Миллиондогон адамдарды кучагына батырып турган
Орусиянын Москва шаарында
түрдүү адамдар, түрдүү
тагдырлар арбын. Учурда Москва
шаарында мигрант болуп иштеп
жүргөнГулжан(аты озгортулду) дагы өзгөчө
тагдырдын ээси. Бул бир эмес эки
кызга эне болуп, бирок, эки
кызы тең тирүү туруп жанында
болбой, азыр аларды көрүүгө
зар болуп жашап келе жаткан
жаш эне ичиндеги арманын
томондогучо баяндайт
«Сүйгөнүмө жетпей башка
адамга жар болуп олтуруп
калдым»
– Мен өрүкзарлуу Баткен
жергесинде 1986-жылы жарык
дүйнөгө келгем. Менден кийин бир
иним бар болсо дагы үйдүн эркеси
мен элем. Ата-энем биздин
көзүбүздү карап багып чоңойтушту.
Бирок, тагдыр 12 жашымда иним
экөөбүздү апакебизден ажыратып
жетим кылып койду. Апам айыкпас
дарттан улам бизди таштап кете
берди. Атам баш болуп баарыбыз
ыйлап-сыктап кала бердик. Апамдан
ажыраганыбыздан кийин атам иним
экөөбүздү эч кимге бербей өзү
бакты. Бирок, эркек киши үчүн эки
баланы багуу, үйдүн, эшиктин ишин
бирдей кылуу кыйын экен. Атамдын
кыйналганын көп байкачумун.
Ошондой күндөрдүн биринде атам
туугандары менен кеңешип аял
алмакчы болду. Балабыз да, атам
аял алып келгенде Гүлмира апамды
“келин апа” деп кубанып тосуп
алдык. Гүлмира апабыз бизге катуу
айтып такыр өгөйлүк кылган жок.
Иним экөөбүздү өз баласындай
көрүп койнуна салып,
каалаганыбызды жедирип, ичирип
чоңойтту. Апам өзү такыр төрөбөй
турган аял экен. Ошондон улам
“балким буга апамдын өзү
төрөбөгөнү дагы себеп болгондур”
деп ойлоп калам. Кийин мектепти
бүтүрүп эл катары мен дагы жогорку
окуу жайына тапшырдым. Окуу
жайда эң жакшы окуп,
мугалимдердин мактоосуна татыган
студент болчумун. Мен да жигит
сүйдүм. Ал экөөбүз кыз-жигит болуп,
кызыктуу күндөрдө бактылуу жүрдүк.
Ошондой күндөрдүн биринде мени
коңшу айылга алып качып кетишти.
Ата-энем келип “таш түшкөн
жеринде оор, кыз биринчи келген
жеринде калышы керек” деп мени
ал жерге таштап кетип калышты.
Сүйгөнүмө жетпей башка адамга
жар болуп калганыма ичим
ачышканы менен турмушума баш
ийип олтуруп калдым. Ошол учурда
жыйырма эки гана жашта болчуму.
Москва коз жашка ишенбейт! Дагы бир кыргыз кызынын армандуу тагдыры
#1 06 December 2014 - 21:50
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2 06 December 2014 - 21:56
Жолдошумду дарылатуу максатында Москвага сапар алдым
Ал турмушка дагы бат эле көнүп
жашай баштадым. Ошол күндөрдө
жолдошум нервден ооруй турганын,
экинчи топтогу майып экенин
билдим. Бирок, анын баарын
“Кудайдын кылганы” деп кабыл
алып, намыстанганымдан ата-энеме
айтпай жашадым. Жашоо улана
берди. Кийин шаарга келип жашап,
бир кыздуу болдук. Бирок,
жолдошум экөөбүз тең
иштебегендиктен, ичкен-
жегенибизге, жолдошумдун дары-
дармегине акча жок болуп
кыйналган күндөр көп болуп калды.
Ошондо жолдошум менен жети гана
айга толгон кызымды айылга алып
барып кайненеме таштап, акча таап
келип жолдошумду дарылатайын
деген максатта Москвага сапар
алдым. Ал жактан мени кайын эжем
тосуп алып нан чыгаруучу жайга
нан бышыргыч кылып иштетип
койду. Ал жакта иштеген эки жыл
аралыгында кайындарыма
жолдошумдун дарысы үчүн деп акча
салып турчумун. Эки жылдан кийин
келип, мен салган акчаны
кайындарым жолдошумду
дарылабай эле өз
кызыкчылыктарына жумшап
койгонун угуп абдан капа болдум.
Жолдошум болсо мурдагыдай эле
ооруп жүрүптүр. Кызым эки жаштан
өтүп, тили чыгып, таттуу болуп
калыптыр. Өз ата-энемдикине
учурашууга барсам алар
жолдошумдун экинчи топтогу майып
экенин билип калышканын айтып
күтүүсүздөн “кыйналып жашап жүрө
бербей ажырашып ал” дешти. Бул
сөз мага өтө оор тийди. Мен
алардын сөзүнө көнбөй так секирип
туруп алдым. Барып үй-бүлөм менен
кайрадан жакшынакай эле жашап
жүрдүм. Бир күнү атам
чакырганынан кызымды жетелеп
алып баргам. Бирок, атам ошол
бойдон бизди кайра жибербей
койду. Кайындарым артымдан бир
нече жолу келди, мен кызым үчүн
майып да болсо жолдошум менен
жашагым келди. Бирок, атам менин
бул ойлорума такыр макул болбой,
жибербей койду. Кайындарым
акыркы жолу келишкенде
“Айгеримди берип тур,
сагынычыбызды таркатып кайра
алып келебиз” деп суранышып
кызымды алып кетишкен. Көрсө,
алар менден кызы үчүн келет деп
үмүт кылышкан экен. Бирок, мени
атам жибербей, алар кызымды
бербей экөөбүз эки жакта калдык.
Ал турмушка дагы бат эле көнүп
жашай баштадым. Ошол күндөрдө
жолдошум нервден ооруй турганын,
экинчи топтогу майып экенин
билдим. Бирок, анын баарын
“Кудайдын кылганы” деп кабыл
алып, намыстанганымдан ата-энеме
айтпай жашадым. Жашоо улана
берди. Кийин шаарга келип жашап,
бир кыздуу болдук. Бирок,
жолдошум экөөбүз тең
иштебегендиктен, ичкен-
жегенибизге, жолдошумдун дары-
дармегине акча жок болуп
кыйналган күндөр көп болуп калды.
Ошондо жолдошум менен жети гана
айга толгон кызымды айылга алып
барып кайненеме таштап, акча таап
келип жолдошумду дарылатайын
деген максатта Москвага сапар
алдым. Ал жактан мени кайын эжем
тосуп алып нан чыгаруучу жайга
нан бышыргыч кылып иштетип
койду. Ал жакта иштеген эки жыл
аралыгында кайындарыма
жолдошумдун дарысы үчүн деп акча
салып турчумун. Эки жылдан кийин
келип, мен салган акчаны
кайындарым жолдошумду
дарылабай эле өз
кызыкчылыктарына жумшап
койгонун угуп абдан капа болдум.
Жолдошум болсо мурдагыдай эле
ооруп жүрүптүр. Кызым эки жаштан
өтүп, тили чыгып, таттуу болуп
калыптыр. Өз ата-энемдикине
учурашууга барсам алар
жолдошумдун экинчи топтогу майып
экенин билип калышканын айтып
күтүүсүздөн “кыйналып жашап жүрө
бербей ажырашып ал” дешти. Бул
сөз мага өтө оор тийди. Мен
алардын сөзүнө көнбөй так секирип
туруп алдым. Барып үй-бүлөм менен
кайрадан жакшынакай эле жашап
жүрдүм. Бир күнү атам
чакырганынан кызымды жетелеп
алып баргам. Бирок, атам ошол
бойдон бизди кайра жибербей
койду. Кайындарым артымдан бир
нече жолу келди, мен кызым үчүн
майып да болсо жолдошум менен
жашагым келди. Бирок, атам менин
бул ойлорума такыр макул болбой,
жибербей койду. Кайындарым
акыркы жолу келишкенде
“Айгеримди берип тур,
сагынычыбызды таркатып кайра
алып келебиз” деп суранышып
кызымды алып кетишкен. Көрсө,
алар менден кызы үчүн келет деп
үмүт кылышкан экен. Бирок, мени
атам жибербей, алар кызымды
бербей экөөбүз эки жакта калдык.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#3 06 December 2014 - 22:01
Кош бойлуу экенимди эч ким билчуу эмес.
– Жолдошум менен кызымдан
ажырап калганымдан кийин айылга
батпай кайрадан Москваны көздөй
келе бердим. Келип кафелердин
бирине ашпозчу болуп ишке кирип
алдым. Келгенимден кийин
жолдошум менен жашаган аз
убактымда дагы боюма бүтүп
калганын билдим. Алгач дагы эне
болот экем деп кубанганым менен
“төрөсөм кантип багам... Же
жолдошум менен чогуу
жашабасам... Ансыз деле биринчи
кызымды көрүүгө зар болуп жашап
жүргөндө дагы бир азапты башыма
үйөмбү?..” деген ойлор жанымды
жей баштады. Кош бойлуу экенимди
өзүмдөн башка эч ким билчү эмес.
Күндөн-күнгө жашоом кыйын болуп
баратты. Анткени, эртең мененки
саат он бирде жумушка барам дагы,
түнкү саат он бирге чейин тыным
албай иштейм. Ичим болсо күн
өткөн сайын чоңоюп баратты. Бир
жолу эс алуу күнү ичимдеги бала
тууралуу билип коёюн деп
Москвадагы кыргыз дарыгер эже
иштеген ооруканага бардым.
Дарыгер айым УЗИ аппараты
аркылуу текшерип көрүп түйүлдүккө
жети ай болгонун, кыз экенин, ден
соолугу жайында экенин айтты. Аны
угуп бир чети кубанып, бир чети
“туугандарыма кантип айтам, мүмкүн
алар мени туура эмес түшүнүп
калсачы?..” деп ойлоп абдан
ыйладым. Ошол күндөн баштап
менде чыныгы азап күндөр
башталды. Кечинде жумуштан келип
эле жалгыз олтуруп ар нерсени
ойлоп ыйлайм. Ары ойлонуп, бери
ойлонуп олтуруп ичимдеги
түйүлдүктү алдырууга жол издедим.
Баягы мени көргөн дарыгер эжеге
кайра барып ага өзүм тууралуу
баарын айтып берип, анан
ичимдеги түйүлдүктү алып салуусун
сурандым. Эже мени көпкө карап
олтуруп анан “балаңды алдырба,
анын жүрөгү баарын сезип-туюп
калган учур, убалына калба” деди.
Мен башымды жерге салып олтуруп
калсам: “Аида, сага бала керек эмес
болсо, балага зар болуп жүргөндөр
толтура. Мага бир кыргыз эле келин
дайыма келип жолдошу экөө
балалуу боло албай жүрүшкөнүн
айтып “эгерде бала болсо багып
алат элем” деп бала издеп жүрөт.
Алдыргандан көрө ошол айымга
төрөп берип койсоң баланын
убалына да калбайсың, ал айымга
да жакшылык кылган болосуң” деди.
Мен үндөбөй чыгып кеттим. Үйгө
келип көпкө ойлондум.
– Жолдошум менен кызымдан
ажырап калганымдан кийин айылга
батпай кайрадан Москваны көздөй
келе бердим. Келип кафелердин
бирине ашпозчу болуп ишке кирип
алдым. Келгенимден кийин
жолдошум менен жашаган аз
убактымда дагы боюма бүтүп
калганын билдим. Алгач дагы эне
болот экем деп кубанганым менен
“төрөсөм кантип багам... Же
жолдошум менен чогуу
жашабасам... Ансыз деле биринчи
кызымды көрүүгө зар болуп жашап
жүргөндө дагы бир азапты башыма
үйөмбү?..” деген ойлор жанымды
жей баштады. Кош бойлуу экенимди
өзүмдөн башка эч ким билчү эмес.
Күндөн-күнгө жашоом кыйын болуп
баратты. Анткени, эртең мененки
саат он бирде жумушка барам дагы,
түнкү саат он бирге чейин тыным
албай иштейм. Ичим болсо күн
өткөн сайын чоңоюп баратты. Бир
жолу эс алуу күнү ичимдеги бала
тууралуу билип коёюн деп
Москвадагы кыргыз дарыгер эже
иштеген ооруканага бардым.
Дарыгер айым УЗИ аппараты
аркылуу текшерип көрүп түйүлдүккө
жети ай болгонун, кыз экенин, ден
соолугу жайында экенин айтты. Аны
угуп бир чети кубанып, бир чети
“туугандарыма кантип айтам, мүмкүн
алар мени туура эмес түшүнүп
калсачы?..” деп ойлоп абдан
ыйладым. Ошол күндөн баштап
менде чыныгы азап күндөр
башталды. Кечинде жумуштан келип
эле жалгыз олтуруп ар нерсени
ойлоп ыйлайм. Ары ойлонуп, бери
ойлонуп олтуруп ичимдеги
түйүлдүктү алдырууга жол издедим.
Баягы мени көргөн дарыгер эжеге
кайра барып ага өзүм тууралуу
баарын айтып берип, анан
ичимдеги түйүлдүктү алып салуусун
сурандым. Эже мени көпкө карап
олтуруп анан “балаңды алдырба,
анын жүрөгү баарын сезип-туюп
калган учур, убалына калба” деди.
Мен башымды жерге салып олтуруп
калсам: “Аида, сага бала керек эмес
болсо, балага зар болуп жүргөндөр
толтура. Мага бир кыргыз эле келин
дайыма келип жолдошу экөө
балалуу боло албай жүрүшкөнүн
айтып “эгерде бала болсо багып
алат элем” деп бала издеп жүрөт.
Алдыргандан көрө ошол айымга
төрөп берип койсоң баланын
убалына да калбайсың, ал айымга
да жакшылык кылган болосуң” деди.
Мен үндөбөй чыгып кеттим. Үйгө
келип көпкө ойлондум.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 06 December 2014 - 22:03
Чурпомду берууго макулдугумду бердим.
Эртеси жумушта жүрсөм чөнтөк
телефонума бир айым чалып
“жолугуп сүйлөшөлү” деп мага
жалына баштады. Жумушумдан
сырткары убактым жок болгонуна
карабай эптеп айласын таап эжеге
жолуктум. Ал мен жөнүндө дарыгер
эжеден укканын, өзүнүн көп
убакыттан бери балалуу боло албай
жүргөнүн айтып, “сен балаңды
алдырбай мага төрөп бер. Менин
иштеген ишим бар, ичимдик
ичпейм, акылым жайында, балаңды
өз баламдай кылып, эч нерседен
кем кылбай чоңойтом” деп
жалынып ыйлап жатты. Мурда бала
жытын жыттабаган энелер жөнүндө
угуп абдан ичим ачышчу. Алдымда
ыйлап турган эжеге чынында
боорум ооруп, эмне дешти билбей
турдум. Мен ага жардам бергим
келип, төрөп берүүгө макул болдум.
Бирок, эжеге макулдугумду
бергенден кийин туура кылып
жатамбы же өз канымдан жаралган
баламды бирөөгө карматканым
туура болбой калабы деп көп
ойлончу болдум. Ошентип эле так
чечимге келбей туруп боюмдагы
баланы берүүгө макул болуп
калдым. Менин кош бойлуу
экенимди туугандарымдан эч ким
билчү эмес да, ошондуктан
сырдашаарга, кеңеш сураарга
жакын адамым жок эле. Ошентип
күндөр өтө берди, менин баламды
багып алмакчы болгон эже күн алыс
үйгө келип менден кабар алып
турчу. Анын жолдошу алгач мени ар
ким менен жүрүп боюна болуп
калган кыз экен деп ойлоп, бала
багып алам деген аялына каршы
болгон экен. Кийин ал эже мени
күйөөсү менен тааныштыргандан
кийин гана ою өзгөрүлүптүр. Көз
жараарыма бир ай калганда эже
мени өзүнүн жанына алып барып
алды. Мен анын үйүндө жашап
калдым. Ал мага күн сайын түрдүү
тамак-аш алып келип берип багып,
көзүмдү карап турчу. Анан да эже
күн сайын ичимдеги наристе менен
сүйлөшөт. А мен болсо үн-сөзсүз
олтура берчүмүн. Мен биринчи
жолуктурган ойлуу айым жок,
жүзүндө күлкү пайда болуп, өзгөрүп
алган. Жолдошу болсо баарын
ичине катып эч нерсе билдирчү
эмес.
Эртеси жумушта жүрсөм чөнтөк
телефонума бир айым чалып
“жолугуп сүйлөшөлү” деп мага
жалына баштады. Жумушумдан
сырткары убактым жок болгонуна
карабай эптеп айласын таап эжеге
жолуктум. Ал мен жөнүндө дарыгер
эжеден укканын, өзүнүн көп
убакыттан бери балалуу боло албай
жүргөнүн айтып, “сен балаңды
алдырбай мага төрөп бер. Менин
иштеген ишим бар, ичимдик
ичпейм, акылым жайында, балаңды
өз баламдай кылып, эч нерседен
кем кылбай чоңойтом” деп
жалынып ыйлап жатты. Мурда бала
жытын жыттабаган энелер жөнүндө
угуп абдан ичим ачышчу. Алдымда
ыйлап турган эжеге чынында
боорум ооруп, эмне дешти билбей
турдум. Мен ага жардам бергим
келип, төрөп берүүгө макул болдум.
Бирок, эжеге макулдугумду
бергенден кийин туура кылып
жатамбы же өз канымдан жаралган
баламды бирөөгө карматканым
туура болбой калабы деп көп
ойлончу болдум. Ошентип эле так
чечимге келбей туруп боюмдагы
баланы берүүгө макул болуп
калдым. Менин кош бойлуу
экенимди туугандарымдан эч ким
билчү эмес да, ошондуктан
сырдашаарга, кеңеш сураарга
жакын адамым жок эле. Ошентип
күндөр өтө берди, менин баламды
багып алмакчы болгон эже күн алыс
үйгө келип менден кабар алып
турчу. Анын жолдошу алгач мени ар
ким менен жүрүп боюна болуп
калган кыз экен деп ойлоп, бала
багып алам деген аялына каршы
болгон экен. Кийин ал эже мени
күйөөсү менен тааныштыргандан
кийин гана ою өзгөрүлүптүр. Көз
жараарыма бир ай калганда эже
мени өзүнүн жанына алып барып
алды. Мен анын үйүндө жашап
калдым. Ал мага күн сайын түрдүү
тамак-аш алып келип берип багып,
көзүмдү карап турчу. Анан да эже
күн сайын ичимдеги наристе менен
сүйлөшөт. А мен болсо үн-сөзсүз
олтура берчүмүн. Мен биринчи
жолуктурган ойлуу айым жок,
жүзүндө күлкү пайда болуп, өзгөрүп
алган. Жолдошу болсо баарын
ичине катып эч нерсе билдирчү
эмес.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 06 December 2014 - 22:10
Балапанымды коргум келет, боорума бекем кыскым келет. 
Эже күндөгүдөй эле жумушка
кеткен. Адаттагыдай эле үйдө
камалып олтурсам күтүүсүздөн ичим
ооруп калды. Убакыт өткөн сайын
ооруганы катуулай баштаганда
эжеге телефон чалдым. Эже үйгө
заматта жетип келип мени төрөт
үйүнө алып барды. Дарыгерлер
мени кабыл алышып “төрөсө
кабарлайбыз” деп эжени кетирип
жиберишти. Эже кетип жатып “Аида,
сенден суранам, наристе төрөлсө
эмизе көрбө” деп көзүнө жаш алып
катуу суранып кетти. Көп өтпөй көз
жардым, кызым ыңаалап жарык
дүйнөгө келди. Анын ыңаалаганы
кулагыма “апаке, мени эч кимге
бербеңиз” деген сөздөй жаңырып
турду. Өзүмдү абдан күнөөлүү сезип,
эч кимге билгизбей ыйлап жаттым.
Бир убакта дарыгерлер кызымды
колума беришти. Ошондо гана
энелик мээримим ойгонуп кызымды
эч кимге карматкым келбей калды.
Ал турсун аны эмизип дагы
жибердим. Кызымдын чопулдатып
эмчек эмгенин карап баарын унутуп
калдым. Бир маалда эже телефон
чалды. Ага аман-эсен төрөгөнүмдү
айтсам абдан кубанды. Алар тез эле
келип калышыптыр. Мен аларга
кызымды терезеден көрсөттүм. Эже
кубанган сайын мен аны жек көрүп,
андан кызымды кызганып турдум.
Кызым менен чогуу төрөт үйүндө
төрт күн жаттым. Биз чыгаар күнү
мен үчүн тозок жашоо башталды.
Кызымды ал айымга такыр
карматкым келбей, кучактап алып
ыйлап турдум. Эже жаныма келип
мени кучактап «рахмат, мен сага
өмүр бою карызмын” деп мени өөп,
кызды колумдан алды. Мен ансайын
токтоно албай ыйлап “эже, кызымды
жакшы караңыз, ыйлабасын,
оорубасын” дегенден башка сөз
айталбадым. Баарыбыз чогуу
эшикке чыктык. Эжеден “кызымды
бир өөп алайынчы” деп суранып,
бир гана жолу өөп жетиштим. Анан
кызым экөөбүз эки башка машинага
түшүп кеттик. Жолду бойлоп
шолоктоп ыйлап келдим. Мен үчүн
жашоонун кызыгы токтоп өлгүм
келди. Бирок, жанымда болбосо
дагы канымдан жаралган эки
кызымды ойлоп жашашым керек
болду. Андан кийин бир-эки жолу
барып кызымды көрдүм. Бир күнү
дагы эженин туугандары
чакырышканынан барсам абдан
коноктошуп анан эженин күйөөсүн
айтышып “байкеңе экинчи аял
болуп турмушка чык, балалуу
болгусу келет. Сен уул төрөп бер”
деген күтүүсүз кабар айтышты.
Чынында абдан жаман абалда
болуп, үйүнөн чыкканча шаштым.
Үйгө келип көпкө ыйладым. “Эмне,
алар мени жеңил ойлуу көрүшөбү
же экинчи бизден алыс болсун деп
ушуну ойлоп табыштыбы” деген
ойлорду ойлоп, бушайман болдум.
Чынында эле ошол окуядан кийин
эженин үйүнө такыр барбай калдым.
Кийин эже өзү телефон чалып “эми
келбе, бизден алыс эле болуп жүрчү.
Талашабы деп ойлоп кызымды
сенден кызганам. Кызым чоңойсо
“төрөгөн апаң” деп сени айтып
коём” деди. Анын сөзүн угуп
башыма бирөө таш менен ургандай
нес болуп олтуруп калдым. Мен ага
кызымды жакшы ниет менен берсем
анын мындай суз мамилеси мени
ыза кылды. Мен ага кызымды саткан
эмесмин! Ошол күндөн баштап
өзүмдү жек көрүп жашайм.
Кызымды абдан көргүм келет,
колума алып боорума кыскым келет.
Эки кызым эки жакта өсүп
жатканына ичим ачышат. Азыр өзүм
төрөгөн кыздарымды көрө албай,
өкүнүп жашаган бактысыз энемин.
Эже күндөгүдөй эле жумушка
кеткен. Адаттагыдай эле үйдө
камалып олтурсам күтүүсүздөн ичим
ооруп калды. Убакыт өткөн сайын
ооруганы катуулай баштаганда
эжеге телефон чалдым. Эже үйгө
заматта жетип келип мени төрөт
үйүнө алып барды. Дарыгерлер
мени кабыл алышып “төрөсө
кабарлайбыз” деп эжени кетирип
жиберишти. Эже кетип жатып “Аида,
сенден суранам, наристе төрөлсө
эмизе көрбө” деп көзүнө жаш алып
катуу суранып кетти. Көп өтпөй көз
жардым, кызым ыңаалап жарык
дүйнөгө келди. Анын ыңаалаганы
кулагыма “апаке, мени эч кимге
бербеңиз” деген сөздөй жаңырып
турду. Өзүмдү абдан күнөөлүү сезип,
эч кимге билгизбей ыйлап жаттым.
Бир убакта дарыгерлер кызымды
колума беришти. Ошондо гана
энелик мээримим ойгонуп кызымды
эч кимге карматкым келбей калды.
Ал турсун аны эмизип дагы
жибердим. Кызымдын чопулдатып
эмчек эмгенин карап баарын унутуп
калдым. Бир маалда эже телефон
чалды. Ага аман-эсен төрөгөнүмдү
айтсам абдан кубанды. Алар тез эле
келип калышыптыр. Мен аларга
кызымды терезеден көрсөттүм. Эже
кубанган сайын мен аны жек көрүп,
андан кызымды кызганып турдум.
Кызым менен чогуу төрөт үйүндө
төрт күн жаттым. Биз чыгаар күнү
мен үчүн тозок жашоо башталды.
Кызымды ал айымга такыр
карматкым келбей, кучактап алып
ыйлап турдум. Эже жаныма келип
мени кучактап «рахмат, мен сага
өмүр бою карызмын” деп мени өөп,
кызды колумдан алды. Мен ансайын
токтоно албай ыйлап “эже, кызымды
жакшы караңыз, ыйлабасын,
оорубасын” дегенден башка сөз
айталбадым. Баарыбыз чогуу
эшикке чыктык. Эжеден “кызымды
бир өөп алайынчы” деп суранып,
бир гана жолу өөп жетиштим. Анан
кызым экөөбүз эки башка машинага
түшүп кеттик. Жолду бойлоп
шолоктоп ыйлап келдим. Мен үчүн
жашоонун кызыгы токтоп өлгүм
келди. Бирок, жанымда болбосо
дагы канымдан жаралган эки
кызымды ойлоп жашашым керек
болду. Андан кийин бир-эки жолу
барып кызымды көрдүм. Бир күнү
дагы эженин туугандары
чакырышканынан барсам абдан
коноктошуп анан эженин күйөөсүн
айтышып “байкеңе экинчи аял
болуп турмушка чык, балалуу
болгусу келет. Сен уул төрөп бер”
деген күтүүсүз кабар айтышты.
Чынында абдан жаман абалда
болуп, үйүнөн чыкканча шаштым.
Үйгө келип көпкө ыйладым. “Эмне,
алар мени жеңил ойлуу көрүшөбү
же экинчи бизден алыс болсун деп
ушуну ойлоп табыштыбы” деген
ойлорду ойлоп, бушайман болдум.
Чынында эле ошол окуядан кийин
эженин үйүнө такыр барбай калдым.
Кийин эже өзү телефон чалып “эми
келбе, бизден алыс эле болуп жүрчү.
Талашабы деп ойлоп кызымды
сенден кызганам. Кызым чоңойсо
“төрөгөн апаң” деп сени айтып
коём” деди. Анын сөзүн угуп
башыма бирөө таш менен ургандай
нес болуп олтуруп калдым. Мен ага
кызымды жакшы ниет менен берсем
анын мындай суз мамилеси мени
ыза кылды. Мен ага кызымды саткан
эмесмин! Ошол күндөн баштап
өзүмдү жек көрүп жашайм.
Кызымды абдан көргүм келет,
колума алып боорума кыскым келет.
Эки кызым эки жакта өсүп
жатканына ичим ачышат. Азыр өзүм
төрөгөн кыздарымды көрө албай,
өкүнүп жашаган бактысыз энемин.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 06 December 2014 - 22:12
Маалымат кочурулду, жеке жашоомо катыштыгы жок.
Кимдир бироо учун сабак болоор!
Кимдир бироо учун сабак болоор!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 06 December 2014 - 22:23
Эх, тагдыр.. Козумо кадимкидей жаш алдым. Кудайым бала менен эненин ажыратпасынчы !!! Ишенсенер кокурогум зыркырап кеттим...
#11 06 December 2014 - 22:29
#12 06 December 2014 - 22:34
Мындай кундон кудай сактасын...оз баландын озуно душман болгонунан артык азап барбы...
#13 06 December 2014 - 23:00
Акмак аял экен! Кантип оз баласын башкага бергенге колу барат! Экинчи аял болгонго намыстанат,
баласын бироого бергенден, аборт кылуу жонундо ойлонгондон намыстанбайт.
Ким экенин сурушпой туруп кызын турмушка берип кайра озу ажыратып алган атасы да акмак!
#15 06 December 2014 - 23:20
Бул жашоо ар кимге ар турдуу сыноо берет. Егер баардык нерсенин жолун билсе, адамдарга жашоонун мааниси калбайт.адашпаган Адам жок бул дуйнодо, баары адашат, кылган катасын тушунуп жетсе ошондо сабак болот.
#16 06 December 2014 - 23:31
Эх бул дуйнодо энелер тартпаган азап барбы деги.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#17 06 December 2014 - 23:49
Аллахым пенделеринин башына эмнелерди гана салат,жана тороло турган баланын Аллахым оз ырыскысы менен жаратат экен.Кантип оз баласын бироого берууго болот.Ай акылсыз эне ай.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#18 06 December 2014 - 23:52
Уялып,намыстанбай эле өзү бакса болмок. Ар бир төрөлгөн баланын ырыскысы болот. Эми өмүрү өткөнчө жүрөгү канап жүрүп өтөт. А багып алган адамдар албетте алыстайт да ,чоңойтуп койгондо алып албасын деп. Канчалаган жаш кыздар балдарын таштап коюшуп кийин бармактарын тиштеп калышат... Бирок кеч болгон болот...
#19 07 December 2014 - 00:08
кандай окунучтуу!
окуп алып зээнин кейийт, эхх энени оз баласынан, баланы оз энесинен айрыбасынчы кудайым.
#20 07 December 2014 - 01:39
Бул жерде эми окуя бир жактуу болуп жатат да.Албетте автор озуну актайт.Менимче кийинки кызы Москвада эле боюна бутсо керек.Кантип эле куйоосуно же туугандарына айта албайт?Кыскасы бир сыр бар да.Кантип оз баласын журогу чыдап башкага карматканына танмын да.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!

Супер-Инфо
super.kg
видео



















