Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 104
  • 105
  • 106
  • 107
  • 108
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2101 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 17:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дайыма кулакка таккыч менен музыка уккан адамдын нерв системаларынын иштөөсү бузулат жана угуусу начарлайт.

Бул тууралуу Япония окумуштуулары айтып чыгышты. Алар бир жарым жыл 30 адамга сынак жүргүзүшкөн. Дайыма кулакка таккыч менен музыка уккандардын угуусу бир жылда 17 пайызга начарлаган. Мындан тышкары кулак таккыч менен музыканы дайыма эң жогорку баскычта уккандардын мээсине доо кетери коркунуч жаратпай койбойт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2102 Пользователь офлайн   momyn_jygyt   27 Ноябрь 2014 - 17:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Мар 2015 04:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Просмотр сообщения MACKA (27 Ноябрь 2014 - 15:01) жазган:

Миңдеген индиялыктар төрт колдуу жана төрт буттуу балага сыйынышууда.

Индиянын кичинекей кыштагында төрөлгөн төрт бүттуу жана төрт колдуу баланы "Брахма" Кудайы катарында жарыяланып, миңдеген адамдар сыйынышууда.

Миңдеген индиялыктар төрт колдуу жана төрт буттуу балага сыйынышууга өлкөнун Батыш Бенгалия чөлкөмүнө барышууда. Жергиликтүү калк баланы "Брахма" Кудайы катарында кабыл алып жатышкандыгын интернет булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык бул жерде сөз ажырабай калган сиам эгиздери тууралуу болууда. Ал эми көптөгөн индиялыктар аны "Брахма" кудайы катарында көрүшүп сыйына башташты. "Брахма" Кудайы салттуу түрдө сегиз колун чагылдырып турат. Ал эми көпчүлүк бул баланын жаралышы акыр замандын келаткандыгын кабарлайт дешүүдө. Баланы Кудайга байланыштырып жатышкандыгын туугандары дагы ишенишүүдө. Дарыгерлер баланын оор абалда төрөлгөндүгүн жана операция кылуу керектигин айтышкан. Ал эми ооруканда жаткан балага миңдеген кишилер көз жаштарын төгүп, оорукананы күнөөлөп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылы эле апрель айында Кытайда төрт колдуу жана төрт буттуу бала төрөлүп,13 күндөн кийин операция жасалып, ашыкча бут, колдору алынып салынган.

Сүрөт



Чындап эле кыяматтын алааматтары болуп жатырыгой.
-Индияда, Уйга (Корова) сыйынгандар, ошол уйдун сарасыны ичишет экен. Кудайыбыздын ошонусуну ичсек, жолубуз болот деген тушук барекен. Бул факт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2103 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 18:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн көзү 5 жаштагы кызда.

Интернеттин жаңы жылдызы кореялык 5 жаштагы Бреанна Юн миллиондогон адамдардын көңүлүнөн түнөк тапты.
Бреанна Юн болгону беш жашта. Бирок ага карабай интернеттин жаңы жылдызы болду.
Маалыматка ылайык, кичинекей кыздын Instagram профилинде 1 миллион 150 миң катталуучусу бар. Муну менен ал голливуд актрисасы Камерон Диазданда ашып кетүүдө. Андагы сансыз билдирүүлөрдүн арасында: "Биз сени өзүбүздүн балабыздан да жакшы көрөбүз" - деп жазышууда. Жакында эле Юндун үй-бүлөөсү Дубайга көчүп келген. Кыздын энесинин айтуусу боюнча Бреанна Юндун өзгөчө деле таланты жок. Бирок айланадагыларын өзүнө тартканды билет дешүүдө. Кичинекей кыз жакынкы чыгышта өтө популярдуу болуп, Бириккен Араб Эмираттарына чакыруу алган. Ал жерден кичине кызга теле шоуга алып баруучулукту сунушташкан. Эми алар Дубайда демөөрчүлөр тарабынан эң бай жашоо сүрүшүүдө. Баардыгы ислам динин кабыл алышкан. Азыр болсо араб тилин окуп жатышат.


Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Ноябрь 2014 - 18:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2104 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 18:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда 250 млн. жыл мурда микрочип орнотулган таш табылды.

Таң калыштуу ташты Красноярск крайында бир жыл мурда табышкан. Таштын бетинде илимге белгисиз болгон татаал микрочип басылган. Таң калыштуу табылга илимий чөйрөдө ызы-чуу жаратып жатат. Адистердин пикиринде, таштын болжолдуу жашы 250 миллион жыл.
Бир жылдан бери окумуштуулар бул табылганы изилдеп жатышса дагы анын сыры ачыла элек.
Айрым окумуштуулар буга чейин Жерде азыркы заманбап дүйнөдөн дагы катуу өнүккөн техногендик цивилизация болгон деп болжолдоп жатышат. Алар атланттар болушу ыктымал.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2105 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 18:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Индияда узун сакалчандардын конкурсу өтүүдө.

Индиянын Пушкар шаарында жергиликтүү калк жана туристердин арасында эң популярдуу болгон жарманкеде узун сакалчандардын мелдеши өтүүдө.
Мелдешке катышуучулардын чач жасалгалары башында эмес, жүздөрүндө жасап алышкандай көрүнөт. Кээ бир катышуучуларынын муруттары жерге чейин жетип турат. Маалыматка ылайык Раджастан штатынын Пушкар шаарында көргөзмө жылына мал базары менен коштолот. Бирок малдарга караганда баардыгы узун мурут мелдешин көрүүгө келет. Бул мелдешке ар кайсы жерден 300 миңге жакын киши, 20 миңге жакын төө жана жылкыларды алып келишет. Бул көргөзмө 5 күнгө созулуп, малдардын дээрлик көпчүлүгү сатылып кетет.


Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2106 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 19:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Dadin2 (27 Ноябрь 2014 - 17:19) жазган:

Шумдугун кургур Кыргызстанда ачык эле бай-кедей деген заман келдиби?
Парламент депутаты Дамира Ниязалиева Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалардын киргизилбей калышына каршы. Өз пикирин депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында төмөнкүчө түшүндүрдү. "Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбей коюуну убактылуу токтотуп турушубуз керек. Кыргызстандын жарандары сол рулдуу жаңыраак автоунааларды сатып ала алышпайт. Анткени салыштырмалуу баалары кымбат. Эмне, жакыр жашаган жарандарыбыз жөө жүрүшү керекпи? Карапайым жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз керек. Айлыктар көбөйүп, элдин жашоосу оңолгондон кийин тыюу салсак, колдойм". Мындай пикирге депутат Сайдулла Нышанов каршы. "Кедейлер сол рулдуу гана эмес, дегеле унаа ала алышпайт. Демилгени колдошубуз керек. Адам өмүрү баарынан кымбат", - деди депутат. Кыргызстанга рулу оң жагындагы унааларды алып кирүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.


Оң рулдуу унааларга тыйуу салынса, каттоодон өткөн унаалардын тагдыры кандай болот?

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин каттоодон өткөн оң рулдуу унааларды андан ары да колдонууга болот.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов 27-ноябрда ЖКнын Кыргызстандын аймагына оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун караган отурумунда билдирди.
"Мыйзам кабыл алынганга чейин Кыргызстанда каттоодон өткөн оң рулдуу унаа каражаттарын мыйзам күчүнө киргенден кийин да колдонууга болот," - деп билдирди Рыскулбек Жапаркулов.


Сүрөт


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2107 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 21:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайлык эркектер баланы көз жаруу сезимин өз баштарынан өткөрүүдө.

Жакында бир топ кош бойлуу аялдар жолдоштору аларга татыктуу кам көрбөй жатканына даттанышкан. Буга байланыштуу эркектер үчүн “төрөт маалындагы ооруксунтуу сезимдери” аттуу кызмат ачылды. Мырзалардын курсагына датчиктер бекитилип, алар аркылуу электр тогу жиберилет. Толгоо учурундагыдай эле, ооруксунтуу сезимдери улам күчөп, акыры туу чокуга жетет! Процедуранын акырына чейин саналуу эркектер гана чыдап жатат. Ошол эле кезде дарыгерлердин айтымында, жада калса ушул датчиктер аял төрөттө баштан өткөргөн сезимдерди толук бере албайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2108 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 21:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Каныша Елизавета II тактысын өткөрөбү?

Улуу Британиянын падышасы Елизавета II тактысын принц Уильям жана Кейт Миддлтонго өткөрөбү?
Улуу Британиянын 88 жаштагы падышасы Елизавета II тактысын принц Уильям жана Кейт Миддлтонго өткөрөт. Бул тууралуу Австралиянын Woman's Day журналы ишеничтүү булактарына таянып жазып чыкты.
Бир жумадан бери Европанын бардык ЖМКы Елизавета II тактысын баласы Чарльзга эмес, небереси принц Уильям жана жубайы герцогиния Кэтринге өткөрүп берээрин кабарлоодо. Маалыматка ылайык, каныша Елизавета II мындай чечимге өмүрүнө кутум даярдалып жаткандыгынан улам кабыл алган. Мураскерди тандоо Кэтрин жана Уильямдын популярдуулугунан жана калк тарабынан жакшы көрүлгөндүгүнөн улам чечилген. Буга кошумча репортерлор мындай чечимди жогорку даражадагы падышанын кеңешчиси жана Великобританиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун колдогонун белгилешүүдө.


Эсиңиздерге сала кетсек, 8-ноябрда Елизавета II Альберт-холлго зыяретке барганда, Лондон полициясы кутумду алдын алууга жетишкен. Бул теракт боюнча төрт киши кармалган. Террористтер бул салтанатта падышага бычак менен кол салууга аракет жасашкан.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2109 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 21:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Таракан - кирешелүү бизнес:

Адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, кытайлык фермерлер жакынкы жылдар аралыгында таракан өндүрүү менен байып жатышат. Бул туурасында америкалык гезит жазып чыкты. Көрсө, биз жийиркенип жүргөн таракандардын адамдын ден соолугуна тийгизген оң таасири да бар экен.

Америкалык таракандар Кытайда:

Дүйнө жүзү курт-кумурскалардан кантип арылуунун жолун ойлоп таап, ага жылына миллиарддаган акчаны сарптап аткан чакта, амалкөй кытайлыктар таракандарды өстүрүп, алардан абдан жакшы киреше таап, кайсы бирлери байып да жатышканы белгилүү болду. Тhe Los Angeles Times гезитинин октябрдагы санында жүздөн ашуун кытайлык фермерлер 10 миллиондон ашык таракандарды өстүрүп, аларды косметикада жана медицинада колдонууга сатып, жакшы киреше таап жатышканы туурасында маалымат кеткен. Күн санап өнүгүп жаткан бизнестин бул түрүн бийлик өкүлдөрү абдан катуу тескөөгө жана байкоого алышат. Себеби, алар массалык таракандардын фермадан качып кетүүсүнөн катуу чоочулашат. Мындай окуя 2012-жылы болуп, миңдеген таракандар фермадан качып кеткенде, кытай бийлиги бир топ бушайман болушкан.

Таракандарды медицинада жана косметологияда колдонушат:

Белгилей кетсек, бул бизнестин ден соолукка бир топ оң таасирлери бар. Таракандарды кытайлар медицинада СПИДге каршы, онкологияык ооруларга, суук тийгенде, иммунитетти чыңдаганда жана косметикалык каражаттарды жасоодо колдонушат. Ушул эле жылдын май айында БУУ белогу көп таракандарды тамак катары пайдаланууга, ачарчылыктан сактанууда колдонууга уруксаат беришкен. Ушул учурдан пайдаланган кытайлар америкалык таракандарды сатып алып, аларды өстүрүп жатышат. Мисалы; 3.5 долларга таракан сатып алып өстүрсө, ал бери дегенде эле 20 доллар болуп берет. Ошондо эсептеп көрсөңүз, миллиондогон таркандан канча суммадагы киреше түшөт.

Таракандарды бизнеске айланткан Ван Фумин:

43 жаштагы Ван Фумин Кытайдагы таракан бизнесинин көрүнүктүү өкүлү. Анын 6 таракан өндүрүүчү чарбасы бар. Анын чарбасында 10 миллиондон ашуун таракан өндүрүлөт. Вандын жылдык кирешеси миллион доллардан ашат. Ван 2010-жылдан бери таракан өндүрүп жергиликтүү дары чыгарган фирмалар менен тыгыз иштеп келген. Анын мындай бизнес менен алектенээрин 2012-жылга чейин эч ким билген да эмес. Качан гана анын чарбасынан таракандар качканда, таракан бизнеси тууралуу билген фермерлер ойлонуп, анын бизнесине атаандаштыкты жарата башташкан. Алгач Ван чаяндарды жана коңуздарды дары жана деликатеске пайдалануу үчүн өстүргөн. Анан эле алардын жумурткаларынын бир партиясы таракандардын жумурткалары менен чаңдашып кеткен. Айласы жок таракандарды өстүрүп, бирок таракандардан пайда көбүрөөк түшкөнүн байкаган Ван таракан бизнесине баш-оту менен киришип кеткен.

Эң арзан жана кирешелүү бизнес:

Жакшысы башка малдарга салыштырмалуу таракандарда оору аз кездешет. Аларга тамак берүүдө да тоют аз кетип, өтө кымбат тоютту талап кылышпайт. Болгону картошканын кабыгын, ашкабактын калдыктарын жана чириген жер-жемиштердин калдыктарын да жей беришет. Таракандарды кургатуу да опп-оңой. Чаң соргуч менен сордуруп алып, кайнаган сууга салып эле күнгө куртагып алса болот.

Таракандар менен дарыланып картайганды алдын алууга болот:

Кытай медицинасынын профессору Ли Шунань таракандардын пайдалуулугун изилдеп келет. Анын айтымында кээ бир өлкөлөрдө кургак учукту толук айыктыруу үчүн атайын таракандарды колдонушат. Анан дагы чачтары түшүп таз болуп калган профессор таракандар менен дарыланып кайра чач өскөнүн жана картайбай ошол боюнча жүргөнү тууралуу да айтат. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Ноябрь 2014 - 21:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2110 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 22:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Нерви жукалар окубай эле койгула!

Кытайлыктар ымыркайларды “деликатес” катары тамшанып жешет.

  • Кытайлыктардын түйүлдүктөрдү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды деликатес катары жеп келе жатканы коомчулукка маалым болуп эле калбадыбы...
  • Кытай, Тайвань өлкөлөрүндө аборт болгон наристелер адамга - сулуулук жана ден соолукту жакшыртуу үчүн пайдаланылат. Жаш баланын этине кадимкидей эле кезекке туруп сатып алышат экен. Анын даамы кадимки уй этине окшош жана жумшак экенин билдиришти.
  • Кытайлык ашпозчу 60-70-түйүлдүк ымыркайдан тамактын түрүн жасаган. Ашпозчунун айтуусунда буга таң калуунун кажети жок, анткени эгер жээлбесе, бекер ыргытылат. Андан көрө жеген оң.
  • Айрым кытайлыктар жаңы төрөлгөн баланын этин эмес, түйүлдүктүн этин жегенди жактырышат, баасы да арзан, 10 АКШ $ (доллар) турат.
  • Тамак даярдоодо түйүлдүктүн өзүнөн жасаган тамак даамына чыкпайт, ошондуктан ымыркай болуп төрөлгөн баланын дене мүчөсүнүн бир бөлүгүн кошуп койсо даамына келет. Кытайлыктар көбүнчө уургаачы ымыркайдын этин жактырышат.
  • Жаңы төрөлгөн баланын жанын чыгаруунун оңой жолу - аны спиртке чылап, 10 секунд кармап туруу керек. Спирт ымыркайдын жанын тез чыгарат.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2111 Пользователь офлайн   Patrik2   28 Ноябрь 2014 - 09:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 542
  • Катталган: 17 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 06 Дек 2020 11:46
  • Жынысы:Эркек

Аялы SUPER.KG аркылуу 11 жыл
бою Орусияда жүргөн күйөөсүн
тапты

Аял 2003-жылдан бери Орусияда
жүргөн күйөөсүн SUPER.KG
порталы аркылуу тапты. Бул
тууралуу Орусиянын Бурятия
Республикасынын Улан-Удэ
шаарындагы диаспоранын
кеңешчиси Алымбек
Абжамилов билдирди.
"Мен досумдун дүкөнүнө барсам,
мекендешибиз Муса Маматов нан
жана тамеки сурап келип калды.
Анын керектүү маалыматтарын
алып, SUPER.KG'ге жөнөткөм.
Андан соң анын аялы жана
жакындары чала башташты. Эми
мекендешибизди Кыргызстанга
жөнөтүү боюнча консулга
кайрылам" ,- деди Абжамилов.
Мындан тышкары ал Орусияда
мындай окуялар көп кезигерин
баса белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрда
Бурятиядагы кыргызстандык
жаран мекендешибиздин
туугандарын табууга жардам
сураган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2112 Пользователь офлайн   MACKA   28 Ноябрь 2014 - 16:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британиялык сүрөтчү бир ай бою чоочун бирөөнүн өмүрүн сүрөт.

Марк Фарид 24 саат бою, күнү-түнү виртуалдуу чындыкты чагылдыруучу аппаратты тагынат. Бул түзүм 28 күндүк жашоону башка адамдын кулагы жана көздөрү менен өткөрүүгө жардам берет. Чоочун адамга талапкер Марк менен такыр тааныш эмес, жубайы же сүйлөшкөн кызы бар эркек болушу керек. Бул адам атайын көз айнек тагынып, видео жана үндөрдү ал аркылуу Маркка берип турат. Мындай тажрыйба менен сүрөтчү, адамдын мүнөзүн жана иш-аракеттерин чөйрөбү же гендер калыптандырабы? - деген суроого жооп табуу ниетинде.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2113 Пользователь офлайн   MACKA   28 Ноябрь 2014 - 16:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жакында чек араларда аарылар кызмат кыла баштайт.

Чек араларда бангизат жана жардыруучу заттарды издеген иттердин ордуна аарылар кызмат кыла баштайт.
Эссекса университетинин окумуштуулары мындай оор тапшырманы аарылар иттерге караганда мыкты аткараарын изилдеп чыгышкан. Баардыгы аарылардын күчтүү жыт жана колу, буттарынын сезгичтигинде болууда. Изилдөөнүн жыйынтыгында иттерге караганда аарылар жардыруучу заттарды тез аныктайт. Инженерлер муну менен электрондук жыт сезгич мурундарды даярдоого киришти. Аны дагы табигаттын аарылары тартуу кылды. Мындан тышкары бул технология иштеп чыгарылгандан кийин азыктардын сапаттуулугун текшерүүгө, суунун жана абанын тазалыгын аныктоого колдонсо болот. Азырынча бул уникалдуу технология качан көрсөтүлөт сыр бойдон калууда.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2114 Пользователь офлайн   MACKA   28 Ноябрь 2014 - 16:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Путиндин лимузини 8 миллиард рубль болду.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жаңы кызмат лимузинине 8 миллиард рубль каражат жумшалат.
Маалыматка ылайык "Кортеж" долбоору боюнча өлкөнүн биринчи адамдарына гана эмес, башка аткаминерлерине, мамлекеттик коргоо кызматына автоунааларга буйрутма берилет. Бул жаңы буйрутмалар 31-декабрь 2016-жылга чейин бүткөрүлөт. Бирок бул лимузиндин кандай жасалышы тууралуу кеңири маалымат айтылган жери жок.


"Кортеж" долбоорунун башкы аткаруучусу болуп НАМИ (Борбордук автомобил илимий-изилдөө институту) киришүүдө. Ал эми долбоордун инженердик консультанты катарында немистердин Porsche Engineering компаниясы кыймылдаткычтын долбоорун түзүшөт. Долбоор алкагында 3 автоунаа каралууда: Лимузин, жолтандабас жана минивен. Орусия лидери Владимир Путиндин лимузинине Орусиянын казынасынан 8 миллиард рубль каражат жумшалат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2115 Пользователь офлайн   vankuver.   28 Ноябрь 2014 - 17:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Ымыркай жеген Кытайлыктар журоктун ушун алат экен.





Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2116 Пользователь офлайн   MACKA   28 Ноябрь 2014 - 22:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Брисбенге отуз жылда боло элек бороон келди.

Шаарда нөшөрлөгөн жамгыр төгүп, мөндүр уруп, ылдамдыгы саатына 140 км. түзгөн катуу шамал болду.
Бороон үйлөрдүн чатырын жулуп ыргытып, көп кабаттуу бийик үйлөрдүн терезелерин талкалап жиберди. Шаарда коомдук транспорт иштебей калды.
Жарым саатта эле бир айдын нормасындагы жаан төгүп койду, ошол себептүү сууга толгон көчөлөрдө көп машиналарды бүт суу басты.
Электр линиялары үзүлүп, 90 миң үй электр кубатынан ажырады. Шаарда мектептер жана бала бакчалар жабылды.
Стихиянын кесепеттерин жоюуга аскерлер тартылды.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2117 Пользователь офлайн   MACKA   29 Ноябрь 2014 - 16:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Немисче сарамжалдуулук:


Өткөндөгү немистер жөнүндө блогумда “немистер төрт-беш жыл жаңы кийим албайт” - деп жазсам, көпчүлүк окурмандар “кантип эле эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон Германиянын жашоочулары кийимине жылына болгону 100 эле евро коротсун?” - деп таң калышты. Бул суроо мени да ойлондурду. Ошондон кийин мен немистердин үнөмдүүлүгүн тереңирээк изилдеп көрдүм. Сарамжалдуулук же ашыкча акча, суу жана энергия коротпоо - бул Германияда бала бакчадагы бөбөктөрдүн аң-сезиминен баштап, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдердин негизин түзөт. Бул жакта коомдук имарат же жеке менчик үй курулабы, биринчи коопсуздук жана ыңгайлуулук, анан энергия жана сууну үнөмдөө жагына көңүл бурулат. Үнөмдөө дегенде сөзсүз эле акча эмес, экология да, башкача айтканда, 100-200 жылдан кийинки экологиянын абалы эсепке алынат.


Бала кезден тыйын чогултмай:
Немистерде акчага эсеп менен аяр мамиле жасап, сарамжалдуу болуусу бала кезден аң-сезимине сиңе баштайт. Германияда дээрлик ар бир үй-бүлөдө балдардын ар биринде майда тыйын чогултчу кутуча же money box болот экен. Ошентип, немистер кичинекей кезинен майда тыйын чогултуп, жарым жыл, бир жылда чогулган акчага өздөрүнө керектүү чоңураак оюнчук алып, же аттракцион парктарга барып, өзүн каржылаганды үйрөнө баштайт. Бала кезден үйрөнгөн бул адат немистерде өмүр бою сакталып калат. Анткени алар чоңойгондо банктан атайын аманат эсеп ачып, ал жакка ай сайын кирешесинин кайсы бир бөлүгүн салып турат. Ошондуктан немистерде карызга акча суроо деген түшүнүк жокко эсе. Себеби, алар өздөрүнүн финансылык абалына өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле жасап, алдын-ала кошумча акча чогултуп коюшат.


Күнүмдүк жашоодогу үнөм:
Немистердин үйүндө жарык эч качан күйгөн бойдон калбайт. Айрыкча түн ортосунда. Буларда электр лампалары эчак эле энергияны аз короткон жана сенсордук, же сезимтал лампаларга алмашканына карабастан, керексиз учурда бардык лампалар тезинен өчүрүлөт. Андан сырткары ашканада суу агып турган чоргого идиш жуулбайт, алар сууну жуумага (раковина) толтуруп алып, ошол жерден идишин жууп алышат. Ага кошумча бул жакта идиш жуучу үнөмдүү автоматтар пайдаланылат. Буларда кир жуугуч машиналар “бош” эле айлана бербейт, качан гана ичине кир кийимдер толгондо гана иштетилет. Электр тогун үнөмдөө үчүн ноутбуктун батарейкасы толгондо токтон жулуп коюу, музыканы акырын кылып угуу, басс үн чыгаргычтарды колдонбоо, сүт куюучу кагаз баштыктарды жана тиш жуугуч пасталарды акыркы тамчысына чейин колдонуу немистер үчүн кадимки көрүнүш.


Немисче шоппинг:
Шоппингди немистер sonderpreis (өзгөчө баа) же angebot (арзандатылган баа) деген сөздөр менен айкалыштырат. Анткени алар күнүмдүк жашоого керектүү буюм жана кийимди көбүнчө арзандатылган же сатып түгөтүү акциялардан алат. Алар дайыма ошондой акцияларды издеп таап, кайсы дүкөндө эмне акция болоорун жатка билишет. Андан сырткары Германияда “фломаркет” аттуу колдонулган буюм жана кийим-кечек саткан чоң базарлар ай сайын, же жыл сайын уюштурулуп турат. Ал жактан колдонулган сапаттуу буюмдарды арзан баага сатып алса болот. Муну менен немистер акчасын да үнөмдөйт жана бир буюмдун колдонуу убактысын узартып, экологияга да пайда келтирет. Мен өзүм да азыр колдонуп жүргөн элесепетимди “фломаркеттен” алгам.


Үнөмдү үйрөнсө болот:
Немистердин сарамжалдуулукка кылдат мамиле кылганын бул жактагы финансылык кеңешчилердин (үнөмдөө боюнча адистердин) көптүгүнөн билсе болот. Бул адистерге кайрылсаңыз сиздин чыгымдарыңызга анализ жасап, пайдасы жок коротууларды бир канча кыскартып, ай сайын алган кирешеңизди сарамжалдуу, үнөмдүү пайдаланып, керектүү жакка коротконго усулдук сунуштарын берет. Буга кошумча атайын кантип тигил же бул тармакта акчаны үнөмдөп алса болот деген сыяктуу теле берүүлөр бат-баттан акчаны үнөмдөө жолдорун көрсөтүп турат. Үнөмдөө боюнча кеңешчилер ашыкча чыгымдарды кыскартканга жардам берет.


Үнөм - бул философия:
Сарамжалдуулук бул немистерге гана таандык эмес. Европада жашаган башка элдер да акчага, ашыкча чыгымдарга аяр мамиле жасашат. Бирок немистердин сарамжалдуулугу өзгөчө, анткени бул немистерде философиялык мааниге ээ. Азыркы философиянын жаратуучуларынын бири, немис философу Иммануил Канттын мындай деп айтканы бар “бүт нерсеге болгон сарамжалдуулук - бул жакшылыкты көздөгөн адамдардын акылмандыгы. ” Мындан сырткары Европадагы чиркөө рефомасынын баштоочусу, немис Мартин Лютер “үнөмдөлгөн тыйын сурап алган тыйындан тазараак” - деп айткан экен. Башкача айтканда, немистер үчүн сарамжалдуулук бул экономикалык эсептен жана акылмандуулуктан сырткары, акыйкаттуулук жана чынчылдык болуп эсептелет.


Сарамжалдуу болуу сараң дегенди билдирбейт:
Биздин коомдо акчаны үнөмдөө же сарамжалдуулук жакырчылык, чектелген жашоо же сараңдык менен байланыштырылат. Ошон үчүн немистердин үнөмдүү жашоосу сырттан караганда сараң, бир келген жашоодон рахат албай эле тырышып, чектелген жашоодой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул чоң жаңылыштык! Немис эли сарамжал болгону менен жашоодон рахат алып, өздөрүнө керектүү жана пайдалуу нерседен эч качан чектебейт. Болгону булар ашыкча, кереги жок чыгымдардан алыстап, үнөмдөлгөн акчаны саякат, хобби сыяктуу керектүү жана пайдалуу жакка жумшаганды жаш кезинен үйрөнөт. Өмүр бою акча чогултуп, жашы улгайып калганда жаш кезиндеги кыялын ишке ашырып, кымбат автоунаа айдап, же Жер шарын түрө кыдырып, саякаттап, жашоодон рахат алгандар да четтен чыгат.


Баатыр Алымкулов. Германия.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2118 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Декабрь 2014 - 11:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Шумдугун кургур десее,таракандар жонундо окуп менда маалымат жаза кетейин деп.


Жер жүзүнүн кыйрашына чоң салым кошкон таракандар

Таракандардын укмуштуудай ааламы
Жийиркеничтүү, кара, күрөң түстүү таракандарды баардыгыбыз билгенибиз менен алардын ааламы, жашоосу тууралуу эч нерсе билбейбиз. Көрсө алардын ааламы укмуштуудай таң калыштуу экен.

Коркунучтуу таракандар
Биринчиден алардын 4000ден ашык түрү бар жана жалпысынан алганда баардыгы зыянкечтер аталышат. Адамдарга ар кандай ооруларды алып келишет жана биз колдонгон өсүмдүктөрдү жеп жок кылышат.
Экинчиден алардын ургаачысы уруктангандан кийин бир нече жолу боюна бүтүп, үй-бүлөсүн сактап калат.

Бир айлап тамаксыз жашай берген таракандар
Алар бир айлап эч кандай тамаксыз, жумалап суусуз жашай беришет. Эң коркунучтуу душмандары адамдар болушат. Бирок кечки жарыктан коркушпайт. Муну баары менен эле алардын жоруктары жана жашоосу бүтүп калбайт. Ошондуктан тереңирээк карап көрөлү.

Таракандардын дүйнөсү таң калыштуу
Үйдө дубалда же жерде басып жүргөн таракандарды көргөндө корккондон кымгуутка түшөбүз. Ал эми учуп жүргөндөрүн көргөндө таптакыр эле коркунуч пайда болот. Бирок, табигат бизге боору ооруп, анын бир түрүн гана жаратыптыр. Ошондуктан 4000 таракандардын ичинен бир түрү гана уча алат жана алар түндүк Африкада жашашат. Бул таракандардын сүрдүү канаттары 18-19 сантиметрди түзөт.

Жел
Таракандар ар бир 15 мүнөт сайын жел чыгарып турушат. Өлүп калгандан кийин деле алар осурганын он сегиз саат (18) ичинде токтотушпайт. Эми бир эле таракан ушундай жолго барып жатса, калган дүйнө жүзүндөгү таракандардын баардыгынын кылган жоруктарын элестетүү кыйын. Жалпысынан алып караганда дүйнөдөгү таракандар жер жүзүндөгү 20% метанды чыгарып турушат. Ошентип алар жер жүзүнүн кыйроого учурашына чоң салым кошуп жатышат.

Таракандардын алсыздыгы
Эгер таракандар чалкасынан жатып калса, анда өлүшөт. Анын себеби, ал жөн гана артка тура албай калышында. Эгер пол тегиз жана жылмакай болсо, бул туура өлүм. Эгер андай эмес болсо, анда аларга жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң кызыктуусу чымын-чиркейлер менен күрөшчү каражаттарда биринчи алардын булчуңдарын жабыркатуучу уулар бар.

Таракандардын ышкырыгы
Таракандардын ышкырыгы дүйнө жүзүндө белгилүү. Алардын бир түрү өтө тез кыймылда катуу ышкырык чыгара алышат. Муну окмуштуулар алардын ааламын изилдеп жүрүп Мадагаскар деген таракандардан табышкан. Дал ушул ышкырыктарды тасма жаратуучулары көп колдонушат.

Таракандарга баш маанилүү эмес
Таракандарга башы жок жашай бериш маселе деле жаратпайт. Бул зыянкечтер мурду менен эмес баардык денесиндеги клеткалар менен дем алышат. Анын үстүнө аларда кан дагы жок. Демек кан басымы да жок. Ошондуктан алар үчүн баш маанилүү деле мүчө эмес жана кайсы бир убактарда башы жок эле жашап жүрө беришет.

Ден соолукка зыян
Таракандар адамдын организмине зыян алып келип, аллергия чакырышат. Көбүнчө астма оорусун. Бул нерсе мындан элүү (50) жыл мурун далил болгон. Орто эсеп менен алганда көп кабаттуу үйлөрдө бул аллрегиялык ооруну чакырган тогуз жүздөн (900) баштап, 300 000ге чейин чымын-чиркейлер жашашат.

Тездик
Алардын жашоосундагы дагы бир кызыктуу көрүнүш алардын таң калыштуудай ылдамдыгы. Америкалык таракан бир секундда 75 сантиметр аралыкта чуркай алат. Бул алардын дене-мүчөсү үчүн өтө эле тез ылдамдык. Алар чуркап жатканда көзүнө ишенишпейт. Көздүн ордун антенна сыяктуу иштеген буттары жана муруттары алмаштырат.

Радиация
Таракандар радиацияларды мыкты көтөрө билишет. Эгер адам 500гө жакын радиациянын таасирин көтөрө ала турган болсо, а таракандар 6500дү. Көрсө, “ядролук согуштан кийин жалаң гана таракандар аман калышат” деген сөздөр да бекеринен айтылбайт экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 986.jpg

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2119 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Декабрь 2014 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эң көп төрөлгөн Кытайдагы уул балдардын тагдыры
Кытайда эл өтө эле көп болуп, аймагында батпай бараткандыктан ата-энелерге бир балалуу болгонго гана уруксат берилет. Жыйынтыгында болсо кытайлыктар: “бир балалуу болгонго жараша уулдуу болгонубуз жакшы” дешип, УЗИ кыз баланы көрсөткөн учурда көпчүлүгү боюнан алдырып салуу адаты салтка айланып кеткен. Азыр ошондуктан Кытайда аялдардын жетишсиздик коркунучу күч алган. Алар эркектерге караганда 20 миллионго аз.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2120 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Декабрь 2014 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эң жаш өспүрүм ата-эне
Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы өспүрүмдөр болушкан. Алар 1910-жылы Кытайда жашашкан.

Башка улуттардан бир жашка улуу корей балдары
Кореяда бала тогуз айга чыкканда эле жаш берип коюшат. Ошондуктан алар башка өлкөлөрдүн балдарынан дайыма бир жашка улуу.


Эң атактуу тиши бар төрөлгөн атактуу ымыркайлар
Жок дегенде 2000 ымыркайдын ичинен бирөө тиши менен төрөлөт. Негизи бала эмчек эмгенде алаксып жана апасынын эмчегин оорутпаш үчүн биринчи тиши жок төрөлүш керек. Кызыгы тиши менен төрөлгөн балдардын арасына эң атактуу адамдар да кирет экен. Мисалы, Юлий Цезарь, Ганнибал, Шарлеман, Наполеон, Муссолини жана Гитлер.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 104
  • 105
  • 106
  • 107
  • 108
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 47 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 47, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 05:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: