17.
Төрт кыз бир бөлмөдө жашай турган болдук. Сайракан, мен, Валя жана баягы жинимдей жаман көргөн "кетирекей мурун". Анын аты Айгүл экен. Ошону менен бир жашап калганыма капамын. Сүйлөгөнү да, кыңылдап ырдаганы, жорук-жосуну да жакпайт. Экөөбүз акыры чачташа кетебизби деп корком.
Эң жакшысы Сайракан экөөбүз бир жашап калганыбыз.
Керебетибизди да жанаша койдук. Күн өткөн сайын экөөбүз бир туугандай болуп баратабыз. Айгүлдүн ичи күйөт. Кечээ кино көрүп келели деп чакырды эле ал барбай койду.
Азыр Сайракан тамак даярдап кухняда жүрөт. Мен бөлмөбүздүн балконунда ары-бери баскандарга көз жиберип отурам.
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#101 28 November 2014 - 03:28
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#102 28 November 2014 - 03:52
Заңкайган университеттин имараты көзүмө ушунчалык жылуу учурайт. Былтырлары университеттин имаратынын газетага чыккан сүрөтүн көрүп: "Кандай бактылуу жаштар ушул имараттын койнунда окуйт болду экен. Ошолордун да арманы бар бекен?"—деп ойлочумун. Университеттин студенттери сабак окуп жатышат— деп сүрөттөрү газетага чыгып калса да, кандай немелер болду экен деп баса калып карачумун. Өзүм дагы күтүлбөгөн жерден университетке өтүп отурам. Моюнга алыш керек, мындай болот деп эч ойлогон эмесмин.
Бүрсүгүн 1-сентябрь. Ошол күнү эртелеп туруп, таза жуунуп-таранып, жаркылдап кийинип, Сайракан экөөбүз өзүбүз теңдүү жаштардын катарында университеттин босогосун аттайбыз. Сабак башталат. Илимге суугарылган агайлар лекция окуй башташат. А биз алардын оозунан чыккан ар бир пайдалуу сөздөрдү кулагыбыздын сыртынан кетирбей, илип калууга талпынабыз. Кечээ кухняда жогорку курстун студенткасы бир кызга: "Университет бул мектеп эмес. Доцент, профессор, кандидат агайлар эшиктен кирет да, баш ийип саламдашып, лекциясын баштайт. Колун шилтеп коюп, тынбай окуй берет, окуй берет. Коңгуроо кагылганда, чоз папкасын көтөрүп чыгып кетет. Сенин үлгүрбөй жатканың менен иши жок. Жалпы тартип ушундай" дегенин угуп, коркуп калдым. Ошол эжеке чын айтса, окуш да оңой эмес бейм.
Кыйынчылыгына да кайылмын. Миңдеген студенттердин биримин да. Тырышсам мен үлгүрөм. Ак кагаздын бетин карап тирмейип беш жыл окуйм.
Эски адатым тутуп, кыялданып кеткен турбаймбы? Гүкүш, эсиңде болсун, бул жер университет. Бул жер шаар деген болот, атаңдын тогуз пакса коргону эмес.

#103 28 November 2014 - 04:14
Кечээ апамдан кат алдым.
"Жанымдан артык көргөн, алыскы шаарда окуп жаткан асыл кызыма жүрөгүмдөн кайнап чыккан ысык дубай саламымды жиберем. Кызым, окууга өттүм деген дилгирмеңди алып атаң экөөбүз куп сүйүндүк. Эми кызымжан, бизди дос-душмандын алдында уят кылбай, өзүңө квл жугузбай жакшы жүр. Көп эле кино-театрга бара бербе. Кечкурун асти көчөгө чыга көрбө кызымжан, тилимди алсаң сактыкка кордук жок. Бирөөлөр чакырса эшикке чыкпа. Терезеден сүйлөш. Башка балдар андай-мындай бузукулук сөз айтса уруша кет, кагып сал. Столовойдон оокат ичпе. Чочконун гөшү аралаш болот дейт. Ачка жүрбө, ысык өтүп кетет. Пулуң камчил болсо тартынбай кат жаз кызым. Өзүңдү жакшы алып жүр балам, өмүрлүк бетиңе көө сүйкөбө. Мени куда болгон деп ар кимге айта бербе, чалкан гезитке чыгып калбайлы балам, оозуңа сак бол. Бизден кабатыр болбо. Баарыбыз тынчпыз. Кайын энең балдарымды сагындым, качан көрөөр экенмин деп ыйлап жүрөт бечара, анан кантсин. Көрүшкүчөң эсен бол, балам, өзүңдү жакшы алып жүр мен десең. Сагынып, сагынып Карамат".
Катты апам өз колу менен арбаңдатып жазыптыр. Ырас, апамдын каты сабатсыз жазылган. Граматикалык, орфографиялык каталары ар бир сүйлөмүндө толуп жатат. Бирок бул сабатсыз каттын ар бир сөзүндө апамдын түн терметкен ой-санаасы, сагынычы, энелик мээрими жатпайбы?
Эне артыкча жаралган жан экен го. Билем, азыр апамдын уйкусу өзүнүкү эмес. Түн жарымында селт этип ойгонот, түшүн жакшылыкка жоруп, түйшүк тартып, кирпик какпай таң аттырат.

#104 29 November 2014 - 03:23
Биз фрунзеге шашылыш жөнөп калдык.
Бизди мындай капыс алып жөнөйт деп апам күткөн эмес. Беш-алты күн мурда кабар берет деп камырабай жүргөн. Бирок апам күткөндөй болбоду. Эсимде, июлдун башы эле. Мен ичкери мейманкада апамдын жаңы товар көйнөгүн машинага жүрүп жатканмын. Атам түштөн кийин өйүз тараптан чаап келип, эртеге окууга барчу кыздарды райисполкомдун орун басары өзү Фрунзеге алып жөнөйт экен, азыр мага жолдош Ташымов телефон чалды, болгула, даярдангыла, деп угузду.
Жашырып эмне кылайын, мен кубандым. Окуу жабылгандан бери коргондо тумчугуп отуруп, аябай ичим бышып, зериккен болчумун. Баса, мурдалары мынчалык зерикчү эмесмин. Аны-муну жасап, кыялданып отура берчүмүн. Фрунзенин кабары угулгандан бери башкача абалдамын.
Тетирисинче, эртеге кызымды жибере албайм, алар кете беришсин, кызымды өзүм артынан жеткирип барам деп апам жулкунду. Бирок апам жибербейм деп ыйлап-сыктап жатып, тиякка-биякка өзү жүгүрүп даярдана баштады. Сүткө камыр жууруп патир токоч жапты, эт кууруду. Кечкурун түбүнөн майын агызып палоо жасап, ал эле, ал беп кыстап жатып жедирди. Чоң чемоданга керектүү буюмдарымды өзү бүктөп салды. Поезде уурулар көп деп, миң сомду кемселимдин колтугуна бекемдеп тикти. "Шаар жерде бекем бол, теңтуш кыздарың пул сураса бере бербе, мусапыр шаар, өзүңдө жок болсо, эч ким бир тыйын берип кайрылышпайт" — деп кулагыма куйду. Бек болот десе, ачка саргайып жүрө берип ысык өтүп кетпесин. Бир курсактан пул аяба. Жан кызым, мен десең столовойдон тамак ичпе, чочконун гөшүн берип коет имиш. Лагман, шорпо сатчу чайхана бар дейт. Ошого барып жүргүлө,—деп дагы кулагыма куйду.
Койчу, десем тилимди албай боорсок бышыра баштады. Мен жардамдашайын десем:
- Эртеге жол жүрөсүң уктап ал, поюзда көз ирмебей кетиш керек,—деп төшөк салып, зордуктап жаткырып койду.
Бирок менин уйкум келбеди. Ата-энемдин үйүндө эркелеп өстүм. Он жетиге чыктым. Эртеге эси көңүлүмдөн чыккыс атамдын үйүн таштап, алыс сапарга баратам. Алды жагымда эмнелер күтүп турат? Маңдай жарылып кубандырган жакшылык ишпи, же жүрөктү жаралап мыкчып эзгенкайгыбы? Азырынча белгисиз, уйкум келбейт.
Апам дүпүлдөп үйгө кирди.
- Эртең кетип калат, сагына -деп кайгылуу, атамдын коңуругун уга койду да:
- Бейкапар уктап жатканын карасаң. Мусурманым ойлонуп койсочу,—деп атамдын үстүндөгү төшөгүн жула тартып:
- Кылгылыкты кылып коюп, чиренип уктайсыз да. Туруң.
Атам кенеп койбой, уйкусурап сүйлөйт:
- Адамды тынч уктатасыңбы, ой.
- Уктатпайм. Акыры түшүнөсүзбү, эртең Гүкүш кетип калат. Жүрөгүңүз таш адамсызбы?— апам чала-бучук ыйлап жиберди.
- Уктабай эмне кылайын? Же таң аткыча Гүкүш окууга кетет деп ырдап жүрөйүмбү? Ой, тооба,— деп атам нараазы болгондой ары жагына оодарылып жатты.
Өчөшкөндөй апам төшөктүн жанына отуруп алды.
- Дагы ой деп коет. Сиз элчилеп түзүк ата болсоңуз Гүкүш окууга барбайт эле.
Атам табасы кангандай сүйлөнөт:
- Муну кара. Кызымды окууга жибеием деп Ташымовдун "Виллисин" минип, көчө чаңытып жүрсөң мен эмне кылам?
Атам жоош болгону менен өтө митаам. Айыптын баарын апама оодара салды. Апам да айыптуу кишидей тили байланып калды. Заматта атамдын кулактын кужуруна тийген коңуругу башталды. Атамдай бейкам киши болду бекен?
Апам менин башыма келип отурду, чачыман сылады:
- Уктап атат, эртеге кетип каласың. Мен сагынам.
Апамдын бир томолок көз жашы бетиме тамганда, кучагымды жайып, мойнуна асыла түштүм.
- Апажан, ыйлабачы!
- Кетип калсаң ыйлайм да.
- Мен үзбөй кат жазып турам, күндө. Эч нерсе жашырбаүм.
- Өзүң тун балам элең, аябай сүйөнүп калыпмын. Кетериңди угуп эңшерилип атам.
Апажан! Мен сиздин азап чеккениңизди билбей жатат дейсизби. Баятан бери атамчылап уктап атат дейсизби. Баарын угуп, баарын тыңшап жатам.
Апам чечинбей жаныма жатып, мойнумдан бек кучактайт.
- Гүкүш, өзүңдүн да, биздин да бетибизге көө сүйкөбө.
- Апажан, такыр кам санабаңыз, айтканыңыздай болом— деп, ичимден убада берем.
- Гүкүш, бирөөлөр кыйшаңдап тийишсе, беттен алып уруша кет, өзүңө жакындатпа.
- Болуптур апа, ошентем, жаныма жолотпойм, ишенип коюңуз,—дейм, ичимде убада берем.
- Гүкүш, кечинде кино-синого делдектеп барба.
- Барбайм апа.
Таң аткыча апам экөөбүз кирпик ирмебей сырлашып жаттык. Апам акыл-насаат айтиы. Мен уктум.
Эртеси күн чыкпай Калча аяш энем биздин үйгө түйүнчөк көтөрүп келди. Бышырылган эт, боорсок жана үч жүз сом экен. Алмакан эже эл көзүнөн чочулап, сиңдисинен берип жибериптир. Аманбай бир аптадан кийин барат дептир.
Күн көтөрүлүп калганда үйүбүздүн жанына кыздар толгон машина токтоду. Шарапатканды, Туратбекти бек жыттап, көзгө жылуу атамдын үйүн таштап, машинага отурдум. Узатып келебиз деп, атам да, апам да кошо жөнөдү. Бизди баштап бара турган райисполкомдун орун басары орто бойлук, ичкиликче чалып сүйлөгөн, чырайлуу, кара тору Адалат деген келин экен. Апам бир паста сураша кетип, анын ичкиликтик тейит уруусунан экенин билгенде, ага жармашып: "Көзүң жылуу учурады эле, көрсө сиңдим турбайсыңбы. Мен ичкилик кызы болом. Катташып жүрөлү. Мынабу сиңдиң окуйм деп жулунуп баратат. Айланайын, жакшылап көз сал"—деп жол ката эскертип барды.
Кара-Суу станциясында поезди бир жарым саатча күтүп калдык. Апам кайраттуу жан эле, мындай эңшерилип ыйлаганын көргөн эмесмин. Мени карайт да, токтоло албай жаш баладай ыйлайт.
- Менин раматылык кайын энем жалгыз уулун согушка жөнөтүп жатып ыйлабай койду. Баламдан истала кылып, көзүмдү түкүрүктөп алдым,—деп айтып калчу. Сиз кызыңызды мынабу бир карыш жерге окууга жиберип жатпайсызбы. Кааласаңың бир саатта самолетто барасыз,— деп Адалат эже алаксытса да, апамдын көз жашы тыйылбады.
- Жалгыз уулу согушка баратканда ыйлабаса, ол кемпир өзү өлгөндө ыйлайбы?— дейт апам, ансайын жашып менден көзүн албай.
- Жөнү жок ыйлабачы— деп атам корс этти.
- Ыйлайм, ишиңиз канча,— деп атама атырылат.
Аңгыча, паровоздун кулакты тундурган добушу угулду. Биз түшчү Фрунзе-Жалал- Абад поезди жетип келди. Түбөлүкктюө ажырашчудай апам экөөбүз кучакташып, кучакташып ажыраштык. Атам маңдайымдан өөп койду. Опурап-топурап поездке түштүк. Терезеден карасам атам көкүрөгүн жакжайтып апама бирдемелерди айтып жатат. Апам тыңшап койбой ыйлап жатат. Мени терезеден көрө коюп кол булгайт. Өзүмдү бекем кармап турган мен да ыйлап жибердим. Аңгыча айкырып поезд жөнөдү. Терезеге бек жабышып кол булгалайм. Карасам апам да жүткүнүп жүгүрүп, башындагы жоолугу түшүп калды, ага да караган жок, поездге жктпей алайып кала берди. Аттиңай, зуулдап жүрүп бараткан поезд токтобойт турбайбы? Эмесе, мен секирип түшүп апамдын мойнуна асылаар элем.
Билем, апам үйгө жеткиче атамдын кулак-мээсин койбой урушуп барды. Билем, апам үйгө барып, менин буюмдарымды көрүп жашыды. "Гүкүшүмдүн тиккен көйнөгү" деп кармалап да отурду. Билем, апам ошол күнү улам түшүнөн чочуп ойгонуп, бейкапар уктап аткан атамды түрткүлөп ойготуп, безилдеп сүйлөдү.
- Сага эмне болду? Айтчы, ким ыйлатты?— карай салсам, мурдунун үстү тердеп, үрпөйүп жанымда Сайракан туруптур.
- Апамды сагындым.
- Ой, баракеде десе! Азыртадан сагындым деп ыйлап жүрсөң, беш жыл кантип окуйсуң?
Жаныма отуруп:
- Көз жашыңды аарчы. Вйгүл көрсө табалайт. Кантебиз, сагынсак да окуйбуз да.
Туура айтасың дегендей, көз жашымды сүртүндүм. Экөөбүз тең улутунуп, кылгырып батып бараткан күндү карап калдык. Бирок, анын сулуулугуна ссуктанбадык. Экөөбүздүн тең учкул ойлорубуз бизди өстүргөн ардактуу апаларыбызга карай сабалап учуп бараткансыды...

#105 29 November 2014 - 03:57
18.
Күнүгө сегиз сааттан окуйбуз. Баш көтөрбөй мугалимдин лекциясын жазып жатабыз, качан буларды кайталап чыгабыз, башым маң. Орто мектептеида сабак оор деп наалып жүргөнүбүзгө күлкүм келет. Кайран орто мектеп.
Анан, таң каларлык агайлар бар экен.
Фольклордон лекция окуган агай биринчи күнү: "Эскеретем, силерди университеттин студенти дейт. Жыл сайын илимий эмгек жазасыңар. Азыртан өзүңөрчө илимий ойлоого көнгүлө. Менин оозумдан чыккандын баарын көчүрүп жазып, жатка билишиңер да жакшы натыйжа алып келбейт. Анткени, менин жаңылышым ыктымал. Илгерттен бери устат жаңылбаган болсо, илим өнүкпөс эле"— деп, жалпыбызга жарыя эскертти. Эки сөздүн башын жакшылап кураштырбай жүрүп, кандидат агайдын кемчилигин биз кайдан билели. Анан ушул агай мукамына жеткирип лекция окуйт экен. Бир сөзүн калтырбай жазып жатабыз. Окумуштуу деп ушул агайды айтыш керек.
Бүгүн бир терсаяк баланы тарыхчы агай лекциядан кубалап чыкты. Менин табам кана түштү. Анткенмюи, танапис учурунда жаныма келип, кыйшаңдап, каяктан келгенимди сурайт, жаныңызга отурайынбы дейт. Уруша кеткемин. Ошол неме арт жакка отуруп алып, лекция жазбай, китеп окуп отурганын агай көрүп, бир эскертти, укпады, эки эскертти, кулак салбады, үчүнчүсүндө уялып койбой: "Агай, сиздин лекцияңыздын баары кулагыма куюлуп жатат, ишенсеңиз, айтып берейинби" , деди эле, агай аудиториядан кууп чыкты.
Куп табам канды да.
Курагы отуздан ашып калган, төбө чачы түшүп калган бир киши арданбай окуп жүрөт. Беш балам бар, эң чоңу сегизинчиде окуйт деп, мактанып коет. Карыганда окуп эмне кылат. Беш жыл лекция жазып, калгандан эрбейген чачтары да түшүп, үйүнө барат. Бала-чакасын багып үйүндө жатпайбы?
Ошентип баш көтөрбөй бир жума өттү. Эртең дем алыш. Ишемби күнү жатаканада квздар калбайт экен. Баары эле дасанып аоып редикулдарын булаңдатып, кино көрөбүз, шаарды кыдырып келебиз деп кетип жатышат. Элди көрүп, Айгүл да кошо дарбып: "Бекер отургандан көрө, шаарга чыгып жигит издеп келем, анан бирге жүрбөйсүңөрбү, бир басалы. Билип жүрөм, силердин жигитиңер бар эмеспи. Күтөсүңөр го, жакшы отургула" ,— деп бая эле өзү кеткен. Коркпойт. Убакыт зымырап өиүп баратат. Бирок экөө тең убадалагып алышкансып келишпейт. Каалга чертилбейт. Бүгүн жигиттерибизди бири-бири менен тааныштыралы деген болчубуз.
Өчөшкөндөй келишпейт.
Сайракан күйүп-бышып, балконго чыгып жол карайт. Көрүнүшпөйт. Тыбырчылап бөлмөнүн ичинде ары-бери басат.
- Биз жинди экенбиз. Азыртадан буга окшогон бюрократ жигиттерди тартипке чакырбасак болбойт. Гүкүш, качанга жол карап, күтүп турабыз. Жүрү, өзүбүз эле шаарды айланып келебиз.
- Койчу.
- Бара беребиз.
- Мен корком.
- Эмнеден коркосуң? Шаарда бөрү жок.
- Бирөөлөр ала качып кетсечи?
- Гүкүш, сенин жүрөгүңдү ким чыгарган? Көчөдө бара жаткан кыздарды ким ала качмак эле?
Кулагыбызды түрүп тыңшап калдык. Кортдордо кимдир бирөө топулдатып басып келатат.
-Бул эркектин басканы. Келатат.
Экөөөбүз эч нерсе билмексен болуп, колубузга тийген китепти окуп отуруп калдык. Топулдагын дабыш биздин каалганые тушуна келди. Же Аманбай, же Авазбек. Азыр каалга чертилет. Биз унчукпай коелу. Бирок эч ким биздин каалганы чертпеди. Баягы топулдак коридордун аягына кетип жок болду. Биз өзүбүзчө осолдоп, китептерибиз колдон түшүп, мостоюп отуруп калдык.

#106 30 November 2014 - 04:13
Күтүп, күтүп анан намызданып кийине баштадык. Мен Аманбайлар берген помбаркут көйнөгүмдү кийип жатсам, Сайракан жактырбай:— Гүкүш, капа болбо. Өзүңдүн белиң бир тутам, сулуу кызсың, анан айылдык модада бели кең көйнөк киесиңби? Сымбатыңды бузуп жатат.
Мен ардана түштүм. Өзүнүн кымбат баа көйнөгү жок, дагы мага сынтагат. Мен анын жеңи жок, шапалактай көйнөгүн жалынса да кийбейт элем.
- Ушул көйнөгүмдү эле кием — деп болбой койдум. Сайракандын тилинен чыкпагыдай мен анын сиңдиси белем? Ал башын чайкап кытмыр карап койду да:
- Зордобойм — деди.
Биз жасанып көчөгө чыктык. Сайракан колтуктап алды.
- Койчу, жөн эле басалы да.
- Жапайыдай секирбечи. Бул жерди шаар дейт.
- Кытыгым бар.
— Эч нерсе болбойт. Көнүп кетесиң. Тиги чал-кемпирди карасаң.
Аппак сакалы көкүрөгүнө түшкөн, таяк таянган чал кемпирин колтуктап баратат.
— Булар үйүндө эле отурбайбы—дедим жактырбай.
— Бийлеп келишет.
— Кайсы абалына булар бийлешсин.
Автобус күтүп туруп калдык. Асманда каалгып турган айды көрүп кубанып кеттим.
— Айды карасаң— дедим колумду сунуп.
Айдын он төртү экен. Шаардыктар бизчилеп ай карашпайт окшойт. Айлуу түндүн сулуулугун билишпейт окшойт.
Автобуска отурдук. Бет маңдайыбызда тике турган мурутчан жигит бизден көзүн айырбаф койду. Бир аялдама өттү, эки аялдама өттү, дагы эле жалдырап карайт. Сайракан, деп акырын кулагына шыбырадым. "Сени сүйүп калган неме го" деп жинине тийдим.
Автобустан түшүп "Ала-Тоого" бардык. Эл ушунчалык көп, чалынып жыгылгыдайсың. Ушундай жерлерде үч-төрт катар тизилип, колтукташып алышат. Кызык нерселер бар экен. Эки кыз этеги бир карыш көйнөк кийиптир, тушап койгон аттай, араң аяк шилтешет. Шаарда кабанак иттер жок окшойт. Булар адашып айылга барып калса, иттер кубалап, эч жакка кача албай, абийири кетишмек.
Эл көп экен. Киного кире албадык. Бирден мороженое жеп, фантандын жанына келип отурдук. Жаштардын тунук күлкүлөрү угулат. Кичине эле тийип кетсе, ийилип кечирим сурашат.
Панфилов паркына жөнөдүк. Кең көчөгө лыкылдап эл батпайт. Башым айланат. Ушулардын баарына нанды кантип үлгүрүп бышырат? Паркка кирсек, бир жерде эл бийлеп жатыптыр.
— Бийлеген кандай жакшы— дем Сайракандын көзү өтүп баратат.
— Бий билесиңби?— кокус сурап алдым да, ичимден бушайман жеп калдым. Сурашымдын өзү күлкү келтирерлик. Ал Пржевальск шаарында өсүптүр. Орус классында окуптур. Көлдө так ак чабактай сүзөм дейт.
— Билбегендечи? Жетинчиде үйрөнгөм. Сен билбейсиңби?
— Билбейм.
— Мектебиңерде бий кружогу жок беле?
—Бар болчу, катышкан эмесмин,— деп калп айтиым.
Кайра келатканда жөө кайттык. Шаарды кыдырып көңүлү ээликтиби, Сайракан жолду ката Ысык-Көлдү мактады.
—Гүкүш, сөзсүз көлгө алып барам. Ошондо калп айтпаганыма ишенесиң. Жээгиндн карап эле тургуң келет. Айрыкча, азыркыдай айлуу түндө эки-үчтөн болуп кайыкка отуруп алып, эс алсаң ага не жетсин. Ысык-Көлдүн эки түрдүу кыялы бар. Бирде күрпүлдөп, ак көбүгү асмаега чачырап турат. Кебетеси кардуу. Бирде тып-тынч. Көшүлүп, чайпалым турат. Анча-мынча жалкоо толкун жээкке чалп этип тийип, артка чегинип турат.
Сүйлөшүп отуруп университетке келип калыппыз. Жатакананын алдында, скамейкада үңкүйүп, Аманбай өзү жалгыз отуруптур бутун учкаштырып.
— Саламатсызбы, —дедим озунуп.
Ал ордунан козголбоду. Жанымда турган Сайраканды бир кыйгач карап коюп:
— Кайда жүрөсүң жети түндө?— деди кекеткен үнү менен. Сөз табалбай экөөн алма-телме карап калдым.
— Сиз ким болосуз?— деди Сайракан тартынбай.
— Аманбаймын.
— Анда мен Сайраканмын. Аябай бүгүн жол караттыңыз го. Күтүп-күтүп айлабыз түгөнгөндө, башка жигиттер менен кетип калдык.
Аманбай ишенди белем, мага түнөрүп карады.
— Сайракан калп айтпачы, экөөбүз ле барбадыкпы, —дедим чый-пыйым чыгып.
— Гүкүш, жашырып эмне кылабыз. Чакырды, бардык. Мороженое алып берди, жедик. Узатып койду, келдик. Ушундай эмеспи? Аманбай ичи тардык кылса, кечикпей жүрсүн. Мен кеттим,—деп, кирип баратып көзүн кысып койду.
— Жалган. Тамашалайт— дедим жанына отуруп.
— Жашырба,— деди буркулдап, ары карап.
Ары-бери өтүп жаткан кыздар бизди карайт. Ак жерден балээге калбадымбы? Кайдан ушул эпилдеп-жепилдеген Сайракан менен бир баса койдум эле. Мени түртө салып, өзү шыпылдап кирип кеткенин көрсөң.
Ал ордунан турду. Быякка жүр деп баш ийкеди. Артынан ээрчий бастым. Экөөбүз унчукпайбыз. Түн жакшы. Столбадагы жалгыз лампочка шамалга ыргалат. Караңгыда бири-бирине ыкташып тургандардын шаңкылдаган күлкүлөрү угулат. Төмөн бастык, жогору бастык. Акыры жүрөк эзген жымжырттыкты Аманбай бузду.
— Айт жашырбай. Ким менен бардыңар?
— Ишенесиңби, эч ким менен.
Ал токтой калып, сүзгүдөй үшүлүп:
—Жанагы кыз айтпадыбы. Жаныңды жебе.
— Жаныма асылба,—дедим тайманбай.
—Асылам. Менсиз басууга ким сага уруксат берди. Ээнбаштыгыңды токтот.
Башыма ысык кан толуп кеткенсиди. Мен Аманбайдын никелүү аялы белем? Кайда бассам өз эрким. Бул мынча оңураңдайт.
—Кайда бассам өзүм билем.
— Билбейсиң.
— Билем.
— Көп тепеңдешпе. Аягы жаман болот,—деп сөөмөйүн кезеп сүйлөдү. Мен үн чыгарбай ыйладым. Ал табасы кангандай, колун шымынын чөнтөгүнө салып, ормоюп карап турду.
Апажан ушул абалымды билээр бекенсиң?

#107 02 December 2014 - 02:50
Аудитория тыптынч. Студенттердин калем саптарынын гана кагазга тийип шырпылдаган дабыштары угулат. Капкара чачына бирин-серин ак аралаша баштаган, иреңи купкуу, узун жаак бул академик агайдын лекциясы дайыма кызыктуу өтөт. Ал безенген чечен да эмес, коңур үнү менен салмактуу сүйлөйт. Билинер-билинбес дудаланып коет. Бул агайдын кыргыз тили боюнча түзгөн грамматикаларын окуп чоңойбодукпу.
Былтырлары эле кандай керемет киши болду экен деп суктанчубуз.
Ошондо анын өзүнөн тарбия алабыз деп ким ойлоптур.
Ал убакыт бүттү дегендей тырмышып жазып жаткан бизге карап:
— Сурооңор барбы?— деди.
— Бар агай.
Терезе тарапта отурган кызыл бет бала ордунан тура калып:
— Агай, сиздин оюңузча тил кызыктуубу же адабиятпы?
Анын суроосун жактырбай күлгөндөр да болду. Агай чарчаган көздөрүн кыбыңдатып:
— Балам, мындай суроо болбойт. Ар бир илим өзүнчө кызыктуу. Кеп, изилдеген илимиңе бүтүн дитиң менен берилишиңде болот. Илимди сүйбөсөң, ага көңүл кош мамиле кылсаң, ал сени оңой эле чанып кетет.
Жылмаңдап Айгүл ордунан турду:
— Гүлайым деген кыз экөөбүз бирге турабыз. Көп учурда анын "осол", "пайдубал" , "шиңгил" деген сөздөрүн түшүнбөйм. Бул кыргыздын сөздөрү эмес десем, талашып болбойт.
Түшүнүктүү дегендей агай колу менен белги берди.
— Ал кызым түштүктөн го.
— Ооба, агай— деп, Айгүл дагы ордунан тура калды.
Агай эмне дээр экен деп кооптонуп турам.
— Бул өтө кызыктуу маселе,—деди агай жайбаракат. — Түштүктүн диалектисин биз адабий тилде аз колдонуп жүрөбүз. Менимче, бул диалектинин артыкчылыгы бар. Кызым, сен "шиңгил" , "пайдубал" деген сөздөрдү түшүнбөдүм дейсиң. Билбешиң мүмкүн. Анткени, биз жакта мурун жүзүм эгилген эмес. Короо-жай да кийин курулган. Кызым, мындан ары чычалабай, ошол жолдошуңдун керектүү сөздөрүн үйрөнө бер.
— Агай, кыргыздын сөзү эмес да.
— Кантип кыргыздын сөзү эмес? Антип бөлүштүрүп отурганда "нан" да, "ата" да, "аял" да, "кагаз" да нак кыргыз сөзү эмес. Сөз асмандан түшпөйт. Турмушка, тиричиликке керектүү сөздү жерип отурбай, сиңирип гана алуу керек.
Агай дагы бир нече сөздү айтып Айгүлдү осол кылат эле, коңгуроо безилдеп калбадыбы. Агай чыгаары менен Сайракан кара күчкө эле:
— Гүкүштү академик агай мактады,—деп кыйкырды.
Абалың ушул экен го деп, Айгүлгө көтөрүлүп карадым.

#108 02 December 2014 - 03:37
19.
Тааныбаган жигиттер сөз айтып, шаштымды алды. Кечээ күн батаарда бөлмөдө жалгыз отурганмын. Сизди чакырып жатат дегенинен, Аманбай келген го деп төмөн түшсөм, ал көрүнбөйт. Чакырган кыз калп айткарбы деп турсам, өмүрү көрбөгөн бейтааныш жигит:
— Саламатсызбы? Сизди мен чакырдым эле. Убактыңызды алганым үчүн кечирип коюңуз,—деп кичипейилдүүлүк менен колун сунат.
— Сизди мен тааныбайм,— деп кетенчиктеп, колумду тартып алдым.
Ал оңтойсуз абалга түшүп, галстугун оңдомуш болду да:
— Ырас, сиз мени тааныбайсыз. А мен сизди тааныйм. Атыңыз Гүлайым, фамиляңыз Калмурзаева, өзүңүз биринчи курста окуйт эмессизби?
— Кайдан билесиз мунун баарын? Сизге ким айтты?—дедим, кабагымды салып. Ал эми сөзүбүз уланып кетти дегендей, күлүп койду.
— Гүкүш, билген үчүн айтып жатам да.
— Мен сизге Гүкүш эмесмин.
— Кызык,— деп сол колу менен чачтарын сылап,— Анан эмне дейин? Менден айып кетсе кечирип коюң Гүкүш,— дейт.
Чындап ачуум келе түштү.
— Айтыңызчы, эмне чакырдыңыз, —дедим.
— Бүгүн опера театрында "Чолпон" болот экен. Бүбүсара өзү бийлейт экен. Билет алып, сизди чакырып келдим эле.
— Барбайм,— деп терс бурулуп кетип калдым.
— Токтой туруңуз. Айта турган сөзүм бар,— деп кала берди.
Сайракан келгиче бөлмөдө камалып отурдум. Эшикке чыксам эле, жанагы чоочун жигит жолумду тосуп: "Гүкүш, жүрүңүз театрга барып келели"— деп кыстоочудай сезилет. Ар нерсе оюма келет, корко баштадым. Бул жигит менин аты-жөнүмдү кайдан билип жүрөт? Ага ким айтып жүрөт? Менин баскан изиме чөп салган кишилер бар турбайбы? Гүкүш, этият бол. Көп эле Сайраканга теңелип эшик-эликке өүнү чыга бербе... Анан, Сайраканга да ишенип болбойт. Сыртында жылмаңдап Нүкүш-Мүкүш деп, ичинен тымпыйып эмнелерди ойлоп жүргөнүн билип коюпмунбу?

#109 02 December 2014 - 03:53
Ошол күнү Сайраканды ээрчитип чыгып, коридордун башындагы диванга отуруп сүйлөштүк.
— Ой, Гүкүш, жигиттерге мамиле кылышты билбейт турбайсыңбы. Бирөө театрга чакырды деп капа болосуңбу? Кээ бир кыздарга эч ким сөз айтпай ичтери күйүп жүрүшпөйбү.
— Сайракан, жаман көрсөң мейли. Сенин ушул жеңил-желпи кыялыңды жактырбайм. Бирөө менее сүйлөшүп жүргөндөн соң, башканын не кереги бар,— деп каттуу айтып салдам. Бирок Сайракан кызаңдабады.
— Сен эч нерсери түшүнбөйт турбайсыңбы. Мен сөз айткан жигиттерге макул бол деп жаткан жерим жок. Аманбайың өзүңө кут болсун. Мен жигиттерге маданияттуу мамиле кыл деп жатам. Алар да адам. Мисалы, сен апкаарып сөз айта албайсың. Акыры бир күнүчымырканып ал кызды киного чакырдың эле, ал кыз сөзгө кклбе: "Мен сиз менен баргым келбейт" деп шагыңды сындырлы дейли. Элестетип көрчү, кандай акыбалда болоор элең. Ар түрдүү жигиттер болот. Бирөө кагынып кетип калат. Кыялы терс немеси ызаланып, тилдеп жиберип, эл алдында уят кылат. Же арданып, сага жетпесем жигит атымды башка коем деп, артыңдан түшүп, бир күнү ала качат.
— Ооба качат?
— Ооба, ала качат. Аяп отурмак беле Гүкүшжан. Анда кантесиң.

#110 04 December 2014 - 02:46
Эсим чыгып чындап коркуп калдым. Сайракан акылдуу, тунук көздөрү менен кадала карап:
— Кыз дегенге, айрыкча өзүңдөй сулуу кыздарга кимдердин гана көзү түшпөйт, кимде ашык болбойт. Алды тарапта далай жигиттер артыңан чуркайт. Алардын баары менен уруша берсең адамдын жаны калабы. Андан көрө аларды капа кылбай, ичтерине чок салыш керек. Сылык гана:
— Кечиресиз агай:
Көкүрөктө бир жүрөк,
Көпкө кантип үлгүрөт.
Көрүнгөнгө талпынса,
Калбыр болор үлбүрөп.
Бр акын ушинтип жазган экен,— деп, сөздүн башын кылтайтып койсоң, ичинен тымып кете берет. Сага да ыраазы. Ушинтүү керек.
Бул куулук-шумдуктарды Сайракан кимден үйрөндү экен? Менден бир гана жашка улуу. Сүйлөсө, акыл айтса чоң немедей. Бул ушул кыялы менен Авазбекке далайды көрсөтөт го.
Сайракан диванга чалкалап, башын колдоруна коюп, арман кылгандай сүйлөдү:
— Мага жигиттер сөз айтпайт да. Ой-бой, ар түрдүү жолго салып, азапка салаар элем.
— кантип?
— Мисалы, биринчи күнү: "Бүгүн сиз менен сөзсүз киного барат элем, өзүм да зеригип отурдум эле. Кокус ишим чыгып калбадыбы." — дейт болчумун. Анан эртеси келгенде: "Эртеден бери даярданып отурсам, карабайсызбы, бир жолдошум үйүнө чакырып келип калыптыр. Барбасаң экинчи бетиңди карабайм деп, бөлмөдө отурат"— деп. Үчүнчү күнү кабагымды салып: "Башым ооруп турат. Бүгүн лекцияга да барганым жок", демекчимин. Кыз жигитти ойнотом десе, шылтоо табыла берет. Акыры жадаганда, жигит да түңүлүп келбей коет.
— Түңүлбөй эле күндө келе берсечи?
— Анда карап көрүү керек. Шагын сындырбай, киносуна барып койсо, андан эч нерсе кыйрап кетпейт. Мүмкүн ал чындап сүйгөн чыгар.
Деги Сайраканга түшүнбөйм. Кийинки күндөрү шектенип, жанына жолобой жүрөм.
Теке маңдай тиктешип, анын ким экенин өз көзүң менен көрүп турсаң да бир жөн экен. Менин уйкумду качырып, жүрөктүн зарпын алган дагы бир балекет башталды.
Жума күнү лекциядан кийин кабиетте сабак окуп кеч келдим. Бөлмөдө Валя эле бар экен. Ал бир жакка даярданып жатыптыр.
— Сага бирөө телефон чалды,— дейт. Мен ишенбедим.
— Тамашалабачы?
— Комсомолдук сөзүм.
— Атын айттыбы?
— Жок.
— Эркектин үнүбү же аялдыкыбы?
— Эркектин үнү.
Мен тынчсызданып ойлоо баштадым. Мага ким телефон чалмак эле? Өкөн базарда атам менен сүйштүм. Мүмкүн, Аманбайдыр. Жатаканада кыйналып кеттим, квартира издеп жатам, ылайыктысуу табылбайт—деп, ал кечээ келип кеткен. Ким болду экен?
Караңгы киргенде буфетке барсам, швейцарка төмөн жактан: "45-бөлмөдөгү Гүлайым дегег кызды чакырып кой,—деп өзүмө кыйкырат.
— Менмин, дедим оюмда эч нерсе жок.
— Анда телефонго кел.
Валя калп айткан эмес окшойт деп, заматта эстей койдум. Кантип телефонго жеткенимди билбейм. Колдорум калтырап, трубканы жакшылап кармай албайм. Кимдир бирөөнүн телефондон оор дем алганы угулат. Мимди чыгарбай тыңшап турдум.
— Саламатсызбы, — деген жоон үн угам. Такыр бейтааныш үн. Калтырайм, унчукпайм.
— Саламатсызбы, угуп жатасызбы,— деди кайталап.
— Сиз кимсиз,—дедим чаңырып.
Артымдан кыздардын күлкүсү угулду.
— Сиз Гүлайымсызбы?
— Ооба.
Ал бир азга унчукпайт. Апкаарып калды бейм.

#111 05 December 2014 - 03:03
— Саламатсызбы карындаш?
— Айтыңызчы, сиз ким болосуз,— дедим.
— Карындаш, менби? Мен... Баарыбир билбейсиз. Мен сиз менен жолугушайын дедим эле.
Андан аркы сөзүн уккум келбеди. Айтпаса да түшүнүктүү болбодубу. Трубканы тарс ордуна коюп, бозлруп туруп калдым.
— Кызым, жигитиңи телефондон ыза кылба,—деп тетя Феня капа болгондой сүйлөдү.
Анын сөзүнө да көңүл бурбадым. Бул ким болду экен? Бирөө кармап калчудай бөлмөгө шашып жөнөдүм. Экинчи этажка чыкканымда тетя Феня дагы кыйкырды:
— Ай, кыз дагы чакырып жатат.
Энемдей аялдын тилин албай кетип калууга болбоду, мойнумдай байлагандай аргасыз барып "коркунучтуу" трубканы алдым. Жанагы дарылдаган үн. Азыр аапкарыбай чыйрак сүйлөдү.
— Гүкүш, убара кылгандыгым үчүн кечирим сурайм. Менин жаман оюм жок, жакшы тилегим бар. Капа болбоңуз. Кошуңуз,— депбат-бат сүйлөп трубканы койду.
Сабырым суз бөлмөмө кайтып келдим. Мүмүкүн Аманбай үнүн өзгөртүп, кантээр экен деп,сынап телефон чалып жаткандыр. Же баягында театрга чакырып келген кара кастюм жигит болду бекен?
Бул жолу да ичиме батыра албай Сайраканга айттым.
— Жигиттердин башын айланттың го. Сүрдүүлүгүң ай. Сулуусуң да,— деп суктанып карайт.
— Сулуу болбой жерге кирейин,— деп капаланып керебетиме жата кеттим. Ал жаныма отуруп чачымды сылады.
— Баса, ким болду экен? Билиш керек эле.
— Билгим келбейт.
— Менин билгим келет. Дагы телефонго чакырса мени айт, мен сүйлөшүп, чакырган жерине барайын, макулбу?
Мен макул болдум.
Бирок андан кийин эч ким телефон да чалбады, чакырган да жок. Мен окуу залында отурсам да, көчөдө жүрсөм да, базарга барсам да кимдир бирөө артымдан калбай карамалап ээрчип жүргөнсүйт. Баса, бул ким болду экен?

#112 05 December 2014 - 03:26
Коңур күз келип, дарактар газандай баштады. Билинер-билинбес жел жүрсө, сабактарында өлүмзаки ыргалган сары жалбырактар калгып учуп түшөт. Кышты унутпагыла дегендей эскертеби, асманда сансыз кара каргалар каркылдап, айланып учушат. Кээде шаардын үстүнөн кечикке турналар аптабы мээ кайнаткан түштүккө учуп өтүшөт. Эртели-кеч жалаң кийимчен жүрө албай калдык. Бул жакта кыш эрте түшөт бейм.
Бүгүн дем алыш. Керели кечке үйдө отурдум. Аманбай да келбеди. Күн батаарда жатаканабыздын алдына эки жигит келди да, бирөөсү скамейкага отура калып, озондотуп баян тарта баштады. Алгач кыздар терезеден баш багып, жүрөгү жараланган шордуулар, силер кимдин көңүлүн козгомок элеңер дегендей, текебердүү карашып, көңүл бурган эмес. Бирок тиги жигит башын бир мүрүсүнө кыйшайтып, баянын сыбызгытып, озондогонун койбоду. Күн да батты. Баяндын боздогон үнү басылбады. Бир карасам, беш-алты жаштар көңүлдүү бийлеп атышыптыр. Баяндын жүрөккө жагымдуу дабышы далай бийге ышкыбоз кыздар менен жигиттерди ээликтирди бейм, улам эл көбөйө берди.
—Бийлеш керек,—деп Айгүл да бир нерседен кур калгандайшашып жөнөдү. Эшик карс ачылып, энтелеп сайракан жүгүрүп кирди. Ал шашып-бушуп жакында магазинден кезекте туруп алган көк штапель жүн көйнөгүн кийине калып:
— Жүр бийлейбиз,— деп жеңимден тартты.
— Билбейм,— десем,— Кештеси бар дейсиңби,үйрөнөсүң, билбесең да, четинде карап тур,— деп сүйрөп чыкты.
Бийлегендердин арасында кимдер гана жок. Жогорку курстун сткденттери биз теңдүү жапжаш кыздар менен эзилип сүйлөшүп, бийлеп жүрүшөт. Тиги киши бир колу менен Айгүлдү кучактап алыптыр. Чимирилип айланышканда, биринин денеси бирине тийип жатат. "Мурутчан" тынбай бирдемелерди анын кулагына шыбырайт. Айгүл ыраазы болгондой, макул болгондой, ырсайып күлүп, башын ийкейт. Көздөрүн сүзөт. Карап тургандардан да тартынбайт.
Мынабу кара көз айнек тагынган кызды айтсаң. Үстүндөгү көйнөгү үлбүрөп ушунчалык жука, кара комбинациясы көрүнүп турат. Анысы аз келгенсип, эл көрсүн деп, аппак көкүрөгүн ачык коюптур. Көкүрөгүндө капкара калы бар экен. Ботом, бети чымырап койбойт. Бийлеп жүпгөн жигитин теңсинбегендей, башкаларга көз артат, тааныштарына жарк этип кол булгайт, баш ийкейт. Апам ушуларды өз көзү менен көрсө кантээр эле.

#113 06 December 2014 - 13:56
Сайракан кимдир бирөөгө ызырынгандай тынчсызданып,
улам айлананы элеңдеп карайт. Авазбек көрүнбөйт. Аркы жактан боз кастюмчан жигит чоң-чоң арымдап басып келип, сылык жүгүнүп:
— Карындаш, уруксат этиңиз,—деп Сайраканга кайрылды. Мен таң калгандай Сайраканды карап калдым. Ал мага билинер-билинбес жылмайды да, күнкөнүм, самаганым ушул эле дегендей, тиги жигиттиникучагына чап жармашты да, бийлегендерге аралаша кетти.
Ушул Сайракан соо эмес. Бул эмнеси? Бийлебей койсо көркүнөн же баркынан ажырайбы? Азыр Авазбек келип калса эмне деп жооп берет.
— Жүрүңүз карындаш, бийлейли,—деп кимдир бирөө менин колүмду кармаганда, денем дүркүрөп, негедир чочуп кеттим.
— Коюңуз,— деп ачууланып карасам Авазбек экен. Эмне дээримди билбей, кызарып-татарып жер карадым. Эси дартым: "Сайракандын шашмалыгы, бир пас сабыр кылып турса, келмек экен. Эми кантет?". Сайракан Авазбекти көрсө чуркап келет го деп ойлогом. Ал бизге күлүмсүрөп кол булгап, алиги жигит менен кенеп койбой бийлеп жүрөт. Авазбек да ачууланбады.
— Жүр бийлейбиз,— деп мени чакырды эле:
— Билбейм,— дедим сырымды жашырбай.
— Үйрөнүш керек. Биздин учурда бий билбеген адам көп нерседен кур калат.
Унчукпадым. Авазбек бий жөнүндө көп нерселерди айтты. Менин жер карап унчукпаган мамилемден тажадыбы, билбейм, турду, турду анан аркы четте үмүттөнүп карап турган эки кыздын бирөөсүн бийге чакырды. Ал кыз да каршылык көрсөтпөдү.
Бий токтоду. Алиги жигит Сайраканды жеңил колтуктап, мен турган жерге жеткирип:
— Сиз менен бийлегениме ыраазымын,—деп ыракмат айтып ары басты. Сайракан да көңүлү ачылгандай жайдары тиктейт.
— Жепжеңил алып жүрөт экен, жыргап бийледим.
— Авазбекти көрдүңбү?
— Көрдүм.
Авазбек келди.
— Сиз менен ушул жолу бийлөөгө болоор бекен,— деп Сайраканга кайрылды. Ал өзгөчө кейигендей:
— Өзүңүздүн жүрүш-турушуңузга карайбыз.
Дагы бий башталды. Алар үнсүз-сөзсүз эле бийлеп жөнөштү.
Ары четтеги кара чач, орто бойлуу жигит менден көзүн албай карап туруптур. Бир секундага көздөрүбүз чагыла түштү. Ошол замат башка жакты карадым. Бул ким болду экен? Эмне мынча менде акысы барсынып жалдырап карайт. Ал жакты карабайм. Бирок көзүмдүн бир кыйыгы ошондо. Ал жалгыз турат. Эч ким менен да сүйлөшпөйт. Мен бул жигитти кайдан көрдүм эле... Өңү тааныштай. Такыр эстей албай койдум. Бир карасам ал менин жаныма келип калыптыр. Ал колумдан бекем кармап калчудай, шарт бурулуп, бөлмөмдү карай жүгүрүп жөнөдүм. Артыма кайрылып караган да жокмун. Кимдир бирөө кастюрулда аш алып баратса керек, кокус колунан түшүрүп жибере жаздадым. Бөлмөмө кирдим да, ичинен бекитип, терезеге отурдум. Бул жигитти кайдан көрдүм эле?

#114 06 December 2014 - 14:12
Тигилердин арасынан кыдырыта издей карап таппай койдум. Сайракан менен Авазбек көңүлдөрү шат бийлеп жүрүшөт. Алардан көзүмдү албайм. Сайракан бийлеп жатып да, эбиреп-жебиреп бирдемемелерди айтып жатат. Авазбек ынтаасын коюп тыңшап, кээде гана жооп берип коет. Кээде алар жаштыктын жалынына бирилишкендей,
чимирилип айланышат, буттары жерге тийбегенсийт,
заматта көңүлдөрү тынчыгандай,
каалаган ойлорүна жетишкендей,
жай айланышат. Бир орундарынан жылышпай, бири-бирин азыр гана көргөндөй жалооруп карашат. Ашык жарлар ушундай болушса, көкүрөктө эмне арман калсын. Бүгүн дем алыш күнү. Баян озондоп жүрөктүн муңун козгойт. Көңүлдөрү чак, жарашыктуу кийинишкен жаштар көңүлдүү бийлешет. А мен чачымды сылап, терезеде жалгыз отурам.
Аманбай бүгүн да келбеди. Бий айыптуубу, Сайракан айыптуубу, же өзүмбү, ажырата билбей жүрөм.
Биздин комсорг бий кружогу бар экен, билбегендер жазылгыла дегенде, башкалар жабалактап катталып жатышты. А мен арсар абалда калдым. Эмне кылсам? Жазылсамбы? Жер тепкилеп бийлеп жүргөнүм апамдарга угулбай калмак беле?— деп турганымда, Сайракан озунуп мени жаздырып койду. Бий үйрөнгүм келбейт деп айта албай, аргасыз макул болдум.
Ошондон бери бий кружогуна үзбөй барып жүрөм. Өзүм да кызыгып кеттим. Мен өңдүү бий билбегендкр көп экен. Бешинчи курста окуган эжелер да келип жүрүшөт. Ушул убакка чейин үйрөнбөй алар эмне кылып жүрүштү экен.
Бир жаман жери, кружоктун жетекчиси кызыктуу болот, тез үйрөнөсүңөр деп, ар бир жигитке бирден кызды кошуп койду. Менин энчиме баягы бий күнү көзүмө тааныш учураган кара чачтуу жигит туш келди. Ошол түнү жакгылап байкабай калыпмын. Адамга тигилип караган чоң көздөрүнөн мээримдүүлүк төгүлүп тургансыйт. Бир гана айыбы оң кашынын үстүндө оймоктой жалтырак тагы бар экен. Күйүктүн орду го.

#115 07 December 2014 - 03:00
Биз экөөбүз тең унчугушпай,
бий үйрөткөн кишинин гана оозун карайбыз. Бирок, бул өңү тааныш жигит бир нерсени шылтоолоп, сөз баштагысы бар. Бирок тартынгандай,
апкаарыгандай унчукпайт. Кокус оң бутумду басып алып аябай сүрдөп кетти.
— Кечирип коюңуз. Байкабай калдым.
— Эч нерсе эмес.
Үнү коңур экен. Андан кийин көпкө унчугушпадык. Кээ бир кыздар "энчисине" тийген жигиттер менен заматта таанышып, аты-жөнүн билип, "сенге" өтө баштаптыр.
Кружоктун аягында ал кошо чыкты. Асман ала бүркөк тартып туруптур. Ай булутка жашынат, бир жарк этип чыга калат. Биздин жатакананын жанына келгкнде ал колун сунуп:
— Жакшы жатыңыз,— деди.
— Өзүңүз да.
Ал дагы бир нерсе айтчудай кыңылып ордунан жылбады. Мен да жал-жал карап унчукпадым.
— Атыңыз ким?— Кулакка жагымдуу коңур үнү апкаарыгандай чыкты. Ушул минутада менин ичимде эки сезим күрөшүп жатты. Биринчиси: апаңдын кулагыңа куйганын унуттуңбу? Эсиңе кел да, азыр ушул жерден беттен ал. Менин атымдын сизге эмне кереги бар, айтпайм десең, экинчи сага жолобой, көңүлүң тынч жүрөсүң. Ал эми экинчи сезим: Гүкүш, качанга чейин атыңды сураган киши менен уруша кетип жүрөсүң. Бул жерди шаар дейт. Университет дейт. Бул жигит атыңды жөн эое сурап жатат. Айта бер.
Жаныбыздан кимдир бирөөлөр шаңкылдап күлүп, колтукташып өтүштү, вакзал тараптан паровоздун чарчаган, чаалыккан үнү угулду.
— Эмне унчукпайсыз?
Мен чоочугандай жалт карадым да, айта салдым.
— Гүлайым.
— Туратбек,— ал колумду бекем кысты. Мен бир нерсени эстегендей аны таң калып карап калыпмын. Ал сүрдөгөндөй жер карады.
— Агай, фамиляңыз Жаркымбаев эмеспи,— дедим жүрөгүп ыкчамдап согуп.
—Ооба, Жаркымбаев, — кайдан билесиз? ,—жеп шып сурады.
— Билем... Болуптур...— деп ал этегимден кармапикалчудай артыма карабай кетип калдым.

#116 08 December 2014 - 04:40
Былтыркы күзүндө газетадан "Тайманбас эрдик" деген кызыктуу макаланы бетибизден түшө калып окуганбыз. Туратбек Жаркымбаев деген жигит түнү караңгы көчөдө келатып, кайсы бир үйдөн буруксуган түтүн, жалбырттаган жалын чыгып, ыйлаган жаш балдардын аянычтуу дабышын угат да, тайсалдап карап турбай, терезени тээп сындырып, өрттөнүп жаткан үйгө жулунуп кирет. Көз ачырбаган уюгуган түтүн, соймоңдогон жалындын арасынан жер кучактап ыйлап жаткан балдарды сыйпалап таап, кичүүсүн көтөрүп чыгып, экинчисине кайра киргенде колуна от жабышат, колдору күйөт, бирок соймолоп отуруп, оозунан кан агып, эси ооп калган берки баланы да жалындын арасынан жулуп чыгат. Жаркымбаев филфактын экинчи курсунда жакшы окуган студент, жолдошторунун арасында абдан барктуу,— деп макаланын аягына жазылганы эсимде. Ошол макаланын орто ченинде өзү сактаган эки баланын ортосунда түшкөн сүрөтү да басылган болчу. Биз эки-үч сыйра окуп, сүрөткө таңданып караганбыз.
Айзада ушул жигитке ашык болуп калдым, кат жазам деп тамашалаганы эсимде. Мен үйгө ошол газетаны ала келсем, апам терезедег шамал өтпөсүн деп, желимдеп жабыштырып коюптур. Туратбектин терезеге жабыштырылган газетадагы сүрөтүн ары-бери өткөндө улам көрө берип, аты-жөнү жүрөккө сакталып калган экен.
Кайда барсам да ошого жолуга турган болдум. Кечээ университеттин чоң окуу залына кирсем, Туратбек агай төр тарапта баш көтөрбөй жазып жатыптыр. Негедир жүрөгүм туйлап, бетим ымыр-чымыр ысып, кайра чыккыча шаштым. Ал артымдан кубалап келаткандай тепкичтен шашылып түшүп келатам.
Универмагдан жүн жемпир сатып алып чыксам, ал газета-журнал саткан киоскиде туруптур. Ал карап калды. Бирок мен көрмөмүшкө салып, жанынан шыпылдап өтө берерде унчукту:
— Саламатсызбы? — жалт карадым да, башымды ийкеп бир нерсе демиш болдум.
— Шашып бараткансыз го,— ал жанаша басты.
Беш, он кадам унчукпай бастык. Светофор жолубузду жаап, токтоп калдык. Кычагандай машиналар кумурскадай өтүп жатат.
— Биздин борборубуз да Москвага айланып бараткан го,— деди ал өтүп жаткан машиналардан тажагандай.
Бул жолу да унчукпадым.
Кайда барсам да ошого жолуга турган болдум. Кечээ университеттин чоң окуу залына кирсем, Туратбек агай төр тарапта баш көтөрбөй жазып жатыптыр. Негедир жүрөгүм туйлап, бетим ымыр-чымыр ысып, кайра чыккыча шаштым. Ал артымдан кубалап келаткандай тепкичтен шашылып түшүп келатам.
Универмагдан жүн жемпир сатып алып чыксам, ал газета-журнал саткан киоскиде туруптур. Ал карап калды. Бирок мен көрмөмүшкө салып, жанынан шыпылдап өтө берерде унчукту:
— Саламатсызбы? — жалт карадым да, башымды ийкеп бир нерсе демиш болдум.
— Шашып бараткансыз го,— ал жанаша басты.
Беш, он кадам унчукпай бастык. Светофор жолубузду жаап, токтоп калдык. Кычагандай машиналар кумурскадай өтүп жатат.
— Биздин борборубуз да Москвага айланып бараткан го,— деди ал өтүп жаткан машиналардан тажагандай.
Бул жолу да унчукпадым.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#117 09 December 2014 - 03:16
Жол боюндагы дарактардын жалбырактары дабырап биздин үстүбүзгө түштү. Ал экөө-үчөөн абадан кармап алып, кейигендей сүйлөдү:
— Ушинтип күз да келип калды. Жакында кар да түшөт.— Бир аз унчукпай басып,— Биз жакта азыр күн жылуу,— деп койду.
Бул жолу унчукпай кое албадым.
— "Биз жагыңыз" каяк?
— Түштүк.
Дагы сөзүбүз үзүлүп калды. Кайсы райондон болосуз деп сурагым келип, бирок тартындым.
Жатаканабыздын жанына келгенде:
— Бүгүн кечинде университетте кызыктуу кино болот экен, бараласызбы? — деди капкара көздөрү менен тигиле карап.
— Баралбайм.
Ал осолдогондой оң кулагын кармалап туруп жолуна түштү. "Карындаш, сиз менин аты-жөнүмдү кайдан билесиз" деп сурайт бекен десем ал жөнүндө ооз ачпады.
Аманбай келип калабы деп күтүп отуруп, түңүлгөнүмдө университеттеги киного жалгыз келдим. Чоң залга эл жык толуп калыптыр. Эч жерде орун жок. Кетсем бекен деп, ыргылжың дубалга сөйөнүп турсам, кимдир бирөө колумдан тартат. Туратбек! Калпым ачылып, манаттай кызара түштүм бейм. Ага тике карай албай койдум.
— Жүрүңүз, орун бар,— деп шаштырды.
— Ыракмат, мен ушундай эле турам.
— Сизди келет деп, баятан бери орун ээлеп, акыйып отурам.
— Келбейм дебедим беле.
— Келбедиңизби. Кино башталып калды,— деп кулагыма акырын шыбырады. Башымды төмөн салып, элди аралап баратам. Такыр жетпейбиз. Бир күн жол жүргөндөй сезилди. Элдин баары мени жамырап карап тургансыйт. Кулагым чуулдайт, кызарган бетим оорлошуп, салаңдайт. Эмне үчүн келдим экен?
Орто ченде эки орун сакталып туруптур. Башымды көтөрбөй отурдум. Айланамдагы кужулдагандардын баары мени айыптап жатышкансыйт. "Бул кыздын сүйлөшкөн жигити башка, карасаңар, анын көзүн боемолоп, эми муну ээрчитип алган турбайбы? Дагы уялып жер карап коет," деп мени көрсөтүп, бири-бири менен шыбырвшып жаткансыйт. Жарык өчүп кино башталганда кичине жеңилдеп калгансыдым.
Менин чоочун, тааныбаган адам менен биринчи жолу жанаша отурушум. Туратбек мени бир жолу чочутуп албайын дегендей, өз боюн оолак кармап, унчукпай отурат. Анын эки көзү кинодо болсо да, эси-дарты, ой-санаасы менде.
Эмне деген картина экенин түшүнбөдүм. Тыңшагым да келбеди. Ичим уйгу-туйгу. Ушунча элдин арасында отуруп, негедир корком. Бүткүл муундарым калтырайт. Сайракандын азабы өттү го. Ал зордуктап кружокко жаздырбаса Туратбекти билмек да эмесмин. Сайракан, сениби, карап тур.
Залда отургандар баары бир ооздон жарырт күлүп жиберишти. Карай салсам, шляпа кийген семиз жигит жаагын сыйпалап, ачууланган кыздан кечирим сурап жатыптыр. Ушунун неси күлкүлүү?
Картина бүттү. Эл опурап-топурап чыгууга жол тийбейт.
— Сизге картина жакпады окңойт,— деди ал сынагандай көз караш менен карап. Мен ошол заматта жооп бербедим.
— Анткени аягына чейин башыңызды төмөн салып отурдуңуз. Начар картина экен. Мага да жакпады.
— Эмне үчүн? Кызык эле экен, - деп койдум сыр алдырбаска.
— Мага эптеп эле көрүүчүлөрдү күлдүрүш үчүн жазылган картиналар жакпайт.
Мен эмне дээримди билбей унчукпадым.
Эшикке чыктык. Күн бүркөлүп, калдайган кара кочкул булуттар шаардын шаардын бийик имараттарынын үстүндө уюлгуп жүргөнсүйт.
— Сиз Сайракан менен бир бөлмөдө турасызбы?
— Ооба, аны кайдан билесиз?
Кыска гана түшүндүрдү.
— Авазбек экөөбүз бир группада окуйбуз. Анын үстүнө жолдошчулук жагыбыз бар.
Жатаканага жакындап калдык. Капилеттен Аманбай келип калбагыдай эле деп кооптонуп, айланама көз жиберем. Карааны көрүнбөйт. Келсе да, кетип калды. Туратбек тык токтой калды да, жалооруй тиктеп:
— Азыр кирип кетесизби,— деди.
Баш ийкедим.
— Ары-бери бассак кантет?
Убактым жок деп, айткым келип, анан негедир унчукпай калдым..
Биз бири-бирибизден эки кадамдай алыстыкта жай басып баратабыз. Ал сыртынан жоош көрүнгөнү менен сөзмөр экен. Ата-энемди сурады, айттым. Бир райондон канча кыз келгенибизди сурады, айттым.
— Мен эле жабырап сүйлөп жатам, сиз не унчукпайсыз?
— Менин сөзүм жок.
Оор үшкүрүп койду.
— Ооба, мен кызык сүйлөй албайм. Зериктирип жибердим го.
Убакыт кандай өткөнүн юилбей калыппыз. Заматта он бир жарым болуп калыптыр.
— Швейцарка киргизбей коет. Кетели,— дедим.
Биз кадимки тааныштардай жылуу коштоштук. Мен кылчайбай кирип кеттим. Тепкичтен жүгүрүп чыгып баратып, терезеден карасам, ал баягы ордунда телмирип тиктеп туруптур. Эмне үчүн турат? Кете бербейби?
Кыздар жарыкты өчүрүп жатып алышыптыр. Бутумдун учу менен басып чечине баштадым. Сайракан ойгоо экен.
— Аманбай келдиби,— деп шыбырап сурады.
— Ооба,— деп калп айтып жаткыча шаштым.

#118 10 December 2014 - 12:09
20.
Мен сабактын оордугунан баш көтөрбөй калдым. Лекциясы аз келленсип, эки предметтен катар семинар дегени башталды. Ар бирине күнүнө беш-алты сааттан олчое отуруп даярданбасаң такыр үлгүргүдөй эмессиң. Ой, дөбө китептерди окуп чыгып, аны конспектилеп, семинарда сүйлөп берет экенсиң. Бир гана мугалим эмес, студенттердин бардыгы жамыратып суроо бергеничи. Оңой эмес. Башым катат.
Азыр заңгыраган чоң залда отурам. Тырмышып эле окуп, бир нерселерди жазып жаткан студенттер. Жүздөн ашык киши отурат. Бирөөсүнүн кобурап койгону угулбайт. Бардыгы зымпыйып тирмейишет. Окуганым Лениндин "Эмне кылуу керек" эмгеги.
Баса, эмне кылуу керек деп кимдер ойлонбогон. Былыгы чыгып тактайы калчылдаган коомду жеришкен, караңгылыктын арасынан шоола издешкен Чернышевскийдин күжүрмөн каармандары да эмне кылуу керек деп баш катырышкан.
Акылман Ленин да биздин кылымдын башында эзилген эмгекчилердин тагдырын ойлоп, аларды эркиндикке чыгаруунун даңгыраган жолун дааналап, "Эмне кылуу керек" деген китеп жазыптыр.
А биз ошол кишинин жазып койгон эмгегин жакшылап өздөштүрө албай, сабак кыйын деп, арыз-муңубузду уялбай айтып калабыз.
Сыртта күзгү ак жаан майдалап жаап, калдайган кара кочкул булуттар шаарды чүмкөгөн.
Эмне кылуу керек? Уйкуну безип окуу керек. Анан...
Ошону менен чектелиш керекпи? Чоң окуу залы тыптынч. Баары эле баш көтөрбөй окуп жатышат. Те бет маңдайымда Туратбек бир кучак китептерди алдына жайып коюп, жаагын таянып отурат. Биздин көздөр кезиге түштү. Бул жолу мен кызарып-татарып жер карап калбадым. Кадимки тааныштардай баш ийкештик. Күн өткөн сайын ушул жигит көңүлүмдөн көбүрөөк орун алып жатканын жашыргым келбейт. Түндө түшүмө кириптир.

#120 12 December 2014 - 03:50
Кайсы бир заңгыраган залда экөөбүз бийлеп жатабыз. Мен этеги жерге чубалган аппак көйнөк кийипмин. Сагынышкандай,
куса болгондой бири-бирибиздег көзүбүздү айырбайбыз.
Чимирилип кетсек бутубуз жерге же тиет, же тийбей асманда учуп жүргөндөйбүз.
Айланабызда бийлеп жүргөндөр: "Экөө бири-бирин издеп табышкандай пар экен"— деп суктанышкандай шыбырашат. Биз укмамыш болобуз.
Күтүлбөгөн жерден бийлеп жаткандар топурап качып беришип, биз гана калыппыз. Маңдайыбызда канжар кармаган Аманбай, анын артында сурданган Алишер...
Аманбай мага көздөрүн алаңдатып айбат кылат:
— Азыр алдыма түш, болбосо..
Мен корком, бүткүл денем калтырайт. Бирок ыйлай албайм.
Туратбек мени бекем колтугуна кысат да:
— Эй, бала! Жолуңа түш. Бул менин Гүкүшүм,— дейт.
Аманбай алдыга бир кадам басат да:
— Жок, менин Гүкүшүм,—дем кыйкырат да,анан мага,— Жакшылыкча астыма түш. Баарыбир мага катын болосуң.
— Мен сени жинимдей жаман көрөм,— деп Туратбекке ыктайм. Ал канжар менен талпынганда, Туратбек арабызга тура калат да, көкүрөгүн чеңгелдеп полго таянат. Мен чаңырып үстүнө жыгылам.
Ойгонсом түшүм, аябай сүйүнүп кеттим.
Мындай беймазаа ойлор башыма кайдан келип турат, андай эч качан болбойт. Түш да.
Көңүлүмдү топтоп, алдымдагы китепти окуй баштайм. Түшүнгөн жерлердин астын сызып коем. Бүгүн жакшылап даярданып, эртең ким сүйлөйт дегенде кол көтөрбөсөм. Ушул жаман Айгүлчө жокмунбу? Ботом, билбесе да жулунуп кол көтөрө берет. Агайлар да аны активдүү кыз деп мактап коюшат.
Сыягы жамгыр күчөп кирди бейм. Чапканы терезени тыкылдата баштады. Жаай берсин. Дагы үңүлүп окуйм.
Кечээ коридордо келатсам Туратбек жолумду тосуп туруптур. Кол алышып учурашты да:
— Бөлмөңүзгө барсам жок экенсиз. Бүгүн чоң театрда "Чолпон" юолот экен. Ошого... деп келе жатканда эле озунуп:
— Бара албайм. Убара болбоңуз,— деп шагын сындырып, артыма карабай кетип калдым. Жатарда балконго чыксам, ал жамгырга карабай, биздин жатакананын алдында, башын жерге салып өйдө-төмөн жалгыз басып жүрүптүр. Улам биздин юөлмөнүн терезесин карап коет. Мени байкадыбы же көрдүбү билбейм. Ал кетпей өйдө-төмөн баса берди. Үстүндөгү плащы эзилип суу болуп кетиптир. Үшүгөндө мен кирип жылуу жатып алдым. Эми кутулдум, салам айтпай чурмуюп калат го дегем. Тескерисинче, азыр да менден көзүн албай карап отурат.

Супер-Инфо
super.kg
видео