31-белги:
Соода-сатыктын көлөмүнүн көбөйүшү
Абдуллах бин Масуддун айтышы боюнча Пайгамбарыбыз Мухамммад(с.
а.в.) мындай деген: «Кыямат Күнү жакындаган кезде адамдар өз тааныштарыменен гана саламдашып,
баары соода менен шугулданып калышат. Ал тургай аялдарда күйөөлөрү менен кошо соода-сатык кылып кетишет» (Мухаддис Ахмад). Амр бин Туглабдын айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси Мухаммад (с.а.в):«Кыямат Кайымдын жакындаганынын белгилеринин бири – байлыктын көбөйүшү жанасоода-сатыктын кеңири жайылышы болот» (Ахмад).
Бул убактылуу дүйнөнүн (байлык-бийлик сыяктуу) жетишкендиктеринеумтулуу имандын алсырашына жана мусулмандардын ортосундагы карама-каршылыктаргаалып келет. Мусулмандар эмгек кылып, акча иштеп табуулары керек, бирокматериалдык байлык алардын жашоосунун максаты болбостон, жашоонун зарылкаражаты катары кабылданышы кажет. Дал ошол үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад(с.а. в.) мындай деген: «Аллахтын ысмы менен сөз берем: Мен силердин кедей болупкалышыңардан коркпойм, мен силерди бул убактылуу дүйнөнүн материалдыкбайлыктары силерден мурдакы мусулмандардын алдында кандай кенен жайылып жатканболсо, силердин да алдыңарда дал ошондой кенен жайылышынан (б.а.бай-бардарчылык силердин напсиңерди бузушунан, бул дүйнөнүн жыргалдарынындилиңерди азгырып кетишинен) корком. Ошондо (бай болгон кезиңерде)силерден мурдакылар атаандашуудан кандай кыйроого учураган болсо, силерди дадал ошондой эле атаандашуу кыйратып койот» (ал-Бухарий жана Муслим).

Супер-Инфо
super.kg
видео













