Тез арада паспорт алуу ну каалагандар үчүн кандай шарттар бар?
Баракча 1 - 1
Паспортту тез арада алуу үчүн... Редакцияга келип тушкөн суроолордон
#2 16 Октябрь 2012 - 09:50
Damira_Arstanova (16 Октябрь 2012 - 09:39) жазган:
Тез арада паспорт алуу ну каалагандар үчүн кандай шарттар бар?
Мөөнөтүнөн эрте алууну көздөгөндөр тез арада даярдалуучу кызматтан пайдалана алышат. Бул кызматтын баалары:

Кыргызстандын башка аймагында катталып, бирок учурда Бишкекте жашап жаткандар да бул кызматтан пайдаланып, тез арада паспорт алууга болот. Бул үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Паспорт (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү). Ал эми 16 жашка жаңы чыккандар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин паспорту (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2) Даректик маалымдама бюросунан маалым кат (КРнын Ички иштер башкармалыгынан алынат. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул /Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши).
3) Сүрөт 3 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
4) №1-форма карточкасы (паспорттук столдон берилет).
5) Социалдык коргоо күбөлүгү.
6) Салыктарды жана төлөмдөрдү төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк.
Тез арада паспорт берүүчү паспорттук столдун иш тартиби:
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Документтерди кабыл алуу иш күндөрү 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Түшкү тамактануу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.
Эскертүү! Паспортко төлөнүүчү төлөмдөр КРнын Улуттук банкынын еврого болгон курсу менен эсептелинет (10-октябрга карата 1евро=60.88 сом).
Жогорудагы маалымдамалар КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.
#3 24 Ноябрь 2014 - 06:02
Мен россиянын жаранымын 2005 жылы учотон чыгып кеткем азыр колумда бир гана свидетелсто рождениянын справкасы гана бар бирок кыргызстандан паспорт кантип алсам болот жардам бере аласыздарбы
IMG-20141022-WA0001.jpg (6,62К)
Количество загрузок:: 1

Количество загрузок:: 1
Баракча 1 - 1