Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#3341 04 Декабрь 2014 - 15:09
Экинчисин сол жагыма "байласам" ,
Учунчусун кантип кармап алдымкен,
Мына агай мен ошого таң калам)).
Ушул сөзгө талдоо берип коерсуз,
Ойлонсом да, суроо болду жанбаган.
Көргөндөрдү кененирээк айтыңыз,
Учүнчүсүн кантип агай жандагам?))
#3342 04 Декабрь 2014 - 15:13
Далай жолу кыйнаштык
Эми эмне кылабыз -
Жооп табалбай чырдаштык
Эсеп: 1-0, азырынча ...
Аа, экөөсү өтө эле арык тура

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 15:42
#3343 04 Декабрь 2014 - 15:29
Жеңишке эмне бересиз,
Алдыга озуп агайдан,
Алсамбы белек ченемсиз)).
Эскерип өткөн чакты,
Сүрөттөөңүз жакты,
Окуп жообуңузду,
Көзүмдөн жаштар акты,
Таң калбаңыз Жека агай,
Кулкүдөн көз жаш акты...))
#3344 04 Декабрь 2014 - 15:36
Бет алдымда ресторан:
Ал жактан да карадым
Луи кайда, карагым?
Аа, мына, турат чайпалып:
"Балтиканы" колго алып
"Мальборону" оозго алып
Ваще, крутая болуп алып

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 15:40
#3345 04 Декабрь 2014 - 15:43
Кыдыргансыз го жерди далай,
Колдогуну эмес, айтыңызчы,
Кийинип алыптырмын кандай? ))
Жүрсөм үчөөнү жандай,
Балтиканы "шимирсем" балдай,
Өзүмө таң калып отурам,
Мальборону чексем чанбай..
Ыймансыз кылып койдуңузбу,
Жүргөнумдөй кунугө чардай,
Сүрөттөдүңүз мени,
Өтө эле дүнүйосү тардай..
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 04 Декабрь 2014 - 15:46
#3346 04 Декабрь 2014 - 15:51
Айтып берейин, өзүм ырдай:
Бутуӊузда - кара өтүк, кайрып түрмө
Тулкуӊузда – жылуу жакалуу кара күрмө
Көйнөгүӊүз – көкмөк экен
Көздөрүңүз - мөлт, мөлт экен
Чөнтөгүңүз - мол, мол экен
Көргөнүмдү – төккөн экем
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 15:54
#3347 04 Декабрь 2014 - 15:58
Айрылып калбай жака - жеңден,
"Чайпалып турдуң" десеңиз,
Ойлогом, кулайм го деп соккон желден,
Деги ичимдик жыттанбаса керек ээ,
Маңдайыңызда " кыйшайып" турган менден?..
#3348 04 Декабрь 2014 - 16:05
Тосуп алам – ошол жерден
“Кыйшайсаныз” – кыйшаябыз
Чогуу ичип - шампан, вино, брендиден
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 16:09
#3349 04 Декабрь 2014 - 16:08
Тарам болуп байкуш журок согулгонбу.
Бут берилип Луи кызга дили менен
Корунбосо издеп тери тогулгонбу.
Коркконго кош корунот деген сымал
Талашкандар жандооч болуп корунгонбу))
#3350 04 Декабрь 2014 - 16:10
Аны тешип өтсөм деген окмун,
Ошон үчүн таң калып отурам да,
Тиги балтиканы кантип"соктум" ?
#3351 04 Декабрь 2014 - 16:14
Арыбаңыз айылга Мега айым,
Жека агайдын сурөттөөсүн окусаңыз,
Кыйын болуп баратат менин жайым.
Сыра болуп көрүнүп ичкен чайым,
Жалгыз эмес жандоочтон учөө дайын,
"шарт" эткизе чачты го Жека агай,
Көчө жактан көргөнүн мына баарын..
#3352 04 Декабрь 2014 - 16:15
Арбалтып арманына азгырбаган.
Аттин ай агатайым дартыныз куч,
Алоолойт ар сабыныз жалбырттаган)
#3353 04 Декабрь 2014 - 16:16
mega777 (04 Декабрь 2014 - 16:08) жазган:
Тарам болуп байкуш журок согулгонбу.
Бут берилип Луи кызга дили менен
Корунбосо издеп тери тогулгонбу.
Коркконго кош корунот деген сымал
Талашкандар жандооч болуп корунгонбу))
Бөлүнсө эле жакшы болмок, түн уйкулар
Жүрөк байкуш, тарам болот, таӊ аткыча
Луи кызды издеп жүрсөм, бүт туйкулар -
Көздөрүмө кош көрүнөт, жан алгычтай
Талашкандар, адашкандар жана башкалар -
Жандооч болуп жүрө берсин, тажаткыча
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 16:19
#3354 04 Декабрь 2014 - 16:19
Бут кыдырып сулуунузду табыптырсыз.
Кызык ай чылым берип,сыра куюп
Кыз кишини терс корсотуп салыптырсыз.
#3355 04 Декабрь 2014 - 16:25
Lui (04 Декабрь 2014 - 16:10) жазган:
Аны тешип өтсөм деген окмун,
Ошон үчүн таң калып отурам да,
Тиги балтиканы кантип"соктум" ?
"Балтиканын" түрү болот - билип алыӊ
Бири күчтүү, бири алсыз, бири калыӊ
Сого берсе, боло берет – алсыздарын
Күчтүүлөрүн – иче берсин, алсыздарым!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 16:25
#3356 04 Декабрь 2014 - 16:30
Jeka (04 Декабрь 2014 - 16:25) жазган:
Бири күчтүү, бири алсыз, бири калыӊ
Сого берсе, боло берет – алсыздарын
Күчтүүлөрүн – иче берсин, алсыздарым!
Кандай болгон кундө да,
Ичимдик деген аты бар,
Бутылкага жолобос,
Акылдуу инсан-башы бар,
Арактын түшкөн артынан,
Карысы бар, жашы бар,
Байкатпаган ак суунун,
Жарга тарткыч ташы бар,
Тандоону кылар ар кими,
Ийинде өздүк башы бар..)
#3357 04 Декабрь 2014 - 16:31
Менменсинген адамдарды коркутат.
Мейличи деп кеталбайсын колду булгап,
Мээриминди тогосун да улам, улам.
Кимдер билбейм куйуп жанган махабатка,
Кантейн тилейм бакыт кушун кармагыла.
Мен да бир жан силер сымал куйуп жанган,
Качандыр бир убактарда уйкусуз калган....
Жүрөгүмсүң
#3358 04 Декабрь 2014 - 16:32
mega777 (04 Декабрь 2014 - 16:19) жазган:
Кызык ай чылым берип,сыра куюп
Кыз кишини терс корсотуп салыптырсыз.
Урматтуулар, кымбаттуулар, сымбаттуулар
Айтыш жакка кайдан кирип жатасыңар?
Кечке иштеп,бир аз чарчап калдынар го...
Тамашаны чындай көрүп жатасыңар

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Декабрь 2014 - 16:33
#3359 04 Декабрь 2014 - 16:32
Коруш учун ырбайт журок жарааты.
Ырга кошуп тогуп турат тынымсыз
Луи сулуу бир сен учун карачы.
Азабына азап кошуп кызгантпа
Тетир баспай агатайды аячы)
#3360 04 Декабрь 2014 - 16:36
Jeka (04 Декабрь 2014 - 16:32) жазган:
Айтыш жакка кайдан кирип жатасыңар?
Кечке иштеп,бир аз чарчап калдынар го...
Тамашаны чындай көрүп жатасыңар

Агатай уруксаатсыз кирдим чындап,
Айтышка буйрум кызып тургам тындап.
Арада тамашаны толук билем,
Анучун кеп кошконсуп койдум ырдап.
Ар бир сап уйкаштыкка тамшанганча,
Арасында кулуп окуйм ичтен жыргап
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 04 Декабрь 2014 - 16:40