинде аялы менен куйоосу жыныстык мамиледе боло албайт. Бирок бири-биринен башка жолдор менен (обушуу, кучакташуу ж.б.)пайдаланууну тыйбайт.
7. Кандай гана ыкмада кошулбасын аялдын алдынкы гана авретине кошулууга уруксат берилет. Арткы авретке кошулуу арам. Ага эч убакта жол берууго мумкун эмес.
8. Боюнда бар учурда кошулса болот. Бирок ынгайлуу абалдарды эске алуу зарыл.
Гезиттердин бирине ушул туурасында берилген суролорго жоопторумду тиркеп коюуну туура таптым:
“Нике түндө жеңелердин шыкаалап жүргөнү - жапайычылык” Чубак ажы Жалилов, дин аалымы (Супер Инфо гезитине жарыяланган)
Тошок маселеси бутпогон тема. Ар бирибизге бул жаатта сабаттуу болууга эмне жетсин. Биздин бул жолку маегибиз дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен болду. Ал исламда тошок маселеси жана биздин “жапайы” салттарыбыз тууралуу айрым маселелерди ачык айтып берди.
- Чубак ажы, ар дайым эркектерди “кыргыз кыздары корейге тийгенче, экиден аял алгыла” деп ундоп келесиз. Бирок эркек эки аялдын каалоосун канааттандыра албай калсачы?
- Шариятта экиден ашык аял алганга уруксат, бирок бул тануулоо эмес. Бул маселе социалдык маселелерден улам келип чыккан соз. Албетте, коп эркектер материалдык, моралдык, физикалык жактан даяр эмес. Ушул жактан даяр эркектердин экиден ашык аял алуусун колдойт элем. Мен корейге куйоогє чыккандарды деле колдойм, эгерде алар мусулман болсо. Болбосо аты-жыты тааныш эмес немелер алып кетип, кандай гана кордуктарды коргозуп жатышат?! Экинчи маселе, эркек-кыз бирдей эле санда торолгонї менен, уйлонуу куракка чейин азы гана жетет. Ооруп олуп калышат, ызы-ууга аралашып атылып кетет, согуштарда курман болушат. Аялдар коп болгондуктан, айтылган ачуу чындык. Ал эми импотент эркектерге эки эмес, бир аял алууга уруксат эмес. Анткени аялдын да озунун акысы бар, алардын муктаждыгын канааттандырыш керек. Эгерде аял муктаждыгын куйоосу таптакыр канааттандыралбаса, аны менен ажырашууга Ислам сотуна арыздануу укугу бар.
- Айрымдар “мен куйоосу жок аялга барып, каалоосун канааттандырганым учун сооп жазылат” дешет экен. Буга жообунуз...
- “Бойдок келиндерге барсан, даракка суу куйгандай сооп аласын” деген бир соз эл ичинде айтылып журот. Бул шариятта туура айтылган маселени ушинтип туура эмес тушунуп алгандан келип чыккан нерсе. Андан эч ким, эч кандай сооп таппайт. Тескерисинче куноого батат. Сооп табам десе, ошол аялга нике кыйып уйлонуп, анын бала-чакасын баксын.
- Угушума караганда, аялы же куйоосу тошоктон баш тарса жаза колдонулат, ал кандай жаза?
- Жубайлар жубайлык милдеттеринен себепсиз баш тартса, кыямат куну кадимки куноо иш катары эле кабыл алынат. Мисалы, “аял куйоосу чакырганда себепсиз баш тартканда туну менен периштелер ага каргыш айтып турат” деп айтылат. Аял ооруп калганда, айыз маалында, кандайдыр бир себептер болгондо куйоосу ага тушунуу менен карашы керек. Эгерде эркек аялынын дене талабын канааттандырбаса, ыкмаларды колдонбосо, ал дагы куноолуу болот жана жазасын алат. Пайгамбарыбыз: «Аялынар менен кошулган учурда озумчул болбогула, жыргалдын туу чокусуна аялынар менен чогуу чыгууга аракет кылгыла. Жардамдашкыла, аялынар да рахаттын туу чокусуна силер менен чыксын. Аялынар менен боло турган тунго кадимкидей даярдангыла» - деген.
- Мурун кыргыздарды женелери бул жаатта “чебер” болушуп “уйротушкон” эмеспи. Азыр баары ачык-чачык, каалаган жерден “уйронуп” алышса болот. Ал эми шарият боюнча “жененин” ролун ким аткарат?
- “Жененин бир саны кайниники” деген одоно соз жана салт болгон, ошол тууралуу айтып жатат окшойсуз. Шарият бул нерсеге тыюу салат. Жигит мурун башка бироо менен байланышта болуп, уйронуп келишинин кажети жок. Мисалы, бала жаны торолгондо аны эч ким эмчек эмгенге уйротпойт, жумурткадан жаны чыккан жожо озуно эч ким уйротпосо деле жем издеп баштайт. Ошол сыяктуу эле бул эркек менен аялдын ортосундагы табигый, Кудай жараткан тартылуусу, эч кимдин уйротуусуно муктаж эмес. Ага эч кандай илимдин кереги жок. Бирок эркек да, аял да уйлонгонго чейин китептерден окуп, эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат билип алганы жакшы.
- Ал эми динде эмнеге тыюу салынат, эмнеге уруксат?
- Биринчи маселе - аял менен эркек созсуз никеде болушу шарт. Экинчиден, аялдардын бала торой турган жеринен гана кошулууга уруксат берилет. Ал эми аркасына кошулганга, айыз учурунда, торогондон кийин 40 кунго чейин кошулганга уруксат берилбейт. Ал эми башка убактын баарында никеде болсо уруксат берилет.
- Мусулманчылыкта “эркек аялын эркелетуудо киндиктен ылдый ооп эркелетпеш керек” деген соз бар. Ушул туурабы?
- Эркеги аялдын, аялы эркектин киндиктен ылдый ооп же жыттап эркелетуусу кээ бир учурларда адепсиздик катары бааланат. Бирок шариятта так кесе тыюу салынбайт. Кээ бир аалымдардын айтымында, куйоосу менен аялы бири-биринин уят жерлерин карабашы керек дешет. Бирок шариятта экоо тен каалаган учурда андай эркелетишууго тыюу салынбайт.
- Атактуу “Клон” сериалында нике тунундо куйоосу аялынын бутун жууп берген жери бар эмеспи. Биринчи тун мусулманчылыкта кандай отуусу шарт?
- Нике тунундо экоо тен алгач даарат алып, аялы эркегине уюп (уюп дегеним, ээрчип дегеним), чогуу намаз окушу керек. Себеби чон жашоо башталып турат, ошонун кайрымын тилеш керек. Жанагы бутун жуу бул шариятта милдеттуу шарт катары каралган эмес, кобунчосу салт болуп калгандай практикаланып журот. Эркектер бул туну аялын чочутуп албастан, ото этияттык менен мамиле кылуусу керек. Бизде биринчи тундо женелер андып карап, кызбы же башкабы деп, анан суйунчу эле суйунчу дешип, айтор, чон “жанылык” кылышат эмеспи. Муну шарият четке кагат. Бул жон гана кыргыздын жапайы салты. Анткени кызбы же кыз эмеспи, бул жубайлардын гана ортосунда кала турган, эч кимге даршан кылынбай турган нерсе. Суйунчу кылыштын кереги жок, куйоосу гана билсе болду. Негизи эле жубайлар оздорунун ортосундагы интимдик катнашты башкага айтпоосу милдеттуу.
- Эми айтпай кетсек болбостур, учурда “секс по телефону”, мастурбация, жасалма жыныс мучолор толуп жатпайбы. Буларды колдонуу кунообу?
- Эгерде куйоосу никедеги аялына алыста болсо телефон менен эркелетип, жакшы создорду айтып сагынычын жазса болот. Ал эми жанагы кол менен мастурбация кылуу, жасалма жыныс мучолорду колдонуу таптакыр шариятка туура эмес. Бул жалгыздыктан келип чыккан маселе, андан коро бирооно тийип алып, чыныгы рахаттын даамын татканы он. Ошол нерсеге муктаждык жаратпаска аракет кылуу зарыл. Негизи, жубайлар шартка байланыштуу 4 гана ай бири-биринен алыс болгонго болот. Окуп жатса да, башка маселелер болсо да 4 айда бир келип жолугуп турушу керек. Эгерде такыр алыска кетсе, анда орозо тутушу керек. Анткени орозо маалында энергия сыртка сарпталбай, каалоо бир аз басандайт. Ар бир нерсенин: коздун, колдун, мурундун, ашказандын акысы бар. Дененин акысын да берип канааттандырып туруу абзел.
- Тошок оюнуна кийин кандай нерселерди кылуу керек?
- Жубайлар кошулгандан кийин дароо тура калып гусул алып жуунуу шарт эмес. Балким, ошо рахатты созгулары келер. Дароо барып жуунганда уруктук келген каналчалар тазаланышы керек. Эн жогорку эрекцияга жеткен адамдын кан тамырлары баары орду-ордуна келиши керек. Андыктан багымдат намаздын алдында гусул алуу жетиштуу.

Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#53 23 January 2015 - 01:14
Жакшы маалыматтар экен, ачык-айкын баяндалыптыр.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#55 24 February 2015 - 19:07
Мен бир маанилуу жумушта кенеш сурайын дегем. Эгер 3 талак тушкондон кийин куйоосу кечирим сурап созумду кайтып алдым ачуулука алдырыпмын деп жашоону кайра улантса бул туурабы! Же ажырашкан эсеп болуп калабы ушул маселе боюнча билгендер болсо жооп кутом.
#56 27 February 2015 - 01:37
Кундолук турмушта,уй булодо колдонуучу жакшы создор екен.ушул создордон озумо керегин мееме жайлап койдум. Келечектеги милдеттерими бир аз болсо да билип алдым.буйруса ен Сонун кожейке болом деп тилек кылып койдум.
#57 16 March 2015 - 19:59
Имам Али ибн абу
Талиб (р.а) айтат:
Бир куну Пайгамбарыбызга
ﷺ бир аял келип мындай деп
айтты:
-Мен бир адамга куйоого чыкканы
турам,ушуга кандай карайсыз?-
деди.
Пайгамбарыбыз ﷺ жылмайуу менен
жооп берди:
-Аялдын алдында эркектин акысы
ото коп, аткара аласынбы?-деди.
Эркектин кандай акысы бар-деди
аял.
-Эгер сен аны таарынтсан, Аллага
каршы чыккан болосун жана
сенин намазын кабыл болбойт.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер аял, куйосунун уруксатысыз
кочого чыкса, анда ар бир кадамы
куноо болуп саналат-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер куйосуно жаман соз айтса,
анда кыямат куну тили менен
асылган болот-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер аялында байлык болуп туруп,
куйосуно жардам бербесе, анда
акыретте жузу кара болот-деди
Пайгамбарыбыз ﷺ.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер куйосунун малынан
(байлыгынан) уурдап, башка бироого
берсе жана ал учун кечирим
сурабаса, анда Аллах анын
садакасын жана зекетин
кабыл албайт-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Кайсыл бир аял, куйосун урушса,
же ага каршы соз суйлосо,
анда тозокто тили менен асылган
болот.Жана музыка бар жерге барса,
же ошол
жерге акча берсе, анда сооптору
куйуп кетет.Ал эми андагы
кийимдер ага айтышат:
«Берекелуу кундору жана куйондун
алдында кийбей, бизди харам жерге
кийип
жатасын».Мындай аялдарды Аллах
тозокто 1000 жыл куйгузот-деди.
Бул нерселердин баарын угуп
буткондон сон, ал аял айтты:
-«Оо Аллахтын элчиси, буга чейин
куйоого чыккан эмес элем, эми
мындан ары дагы чыкпаймын».
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
-Куйоого чыксан канча сооп
табарынды айтып берейинби?
Уккунун анда:
- Эгер куйон сага «Аллах сага
ыраазы болсун»-деп айтса, анда
бул 60 жыл ибадат кылгандан дагы
жакшыраак.Эгер сен ага бир тамчы
суу берсен, бир жыл орозо
кармагандан дагы
жакшыраак.Куйоондун тошогунон
гусл алуу учун турсан, анда 1000
малды курбандыкка чалгандын
сообун аласын.Куйон менен ойноп-
кулуу, 60 кулду
боштондукка чыгарганда
жакшыраак.Куйондун малын
(дуйно-байлыгын) сактап жана
анын туугандарына жакшы мамиле
кылсан, беш маал намаз окуп, орозо
кармап, анда
ал нерселер, 1000 жолу Меккеге
барып, Каабаны айлангандан
жакшыраак-деди
Пайгамбарыбыз ﷺ.
Талиб (р.а) айтат:
Бир куну Пайгамбарыбызга
ﷺ бир аял келип мындай деп
айтты:
-Мен бир адамга куйоого чыкканы
турам,ушуга кандай карайсыз?-
деди.
Пайгамбарыбыз ﷺ жылмайуу менен
жооп берди:
-Аялдын алдында эркектин акысы
ото коп, аткара аласынбы?-деди.
Эркектин кандай акысы бар-деди
аял.
-Эгер сен аны таарынтсан, Аллага
каршы чыккан болосун жана
сенин намазын кабыл болбойт.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер аял, куйосунун уруксатысыз
кочого чыкса, анда ар бир кадамы
куноо болуп саналат-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер куйосуно жаман соз айтса,
анда кыямат куну тили менен
асылган болот-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер аялында байлык болуп туруп,
куйосуно жардам бербесе, анда
акыретте жузу кара болот-деди
Пайгамбарыбыз ﷺ.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Эгер куйосунун малынан
(байлыгынан) уурдап, башка бироого
берсе жана ал учун кечирим
сурабаса, анда Аллах анын
садакасын жана зекетин
кабыл албайт-деди.
Дагы айтышынызды отуном-деди
аял.
-Кайсыл бир аял, куйосун урушса,
же ага каршы соз суйлосо,
анда тозокто тили менен асылган
болот.Жана музыка бар жерге барса,
же ошол
жерге акча берсе, анда сооптору
куйуп кетет.Ал эми андагы
кийимдер ага айтышат:
«Берекелуу кундору жана куйондун
алдында кийбей, бизди харам жерге
кийип
жатасын».Мындай аялдарды Аллах
тозокто 1000 жыл куйгузот-деди.
Бул нерселердин баарын угуп
буткондон сон, ал аял айтты:
-«Оо Аллахтын элчиси, буга чейин
куйоого чыккан эмес элем, эми
мындан ары дагы чыкпаймын».
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
-Куйоого чыксан канча сооп
табарынды айтып берейинби?
Уккунун анда:
- Эгер куйон сага «Аллах сага
ыраазы болсун»-деп айтса, анда
бул 60 жыл ибадат кылгандан дагы
жакшыраак.Эгер сен ага бир тамчы
суу берсен, бир жыл орозо
кармагандан дагы
жакшыраак.Куйоондун тошогунон
гусл алуу учун турсан, анда 1000
малды курбандыкка чалгандын
сообун аласын.Куйон менен ойноп-
кулуу, 60 кулду
боштондукка чыгарганда
жакшыраак.Куйондун малын
(дуйно-байлыгын) сактап жана
анын туугандарына жакшы мамиле
кылсан, беш маал намаз окуп, орозо
кармап, анда
ал нерселер, 1000 жолу Меккеге
барып, Каабаны айлангандан
жакшыраак-деди
Пайгамбарыбыз ﷺ.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
#58 16 March 2015 - 20:01
Элибизде
"Аял жакшы, эр
жакшы", "Алганың жакшы болсо -
жакаң агарат, алганың жаман болсо
- сакалың агарат" деген сыяктуу
баалуу сөздөр бар
. Айтса-айтпаса аялдын орду, үй-
бүлөдө болсун, турмушта болсун
абдан жогору. Тилекке каршы,
акыркы учурларда эркектер
аялдардын баркын билбей, алардын
аялдарга болгон мамилеси сууп бара
жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын
сактап, тукумун улап жүрүүчү
балдарды төрөп берген аялына кол
көтөргөн эргулдар көбөйүүдө. Кээ
бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюп
алып, "Үйдө баатыр жоодо жок"
болуп, болгон күчүн байкуш аялынан
чыгарса, кээлери "Баланы жашынан,
аялды башынан" деген асыл сөздү
тескери түшүнүп, аялдарга "атаман"
болуп алышат. Ал эмес, кээ бир дин
жолун карманып, башкаларга үлгү
болчу адамдар да, аялды уруп
турууну "сүннөт" кылып алышкан.
Эркектердин аялдарга жасаган
жаман мамилеси, эртедир-кечтир
коомчулукка зыянын тийгизбей
койбойт. Ажырашуунун көбөйүүсү,
балдардын тирүүлөй жетим калуусу,
кыздардын бузулуусу, кыздардын
чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып
кетүүсү ж.б.у.с. коомго зыянын
тийгизбейби? ! Албетте тийгизет.
Тийгизгенде да мамлекеттин, элдин
жок болуп кетүүсүнө алып келүүсү
толук мүмкүн. А мунун баарына биз,
эркектер күнөөлүбүз. Биз өзүбүздү
мусулман катары эсептеп, намаз
окуп, орозо кармап жатканыбыз
менен, Исламдагы көптөгөн баалуу
сыпаттардан алыс жашап келебиз.
Исламда аялды кантип сыйлайт,
аялга кандай мамиле кылат, андан
кабарыбыз аз. Азыркы күндө биз
үлгүнү кимден алууну дагы үйрөнө
элекпиз. Биз үлгүнү
ыймансыздыктын, күнөөнүн,
адамгерчиликсиздин сазына батып
бара жаткан батыштан издеп
калдык. Аялдан алдын чуркап келип
машинанын эшигин ачып, аялдан
алдын чуркап келип, отургучун
жылдырып, аялдын кийимин алып
иле коюп, аны кайра кийгизе койгон
эркектерди көрүп, булар аялдарын
абдан сыйлайт экен деп ойлошуң
мүмкүн. Бирок, бул аял кимдин аялы
болду экен деген суроону да
унутпа. Азыр эле тиги аялдын
алдында кызматчыдай болуп чуркап
жүргөн эркек, үйүндөгү өзүнүн
аялына кандай мамиле жасаганын
көргөнүңдө, ушундай эки
жүздүүлүктү өздөштүргөн эркектен
толук түңүлөсүң. Мындай эки
жүздүүлүккө толгон жерлерде эч
качан эркек өз аялын сыйлабайт,
жана аялдар урмат-сыйды башка
эркектерден гана күтүшөт.
Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына
кандай мамиле кылуу керектигин
Исламдан издесек, чыныгы
жашоонун тартибин, чыныгы
адамгерчиликти таба алабыз.
Адамдын жашоосу бактылуу болуусу
үчүн биринчи кезекте жакшы аял
менен бирге туруусу керек.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун):
"Бактылуулук төрт нерседе:
ыймандуу аял, кенен турак жай,
жакшы кошуна жана татыктуу улоо"
- деп айткан. Мына ушул адам
баласына эң зарыл болгон төрт
нерсенин биринчиси - ыймандуу
аял. Аллах Таала Куранда минтип
айтат: "Анын белгилеринен - алар
менен тынчтанууңар үчүн силерге
өзүңөрдөн болгон жубайларды
жаратып, араңарга сүйүү жана
ырайымдуулук берип койду.
Чынында бул нерселерде акылын
иштеткендер үчүн чоң белгилер
бар". Аятта Аллах Таала "Алар менен
тынчтанып жашооңор үчүн" деп
айтып жатат. Демек, эркек аялга
үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны
менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү
керек. Аялга үйлөнгөндөн кийин да
башка аялдарга "машинанын эшигин
ачып" жүргөн эркектер эч качан
аялы менен тынчтыкта жашай
албайт. Аяттын уландысында
"Силерге сүйүү жана ырайымдуулук
берди" деп айтылган. Ибн Аббастын
(Аллах андан ыраазы болсун)
айтуусунда, сүйүү - бул аялын
жакшы көрүү, ал эми ырайымдуулук
кылуу - бул, аялын ар кандай
жамандыктардан сактоо.
Чындыгында, үйлөнгөн жаштардын
ортосунда бири-бирине болгон
сүйүү болот. Кийинчерээк бул сүйүү
алардын балдарына өтүп, ал эми
аял менен эркектин ортосунда
бири-бирине болгон ырайымдуулук
пайда болот. Картайган ата-
энелерибизди жакшылап байкап
көрсөк, аларда сүйүү жок, бирок
бири-бирине болгон ырайымдуулук
бар. Чайга отурганда энелерибиз:
"Атаң кайда жүрөт, чайга келбейби"
деп эстеп турат. Сыртка чыгып бара
жаткан энелерибизге "Кемпир
чапаныңды кийип ал, эшик суук"
деп аталарыбыз эскертип турат.
Бул Аллах Тааланын пендени
жаратканда кошо жараткан сүйүүсү
жана ырайымы. Аллах Таала айтат:
"Алар (аялдар) силерге, силер
(эркектер) аларга кийимсиңер" . Бул
аяттын мааниси - аял эркексиз,
эркек аялсыз жашоого болбойт, алар
бири-бирин жаап жашырып,
кемчилигин толуктап турат.
Эркек биринчи кезекте аялын
тамак-аш менен камсыз кылуусу
керек. Пайгамбарыбыздан (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир адам: эркектин аялга кандай
милдети бар? - деп сураганда, ал:
"Өзүң тамактанганда, аны да
тамактандыр, өзүң кийингенде, аны
да кийиндир" - деп жооп берген.
Дагы бир хадисте: "Аллах жолунда
берген динарыңдан да, кедейлерге
берген динарыңдан да, кулдарга
берген динарыңдан да өз аялыңа
берген динарың жакшыраак болот" -
деп айтылган. Аялыңды, бала-
чакаңды ачка отургузуп коюп,
башкаларга садака бергенден, өз
үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак
болот. Муну менен үй-бүлөөдөгү
жашоо бекем болот. Ошол эле
учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык
топтолот. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
айткан: "Кыяматта, аялына берген
нафака таразага биринчи салынат".
Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан
кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш.
Хадисте айтылган: "Ким адал
ырыскы издеп, чарчап келип уктаса,
ал күнөөлөрү кечирилген абалда
уктайт". Ал эмес дасторкондун
үстүндө турган даяр тамактын бир
тиштемин алып аялыңдын оозуна
салып койсоң да садака болот.
Эркек аялга аны жакшы көрөрүн
билдирип туруусу керек. Аялдардын
табиятында, эгер алар жакшы көрсө
тили менен айтып турат. Ал эми
эркек жакшы көрсө, аны амалы
менен билдирип турат. Аялына
жакшы белектерди берип, жакшы
мамиле кылуусу - анын сүйүүсүн
далилдеп турат. Рамазан айынын
акыркы он күнүндө мечитте
итикафта отурган Пайгамбарыбызга
(Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) жубайы Сафия энебиз
келип, көпкө сүйлөшүп отурат да,
чыгып жөнөйт. Ошондо
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): "Токтой
тургун, мен сени узатып коёюн" -
деп, үйүнүн эшигине чейин узатып
келет. Ошол эле учурда аялын
жакшы көрөрүн тил менен айтып
туруу да жакшы болот. Анткени,
Айша энебиз Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
кайрылып: "Мага болгон сүйүүң
кандай?" - деп сураганда,
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): "Аркандын
түйүнүндөй" - деп жооп берет. "А
түйүн бошой элекпи?" - деп сурайт
Айша энебиз кайра. - "Түйүн өз
абалынан өзгөрө элек" - деп, жооп
берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун).
"Аял жакшы, эр
жакшы", "Алганың жакшы болсо -
жакаң агарат, алганың жаман болсо
- сакалың агарат" деген сыяктуу
баалуу сөздөр бар
. Айтса-айтпаса аялдын орду, үй-
бүлөдө болсун, турмушта болсун
абдан жогору. Тилекке каршы,
акыркы учурларда эркектер
аялдардын баркын билбей, алардын
аялдарга болгон мамилеси сууп бара
жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын
сактап, тукумун улап жүрүүчү
балдарды төрөп берген аялына кол
көтөргөн эргулдар көбөйүүдө. Кээ
бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюп
алып, "Үйдө баатыр жоодо жок"
болуп, болгон күчүн байкуш аялынан
чыгарса, кээлери "Баланы жашынан,
аялды башынан" деген асыл сөздү
тескери түшүнүп, аялдарга "атаман"
болуп алышат. Ал эмес, кээ бир дин
жолун карманып, башкаларга үлгү
болчу адамдар да, аялды уруп
турууну "сүннөт" кылып алышкан.
Эркектердин аялдарга жасаган
жаман мамилеси, эртедир-кечтир
коомчулукка зыянын тийгизбей
койбойт. Ажырашуунун көбөйүүсү,
балдардын тирүүлөй жетим калуусу,
кыздардын бузулуусу, кыздардын
чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып
кетүүсү ж.б.у.с. коомго зыянын
тийгизбейби? ! Албетте тийгизет.
Тийгизгенде да мамлекеттин, элдин
жок болуп кетүүсүнө алып келүүсү
толук мүмкүн. А мунун баарына биз,
эркектер күнөөлүбүз. Биз өзүбүздү
мусулман катары эсептеп, намаз
окуп, орозо кармап жатканыбыз
менен, Исламдагы көптөгөн баалуу
сыпаттардан алыс жашап келебиз.
Исламда аялды кантип сыйлайт,
аялга кандай мамиле кылат, андан
кабарыбыз аз. Азыркы күндө биз
үлгүнү кимден алууну дагы үйрөнө
элекпиз. Биз үлгүнү
ыймансыздыктын, күнөөнүн,
адамгерчиликсиздин сазына батып
бара жаткан батыштан издеп
калдык. Аялдан алдын чуркап келип
машинанын эшигин ачып, аялдан
алдын чуркап келип, отургучун
жылдырып, аялдын кийимин алып
иле коюп, аны кайра кийгизе койгон
эркектерди көрүп, булар аялдарын
абдан сыйлайт экен деп ойлошуң
мүмкүн. Бирок, бул аял кимдин аялы
болду экен деген суроону да
унутпа. Азыр эле тиги аялдын
алдында кызматчыдай болуп чуркап
жүргөн эркек, үйүндөгү өзүнүн
аялына кандай мамиле жасаганын
көргөнүңдө, ушундай эки
жүздүүлүктү өздөштүргөн эркектен
толук түңүлөсүң. Мындай эки
жүздүүлүккө толгон жерлерде эч
качан эркек өз аялын сыйлабайт,
жана аялдар урмат-сыйды башка
эркектерден гана күтүшөт.
Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына
кандай мамиле кылуу керектигин
Исламдан издесек, чыныгы
жашоонун тартибин, чыныгы
адамгерчиликти таба алабыз.
Адамдын жашоосу бактылуу болуусу
үчүн биринчи кезекте жакшы аял
менен бирге туруусу керек.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун):
"Бактылуулук төрт нерседе:
ыймандуу аял, кенен турак жай,
жакшы кошуна жана татыктуу улоо"
- деп айткан. Мына ушул адам
баласына эң зарыл болгон төрт
нерсенин биринчиси - ыймандуу
аял. Аллах Таала Куранда минтип
айтат: "Анын белгилеринен - алар
менен тынчтанууңар үчүн силерге
өзүңөрдөн болгон жубайларды
жаратып, араңарга сүйүү жана
ырайымдуулук берип койду.
Чынында бул нерселерде акылын
иштеткендер үчүн чоң белгилер
бар". Аятта Аллах Таала "Алар менен
тынчтанып жашооңор үчүн" деп
айтып жатат. Демек, эркек аялга
үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны
менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү
керек. Аялга үйлөнгөндөн кийин да
башка аялдарга "машинанын эшигин
ачып" жүргөн эркектер эч качан
аялы менен тынчтыкта жашай
албайт. Аяттын уландысында
"Силерге сүйүү жана ырайымдуулук
берди" деп айтылган. Ибн Аббастын
(Аллах андан ыраазы болсун)
айтуусунда, сүйүү - бул аялын
жакшы көрүү, ал эми ырайымдуулук
кылуу - бул, аялын ар кандай
жамандыктардан сактоо.
Чындыгында, үйлөнгөн жаштардын
ортосунда бири-бирине болгон
сүйүү болот. Кийинчерээк бул сүйүү
алардын балдарына өтүп, ал эми
аял менен эркектин ортосунда
бири-бирине болгон ырайымдуулук
пайда болот. Картайган ата-
энелерибизди жакшылап байкап
көрсөк, аларда сүйүү жок, бирок
бири-бирине болгон ырайымдуулук
бар. Чайга отурганда энелерибиз:
"Атаң кайда жүрөт, чайга келбейби"
деп эстеп турат. Сыртка чыгып бара
жаткан энелерибизге "Кемпир
чапаныңды кийип ал, эшик суук"
деп аталарыбыз эскертип турат.
Бул Аллах Тааланын пендени
жаратканда кошо жараткан сүйүүсү
жана ырайымы. Аллах Таала айтат:
"Алар (аялдар) силерге, силер
(эркектер) аларга кийимсиңер" . Бул
аяттын мааниси - аял эркексиз,
эркек аялсыз жашоого болбойт, алар
бири-бирин жаап жашырып,
кемчилигин толуктап турат.
Эркек биринчи кезекте аялын
тамак-аш менен камсыз кылуусу
керек. Пайгамбарыбыздан (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир адам: эркектин аялга кандай
милдети бар? - деп сураганда, ал:
"Өзүң тамактанганда, аны да
тамактандыр, өзүң кийингенде, аны
да кийиндир" - деп жооп берген.
Дагы бир хадисте: "Аллах жолунда
берген динарыңдан да, кедейлерге
берген динарыңдан да, кулдарга
берген динарыңдан да өз аялыңа
берген динарың жакшыраак болот" -
деп айтылган. Аялыңды, бала-
чакаңды ачка отургузуп коюп,
башкаларга садака бергенден, өз
үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак
болот. Муну менен үй-бүлөөдөгү
жашоо бекем болот. Ошол эле
учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык
топтолот. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
айткан: "Кыяматта, аялына берген
нафака таразага биринчи салынат".
Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан
кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш.
Хадисте айтылган: "Ким адал
ырыскы издеп, чарчап келип уктаса,
ал күнөөлөрү кечирилген абалда
уктайт". Ал эмес дасторкондун
үстүндө турган даяр тамактын бир
тиштемин алып аялыңдын оозуна
салып койсоң да садака болот.
Эркек аялга аны жакшы көрөрүн
билдирип туруусу керек. Аялдардын
табиятында, эгер алар жакшы көрсө
тили менен айтып турат. Ал эми
эркек жакшы көрсө, аны амалы
менен билдирип турат. Аялына
жакшы белектерди берип, жакшы
мамиле кылуусу - анын сүйүүсүн
далилдеп турат. Рамазан айынын
акыркы он күнүндө мечитте
итикафта отурган Пайгамбарыбызга
(Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) жубайы Сафия энебиз
келип, көпкө сүйлөшүп отурат да,
чыгып жөнөйт. Ошондо
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): "Токтой
тургун, мен сени узатып коёюн" -
деп, үйүнүн эшигине чейин узатып
келет. Ошол эле учурда аялын
жакшы көрөрүн тил менен айтып
туруу да жакшы болот. Анткени,
Айша энебиз Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
кайрылып: "Мага болгон сүйүүң
кандай?" - деп сураганда,
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): "Аркандын
түйүнүндөй" - деп жооп берет. "А
түйүн бошой элекпи?" - деп сурайт
Айша энебиз кайра. - "Түйүн өз
абалынан өзгөрө элек" - деп, жооп
берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
#59 16 March 2015 - 20:11
Сүйүктүү
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти
бай кыла турган, үй-бүлөнү
берекелүү кыла турган аял - бул
ысырап кылбай турган, кур
кыялдарга, ашыкча буюмдарга
берилбеген аял», - деп айткан.
Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча
ашыкча буюмдарга кызыкпай,
«күйөөм балдарымды багып
жатат,бизге көңүл бөлүп,
кыйынчылыктар менен таап келип
жатат, ушуну ысырап кылбай
үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө
береке алып келет. Бирок жеңил
ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү
бир аз жакшыраак тапса, «алтын
сөйкө, күмүш алып бер, тон
кийемин», -деп, келген насипти
коромжу кылууга шашат. Азыркы
күнү күйөөгө чыккан кыздарга
берилип жаткан кийим-кечектердин,
буюм-тайымдардын кымбаттап
кетүүсүнө ошондой умтулуулар
себеп болууда. Пайгамбарыбыз
(с.а.в.) дын сахабаларынын бири:
«Кур кыялдарга берилип, кымбат
буюм, мал-дүнүйөгө сугалак болгон
аялдардан Кыямат Күнү сурак
кылынардан мурда алардын
күйөөлөрү суракка тартылат», - деп
айтыптыр. Демек, Кыяматта Аллах
бул күнөөлөрдү эркекке жүктөп,
аялдарын ушундай кылып
койгондуктары үчүн күйөөлөрүн
суракка тартат. Ошондуктан
каниет- топуктуулук тууралуу
аялдарга ачык насыят айтуу керек.
Аялыңызга, бала-чакаңызга харам
менен халалдын айырмачылыгын
үйрөтүңүз. Ынсапсыздык,
каниетсиздик, текеберлик -оор
күнөө экендигин тушундурунуз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти
бай кыла турган, үй-бүлөнү
берекелүү кыла турган аял - бул
ысырап кылбай турган, кур
кыялдарга, ашыкча буюмдарга
берилбеген аял», - деп айткан.
Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча
ашыкча буюмдарга кызыкпай,
«күйөөм балдарымды багып
жатат,бизге көңүл бөлүп,
кыйынчылыктар менен таап келип
жатат, ушуну ысырап кылбай
үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө
береке алып келет. Бирок жеңил
ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү
бир аз жакшыраак тапса, «алтын
сөйкө, күмүш алып бер, тон
кийемин», -деп, келген насипти
коромжу кылууга шашат. Азыркы
күнү күйөөгө чыккан кыздарга
берилип жаткан кийим-кечектердин,
буюм-тайымдардын кымбаттап
кетүүсүнө ошондой умтулуулар
себеп болууда. Пайгамбарыбыз
(с.а.в.) дын сахабаларынын бири:
«Кур кыялдарга берилип, кымбат
буюм, мал-дүнүйөгө сугалак болгон
аялдардан Кыямат Күнү сурак
кылынардан мурда алардын
күйөөлөрү суракка тартылат», - деп
айтыптыр. Демек, Кыяматта Аллах
бул күнөөлөрдү эркекке жүктөп,
аялдарын ушундай кылып
койгондуктары үчүн күйөөлөрүн
суракка тартат. Ошондуктан
каниет- топуктуулук тууралуу
аялдарга ачык насыят айтуу керек.
Аялыңызга, бала-чакаңызга харам
менен халалдын айырмачылыгын
үйрөтүңүз. Ынсапсыздык,
каниетсиздик, текеберлик -оор
күнөө экендигин тушундурунуз.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!

Супер-Инфо
super.kg
видео