Nurdoolot94 (06 Декабрь 2014 - 11:37) жазган:
(Бухари, Буюуъ 60)
" Likbez " je bawkacha aitkanda banyatie berip koigulachy .
Бул хадис соода ишиде махинация кылууга тыю салат. Мисалы: мен бир товар сатып жаткан болсом, анын баасын кымбаттатуу үчүн өзүм тааныган адам менен сүйлөшүп алам. Ал жалган эле кардар болуп келет да, менин товарыма кымбат бааны айта баштайт. Анан мен ал айткан баага бербей коём. Ошол жерде турган адамдар тиги адам койгон бааны угушат да, а демек бул жакшы товар турбайбы деп ойлоп калышат. Анан аны алгылары келет. Бул нерсе мал базарларында көп колдонулат. Мал сатып жаткан адамдын таанышы келип эле малды сурап, соодалашып анын баасын көтөрө берет. Анан акыры албай кетип калат. Анын максаты ошол малды реклама кылуу гана.
Кээде тескерисинче да болуп турат. Соодагердин товары өтпөй калуусу үчүн кээ бирөөлөр бааны жогору айтышат да, албай кетип калышат. Анан тиги сатуучу ошол баага сатам деп отура берет. Бирок ал баага аны эч ким албайт. А биринчи сураган адамдын аны сатып алайын деген оюу жок болчу. Болгону сатуучу өз товарын кымбат экен деп ойлоп калуусу үчүн ошондой кылган. Бул да мал базарларда көп кездешет.