Сентябрь айы, адаттагыдай эле эртен менен эрте туруп сабакка жонодум. Уйкуну жанымдай жакшы коргондуктон 10 мунотко кечигип келдим, эжеден уруксат сурап ордума отурайын деп келсем ордумда коздору капкара чачтары жарашыктуу орулгон сулуу кыз отурган экен. Мени карап ынгайсыздана эжени карап калды. Эже: - арткы бош орунга отура бер деди. Мен Нурдин аттуу баланын жанына барып отуруп эле андан сурадым. Тиги кыз ким десем Нурдин: Ал кыз жаны келди кечее аты Махабат деди. Кечее жок эле го десем, сен сабактан качып кеткенден кийин келди деди. Аа деп коюп сабакка конулум жок ал кызды уурданып кайра кайра карап ойлонуп отура бердим.
Сездин бекен... баягыле суйуу...
#2 30 November 2014 - 20:42
Тарс тарс дегендей ткотосун жазгылачы эй сериал кылып бут омур баянынарды жазып ийбей
#3 30 November 2014 - 20:54
#4 30 November 2014 - 21:11
баштап койуп жоксунар ее тооба.
жакшы кылып уланта бер эми.
башка форумчулардан айырмаланып тез тез жазып бутуруп кой.
жакшы кылып уланта бер эми.
башка форумчулардан айырмаланып тез тез жазып бутуруп кой.
#5 30 November 2014 - 21:31
Уйдун жалгыз уулу болгондуктан каалаганымды жасап журо берчумун бирок махабатты кантип озумо каратам деп озумчо кыялданып коп ойлончу болдум. Суйуум кундон кунго кучоп окууга конулум жок. Уйдогулор козумду карап турушаар эле алар озунчо сарсанаа болуп сурай беришти. Менде ун соз жок. Бир куну махабаттын жанына отуруштун айласын издеп жанында отурган Азаматка ачыгын айттым. Ал дарооле макул болуп эч кимге айтпоого соз берди. Ошентип эртеси куну жанында отурганыма бактылуу болуп кундон кунго жакындай бердим. Сабактан чыгып чогуу кетебиз. Ошентип балалык бактылуу сезим баштан ото баштады.
#6 30 November 2014 - 21:42
Бир куну уйдогу телефон чалып калды, трубканы которуп тааныш унду угуп журогум чыгып кетейин деди. Махабат экен тааныдынбы?
Деп сураганы ого бетер сурдотуп жиберди. Ал куну 2 сааттай суйлошуп отурдук. Танатканча кыялдарга батып эртеси суйуумду билдирейин деп чечтим. Сабак буткончо журок дукулдоп кантип билдирээримди билбей озунчоле кыйнала бердим. Ар бир сабактан доскага чыгып тыкылдап жооп берчу. Доскага чыккан кезде андан козумду албай тиктегеним тиктеген. Ойлонуп отурганымды байкап Махабат сага эмне болгон бугун ? деп сураганы селт эттиррди. Мага эмне болуп жатканын сен деп уктабай откоргон тундорумду билсен кана деп эч нерсе деп жооп бердим.
#8 30 November 2014 - 21:50
Ооруп калган эмессинби ? деген суроосу айрыкча журогумду элжиретти. Акыры ачык эле айтып чечкиндуу болойун болсо болду, а болбосочу деп ар кайсыны ойлоп атып ачыгын айттым. Бир нерсе айтсам капа болбойсунбу деп сурап алып кайра эмнени баштаганы турам тултуюп кетип калбайбы деп бир заматта ойлонуп ийдим. Махабат капкара коздорун жалжылдатып неге капа болмоклем айтчы ал эмне деди. Мен болсо тердеп кургап жерди караган бойдон " Мен сени суйом " деп салдым емне болсо ошо болсун деп айтчумду айттым деп женилдеп алдым.
#10 30 November 2014 - 22:02
Махабат жылмайып: Эмне дээримди билбей калдым бираз намек менен айтсан болмок, мага кичине ойлонгонго убакыт бересинби? деп тамаша чынын аралаштырып уялынкы жер карады. Мен: 1 жумадан ашык ойлонсон мен эмне болоор экем ага жеткирбейсинби?
десем, Махабат: Бир жумага жеткирбейм сен да бироонун баласысын дегенине экообуз тен кулуп калдык. Махабаттын мага конулу бар экенин ойлоп озумчоле асманда калкып журдум. 3 кундон кийин кундогудой сабака келип 1 сабак буткондо махабаттан бир буктом кагаз кат алдым.
#11 30 November 2014 - 22:20
Катты алып сабактын бутушун чыдамсыздык менен кутуп отурдум сабак бутоору мененсумкамды алып тоого чыгып кеттим. Бийиктикте ылдый жакты карап отуруп алып катты окуп кирдим .Катта мени жактыраарын менин тамашакойлугум жана жакшы сапаттарымды число саатынан бери жазып аягына колун коюп койгон экен. Кубанычымда чек жок секирип кыйкырып суйунгонумду эстеп азыр жылмайып алам. Ошондогу таза сезимдер капа кайгысыз бактылуу кундор оор кундордо жагымдуу сезим тартуулайт.
Ошентип эгиз козудай ээрчишип унутулгус кундорду баштан откоро баштадык, ушуга чейин суйуу ушушндай таттуу болорун билбегенимди кара деп ойлонуп калаар элем. Бир куну сабакка келсем Махабат ойлуу, кабагы салынкы бир жерди тиктеген бойдон отурган экен. Журогум чыдабай эмне болду? деп сураганыма сабактан кийин суйлошолучу деген жооп алдым. Ар кайсыны ойлонуп эмне болду экен деп кысыла бердим.
#14 30 November 2014 - 23:58
Роман кылбай батыраак жазыныз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#17 01 December 2014 - 11:05
Ошентип сабактан кийин ээрчишип чыгып жоноп калдык. Жолдо баратып апасынын жумушуна байланыштуу бишкеке кочуп кетип жатышканын айтып мени да ойго салды. Экообуздо тен маанай жок ун соз жок уйун коздой узатып бара жаттым. Оюмда эми кайдан табам кийин б шкектин кайсы бурчунан издейм эми деп ойго чогуп кетиптирмин.
Бир кезде Махабаттын уну селт эттирди. Сенин жанындан эч жакка кетким жок, жаныдан конуп келе жатсам жылуу ордумдан козгогон апамдын жумушу тажатты деп мени кучактады. Мен болсо аны кетиргим келбей бироо келип жулуп кетчудой бекем кучактап копко турдум. Ошентип 2 кун отпой Махабат Бишкеке кетип калды аны унуталбай копко кыйналып журо бердим. Ошентип айлар отуп жылга алмашып отуруп окууну кантип аяктаганыбызды билбей калдык. Атам куттуктап машина белек кылды. Мен дагы элден кем калбайын деп окууга тапшырып бишкекте окуп калдым. Бош убактымда таксовать этип окуп оз жанымды озум баоып окуп коюп журо бердим.
#19 01 December 2014 - 12:25
Бир куну адаттагыдай эле сабактан кийин иштегени кочого чыктым. Кетип бара жатып колуна бала которгон келин куйоосу менен тосту. Токтоп кайсыл жака деп сурагычакты экобуз тен ун соз жок бир бирибизди тиктеп калдык. Ал менин суйгонум Махабат экен. Сыр билгизбей куйосунон каякка барасыз деп сурап андан ары жол уладык. Кузгудон улам карап коюп баласын коруп ушул жакшынакай бала меники болот эле эмнеге кутуп же бир кабарынды билдирбедин?
деп озумчо таарынып кетип бара жаттым. Бактылуу бол дедим ичимден, аларды артынан узата карап ошондогу журогумдун кыйналганын сездин бекен...

Супер-Инфо
super.kg
видео



















