Урматуу адабият сүйүүчү достор ушул чыгарманы сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм, бирок бир гана сураныч шаштырбасаңыздар,
убакытыма карап аягына чейин жазайын.
Сөз башы
ЖОГОЛГОН КАЗЫНА
Бүгүнкү заманды кошо камтыган бул криминалдуу окуянын башталышы тээ илгери Кокон хандыгы кыргыз жергесин басып кирип өз бийлигин,династиясын орнотуп,жылдап,
айлап салык салуу менен карапайым элди эзип,кыйнап турган маалга туура келет.XVIII кылымдын ортосу ченде же тагыраак айтканда 1751-70-жылдары Бухара эмиратына Ирдана бий өз үстөмдүгүн жүргүзө аймакта Хива хандыгы пайда болот.Ал өзүнүн кучагына Андижан,Наманган,
Маргелан,Кокон хандыктарын камтыган.Ирдана бий өзүнө чектеш кыргыз жергесине да сук артып,зор армиясы менен Алай,Ош,Чирчикке кол салып кыргыз,кыпчак,
калмактарды баш ийдирүүгө аракет кылган.Анын эбегейсиз зор армиясына кыргыздын адигине уруусунан чыккан Маматкул,Арзымат,
Хаджи бийлер көтөрүлүп чыгышкан.Бирок,
кандуу кагылышууда начар куралданышкан аз сандагы кыргыз менен кыпчактар талкаланууга дуушар болушуп,жарымы туткундалып,
жарымы андан ары чегинип кетишкен.Ирдана бий кыргыз-кыпчактарга ,андан соң казактарга өз бийлигин жүргүзүүнү көздөп,аны менен бирге кыргыздардын кооз жергесине ээлик кылгысы келген.Анын эбегейсиз зор куралданган армиясы түштүктөн түндүк-чыгышты карай багыт ала кыргыздардын Кара-Тоосун ашып,Памир-Алайды басып,аны менен бирге Таш-Турган,Бустан-
Терек,Далат-
Курган,Кызыл-
Курган,Суфи-
Курганды өзүнө каратып,жүрүшүн дагы акырындап уланта берген.Андан соң Сары-Өзөн Чүйдү көздөйт,жолдон Ак-Мечит,Айыл-
Ата,Үч-Курган,
Мерке,Чалдовар,
Шиш-Төбө,Ит-Кече,
Ак-Суу,Пишпек,
Токмок,Кастекке чейин басып алып,андан ары акырын жылып жүрүп олтурат. Буларга өз мезгилинде Омор хан,Шералы хандар дагы катуу каршылык көрсөтүп,күрөш жүргүзгөн.Кокон бийлигине каршы кыргыз-кыпчактардын ортосунда узак убакыт көп жылдарга созулган айыгышкан кармашуу болуп келген.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#2 07 December 2014 - 22:44
Бул кагылышуу Кара-Кол,Барскоон,
Коңур-Үлөң,Кызыл-
Үңкүргө чейин жетип,андан сон Тянь-Шань тарапка,Куртка,
Жумгал,Кочкор,
Ат-Башы,Тогуз-
Торо,Төрө-Курган,
Куланды,Бугучу тарапка багыт алат. Ал мезгилде кыргыздар начар куралданышкандыктан,
экинчиден Солто,Сарыбагыш,
Бугу үч чоң уруу өз ара кагылышып тургандыктан Кокондун куралданган зор армиясына туруштук бере алышкан эмес,бийлигине бат эле баш ийип беришкен.Заардуу Ирдана бий козголоң чыгаргандарды эя аячу эмес,катуу жазалачу.Уруусу менен бүт бойдон жаш балдардан баштап кары-картаңдарга чейин бирин да калтырбай өлтүрткөн, атүгүл боюнда бар аялдарды да курсагын жарып,анан мууздатып салчу.Ошентип заардуу Кокон хандыгы 1876-жылга чейин өз өкүмүн жүргүзүп келген жана кыргыз жергесине көптөгөн коргон,чептерди курдурган.1843-
жылы Боромбай,Ормон хандар Кокон эзүүсүнө каршы чыгып,кыпчак,
кыргыз,кара калпак,индустардан түзүлгөн армия менен Кызыл-Үңкүрдү курчап алышат да,ал жерге жайгашкан кокондуктардын таш талканын чыгарышат.Бийик чептин ичинде Кокон бийлигине алып бараткан чоң өлчөмдөгү казына бар болчу. Чепти басып алышкан соң,бийликтин башында турушкан ар улуттун өкүлдөрү Ахмед,Абу Убайдулла жана Алымкул казынаны бөлүштүрөөрдө ортодон келишпестик чыгып,өз ара чатакташып кетишет.Ошол маалда Кокон хандыгы жөнөткөн башында Абдурахман аптабачы турган ири жазалоочу отряды кыпчак-кыргыздарга күтүлбөгөн жерден кол салат.Кан суудай агыпкызыл-кыргын салгылаш болуп,ызы-чуу түшүп атканда алиги талашка түшкөн казына эмнегедир баш оту менен дайынсыз жоголот. Ар ким өзү менен өзү болуп,салгылашта аны ойлогонго эч кимдин мүмкүнчүлүгү да жок эле.Бул 1865-жылдын башы болчу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#3 07 December 2014 - 22:52
КОРКУНУЧТУУ ӨТКӨӨЛ
(Бүгүнкү заман)
Белгилүү Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк тарабынан үчтөн бир бөлүгүн Ак-Суу району ээлейт.Бул аймак тоого жакын жайгашкандыктан чыгышты карай узунунан ийри-муйру болуп кеткен асфальт жол менен жүрүп олтурсаң оң жак тоо тарабында көптөгөн капчыгайлар жатат.Ал жерде жергиликтүүлөргө белгилүү бир чоң капчыгай бар. Эки тарабы бийик тоолуу узун капчыгайдын кире беришин "Экспедиция" деп коюшат.Эмнге себептен ушундай аталып калганын алар өздөрү да анча биле беришпейт.Андан ары өйдөлөп жүрүп олтурганда Таш-Короо,Үч- Чат,Арча,Чычар, Кызыл-Капчыгай болуп уланып кете берет. Машиненин дөнгөлөктөрүнүн изи калган таштак жол менен Таш-Короого чейин машиналар эптеп көтөрүлуп чыгып бара алышат,андан ары барууга дегеле мүмкүн эмес.Андан ары ат менен же жөө кетсе болот.Арчадан өтүп Чычарга жеткенде муз боло баштайт.Ал жердин аба табы салкын болгону менен жайы-кышы бирдей муз болуп ээрибейт.Чычардын босогосунда чоң шаркыратма бар,тереңдиги беш-алты метр күркүрөп аккан чоң суу төмөн карай агып жүрүп олтуруп акыры көлгө куюлуп кетет.Ал эми Кызыл-Капчыгайдан өтүү өтө эле кыйын.өткүсү келгендер ошол тайгалак муздан эптеп жол жасап өтүүсү керек,бирок ал жакка жанын тобокелге салып эч ким деле барбайт.Жергиликтүү мергенчилер эле кез-кез кийик уулап барып калбаса ашуунун сырларын эч ким анча жакшы биле бербейт.Эгерде ашуунун жонуна чыгып аркы бетин дүрбү менен караганда Кытай чек арасы,чек арачылар кадимкидей көрүнүп турат.
Кербендердей биринин артынан бири ээрчише борбор тараптан келаткан төрт чет элдик машина туура ушул капчыгайдын тушуна келишкенде дароо тоо тарапка бурулушту.Булар эмне машина экенин жергиликтүү эл анча таназарына алышкан деле жок.Жайдын сезону болгондуктан чет элдик машина менен эс алуучулар байма-бай каттап тургандыктан мындай машиналар аларды анча деле кызыктырбайт. Алар ылдамдыктарын жайлатыша таш жол менен бир калыпта кууш капчыгайдын ичинде өйдө карай жылып олтурушту.Ошол боюнча машиналар Таш-Короого жеткенче бир тыным алышкан жок.Таш-Короо демекчи,тээ Совет өкмөтү жаңы курулуп жаткан мезгилде жергиликтүү элдин тургундары атайын бийик кылып бир короо кой кенен баткандай таштан коргон салышкан.Кез- кез бул жерге малчылар да келип бир маал жайлап кетмейи бар.Бирок,бул капчыгайга мачылар аз келишкендиктен Таш-Короо көпчүлүк мезгилде ээн болуп турат.Алиги төрт чет элдик машина туз эле таш короонун ичине киришти да кыдырекей тизиле токтошту.Бул жакка маз аз келгендиктен алардын кыгы кадимкидей тапталып,үстүн чөп басып кеткен болчу.Алиги төрт машинеден жабылыша он чактыдай киши чыгышты.Кара көз айнек,күндөн калкалоочу чоң чий калпак кийген мурутчан киши айланасына бир көз жүгүртүп алган соң ары жакта тамеки тартып,чет элдик кичине автомат кармап турган жигитти өзунө чакырды.
-Бери келчи,алиги папканы да кошо ала кел.
Тигил тамекисин ыргытып жиберип,автоматын машинеге койду да ал жактан кара булгаары папканы алып чыгып бери басты.
-Кана картаны жайчы,биз жаңылган жокпузбу?
-Менимче жаңылган жокпуз,бирок бул таш короонун белгиси коюлбаптыр. Кийинчерээк салынса керек.Ошентсе да кокту да,капчыгай да баары совпадать этип жатат.
Алиги көз айнекчен киши картаны жайганда ары жактагылар да картага үңүлүшө,үймөлөктөп калышты.
-Мына ушу капчыгай.Бул жерде мындан башка белгилүү чоң капчыгай жок.Бул Кызыл-Капчыгай деп аталат.Азыр мындан ары тээтигил кууш колот менен жогору карай жөо кетебиз.Палатка, керектүү шаймандардын баарын алабыз.Возможно муз өткөөлдөн да өтөт болушубуз керек.Эч нерсе унутулбагандай болсун,орто жолдон кайра тартпагандай бололу.Баса, айтмакчы бул машинелерди да бирөө кайтарып калгандай болуш керек да,же экөөнү калтыралыбы?

#4 07 December 2014 - 23:24
Беркилер унчугушпай бирин-бири тиктеп туруп калышты.
-Кана бул жерге ким калат же жребий кармашасыңарбы?
-Габайдулин сен каласың.
=Эмне үчүн мен калышым керек...
-Токтот.Бул жерде артыкбаш сөз болбошу керек.Баарынан кичүүсү сенсиң,ошондуктан сен каласың.Дагы бир эскертип кетчү нерсе,бул машинелер үчүн керт башың менен жооп бересиң.Эгерде булар бирдеме болчу болсо өзүңдүн тигил жактагы ждоляңдан куру каласың,уктуңбу? Сол кулагың менен да,оң кулагы менен да ук,сак болуп жакшы кайтар.Сөз бүттү.Кана кеттик жигиттер.
Ары жакта жабыла карап турушкандар машинеден мылтык,пистолет, автоматтарды алып,ар кимиси арттарына чоң баштыктарды илише таш сарайдан чыгышты да,кууш колотко түшүп алып эбакта изи өчүп,жоголуп бараткан жалгыз аяк жол менен жогру карай жөө,акырын жылып жөнөштү.Чоң эки өркөчтүү жарчанын түбүнө жеткенде бирөсү токтой калып папкадагы картаны жая сала кубанычтуу жарыя салды.
-Мына айтпадым беле биз жаңылган жокпуз.Бобул катадагы эки төө өркөчтүү жарча ушул да,мынакей карагылачы, демек биз туура келатабыз.
Бардыгы картадагыны бир карап кош өркөчтүү жарчаны бир карап шаңданып турушту.
-Бах,чиркин карасаңар,Кудайым атайын өзү жасап койгондой.Жарды кылыч менен атайылап бирөо жаар чапкандай,так ортосунан тилиниптир. Кана урушта туруш жок,жылдык.
Бардыгы ордуларынан кохголуша,сапарларын андан ары улашты.Ошол боюнча таш бакадай кыбырап,тынбастан өйдө карай көтөрүлүшүп жүрүп отурушуп,түшкө чукул чоң шаркыратманын жанына келип токтошту. Бир жагынан күн аябай ысып чыгып,экинчи жагынан оор жүктөр менен өйдө карай көтөрүлүп келе жатышкандыктан эс алышмакка көк шибердүү таштардын арасына артындагы баштыкчаларын чечишип отура кетишти.
Алиги чий калпакчан,көз айнекчен киши менен папка алып келген жигит экөө кайрадан картанын жайышты.
-Чын эле биз жаңылбаптырбыз, мынакей бобул шаркыратма, -бардыгы тээ бийиктен төмөн карай күркүрөп,үн чыгара кулап аткан шаркыратманы биринчи көргөндөй тиктеп турушту. Кээ бирлери үстүндөгү көйнөктөрүн чечип ыргытышып,шаркыратманын муздак суусуна мойну-баштарын, беттерин чайып,жуунуп киришти.
-Ушул жерден түштөнүп алат окшойбуз,анан убакыт болбой калышы мүмкүн.Кана жигиттер дасторкон жайып тамак даярдагыла, шам-шум этип алалы.
Бардыгы муздак сууга жуунуп келишип,чоң таштын көлөкөсүнө жайылган дасторконду тегеректей кетишти. Эртеден бери шаркыратманы тиктеп турган бирөөсү өзүнчө сүйлөнө кетти.
-Да-аа,шаркыратманын пайда болгонуна канча жыл болду экен.Далайлары бул жерден жуунуп,ушул жээкте отурушса керек.-Ал эңкейип келатып тээ таштын түбүндө жарымы чыгып, жарымы көмүлүп турган темирди көрүп ордунан тура калды.Анан темирди тартып көрдү эле ордунан козголбой койду. Бычак менен тегеректерин айланта чукулап казып жиберди да,бир нерсени сууруп алды.
-Карасаңар эски,жарымы сынган кылыч экен...

#5 09 December 2014 - 02:35
Кармагычы чирип дат басып бараткан жарым кылычты бардыгы кызыгып кармалап жатышты.Аны көпкө кунт коюп тиктеп турган мурутчаны бир нерсени божомолдогондой өзүнчө күңк этти.
-Сыягы бул царский солдаттардын кылычы окшойт,мына сабында орус падышачылыгынын белгиси турат.Бир катуу нерсени чаап сындырып алып ыргытып жиберсе керек.Же бирөөсү каза болуп ушул жерде кылычы менен кошо калган...
Алар шаркыратманын түбүндө жарым сааттай эс алып турушкан соң,ордуларынан туруп шаймандарын алышып,оор баштыктарын асынышып биринин артынан бири ээрчише өйдө карай жылып жөнөштү.
Бул мезгилде тээ коктунун жонунда беш мылтыкчан адам таштын түбүнө жашынып алышып,өрдөктүн балапандарындай бир катар тизилип алышып жай өйдө карай жылып баратышкан адамдарды дүрбү менен кылдат байкап турушкан эле.
-Канчоо экен алар?
-Азыр санайбыз,бир, эки,үч...сегизөө экен.Көпчүлүгүндө автомат,биз мынтык менен аларга теңкеле албайбыз,балким гарнаттары да болуп калышы мүмкүн.Кандайдыр ыңгайлуу кырдаалды күтүп,аңдып жүрүп олтуралы.Анын үстүнө карта да тигилердин колунда эмеспи.
-Ооба,алардын изи менен акырын билгизбей жүрүп отурсак биз дагы ошол жакка барабыз.
-Аларың кайда барышмак эле,кайра эле ушул жол менен келишет да.
Булар төмөн жактагыларды Бишкектен бери "Волга" менен аңдып келатышкан эле.Ал эми төмөн жактагылар болсо,арттарында куйрук ээрчитип келатканын сезишпей эч нерсе менен иштери жок улам жогору карай көтөрүлүп жүрүп олтурушту.Жарым сааттай жол жүрүшкөн соң эки жагы кууш муздуу,жалама өткөөлгө туш келишти.Чарчашкандыктан баары бир аз эс алыша отуруп калышты.Чий калпакчаны муз өкөөлдү текшерип бир сыйра карап чыккан соң,тигилерге кайрылды.
-Кана жигиттер бул жерден жол жасаш керек,өткөөл. Урушта туруш жок баштадык ишти.
Кайрадан баары жабыла туруша өздөрү менен ала келишкен лом,чукулуктарды алып чыгышып,музду чагып,бир кишилик өткөөл жасай башташты.
-Тээтигил жерди көрдүңөрбү, ошол жерге чейин жетишибиз керек.Бул муз өткөөл кеминде эле жүз метрдей экен.
Бир кишилик муз өткөөл жасаш үчүн алар бир сааттан ашык убараланышты. Бир-экөөсү аркы бетине чейин барып келген соң,бардыгы жапатырмак баштыктарын асынышты дабир кишилик өткөөл менен биринин артынан бири ээрчше акырын аяр,кылдат басышып жылып жөнөштү.

#6 09 December 2014 - 02:40
-Бири-бирибиздин белибизге жип байлап алсак эмне болот?Кокустук болуп сыйгаланып төмөн карай учуп кетпес үчүн,ыя?
Көз айнекчен киши аны кагып койду.
-Ие убакыт аз кеттик.
Берки жээктен отуз кадамдай узашкан соң алиги жигит айткандай,алдыда келаткандын кинчиси музга буту тайып кетип коктуну жаңырта өкүрүп-бакырган боюнча төмөн карай учуп кетти.Заматтын ортосунда болуп кеткен окуяга бардыгы алдыга кадам таштагандан коркуша бир ордунда катып калышты.
Артка кеткенге да мүмкүн эмес эле,бирок алды жакка салыштырмалуу жакын болчу.Тээ алды жактарында жапжашыл жээк көрүнүп турду,кандай болсо да ошол жакка жетиш керек эле. Ортодо келаткан алиги көз айнекчен киши алдыңкыларга кыйкыра үн катты.
-Эмнеге туруп калдыңар жылбайсыңарбы!
Алардын орундарында былк этпей турганын көрүп ачуулана дагы кыйкырды.
-Силерге алтын,күмүш байлык керекпи?!Эгер кереги жок десеңер анда бул жакта калгыла,мен силерди мажбурлабайм. Өзүңөрдүн доляңардан куру каласыңар!
Алдыңкы катардагылар бир аз олку-солку болуп турушкан соң,мурдагыдан да сак,аябай аяр болуша акырын биринин артынан бири ээрчише жылып жөнөштү эле арткылары да аларга кошулуша кыймылга келишти. Тоо бетиндеги жантайыңкы сыйгалак муз ылдый жүрүп отуруп,он метрден кийин тике кеткен жалама зоока болчу.Анын бийиктиги кеминде эле болжол менен алганда жүз элүү метрдей.Шатыча болуп кеткен зооканын тээ төмөн жагында чоң суу шаркырап агып жатканы көрүнүп турат.Кичине жерден жаза басып,же сыйгаланып бут тайыса эч ким аны кармай да,сактай да албайт,бир жагынан тептегиз музда эч тоскоолдук жок болгондуктан кулаган адамдын өз ажалы келээри айдан ачык.Тигинин төмөн карай кулап,дайынсыз жоголгонун бардыгы өз көзү менен көрүштү.Өздөрү да ошондой болбогонго аракеттенишип жүрөктөрү алкымдарына тыгыла кадам сайын Кудайга келме келтирип келе жатышты.Үчүнчү келатканы мүдүрүлүп,аз жерден учуп кете жаздап барып оңолду,көздөрү бакырая артын бир карап алды.Алиги көз айнекчени бардыгына эскерте кыйкырды.

#7 09 December 2014 - 02:43
-Төмөн жакты карабагыла,
страхтын баарын өзүңөргө топтоп аласыңар.Бет алдыңардагы тээтигил көрүнүп турган жээкти карап,ошону көздөп,өзүңөргө ишенимдүү кадам таштагыла.Аяр,
сак болгула!
Бардыгы тең ар бир кадамдарын аяр шилтеше аябагандай жай,ташбакадай жылып баратышты.Бир кезде алар өткөлдүн эң эле коркунучтуу жерине келишти. Лом,чукулук, керки менен муз бетинде жалгыз аяк жол жасап атышып,дал ушул жерине келишкенде он кадамдайы аябай кууш,начар жасалып калыптыр.Жол баштап келаткан алдыңкысы токтоп,кууш, коркунучтуу өткөөлдү үрөйү уча карап турду.Анан асманга карап Кудайга жалынып оозу менен өзүнчө күбүрөп бата кылды да, биссимилла деп аяр кадам шилтеди.Улам мүдүрүлүп барып октоп,эптеп отуруп,коркунучтуу жеринен өтүп кетти.Артына бурула жеңилдене тигилерге да өтө бергиле дегендей белги берди.Катуу агып жаткан суудан өтүп жатышкансып кууш өткөолдөн бир бирден өтүп жатышты.Тээ, төмөнүрөөк жактагы бешөө алардын ар бир кыймылын дүрбү менен карап турушту. Коктунун узундугу жүз метрдей келген муздуу кууш өткөөлүнөн бир саатка чукулдап араң өтүштү. Баардыгы эң оор жүктү алып ыргытышкандай жеңилденише аркы беттеги таштын үстүнө артына бурула отура кетишти. Эң артында келген жигит өзүнө-өзү ишенкиребей төмөн жактагы жалама музду карап турду.
-Ой тобо,чын эле ушундан өттүкпү биз.Башка нерсе болсо мынчалык жанымды рисковать этпейт элем.
-Мына Рахимбек учуп кетти,биздин эң алгачкы курмандыгыбыз ушул болду, мындан ары сак болгула,ыйманы саламат болсун анын,оомийн, -бардыгы алиги көз айнекченди туурап бата кылышты.-Үй- бүлөсү бар беле анын?
Бардыгы билбейбиз дегендей бири-бирин карашып,ийиндерин күйшөштү.Төмөн жакты карап бир аз турушкан соң,ордуларынан козголушту.
-Кана,кеттик жигиттер,урушта туруш жок,время золото.
Бардыгы арттарындагы баштыктарын асыныша сапарларын андан ары улашты.Кайрадан жашыл чөптүү кокту менен өйдө карай жылып отурушту.Бир маалда тоо башына чыгышып,өз көздөрүнө өздөрү ишенбей бет маңдайларындагы жайыкчаны карап туруп калышты.
-Тобо,бул жак тим эле бейиш го.Карачы гүлдөрүн,чөптөрүнүн бийиктигин. Тим эле бул жерге жашаса да болчудай экен.
Чын эле тоо башындагы чоң жайыкча жапжашыл болуп,чөптөрүнүн бийиктиги белге жетип турган эле.Булардын жетекчиси,алиги көз айнекчен кишинин аты Абдурахман. Улуту өзбек,жерлиги Намангандык болчу.
Аны жандап өрөөндүн картасын алып жүргөн жигит Азимбек,Оштун Кара-Суу районунан.Ал тигилерге жер шартын түшүндүрүп жатты.

#8 10 December 2014 - 02:22
Белка бул чыгарманы ким жазган оор келбесе автордун аты жонун жазып койсон
Автору Саадатбек Мырзакул уулу 3 томдон турган китеп экен,мен да сиздер менен бирге окуп жатам,бүгүн жазайын десем кайнатам окуп отурган экен талаша албадым. Андыктан достор Excuse me.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#9 11 December 2014 - 00:53
-Ооба,бул жайыкча өзүнчө өрөөн болуп кетет,жергиликтүү көлдүктөр муну "Перилердин жери" деп коюшат.Чөбү белден буралган кызыл-тазыл гүлдүү,бул жер алардын айтуусу боюнча ыйык жер имиш.Аба табын да карабайсыңбы,
жыпжылуу. Ал эми төмөн жагыбыз өзүңөр көрдүңөр го бир топ эле салкын атүгүл муздары да бар.Жергиликтүүлөрдүн айтуусу боюнча бул жерде перилер гана жашайт имиш.Тээ үркүн маалына чейин жергиликтүү элдин мергенчилери бул жерди жактырып айылы менен көчүп келишиптир.
Жайыктын дал ортосунда жалгыз түп алма өсүп туруптур,андагы кыпкызыл болгон алмалардын чоңдугу эки кочуштай болот экен.Бул жайга жашайбыз деп көчүп келгендер ошол алма бакты айланта үй тигип туруп калышат,бирок али быша элек алмага бышсын дешип тийишпейт.Бир күну жаш балдар эне-аталары уктап жатышканда таң атпай алиги алмаларды уурдап жемей болушат. Эртең менен турса эле алиги дүпүйүп өскөн алма орду түбү менен жок болуп кетиптир.Мындай сыйкырлуу көрүнүштөн чочулаган жергиликтүү эл,бул жер жөн жер эмес дешип кайра төмөн карай көчүп кетишиптир.
Бул окуя тээ 1905-жылдары болсо керек,бирок анын чын-төгүнүн эч ким билбейт.Ошондон бер бул жерди перилердин жери деп коюшат.
Алар кооз өрөөндү бир аз карап турушкан соң,кайра төмөнкү коктуга түшүп келишти.Кууш коктудагы түз бараткан багыттарын өзгөртүшпөй өйдө карай жылып кайрадан сапарларын улашты.
Бир маалда коктунун эки айрылыш жолуна туш келишип токтоп калышты.Абдурасул картаны жайып Абдурахманга көрсөттү.
-Картада бул эки айрылыш өткөөл чийилбептир го...?
Алар кооз өрөөндү бир аз карап турушкан соң,кайра төмөнкү коктуга түшүп келишти.Кууш коктудагы түз бараткан багыттарын өзгөртүшпөй өйдө карай жылып кайрадан сапарларын улашты.
Бир маалда коктунун эки айрылыш жолуна туш келишип токтоп калышты.Абдурасул картаны жайып Абдурахманга көрсөттү.
-Картада бул эки айрылыш өткөөл чийилбептир го...?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#10 11 December 2014 - 01:00
-Эмне кылабыз,кайсы тарабына кетсек,же экиге бөлүнөлүбү?
-Экиге бөлүнгөнгө болбойт,мүмкүн да эмес.Эгер казына табылып калса эки жаат болуп талашып-тартышып ортодо чатак чыгып кетет.Андан көрөкчө мындай кылалы.Адегенде сол жаккы колот менен чыгып аягына чейин барып көрөлү.Эгер ал жактан катылуу кенчти таппасак кайра келебиз да бул колотко тушөбуз.Артыбыздан жоо кууп келаткан жок,шашкан шайтандын иши,шашканда кайда бармак элек.Бизден башка эч ким жок мунун артынан тушкөн.
Бир аз турушкан соң бардыгы эки айрылыш колоттун сол жактагысына түшүштү да,андан ары жогору карай көтөрүлүп жүрүп отурушту.Көп өтпөй түбөлүк мөңгү жаткан карлуу,муздуу жарчага келип кептелишти.
-Бүттү,финиш. Мындан ары кайда барабыз,жол жок.
Бардыгы көңүлдөрү чөгө туруп калышты,чын эле бардык тарабы кар,муз болуп андан ары барууга жол жок болчу.Абдурасулдун жанындагы Максут деген жигит өзүнчө нараазыланып, кейигендей үн катты.
-Балким мунун баары жөн эле жалгандыр.Бул карта жөн эле биздин башыбызды айландырып жүргөндүр?
-Эгер каалабасаң кол-жолуң бош,кете берсең болот,биз сени кармабайбыз. Анда эмнеге келдиң Ташкенден бери бул жакка.Өзүңдүн сөзүң бар го же адамча жашаш керек,же түрмөгө отуруш керек деп.Адамча жашагың келбесе анда көнгөн түрмөңө кете бер.Сен тигил жакта и так эле издөөдөсүң, дароо эле кармап кайра түрмөгө отургузушат.
-Эмненин башын кылтыйтып атасың Абдурахман, менин кайра түрмөгө отурушумду каалап турасыңбы?
-Анан эмнеге нааразыланып атасың,раз баштагандан кийин аягына чыгыш керек.Бул үчүн канча убара болдук.Эми аз калганда нааразы болуп атасың.
-Мен нааразы болгон жокмун,тек гана алиги картадагы көрсөтүлгөн кенчтин баары жалган болуп калсачы деп жатам.
-Эгер ишенбей турган болсоң биз сени кармабайбыз, кете бер.
Эки ортодо нааразылык, талаш-тартыштын оту жаңыдан тутанып келатканда капысынан бирөөсү ары жактан кыйкырып жиберди.
-Карасаңар үңкүр,өткөөл бар экен.
Баары талаш-тартышты унутуша ошол үңкүдү көздөй шашылышты.

#11 11 December 2014 - 01:11
Бирөө атайылап жасагандай чоң муз жарчанын алдында үңкүр көрүнүп турду. Баары ошол муз үңкүрдүн ичине түшүп алышып ичине кирип ары көздөй жылып жүрүп олтурушту. Беш мүнөт жүрүшкөндөн кийин кайрадан туюкка келип такалышты.Үңкүрдүн ичи муз болгондуктан кадимкидей жапжарык болуп турду.Бардыгы туш туш жакка чачыраша бир нерсе издеп жүрүштү.Анан кайра келип бир жерге чогулушту.
-Мен айттым эле го жана бул жерде эч кандай кенчтин изи да,атүгүл жыты да жок.Бекер убара.
-Али толугу менен бул муз пещеранын ичин изилдеп чыга элекпиз. Алар кенчин ачык жерге таштап коюшпайт да.Балким бир жерге катылуудур? Тээтигил муз жаракаларды көрдүңбү.Может быть ошонун ичине салышкандыр. Азыр аркан менен түшүп текшерип,издейбиз. Эч нерсесин калтырбай баарын карап чыгабыз.
Абдурахман белине чейин жип байлады да экинчи четин тигилерге карматып муздун чоң жаракасына төмөн карай өзү түштү. Он метрдей төмөн түшкөндө айланасы караңгы боло баштаганынан чөнтөгүнөн кол фонарын алып чыгып көкүрөгүнө илип,бекитип алды.Жараканын тереңдиги жыйырма метрге жетет экен.Түбүнө буту жеткен соң болду дегендей акырын арканды тартып койду.Анан төшүндөгү кол фонарикти чечип муздун булуң-бурчтарын кылдат текшере баштады.Бир аз ары баскандан кийин жогору жактан "Эмне болду,жеттиңби? "-деген үн чыкты.Абдурахман аларга жооп бербестен белиндеги арканды чечип салып,ары туңгуюкту карай акырын басып жөнөдү. Муздардын арасынан кандайдыр бир чоңдугу мышыкка окшош жаныбардын сөөгүн көрдү.Дагы бир аз ары баса түшкөндө жерде жаткан жалтырак нерсеге көзү урунду.Аны акырын эңкейип алайын деп баратканда ары жактан көздөрү жарыкка чагылышып күйгөн,кашкулакка окшош ,чоңдугу мышыктай болгон түстөрү капкара жандыктар менен бир азга тиктеше түштү.Анан алар бир аз турган соң жарыктан чочулаша ары көздөй качып кетишти. "Демек бул жерде кандайдыр бир жакка чыга турган выход бар.Булар жөндөн жөн жүрүшпөйт бул жерде",-ал жердеги жалтырак нерсени алды да ары-бери жактарын кармалап көрдү.Анын бетинде арабча жазылган жазуу бар экен. Арабча окуй албагандыктан, аны акырын чөнтөгүнө салды да,андан ары кадам таштады. "Демек лед тронулся,биз бекер убраланбаптырбыз" ал ичинен кудуңдай дагы отуз кадамдай ары жылып жүрүп отуруп,туңгуюкка кептелди. "Кызык,алиги кара мышыкка окшогон жаныбарлар каякка жоголуп кетишти?" -ал кол фонариги менен айланасын бир сыйра бүт карап чыкты. Дегеле жылчык көрүнбөйт.Кайра бери карай басып келип тээ алыс жакта төмөн көздөй кеткен дагы муздун жаракасын көрдү.

#12 11 December 2014 - 01:18
Төмөн жакка жарык кылып көрдү эле түбү он метрдей эле экен."Алиги жаныбарлар ушул жак менен кеткен го дейм?"Абдурахман артындагы баштыктан жип,казык алып чыкты да,казыкты музга терең кылып кагып,жипти ага бекем кылып байлап,дагы төмөн карай муздун жаракасы менен жылмышып түштү.Ал жерден алиги жаныбарлардын заңдарын көрдү. "Алар ушул жерде экен да" айланасын бир сыйра текшерип чыккан соң,кууш өткөөл менен акырын басып жүрүп олтурду.Элүү кадамдай баскандан кийин эле үңкүргө окшогон оюкчаны көрдү.Ошол оюкча менен сойлоп жүрүп олтуруп бир кезде ачыкка чыга келди.Ал жакта жүрүшкөн алиги мышыкка окшош жаныарлардын он чактысын көрдү.Алар эки буттуу жаныбарга айбат көрсөтүп туш тараптан жакындап келатышты.Абдурахман чөнтөгүнөн пистолетин ала коюп бирөөсүн атып жиберди эле,тигилер туш туш жакка чачыраша бир заматта чилдей тарап жок болушту.Бул муз карлуу мөңгүлүү тоодон тээ төмөн жактагы мейкиндик кадимкидей көрүнүп турду.Абдурахман артындагы баштыгынан дүрбүсүн алып чыгып,тээ төмөнкү мейкиндикке көз жүгүрттү. Ал жак Кытайдын чек арасы экен,атүгүл ары-бери басып жүрүшкөн кытай солдаттарын,
чек арачыларды көрдү.
Аларды бир аз карап турган соң,айланасын бүт бир сыйра текшерип чыкты.Тегереги бүт жалама муз болгондуктан төмөн карай түшкөнгө эч мүмкүнчүлүк жок экен."Демек картадагы кенч бул тарапта жок,артка кайтып барып кайра тигил колотко түшүш керек.Балким ал жакта да жок болсочу.Ушунча убакыттан берки аракетибиз текке кетеби?Тигилерге эмне деп жооп берем.Шылдыңдагандай көрүп мени тытып жешпейби.Же көлдүн дагы башка капчыгайлары барбы?Жоок ушул эле капчыгай.Тигил төмөн жактагы жарылган тоо,шаркыратма анан тигил муз өткөөл баары туура келип атпайбы картага.Өрөөндүн аты да Кызыл-Капчыгай. Болду-болбоду тигил жагында." Артындагы шырп эткен добушка бурула бергенде жанында Абдурасул туруптур.
-Баарын шимшилеп чыктым эч нерсе жок.Эми тигил жакка барууга туура келет.
-Ал жакта да эч нерсе жок болсочу?
-Аны көрө жатаарбыз...

#13 11 December 2014 - 01:31
Кайра артка кайтып баратышканда Абдурахман чөнтөгүнө колун салып ичинен ойлоно кетти. "Эгер кенч жок болсо бул эмне болгон жалтырак, таштагы эмне болгон арабча жазуу?бул жерде бир сыр жатат".Ал таап алган алиги жалтырак заты жөнүндө эч кимге ооз ачкан жок.
Алар мурунку эски орундарына эки айрылыш жолго бат эле кайтып келишти.Бир аз турушуп картаны алып чыгышты да,аны көпкө кунт коюп карап турушту.
-Өзгөчө белгилери бар бекен,балким табышмактуу кылып тартып койгондур.Мүмкүн биз анын жандырмагын чече албай жаткандырбыз?
-Чын эле.
-Бул жерде эч кандай табышмак,жандырмак, сыр жок.Азыр бул коктуга түшөбүз да,аягына чейин барып жакшылап ар бир үңкүрдү кылдат текшерип көрөбүз.Көрдүңөрбү мобул чийме үңкүр,бул үңкүрдүн чиймеси. Менимче жоголгон казына ушул үңкүргө катылган.Адегенде ушул чиймедеги үңкүрдүн өзүн табышыбыз керек.Эгерде анын ичинде жок болсо анда иш башка,анда бул картада кандайдыр табышмак бар.Эң башкысы духуңарды түшүрбөгүлө. Кана кеттик жигиттер.
Бардыгы орундарынан туруша Абдурахмандын артынан ээрчип жөнөштү.Өзүнчө бир нерсеге нараазы болгондой сүйлөнө Махмуд да алардын артынан илкий басып жүрүп олтурду.Күн акырындап уясына батып баратты.Алар өйдө карай көпкө жүрүштү.Бийик жарчанын түбүнө жетишкенде айланага күүгүм кирип кеткен эле.
-Мындан ары барганга болбойт,палатка тиккиле.Ушул жерге түнөйбүз да эртең менен таң азандан кыймылдайбыз.
Баары жабылыша ары-бери чоң палатканы жазып,төрт жагына казык уруп,жип байлап заматта тигип жиберишти.Бирөөсү керогазды күйгүзүп кечки тамактын камын көрө баштады.Тээ төмөн жактагы шаркыратманын гүүлдөгөн үнү эле угулбаса айлана жымжырт болучу.Кез-кез кандайдыр бир куштун тээ жардын башынан кукулуктаган добушу угулуп жатты.Тилекке жараша асман да чайыттай ачык,айдын нуру тийип айлана жапжарык болуп турду.Бирөөсүн сыртка кароолчулукка коюшту да,калгандары чарчаган эмелер дароо уйкуга кетишти. Сак кулак Абдурахман кез-кез шырп эткен добушка башын көтөрө кулагын төшөй калып,бир аз турган соң кайра акырын уйкуга көшүлүүдө.Өзүнчө ойлоно Абдурасул гана уктабай,асманды карап жатты.Бул криминалдар чөйрөсүнө жоголгон кенчти издөөгө кандайча кошулуп кеткенине тээ башынан бери эстеп өзү да таң калып жатты.

#14 12 December 2014 - 00:29
БЕЙТААНЫШТАРДЫН ТУТКУНУНДА
.
Окуянын башталышы мындай болгон эле.Ал болгону Бишкекте чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын өздөштүрүү боюнча машыктыруучу гана болуп иштечү.Өзү менен кошо отуз баланы машыктырып, алардан бешөөнү өзгөчө жакшы тарбиялап,чет өлкөлөргө беттешүүлөргө алып барып келген. Аракети текке кетпей өзүндөй кылып аларга "кара пояс" деген наам алып бергенге жетиштирди. Өзү мындан тгуз жыл мурун чет өлкөлүк беттешүүлөрдө болуп ушул наамды алганга жетишкен.Жашы отуз бештерге чукулдап калганы менен али машыгууну таштабай машыктыруучу болуп иштеп келет.Өз аты Абдурасул эмес Каныбек болчу.Эмне себептен Абдурасыл болуп калган,мунун да өзүнчө тарыхы бар. Жерлиги Таластык бир кыз,эки уулу бар.Аялы калаадагы мектептердин биринде сабак берет.Эл катары күнүмдүк көр тирилик менен алп урушуп оокатын өткөрүп жаткан. Бардыгы күтүлбөгөн жерден болду.Досунун туулган күнү болуп,достору менен кечке жуук Малика деген кафеде өздөрүнчө олтурушкан. Тээ төр жактагы беш-алты адам өзүн кайра-кайра дуулдап карап өздөрүнчө бир-нерселерди сүйлөшүп атышканына анча маани берип,атүгүл көңүл да бурган жок.Бир далайга достору менен сүйлөшүп,ичип олтурушуп,ал жактан бир топ кызуу болуп,көңүлдүү чыгышты.Баары машинага отуруша Ош базарынын тушуна жеткенде Каныбек түшүп калды.Базардагылардын баары тарап айланада кыймыл бир топ азая түшүптүр.Алардын артынан эки кара мерседес машинасы аңдып келатканын эч кимиси байкашкан да эмес.-Отурушубуз көңүлдүү,жакшы болду.Эми үйгө барып жакшы эс алгыла.Хоп,давай көрүшкөнчө. -Каныбек аларды узатып ийип бери карай басты.Анын үйү Жаш гвардия бульварына жакын көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында болчу.Айланага караңгы кирип кетсе да,кечки базар болуп базардын эли али азая элек экен.Саатын карады,тогуздан өтүп онго чукулдап калыптыр.Ал дегеле үйүнө кеч барчу эмес.Машыгуусу жетиден тогузга чейин,антип- минтип балдары душка чайканып,залды бекитип чыккыча тгуз жарым,үйгө жеткенче он болот.Кандай болсо да ондон кечикчү эмес.Аялы онго тамак жасап күтүп турат.Балдары сабак даярдап бүтүшкөн соң,алды уктаганга кам урушат."Кой эртелейин" ал кыска караңгы жолго салды.

#15 12 December 2014 - 00:44
Катуу шашыла басып келаткан.Ойдо жок күтүлбөгөн жерден эле эки-үч караан бурчтан чыга калышты да,эсине келтирбей союл менен аны башынан ары уруп-уруп калышты,калганы эсинде жок.
Бир маалда суу чачканда гана эсине келди.Башынан аккан кан бетине жайыла катып калыптыр.Эки колу,буту таңылуу,стулга отургузуп коюптур.Бет маңдайында калың,коюу кара мурутчан киши тамеки тартып отуруптур.Анын айланасында лөкүйгөн беш-алты жигит турат.Бир-экөөсүнүн колдорунда автомат. Баары тең аны жек көрүү менен карашууда.Мындай бейтааныш каардуу,заардуу адамдарды өмүрүндө жолуктурбаган. Рекет,авторитет, криминал,разборка дегендерге башына жүн чыкканы катышып көргөн эмес.Өзүнүн адал эмгеги менен тынч эле оокат кылганды жакшы көрчү.Левый акчасы жок жалаң гана айлык менен оокат кылгандыктан, атүгүл машинасы да жок,дайыма жөө жүрчү.Бул эмне болгон кишилер экенине түшүнбөй өңүмбү түшүмбү деп таңгалып жатты.Араларында чачтарын узун кылып коё берип жип менен байлап өрүп алышкан,сакалдарын узун кылып коё беришкен,төрт бурчтуу тумбочкадай болгон далдайган кишилер да басып жүрүшөт.Бет маңдайындагы алиги коюу кара мурутчан киши аны мазактай карап,бери жакыныраак басып келди.
-Ии Абдурасул мырза эсине келдинби.Кандай ден-соолугуң. Көрүшпөгөнүбүзгө бир топ жыл болуп калды го дейм.Бизден качып кутулуп кетем деп ойлодуң го. Кармалат бекенсиң акыры,качып кайда барасың.Абдурахман дегендин ким экенин билбейсиңби ,жердин жети катмар түбүнө качып кирип кетсең да таап алат.Тиги дүйнөгө кетсең да кайра алып келет.Кана айтчы,эмне качтың бизден,ошончо байлыкка өзүң ээ болоюн дедиңби?Аны бизге ыраа көргүң келген жокпу ыя?Эмне унчукпайсың, оозуңа алкан салып алдыңбы?!
Каныбек эмне болуп жатканына али түшүнө албай союл менен башына катуу жегендиктен, бир жагынан тигил жакта көп ичип койгондуктан башы жарыла чыдатпай оорутуп,мас кишидей эңги-деңги боло жакшы эсине келе албай жатты.

#16 12 December 2014 - 01:04
-Эмне унчукпайсың,
дагы арамзалангың келип жатабы,сүйлөбөйсүңбү Абдурасул мырза?Карта каякта,аны каякка каттың?-Алиги кишинин каары бетине чыгып,ачуусу менен Каныбектин бетин мыжый кармады.Ал көзүн жума эч нерсе айткан жок. "Кызык,каяктагы Абдурасул,дагы каяктагы карта,эмне болгон карта?Булар ким? Мен кафеден көбүрөөк ичип алып,мас болуп калган жокмунбу?Бешөөбүз үч бөтөлкө арак,эки бөтөлкө коньяк,эки кружкадан пиво ичпедик беле.Тамагы деле күчтүү болбодубу.Казы-
карта,чучук,
лагман,шашлык,
тооктун бууга бышырылган эти,мынчалык деңгээлде деле мас болбойт болчубуз.Кафеден нормально эле чыкпадык беле,алар менен жакшы эле коштошподум беле.Анча деле мас эмес болчумун. Анан булар ким,кайдагыларды айтып башымды оорутуп жатышат,түшүнсөм Кудай урсун."
-Эмне унчукпайсың, Абдылда каякта.Анын да көзүн куруткансың го дейм.
"Булар кимдер деги.Менден эмнени талап кылып жатышат.Каяктагы байлык жөнүндө сүйлөп жатышат.Абдылдасы ким?" Каныбек тигилерге эмне деп жооп берээрин билбей,же алардын опузасына,суроолоруна түшүнбөй башы катты.
-Айтчы ыя Абдурасул,катылган байлыкты бизден кызгандыңбы. Баса Ормондун күмүш саптуу кылычы каякта?Аны да жок кылдыңбы?Болуптур бизге кылычтын андай деле зарылчылдыгы жок,бизге казына жайгашкан картанын өзү керек.Кана аны каякка каттың?...
Каныбек өзү кайсыл жерде олтурганын да билген жок.Терезелери чоң,ичи кенен бөлмө экен.Көчөдөгү машинелердин үндөрү угулбаганына караганда калаадан чыгып кетишсн керек.Сырт али капкараңгы, убакыт түндөн ооп саат эки-үчкө чукулдап калгандай.Каныбек айланасына акырын көз жүгүртүп алды.Кенен бөлмөнүн ичинде стол,стулдан башка эч нерсе жок экен.

#17 12 December 2014 - 01:05

#18 12 December 2014 - 01:28
-Болуптур,
биз эми ачык эле сүйлөшөлү Абдурасул.Ошончо байлыктын баарын сен эмне кыласың,бизден кутулуп деги кете албайсың.Бир качтың,эки качтың кана кутулуп кеткениң.Азыр жер-жердин баарында сени издеп жүрүшөт.Эртеби-
кечпи баарибир колго түшмөксүң.Андан көрө давай казынаны чогуу издешели,сен да өзүңдүн доляңды аласың.Зато биз сени эч кимге тийгизбей кайтарып жүрүп өтөбүз.Биз сени качып кеткендигиң үчүн күнөөлөбөйбүз,
мурункудай эле мамиледе болобуз,кектебейбиз.
Эми бизден качып кутула албайсың эч жакка.Картаны колубузга карматпасаң бул жактан чыкпай,өмүрүң өткөнчө байлануу жата бересиң.Ойлон жакшылап али убакыт бар,мурункудай эле чогуу аракет кылалы.Болуптур жакшылап эс ал,эртең менен келем,-ал Каныбекти сынай көзүнө бир аз тике карап турду да акырын сыртка чыгып кетти.Соңунан төртөөсү ээрчип,экөөсү бул жакта калып калды.Бир аздан кийин сырттан жумшак диван кресло алып келип,аны жайып уктаганга ылайыктап коюшту да,көзүнүн кырлары менен Каныбекти сынай карашып,кайрадан чыгып кетишти.Беркил "Булар эмне болгон адамдар,кимдер?
Эмне болгон байлык?Ормондун күмүш саптуу кылычы,карта,
казына,Абдылда.
..Кызык мени Абдурасыл дейби,сыягы булар мени кимдир бирөө менен ошоштуруп,чаташтырып жатышат.Ооба точно эле ошондой.Булардан кантип кутулуп чыгам.Эртең келишкенде эмне деп жооп берем?Же силр мени Абдурасул менен чаташтырып жатасыңар деп чынымды айтсамбы.Анда.
.. Баарыбир ишенбеши да мүмкүн.Ишенген күндө да өлтүрүп салышы ыктымал.Кой андан көрө Абдурасулдун ролун аткара берейин,бул эмне болгон сыр аягына чейин көрөйүн.Балким милициялар менен байланышканга мүмкүндүк болоор.Кудайымдын башка салганын көрөөрмүн."
Тарс-турс деген дабыштан ойгонуп кетип көзүн ачты.Бөлмөдө түндөгү кишилердин бардыгы туруптур.
-Ну,Абдурасул мырза уйкуң кандыбы?Сени уйкусун кандырып алсын деп атайын ойготкон жокпуз.Колу- бутун чечип койгулачы,эми качып каякка бармак эле.Баарыбир кармап алабыз,туурабы Абдурасул мырза?-ары жактан экөөсү басып келип,катуу байлануу колу-буттарын акырын бошотуп,чечип салышты.Аркан жип менен катуу байланганга, колу буттары уюп калыптыр,чечкенде кан жүгүрүп жаны жыргай түштү.Түндөгү калың мурутчан киши анын бет маңдайына отура шашпай чылым күйгүздү,анан жылмая Каныбеккке үн катты.

#19 12 December 2014 - 22:17
дагы
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#20 13 December 2014 - 17:32
Торт чыгарма окуп атам тортоону тен аягына чыгарбайтасынар авторлор андыганым андыган качан иле коюшат екен деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео